Чигитейдин Ооган, Коросон хандарын жеңиши
Тайарланып Мөңкөтай, Такалап атын турушсун, Эми кайта угалык, Мадананын жумушун. Мөңкөтайдан айрылып, Түштүктү карай кайрылып, Идирмек кырда жөө басып, Уктабай жүрүп түн катып, Суусуну жок, карды ачып, Кыйналып жаны баратып, Таалайы бар Мадана, Чигитейге туу белде, Келип калды жанашып. Чигитей атын откозуп, Күлбөй тиктеп томсоруп, Уруша кеткен немедей, Турган экен мостойуп. “Өзүмөн кичүү болсо да, Аты улук бала” – деп, Салам айтты Мадана. Саламга алик албады, — Кайдан келдиң, аке? – деп, Дайынын сурай салганы. — Түндө чыктым көп колдон, Бир кишиге жолуктум, Тээ өөдөкү кайкы туу жондон. Ага айттым бар кебим, Сага айтсам экен деп, Түн бойунча келгемин. Кубатай, Ырыс, Шооруктун, Кеңешин айтып берейин. Үч бөлмөк болду элдерин, Үч белден ашып киришке, “Чигитей жалгыз бир киши, Бирибизге кездешсе, Экөөбүзгө ким келер? Таласын талап алалы, Таш талкан кылып күмбөзүн, Талкалап аны салалы, Орто жашын өлтүрүп, Кыздарын катын кылалы” Кырда жатып бул үчөө, Убада мындай кылганы. Угуп туруп, кулунум, Мадана агаң турабы? Өөдөгө келдим мөкжөңдөп, Ылдыйга келсем бут аксам, Агаңдын келген убагы. Токтолбостон Чигитей, Учураган кишинин, Минген атын, кийимин, Кебетесин сурады. Маданадан сураса, Мөңкөтай экен тааныды. Эсинен чыгып кетпеген, “Калемкаш айткан, бир кеп бар, Ошол ырас экен” деп, Ойуна эми алганы. Жалганын-чынын билүүгө, Жайын айтып үй-жайдын, Мадананы жумшады: — Мадана ага, бар, — деди, Мен айтамын далай кеп, Чыгарбай эске ал, — деди, Эңиш тартып, жол басып, Маңдайдан шордоп тер агып, Көп жапаа менен барасың, Бадырайга дандуу үй, Айылды көрүп табарсың. Мен чыкканда Кеңколдон, Чогула айыл эл конгон, Керүүлөй тарткан имерүү, Уй мүйүз сыйак жер болгон. Үзгүлтүк эмес жыш айыл, Аз айыл эмес көп айыл, Абай кылып байкасаң, Көрүнүп турат дапдайын. Баккан атам менин бар, Абыдан дайынын айтайын, Сакалы узун бириндеп, Узун бойлуу чал сакал, Кара сур эмес ак жүздүү, Жасанып кийим кийбеген, Жалтылдашты билбеген, Бүкмөсү жок бүдөмүк, Билгенин таамай сүйлөгөн, Үйүнө кирсең зайыбы бар, Билбеген аны жинди дейт, Анткен менен энемдин, Билгенин такыр эл билбейт. Так кырк күнү жатсаң да, Бир күнчөлүк билдирбейт, Жинди деген кеп эле, Талыкпастан көп сүйлөйт. Саа жолуккан кишинин, Барлык иши билинди, Илегер өзү чоң табып, Эл ичинде киши эле, Алдында келип ким айтса, Ошонун кебин ээрчиген, Ооп бермерээк ит эле. Иттиги анын кармаса, Каап алат карс этип, Талап кетет арс этип, Байкоосуз чатак табылат, Бекеринен баш кетип, Мадыбекти таба көр, Ылдам барып сен жетип. Мөңкөтай көөнү бузулса, Алжан, алчын – эки урук, Бир атанын уулу имиш, Кыргыздан башка белгиси – Ала сызма боо тагып, Жүрүчү эле үй тигип, Алжан, алчын айылы, деп, Сурабай аны эл билип. Жыш айыл эки болгондур, Бөлүнүп четтей койгондур, Бөлүнүп үйү конбосо, Аттарын байлап койгондур, Кермесине жергелеп, Келишкен аттар толгондур. Азыр болсун Мадыбек, Абайласын айылын, Кычырса басып барбасын, Ошол өңдүү айылга, Козголбой жатсын үйүндө, Чигитей аман барында. Түз болсо көөнү Мөңкөтай, Ушул сапар Жедигер, Баштап аны кошо алпар. Бузулса көөнү кокустан, Маңдайында шору бар, Мадана ага, ал кезде, Жедигерди ээлеп кал. Мабу жерде үч урук, Айтышыңча, Мадана, Бүгүнкү күнү түш менен, Аттанат аскер чубуруп, Саатына кетип Шооруктун, Кетет экен кан агып, Санаксыз киши кырылып, Келген экен бул иттер, Коросон, ооган, жедигер, Калбай