← Чигитей 2/5

Көрпөчөнүн бүгүштө, Бүктөлүү болчу мына бу, Тартып алды желекти, Таанымал элге керекти, Найзага темир аштады, Айчыгы алтын чоң тууну, Ашкере сайып таштады. Келаткан аскер токтолду, Кең өзөн ичи топ болду, Тууну көрүп Медеркан, Жүрөгү мунун козголду. “Өзөнү кең, жери түз, Өчүгүшкөн доңузга - Кол салышсам ушуга, Өйүз-бүйүз бөксөдө, Эркин жаткан элдерге, Эмгеги катуу болот го, Баш-аламан барсылдак, Алай-дүлөй тарсылдак, Кагышып жарак карсылдап, Кандай заман болот, деп, Калың журт турса кан какшап: Коктуларда топ болсо, Коркуп балдар боздосо, Эркин басып бээ саабай, Керилген келин, боз улан, Жер кемерде жок болсо, Менин баатырлыгым бекер!”–деп, Жылдырып тууну көтөрүп, Ээн жайлоонун айагы, Ак шорго түшүп кетем, деп, Баатырың элдин камын жеп, Болгун аман баарың, деп, Бастырмак болгон кезинде, Медеркан келди күпүлдөп: — Кубулжуган түр сайак, Курт-кумурска көп элден, Коркпой кандай туу сайат? Кутулуп кете албайсың, Кууратамын эми мен, Былкылдатпай тордодум, Куу туйак, сени койбойум! Өзүң баатыр, башың жаш, Күн көрүш жакты ойлогун. Жалгыз кара башыңды, Отор, Дөрбөн, Кыйардан, Батай, Катай – булардан, Андан кала бергенде, Андайлардан неченден, Кеп кутулбас чеченден, Астынан киши өтпөгөн, Азым деген кечилден, Каныңды сурап алайын, Түбүбүз алаш бирге эле, Жылкычы башчы кылайын, Жамандык кылсаң, сен кылдың, Мен жакшылык кылайын, Арамдык кылдың, сен кылдың, Кылгылык кылып койуп сен, Билмемиш болуп жылмыйдың. Мен алыска бардым сен үчүн, Айылыма эми келатсам, Туу жайасың не үчүн?! Жутуп ийчү немедей, Эки көзү чакчайып, Албаган сакал-муруту, Кокодой болуп бак жайып, Айтып турду Медеркан. Баатырдын уулу эр неме, Баш булгап жоодон качпаган, Бала жолборс шер неме, Сүйлөсө тили так эле, Сөз билги жайы бар эле: — Капаланып кайгырып, Катын-балаң, казактан, Кайда бардың айрылып? Урматтуу казак элиңди, Өзгө журтка кар кылып, Жайнаган колуң бул турса, Калкыңды ага зар кылып, Басарга калбай бош жери, Кең дүйнөсүн тар кыл, Бул кылышың жакшы эмес, Арамдык кылган мен эмес, Адал ашка күмөнсүп, Сен Медеркан, киши эмес! Айтышкан сөздөн бузулуп, Ата-баба кубаар сан, Биз жаза баскан киши эмес, Тынч алып жатпай үйүңө, Кыдырдың жердин түбүнө, Коросонду козгодуң, Козгоп койуп кош болдуң, Ооганды барып ойготтуң, Уйкусун ачып оогандын, Оголе кыйын шоктондуң. Жедигерге жетипсиң, Жеткире айтып кетипсиң, Эми маминтип жүрөсүң, Кенчин жерден көтөрүп, Кеп билбеген кечилдин. Мөңкөтайды кутуртуп, Таласка таштап кетипсиң. Кубатай өлдү, кулады, Коросон коркуп чуулдады, Кол куушуруп Ырыскан, Оогандын журту тынч калды. Темир шааны Шоорук хан, Эбин таап койуптур, Шоорук ханды Таласта, Курман кылып чунагың, Мууздап аны койуптур, Мөңкөтайың байлоодо, Сен барасың, Медеркан, Айлаң кетип айдоодо. Кор кылуучу кыргызды, Кутурган эки арам ит, Бириңе-бириң сойдурам, Сүйлөшкөнгө тойдурам, Сен арам санаа кыйалда, Адалды арам дегенге, Көкөйдү эне мен кылам, Кайра барып жандыргын, Калың элди тил алсаң. Кымызын чайкап бал ичип, Өз үйүңдө жай жатсаң, Көтөрүп тууну түшүрүп, Көбүк кардай ак шордо, Күүлдөгөн Отордун, Көөдөндөн канын агызсам. Эл ичинде урушсам, Эрдигим менин бей керек, Элге салып эмгекти, Эрмин дешим не керек? Элге эркек уул керек, Эркек уул туулганда, Эл болот ойноп эркелеп, Эли бакса чоңойтуп, Бел болсо элге эр делет. Түп атабыз биздики, Түгөнбөйт атын билдиңби? Аз эле жылдын астында, Каңгайлар айдап жүргөндө, Таманыңа шиш кагып, Куйкаңды карыш тилгенде, Ыштаныңа сийдиңби? Ким болду белек казакка, Айбан кул, анда билдиңби? Касиет, калка бир