← Чигитей

Чапкынчылардын кол курашы

Аркачандан бир качан, Казактын калкы бузулуп, Алашка калба баштаган, Семетейде Керимбай, Бүгүнкү күнү Медеркан, Ойлонгону жамандык, Хандыгын таштап талаага, Кара башы балаага, Капкайда кетип бараткан, Башкага басып баралбай, Бабырап кебин салалбай, Жедигер жетип баралбай, Жеткирип кебин сала албай, Тамтаңдап жүрүп эки жыл, Аты ыргай болгондо, Бити толуп семирип, Чоңдугу торгой болгондо, Алтайга барды уйалбай. Көкөйгө айтып сыр кылбай, Сырынын четин туйдурбай, Өрүүн алып бир жылы, Каңгайга кетти туралбай, Аралап барып Каңгайга, Медеркан атын өчүрдү, Жаман чапан, жаман ат, Балтык атка көчүрдү. Атын Балтык койгону, Арамкор доңуз оңбоду, Эки-үч жыл өтүп кетти, деп, Ойлогонун койбоду, Коктукат барып кобурап, Конгон үйдө кеп салып, Жок сөздү айтып божурап, Ошентип жүрүп үч айда, Бул Оторго жолугат. Отор таамай үч жылы, Онтоодон башын көтөрбөй, Эли келип чогулуп, Эптеп иле кылышып, Колу менен бутунун, Сыныктарын таңышып, Кулагына жаргактан, Үйлөп туруп калдайтып, Кулак кылып тагышып, Тердебеген жай күнү, Тура берет жабышып. Кынтык болуп бут бүттү, Бузулбай колу сак бүттү, Ортодо үч жыл күн бүттү, Атайлап барган Медеркан, Жорголотуп кеп салган: — Жолугушсам дечү элем, Өз ойумда мен саган. Алдыңа келдим, чоң Отор, Казактан сага Медеркан. Сомбилектин тушунда, Хан болуп миндим алтын так, Карлыкты тарттым канчалык, Артыла чыгып сиздин бак, Ажыратып Чигитей, Таласта турдум жан сактап. Көкөй менин катыным, Жаш балага жагынып, Жалтылдак мончок тагынып, Көөнүн бузду ал бетбак, Жашырбай айтып баары ишти, Алдыңа келдим ушул чак. Жаралуу болгон Чигитей, Сөөгүнүн баары жок, Мурункудай сен менен, Сойул алып карсылдап, Чабыша турган чагы жок. Үч жылдан бери келе албай, Жүргөнүмдү айтайын, Коросонго барсам, деп, Коротуп пулум баргамын, Коросонго барганда, Ойума сени алгамын. Оогандыкка барсам, деп, Он куржунга пул алдым, Ооганга барып болгондо, Ойума дагы сени алдым. Жедигерге мен бардым, Жедигер элин байкадым, Келгениңден эч кимге, Шек алдырып айтпадым, Сен Отор турдуң эсимде, Ошол үчүн кайткамын. Уйатты таштап талаага, Ушунчалык бар сырды, Бир өзүңө айтмакмын. Бөлүнтүп келдим кыргызды, Түгөтүп келдим айласын, Ойлонтуп түпкү пайдасын. Көөнүн буруп мен келдим, Мөңкөтай деген агасын. Мөңкөтай бүгүн элге баш, Ак сакалдын бири экен. Мадыбекте акыл аз, Өзү толук Чигитей, Баатырлыкка болуп мас. Болор болбос чуу болсо, Бүткүл кыргыз чачылат. Каңгайга барды кара нээт, Мына минтип бажырап. Олтуруп Отор ойлонуп, Ушалап колун карманып, Мурунку өткөн күндөргө, Ого бетер арданып, Капкайда барып Медеркан. Кайтып келдим саа, десе, Сүйүнүп бойдон тер агып, Эки киши узатты, Чоң Дөрбөнгө кат жазып, Дагы эки баланы, Батай менен Катайга, Баргының деп аларга: “Камбылга барып кабар сал, Батай менен Катайды, Алып экөөң келе кал.” Батай менен Катайга, Таарынышкан башынан, Ортодо өткөн далай кеп, Калтырбай жазган бүт андан. Тартууга берем деп айткан, Андан калса арбын мал, Буга жазган кагазды, Медеркандын наамынан, Калганда кытай элине, Тобукенин бегине, Тобо-томук кат жазды, Калбай келип берүүгө: “Батыш менен чыгышта, Жануптан ооган, коросон, Бүт чогулуп бириксек, Теңдешербиз кыргызга. Кызыталак буруттун, Кылбаганы калбады, Барбаган жери калбады, Ашпаган бели калбады, Жеңбеген эри калбады, Албаган шаары калбады, Чоң Бежинди баш кылып, Далай шаардан олжо алды, Чыгышта кытай каңгайды, Жанупта ооган, коросон, Жетисууда жедигер, Ортодо тажик, өзүбек, Ушулардын баарысын, Алым алды кыргыздар, Эгин айдап, чөп чаппай, Эгинин ичти кыргыздар. Короодон кармап кой сатпай, Кийимди кийди кыргыздар, Өз элинен кыз жакпай, Сулуусун алды кыргыздар, Минерине ылгатып, Тыңдуусун алды кыргыздар. Саанына бөлдүрүп, Сүрөгүн алды кыргыздар, Ээсинин колу тийбеген, Жүрөгүн алды кыргыздар, Жарышып шамал жетпеген, Канаттуу качып кетпеген, Жүйрүгүн алды кыргыздар. Манас деп аты угулуп, Жер бетине чыккалы, Теңдешкенде кем кылып, Маңдайга кебер шор кылып, Эрдин баарын сойдуруп, Эмгичекти баш бербей, Келе жатат кыргыздар. Бирөө өлсө бирөө бар, Өлгөнүнөн тирүүсү, Улам мыкты, улам заар, Пенде эмес жердеги, Пери качып кутулбай, Адам эмес амалсыз. Дөөлөр качып кутулбай, Башканы койдум бей арман, Сегиз миң жыл жашаган. Жүйрүн дөө качып кутулбай, Манастан бери карата, Келатат кыргыз ушундай, Табакта сүтү чайпалып, Каймактын чети бузулбай, Жеңилип келген кишиден, Эки жылы кысылбай, Келбедиң, кытай ханы, сен, Токсон миң аскер Тобукең, Ошону топодой жууруп ким жеген? Токсон миң аскер, Тобуке, Томуктай бала бир жеген. Бала Чигитей кыргызда, Жалгыз кара бир башы, Сан миң эрче урушта. Колун сунуп кол артып, Көзүн ачып сөз артып, Табышып элге боло элек, Акылы келип ордуна, Он сегизге толо элек, Жоготолу жаш кезде, Баш көтөртпөй тебээлеп. Он менен он үч ортосу, Бүткүл каңгай элдери, Чигитей десе уктабай, Көзүнөн жашы себээлеп, Келбесең, кытай өзүң бил, Бизден өтүп Чигитей. Атамдан калган нуска, деп, Сага кирет тебээлеп, А күнү кебиң болбосун, Бизге айтар жемелеп.” Айкөл шерден кеп баштап, Алып келип айагын, Тобукеге түз аштап, Мына мындай кат жазып, Алты киши атказат. Кабарчы салып капкайда, Медеркан жатты Каңгайда. Күүлдөшүп күжүлдөп, Кууратабыз, эми деп, Жарадар болуп Чигитей, Жалтайып калды деги, деп, Казак, каңгай күпүлдөп, Жазылбай күүсү жатышын, Башка жактан уккун кеп. Жетисууну жердеген, Наамы кыргыз жедигер, Жети хандык эл экен, Түбүндө булар жалгыз хан, Башчысын багыш дээр экен. Багыштын Толтой баласы, Чечекейдин Карасы, Чынкожо менен достошуп, Талашып катын алам, деп, Семетей жолборс көк жалдан, Өлүп кеткен карачы. Семетейге ат калды, Кесип башын байланган. Алмамбеттин баласы, Баш байланып ат