Чигитейдин чапкынчыларды жоготушу
Ай уланды, ай кетти, Акылы айран калгындай, Чигитей укту бир кепти: “Каңгайдакы Оторду, Батай, Катай кошулду, Дөрбөн келип кол менен, Каңгайдын жерин толтурду. Кытайдан келди кырк миң жан, Кыйар деген улук бар, Ишарат менен иш кылат, Ооз ачып унчукпай. Дудук эмес тили бар, Кыйар дештин себеби, Ушундай жерде айтылар. Өзү манжу элинен, Аттанып чыкты бул чочко, Чаңбейсен тоонун жээгинен, Канчасы буга кошулду, Кара кытай элинен, Үчөө келди татаалап, Дайындуу чыккан элинен.” Атайлап Көкөй кат жазып, Таласка киши жиберген: “Бир кызым бар меники, Чигитей, болсун сеники, Көөнүндө кири арылсын, Арамдык күтпөй эрдики. Каңгайга казак кошулуп, Аттанмак болду чогулуп, Теке айында белгиси.” Алып келип кагазын, Мадыбекке беришти, Мадыбек алып кагазын, Чигитейге окутуп, Бастырмак болду жаш баатыр, Баарысын сырттан коркутуп. Андан мурун башкага, Бастырмак болсо бир жакка, Күмбөзүнө баатырдын, Бир күн түнөп алуучу, Болсун белги, болбосун, Бастырып кетип калуучу, Түнүндө барбай күмбөзгө, Эртең менен барганы, Эки бээни алпарып, Арбагына арнады, Жарабайт жылкы түлөөгө, Ача туйак чалбады, Токтоо кылып туралбай, Баатырың жолго салганы, Көкөй жүргөн келер, деп, Келбей өтүп кетпес, деп, Тоо бөксөлөп өтөт, деп, Жол тосоттоп үй тигип, Тиктеп жүрчүү бекемдеп. Чигитей менин уулум, деп, Кат жазганда энеси, Көрүп торгой калыптыр: “Сыртынан энем бермекке, Кат жазып калды мени эрге. Көзүм менен бир көрсөм, Көнөр белем тийерге. Он алты жашка келипмин, Көрмөк тургай күйөөнү, Атын угуп билбепмин. Угушум, түбү шер экен, Кылган ишин сурасам, Өзү жаштын тыңы экен. Келбети мага жараса, Энемдин берген кеңеши Мага жакшы кеп экен. Болбосо өңү буржуйуп, Толбосо көзгө жулжуйуп, Куушурулуп далысы, Караса нары кулжуйуп, Эрдиги анын не керек, Ошо күнү турармын, Көзүмдүн жашын себээлеп.” Санаасына торгойдун, Сан миңдеген иш келет, Көрсөм экен жүзүн, деп, Энесинен бешбетер, Торгой дагы эңсенет. Кароолчу койгон канчаны, Чабарчы койгон анчаны, Медеркан жок казакта, Ал Каңгайда жатканы. Кабарчы кабар алыптыр, Чабарманга барыптыр, Чабарман атын чаптырып, Көкөйгө жете барыптыр, Көкжал эр келе жатат, деп, Көкөй угуп алыптыр. — Мен чыгайын алдынан, Көлдөлөңүң салып тур. Акырын айтып шыңк этип, Эшикти көздөй бет алып, Басты Көкөй кылт этип, Билдирбей байкап торгойду, Көзүнүн жээги жылт этип. Торгойдун өңү бузулуп, Кең дүйнөсү кысылып, Өзүнчө басып кара тер, Бешенеси нымыгып, Көлдөлөңдү алабы, Көрпөчөнү салабы, Капшытын ачып шыкаалап, Келатканды карады. Кылчайып кайра тарталбай, А деп кебин айталбай, Жин тийгендей сулады. Чигитейдин атынан, Эки кайта чакырса, Айыкмакчы дартынан, Аны билген киши жок, Сулап жаткан кыз менен, Кылчайган ага киши жок. Айылдын баары жайылып, Жалгыз келген баатырга, Жалпы чыкты жабылып, Чигитей түшүп эсине, Торгой турду айыгып, Батыраак кирсе экен, деп, Көлдөлөңдү унутуп, Тиктеп турат зарыгып. Түшүп өтөөр бекен, деп, Жакасынан кол кетпей, Жаратканга жалынып, Желбегей ичик жамынып. Эки жеңин салынып, Өтө көркөм Торгой кыз, Сулуулугу таанылып, Чигитей менен Торгойдун, Ырысына экөөнү, Туш болгондой кабылып. Чигитей жүзүн көрө элек, Торгой көрүп караанын, Бурулуп төргө өтө элек, Шыкаалаган тешиктин, Түбүнөн басып кете элек, Ак чөйчөккө суу алып, Сары улагын дагы алып, Ак сарыбашыл кой алып, Ак боз бээден бирди алып, Тайар кылып Көкөйү, Камынып турган чыңданып. Алыстан келген жаш арстан, Аппак темир болоттон, Алты айлантып курчанып, Кийгени темир көгөрүп, Буттап темир өңөрүп, Найза колдо зыңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе кыңгырап, Айбалта жанда жалтылдап, Асаба колдо калкылдап, Кылыч белде шыңгырап, Кыргыздан чыккан жаш арстан, Келди айылга чукулдап. Медеркандын айылы, деп, Ойунда жок жигиттей, Тоскон Көкөй болучу, Түк кишиге билгизбей, Аралап эми келгенде, Аттан жулуп алышты, Таманын жерге тийгизбей. Айлантып суусун чачтырып, Садагасын чаптырып, Сарыбашыл койун мууздатып, Кембагалга уучтатып, Сарыбашыл уйун талатып, Жыйылып келип топтолгон, Жашы-жалаңы, кары-жаш, Баатыр эрди карашып, Эки айактуу жумур