Чигитейдин дүйнөдөн өтүшү
Айдаган колу алты сан, Айгайлап баатыр үн салган, Алды-аркасы боло албай, Тизилип ондон бараткан, Алты күнү жүргөндө, Алдынан чыкты бир атчан. Келген киши Каратил: — Ой, кагылайын чырагым, Каратил агаң мени бил. Батай, Катай качкалы, Тобуке өлүп жаткалы, Отор тилим укпады, Эми өлүп уктады, Өзүңө айтып мен келем, Кулагым менен укканды. Батай, Катай – балдарым, Кыргызга көзүн алайтып, Бармак эмес болучу, Ээ кылбай айдап кан качкан, Отор капыр болучу. Эки-үч сапар бузулду, Жерин таштап кете албай, Отордун жайган торуна – Тузагына түштү бу. Өзүңдүн бардыр эсиңде, Тобуке өлөр мезгилде, Мен учурадым өзүңө. Сатайдын өлүп кеткенин, Сага кабар мен бердим, Ак нийетим болбосо, Бүгүн, балам, не келдим, Батай менен катайдын, Күнөөйүн, балам, маа бергин. Өлгөн атаң Сомбилек, Дептерин ачып карагын, Кызмат кылган атаңа, Жазылуу аты мен бармын, Өлүп кеткен Сатайды, Өзүңө айтып мен бардым. Ошондон бери карата, Учур келе албадым, Качып элге барганда, Батай, Катай ар кылбай, Алдыңдан утур мен салдым, Тилкат кылып, мөөр берем, Тынч жатууга мен бармын. Кыйалыңда не болсо, Кыңк этпей таап берели, Кылымдын баарын тап десең, Былк этпей таап келели, Элчилешип сөз байлап, Элдешсең эби келеби? Эрегишип эр өлсө, Деги эле жакшы эмес, — деп, Кулдан он миң десең да, Каңгайдын эли берет, — деп, Кыздан кырк миң десең да, Көп эмес эби келет, — деп, Тобурчак, чалыш, аргымак – Жылкынын нечен түрү бар, Айры өркөч туйук нар – Төөдөн чыккан пили бар, Куру эмес келген тартуу мал, Үстүндө арткан жүгү бар. Айтпаганы калбады, Атайын барган Каратил, Алда канча карганды. Жээн жайлоонун тоосунда, Сыдырымдын коосунда, Ыйлап турат Каратил, Кудайын алып оозуна. — Жүр, Каратил, баскын, — деп, Мен уктум кебиң айттың, — деп, Атыңды бура тарткын, — деп, Илгерилей чапкын, — деп, Коктукаттын коргонун, Темир капка ачкын, — деп, Батай, Катай качпасын, Менин кебим айткын, — деп, Айтканды кулдар угабы? Жолборс изин жазабы? Жигит сөздөн качабы? Өчүгүшсө мен менен, Ойлоп көрсүн ал экөө, Кимге болот кырылган, Ушунча элдин убалы? Каратил угуп баатырдан, Катуулата бастырган, Аңдып турган немедей, Батай, Катай алдынан, Чыга калды капыстан. Жалт этип карап Каратил: — Жан болбой экөөң жерге кир, Эмне келдиң бул жерге, Көрсө көөнү болот кир, Батай, Катай кобурап, Тайынын айтып божурап: — Атабыз өлгөн атасыз, Ата ордуна агасыз, Элибиз кайра жабылып, Тынчытпай бизди кырдың, деп, Качып келдик эми биз, Өлтүрүп койсоң талаада, Өзүңүз, ага, билиңиз, Өлүмдү алган мойунга, Экөөбүз сизге инибиз, Отордун уулу он тогуз, Алды анын чоң болуп, Аскерин баштап колбушуп, Киргизбей шаарга биздерди, Урушуп чыкты жол тосуп. Кайра качып биз келдик, Ошолордон коркконсуп, Кара шаарда жай жаттык, Камбылда жүрүп мал таптык, Отордун кебин тыңшабай, Же козголбой биздер жатпапбыз, Коктукаттын шаарына, Бүгүн бир түнөөгө батпапбыз! Сыр айтышып, муң чечип, Аңгычакты артынан, Отордун уулу он тогуз, Он миң аскер кол менен, Кубалап келди ал жетип. Илгери басса Чигитей, Атка айланса он тогуз, Батай, Катай турушту, Маңдайга бүткөн шор болуп, Аңгычакты Чигитей, Жете келди ал жерге, Отуз миң аскер кол болуп, Арстан эрди көргөндө, Батай, Катай бүгүлдү, Кара жандан түңүлдү, Артынан түшүп жүгүрдү, Мойунга саадак салышты, Кылычты чечип алышты, Кендиргелеп жүгүнүп, Келин болуп барышты, Колунан кетип экөөнүн, Ошол жерде намысы. Унчуктурбай экөөнү, Каратил кебин салыптыр, Көрүнүп турган он тогуз, Тааныштыра калыптыр. Отордон калган отуз миң, Чуркурашып кеп