баары жыйылып, Мындан кийин бул үчөө, Келгис болсун Таласка, Кан буугандай тыйылып. Кеңколго бирөөн киргизсем, Көпчүлүк карап турбайбы, Ат изин жерге салдырсам, Арбагы тирүү арстандын, Мени жакшы кыларбы! Айтып болуп жаш жигит, Бойуна кирди кылчылдак, Маңдайдан тери бөлүндү, Бурчак-бурчак чылпылдап: — Тура тургун, Мадана, Эми эле алып беремин, Минериңе тулпар ат. “Тулпар минип барам, — деп, Кеңколдо жаткан туугандан, Туйгузбай кабар алам, — деп, Күлүктү минсем чабам, — деп, Көрүнүп турган Кеңколго, Көз ачкынча барам” – деп, Токтоно албай Мадана, Басып турат элеңдеп, Жаш баатыр минди атына, Бар жарагын белендеп. Үйүнө барып Шооругу, Мадананы табалбай, Чигитейге алдында, Жолукканын бир көргөн, Алда кандай болду, деп, Алапайы куурулду. “Жашырып койуп кантейин, Туйбасын деп мен муну.” Ырыскан менен Кубатай – Буларга айтып угузду. Ачуусу келип Кубатай, Шорукка айтып турушу: — Тынч жаткан элди козгодуң, Бүжүрөп келип арыз айтып, Ырыскан менен Кубатай – Катар бизге дос болдуң. Үч күндөн бери экөөбүз, Жер талашып жоо болдук, Койгунуң деп не тостуң? Үч бөлөлү элди, деп, Үч бөлүнүп кирели, Биз алабыз анда, деп, Жиберип ийип кишиңди, Кыргызыңды камдан, деп, Акчыланып жашооруп, Айтып келиш кандай кеп?! Буйрук кылды Кубатай: — Бузук кулду карма! – деп, Желдеттери дапдайар, Жыйырмасы келди жыйылып, Укмамыш болуп жер тиктеп, Ырыскан турду кылыйып. Желдеттери келип кармады, Көөдөндөн чыкпай бир жаны, Ырп этерге чама жок, Жалдырап Шоорук турганы. Ырыскан айтат ошондо: — Үчөөбүз келип ыраактан, Чогулушуп келгенбиз, Ашып белди түшөрдө, Сен билесиң жолду, деп, Шоорукка билги бергенбиз, Сен экөөбүз талаада, Таластын жерин талашып, Чабыша кеттик жана да. Сени жеңип мен албай, Мени жеңип сен албай, Өзү келип катышып, Шооруктун жаны жай албай, Айтканын угуп акыл, деп, Биз кошулдук макул, деп. Эми келип туруптур, Качты кулум уккун, деп, Буйрук кылдың, Кубатай, Шоорук ханды туткун, деп, Чабышып жүрсөк экөөбүз, Чигитей болду арачы, Кишиде сырттан неме экен, Ал Манастын баласы. Көөнүм менин бузулду, Кошулуп кетем ырасы. Жергеси толук неме экен, Жети атасы эр экен, Жетимиш балбан бириксе, Жер бети такыр чогулса, Киши жеңбес неме экен, Өмүрү кыска болбосо, Өткөзө сырттан бенде экен. Көрүлүп калды бар сыры, Баш көтөрсө Жедигер, Башын булгап көөн буруп, Тирилип көнгөн эл экен, Шоорукту сойуп нетели, Үч бөлүнүп жүрбөйлү, Атайы келдик Таласка, Бир беттеше кетели, Келбей чама баратса, Биз кептеше кетели. Чабышып чама жетпеген, Чакташып бенде жеңбеген, Өлгөн сайын өрчүгөн, Өткүр Манас дечү эле, Ошол ырас кеп экен. Күрөшүп күчү жетпеген, Күчтүүлөр келип жеңбеген, Өлгөн сайын өрчүгөн, Күчала Манас дечү эле, Мунусу ырас кеп экен. А көрүктү, Кубатай, Чигитей менен беттешип, Сыр чечишип кептешип, Жедигерди экөөбүз, Бөлүп алсак эп экен. Ырыскан айтып турду эле, Угуп туруп Шоорук хан, Өлүмгө мойун бурду эле. — Коросондон Таласка, Кошуун жыйнап, кол курап, Көрүнгөндөн жол сурап, Араң келип бул жерге, Кошулушам дегениң, Жарабаган кеп эле. Сен кошулуп, Ырыскан, Мен калбаймын дегеле. Чогулалы бир туруп, Бөлүнбөйлү бузулуп, Азыркысын Шоорук хан, Акылын ойлоп жетилсин, Артыгы болсо кечирсин, Кемтиги болсо бүтүрсүн, Эмне үчүн келгенин, Эми ойлоп түшүнсүн. Өлтүрбөс жакка көөн буруп, Ырыскан жолун тоскону. Кармаган бойдон мууздатып, Өлтүрө албай Кубатай, Бу дагы араң токтоду. Түндөсү бөлгөн үч аскер, Үч бөлөк жерге