баш, Көргөндүн баары жаратып, Чолпондой жүзү нурланган, Чоктой көзү кызарган. Сүйлөсө сөзү бууланган, Сүйкүмү артык бир улан, Тигип койгон өргөөгө, Алып келип кирээрде, Алдында басты Көкөйүң, Кызынын жайын билерге, Башын салса эшиктен, Байкуш кызы элейип, Карап калган селейип, Тартып койгон сүрөттөй, Жаны жоктой делейип. Эшиктен кирип акырын, Колунан алып жетелеп: “Жараган экен кызга, — деп, Жараса эрге болду” – деп, Жакасын кармап бекемдеп, Көлдөлөң салып төрүнө, Ак тубардан көшөгө, Киргизип кызды ичине, Ачтырып эшик Көкөйүн, Баатырды үйгө киргизди, Конокко берчүү шекер-бал, Бар керегин бергизди. “Таластан ичкен туздарын, Актаганын билсин, — деп, Эл айагы басылса, Кирген-чыккан азайса, Анан кызды көрсүн” – деп, Көкөй турган кезинде, Күн бешимде мезгилде, Асман тиреп өрттөнгөн, Чаң көрүндү өзөндөн, Көптүгү кара кумурска, Жан көрүндү өзөндөн, Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, Дөө көрүндү өзөндөн, Ат көтөрбөй тер болгон, Жөө көрүндү өзөндөн, Калкты бийлеп башкарган, Хан көрүндү өзөндөн, Сардар болуп журт билген, Зал көрүндү өзөндөн, Айдама кошуун канча миң, Кол көрүндү өзөндөн. Чай ичкен бала Чигитей, Кымыз ичип ала элек, Суусуну мунун кана элек, Күр эле кирди ал үйгө, Күллү баары тебелеп, Бул эмине шумдук? деп, Коркконунан кээ бирөө, Көзүнөн жашы себелеп, Күпүрлөгөн андан көп, Медерканды жемелеп, Медеркан атын укканда, Мелтиреген кара көк, Мелтиреп карап турбады, Эшикти карай бет алып, Бөлүнө койуп эл качып, Эпчи жак менен эр жакка, Эл бөлүндү жол ачып, Тору аттын жетти жанына, Төрө жолборс түз басып, Ыйлап калды торгой кыз, Аркасынан көз сатып: “Не болсо да Чигитей, Жүзүмдү көрүп калсын – деп, Көзүнө толсом баатырдын, Көөнүнө мени алсын “ – деп, Басып Торгой чыгыптыр, Көпчүлүктү мейли деп. Ошо кезде канкордун, Атынын башы бер жакта, Атка минип каш серпсе, Көзү кетти кыз жакка. Торгойдун көрүп караанын, Токтоосуз атка мингенге, Өзүнчө болот чоң капа: “Сырттан болсо ушул кыз, Сырымды менин билер – деп, Аз болгондо үч жылда, Араң мында келем” – деп, Жаага атчу саадактан, Сууруп алды бир жебе: — Бул айылда калсын, — деп, Унчукпастан эч кимге, Ыргытып ийди жөнөөрдө, Элебей элдер калыптыр, Көкөй көрө салыптыр, Кыргыйдан мурун Торгой кыз, Эңип окту алыптыр. “Баатырдын огу белек, — деп, Катышым менин керек” – деп, Аны менен кээри жок, Эл чуркурап деректеп, Көйнөгүнүн ичине – Төшүнө катып жиберет. Тартчуу боосун кармады, Мойнуна муну салганы, Узунбу, кыска өмүрү, Өлгүнчө уулга арнады, Көзү көрүп энеси, Байкап муну калганы: “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, Торгой шерге жарады, Максатка жеткир жараткан, Жан кылган соң адамды, Калганда өзүң билесин, Пайдасы менен залалды.” Алтын чырай нур бети, Аттанып бура тартарда, Күүгүмдөкү устадай, Көк жашыл тартып көрүндү, Жалгыз кара бир башы, Капкайдан келген чоңдорго, Жалтанбастан өмүлдү, Жан соогалап кылчайбай, Бул айылдан бөлүндү. Бастырсам жалгыз бекер, деп, Баш бербей тепсеп келер, деп, Бабасынан бер жакка, Баарыга маалым кызыл туу. Көрпөчөнүн бүгүштө, Бүктөлүү болчу мына бу, Тартып алды желекти, Таанымал элге керекти, Найзага темир аштады, Айчыгы алтын чоң тууну, Ашкере сайып таштады. Келаткан аскер токтолду, Кең өзөн ичи топ болду, Тууну көрүп Медеркан, Жүрөгү мунун козголду. “Өзөнү кең, жери түз, Өчүгүшкөн доңузга - Кол салышсам ушуга, Өйүз-бүйүз бөксөдө, Эркин жаткан элдерге, Эмгеги катуу болот го, Баш-аламан барсылдак, Алай-дүлөй тарсылдак, Кагышып жарак карсылдап, Кандай заман болот, деп, Калың журт турса кан какшап: Коктуларда топ болсо, Коркуп балдар боздосо, Эркин басып бээ саабай, Керилген келин, боз улан, Жер кемерде жок болсо, Менин баатырлыгым бекер!”