баштап: — Уруксат бергин биздерге, Калдыктан бери карата, Канын төктү каңгайдын, Отордун уулу он тогуз, Кебеп кылып эт илип, Биз кактайлы шиштерге. Айтып болуп чу койуп, Аламан аскер жөнөдү, — Кошулса мейли бириксин, Кошулбаса кырылсын, Бирин-бири өлтүрүп, Булардын жаны тынышсын! Деп жөн койуп эркине, Сөз берген жок Чигитей, Алдынан тоскон беркине. Каратил койбой каш серпип, Ал экөөнү эркине, Атына мине калышы, Отордун уулу он тогуз, Ошону көздөй барышты, Кайдан кылсын байкуштар, Кара күчкө намысты, Эки бөлөк топ болуп, Каңгайдын эли чабышты, Отордун уулу он тогуз, Өлтүрүп булар салышты, Хан Калдыктын саркынды, Түп тамыры үзүлдү, Түгөтүп кыргыз бүтүрдү, Ошондон кийин каңгайдын, Көбөйүп келет түтүнү, Ач көзүн элге сатпаган, Ак калпак кыргыз эли, деп, Каңгайдын белин ашпаган, Каратил айткан кебинен, Бүткүл каңгай кайтпаган, Кыргызга болгон бүлүктү, Кара калмак баштаган. Коктукаттын шаарына, Козголбой түштү кара көк, Батай, Катай – ал экөө, Каратил кары баш болуп, Айда тууга малы көп, Алтын күмүш зары көп, Күң-кул кылып берерге, Уул-кызы дагы көп. Боз улан, сулуу кыз албай, Болушунча пул албай, Буркутуп айдап мал албай, Ала берсе арбын мал, Эсине түшсө ушул эл, Жамбашынан таш өтүп, Калат экен жаталбай, Дүнүйө мүлкүн албады, Каратилге сөз берип, Дөрбөн менен Отордун, Хан көтөрдү ордуна. Батай, Катай – балдарды, Катылышпай жүрүүгө, Канча жылдык кат алды, Канкордун уулу кабылан, Кайра тартып аттанды. Алтайдын жолун баспады, Көөрүктүн белин ашканы, Алматы бойлоп түз басып, Таласка барып жатканы, Унутуп калбайт жаш жигит, Оозунан чыгып айтканды. Медерканды чыкыр, деп, Эки жигит аттантты, Баатырдан кабар барыптыр, Кызыл кан жутуп кайгыдан, Кыйактай мойну узарып, Медеркан казак карыптыр, Аппак болуп сакалы, Жаш кезинде арыптыр, Тирүүлүктүн дайны жок, Коркунучу батпай жүрөккө, Сүлдөр болуп калыптыр. Барайын десе Медеркан, Барган жерде өлөм, деп, Барбайын десе Медеркан, Айласын таппай элеңдеп: — Торгойду алып тартууга, Ала барсам белем, — деп, Көкөйгө салды кеңеш кеп. Көкөй кеңеш таап берди: — Сен эле өзүң бар, деди, Жамандык кылбайт саа, — деди. Мөңкөтай экөөң тилдешкен, Жашырбай айткын бар кепти, Мадыбекке айткының, Торгой жаткан бир кепти. Мадыбек уулга угузар, Уламалап угушар, Куда болуп келишсе, Сенин жигит сүйөөр кызың бар, Энеси бар узатар, Зулпукан бизге байбиче, Кыска колу узарар. Келтирип бер деп кеп кылса, Намыс кылбай жеткиргин, Кызыңды алса Чигитей, Кыйаматка баргынча, Кем-керчи жок жетилдиң. Жээн жайлоонун түзүндө, Кылып кеткен күнөөңдү, Ошо күнү кечирип, Козголбой үйдө сен жаттың, Көп калбаны сен таптың, Кыйаматта кантээрсиң, Капыр менен мусулман, Кызыл канын көп чачтың. Гүрүчү кемчил дечү эле, Алты атанга гүрүч арт, Алты куржун зар артын, Алты киши котчу алгын, Жети болуп, Медеркан, Желе-жорто сен баргын, Мөңкөтайдай сырыңды, Жашырсаң тирүү эмессиң, Жашырбай айтсаң чыныңды, Сен күнөөлүү эмессиң. Көкөй айтып узатты, Көңүлүндө бар кепти. Аттанган казак элинен, Жээн жайлоо Алтай жеринен, Таласка барып Медеркан, Мадыбектин айлына, Барып кирди четинен, Бута атым жакын калганда, Атынан түшүп жетелеп, Амандык сурап энтелеп, Жүрөгү коркуп эрк бербей, Медерканды көргөндө, Мүдүрүлүп темтеңдеп. Мадыбек кеңир киши эле, Кир албаган көөнүнө, Өзү аппак киши эле. Колун берип көрүшүп, Эсен-соосун билишип, Өз үйүнө түшүрбөй, Көтөргөн үйгө киргизип, Көөнүндө кири бардыгын, Ошондой жерде билгизип, Амандык сурап жатканда, Мадыбек сөздү тийгизип, Медерканды коркутуп, Ыштанына сийгизип: — Келдиңби, Медер ханыбыз? Эсенби малы жаныңыз? Амандыгың тиледик, Ушул турган баарыбыз, Көбүнчө тилейт амандык, Мөңкөтай биздин байыбыз. Соосуңбу, Медер ханыбыз? Турабы эсен барыңыз? Бар бекен элде аман, деп, Сурап жүрүп арыдык, Бизден сени көп сурайт, Белгилүү Мөңкө чалыбыз. Алганың Көкөй соо барбы? Сени менен беттешип, Чендешер киши жоо барбы? Бир үйдү бөлгөн экиге, Сенден билгич эр барбы? Кегиң болсо чыгарып, Кечирип койгун биз жакты. Кеби менен Мадыбек, Сай-сөөгүн мунун сыздатты. Мөңкөтай бар ал үйдө, Капташып калды ал экөө, Караңгы туман бар үйдө. Билмексен болуп Мөңкөтай, Келип кетип шыйпактап, Кеп салган сайын калп эле, Күлгөн болуп ырсактап. Анткен менен Мөңкөтай, Таамай кебин салалбай, Айылда жыйын, топ болсо, Түз эле басып баралбай, Мадыбектин алдына, Барбай туруп алалбай, Алапайы куурулуп, Жүрүчү эле ал мындай. Медеркан келип түшкөндө, Көтөргөн үйгө күткөндө, Мадыбектин кептери, Сөөгүнөн жаман өткөндө, Ийилип бели бүжүрөп, Сийдиги агып бүрүлдөп, Бүткөн бойу токтобой, От кеткен чийдей дүрүлдөп, Айласын таппай сандалып, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Жашыралбай Медеркан, Баарын айтып жиберет: — Агасыз бизге, Мадыбек, Жашырган менен жабылбайт, Мурунтан элге маалым кеп. Зулпукан сени жиберди, Ысык сууга баргын, деп, Сен келердин алдында, Кептен улам кеп чыкты, «Катының Сенин Көкөйдү, Мадыбектин Чигитей, Тартып алат бир күн» — деп, Мөңкөтайдан кеп чыкты. Суу бойлоп чыгат жал камыш, Суук сөз кирсе кулакка, Эрге келет бир намыс, Эси жоктук кылыпмын, Ойлобопмун ал кезде, Өткөн ишти мен таанып, Мөңкөтай менен Медеркан, Башка-башка биздерге, Көкөй далай кеп кылган, «Актанып катын жатат» деп, Арамдык нээтке бүтүлдү, Ошондон бери карата, Медеркан башка күтүндү. Түлөөгө элди чакыр, деп, Түлөөлүк малды таптыр, деп, Жумшадың бизди, Мадыбек, Мөңкөтай менен Медеркан, Экөөбүзгө кетти бек, Жоготолу муну, деп, Ошондо бүттү кеңеш кеп. Мөңкөтай менен тилдешип, Жер бетин далай кыдырдым, Убара тартып бокту жеп, Убара тарткан мен болдум, Мөңкөтай жатты этти жеп. Коросон, ооган келди, деп, Максатым колго тийди, деп, Катылыптыр Мөңкөтай, Сийдик ичип, бокту жеп. Сен карылык кебиң сактапсын, Кара нээт бузукту, Билмемиш болуп таштапсың. Субатай сырын ачыптыр, Шооруктун канын чачыптыр, Чайчы бала Мадана, Падыша болуп жатыптыр, Каршылык кылып мен сага, Маминтип шорум катыптыр. Баштан-айак бар кебин, Жашырбастан айтыптыр, Медеркан айтып таштады, Эки көзүн жаштады, Экинчи кебин Медеркан, Эми айта баштады: — Мен айтамын, Мадыбек, Илгертен калган бу бир кеп. «Көйнөктүн кирин жууганда, Көңүлдө сырды айтканда, Көөдөндүн чери кетер» — деп, Айтса-айтпаса карынын, Бул макалы ырас кеп. Куру келбедим алдыңа, Куржунга салган пулум бар, Ээрчитип келген жанымда, Алты киши кулум бар, Алты төөгө арттырган, Аппак гүрүч данным бар. Алардын арка жагында, Айдай кызым дагы бар, Кызымдын жайын сурасаң, Бели кындай, бети айдай, Мактабаймын баламды, Бенде калбас жактырбай. Кошуп койсоң баатырга, Мадыбек ага кеп кылбай, Жеткирип өзүм берейин, Сага тойду кылдырбай, Убара болбой жатпапмын, Жердин бетин кыдырбай. Куураган жаным эң таттуу, Эмгиче келди кыйалбай, Кантип турам, Мадыбек, Уйатымды мен жуубай! Намысын такыр таштады, Сырын айта баштады, Жашырган жок баарысын, Көрүнө ачып таштады. Унчукпай калып Мадыбек: — Уктум, Медер, кебиң, — деп, Бокту жесең сен жедиң, Сен да алаш уулусуң, Менде жоктур кегим, — деп, Өткөн иш өтүп кетиптир, Болуптур, Медер, мейли, — деп, Күнөөсүн мунун кечиптир. Айтарына кеп