топ болду. Байрагын булгап баштыктар, Бастыргалы калганда, Ашып түшсө туу белден, Эндекей жаткан элдерди, Шаштыргалы калганда, Мадананы кетирип, Бастырган бойдон Чигитей, Жете барды аларга. Чигитей жетти капкайдан, Кара бороон удургуп, Ала Тоодон бурулгуп, Асман тиреп заңкайган, Көкжалың жетти капкайдан. Күн кубулуп бурулгуп, Көк асман бети удургуп, Бүркөлүп күн бузулуп, Жарык күн калды тутулуп. Кантерге айла табалбай, Шоорук хан турат улутунуп. Баатырдын уулу чунагың, Бастырган бойдон келди эле: — Бириң келбей, баарың кел, Жашың менен карың кел, Карапайым бенде эмес, Калк башкарган ханың кел, Найза сайып, балта чаап, Таасын болгон жаның кел. Адис болгон эриң кел, Аңтара сайчуу тыңың кел, Ааламды суудай чайкоочу, Арылбаган чырың кел, Үч күндөн бери чыдадым, Туралбаймын эми мен. Борошо, шамал каарың кел, Жылан, чайан – заарың кел, Ат көтөргүс чоңуң кел, Ааламды жутчуу зоруң кел, Кечиктирбе зарыгып, Мен-менсиген ылдам кел! Чигитей турду каар тигип, Чыдамы бүгүн кетиптир, Жылантору ат минип. Баатырдын көрүп айбатын, Эрлик жолун талашып, Элинен келген жол басып, Кубатай кайдан айансын, Бүт кайратын бойго алды, Болоттон найза колго алды, Бар кайратын бойго алды, Бар жарагын бүт алды. Кабаттап темир тон кийди, Каарын төгүп заар менен, Борошо жамгыр жаан менен, Кара куйун бороондой, (Как белгиси ошондой) Баатырга чыгып беттешти. Канча атадан бер жакка, Коросондун элдери, Кыргыз менен кектешти. Жети ата болуп кеткинче, Коросонго кыргыздан, Кол баштап бирөө барбады, Өзүнчө келип тийишип, Коросон жата албады, Же келгенине жараша, Бирөө тирүү жанбады. Өлгөндүн өчүн кубалап, Өткөрүп жылды арадан, Келет тирүү калганы, Чигитей менен Кубатай, Куп табышты бул экөө. Болжоп найза урушуп, Өпкө, боор, жүрөккө, Имерилип толгонуп, Бирин сайып, бири албай, Жыгылып аттан тоңкойуп, Барган сайын күч алып, Баатырлар турат зоңкойуп. Чигитей жылдыз чолпону, Чын ачуусу келгенде, Чыдабады Кубатай, Чын эле аттан тоңкойду. Тирүү жанын койбоду, Жер кучактап сойлоду. Кубатайды узатып, Кайра артына толгонду. Ажалы жетти Ырыскан, Ажалы жетпей неткени, Байагы кебин унутуп, Койгулаша кетти эми. Зоо жаңырып, үн чыгып, Кирген суудай түр чыгып, Көргөндүн эсин коркутуп, Көздөрдөн чаар сүр чыгып, Найзанын баары быдырап, Чыдаштык бербей суу чыгып, Чарчагансып Чигитей, Ырыскандын ойунда, Эми жыгам, деп келет, Нечен жарак колунда. “Жадаттым деп кыргызды, Жараттым эле башында, Кетирейин муну мен, Он сегиз менен он тогуз, Ортосунда жашында.” Оңдоп эми кармады, Очойгон зоону бир урса, Оморулуп кетүчү, Чойун башты колуна. Колундакы чойун баш, Жолум үйдөй көрүндү, Жолу каткан Ырыскан, Жеп ийчүдөй өмүлдү, Кенебейт баатыр Чигитей, Келе жаткан өлүмдү. Зым-зым этип зымырап, Чокморду улай кармашка, Тайарланып бул турат. Күүлөгөн чокмор чойунду, Чокудан нары бир урду. Чигитей кармап болгунча, Алдындакы тору аты, Бута атым жерге ыргыды. Ээсинен артык эси бар, Айбан да болсо жаныбар, Арнап минчүү малы ал. Ырыскандын чокмору, Кара жерге урулду, Жердин бети чаң болду, Топурак учуп боз түшүп, Нак күүгүмчө ал болду. Көрүп туруп ошону, Көпчүлүк баары кубанды, Ырыскан көмө чапты, деп, Кыргыздан чыккан уланды. Жылантору мал экен, Чыныгы тулпар ал экен, Тизгин чойуп тарттырбай, Оң жагынан бурулуп, Тегеренген чагы экен, Акылы ушул Тору аттын, Алгарача бар экен. Ат айлана бергенде, Аркасына кыйамы, Арстан эрге келгенде, Кармады Чигитей