алып, Ханынан барып бата алып, Толтойдун аты жоголуп, Гүлчоронун аты деп, Суркойон калды аталып. Оодармалуу шум дүйнө, Оодарылган бир күндө, Олжого келген Айчүрөк, Толтойдун уулу Кыйазга, Баш боолуу болуп бир күндө, Баш байланган Гүлчоро, Как далыдан тештирген, Кечир сөөгүн кестирген. Анткен менен кыргыздын, Таластагы тактысы, Кан талоонго түшпөдү. Чубактын уулу Канчоро, Канча жылы күткөнү. Бей ажал өлүп Семетей, Кайыпчыда жатканы, Сейтек чыгып он үчкө, Таласка кайра тартканы, Таласка келип ээ болду, Беттешкендер жоголду. Бадыкөлдүн кутургур. Жоголбосо не болду, Карыган Бакай абасы, Кадимкидей хан болду, Семетей кайра бар болду, Уулдун уулу кененим, Жалаңгыч атка конгону, Жанашкан бенде болбоду. Кайчы кулак каман алп, Жез киндиктүү кикимат, Темир тондуу шалкымат, Манжудан чыккан канча алп, Калтырбай баарын соргону, Күн чыгыш эмес күн батыш, Жети дөөнү кошо алып, Асманда жүргөн канаттуу, Алп кара куш кушту алып, Жүйрүндү сойуп тилин жеп, Дүйнөдө калбай тил билип, Анын уулу Сейити, Кызыл кумда кан ичти, Кара дөөнү баш кылып, Тогуз-онду кейитти, Коркконунан Сулаймат, Кылжыке кызын бериши Сейитиден Бекбача, Дөө менен пери жанашып, Тең келген жок эч чакта, Коктукатты колго алып, Эки ингендин ичинен, Кытай, сенин элиңде, Айдап мындан чыгарып, Беттибетти хан койуп, Кең дүйнө бизге тар болуп, Аркасында Калдуубет, Кошо чыкты Сомбилек, Коросон менен оогандан. Кошулушуп далай жан, Кутулган жок булардан. Бүгүнкүсү Чигитей, Бүткүл дүйнө жер бетин, Бучкагына теңебей, Артып кетти кыргыз, деп, Кытайга антип угузуп, Камынып булар калыптыр, Коросондук Коромжу, Коромжунун беш уулу, Кубатай болчу улуусу. Бой тартып балдар чоңойуп, Атасынын өлгөнүн, Сурамжалдап угушту. Коромжунун Кубатай, Чоңойуп жашы эр болду, Отуз шаардык Коросон, Козголтпой ага ээ болду, Отуз шаардын улугу, Муну менен касташкан, Киши калбай куруду. Уламалап кеп укту, Коромжу менен Бакдөөлөт, Бир сапар өлгөн деп укту, Бакдөөлөт Ооган ханы, деп, Издээри барбы аны? — деп, Алдыртан кабар алыптыр, Бакдөөлөттүн үч уулу, Аркасында калыптыр, Улуусунун бели бош, Кичүүсү чыйрак окшонот, Ырыскан, Дөөлөт деп койгон, Атасынын ордуна, Элин сурап ээ болгон, Бакдөөлттөн канча өөдө, Бели катуу эр болгон. Кубатай угуп ураанын, Кат жазып кабар кылыптыр, Бакдөөлөттүн уулдарын: “Сенин атаң, менин атам, Кыргыздан өлгөн деп угам, Алмак болуп сулуу кыз, Бир сапарда өлүптүр, Колдорун таштап катылбай, Колбутуп атын бөлүптүр, Жөө чубап аскер жете албай, Тирүүлүктө көрүүчү, Кордукту булар көрүптүр, Уламалап кеп уктум, Кыргыздан өлгөн экөө эмес, Манастан бери карата, Баарысынан өлгөнү, Үчтөн-төрткө деп уктум. Сага жакын жедигер, Атагы кыргыз болсо да, Таластык менен жоо эле, Түгөнгүз кара доо эле, Өзүнөн улук киши жок, Алдырып келип Таластан, Улук койду дечү эле, Кабарлашып кулак сал, Жедигердин ичинен, Уламалап сурашсаң, Баш көтөрүп тың чыгып, Сөз табуучу чыр чыгып, Такоол болсо биздерге, Болжошуп туруп баралы, Бузулбай келген Таласын, Боз топурак кылалы, Барбас болсо жедигер, А да кыргыз уруусу, Талап алып тыналы.” Кубатайдын каттарын, Ырыскан жакшы окуптур. Ойлонуп кыйла олтуруп: “Айтса-айтпаса кандай кеп, Баш көтөрүп бул элден, Такка минип ээ болсо, Ажалдан өлбөй баарысы, Кыргыздан өлүп жоголсо, Жедигердин кыргызы, Өзүндө хандык болбосо, Эл четине барам” деп, Аттанып Ырыс жөнөдү, Алты жүз киши котчу алып. Аркасынан колбутуп, Күмүш булак түз керүү, Жетисуунун жайлоосу, Жылкы төлдөп жатчу жер, Илгертен бери мына шо. Арка бети кайыпчы, Кайыбы көп болуучу, Уу кылам деп ал жерге, Ырыскан келип конуптур. Чатырды тигип кулпунтуп, Шамаал чайкап жулкунтуп, Кайыпты уулап бөлүнтүп, Агызып канын төгүлтүп, Кыр-кырда жүргөн Жедигер, Турнабай менен көрүшүп. Жедигерде жети суу, Жетөөндө бар жети улук, Падышасы Таластык, Аты Темир деп угуп, Ырыскан келип жатыптыр, Кетсем деп ага жолугуп, Ит агытып, куш салган, Капкан койуп теке алган, Кулжасын аткан курбудан, Күндө адырда жүрүчү, Жетөө келди чатырга, Жедигердин уулунан. Алдырып келип Ырыскан, Азыраак сүрүн көрсөтүп, Куушурулуп өпкөсү, Кубулуп кызыл өңү өчүп, “Абалын байкап булардын, Андан кийин сурайын.” Байкап көрсө бул жетөө, Кийик менен күн кечкен, Аты киши кара баш, Андан башка билбеген, Карапайым неме экен. Кеп укчууну таптым, деп: — Келдиңер кайдан чогулуп, Кебиңер болсо айткын, — деп, Элиңер ким, жериң ким? Эл башкарган эриң ким? Кайраттууң ким, тыңың ким? Калк башкарган ханың ким? Ырыскан минтип сурады, Жаны чыгып корккондон, Жедигер чыдап турабы, Баш аламан баарысы, Жарыша койуп чуулдады, Орто бойлуу, орто жаш, Жылбырскасы кишинин, Кара Чекир бирөө бар. — Калгандарың тура тур, Кара Чекир, кебиң сал! Ырыскан антип сурады, Кара Чекир божурап, Айтчу кебин курады: — Мынабу кырдын нар жагы, Күмүш булак түз керүү, Ураандуу жайлоо жерибиз, Жетисуу эли деп койот, Биз дагы кыргыз элибиз, Жетисууда жети улук, Падышалык өкүм бар, Баары келип чогулуп, Падышабыз Темирбек, Таластан келген мында, — деп, Падышалык орунга, Жетисуулук ээ эмес. Кара чекир баарысын, Калтырбай айтып болгону. Түк аларга туйгузбай, Берки четки ханынын, Атын сурап алганы. — Шоорук деген хан, — деди, Хан Каракөз өтүптүр, Илгерки өткөн убакта, Азыркы Шоорук ханыбыз, Хан Каракөз калдыгы, Ээ боло албай элине, Бир бөлүмгө арзыбай, Мунун ичинде бардай ардыгы. Угуп алып Ырыскан, Оголе жакшы болду, деп, Алдыртан киши жиберет, Шоорук хан мунда келсин деп. “Мен Оогандын ханымын, Кебим бар угуп кетиңиз, Мында келген жайымдын. Элим ооган парыс уулу, Мен оогандын улугу, Ырыскан атым уга кал, Урматтап сени чакырдым, Шоорук хан ага, келе кал.” Жиберген киши барыптыр, Катты бере салыптыр, Өзү молдо Шоорук хан, Катты окуп алыптыр, “Оогандын