таппай, Араң кооп ордунан, Мөңкөтай коркуп сенделет, Түз басып чыгып кете албай, Ары-бери темтеңдеп. «Кирин жууду Медеркан, Айтып берди баарын, — деп, Жашырып жүрүп кеп айтпай, Жалтанып жүрүп өлдүм, — деп, Аз элде тагдыр шол белем, Азабын эми көрдүм» — деп, Өзүнчө сүйлөп кобурап, Билинбей тили күңгүрөп, Араң кетип баратса, Сүрөтү мунун сүлдүрөп, Учурап калды Чигитей, Ач жолборстой күркүрөп. Көрүп туруп Мөңкөтай, Көмөлөнүп жыгылды, Ордунан тура калганда, Оозунан каны куйулду, Тик туралбай темтеңдеп, Бир үйгө барып урунду. — Тигини кармап суу сеп! – деп, Чигитей айтып буйурду. Эки желдет жүгүрүп, Колтукташып жетелеп, Үйүнө алып келишти, Ач эшик! деп энтелеп. Кулдары эшик ачыптыр, Карбаластап катыны, Көлдөлөңүн салыптыр, Күрмөсө тили сүйлөнбөй, Мөңкөтай барып жатыптыр, Угуп калып бул кепти, Чигитейге Мадыбек, Билген кебин айтыптыр: — Оо, Чигитей кулунум, Баатырдан калган белегим, Сайаасы салкын терегим, Атыңды уксам көөнүм кош, Алатоодой тирегим, Ар бир күндө үч убак, Амандык тилеп жүрөмүн. Арка болдуң журтуңа, Кубат болдуң калкыңа, Капка болдуң айлыңа, Каршылашып келген жоо, Баарысы калды кайгыда, Канча жол келип каңгайлар, Чыдабады каарыңа, Жүзүңдү көрүп Мөңкөтай, Жүрөгү чыкты заарыңа, Айылда жүргөн кары эле, Ошондо сүрдү көрсөтүп, Не карадың сен ага? Мен айтамын насаат кеп, Иним эмес сен бала. «Азаматтын ичине, Ээр-токумдуу ат батат, Бир катындын ичине, Кара баштуу эр батат, Эсиргенде ким болсо, Оозуна келген кепти айтат.» Эсирип сенин багыңа, Өзүңдүн аман чагыңда, Бокту жептир азыраак, Мөңкөтай биздин карыйа, Не жолуктуң, кулунум, Курган чалдын алдына? Ошого кетип баратам, Көрүп аны кайтууга. Эр болсоң болгун кеңири, Эркелетип сыйлагын, Эркин болсо элиңде, Душмандын атын бастырба, Сактап күткүн жериңди, Ойлобогун жамандык, Кеңири салып пейлиңди, Тууган деген бир кептин, Түп атагын билдиңби? Бир атадан эки уул, Бирин-бири өлтүрүп, Туу кандаптыр бир чакта, Ошол кебин унутпай, Айтылып келет бул чакта: «Учу бирге жазылат, Түбү бирге кошулат.» Уучташып душманга, Канчалык кызмат кылсаң да, Кыйынчылык күн келсе, Күлүмсүрөп олтурат. Жаманчылык күн болсо, Түбү бирге кошулат, Түбү тууган болгон соң, Көзүн жашка толтурат. «Ыйлашарга өз жакшы, Сыйлашарга жат жакшы», Жарамсыз болсо ушул кеп, Эмгичекти унутпай, Не үчүн айтып олтурат. Аргындан чыккан алты уул, Бири нойгут бири бул, Ногой, алчын, алжан деп, Удаа туулган үч уул. Жүрөгү түшүп калган бейм, Учурап калып сен, уулум. Медеркан айтты бар кебин, Көңүлүмдөн Кир жуудум, Адагы алаш уулу эле, Аны үчүн жойуп таштадым, Көңүлүмдө бар муну. Айтып келип олтурат, Айдай кызым Торгой деп, Андан калса мал-пулун. Тиктеп турган Мадыбек, Терип айтып турган кеп, Торгойдун аты чыкканда, Козголбогон Чигитей, Шамал ыргап, суу тийген, Чырпык талдай селт этет. Селт эткенин көрүптүр, Көңүлү кызда экенин, Медеркан кары билиптир. Көөнүндөгү бар кебин, Чигитей айтып ийиптир: — Аксакал болуп карыдың, Аркасы менен уулуңдун, Эл-журтуңду арыттың. Сен берсең кеңеш кебиңди, Мен бузбаймын пейлимди, Маа десең кошо бергиниң, Ак калпак кыргыз элиңде. Жетим элем өстүрдүң, Кеңге салып пейлиңди, Ичкисин өзүң башкаргын, Эмне болсо элиңди, Тыш жактан душман жат келсе, Мен байлаймын белимди, Чигитей аман бар турса, Ким бузат сенин кебиңди. Мөңкөтайды карап көр, Жүрөгү чыгып калганбы, Оозунан кетип кан калды. Угуп алып Мадыбек, Бурулбай басып барганы, Мадыбек үйгө киргенде, Бай келди деп эшикке, Жигиттер айтып ийгенде, Мөңкөтайдын көөнүнө, Көп кыйалдар келди эле: «Эңкейип