найзаны, Ушул урган найзада, Тоодой болгон чочкону, Томкоро сайып салганы, Кобо калып ордунан, Коркконуна чыдабай, Чигитейге жалбарды: — Чигитей кыргыз, мен ооган, Ырас чынын айтканда, Кубатай менен урушуп, Пейлим менин бузулган, Күч сынашсам экен, деп, Көңүлүмдө бул турган. Көөнүмдө арман калбады, Көмөрө сайып сени эч ким, Чигитей, жыга албады, Алдымда минген тагымды ал, Үстүмдө таажы – багымды ал, Айтылуу кебил шаарымды ал, Алты дайра жеримди ал, Андан кала бергенде, Алты атадан бер жакка, Жыйып койгон казына, Жүктөтүп келип барын ал, Жараса ооган кызын ал, Жаратып туруп узун ал, Чаптырып туруп күлүк ал, Жактырып туруп нарын ал, Жаптырып туруп комун ал, Үйрүн бузбай тобун ал, Карысын койуп жашын ал, Айагын койуп башын ал, Төрт түлүктүү бизде мал, Түп көтөрө баарын ал, Андан кала бергенде, Жылында берем айтканың, Мөөрүмдү басып катым ал, Бүгүн мыне кеткиниң, Минген тулпар атым ал! Бербегени калбады, Береги жандын айы үчүн, Бечара Ырыс жалбарды: — Жамандык менде жок эле, Кубатай тынчты алганы, Ага кылып кошамат, Мына бу турган Шооруктун, Айтпаганы калбады. Малды көрсө эр азат, Бекер дүйнө бар десе, Албаймын деп ким качат? Ажалга айдап келтирет, Аркачан напси кызталак! Деп ошентип Ырыскан, Көзүнүн жашын агызган. Эки колу боорунда, Эр баланын жолунда, Эңкейип хандын турушу, Аңдаганга сонун да. Тилегин кабыл алганы, Же алтын-күмүш албады, Жылына мындай бергин, деп, Жылгысыз чыгым салбады. Салым салып, мал албай, Санап туруп зар албай, Айттырып атын шаар албай, А сулуу кызын дагы албай, Суу укурук кармабай, Чубуртуп жылкы айдабай: — Өзүмө жетет бар малым, Коңшулаш сага Коросон, Кошуп элин сен алгын. Жедигердин элине, Жетиксиз киши жумшайым, Өзүң хандын баласы, Жетиштирип аны алгын. Жедигер эли жай жатсын, Кары-жашы мал баксын, Уругу кыргыз эли эле, Уйкусун ачпай тынч жатсын. Деп ошентип Чигитей, Коросондун көп элин, Кууратып мунун эренин, Колбутуп айдап жиберди, Ээрчитип келген элдерин. Коросондун элинде, Тогуз эри бар эле, Балтыркан өлүп калды эле, Андан калган сегизин, Чигитей бөлүп алды эле. Калган элин кет деди, Жай-жайыңа жет, деди, Жагымдуу сонун кулакка, Жаш арстандын кептери: — Коросонго баргынча, Бадакшан бар, Балык бар, Тажик, калча калк бар, Кара калпак, түркмөндүк, Андай калктан канча бар, Катышып койуп бирөөнө, Калба салбай жөн кеткин. Айтканды кабыл албасаң, Келген силер турмайлык, Жериңде калган жаш-карың, Жээн-таайы бар жаның, Үмүтүң үзгөн жаныңдан! Айрандай кетет абийриң, Айтканымды сен билгин. Бөлүп койсо шаарыңды, Өзүңдөн койсо ханыңды, Ырыскан билет аныңды, Кошуп алса өз эрки, Койо берсе дагы эрки, Мындан кийин менде жок, Силерге айтар бир кебим. Айтып болуп Чигитей, Айдап элин жиберди. Камчыдан чечип бүлдүргө, Ырымга олжо албады. Кубатайдын тондорун, Кубат кылып алгын, деп, Арттырып туруп атына, Аны кошо айдатты, Чигитей кыргыз арстаны, Жоомарттыгын карматты. Кетти чубап коросон, Сүйүнүп баары кош болгон, Бөлүп калган сегиздин, Кызыл өңү боз болгон. Сурап койор бекен, деп, Ырысканды карашат, Калбайбыз тирүү биздер, деп, Акылынан адашат, Ырысканга Чигитей: — Ырас пейлиң ак болсоң, Ырайым кылып тирүүгө, Койбогон киши мен болсом, Хан башың менен солкулдап, Кара жашың төгүлүп, Катуу ыйладың болкулдап, Калтырбай бердиң барыңды, Мен албаймын малыңды, Ээлебеймин тагыңды, Ээрчитип алып барайын, Көрө кеткин, Ырыскан, Атаман калган шаарымды. Мабу бөлүп алган сегизди – Агарбас кара доңузду, Талкаламак күмбөздү, Түз кылабыз деп, келди, Өткөн жылы сел келип, Күмбөздүн өөдө жагынан, Имерип жарды жеп келди, Сегизи балбан эр экен, Телегейи тең экен, Суу жегисиз, сел алгыс, Бүтөп берип ал жерди, Кетсе болор, Ырыскан, Кан ичүүнү каалабайым, Бекер андай уруштан. Өлтүрбөйт экен бизди, деп, Өңүнө кызыл тарашып, Баштарын өөдө көтөрүп, Бирин-бири карашып: — Чигитейдин алдында, Бекер эле келипбиз, Эрлик жолун талашып. Жашырбай баалайт өздөрүн, Эргежээл санашып. Ырыскан туруп кеп салды: — Султандын уулу чырагым, Кабарың катуу угамын, Каңгайдан бери капкайда, Калмак, манжу жыйналган, Каршылашып сиз менен, Кутулбаптыр бир адам. Аз күндөн бери сурасам, Калмак, таңгыт биригип, Манжу, кытай тирилип, Ага казак кошулуп, Беш уруктан беш улук, Масилет кылып олтуруп, Келгели жатат, деп угам, Сизди жалгыз бастырбай, Кошо барсам деп турам. Бизде кыргыз эли бар, Үч арал үргөнч жери бар, Ошо кыргыз элинде, Оболбек деген эри бар, Авазир кылып алайын, Чынында менин таайым ал. Атам ооган парс эли, Энем кыргыз кызы экен, Ошондон тулган мени деп, Айтып жүрөт элдерим. Күмөн кылып кыргыздан, Кошулуша кетет, деп, Кол чакырып келбедим, Баатыр атам Бакдөөлөт, Андан мурун келгендер, Үргөнчтө жаткан кыргыздан, Келген эмес бул жерге, Баарысы ага ишенбей, Мында алып келгенге. Айрыкчасы биздин эл, Ишенчиси кетиптир, Айчүрөк мында келгенде. Жедигерде кыргызды, Кошуп алып нетейин, Жайсыз киши барат, деп, Башында айттың, береним, Мен падыша тукуму, Билгеним айтып акыл кеп, Көп масилет берейин, Таласка барып нетели, Карап турбай талаада, Калдайган калың кол менен, Каңгайга бара кетели. Жеңил бала кылыптыр, Жедигердин Шоорукту, Кутулса качып кетсин, деп, Корксо кайтып келсин, деп, Мадананы ээрчитип, Ылдамыраак жеткин, деп, Кеңколго жумшап жиберди. Шоорук хан кете бергенде, Айтканы чынбы, жалганбы, Маданадан уккан кеп, Ырыскандан сурады. Жашырган жок Ырыскан: — Кайыпчы келип жаткамын, Кийикчиден кеп угуп, Жети суунун бир суусу, Күмүш булак керүүгө, Ханы Шоорук деп угуп, Кычыртып келдим Шоорукту, Бар кебин уктум ушунун, Азыраак кеги бар экен, Теги-жайын сурасам, Кара көзгө бала экен, Бүт бербеди мага, деп, Жетисуунун хандыгын, Ойундакы ал экен. Жетисуунун баашасы, Темир шаа деген чал экен, Таластан барган жан экен. Масилет кылып Шоорукка, Акылым бердим толуктап: Кычыртып келип темирди, Эптеп анын жолун таап, Жетисууга баш болуп, Анан сурап жаткын, деп, Аскер жыйнап кошо жүр, Мени менен баскын, деп, Мен барганда Чигитей, Кетип калат шашты, деп, Айткан киши мен элем. Жашырган менен болобу, Мен жашырсам бир күндүк, Калгандар айтпай койобу? Менде да бар арамдык, Шоорукта бар арамдык, Эки арам кыйалга, Темир шааны өлтүрүп, Тактасын тартып алганбыз, Эми кала бергенде, Өзүңүз байкап караңыз. Кебин айтып бүтүрдү, Кепке баатыр түшүндү. Жумшаса чаап Шоорук хан, Кеңколго жете барганда, Колбуп келе жаткан көч, Көп эле жанга жолуккан. Мадыбек айылы кайда? деп, Сурап көрдү адамдан. Сураган киши кеп айтты: — Мадыбекти сураган, Сен кандай киши? – деп айтты. Эл башчысы Мөңкөтай, Алжан-алчын – эки урук, Мөңкөтай баштап бөлүнүп, Мадыбекти бүт талап, Ордосун сыйрып көчүрүп, Жаккан отун өчүрүп, Жагоосун жерге түшүрүп, Жарык күнүн жоготуп, Камап туруп колотуп, Көчүп келди Мөңкөтай. Ырыскан, Шоорук, Кубатай, Ал үчөөнөн жол тосуп, Кеп угуптур башында, Маданага жол кошуп. Медеркан менен тилдешкен, Бекем