–деп, Жылдырып тууну көтөрүп, Ээн жайлоонун айагы, Ак шорго түшүп кетем, деп, Баатырың элдин камын жеп, Болгун аман баарың, деп, Бастырмак болгон кезинде, Медеркан келди күпүлдөп: — Кубулжуган түр сайак, Курт-кумурска көп элден, Коркпой кандай туу сайат? Кутулуп кете албайсың, Кууратамын эми мен, Былкылдатпай тордодум, Куу туйак, сени койбойум! Өзүң баатыр, башың жаш, Күн көрүш жакты ойлогун. Жалгыз кара башыңды, Отор, Дөрбөн, Кыйардан, Батай, Катай – булардан, Андан кала бергенде, Андайлардан неченден, Кеп кутулбас чеченден, Астынан киши өтпөгөн, Азым деген кечилден, Каныңды сурап алайын, Түбүбүз алаш бирге эле, Жылкычы башчы кылайын, Жамандык кылсаң, сен кылдың, Мен жакшылык кылайын, Арамдык кылдың, сен кылдың, Кылгылык кылып койуп сен, Билмемиш болуп жылмыйдың. Мен алыска бардым сен үчүн, Айылыма эми келатсам, Туу жайасың не үчүн?! Жутуп ийчү немедей, Эки көзү чакчайып, Албаган сакал-муруту, Кокодой болуп бак жайып, Айтып турду Медеркан. Баатырдын уулу эр неме, Баш булгап жоодон качпаган, Бала жолборс шер неме, Сүйлөсө тили так эле, Сөз билги жайы бар эле: — Капаланып кайгырып, Катын-балаң, казактан, Кайда бардың айрылып? Урматтуу казак элиңди, Өзгө журтка кар кылып, Жайнаган колуң бул турса, Калкыңды ага зар кылып, Басарга калбай бош жери, Кең дүйнөсүн тар кыл, Бул кылышың жакшы эмес, Арамдык кылган мен эмес, Адал ашка күмөнсүп, Сен Медеркан, киши эмес! Айтышкан сөздөн бузулуп, Ата-баба кубаар сан, Биз жаза баскан киши эмес, Тынч алып жатпай үйүңө, Кыдырдың жердин түбүнө, Коросонду козгодуң, Козгоп койуп кош болдуң, Ооганды барып ойготтуң, Уйкусун ачып оогандын, Оголе кыйын шоктондуң. Жедигерге жетипсиң, Жеткире айтып кетипсиң, Эми маминтип жүрөсүң, Кенчин жерден көтөрүп, Кеп билбеген кечилдин. Мөңкөтайды кутуртуп, Таласка таштап кетипсиң. Кубатай өлдү, кулады, Коросон коркуп чуулдады, Кол куушуруп Ырыскан, Оогандын журту тынч калды. Темир шааны Шоорук хан, Эбин таап койуптур, Шоорук ханды Таласта, Курман кылып чунагың, Мууздап аны койуптур, Мөңкөтайың байлоодо, Сен барасың, Медеркан, Айлаң кетип айдоодо. Кор кылуучу кыргызды, Кутурган эки арам ит, Бириңе-бириң сойдурам, Сүйлөшкөнгө тойдурам, Сен арам санаа кыйалда, Адалды арам дегенге, Көкөйдү эне мен кылам, Кайра барып жандыргын, Калың элди тил алсаң. Кымызын чайкап бал ичип, Өз үйүңдө жай жатсаң, Көтөрүп тууну түшүрүп, Көбүк кардай ак шордо, Күүлдөгөн Отордун, Көөдөндөн канын агызсам. Эл ичинде урушсам, Эрдигим менин бей керек, Элге салып эмгекти, Эрмин дешим не керек? Элге эркек уул керек, Эркек уул туулганда, Эл болот ойноп эркелеп, Эли бакса чоңойтуп, Бел болсо элге эр делет. Түп атабыз биздики, Түгөнбөйт атын билдиңби? Аз эле жылдын астында, Каңгайлар айдап жүргөндө, Таманыңа шиш кагып, Куйкаңды карыш тилгенде, Ыштаныңа сийдиңби? Ким болду белек казакка, Айбан кул, анда билдиңби? Касиет, калка бир тууган, Албан, кызай - эки урук, Казак андан туулган. Ороздунун эки уулу, Сен билбесең, мен билем, Карылар айткан кеп ушул. Ороздунун улуу уулу, Орчондуу Жакып бай болгон, Туулуп Манас баатыры, Баш көтөрбөй каапырлар, Баары буга кар болгон. Сен казактан Медеркан, Мен Манастан билип ал. Таманына шиш кагып, Тамтаңдатып жүргөндө, Айрып алып Таласка, Алып барып тактырсам, Тузга сийип, чунак ит, Арамдык ойлоп сен турсаң, Азыр да кесем башыңды, Жамандыкка көөн бурсам! Түбүбүз тууган бир экен, Ошон үчүн түтө албай, Кебимди айтып мен турам, Тил алсаң баргын айлыңа, Тим эле калбай кайгыга, Жакшы жаман кеп кылбай, Ак никелүү зайыбыңа, Унчукпай болгун кылмышкер, Жалган күмөн айыбыңа. Салдырбай чуулган Каңгайга, Алдынан тосо барайын, Жайлоодон шорго түшүрүп, Жайын анан табайын. Чыгымдар болдуң эр издеп, Байды издесең аркамдан, Бастырып анан бараарсың. Душман көрдүң мени сен, Атам десем эп келет, Ага деп сени айтышка, Ачсам оозум эп келбейт. Деп Чигитей эп сүйлөйт, Тозогун тартып Торгойдун, Туйунар бекен, деп сүйлөйт. Шумдугу бар ар кимде, Өткүр шумдук сыйкырды, Ошол күндө көргүлө. Урматтуу катын Көкөйдүн, Кийгени жаргак сары шым, Төбөгө чачы түйүлүү, Белине балдак илилүү, Сайма жаргак кемсели, Ийнине баса кийилүү, Кулагын алып үпчүлөп, Көп кишинин бириндей, Түк билинбей бул жүрөт, “Медеркан келип күпүлдөп, Чигитейге кас кылса, Өлтүрүп койор жаш бала, Туйундуруп баатырга, Кетейин деп бул итти, Аты менен мен сүйрөп.” Чылбырына жакындап, Билгизбей Көкөй туруптур. Береги торгой жеңеңдин Белгисин, кыргыз угуптур. Эркекче кийим кийинип, Белине кемер илинип, Көзүнө сурма тартынып, Көзүнөн