ханы кандайча, Чакырып калды мени?” – деп, Далай ойго барыптыр. — Барбасам болбойт, барам, — деп, Мага керек болдуңар, Жүргүлө отуз адам, — деп, Отуз киши котчу алып, Талап элди кетет, деп, Кокустан ооган кол салып, Ырысканга соога, деп, Кылдап сонун бокчо алып, Шоорук хан барып калыптыр, Оогандын ханы Ырыскан, Алдынан киши жиберип, Тостуруп муну алыптыр. Эки күнү, бир түнү, Эрмектешип үч күнү, Чыгалы бүгүн ууга, деп, Алты жүз киши оогандык, Отуз киши Шоорук хан, Баарына бирден милдетти, Паланды таап келгин, деп, Ой-тоону карай тараткан, Эрмектешип чатырда, Козголбой эки хан жаткан. Ырыскан кебин салгынча, Арызданып Шоорук муң айткан: — Кычырыпсың, Ырыскан, Алдыңа келдим Шоорук хан, Кычырганың чын болсо. Жашырбай айтсам кебимди, Ырыскан арзым сен уксаң, Жетисуу бизге жер экен, Жетисууну ээлеген, Он атадан бер жакка, Жедигер деген эл экен. Бүткүл элге таанымал, Багыш деген ээ экен, Багыш ээлик кылганда, Манас менен тең экен. Манастын уулу Семетей, Багыштын уулун өлтүрүп, Жети сууга жети хан, Бөлүп койгон кеп экен. Ал жетөөнү чогултуп, Падыша койуп баарына, Жетисууда Жедигер. Падыша журту дээр экен. Баашалык такка мингендер, Таластыктын эли экен. Кечээ Бекбачанын доорунда, Чоң атам менин Каракөз, Ээ болуптур баарына. Каракөздү калтырбай, Бекбача баатыр сойгондо. Мурункудай бул элди, Жети бөлүп койгонго, Бүгүн Темир падыша. Буда Талас жеринен, Таластагы кыргызда, Алжандардын элинен. Сурадың менден, Ырыскан, Билгеним ошол кебимден. Чыкыртып кандай сурадың, Бир кыйалың бар чыгат, Байкап көрсөм кебиңден. Шоорук хан минтип айтканда, Ырыскан айтып кеп баштап: — Сен муңдуу эмес, Шоорук хан, Мен муңдуумун, — деп баштап, Баарың кыргыз уулусуң, Бириңди-бириң куруттуң. Мен ооган туруп бир башка, Таластыктан улупмун! Мурункулар өтүптүр, Өтүп көзү кетиптир, Туудурган атам Бакдөөлөт, Түбүнө кыргыз жетиптир, Ээрчиткен колу отуз миң, Айдап ийип аскерин, Аттарын алып кетиптир. Жалгыз ооган мен эмес, Жедигерде сен эмес, Коросондо коромжу, Кошо алыптыр ошону, Отуз миң атын олжо алып, Аскерин айдап чубатып, Аны дагы кууратып, Мангыттардын Калдуубет, Тактысынан кулатып, Жамбыл белге түркмөндү, Ээ кылыптыр таластык, Муну өзүнө каратып. Ошолорду укканда, Туралбадым жан ачып! Ырыскан айтып ийди эле, Угуп турган Шоорукка, Өтө жакшы болду эле. — Андай аттуу күн кайда? Атым Шоорук ханмын деп, Мен жүрөмүн куру жайда. Падышабыз таластык, Баш булгап чыга албайбыз, Ошол үчүн биз жылып, Башка жакка барбайбыз. Бактылуу сендей хан болуп, Чукул бизге жар болуп, Колдогон киши бар болсо, Корко турган кеп эмес, Куураган жанды мен айап, Туруп алчу мен эмес. Ой-пикирин угушуп, Ойдо кеңеш кылышып, Темирбекти өлтүрмөк, Кеңеш буга тынышып, Жетисууга Шоорукту, Падыша кылмак болушту, Убаданы бек кылып, Олтурган жерде койушту. Темирге Шоорук кат жазмак: “Оогандан келип Ырыскан. Кайыпчынын капчыгай, Жатып алды, — деп жазмак. Ойунда бар Ырыскан, Жедигерди бүт чапмак. Өзүң келип, - Темир шаам, Оогандыктын ыгын тап.” Козголбой Ырыскан жатты, Темирге Шоорук кат жазды: “Көп кечигип кетпесин, Болбой калды” деп жазды, Шооруктун каты жетиптир, Эми Темир нетиптир? Алда кандай болду, деп, Алапайы куурулуп, Айласы мунун кетиптир. Тумтак күнү түгөндү, Барбай койор айла жок, Бастырып Темир жөнөдү. Өзүнө жакын кишиден, Он-он бешти албады, Эки чайчы, бир катчы, Ээрчитип үчтү алганы, Жетисууну кыдырып, Шоорук хандын айлына, Бир күнү барып калганы. Барган күнү туйдурбай, Конок кылып кондурду, Кондурган менен ал күнү, Курсагын жакшы тойгузуп, Качан аны оңдурду. Кул деген кулдай болот, деп, Чайчысы менен катчысын, Кирип чыкчуу атчысын, Кубалап ийди талаага, Капташып эми калды окшойт, Темир шаасы балаага. Сыр айткансып Шоорук хан, Сыйпалатып угузуп, Бир күнү эрте тургузуп, Ырыскан көздөй жөнөдү, Туйунуп калды Темир шаа, Көзүнүн жашын чубуртуп. Ырысканга жеткирбей, Жолдо колун байлады, Жору жесин этин, деп, Жолдо муну жайлады. Сүйүнчүң болсо бергин, деп, Темир шааны жеңдим, деп, Ырысканга барганы. Темир шаанын наамынан, Катты жазып абыдан: “Мен Ооганга барып келемин, Мен келгинче оогандан, Сен башкар деп Шоорук хан.” Шоорук катты көтөрүп, Тактысы жаткан жерине, Хан Кыйаздын коргонго, Чоң Толтойдун борборго, Багыш хан жатчу ордого, Ээ болду Шоорук ошого. Туйдурбай бирден чакыртып, Темир шаанын жакынын, Чыгарбай үнүн бакыртып, Терең казып кандекти, Кылычтап башын чаптыртып, Үстүнө топо төктүрүп, Өлүктөрүн жашыртып. Калган жети ханына. Кат жазып анын баарына, Элөөсүздөн алдыртып, Жайын угуп сурашып, Темирге жакын дегенди, Темселетип кууратып, Тирүү койбой сулатып, Улук кылып кай бирөөн, Турган жерин суратып, Падыша Шоорук дегенди, Жети сууга таратып, Элөөсүздөн ээ болду, Өзүнүн көзүн каратып, Жүрмөк болду кыргызга, Ырыскан менен жарашып, Кабар салды Ырыскан, Кубатайга кат жазып, Ооганга кетип баратып. Айы-күнү болжолго, Урчуктун сеңир дегенге, Бир күнү келип чогулду, Туш тараптан жол-жолдон. Жетисуудан Шоорук хан, Жети түмөн кол алган, Оогандан келген Ырыскан, Он түмөндөй кол алган. Коросондон Кубатай, Тогуз түмөн кол менен, Аттанып чыккан батышта, Тогуз баатыр зор менен. Чогулушуп Конушту, Бурчуктун ойу сеңирге, Аскер батып жаталбайт, Анча-мынча тар жерге. Нечен сапар Шоорукхан, Барган экен Таласка. Алакан жайып, кол ачып, Куран окуп Манаска. Эми Шоорук баратат, Чуу салам деп Таласка, Чет болом деп Манаска. Баштаганы арбын кол, Баштагыдан беш бетер, Баш-аламан бастырып, Баш-айагын аскердин, Башчылары кайтарып. Түнүндөсү жаткырып, Күн тийгенде бастырып, Тополоң уйуп, жер чаңдап, Тозоңу көккө жазылып, Ободогу жарык күн, Күлгүн тартып күдүңдөп, Түнүндө жылдыз көрүнбөй, Кээ-кээ жерден бүлбүлдөп, Ашыгып келет Шоорук хан, Ылдамыраак