тууган, Албан, кызай - эки урук, Казак андан туулган. Ороздунун эки уулу, Сен билбесең, мен билем, Карылар айткан кеп ушул. Ороздунун улуу уулу, Орчондуу Жакып бай болгон, Туулуп Манас баатыры, Баш көтөрбөй каапырлар, Баары буга кар болгон. Сен казактан Медеркан, Мен Манастан билип ал. Таманына шиш кагып, Тамтаңдатып жүргөндө, Айрып алып Таласка, Алып барып тактырсам, Тузга сийип, чунак ит, Арамдык ойлоп сен турсаң, Азыр да кесем башыңды, Жамандыкка көөн бурсам! Түбүбүз тууган бир экен, Ошон үчүн түтө албай, Кебимди айтып мен турам, Тил алсаң баргын айлыңа, Тим эле калбай кайгыга, Жакшы жаман кеп кылбай, Ак никелүү зайыбыңа, Унчукпай болгун кылмышкер, Жалган күмөн айыбыңа. Салдырбай чуулган Каңгайга, Алдынан тосо барайын, Жайлоодон шорго түшүрүп, Жайын анан табайын. Чыгымдар болдуң эр издеп, Байды издесең аркамдан, Бастырып анан бараарсың. Душман көрдүң мени сен, Атам десем эп келет, Ага деп сени айтышка, Ачсам оозум эп келбейт. Деп Чигитей эп сүйлөйт, Тозогун тартып Торгойдун, Туйунар бекен, деп сүйлөйт. Шумдугу бар ар кимде, Өткүр шумдук сыйкырды, Ошол күндө көргүлө. Урматтуу катын Көкөйдүн, Кийгени жаргак сары шым, Төбөгө чачы түйүлүү, Белине балдак илилүү, Сайма жаргак кемсели, Ийнине баса кийилүү, Кулагын алып үпчүлөп, Көп кишинин бириндей, Түк билинбей бул жүрөт, “Медеркан келип күпүлдөп, Чигитейге кас кылса, Өлтүрүп койор жаш бала, Туйундуруп баатырга, Кетейин деп бул итти, Аты менен мен сүйрөп.” Чылбырына жакындап, Билгизбей Көкөй туруптур. Береги торгой жеңеңдин Белгисин, кыргыз угуптур. Эркекче кийим кийинип, Белине кемер илинип, Көзүнө сурма тартынып, Көзүнөн улам жаш чыгып, Аарчыган болуп сурманы, Көзүнүн жашы аарчынып, Адагы келип турду эле. Артында турат чигиттин Кашкайган сонун жигиттин, Атайын келген Торгойдун, Тасмадай бели бүгүлүп, Тартынбай айткан кебине, Атасынан түңүлүп, Араң-араң токтолот, Келейин деп жүгүрүп. Жүзүн көрсөм экен, деп, Кыйа карап каш серпип, Кыйырынан тиктеп баатырды, Кылгырып көздөн жаш кетип, Эл караса жер карап, Эл карабай калганда. Эки көзүн айырбай, Эр жигитти бет карап. Бир караса көзүнө, Чигитей бети нурланат, Бир караса көзүнө, Алда кандай болгондур, Асмандын бети бууланат. Карап турса аныктап, Жердин бетин көл толкуп, Келаткансып суу каптап, Кылт этип кыйал бурулса, Кетчүдөй көрүнөт, Кызыл кыйан сел каптап, Жүрөгү күйүп кызыл чок, Кыймыл этээр чама жок, Кара бойу бүт какшап. Эмне болуп кеттим, деп, Ачып көзүн ирмесе, Ак шумкар сындуу сыланган, Атанын уулу шер турат. Астыртан өөдө караса, Төбөдөн ылдый шарылдап, Борошо жамгыр куйулат, Кыйалы кетет кырк бөлөк, Кылымга келчү бар нерсе, Бири калбай туйулат. Кой эти бышым ал жерде, Чигитей менен Медеркан, Коркутушуп турду эле, Ал Торгойдун көзүнө, Так тогуз жыл болду эле, Тогуз жыл өтүп, күн кетип, Жыл өткөндө Торгойдун, Эсине түштү ак этип, Жабыша түшүп ачылып, Тамак айы так этип, Ак киргендей көрүнөт, Саамайына жаш жетип. Айласы кетип Торгойдун, Ачып көздү жумгунча, Алтымышка жаш жетип, Өлөйүн десе жан таттуу, Кирейин десе жер катуу, Бастырып кетсе кантем, деп, Башы мунун бек катты: “Тийбесем тийбей калайын, Тиктеп туруп баатырга, Тилектүү максат канайын. Титинбей тиги душманга, Кирип кетсе аралап, Угармын элден чамалап, Жаманчылык күн болсо, Тирүү кантип калайын!” Азыраак убак Торгойго, Алты жылдан ашыптыр, Айагы барып токтобой, Ар санаага батыптыр, Аңгычакты Медеркан, Арыз айтмак болуп Каңгайга, Аркасын карай тартыптыр. Кийин тарта берерде, Кайран Көкөй жетти эле, Тааныбайт аны Медеркан, Балаңды көрө кеткин, деп.