улам жаш чыгып, Аарчыган болуп сурманы, Көзүнүн жашы аарчынып, Адагы келип турду эле. Артында турат чигиттин Кашкайган сонун жигиттин, Атайын келген Торгойдун, Тасмадай бели бүгүлүп, Тартынбай айткан кебине, Атасынан түңүлүп, Араң-араң токтолот, Келейин деп жүгүрүп. Жүзүн көрсөм экен, деп, Кыйа карап каш серпип, Кыйырынан тиктеп баатырды, Кылгырып көздөн жаш кетип, Эл караса жер карап, Эл карабай калганда. Эки көзүн айырбай, Эр жигитти бет карап. Бир караса көзүнө, Чигитей бети нурланат, Бир караса көзүнө, Алда кандай болгондур, Асмандын бети бууланат. Карап турса аныктап, Жердин бетин көл толкуп, Келаткансып суу каптап, Кылт этип кыйал бурулса, Кетчүдөй көрүнөт, Кызыл кыйан сел каптап, Жүрөгү күйүп кызыл чок, Кыймыл этээр чама жок, Кара бойу бүт какшап. Эмне болуп кеттим, деп, Ачып көзүн ирмесе, Ак шумкар сындуу сыланган, Атанын уулу шер турат. Астыртан өөдө караса, Төбөдөн ылдый шарылдап, Борошо жамгыр куйулат, Кыйалы кетет кырк бөлөк, Кылымга келчү бар нерсе, Бири калбай туйулат. Кой эти бышым ал жерде, Чигитей менен Медеркан, Коркутушуп турду эле, Ал Торгойдун көзүнө, Так тогуз жыл болду эле, Тогуз жыл өтүп, күн кетип, Жыл өткөндө Торгойдун, Эсине түштү ак этип, Жабыша түшүп ачылып, Тамак айы так этип, Ак киргендей көрүнөт, Саамайына жаш жетип. Айласы кетип Торгойдун, Ачып көздү жумгунча, Алтымышка жаш жетип, Өлөйүн десе жан таттуу, Кирейин десе жер катуу, Бастырып кетсе кантем, деп, Башы мунун бек катты: “Тийбесем тийбей калайын, Тиктеп туруп баатырга, Тилектүү максат канайын. Титинбей тиги душманга, Кирип кетсе аралап, Угармын элден чамалап, Жаманчылык күн болсо, Тирүү кантип калайын!” Азыраак убак Торгойго, Алты жылдан ашыптыр, Айагы барып токтобой, Ар санаага батыптыр, Аңгычакты Медеркан, Арыз айтмак болуп Каңгайга, Аркасын карай тартыптыр. Кийин тарта берерде, Кайран Көкөй жетти эле, Тааныбайт аны Медеркан, Балаңды көрө кеткин, деп. Жетелеп жөнөй берди эле. Селт эте түшүп Чигитей, Байкап көрсө “жигитти”, Эркек эмес катындай, Анык байкап караса, Энеси болчу асылдай, Ошон үчүн Чигитей, Медерканга катылбай, Оң жагына бурулду, Оң жакта Торгой турду бу. Сыпаты башка бир бала, Сурмасы көзгө урунду. Сурмалуу көздү көргөндө, Султандын уулу Чунактын, Суу агып бойдон жуурулду. Анык тааный албады, Айнектей жүзүн бир көрбөй, Ичинде калды арманы! Сайган айчык кызыл туу, Чапчый колго кармады, Чуу болот деп айылда, Бастырып жөнөп калганы. Баатырың мойнун бурганда, Балакеттүү Торгойго, Таң агарып күн чалды: Алты менен тогуз жыл, Унутулуп ал калды, Айланасын караса, Жайнаган кызыл гүл алды, Жарылып кетчү немедей, Жүрөгү балкып кубанды, Бастырганын биле албай, Балакет Торгой кулады. Тааныбай казак Торгой, деп, Жинди болду бой-бой! деп, Айылдан кийиз алышты, Төрт бурчунан көтөрүп, Айылга бара калышты, Чуркураган үндү угуп, Туйунуп Көкөй калышы, Жете барып балага: — Жинди болгон кишиге, Тегеректеп турбаңар, Ай менен күндүн кулагы, Тийишип казак элинде, Айлыңда турса душмандар, Жай-жайына тараңар, Жан сактоо жагын караңар! Ырас айтат, Көкөй, деп. Эли тарап кетиптир. Бетин ачып шыкаалап, Баласын байкап караса, Жан үзүп койгон немедей Эти муздап кетиптир. Чамасы кетип, так чарчап, Чакчелекей ал Көкөй, Баласынын сандыгын, Барып ачып карады. Асылга ороп алты кат, Салган экен түбүнө, Жанын огун байагы. Туйдурбай алып колуна, Чуркаган бойдон кызына, Жетип Көкөй барганы. Жан кишиге шек бербей, Ок менен бетин сылады. Мойнуна асып боосунан, Жүрөгүнө түз койуп, Туйгузбай бетин жаап койуп, Билмексен болуп турганы. Ашыктын оту ар кандай, Ошол Торгой байкуштан, Чыгып кеткен жан калбай. Чай кайнамча турганда, Салмагы темир даты өттү, Жалындуу жүрөк чогу өчтү. Көзүн ачып алайды, Төрт тарабын карады, Үйдө жаткан шекилдүү, Кай кеткенин биле албай, Дагы кайта кубарды. Күнү түнгө уланды, Торгой кайда кеткен? деп, Медеркан үйдө сурады. — Ооруп кызың жатат, — деп, От күйүп ичи атат, — деп, Көкөй айта салганы, Жакшы жаман Көкөйгө, Кеп кылалбай калганы: — Эмне кесел болду эле? Качантан бери оору? – деп, Анык дайнын сурады. — Кечээ тургай түндө сак, Мен багып