жүргүн, деп. Ортосунда жедигер, Астында бар коросон, Аркасында Ырыскан, Алды-арты болуп бараткан. Шум дүйнө алдайт адамды, Напсиңди ачып адашсаң. Ачпай напсиң неткени, Атбай алаш жөн жатса, Таласка булар жеткени, Беймаал кыргыз жатыптыр, Беш убак тамак татыптыр, Чигитейдин уйкусу, Он беш күнчө качыптыр. Мадыбекке кеп айтып: — Атам элең бир чети, Агам элең бир чети, Козголгон окшойт мени деп. Ойлошумча жер бети. Он беш күн болуп баратат, Уйкум менин келбеди. Балтырым тартып балактап, Булчуңун тартат булкулдап, Болуп калган окшонот, Уруш кылар бир убак. Эки күндүн алдында, Аттуу кетип баратсам, Тармал саздын башында, Ат үстүндө уктадым. Көрбөгөмүн, уккамын, Коросон деп, ооган деп, Жедигерди кыргыз, деп, Жедигерди кызыл кан, Агызып турат калкылдап. Сен айтып жүргөн Темирбек, Кызыл кандын ичинде, Агып барат калкылдап. Камандан болду ончолук, Баарысы Талас жерине, Келип калды опколжуп. Өңдөрү баары окшошкон, Үч бөлүнүп топтошкон, Талаадан каман келатса, Биздин Талас жеринен, Бир дөбөт барып жол кошкон. Каманды дөбөт каппады, Же дөбөттү каман чалбады, Дөбөт, каман – эки айбан, Ажылдаша калганы. Ызы-чуу болгон үндөрүн, Кулагыма киргенин, Айдайын деп Таластан, Жылантору мингемин. Аңгычакты чыгыштан, Алты бөрү бет келди, Аркасынан ээрчиген, Бөлтүрүгү көп келди, Утур келген мал койбой, Түгөтө такыр жеп келди. Бир убакта карасам, Жердин бети кубарып. Көк шибер куурап бараткан, Каптап кетти Таласты, Көп уй келип бир жактан. Уйдун көбү кызылдан, Кызыл уйлар келгенде, Таластын түзү бузулган. Ошондон бери карата, Алда кандай түштүр, деп, Айак-башын биле албай, Сизге айтып мен турам. Арканча кылып жорусаң, Келбейт дейим оңунан, Келет окшойт далай эр, Кектүүлөрдүн чоңунан. Арык уй көрдүм Таластан, Тумоо – бучкан, ачкалык, Келеби деп мен турам. Бир жактан келип жоо турса, Баш көтөрөр киши жок, Баары киши ооруса, Амал кандай болот дейм, Алдымда атым жооруса. Азыркысын алдында, Айдап жолго салайын, Кектүүлөрдүн көптөрүн, Кесип башын алайын. Өчөшкөндөй эл бизге, Өзүм басып барбадым. Өзүнчө келип катышса, Өзөктөн канын жайайын, Азбы, көппү өмүрүм, Айап кайдан калайын. Ак жолтой ата, батаң бер, Аттанып жолго салайын. Алдында түштүк тараптан, Калганда чыгыш жагынан, Андан кийин батыштан, Таласка келчүү алтымыш, Айры жолду чалайын. Ылдамыраак жөнөйүн, Бешенеге бүткөндү, Бура тартпай көрөйүн. Жат душмандын ат изин, Таластын бетин бастырбай, Чабышып жүрүп өлөйүн, Талаайга келсе көрөйүн. Жорубагын түшүмдү, Түшүмдө көргөн ишимди. Жоготпой койбойм, атаке, Жолугушкан кишини, Байкап көрчү көз салып, Таласта кыргыз ичиңди! Жылан тору ат минип, Мойнуна чылбыр түрүлүп, Канча жылдан бер жакка, Кагышарга жоо таппай, Калган чунак зеригип, Темир тоонун тараша, Жануп жагы жол эле, Семетей кеткен мезгилде, Зор бакай жаткан тоо эле. Аржагы салаа үч өзөн, Аркачан келсе душмандын, Ашуучу жолу ал эле. Айылдан чыккан Чигитей, Алды-артын ойлоп кенебей, Эпсиз баатыр бул чунак, Элирген бала ченебей, Кылчаыйп артын карабай, Кыргыз үчүн өлөм, дейт, Кылча жанын айабай: “Таласка душман баскынча, Өлгөнүм жакшы менин, деп, Өлүмдөн туура шек кылбайт, - Көрбөсөм өмүр мейли, деп, Төшөктө чалдар туйлабай, Беймаал бала ыйлабай, Желеде жылкы жуушабай, Кемпирдин болбой көөнү жай, Кымыз ичип, тай сойуп, Кызыкта жүрбөй уландар, Кызмат кылдым элге, деп, Кыйынсып жүрүш бул кандай?” Ойлогон кеби ар качан, Ак калпак элди жыргатыш, Ойунда жок чунактын, Бир баланы ыйлатыш. Ачып көздү жумгунча, Айта-буйта кылгынча, Тарашанын кырына, Чыгып барды чунагың, Чай кайнатым убакта. Белге чыгып элейип, Шаңда туруп сербейип, Этегин шамал чойгулап, Капшыты көөп делдейип, Дүрбүнү алып колуна. Түшпөй аттан жаш бала, Кара көзгө салганы, Үч капчыгай алдында, Артылта муну карады. Көөдөндөрү жылганын, Көмөскөлүү жери тар, Ышкырынып жаңырык, Заңкайган бийик зоосу бар, Аржаккы оозу жылганын, Жери чаңдак шор болчу, Будурмак адыр коо болчу, Илгерки өткөн баатырлар, Ошол жерден жиберип, Жортуулчудан из чалчуу. Кашкайып талаа жыртылып, Жердин бети тытылып, Чаңдап калган ак чыйыр, Жүрүп турган сары жел, Топуракты учуруп. Эл көчүп барчуу жайлоого, Кеңири жери мында жок, Күзүндө барчуу кыштоого, Деги маалы болгон жок, Эмне үчүн ак чыйыр, Кандай болуп калды? — деп, Жердин бети жыртылып, Тарпы чыгып алды, деп, Кыйа тартып бурулуп, Кырчак ташты бет алып, Чылбырын кармай олтуруп, Турнабайын оңдоду, Олутун таап олтуруп. Оңдоп карап жол-жолду, Аңгычакты ызы-чуу, Капчыгайда болгону. Кош жаңырык кужулдап, Өйүз-бүйүз зоолору, Кербен келген белем, деп, Соодагер келген белем, деп, Сонундан алат элем деп, Оолжуп тиктеп турганда, Алды жаккы төө тыныш, Жабыла жайнап эл келет, Көтөрө албай көптүгүн, Капчыгай ичи теңселет, Желеги жол-жол сарыдан, Жер майышкан көп адам, Кайдан келди экен? деп, Келсе мейли келсин, деп, Утур алдын караса, Уй жайылчу талаадан, Мындан чыкты нечен жан. Байрагы көк, агы бар, Кайсы экени таанылбай, Келе жаткан бул аскер, Жети түмөн чагы бар. Эки жолдо аскер көп, Бир капчыгай кетти, деп, Бул аскер кайдан жетти? деп, Дагы бирөөн караса, Келген аскер андан көп, Сайдын куму шекилдүү, Сандалып келе жатыптыр, Асты чыгып белеске, Ашкалы келе жатыптыр, Чогулуп келип бир болгон, Жылкы саноо колоттон, Жол талашып жатыптыр. Байрагы кызыл бети ак – Бу жедигердин эли экен. Бузулган пейли кызталак, Кызыл байрак башында, Таштаган экен Сейитек, Өзү он эки жашында. Которулбай жүрүчү, Ошол чактан ушул чак. Бетине актан бастырып, Желегин кызыл көтөртүп, Шооруктун кылган иши экен, Ойротто жок ушул эл, Он эки түмөн киши экен. Ач кыйкырык - куу сүрөөн, Арстандын атын чакырып: “Үстүртөн тийсем качырып, Төбөдөн ылдый жапырып, Далайы өлөр бей арман, Эрлерин