мени карайт го, Эсирдиң эле, арам, — деп, Эми каным жайлайт го, Мен кылганды бул кылып, Катын-балам талайт го, Кайран башым тенде жок, Бир кабатта калат го.» Санаасы санда, кыйал миң, Өңү кетти бузулуп, Өпкөсү калды кысылып. Мадыбектин артынан, Медеркан кире барыптыр, Медеркан кирсе артынан, Мадыбек кебин салыптыр: — Иним элең Мөңкөтай, Сага айтар кебим бар, Амансыңбы тениң соо, Кеп сүйлөөргө барбы шай? Ойлоп билсең болбойбу, Мен жүргөмүн кек кылбай. Кегим жогун билбедиң, Карап жүрдүң шек чыкпай, Кегим жок ичте болгондо, Сага жүрдүм кеп кылбай. Медеркан айтты жашырбай, Ошол жерде мен сага, Жайыңа койдум асылбай. Шалдырайсың не мынча, Коркунучуң эми басылбай? Мадыбек аман турганда, Бабалык кылбайт Чигитей, Башка бала кептенип, Чалалык кылбайт Чигитей, Бузулат атам кеби, деп, Каралык кылбайт Чигитей, Көөнүңдө санаа болбосун, Оо, Мөңкөтай, кенедей, Мадыбекти жараткан, Көөдөнү кең ченебей. Мөңкөтай көзүн ачкынча, Медеркан кирди аңгыча, Медерканды бир карап, Мелтилдеп көзү жалжылдап, Баштагыдан беш бетер, Титиреди калчылдап. Маңдайынан мончоктоп, Таноосунан тер чыгат, Такоолуу болчуу Медеркан, Тартынбай анда кеп кылат: — Сен экөөбүз курбалдаш, Кеп жашырбас чоң сырдаш, Эчтемеге бышпаган, Чатакка калды курган баш! Көөдөнгө айтса сыйбаган, Кургак жерден сөздү таап, Ак кишини кара деп, Арбыттың чырды жалаа жаап. Ак нийеттүү Мадыбек, Экөөбүзгө теңелип, Койгону жок кара жаап. Чигитей мыкты эр экен, Балада болсо жолборстун, Пейли өтө кең экен. Мадыбекти атам деп, Эл ичинде билгизсин, Өткөзүп берген кеп экен. Экөөбүзгө, Мөңкөтай, Кылмышкер болуш ылайык, Кылчаңдап эми тартынбай, Биздер кызмат кылалык. Менде Торгой кызым бар, Чигитей шерге ылайык. Сен да кошо бир баргын, Сепсерин алып кызымдын, Алып келе калалык. Кургак кепти кылбайлык, Кызмат кылып турбайлык. «Эңкейгенге эңкей, — дейт, Тизең жерге тийгинче, Ал атаңдан калган кул эмес. Какайганга какай, — дейт, Төбөң көккө жеткинче, Ал падышанын уулу эмес», Карылар айткан ушул кеп, Оңой-олтоң кеп эмес, Жашырбасаң сырыңды, Жалганы жок чыныңды, Мадыбек менен Чигитей, Кек алчуунун бири эмес. Тууралап айтса Медеркан, Ого бетер Мөңкөтай, «Какшып айтып жатат, — деп, Акчыланып бу казак, Жүрөккө канжар батат, — деп, Менин ошондо шорум катат» — деп, Ачкан оозун жумалбай, Айдан ачык тунук сөз, Ашкере муну угалбай, Өңгүрөп ыйлап жиберди, Көзүнүн жашын тыйалбай. «Карылар кирип чыкпады, Эмне болуп жатат?» — деп, Чигитей кирди туралбай. Чигитейди көргөндө, Жан берип койду Мөңкөтай, Мойнун бери буралбай, Чигитей баатыр шер баштап, Мадыбек кары эл баштап, Медеркан казак көз жаштап, Катыны менен баласы, Ыйлап калды кан какшап. Кек кылбады Чигитей, Сарайын терең каздырды, Сый-зыйнатын ашырды, Мөңкөтайдын өлүмүн, Сылап-сыйпап жашырды. Жетисин берген кечинде, Казактан келген Медеркан, Элин карай бастырды. Медеркан келди элине, Жээн жайлоонун жерине, Карысы менен эстүүсүн, Калк ичинде кептүүсү, Ушаланган, сынганга, Дары чапчуу эптүүсүн, Жан кишиге ыктуусун, Кепке жакын шыктуусун, Кулакка кеби жагымдуу, Кеп айтууга ыктуусун, Кычырып келди баарысын, Тарттырып арак-кымызын, Жыктырып тайдын семизин, Кыргыздын пейли кеңдигин, Кылымда мындай кемдигин, Кыдыртып жүрүп Медеркан, Барып кайра келгинче, Айтып берди бар кебин: — Эп келеби силерге, Ал Чигитей баатырга, Мен Торгойду берейин, Уккандын баары коштонуп, Айрыкча Көкөй оштонуп, Калың журт кабыл алыптыр, Кызга берчү сепсерин, Эсептеп катка салыптыр, Узатабыз кызды, деп, Камынып казак калыптыр. Казактар турсун