жүрдүм сак сактап, Бүгүн жинди болуптур, Дартына дабаа ким табат? Көрөйүн деп баламды, Медеркан басып ал барат. Укмуштуу киши Медеркан, Маңдайынан сылады, Билектен тамыр кармады, Балага тийген кеселди, Башка кебин салбады. Ашкере атын таап алды, Кылмышкер болгон немедей, Кылчайып артын карады, Карагандын иши бар, Артында Көкөй киши бар, Жаш кезинде Медеркан, Ээрчип жүрүп Көкөйдү, Күйүп жүрүп алган ал. “Башыман өткөн ишим, — деп, Байкап көрсөм балама, Башка эмес кесели, Чигитей окшойт билдим, — деп, Мурун балам сак болсо, Эртең менен сак копсо, Кечээ күнү шашкеде, Таза туруп жин тийсе, Улам-улам кубулса, Ичкен ашын билбесе, Ашык эмей эмине? Билейин абдан муну” — деп, Өзү молдо Медеркан, “Чигитей” деп кагазга, Жети жерге чийди эле, Эзип туруп суу менен, Тамызып аны оозуна, Ичирип аны ийди эле, Алкымдан өтүп болгунча, Өңүнө кызыл кирди эле. Медеркан сындуу казактын, Кызы күйгөн кишиси – Кездешип жүргөн душманы, Ичине батпай үшкүрүп, Медеркандын бушманы, Ичкен ашын биле албай, Же өлтүрүп кызын ийе албай. Же өлүп кетип Медеркан, Кара жерге кире албай, Олтурган жерден кобо албай, Мурун кудай боло албай, Пейлимен кайра жандым, деп, Безилдеп ыйлап кан какшап, Чигитейге баралбай, Же кетип калгын кайра, деп, Кычырып келген каркыттап, Кытай менен моңгулга, Таңгыт менен манжуга, Айтып муну баралбай, Санаасы миң, кыйал көп, Жатып уйку алалбай, Өзүнчө оору болуптур, Күнү-түнү толгунча, Саргарып өңдөн оңуптур. Элебей кылган иш жаман, Эндекей кийген тон жаман, Элинен азып ыраакка, Ээрчип келген кол жаман. Капташып калды казакка, Айрыкчасы Медеркан. Биригишип “беш жаман”, Коркутуп кирген түш жаман, Короодо турса көп душман, Жалгыз кара бир башын, Сан миң колго баалаган, Сайышып турса жаш балбан, Не кыларын биле албай, Медеркан башы айланган. Кармаган бойдон колуна, Кызыл тууну Чигитей, Бөксө менен салыптыр, Чигитейди көргөндө. Дөрбөн менен Отору, Батай, Катай – ал төртөө, Такыр таанып алыптыр, Кытайдан келген Кыйарга, Булар айтып барыптыр. Качкан экен менден, деп, Ойуна Кыйар алыптыр. Кытай Кыйар кылыйып, Күлүп койду мылыйып. Корккон экен менден, деп, Кыйалында бул экен. Батай, Катай – ал экөө, Кыйардын билди кылыгын. Качыралы баштан деп, Чигитейдин сыймыгы, Буйрук берди калкына: — Калбай, калмак чубургун! Батай, Катай – экөө тең, Чигитейге куугандай, Аркасынан жөнөдү, Менден мурун бул алса, Жаман аттуу болом, деп, Кыйар кытай жөнөдү, Дөрбөн, Отор туралбай, Дүрбөп калбай жөнөдү. Ээн жайлоо бош калды, Айдама кошуун кол кетип, Казактын эли кубанды. Сыйлыгып көбү казактын, Илени көздөй айланды, Эбине келсе наары ашып, Үч каркыра баргалы, Же болбосо тоо бойлоп, Капалга кетип калгалы. Туйгузбай көчүп чоң байдан, Капалга кетти алты бай, Алты байдын казак деп, Капалда бүгүн дагы бар. Ойго түштү баатырың, Оолугуп бала Чигитей, Буулугуп ичин муң алып, Айлана курчап жоо алып, Асман тиреп заңкайган, Үстүндө Алтай тоо алып, Айагы жагы сыр койук, Адамы жүргүс чөл алып, Орто жери Арал көл, Каз кечпеген көл алып, Жүрөгү күйүп жалындап, Кыз торгойдун нуру алып, Кайратка толду жаш баатыр, Айлана курчап кол түштү, Каңгайдан келген беш баатыр, Күндө кызык урушу, Бүтпөй күндө күч алып, Арбып барат жумушу. Кел бери, деп марашып, Булар кезенишип турушту. Күндүзү кезек урушта, Түндөсү баатыр Чигитей, Түйшүктү салды бул журтка. Түндө чырым албады, Түнүндө чатак салганы, Күндүзү тыным албады, Сайышкан бирден балбаны, Өтүп барат далай күн, Бешөө келип чогулуп, Бир баланы албады, Кезектешип беш каапыр, Бирден-бирден барбады, Күндө уруш чуу менен, Жердин бети чаңдады. Баш кошкон жерде чогулуп, Чыгыштан келген беш урук, Чын эле баатыр экен, деп, Чигитейди даңдады. Ортодо Отор оолугуп, Ойлонуп чочко олтуруп, Он миң киши кол бөлүп, Өзүнө кийин туруучу, Он эки мыкты зор бөлүп, Туйбасын деп Чигитей, Бир кишини купуйа, Түн ичинде узатып, Медеркан кошо барат, деп, Таласты көздөй жол берип, Билбемиш болуп жатыптыр, Жиберген киши алдыртан, Медерканга айтыптыр. Жан кишиге туйдурбай, Камынып калды Медеркан, Бармак болуп алыстан, Койгунуң деп айтпастан. Эки күндү болжошуп, Табышмак