← Чигитей 1/5

Чигитейдин чапкынчыларды жоготушу

Ай уланды, ай кетти, Акылы айран калгындай, Чигитей укту бир кепти: “Каңгайдакы Оторду, Батай, Катай кошулду, Дөрбөн келип кол менен, Каңгайдын жерин толтурду. Кытайдан келди кырк миң жан, Кыйар деген улук бар, Ишарат менен иш кылат, Ооз ачып унчукпай. Дудук эмес тили бар, Кыйар дештин себеби, Ушундай жерде айтылар. Өзү манжу элинен, Аттанып чыкты бул чочко, Чаңбейсен тоонун жээгинен, Канчасы буга кошулду, Кара кытай элинен, Үчөө келди татаалап, Дайындуу чыккан элинен.” Атайлап Көкөй кат жазып, Таласка киши жиберген: “Бир кызым бар меники, Чигитей, болсун сеники, Көөнүндө кири арылсын, Арамдык күтпөй эрдики. Каңгайга казак кошулуп, Аттанмак болду чогулуп, Теке айында белгиси.” Алып келип кагазын, Мадыбекке беришти, Мадыбек алып кагазын, Чигитейге окутуп, Бастырмак болду жаш баатыр, Баарысын сырттан коркутуп. Андан мурун башкага, Бастырмак болсо бир жакка, Күмбөзүнө баатырдын, Бир күн түнөп алуучу, Болсун белги, болбосун, Бастырып кетип калуучу, Түнүндө барбай күмбөзгө, Эртең менен барганы, Эки бээни алпарып, Арбагына арнады, Жарабайт жылкы түлөөгө, Ача туйак чалбады, Токтоо кылып туралбай, Баатырың жолго салганы, Көкөй жүргөн келер, деп, Келбей өтүп кетпес, деп, Тоо бөксөлөп өтөт, деп, Жол тосоттоп үй тигип, Тиктеп жүрчүү бекемдеп. Чигитей менин уулум, деп, Кат жазганда энеси, Көрүп торгой калыптыр: “Сыртынан энем бермекке, Кат жазып калды мени эрге. Көзүм менен бир көрсөм, Көнөр белем тийерге. Он алты жашка келипмин, Көрмөк тургай күйөөнү, Атын угуп билбепмин. Угушум, түбү шер экен, Кылган ишин сурасам, Өзү жаштын тыңы экен. Келбети мага жараса, Энемдин берген кеңеши Мага жакшы кеп экен. Болбосо өңү буржуйуп, Толбосо көзгө жулжуйуп, Куушурулуп далысы, Караса нары кулжуйуп, Эрдиги анын не керек, Ошо күнү турармын, Көзүмдүн жашын себээлеп.” Санаасына торгойдун, Сан миңдеген иш келет, Көрсөм экен жүзүн, деп, Энесинен бешбетер, Торгой дагы эңсенет. Кароолчу койгон канчаны, Чабарчы койгон анчаны, Медеркан жок казакта, Ал Каңгайда жатканы. Кабарчы кабар алыптыр, Чабарманга барыптыр, Чабарман атын чаптырып, Көкөйгө жете барыптыр, Көкжал эр келе жатат, деп, Көкөй угуп алыптыр. — Мен чыгайын алдынан, Көлдөлөңүң салып тур. Акырын айтып шыңк этип, Эшикти көздөй бет алып, Басты Көкөй кылт этип, Билдирбей байкап торгойду, Көзүнүн жээги жылт этип. Торгойдун өңү бузулуп, Кең дүйнөсү кысылып, Өзүнчө басып кара тер, Бешенеси нымыгып, Көлдөлөңдү алабы, Көрпөчөнү салабы, Капшытын ачып шыкаалап, Келатканды карады. Кылчайып кайра тарталбай, А деп кебин айталбай, Жин тийгендей сулады. Чигитейдин атынан, Эки кайта чакырса, Айыкмакчы дартынан, Аны билген киши жок, Сулап жаткан кыз менен, Кылчайган ага киши жок. Айылдын баары жайылып, Жалгыз келген баатырга, Жалпы чыкты жабылып, Чигитей түшүп эсине, Торгой турду айыгып, Батыраак кирсе экен, деп, Көлдөлөңдү унутуп, Тиктеп турат зарыгып. Түшүп өтөөр бекен, деп, Жакасынан кол кетпей, Жаратканга жалынып, Желбегей ичик жамынып. Эки жеңин салынып, Өтө көркөм Торгой кыз, Сулуулугу таанылып, Чигитей менен Торгойдун, Ырысына экөөнү, Туш болгондой кабылып. Чигитей жүзүн көрө элек, Торгой көрүп караанын, Бурулуп төргө өтө элек, Шыкаалаган тешиктин, Түбүнөн басып кете элек, Ак чөйчөккө суу алып, Сары улагын дагы алып, Ак сарыбашыл кой алып, Ак боз бээден бирди алып, Тайар кылып Көкөйү, Камынып турган чыңданып. Алыстан келген жаш арстан, Аппак темир болоттон, Алты айлантып курчанып, Кийгени темир көгөрүп, Буттап темир өңөрүп, Найза колдо зыңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе кыңгырап, Айбалта жанда жалтылдап, Асаба колдо калкылдап, Кылыч белде шыңгырап, Кыргыздан чыккан жаш арстан, Келди айылга чукулдап. Медеркандын айылы, деп, Ойунда жок жигиттей, Тоскон Көкөй болучу, Түк кишиге билгизбей, Аралап эми келгенде, Аттан жулуп алышты, Таманын жерге тийгизбей. Айлантып суусун чачтырып, Садагасын чаптырып, Сарыбашыл койун мууздатып, Кембагалга уучтатып, Сарыбашыл уйун талатып, Жыйылып келип топтолгон, Жашы-жалаңы, кары-жаш, Баатыр эрди карашып, Эки айактуу жумур баш, Көргөндүн баары жаратып, Чолпондой жүзү нурланган, Чоктой көзү кызарган. Сүйлөсө сөзү бууланган, Сүйкүмү артык бир улан, Тигип койгон өргөөгө, Алып келип кирээрде, Алдында басты Көкөйүң, Кызынын жайын билерге, Башын салса эшиктен, Байкуш кызы элейип, Карап калган селейип, Тартып койгон сүрөттөй, Жаны жоктой делейип. Эшиктен кирип акырын, Колунан алып жетелеп: “Жараган экен кызга, — деп, Жараса эрге болду” – деп, Жакасын кармап бекемдеп, Көлдөлөң салып төрүнө, Ак тубардан көшөгө, Киргизип кызды ичине, Ачтырып эшик Көкөйүн, Баатырды үйгө киргизди, Конокко берчүү шекер-бал, Бар керегин бергизди. “Таластан ичкен туздарын, Актаганын билсин, — деп, Эл айагы басылса, Кирген-чыккан азайса, Анан кызды көрсүн” – деп, Көкөй турган кезинде, Күн бешимде мезгилде, Асман тиреп өрттөнгөн, Чаң көрүндү өзөндөн, Көптүгү кара кумурска, Жан көрүндү өзөндөн, Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, Дөө көрүндү өзөндөн, Ат көтөрбөй тер болгон, Жөө көрүндү өзөндөн, Калкты бийлеп башкарган, Хан көрүндү өзөндөн, Сардар болуп журт билген, Зал көрүндү өзөндөн, Айдама кошуун канча миң, Кол көрүндү өзөндөн. Чай ичкен бала Чигитей, Кымыз ичип ала элек, Суусуну мунун кана элек, Күр эле кирди ал үйгө, Күллү баары тебелеп, Бул эмине шумдук? деп, Коркконунан кээ бирөө, Көзүнөн жашы себелеп, Күпүрлөгөн андан көп, Медерканды жемелеп, Медеркан атын укканда, Мелтиреген кара көк, Мелтиреп карап турбады, Эшикти карай бет алып, Бөлүнө койуп эл качып, Эпчи жак менен эр жакка, Эл бөлүндү жол ачып, Тору аттын жетти жанына, Төрө жолборс түз басып, Ыйлап калды торгой кыз, Аркасынан көз сатып: “Не болсо да Чигитей, Жүзүмдү көрүп калсын – деп, Көзүнө толсом баатырдын, Көөнүнө мени алсын “ – деп, Басып Торгой чыгыптыр, Көпчүлүктү мейли деп. Ошо кезде канкордун, Атынын башы бер жакта, Атка минип каш серпсе, Көзү кетти кыз жакка. Торгойдун көрүп караанын, Токтоосуз атка мингенге, Өзүнчө болот чоң капа: “Сырттан болсо ушул кыз, Сырымды менин билер – деп, Аз болгондо үч жылда, Араң мында келем” – деп, Жаага атчу саадактан, Сууруп алды бир жебе: — Бул айылда калсын, — деп, Унчукпастан эч кимге, Ыргытып ийди жөнөөрдө, Элебей элдер калыптыр, Көкөй көрө салыптыр, Кыргыйдан мурун Торгой кыз, Эңип окту алыптыр. “Баатырдын огу белек, — деп, Катышым менин керек” – деп, Аны менен кээри жок, Эл чуркурап деректеп, Көйнөгүнүн ичине – Төшүнө катып жиберет. Тартчуу боосун кармады, Мойнуна муну салганы, Узунбу, кыска өмүрү, Өлгүнчө уулга арнады, Көзү көрүп энеси, Байкап муну калганы: “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, Торгой шерге жарады, Максатка жеткир жараткан, Жан кылган соң адамды, Калганда өзүң билесин, Пайдасы менен залалды.” Алтын чырай нур бети, Аттанып бура тартарда, Күүгүмдөкү устадай, Көк жашыл тартып көрүндү, Жалгыз кара бир башы, Капкайдан келген чоңдорго, Жалтанбастан өмүлдү, Жан соогалап кылчайбай, Бул айылдан бөлүндү. Бастырсам жалгыз бекер, деп, Баш бербей тепсеп келер, деп, Бабасынан бер жакка, Баарыга маалым кызыл туу.