камынып, Тигип берчүү үйүнө, Бордогон кийиз жабылып. Торгойдон кабар алалы, Баатырдын күйүп отуна, Тоого кеткен жабыгып. Медеркан Талас кеткенде, Көкөй баштап жүз киши, Адырга чыккан жабылып, Он сегиз күн издесе, Араңдан-зорго табылып. — Беремин сени эрге, — деп, Барбайсың башка жерге, — деп, Баш коштурам, кулунум, Баатыр туулган шерге, — деп. Таласка атаң кетти, — деп, Айтып келет кепти, — деп, Убада кылып кызына, Күн болжолун белгилеп, Көкөй айтып болуптур, Жаткан мурун талаада, Жүрөгү жара санаада, Кандай болду баатыр, деп, Капташкан кара балаага? Энеси айтып болгунча, Эси кеткен эндиреп, Эчтемеке кирбей кулака, Жыгылчудай сендиреп, Чигитей атын укканда, Бериштин кеби чыкканда, Акактай бети кызарып, Түйдөктөшүп кирген чач, Тарабай чачы узарып, Күлгүн тартып беттери, Күн тийгендей тунарып, Жарылып жүрөк кетчүдөй, Торгойго кирди кубаныч, Жаңы талдын чырпыгы, Так ошондой буралып, Басканы сонун адамдан, Башкача түрү суналып, Оолжуй басып теңшелип, Ооруп эми айыккан, Оңолгон киши кептенип, Кудайдын күнү бат өтпөй, Бир күнү онго теңелип, Торгой жатчуу үйүндө, Атасы айтып кеп келип, Калың казак журтуна, Калбай бары эп келип, Үйдүн саны үч болду, Түндүгүнөн көрсөтүп, Жыйган жүгү жык толду, Ашырып айтып ийбесек, Алтымыш нарга жүк болду. Санап казак мал бөлдү, Энчисине сан бөлдү, Жагданына бул толду, Салтанаты тул болду, Арылбаса адамга, Аркасында шор болду. Муну мындай койолу, Таласта жаткан баатырдын, Айлында бирге бололу. Медеркан кеткен кечинде, Ошол күнү бешимде, Бир белги көзгө көрүндү, Атадан калган жетимге! Коргонго барды чалкалап: «Каңгайдан алган көп мүлүктү, Капкасын бузуп талкалап, Чачып таштап койдубу, Жыйдырайын ыгын таап.» Ордо баккан кырк жигит, Опсуз баары тың жигит, Бойу жагын карабайт, Акыл-эстүү кыл жигит, Алдынан тосо барышты, Олтуручу жерине, Асылдан килем салышты. Казына оозун ачыптыр, Кебелтбей да, бурчалтпай, Келиштире катыптыр, Көзү тойуп дүйнөгө, Чыканактап жаш жолборс, Бир азыраак жатыптыр. Торгойдун жүзүн көргөлү, Жакшыраак уктап алалбай, Көзү уйкудан катыптыр. Кирпикке кирпик илинди, Уктап түшкө киринди: Киндик кесип кир жууган, Кеңколдун жайы ичи экен, Келе жатса жаш бала, Узун бойлуу ак сакал, Караны бешче киши экен, Карабай да, кылчайбай, Же каткырып күлүп кыйшайбай, Же ачуусу келип сумсайбай, Кыйа тарта бергенде, Кара кашка ат минген, Кабаттап темир кийинген, Карыга найза илинген, Карап каарын көргөндө, Кара жандан түңүлгөн, Жүзүн көрүп тааныган, Атасы келет Сомбилек, Чигитей коркту каарынан. «Жүрөсүң канча мында?» — деп, Билегине кармады. Учкаштырып артына, Жөнөп кетип калганы. Артында бара жатканда, Ак буура буга кез болду, Оозунда көбүк жык толду, Ээ кылбай курган баланы, Чайнап муну жеп койду, Учкаштырган Сомбилек, Көрүнбөй көзгө жок болду! Чайыттай көзү ачылып, Жаш Чигитей ойгонду, Акылы терең түгөнгүр, Ар санааны ойлонду, Көргөн түшүн өзүнчө, Көөнүндө жооруп койгону: «Алдындакы беш киши – Ак калпак кыргыз журтуна, Арка болгон беш киши: Аксакал Бакай, Каныкей, Хан Семетей, Күлүстөн, Айчүрөк энем эмеспи, Аркасында өз атам, Учкаштырып мени алды, Учкаштырып баратса, Ак буура мени жеп алды, Оозунан чыккан кебинде: «Жүрөсүң канча?» деп алды. Азелде тагдыр шол экен, Алыс кетсем үч күндө, Арада калсам бир күндө, Аларга жете барамбы? Түштө көрсө буураны, Жебирейил дечү эле, Жебирейил көрүндү, Мойнума алдым өлүмдү!» Торгой түшүп эсиме, Толгонбойт жигит элине, Оорубайт ичи жерине, Сүйгөнү ашык кыз Торгой, Ошондо түштү пейлине. Канимет кылып жаш баатыр, Кабызет