болду Медеркан, Чаганчыда жол кошуп. Угуп Көкөй калганы, Кандай айла болот деп, Торгойго жете барганы. Барса Торгой үйдө жок, Күндө келсе – күндө жок, Кайда кеткен Торгой? деп, Кайгыга Көкөй калганы, Торгой кыздан, кыргыздар, Эми азыраак кабар алалы, Атасы эзип суу берип, Көзүн ачып жер көрүп, Ордунан коппой солк этип, Эки күн жатып көгөрүп, Караңгыда жөнөдү, Жылдыздан шуру тагынып, Башына чүмкөй чапанды, Калдайта кара жамынып, Жатарга таппай айланы, Жаш баатырды сагынып. Кыраакы өзү укмуштуу, Бастырган жерден баатырдын, Атынын изин карады. Канча күн өткөн арадан, Бурултпай муну таап алды. Аттын изин кубалап, Ар күнү топо дубалап, Адырды басып аралап, Кырга чыгып олтурса, Өргөн иттей сабалап, Ойдо жатат көп калмак. Беш жерде калың топ турат, Жазайыл мылтык, жаа кошо, Жайнатып төккөн ок турат, Байкап көрсө белгиси, Жалындап күйгөн от турат, Жайы-кышы өчкүсүз, Жайнаган кызыл чок турат. Жылантору ат менен, Кылычта кандуу дат менен, Кыйкырыгы таш жарып, Чигитей күндө топ бузат, Чигитей үнүн укканда, Жарылып жүрөк кубанат, Жарк этип көзү ачылып, Жана кайра тунарат, Баатырдын үнүн укканда, Баш көтөрүп суналат, Угулбай үнү калганда, Баштагыдан беш бетер, Күндүн бети тунарат, Олтурса бир күн талаада, Бузулду андан кол чубап. Аңкаарып Торгой карады, Чубаган элди караса, Таласты көздөй жол алды. «Таласка барып эл талап, Бүлүк салат экен, — деп, Бейкут жаткан кыргыздар, Түйшүк тартат экен, — деп, Канткенде кылам кабарды, Чигитей укса экен” – деп, Көп эле акыл ойлонду, Көөнүндө буга токтолду, Көмөрүп башка кийгени, Көл темирге окшоду, Жеке баатыр эр болду, Жер жайнаган беш урук, Талаада калың эл болду, Талаада жүргөн атын таап, Телегейи тең болду, Күүгүм кирип күдүңдөп, Көз байланган кез болду, Талаадан тапкан сур аты, Жүгүргөнү тез болду. Ач кыйкырык сүрөөндө, Ашкере баатыр баланын, Алдынан чыгып жол кошту. Каңгайлап ураан чакырды, Катуу айгайлап бакырды, Караңгыда калдаңдап, Кабылан эрди качырды, Капташып кирип келгенде, Жандап өтө берди эле: — Кетти душман жериңе, Кейишти салат элиңе, Мен Торгойго кызматкер, Чигитейге беттешип, Айтып койгун деди эле! Бактысына жараша, Баш-аламан көпчүлүк, Каптап келди эми эле. “Тоспосом жолун бекер, — деп, Толкуган кыйан сел каптап, Талоонго Талас кетер, — деп, Талатып ийип Таласты, Жоо сайышым кандай кеп!” Тору аттын башын бурганы, Токтоо кылып турбады, Чагандыны өрдөдү, Таң агарган мезгилде, Жаткан элди көргөнү. Он эки мыкты зор экен, Он миң аскер кол экен, Тосоттоп белден караса, Кара бойун опчулап, Медеркан анда турчу экен. Медеркан көрүп Чигитей, Тааныбаган болду эле, Чигитей көрүп Медеркан: “Ажалым жеткен экен, — деп, Болупмун акмак бекер, — деп, Таанылып калсам бул жерден, Тарпымды таштап талаага, Башымды кесип кетер, — деп, Тааныбай мени калды” – деп, Жолго түштү тепеңдеп, Медеркан ойго келгенде, Күндөй бети балкыган, Көрүндү элес бир жерде. “Алда кандай элес, — деп, Аңдашым аны керек” – деп, Тиктеп калды Чигитей. “Жиберген киши мен элем, Баатырдын уулу Белек, — деп, Унутуп аны койбогун, Торгой болор керек” – деп, Анчалык айтып азыраак, Кайкыдан кирди кылт берип, Көрүнүп койуп жылт берип, Көөнүнө күндө дарт салып, Көп эле жерде шек берип. Ачуусу келди баатырдын, Ачып оозун эстенип, Качырып кирди каңгайды, Алдында атка тепсетип, Баарысы калбай жабылды, Баатыр эрге кездешип. Күн бешимге жеткинче, Он эки баатыр балбандан, Башын кесип алганы, Бирөө тирүү калбады, Бирин-бирге жеткирбей, Бирден сайып жайлады, Артындакы он миңди, Короодо койдой айдады, Чагандынын ийри жар, Айдап барып камады, Абдан дайнын сурады. Кошо айтышып баатырга, Корккон калмак чуулдады. Оторго барбай, көтүң кыс, Жай-жайыңа кеткин! деп, Жайнаган элди чубатты, Өлгөнүн киши билген жок, Он миңден бирөө кылчайып, Оторго барып кирген жок. Бешимде кетти жаш баатыр, Күүгүмдө келип атты ок, Күндөкүдөн күчтүүрөөк, Күндө уруш тынчы жок. “Бир-бирден чыгып беттешпей, Бекер элдер өлдү, — деп, Ажалым жетсе өлдүм, — деп, Же өлтүрүп келем!” – деп, Өчөшүп Дөрбөн жөнөдү, Аттанганын Дөрбөндүн, Калган элдер көргөнү. Күбүрөшүп калышты: “Күндөн Дөрбөн