байлап сүйлөшкөн, Билгич киши бул экен, Келер ишти бүт билген: — Мадыбекти сурайсың, Башкадан дагы сураба, Бекер өлүп кетесиң, Өз жаныңды канткенде, Мадыбек үчүн кечесиң. Угуп болуп Шоорук хан: — Оо, кудай урган абышка, Козголупсуң ордуңдан, Ичкен тузуң сени урган, Сенден бетер мен дагы, Семиздигим мени урган. Менин атым сурасаң, Жедигерде Шоорук хан. Жолун тоскон Мөңкөтай, Үч улуктун биримин. Кегимди алам деп келип, Атка жеңил тайга чак, Жеңил бала мен болуп, Желип-жортуп келермин. Кубатай өлүп жоголду, Кызыл каны жошулуп. Оогандан келген Ырыскан, Кол куушуруп баш ийип, Чигитейге кошулуп. Мадана кеткен бул жерге, Кычырып келе калгын, деп, Кыйын бала жумшады, Келе жатам саксаңдап, Чайчым эле Мадана, Кычырып өзүм баргалы. Атым Шоорук дегенде, Аңырайа бир тиктеп, — Ырасбы кебиң, жалганбы? Ачыгын айтып бергин, — деп, Өзүмдү айтпай жашырып, Койдум эле алдында, Мөңкөтай деген менмин, — деп, Беш-алты күндүн алдында, Келе жатып туу белде, Жөө кишиге жолуктум, Үч улук келип калды, деп, Укмуштуу кыйын кеп уктум. Мадыбектен көөн ооруп, Жүрүчү элем мурун мен, Сөз байлашкан киши элем, Медеркан менен түбүнөн. Каңгайдан келсе төрт улук, Капкайдан келсе эки улук, Жедигер келсе кошулуп, Кызыл кан менен жинибиз, Кетет го деп жошулуп, Алжан, алчын – эки урук, Кеңеш кылып олтуруп, Бөлүнүп биздер турганда, Келип калды деп уктум, Мадыбекке Мадана, Тыңшоочу койдум ат берип, Бир жалоондой балага. Мадана келип кеп салып, Чигитейдин кеби, деп, Баштан-айак түз салып, Былк этпей жатсын атам, деп, Жиберди мени, деп салып, Угуп бала барганы, Ошону угуп болгондо, Шайтаным менин кармады. Келе жаткан калың көч, Мадыбектин беш үйү, Сарамжалы бүт үйдү, Салакалуу чоң үйдү, Келе жаткан силерге, Алып барып бергели, Талаа-түзгө жаткырбай, Кеңколго алып келгели, Келе жаткан Мөңкөтай, Ушул эле кеңеши. Мадана менен Мадыбек, Мыкты болсо Чигитей, Бошотуп сени алсын, деп, Мойнунан талга байлатып, Жылаң айак, жылаң баш, Жаш балдарга айдатып, Карагандын барысын, Таң калтырып жардатып, Тигинтип келе жаткамын, Алардын өңүн саргартып. Өпкөсүн кармап колуна, Байбичеси Зулпукан, Баш казанчы Калемкаш – Баарысын мунун жалбартып, Утуру чыгып, Шоорук хан, Өзүңдөн бетер мени сен, Эми койдуң саргартып! Айтпаса да, Шоорук хан, Бар кебиңди башынан, Маданадан уккамын, Эми айтпа кыдыртып, Мен да тыңшап укпайым. Кеңешели экөөбүз, Табалы мунун айласын, Мадыбек менен Мадана, Тартабыз чындап балаасын, Кара жер калсын каңгырап, Таштайлы мунун Таласын, Хан башыңда чабарман, Болуптурсуң, Шоорук хан, Башың менен кудук каз, Кутулуп сен да калбайсың! Коркпогондо неткени, Мадыбек менен Мадана – Ал экөөнө карабай, Шоорук менен Мөңкөтай, Казакты карай кетти эми. Мөңкөтай элди чабам, деп, Өзү калды чабуулда, Карыганда көргөн бир туйак, Бетинен сүйүп алалбай, Колу калган кыскарып, Жанына анын барууга. Бастырып жөнөй берерде, Өзү алчын эли эле, Сакалында агы бар, Субатай деген неме эле, Шоорук менен Мөңкөтай, Сырдашканын угуптур, Качып жолго чыксын, деп, Сыр билгизбей туруптур. Жортормон өскөн Субатай, Он беш күн бекер жатчу эмес, Каңгайдан жылкы кууп албай. Эл четине чыкканда, Шоорук менен Мөңкөтай, Жете барды узатпай: — Таласты кылып эки араан, Таштап койуп талаага, Барасың кайда, Мөңкөтай? Бузуктугуң эмеспи, Бүт билбей туруп бир ишти, Өзүң жооп кылбасаң, Алжан, алчын – эки урук, Калбайт тирүү бир киши. Эмизбесе ак сүтүн, Айабаган бүт күчүн, Зулпукан