албай элин чаап, Антип жүрүп жоо алган, Ошол эрге эң жаман. Баштыгы чыксын ханы, — деп, Балбаны болсо дагы, — деп, Белдүүсү чыксын эри, — деп, Бешенеме жазганды, Мен көрөйүн деги, — деп, Бекер элге чуу салып, Өлтүрбөйүн бул элди, Түзгө чыксын мейли” – деп, Карап турду Чигитей, Кебелип койбойт апкаарып, Аскери көп немедей. Баштап ханы бир жүргөн, Баатыры бар элдерден, Ийменбеген Чигитей, Эринеби ал чунак, Ителгидей тийгенден. Эстегени хандары, Андан кала бергенде, Беттешсем дейт армансыз, Бар болсо темир кийгени. Арстандан калган чунактын, Келе жаткан үч урук, Тентектигин билбеди, Ач белестин кайкыга, Алды чыгып келди эми. Атка минбей жөө туруп, Келаткан элге угузуп: — Үч жылганы өрдөгөн, Үч уруу сенден эл көрдүм, Түпкүлүк душман шекилдүү, Түрпөтүңдү мен көрдүм, Эр санасаң өзүңдү, Мени сен өзүңдөн өөдө шер көргүн. Эңкейбей Талас бетине, Бурулуп түш келген эл, Талдуу суунун керүүгө, Андан кийин мен бармын, Эсебиң алып бир-бирден, Эдебиңди берүүгө. Чатырың тигип жайланып, Тойгузуп курсак чайланып, Андан кийин, келгендер, Ким экениң билдиргин. Азыр мындай жүргөндө, Сенин кимдигиңди ким билсин! Айтып карап турганы, Алдында келген жедигер, Айбатын билет кыргыздын, Каары өткөн бул журттун, Бурулуп жолго салыптыр, Бөксөлөп барып жедигер, Керүүгө түшүп алыптыр. Аркасынан Оогандык, Ашпай белден шыкаалап, Жедигер кетти кайда? деп, Кетеби элге кайра, деп, Алдыртан сурап калыптыр, Оогандан чаап үч-төртөө, Шооруктан сурай барыптыр. Барса Шоорук муну айтат: — Ашпай белден керүүгө, Кеңири жерге түшкүн, деп, Тээ белде турган киши айтат, Көргөндөн бери караанын, Бүткөн бойум калтылдап, Токтобой кара тер басат, Ошентип турса ач белде, Алдында мунун ким ашат? Тарашанын кыры эле, Чыгучу жолу ушу эле, Сомбилектин Чигитей, Сокмоктуу баатыр чыкты, деп, Кулагым менин укчу эле. Байлалуу турган Тору атты, Барча тоодой мен көрдүм, Жанында турган баатырды, Баарын жутчуу эр көрдүм, Темир шааны өлтүрүп, Хан тактага мингенде, Мен ошол күнү өлгөмүн! Оогандар угуп бурулуп, Ырыскан элден кеп угуп, Бура тартып керүүгө, Барып түштү чубуруп. Аркасынан Кубатай, Жер көрбөгөн Коросон, Айласы барбы чубабай, Аларда барып түшүптүр. Тогуз баатыр, Кубатай, Тобун бузбай аркада, Кийик уулап, аң уулап, Келелек жүргөн чагы бар. Өз жеринде жүргөндө, Күн батыш түштүк жагында, Кубатай баштап онунун, Куусу кулак тундурган, Жылчылык жолго угулган, Бул онунун даңы бар. Илбирс атып, чөө атып, Ийри мойун төө атып, Мастан айуу дегенден, Төрүнөн атып сулатып, Текесин таштан кулатып, Кулжаны тандап атышып, Курбуга койуп чубатып, Кайберенди талкалап, Капчыгайга сулатып, Сонундардын терисин, Сойдуруп алып Кубатай, Балбандарга жыйнатып, Илбирси бар, бөрү бар, Ал жердеги бөрүнүн, Бойоп койгон немедей, Өтө сонун көгү бар. Сүлөсүн бар, чөөсү бар, Түлкүсү бар, суусар бар, Карсак менен кашкулак, Аралашып буда бар. “Жери сонун экен, деп, Алган экен кыргыздар, Ушундай жерди көп ээлеп. Ушул жерде жүргөн жан, Көкүрөгү кең келет, Күүлдөгөн эр келет, Күчү-күчкө уланат, Эркин өскөн элдерди, Канткенде бенде кулатат?” Келе жатат тогуз-он, Өздөрүнчө кобурап, Үстү жакта Чигитей, Айтканын угуп олтурат. Чыгып келди кайкыга, Ашкан из жок алдында, Чубап изи кетиптир, Шымал жакка кайрыла. Жол быйакта экен, деп, Наржагы кандай жер экен, Көрүп кетсек бекен, деп, Бузбай тобун он чоңу, Тарашанын кырына, Чыгып келди тепеңдеп. Аттардын оозун бурушту, Аңырайган чочколор, Кеңколду карап турушту, Койундан дүрбү суурушту, Кеңколду көздөй сунушту. Карап баары калышты, Көрдүңбү деп көргөнүн, Биринен-бири сурашып, Мен көрдүм палан сонун, деп, Жабыла сүйлөп чуулдашып, Кара буура Чаткалдан, Караанын көрүп күмбөздүн, Күзгө жакын ысык кез, Душмандар келген бул мезгил. — Тээ капкара болгон эмине, Агып жаткан булакбы? Түндөсү күйүп жер жарып, Тышкы бетин ыш алып, Же өчүрүп койгон чыракбы? Тааныдыңбы, көрдүңбү? Дайнын анын билдиңби? Бир-биринен сурашты, Күмбөз деп бирөө айталбай, Токтонуп айтып кеп салбай. “Коросондон чыккалы, Колотту көрдүк ар кандай. Түшүндө түндө көрбөсө, Көзү менен ким көрсүн, Башы жети, айак бир, Чалкалап жаткан төр кандай, Чулук-чулук көл кандай, Чуркурап жаткан көлүндө, Өрдөк, чүрөк, каз кандай. Кулжасы жатса төрүндө, Куланы жатса чөлүндө, Өрдөгү жатса көлүндө, Оролуп айбан баспаса. Көйкөлүп жаткан чөбүнө, Көзү тойот көргөн жан, Өнгөн дарак көбүнө.” Көрүнбөйт коргон карааны, Көрүнөө жерин калтырбай, Бир-биринен сурады. “Эми калган кеп болсо, Шоорук хандан угалы. Эгерде Кеңкол бул болсо, Мында туруп нетели, Түн бойунча жетели. Бир жылы жүрүп жай жаткан, Башка жерге козголсо, Өмүр бойу өткүнчө, Бул түшүнөн чыгып кетеби?” Атына минди жабыла, Кубатай зору алдында, Кубатай атын бурган жок, Кол түшкөн жакка барууга. Айткыла барып аскерге, Бүгүн түнөп жай алсын, Эртең менен таң ата, Эл алдында чубасын. Тетиги турган көп бакка, Мен барамын алдында, Бүгүн жалгыз барайын, Бир түнү жатып ал жерге, Көңүлүмдү сергитип, Жол азабын кетирип, Кумардан чыга канайын. Мингени кара кер экен, Байкап көрсө сыйагы, Кубатай мыкты эр экен. Тогуздан бешөөн кетирип, Төртөөн бөлүп ээрчитип, Өзү менен беш болуп, Жерди көрүп Кубатай, Көзү тойуп нес болуп, Калтырбай баарын көрүүгө, Күн батыптыр кеч болуп, Кеңколду көздөй эңкейип, Эми кире берерде, Чигитей жетти кез болуп. — Колуңду таштап талаага, Адында жүргөн сен кимсиң? Жашырбай айтып дайныңды, Жакшы болсоң билдиргин, Чигитей тирүү турганда, Бей чеки киши Таласка, Бет алып буга ким кирсин! Тору ат менен кырданып, Түпөктүү найза ыргалып, Бастырса болбой Кубатай, Кетейин деп чыр салып, Кабылан бала сурады, Кайрылып басчуу неме эмес, Ал кубатай бу дагы. — Чигитей деген ким? – деди. Коросонго ээ болгон, Мен