← Чигитей

Жомок соңу

Байыркылар кеп салат: “Баатыр Манас арбагы, Узартып айтсак ар жагын, Кыйамат кайым болгунча, Кыргызды колдойт” – деп салат; Карыйалар кеп салат: “Хан Бакай менен Каныкей, Эр Семетей, Гүлүстөн, Тулпар минип, туу кармап, Өлбөй тирүү дүйнөнү, Кезип жүрөт” – деп салат; Абалкылар кеп салат: “Айдай жеңең Айчүрөк, Ак куу болуп асманда, Учуп жүрөт” – деп салат. Манасчылар кеп айтат: “Айкөлүм, Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак – эки шер, Өткөзө Сыргак чабендес, Өлүмдөн коркпос эрендер, Кызыл тил элден бир башка, Ырамандын Ырчы уулу, Ажыбай сындуу чечендер, Түшүмө кирет” – деп айтат. Эзелден элдин макалы: “Эли сүйгөн эр өлбөйт, Эр жетилткен эл өлбөйт, Өлсө дагы арбагын, Тирүү сыйлап жар салып, Эли эстеп өлтүрбөйт.” Биз узакка кетпейли, Эстейли жана эстейли, Эл сүйгөн баатыр Манасты, Эр жараткан алашты, Олуйа Кошой карыны, Кабылан Бакай баштаган, Он төрт хандын барыны, Кырк кашкага баш болгон, Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; Алмамбет, Чубак – беренди, Семетей, Гүлүс – эренди, Ак байбиче Чыйырды, Каныкей, Чүрөк энеңди, Эр Сейтек, Кененди, Кыз Куйалы балбанды, Кыз Кылжыке калганды; Жашында кеткен Сейитти, Асылбача-Бекбача, Эгиз туулган шейитти, Бекбачадан Сомбилек, (Кызматын кыргыз эл билет) Сомбилектен Чигитей, Тукумсуз жанды кейитти, Эстесек тартып кейишти, Эт жүрөктү эритти. Өз уулун жоодой талаган, Жакыптай какбаш карыны, (Айтылып келет эмгиче, Ооздон-оозго тарыхы) Абыке, Көбөш – арамды, Алаштан чыккан жаманды, Канчоро жалгыз бейитти, Бул төртөөнүн тушунда, Ак калпак кыргыз кайран журт, Айабай тартты кейишти. Элден чыккан эсир, деп, Курт-кумурска жесин, деп, Какшыган чөлдө калыптыр, Канчоронун бейити. Какбаш Жакып, Канчоро, Абыке, Көбөш – төртөөнү, Эргиз оозго албайлы, Кыйамат кайым болгунча, Каргайлы, күндө каргайлы, Аркачан каргыш арнайлы, Арнайлы каргыш арнайлы! Кең деңиздей жомокту, Кемечен кечтим, арыдым, Кара чачым агарып, Жетимиш ашып карыдым, Улуу дастан “Манасты”, Отуз жыл айттым узартып, Жаагым качан талыдым? Унутулуп калбаска, Урпактарга жайылттым, Азыраак кыргыз эл эмес, Ай-ааламга тааныттым. Ак калпак кыргыз калың эл, Ак чач болгон байбиче, Ак сакалдуу карың кел, Кызкалдактай гүлдөгөн, Кыз-уулдун бары кел, Айтып жатып айкөлдү, Суусадым, келе кымыз бер. Зарылтпай мени, жеңелер, Сапты айакка куйуп кел, Сапты айакты колго алып, Кыз сулуусу сунуп кел. Сапты айак уйул тал болсун, Кымызың мүрөк бал болсун, Сапты айактын чоңдугу, Көк казанга тең болсун, Ичиндеки кымызы, Аз болсо айдың көл болсун, Кел чогулуп ичели, Айкөл шерди биз эстеп, Ичтеки муңду чечели! Атадан калган керээзди, Асли унутуп калбайлы. Жоо келсе жолдон качпайлы, Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, Алайып бизге келбесе, Ат бастырып барбайлы. Мааникер менен Аккула, Жаба токуп минели, Басып душман кол салса, Баш тартпастан кирели. Баатырдын жолун жолдойлу, Ыйык Ата Мекенди, Манаска окшош коргойлу!