ыйлап турбайбы, Каардуу бала султаным, Зулпукар кындан суурбайбы, Кыларың ушул сенин, деп, Баарыбызды кырбайбы, Кыргыздык жагы агасы, Көтөрүп аны чоңойткон, Чынында анын Мадыбек, Чигитейдин атасы. Кечээтен бери жаш балдар, Чыркыратып сабашты, Мадыбек сабыр кылабы, Шоорук хандан бузулуп, Өзү келген Мадана, Көргөнүн айтпай турабы, Элден ашкан Шоорукту, Ичтен чыккан бузукту – Сен экөөңө талаада, Көрсөтөйүн кызыкты! Элкин башым жүргөмүн, Нечен жоого тийгемин, Ырас чыным келгенде, Жүздөндү кырып ийгемин. Экөөңө алым келбесе, Субатай болбой өлөйүн! Өлсөм өлөм ким үчүн? Олуйа султан пир үчүн, Андан кала бергенде, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Атактуу Талас жер үчүн, Карап туруп Субатай, Кетирем сени не үчүн?! Кара курч болот жарагы, Кынынан кылыч суурганы, Кыйкырыгы таш жарып, Субатай кыйын турганы. Жердиги Шоорук эр экен, Жүрөгүн мурун алдырып, Чигитейге чыгалбай, Апкаарып калган кеп экен. Найзасын кыйгай кармады, Качырып барып Шоорук хан, Субатайды атынан, Тоңкойто сайып таштады. Сайып алдым дегенсип, Делдейип карап калыптыр, Тура калып Субатай, Оодара тартып салыптыр, Тарткан жерде жөн койбой, Бир колун кесип алыптыр. Мөңкөтай байлап мойнунан, Мен-менсиген Шооруктун, Чучугу агып колунан, Айдап алып баратса, Чигитей чыкты жолунан. Чигитейдин артынан, Ээрчип келе жатыптыр, Коросондон сегизи, Коржоңдогон чоңунан. Жедигер менен ооганга, Чигитей кайта келгинче, Ырыскан калган ал жерде. Каары катуу Чигитей, Алда кандай укмуш, деп, Анча-мунча кенебей, Алла таала бендесин, Кара мүртөс жаратат, Мына мындай ченебей. Жандай түшүп Субатай, Жайын айтты кобурап, Мадыбек көргөн кордукту, Баарын айтты жобурап. Мадыбек атын укканда, Бетинен карыш түк чыгып, Көзүнөн жалын от чыгып, Аркасынан караса, Айдар коңур жал чыгып, Бет маңдай келген адамдын, Басалбай буту тырышып, Атанын тузун актаган, Асли түбү чын арстан, Мадыбекти көргөндө, Түшө калды атынан. Щооруктун атын алгын, деп, Маданага мингизди. Өзүнүн аты тору атты, Мадыбекке мингизди, Мөңкөтай минген кула атты, Зулпуканга мингизди, Кеп кылбай туруп каар менен, Алжан, алчын элдерин, Ыштанына сийгизди. Чылбырынан Тору атты, Чигитей өзү кармады. Аталык тузун актайым, деп, Жетелеп жөнөп калганы, Эски журутка конбойт деп, Жүктү анда түшүртүп, Үйдүн баарын тиктиртип, Мадыбекти үйүнө, Зулпукан менен киригизип, Көөнүн ачты алардын, Көкжалдыгын билгизип. Мадыбекке түшүнтүп, Баштан-айак бар кебин: — Уруксат болсо сизден маа, Жетисуунун тагына, Ээ болсо деймин Мадана. Ырысканга тапшырдым, Сыртынан мунун караарга. Ырыскан кайрат кеп айтат, Каңгайдакы төрт урук, Мени менен барарга, Алпарып аны нетейин, Оогандан кошуун алды, деп, Коркуп бизден калды, деп, Отор айтат бу бир кеп. Өзүм эле барайын, Бир кеңешим бар сизге, Казактардын Медеркан, Аны кандай кылайын? Ата ордуна карманган, Атам элең кеңеш бер, Кайрыдиндик карарсам, Канын суудай агызам, Казакты кыргыз кырды, деп, Жаман атка мен калам, Ошонун таппай айласын, Ортого кеңеш мен салам. Ойлоно калып Мадыбек, Опколжуй түшүп кеп сүйлөп: — Ээ, кокуй балам, не дейсиң, Менден кеңеш кеп издеп? Үч күндөн бери чабуулда, Көзүм көрбөй күүгүмдөп, Ыйлап жүрүп сени эстеп. Каңгайга барсаң барарсың, Кабылан атаң жар болсо, Каңгайды жеңип аларсың, Айтканыңда жалган жок, Медерканды өлтүрсөң, Жаман атка каларсың. Өлтүрбөй алып сен келсең, Таластан чыккан бузуктун, Түп тамырын табарсың. Казакка