Кубатай бил! – деди. Атамды эстеп кунун кууп, Жүрөгүм ысып желдеди. Ошол үчүн келгемин, Жети төр Кеңкол, Таласты, Талап алып кеткели. Катуу тийди баатырга, Кубатайдын бул кеби, — Сен Кубатай коросон, Мен Чигитей ойлосоң, Бармак түгүл Кеңколго, Кетпейсиң тирүү сен болсоң! Кайра тартпай көрүшкөн, Кажыбай турган эр болсоң, Сундуруп найза тартпагын, Сүрдүү баатыр сен болсоң, Мен деле куруп калайын, Кайратым сенден кем болсом! Атагы чыккан Айкөлдүн, Акыркы уулу мен болсом. Капкайдан чыгып, коросон, Кайгысыз жаткан тынч элге, Карбаластап не келдиң? Эки башка бөлүнгөн, Сени менен үч экен, Ошол кайсы элдериң? Токтоло калып Кубатай: — Тогуз түмөн колум бар, Тогуз баатыр зорум бар, Өзүм менен он элем, Ушул дүйнө жалганды, Оморо турган чагым бар. Аркамдакы эки топ – Алдындакы жедигер, Шоорук деген ханы бар, Аркасы ооган, парыс эле, Ырысканы дагы бар. Угулду, кыргыз, кабарың, Чыдап үйдө жаталбай, Мен чыгып келдим атайын, Караан тутуп ал экөө, Ээрчип келе жатыптыр, Эминесин айтайын. Күүгүм болжол бүрүлдө, Көмө чаап кан ууртап, Көөнүмдө жыргап жатайын. Сары жел артуу туу белде, Салкын жерде жатайын, Кол-бутум сунуп керилип, Уйкунун даамын татайын, Келишкен сонун жер экен, Ыраатын мунун татайын! — Коржоңдобо, Кубатай, Көзүң көрүп бой сергип, Ачылып көөнүң кубанбай, Катылышсаң сен мага, Бөөдө өлүп кетесиң, Эртеңки күнгө чыгалбай. Эрлериң менен бир болгун, Эрлериң менен тең конгун, Эртеңки күнү жарыкта, Армансыз өлүп жоголгун! Кара башың, Кубатай, Кара тоочо болжодуң, Камыштын башы шуудурак, Сени мен как ошончо ойлоном. Өз башыңды, Кубатай, Үстүнкү тоочо болжодуң, Кубарган чөптөр шуудурак, Сени мен ошончолук болжодум. Тартынбай турган Кубатай, Күчаладан таттуу сөз, Чыдап буга туралбай, Найзасын кармап эптенип, Бир көрсөм деп беттешип, Бастырарга калганда, Балтыркан деген бар экен, Далайга чыккан жан экен, Баатырдын бири ал экен: — Хандык өкүм колуңда, Баатырлык бизде, Кубатай, Айткан сөзгө аркылбай, Караңгыда тайынсыз, Кармашып жүрүш ал кандай? Көргөн жериң болбосо, Көнгөн элиң болбосо, Араң чыктык үч күндө, Капчыгайы бул болсо, Кош жаңырык чуулдап, Өйүз-бүйүз зоо болсо, Зоого салса өлөсүң, Чигитей менен беттешип, Кумардан чыгып алалбай, А дүйнөнү көрөсүң. Тилимди ал, Кубатай, Эртең менен беттешип, Кутурган кыргыз Чигитей, Андан кийин жолго сал, Өлтүрбөй туруп бу кулду, Жер каздырып орго сал, Алып барып шаарыңа, Жетимиш темир торго сал, Айттырып каңгай, кытайга, Арасында таңгыт бар, Ошол элден соога ал, Андан кийин бу кулдун, Анан башын кесе сал! Айтып болуп Балтыркан, Бура тартып жөнөдү, Кубатайдын атынын, Артынан түштү бөлөгү, Беттеше албай Кубатай, Колунан кетти өнөгү. Кубатай барса элине, Чатырларын бүктөшүп, Жаккан отун өчүрүп, Жаткан аскер дүрбөшүп, Биз ашучу бел кайсы? Болгун ылдам жүр, дешип, Ызы-чуу түшүп жатыптыр, Баш-аламан сүйлөшүп, Кубатай ханы барганда, Баары калды сүрдөшүп. Шоорук хан келди аңгыча: — Жүрү, баатыр Кубатай, Кошулушуп жүргөлү, Болуп калды күн канча, Биздин кошко баралы, Чатырды тигип болгунча, Бир жайланып алалы. Ырысканды чыкыртып, Жүгүрттү эки баланы. Беттешип келди үч улук, Белдүүдөн он үч олтуруп, Баштан өткөн жумушум, Хан Шоорук өттү кеп уруп. Баары көргөн-билгенин, Барбай кайра келгенин, Балтыркан айтты оллугуп. Ырыскандын ойунда: “Калбаптырмын алдында, Чигитейге жолугуп. Эртең менен эң мурун, Элден мурун барбасам, Эрдемсиген кызталак, Эбин таба салбасам, Мен барам деп алдында, Чыр салат го Кубатай, Байкап көрсөм ар качан.” Кубатайдан Ырыскан, Коруганы Чигитей, Өлтүрөбү, өлөбү, Болжоп аны ким билер? Баарысына Шоорук хан, Бабырап кебин баштады, Баштан-айак бүт айтты, Бала жолборс арстанды, Батай, Катай, Оторду, Тобуке, Дөрбөн ошону. Капасы келди Кубатай: — Кажылдаба, сен Шоорук, Алдыраба, Ырыскан, Айткан кепти сен угуп! Апсана сөздү укпадым, Кубатай атка мен конуп. Эр сайсам атым меники, Оогандан келген Ырыскан, Олжосу болсо сеники. Жери менен элдерин, Жедигерге берели, Менин айткан бул кебим, Ылайыгы келеби? Өздөрүн кыйын эр санап, Шоорук хандын үйүндө, Олжого бөлдү мал-жерди, Барамын деп, барбайым, деп, Ырыскандын оозунан, Дегеле зобан келбеди. Жатып калды кайтышып, Мактанып кебин айтышып, Шоорук хан жатты уктабай, Көз жума албай таң атты. “Көрсөтөт бүгүн Чигитей, Баштагыдай адатты. Темир шаага катышып, Мени мээнет не басты? Же кара киши болбосом, Жети суунун биринде, Катардакы хан болсом, Анан кастык кылсамчы, Же калк ичинде кар болсом, Ажалым жеткен турбайбы, Ойлоп көргөн жан болсом. Бүгүн эптеп турайын, Чигитейди карайын. Эрдемсип кетип баратса, Эртеңки түнү эл жата, Караңгынын кийимин, Калдайта чүмкөп кийинип, Чигитейге барайын, Темир кандын өлгөнүн, Ырысканга шылайын, Өлбөй тирүү туруштун, Бир амалын кылайын.” Коркпогондо неткени, Угулуп турду өңгө элге, Мунун кобурап айткан кептери. Шоорук хандын алдында, Чай кайнатып, от жаккан, Жакшы-жаман кепти уккан, Түбү Талас элинен, Жүрүчү экен Мадана, Кобурап сүйлөп жатканын, Кулагын салып куп тыңшап, Шашпай аста былкылдап, Калтырбай угуп болуптур. Кат билбеген Мадана, Унутуп калам, деп ойлоп, Аз болгондо он айтып, Жаттап муну койуптур. “Бир сууну билген хан турса, Ага ыраазы болбосо, Кыргызга кылып кастыкты, Кылган иши бул турса, Темир шааны сойуптур, Шоорук шаа атка конуптур. Өз атасы чочконун, Асылбача, Бекбача, Далай жылга касташты. Кыйалын бузуп жанбады, Өлтүрүп анан ташташты. Атасы өлсө уулу, деп, Оңолуп кетер мейли, деп, Улук кылса бир сууга, Ушул ишти тапканы.” Айласын таппай Мадана, Кыргызга кебин айткалы, Таң аткынча уктабай, Чыканактап жатпады. Сүрүп чыкты таң атып, Тоо башына күн чалып. Коросон менен оогандык, Мен барам деп майданга, Булар калды талашып. Балтырканы оолугуп, Мен