тойуптур, Жөнөдү деп өлгөлү.” Көрө салып Чигитей, Жылмыйып күлүп жиберди: “Жыргап жаткан немедей, Бир-бирден келген экен, — деп, Ачылып багым ченебей!” Көптүгүнөн апкаарып, Коркуп койбойт кенедей, Кыргыз, калмак кектешти, Чигитей, Дөрбөн беттешти, Дөрбөн ойлойт ойунда, Өлтүрбөй кайра кетпести. Алты курдай беттешип, Аңтара сайып Дөрбөндү, Эр Чигитей баш кести. Таңгыттын элин бакырып, Баш кишиң кел! деп акырып, Менмин деп бирөө баралбай, Баарысы келди жабылып, Чигитейден кеп угуп, Өлбөй тирүү кет десе, Ырыска калды жолугуп, Манжу менен кытайдан, Калмакта таңгыт бөлүнүп, Жанупту карай бет алып, Чубап жолго салыптыр. Тээ каңгайда калган таңгытты, Көчүрүп кийин алыптыр. Бөлүнүп таңгыт кеткени, Бөлөгүнө бир-бирден, Көрүнө ажал жетти эми. Атым Кыйар менин, деп, Мыкты болсоң келгин! деп, Кытайдан келген кызталак, “Жалгыз кыргыз эл бузуп, Кошуундун чети кол тарап, Мына минтип жүргөндө, Кандай киши жоону алат?” Ачуусу келип ал Кыйар, Жарагын койбой бүт алат. Тойгуза курсак ашын жеп, Тогуздап темир тон кийип, Тоодой капыр аттанды, Кыйар барды өлдү, деп, Көргөндөрү шаттанды, Карап туруп кыр жактан, Торгой байкуш какшанды. Торгойдун муңдуу үнүнө, Муңканып айткан күүсүнө, Кубулуп турган түсүнө, Муз туруштук кылалбай, Мөңгүлөр агып, кар эрип, Эңкейип талдар бүгүлдү, Өөдөлөп өспөй бой керип. Сайрабай булбул тил катып, Молдо торгой, сандыгач, Сүйлөй албай буулукту, Мурун кудай такшанып, Күкүктүн баары күдүңдөп, Көк асман бети бүрүлдөп, Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, Кээде олтуруп, кээде кооп, Тели болгон жылкыдай, Чакчелекей жүгүрөт. Карап туруп Кыйарды, Жамандыгы көрүнсө, Кошо өлсөм экен, деп, Өлүм жактын камын жеп: “Көзүм тирүү турганда, Караанын көрүп турайын, Боло албай кетип баратса, Жамандыгын көргүнчө, Мурун көзүм жумайын, Бок дүйнөгө байланып, Жарыкка кантип турайын!” Жабырды Торгой тартыптыр, Көзүн ачып караса, Кыйар менен, Чигитей – Эр беттешип жатыптыр, Бирөө каман, бирөө шер, Тең беттешип жатыптыр, Бири бөйөн, бири чайан – Заар беттешип жатыптыр, Токой күйүп тумандап, Борошолоп жамгыр жаап, Каар беттешип жатыптыр, Алдында минген аттарын, Кара баткак жуурулуп, Суудай тери куйулуп, Тей беттешип жатыптыр. Кыйар капыр кектенди, Кыйамына келгенде, Кыргыздын кыраан баатыры, Кыйкырып ураан чакырды, Кый сүбөөдөн бир сайып, Кытайдын шорун катырды, Токтоо кылып турбастан, Башын кести капырды. Унчукпай турат былк этпей, Батай, Катай – баатыры. Калдуубеттин Отору, Кайдан эми жашынды, Мурункудан беш бетер, Каар бетине чачылды. Ишенген Дөрбөн эр өлүп, Кошулуп Кыйар дагы өлүп, Батай, Катай – ал экөө, Чыгалбай калды деми өлүп, Качырды Отор капыры, Карагай найза өңөрүп, Буту сынып жатканда, Кулактан Тору ат тартканда, Жыдыгы чыккан аз заман, Толгон капыр ал чакта, Толкуну көлдүн шары өңдүү, Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, Салкыны сырттын жели өңдүү, Ысыгы жайдын күнү өңдүү, Көргөндүн баарын жадатып, Күркүрөп чочко жөнөдү. Отордун келе жатканын, Көрүп турган Торгойдун, Көөнү миңге бөлүндү, Көзүнүн жашы төгүлдү. Көрбөй өлсөм экен, деп, Тирүүлүктөн бек жакын, Көрүп турат өлүмдө. Колуна кармап окту алды, Окту алдым деп биле албай, Жайнаган кызыл чокту алды. Колдору күйүп бырышты, Доо кетип билек тарамыш, Ичин карай тырышты, Билгени жок торгой кыз, Мынчалык болгон жумушту, Колу күйсө шыркырап, Эми кандай болот, деп, Беттешип турган бек затка, Эки көзү чачырап, Өзүнчө туруп ал жерде, Төрөөттө кара баскандай, Азуулары качырап, Чок өчүп колу калыптыр, Бул ашырып айткан иш эмес, Жүрөгү күйүп эт калбай, Күйгөнү мунун аныктыр. Ошентип Торгой турганда, Обу жок Отор чоң капыр, Күүлөгөнө найза сундуруп, Күүгүм туман көздөнүп, Күңүрт сүйлөп тил келбей, Бурулуп кеткен өңдөнүп, Жамгырда келген сел өңдүү, Өркөчтөнүп түрдөнүп, Ого бетер Торгой кыз, Жалдырап-жайнап дени өлүп: “Беттешин көрбөй баатырдын, Мен кетпедим не өлүп!” Мелтиреп карап турганда, Кээ-кээсинде бенденин, Тилеги жетпейт кудайга, Капташып Отор кагышты, Хан Чигитей салышты, Беттешип Отор кагышты, Бек Чигитей салышты, Абалтан бери көп жумуш, Канча күндөр урушкан, Болуп