кылба жамандык, Түбүндө нээти түз эле, Мөңкөтай айтып ушак кеп, Көңүлгө кеткен арамдык. Угуп калып Чигитей, Алда кандай кеби, деп, Арамдык деген неси? деп, Селдейип тура калыптыр, Серпөөлөнгөн Калемкаш, Себебин айта салыптыр. Көкөйдөн кеби башталган, Көрүнөө айтып таштаган, Мөңкөтайга карарды, Ого бетер жаш арстан: — Мөңкөтайды эркин кой, Кутулар жери бар болсо, Кутурган кул жоголсун! Кутулар жери болбосо, Корголоп сизге бүжүрөп, Коркуп жүрүп кор болсун! Каңгайдан кайра жанганда, Медерканга бу кулду, Мууздатпасам болбоймун. Ээрчитип келип Көкөйдү, Сийдирейин көзүнө, Кылмышын элге айттырып, Тили менен өзүнө. Кеңешин айтып токтотуп, Карап тиктеп олтурат, Мадыбек менен Зулпукан, Калемкаш – үчөө окшошуп. Ошол кезде Калемкаш, Жыйырма бирде чагы экен, Үйдө жүрүп билинбей, Үйрөнүп көзгө калыптыр, Өткөзө сулуу ал экен, Жедигердин элинен, Жеткирген кабар биздерге, Жетик акыл Мадана, Жыйырма беште чагы экен. Чолпондой көзү жайнаган, Буудайдай мурут ыргалган, Кара сур тарткан нурлуу бет, Карап турчуу жан экен. Мадана мында келгели, Колунан айак бош түшүп, Астыртан тиктеп көз талып, Кеп сүйлөштөн тил калып, Кейишин тартып Калемкаш, Кетиптир өңү саргарып. Өткүр көздүү Чигитей, Калемкаш жайын билиптир, Көз жиберип байкады, Мадананы караса, Аш иче албай жатканы, Айакты кылып көшөгө, Астынан тиктеп кыз жакты, Бат иче албай жатканы, Кеңеш кепке улата, Чигитей кебин баштады: — Шооруктун келип алдынан, Жолуктуң мага, Мадана, Жедигердин хандыгын, Тапшырамын мен сага. Таластын тузун актадың, Бүткөрүп калың таштадың, Бүдөмүк айткан кеп эмес, Калемкаш кошо берейин, Ала кеткин, Мадана, Кар кылбагын бул кызды, Бага кеткин, Мадана. Бир үйдө эки балабыз, Менден улуу Калемкаш, Жыйырма бирде чамабыз. Өлбөй тирүү турганда, Унутуп калбай эжени, Жылында бирден барабыз. Кар кылбагын, Мадана, Бар нерсеңди айабай, Узун колду кыскартып, Зар кылбагын, Мадана, Кең дүйнөнү кичиртип, Тар кылбагын, Мадана, Көбүнчө айтар кебим бар, Эркек менен катындын, Баарын билет Калемкаш, Айткан кебин таштабай. Сен турмайлык, Мадана, Атагы чыккан ааламга, Ээ болуптур Каныкей, Акылы анын не даана! Бүгүнкү күндө сен үчүн, Калемкаш кыз бар анча. Калемкаш кебин бурганда, Баш бербейт сага жедигер. Катын ишин билет, деп, Кайрып койуп бок жебей, Акылдашып иш кыл, — деп, Абыдан мыктап тапшырды, Токтоно албай Калемкаш, Эки көзүн жаш кылды. Өрүүн кылып үч күнү, Тигип берип эки үйдү, Жыйырма төөгө арттырып, Жетелетип тарттырып, Көкжалын кошо бастырып, Оогандын ханы Ырыска, Алып келип тапшырып: — Алты күн бирге барасың, Андан кийин, Мадана, Ажырашып тараарсың, Дагы эле айтам эрикпей, Калемкаш тилин алаарсың. Кыргыздын кыраан уулунун, Үйдөкү күңү кыз болуп,. Ханга теңтуш уз болуп, Мадана көөнү толуптур, Калемкашка туш болуп. Адамга кылган жакшылык, Асли калбайт талаада, Болбосо бирде сакталат, Унутулбай санаада, Кыйамына келгинче, Эки-үч жыл өтөт арада, Сегизи калды айылда. Коросондун эрине, Таш көтөртүп түшүрдү, Көкжал эрдин күмбөзүн, Кыйан келчүү жерине, Тумшукту кесип жол салды, Кыйанды тосуп суу салды, Ушу бүгүн дагы бар, Кескен таш деген ат калды, Айтканын танбай Чигитей, Сегизин дагы аткарды. Жай-жайына тараптыр, Өз жанына караптыр, Кыргызда жатып жыргады, Картайганда Мадыбек, Бир азыраак кыйналды. Оодарылып турушу, Ушул дүйнө жалгандын, Шумдугу ушул турбайбы. Муну мындай таштайлы, Чабуулга келген жоолордун, Жоголгонунан баштайлы.