барам деп жулунуп, Угуп туруп Ырыскан, Оңуп өңү бузулуп: — Мен барам, — деп ал турду, - Балтыркан мага кызматкер, Менчелик эмес Ырыскан, Эң алдында мен барам! Кубатай болбой койгону, Куруп калган мадана, Уруша кетсе экен, деп, Кандуу кылыч жанынан, Сууруша кетсе экен, деп, Шайтан айдап иттерди, Сайыша кетсе экен, деп, Өчүгүшүп кеп жебей, Өлүп кетсе экен, деп, Ирмебей тиктеп калыптыр, Жедигердин Шооругу, Жетип ага барыптыр: — Андай эмес, баатырлар, Сен экөөңдүн атаң тең, Өлтүргөн ушул кыргыздар, Менин атам Каракөз, Өлгөн экен кыргыздан. Кулакташып угушуп, Үчөөбүз келе жатабыз, Ат жеткисиз алыстан, Абийириң кетет, эки хан, Жол талашып чабышсаң. Кыргызга уйат болобуз, Кырда турган уулуна, Мунуңар жакшы иш эмес, Койгула, хандар, койгула. Шоорук айтып токтолду, Кубатай менен Ырыскан, Муну тыңшаган киши жок болду. Кеп өтүшүп олтуруп, Найзасын оңдоп Ырыскан, Кубатайга козголду, Кокусунан элөөсүз, Мына мындай иш болду, Козголуп калган Ырыскан, Май сооруга бир койду. Май сооруга найза жеп, Кубатай карап турбады, Ырысканды Кубатай, Капталдан нары урганы. Кубатайдын соорудан, Ырыскандын карчыттан, Кандары чыкты мончоктоп, Канткенде булар туралсын, Кайрат кылбай эр токтоп. Карсылдашып койушуп, Кадимки сайыш болушуп, Алдында минген аттары, Тизгин тартып чойушуп, Найзаны канга чыкташып, Барган сайын өчөшүп, Бирине-бири ыкташып, Кыйгай кармап жарагын, Кыйамына келтирип, Жан айабай мушташып, Кызык уруш мезгилде, Кызыгышкан кезинде, Чигитей келди ал кезде. — Кекенген менде кектүүңөр, Кеңешип туруп бириң кел, Корксоңор жалгыз келгенден, Кошулушуп экөөң кел! Чигитей айтып ийди эле, Кубатай кулак салбады, Ырыскан тыңшап калбады, Басылбады күчөдү, Бул экөөнүн жаңжалы, Бастырып барып Чигитей, Чылбырдан экөөн кармады: — Не болдуңар, баатырлар, Эмне кеп бар айтыңар. Арбын кошуун кол болуп, Үч бөлөк түшкөн эл болуп, Келгениңер жол тартып, Коросон, Ооган жер болуп, Жедигер кошо келиптир, Айланып башы тел болуп, Сайышып калдың не үчүн Талашыңар не болуп? Баатырлык менен Чигитей, Экөөнүн эки колунан, Кармап туруп айтканда, Ашыгып калды Кубатай, Абалкы кебин айтканга. Ырыскан калды толгонуп, Кубатайга каш серпип, Ички сырын айтпаска. Серпкен кашын билген жок, Кубатай кирди оозу шок: — Арага түшкөн сен кимсиң? Урушуп жаткан кишинин, Ортосуна киришкен, Обу жок кандай жиндисиң? Кайдан келген кишисиң? Кагышып жаткан кишинин, Арасында киришкен, Акылсыз кандай кишисиң? Кайдан келе жатасың? Кайсы жакка барасың? Каарым жанбайт меники, Ырыскандан кан ичип, Талап албай кыргыздын, Такоол болгон Таласын, Жедигердин Шооругун, Жеп жутамын баарысын! Кетирейин бул жерде, Тийгизбей колго намысын! Кеңколду айдап көчүрүп, Жедигер менен оогандын, Өкүмөт атын өчүрүп, Жеке жалгыз болбосом, Менин Кубатай атым куурасын! Угуп болуп Чигитей: — Таластакы кыргызда, Канбаган кандай өчүң бар? Баарын ирмеп жутуучу, Ийилбес канча күчүң бар? Үчөөңдү катар жутучу, Мен Чигитей өзүм бар! Байкап турса Мадана, Шоорук хан калды баскалы. Чигитейге жок жерден, Бир шылтоону тапкалы, Өзү кылган иштерди, Ырсканга жапкалы. — Атымды кармап тарткын, — деп, Жигитин Шоорук жумшады. — Өлгөнүң өлүп калгын, — деп, Өлбөгөнгө мен бар! – деп, Койо берип ал экөөн, Чигитей бура тартканы. Көрүп турган Мадана, Торой алдын басканы. Өжөр чыйрак Мадана, Жаш баладай жүгүргөн, Чигитейге жакындап, Чукул кирип келгенде, Көзүнөн жаш төгүлгөн: — Айланайын өзүңдөн, Карааныңды көрдүм мен, Козголоң салган баарыга, Кубатай деп угамын, Кеңештеш киши эмесмин, Эшиткен менин кулагым, Оогандын ханы Ырыскан, Шоорук экөө тилдешип, Темир шааны куруткан. Жесир кылып катынын, Жетим кылып балдарын, Кайгылуу кылып калганын, Муңдуу кылып тууганын, Кубанчы берип душманын, Өз ичине кетирди, Темир шаанын бушманын. Мындан мурун укпапмын, Түндөкү өткөн түнүндө, Шоорук хан бар үйүндө, Ырыскан менен Кубатай, Кычыртып кетти күүгүмдө. Кайта келди бир кезде, Кобурап сүйлөп кеп салат, Уйкуга көзүн ирмесе. Мен кат билбеген кара түрк, Унутуп калам кокус, деп, Он сыйра айтып жаттадым, Сага кандай айтам, деп, Кирпигимди какпадым, Ошондо угуп жүрөмүн, Бул үчөөнүн чогулуп, Бир масилет тапканын. Укканым жок, билбеймин, Темир шаанын өлүгүн, Кай корумга катканын. Атым менин Мадана, Угуп койгун, арстаным. Таластакы кыргыздан, Түп насилим айтайын. Алчын кыргыз уругу, Атам мурун Таласта, Алты жүз үйдүн улугу, Жедигерге барышты, Эр Бекбача буйурду. Жолдо угуп-көргөнүм, Уккун, баатыр, бу болду. Айтканын укту Чигитей, Көрбөгөн Темир баашаны, Мадыбектен угучу, Көбүнчө атын Чигитей. “Арамдык жок кыргызга, Ал кишиде кенедей, Армандуу өлгөн экен, — деп, Кайран баашам ченебей!” Четке чыгып Чигитей, Чендеп көрдү буларды. Кубатай менен Ырыскан, Курчалышып урушкан, Баш тарткан жок кайрылып, Алдындакы жумуштан. Жан айабай салышып, Жамбаштан канды агызып, Чыдаштык кылбай темирлер, Быркыратып чабышып, Колунда жарак жок калып, Койгулашып киришти, Камчы менен салышып, Коросондон Балтыркан, Кокус баатыр неме экен, Коросондун ичинде, Мен жалгызмын, дээр экен. “ Ырыскан менен Кубатай, Буларды карап турамбы, Көмө чаап алайын, Кыргыздан келген кыйынсып, Тээ муштумдай болгон баланы!” Кийгени көпкөк темирден, Сүрөтү киши шекилдүү, Кеми жок бойу сеңирден, Үңкүр кабак, кең таноо, Ичине эңшер, дүмчүк бел, Кишиден башка неме экен, Турган жерден бурулуп, Кел Чигитей, кел! деген, Кулакка кеби угулуп, Кайра тарта басканда, Улугу анын Кубатай, Кулагы угуп калыптыр: — Кулжуңдаган чунак кул, Менден болбой уруксат, Барар болсоң кыргызга, Убара болбой жата тур, Кой, Балтыркан кой! – деди. Кубатай айткан кептерин, Ал кутурган Балтыркан, Кулагына илбеди, Чигитейди келгин деп, Атынын оозун имерди. Бура тарта бергенде, Качырып