менен жөнөдү, Кайта үйүнө келди эми. Эшиктен кирсе Зулпукан: — Эртеден кечке талаада, Кирбедиң үйгө, балам, — деп, Тамагын койду алдына, Айабады барынча, Андан мурун тамакты, Жээчү эле алынча. Ээрдине тийди тамагы, Кере карыш салынып, Бүркөлө түштү кабагы. Муңдуу кетчүү Чигитей, Эсине кызды алганы. Маңдайында Мадыбек, Баланын көрүп түрпөтүн, Баштап ийди түз кебин: — Ээ, кагылайын ырысым, Ушу кандай кылышың? Кабагың бүркөп кашкайбай, Кай жакта менин кылмышым? Көңүлүм сенде калбайбы, Үңүрөйүп турушуң, Көөрүнө айтсаң болбойбу, Ойуңда болсо жумушуң, Баарысын чачам мүлкүмдүн, Дүнүйөсү курусун! Мадыбектин кептери, Кээси кирди кулакка, Кээси кирбей кулакка, Аттанчуу бала эмеспи, Ат жеткис сапар ыраакка. Табарсыгы кан какшап, Эр жигиттик белгиден, Тамчы-тамчы кан агат, Ошондой кесел тооруса, Канткенде тирүү жан калат! Кызыл өңү бузулуп, Кер сар тартып баратат. Баарысы кепти таштады, Башына мамык жаздады, Зулпукан менен Мадыбек, Өлүп кете тас калды. Кийимин чечти жаш арстан, Үстүнө олпок жамынды, Өчөшкөн жоого тийчүдөй, Өрттөй көзү жалындуу. Онтоо кирди чыдатпай, Ошондо айткан сөзү бу: — Ата ордуна асырап, Ата болдуң, Мадыбек, Эне ордуна асырап, Эне болдуң, Зулпукан, Калса калар Мадыбек, Сен өлөсүң мени деп. Кыйбай жаным турамын, Ак калпак кыргыз элди деп, Айкөлдөн калган энчиге, Кеңкол, Талас жерди деп, Туула электе Көкжалдын, Түйшүгү журтка угулган, Калмактын ханы Алооке, Кыргызда катын бооз болсо, Кычыртып келип кырдырган. Дүйнөгө жарык ээ болду, Ашкере жалгыз эр болду, Кылымга чыры угулган, Кытай менен калмакка, Кылып өттү чуулган, Кыраан көкжал баатырдан, Качып кимдер кутулган? Өзүнчө келип кытайдан, Кызматкерлер кошулган, Телегейи тең өткөн, Теңдештен эки шер өткөн – Тентектен Сыргак эр өткөн, Алтымыш уруу алашка, Айткан кеби деги өткөн, Аксакал Кошой кары өткөн, Арстан эрдин тушунда, Нечен асыл бары өткөн, Жетим калып Семетей, Жетилген экен ченебей, Эки баатыр жанында, Бүткүл дүйнө кылымды, Бучкагына теңебей. Эмгичекти түрү бар, Кырк чилтендин бириндей, Кыргызга кызмат кылат дейт, Кыраан Бакай билинбей. Кызматы жаккан кыргызга, Бакай менен Семетей, Ак сүтүн берген Каныкей, Батасын берген ушуга, Өлбөй бирге турушка, Арстандын сүйгөн эрлери, Айтууга сонун жумуш да! Канчородой болуптур, Канкордун көөнүн бурушса, Наалат окуйт жер бети, Ошонун кебин угушса. Сейтек жетим чоң болду, Жер бетинде зор болду, Беттеше албай жер бети, Жедигер эли жоголду, Алмамбет уулу Күлүстөн, Кесилип кечир кор болду, Ошондо да кыргыздан, Көөнүн буруп койбоду, Баатырдын уулу Кененим, Кыскартып айтып жер жүзү, Кылайып алы келе албай, Жалаңгыч сарык дегени. Кененимдин Сейити, Ырысына кудурет, Эп келтирип беришти, Он төрт менен он бештин, Ортосунда кара көк, Кызыл кумдай ысык чөл, Жети дөөнү жеңиши. Бойунда калып Кылжыке, Чыныкеден угуп кеп, Өмүрү кандай болушун, Кененимдин билиши. Талгагына келинге, Алп каракуш, жолборстун, Жумурткасын, жүрөгүн, Таап келип беришти. Айтканы ырас болуптур, Асылбача улуусу, Жыйырма беш жашында, Койон алп муну сойуптур, Койон алпты өлтүрүп, Асылдын сөөгүн өңөрүп, Кененим кайып болуптур, Ошол күндөн аттанып, Бекбача атка конуптур. Бенде эмес периден, Күн тийбес көйкап чебинен, Тең келе албай баарысы, Бекбачадан жеңилген, Жайсыз катын уу берип, Кара жер соруп семирген. Туулган экен Сомбилек, Эрдигин мунун эл билет, Нойгут качып көчүптүр, Калдуубет мында келет, деп. Мингени кашка аргымак, Он алты жашта аттанат, Толкуган калмак, Ооганды, Коросонду кошо алат. Тынымкан сулуу