өткөн көп жулуш, Дегеле бирөө окшобойт, Бүгүнкү кагыш бул уруш. Өкүрүк менен акырык, Оң-тескери бакырык, Отор калмак кыйкырат: Абдумаалүк, колдо! деп, Койнунда бутун чакырып, Найзасы тийсе кара таш, Кумдай болуп чачылып, Аркасында тозоңу, Жөө тумандай жазылып, Караган жанды жадатып, Караган бенде таң калат, Калтаарып баары калышып, Кагышып чыкты кечкече, Аппак шордо салышып, Кайра жанбай артына, Өчүгүшүп тайышып, Өлүмдөн башка кеби жок, Өзөктөн канды жайышып, Токтолуп калган жери жок, Чаалыккансып талышып. Кезеги менен кээри жок, Кел бери деп айтышкан, Дегеле кептен бири жок. Колтуктарын чойушуп, Койгулашып киргенде, Чокмордун баары быдырап, Чабарга чокмор жок болуп, Бирөө сынса, бирөө жок, Мурункудан беш бетер, Дагы эле кирет октолуп. Бир кезекте кара көк, Кара бойун безеди, Канкор Манас баатырдын, Арбагын бүгүн эстеди: “Түп атам Манас сен болуп, Семетей атам эр болуп, Сейтек өткөн шер болуп, Кененим өттү дүйнөдөн, Периште менен тең болуп. Сейити өтүп кетиптир, Күн батыштын жети дөө, Он төрт жашта тең болуп, Дөөнүн баары кыйраган, Арбагы мындан кем болуп. Асыл атам, бек атам, Атагы өчпөй келаткан, Дөө-периге көтөртүп, Дүйнө бетин чайкаган, Дөөлөр келип беттешип, Кутулуп кете албаган, Арбагың менен колдогун, А дүйнө кеткен жаш атам! Чама келип, чарк жетпей, Бала кезден бер жакка, Бадырек Отор ит менен, Басташкансып келатам. Эки күн болуп баратат, Эми бир күн урушсам. Эңкейтип мени жадатат, Ошондой кийин кыргыздын, Намысын ким талашат?!” Кара мүртөс неменин, Кара көздөн жаш чыгат, Дагы кирди ал Отор, Минген атын камчылап, Беттешип Отор жеткенде, Периштенин үнүндөй, Бек ачуу үнү жетти эле, Белдүүдөн тирүү Күлүстөн, Үн угузуп өттү эле, Күлүстөн үнүн угабы, Күлүстөн үнүн укканда, Көмөрүлбөй турабы! Шайы кеткен шалдырап, Жаш Чигитей чыйралды. Көргөнү жок үн укту, Кара бойун чыйратса, Чигитейден сүр чыкты, Качырып тийген Отордун, Каары менен найзасы, Кара ташка батычу, Кумдай тозуп жатычу. Балага келип сайганда, Сайганын баатыр туйбады, Отуз барча найзасы, Каршы-терши кыйрады, Асманды көздөй зыркырап, Учуп жатат сынганы. Былк этпей туруп бергенге, Бечара Торгой таң калды. Көзүнүн агып кандуу жаш, Өлдүбү, тирүү бар бекен, Дайынын көрө албады, Арстаның айбат үн берген, Абасы кайрат күү берген, Жаш баатыр карап турабы. Алдында минген тору аты, Жетилбайдын Жээрде атча, Жеткилең катуу чуркады. Баатырдан найза жеткенде, Тоону талкан жерди бас, Кургак жерден суу чыгып, Көл айланып болгон саз, Отор аттан кулады. Өчөшкөн бала Чигитей, Өлүгүн илип найзага, Так көтөрүп муну алды. Өйүзү сеңир ак урчук, Жээн жайлоонун чоң тумшук, Күүлөп-күүлөп имерди, Урчукка койуп жиберди, Урчуктун ташын камдады, Өчөшкөн калмак Отордун, Эти турмай сөөгүнүн, Дегеле дайны калбады. Отор өлүп кеткенде, Эки жагын караса, Маңдайда калың кол да жок, Топурак учуп, жер чаңдап, Чачкандай болуп жатыптыр, Куткарбайын бирин, деп, Куп кыйамың келди, деп, Тору атты бура тартыптыр. Кыйардын эли кытайды, Отордун эли өзүнчө, Талап алып жатыптыр, Карсылдашып эки аскер, Кагылышып атыптыр, Каны суудай агыптыр, Батай, Катай – эки кул, Кара калмак эл менен, Непак эле качыптыр. Отор менен кытайдын, Колдорун бөлүп айрыды, Отордун элин тургузду, Кытайдын элин чуурутту, Санап санын алганы: — Сатылып келген сенсиң, — деп, Элиңе айта кеткин, — деп, Эсен-аман жеткин, — деп, Жакшы-жаман талаада, Бир кишиге айтпа кеп. Улугуңа бар, — деди, Эмне көргөн-билгенин, Жашырбай айта сал, — деди, Каалабайым кан ичпейим, Киймиң чеч, аттан түш, Олжо алам дебейим, Өчөшсө келсин кытайың, Өткөрөйүн санаттан, Карматамын дагы эле, Кылып көнгөн адат ал. Кытайды калмак козгоду, Сенин Кыйарың өлүп жок болду, Кеткиниң, — деп айтканда, Кырк миң кытай аскери, Кымылдап баары кош болду. — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, Бейбаштыгың ар качан, Өзүңө пайда бербеди, Коктукаттын шаарына, Кошуунуң калбай жүр! – деди. Чубатып калган колдорун, Колбутуп айдап алыптыр, Куруп калган Торгой кыз, Жээн жайлоодо калыптыр. Муну мындай таштайлы, Манастын соңгу урпагы, Чигитейдин дүйнөдөн, Өткөнүнөн баштайлы.