кызды алды, Сомбилек кызды алышка, Кытайдын калкы кызганды, Кысас болуп кылганы, Каңгай, кытай кысталды. Каңгайдан тартып шаар алды, Сатайды улук шайлады, Ким көтөрбөйт тагдырда, Калемде кетип калганды, Жыйырма үчкө чыкканда, Азырейил жанды алды, Жыйырма бирге чыгыпмын, Туудурган атам Сомбилек, Бүгүн келип мени алды. Айкын талаа жери кең, Ак муздан таажы кийинген, Атагы чыгып дүйнөгө, Ашкере дайын билинген, Аркайган Алатоо калды! Салаа-салаа нечен төр, Санатын жердин барып көр, Жети төр, Кеңкол жер калды, Хан Мамайдан тараган, Кыргыз деп аты угулган, Алтымыш уруу атагы, Ак калпак алаш эл калды, Алладан жеткен ажалга, Айла кылар ал барбы? Кара буура Чаткалда, Каңгырап күмбөз ээн калды. Сыр коргон сындуу шаар калды, Төрт көлгө сайган бак калды, Түп атабыз Манастан, Сегиз ата болгунча, Бузулбай келген так калды. Бөлөктү койдум, не пайда, Мөлмүрөп көзү жайнаган, Сулуу Торгой кыз калды! Айтып болуп жаш чиркин, Жалган жайдан аттанды, Жайнаган кыргыз журтуна, Арылбаган дарт салды. Ыйлап-сыктап турушту, Адам Ата, Аба Эне, Өлгөнүн тирүү көмүчү, Ошондон калган жумуш бу. Күн эсебин алышты, Эртең күнгө жума, деп, Энтелешип калышты. Жайын казды чиркиндин, Күмбөзүнө баатырдын, Колунан келген зыйнатын, Айабай кылып жашырды, Эл өкүрүп келгенде, Жүрөгү күйүп, ичи ысып, Чигитейдин дартынан, Өлүп кетип Зулпукан, Мадыбекти шаштырды, Өлгүнчөктү Зулпукан, Кеп чыкпаган өзүнөн, Жаш чыкпаган көзүнөн, Жашы чыкса, сөз чыкса, Жайылып тышка буу чыкса, Өлмөк эмес Зулпукан, Күйүп кетти ичинен! Балага эне күйүнүп, Мындай болбойт кишиден. Не кыларын биле албай, Жаш Чигитей өлгөндө, — Медерканга айткын, — деп, Мадыбек айта салыптыр, Күйүт менен айткан кеп, Келгинче элди күйө албай, Унутуп муну калыптыр, Айтканда бирөө аттанып, Желбестен жорго атты алып, Күндү-күнгө улантып, Түндү-түнгө улантып, Эңишке келсе чуратып, Минген атын дуулантып, Кара тер басып буулантып, Казактын барды айлына, Кабарын угуп калың журт, Баарысы калды кайгыда. Тили барбай кысталды, Кыз Торгойго айтууга, Бермек болуп жатышкан, Баатыр эрге тартууга. Удургуп эли калыптыр, Серек сулуу кыз Торгой, Сезип муну алыптыр. Шыбыр сөзүн элдердин, Тыңшап укту бар кебин. “Сүйгөн жардан айрылып, Сүлдөр болуп жүргүнчө, Мен да кошо кетейин. Өлбөй калсам бул бойдон, Мени кудай урбайбы, Кыз туруп эрден кур калган, Кара жүз бейбак эле, деп, Калгандар шылдың кылбайбы!” Күн чагылган немедей, Нурданып бети жалтылдап, Арак ичип мас болбой, Токтоно албай калтылдап, Таштаган шердин жаа огун, Колуна алды ыгын таап, Өтүп кетти ааламдан, Как жүрөккө бир муштап! Баатырга жетпей арманда, Кыз Торгой өлдү артынан, Казагың ыйлап кан какшап. Бел болгон баатыр жоголду, Бешене бүткөн шор болду, Ырысы элдин кырчылды, Жыйналды элдин кырчыны, Ачык күнү чүмкөлдү, Күн жаабай туруп бүркөлдү; Шыргалаңдап суу тоңду, Шыбыргак шамал суук болду, Көк-жашыл чөптөр кубарды, Сайрабай куштар муңайды; Тал-кайың бойун кере албай, Талаада жыгач уйалды; Карагай, терек өспөдү, Какшап калкы өксөдү, Атактуу Кеңкол жети төр, Ыраңы кетип өзгөрдү, Талаанын баары чаңдады, Канаттуу учпай калганы, Көлдөрү толкуп чайпалды, Токтобой Талас чайкалды, Башы бүтүн, боору эсен, Ыйлабай киши калбады. Кары-жашы кайгы жеп: — Кайран журт ээсиз калды, — деп, Түгөндү көкжал бүгүн, — деп, Түгөндүк такыр бир күн, — деп, Көрүнгөн киши жем кылар, Курт-кумурска бизди жеп. Тартынып дүйнө турчу эле, Таласта кыргыз журту, деп, Таанылып элге турчу эле, Муну менен сегизи, Түптүү Манас уулу, деп, Бел байлап алаш жүрчү элек...