келип Кубатай, Көмө сайып жиберди. Укпаган кулдун кулагы, Сагынган өлүм убагы, Коборбой туруп Кубатай, Басып туруп мууздады. Кайра атына жабышып, Ырыскан менен Кубатай, Жана кетти чабышып. Темир шааны эстенип, Эр Чигитей кайышып: — Жедигердин Шоорук хан, Кел бери сен эр болсоң! Падыша Темир не болду, Жообун берчи сен болсоң! Бир сууга сени хан деген, Абам айтчуу Мадыбек, Жетисууну башкарган, Темир бааша бар деген. Коросон менен Ооганга, Кошуп берип буларга, Сени кимдер бар деген? Айтарына кеп таппай, Апкаарып Шоорук тердеди, Токтолуп калды былк этпей, Мадана жетип келгени: — Айланайын чырагым, Атадан артык чунагым, Эл намысын талашып, Атка минген убагың, Каңгайды сайып жеңди, деп, Каттоочудан угамын. Билесиң, баатыр эр жигит, Ортодо жердин ыраагын. Айтпадымбы жана эле, Темир шааны Шооруктан, Эминесин сурадың? Башын алсаң бааша сен, Башын катса банаа сен, Ийбелген жок баашага, Күрмөөгө тили келбеди, Шоорукта эми ал канча? Өлтүрсөң өзүң билесиң, Өлтүрүп таштап Шоорукту, Өкүмдү берип бирөөнө, Айдасаң айдап ийесиң. Жетисууда жедигер, Жери, баатыр, сеники, Жети суу толуп жайкалган, Эли, баатыр, сеники, Илгертен бери кас чыккан, Теңдеше албай пас чыккан, Эри, баатыр, сеники, Толтойдон бери карата, Теги, баатыр, сеники. “Түбү бирге кошулат, Учу бирге жазылат” Айтар кебим мына бул. Түбүбүз бирге эмесби, Бу түгөнгүр меники, Кубатай менен Ырыскан, Кимиси жеңип ким алат, Урушуп жатса ал экөө, Талап алсаң жедигер, Атага наалат ат калат, Өзүңө калат жаман ат, Сабыр кылып байкап тур, Айагы болот кандайрак. Мадана айтып болгону, Байкап туруп Чигитей, Баарын акыл болжоду, Кычырбай кайра Шоорукту, Унуткан болуп жөн койду. Ырыскан менен Кубатай, Күүгүм кирип кеткинче, Сайышып чыкты түк тынбай. Көз байланган бурүлдө, Күдүңдөп кайра жанышты, Кош-кошуна барышты. Жедигердин Шоорук хан, Караңгынын чапанын, Калкалап башка жамынып, Кылганы түшүп эсине, Кыйаматтык кыл боолук, Мойнуна калды тагылып. Кубатай менен Ырыскан – Ал экөөнө жолугуп, Айтып таттуу далай сөз, Бир чатырга чогулуп, Жараштырды экөөнү, Үчөө бирге болушуп, Ортого окту койушуп, Чигитейге беттешмек, Чың кайрат менен чогулуп. Жашы кары Шооруктун, Далай акыл ойлоптур, Ойлогонун, акылын, Айтпай элге койбоптур: — Кубатай менен Ырыскан, Ырысыма табылдың, Басыранды киши элем, Шоорук хан деп ат берип, Абийрим менин жабылдым, Ооган менен коросон, Колуңда экөөң элиң бар, Кулагың салып уккула, Айтар менин кебим бар. Эби келсе силерге, Бирден-бирден барбаңар, Алы канча, жай канча, Коросондук балбандан, Сегизи бар дапдайар, Үчөө-төртөөн жумшаңар, Байкап туруп баатырдан. Чигитейди сынап кал, Мен уккамын кабардан, Кудай урсун Чигитей, Өтө кыйын жаман ал. Угушумча Чигитей, Кудай бетин салбасын, Утур келип ошого, Жумуру баш калбасын! Каңгайдакы көп элди, Кан какшатты деп келди, Беттешип бенде чыгалбай, Камалып калды деп келди. Эми бүгүн Чигитей, Сен экөөңө кез келди. Бирден-бирден барганда, Эрлик жолун талашып, Биз калбайлы ушинтип, Өлүм жагын карашып. Аскер келип айылга, Чигитей калды жаны ачып. Жекелешип жүрбөйлү, Жекеге барып бир-бирден, Өлүп кетип кокустан, Жетелешип жүрбөйлү. Үч бөлөлү аскерди, Санап туруп бул элди, Жиберели кыр-кырга, Туйгузбастан билгенди. Айлана курчап тулгадай, Үч тараптан кирели. Ичи ачып, боор ооруп, Кары-жашы дебестен, Утуру келген немесин, Боорунан кармап тилели, Тулпарын кармап минели, Тузуна мунун сийели, Манасынын күмбөзүн, Отко жагып ийели, Коңурбай кирбес сыр коргон, Колбуп биздер кирели, Кыздарын катын кылалы, Уланын жумшап тыналы, Орто жаш акыл тапчуусун, Силерге, балдар, эп келсе, Бирөөн койбой кыралы. Үч тараптан тийгенде, Өз ичинен чыкпайбы, Айталбай дарттуу бар болсо, Ичине батпай убайы. Бузулса кокус биз үчүн, Бул кыргыз мууну бошоочу, Кубат кыла каларбыз, Кошула келген ошону. Кубатай, Ырыс, Шооруктун, Масилети токтоду, Кайта келип туйгузбай, Аскерин булар жоктоду. Шоорук келсе аскерге, Маданасы жок болду. Чыгып Шоорук кеткенде, Чыдай албай Мадана, Чатырынын тушуна, Чуркаган бойдон жетти эле. Угуп алды бар кебин, Шоорук кайра басканда, Чатырга кайра келе албай, Чигитей тапсам айтам, деп, Табалбасам баатырды, Таласка барсам табам, деп, Арамдын ушул кептерин, Баатырга барып айтпасам, Канткенде карал табам, деп, Чигитейге барам, деп, Жөлөндү төшкө карагын. Чигитей издеп баратып, Алдынан бирөө жолукту, Минген атын жаратып. Таанышпаган ал экөө, Бирин-бири карашып, Мадана байкуш жөө басып, Сүрүп кетти таң атып. Алы-жайын сурашты, Аттуу келген адамзат, Мадана жайын сурады. Жашырган жок Мадана, Баары Талас эли деп: — Баатырды издеп келатам, Менден уксаң кебим, — деп, Учураган аттуу жан, Ал Мөңкөтай болучу, Кийик уулап уулу жок, Издеп жүргөн болучу. — Менин жайым сурасаң, Чигитейдин агасы, Чымындай сырды жашырбас, Чечекейдин карасы, Барыбызга баш баана, Баатыр Манас баласы. Кай кеткенин билбеймин, Үч-төрт күн болуп баратат, Көрүнгөн жок карааны. Угуп болуп Мадана, Өз башынан өткөндү, Ортодо болгон кептерди, Такыр айтып бергени. Угуп болуп Мөңкөтай, Оңунан келген экен, деп, Кантип турат кубанбай: — Андай болсо, Мадана, Баралбасаң Шоорукка, Эңиш тартып баса бер, Кыргыз эли өтө кең, Утуру келген кыргыздын, Эшигин коркпой ача бер, Жайлуу жерге кез келсең, Чалкаңдан түшүп жата бер, Бизден укса кабарды, Кош аттап киши чаптырып, Алдырып кетер Чигитей. Деп Мөңкөтай далбастап, Учкаштырып албастан, Оголе жаман шашканы, Мадананы туу белге, Кебин угуп таштады. “Кечикпей үйгө жетем, — деп, Өөдө-төмөн кеп кылса, Чаар ичигин жамынган, Мадыбекти кекетип, Жазайын колго берсем, — деп, Алжан, алчын бир элек, Эки уруктун ичинен, Бөлүп турсам экен, — деп, Анан мыктысынган Чигитей, Карап турсам экен” — деп, Ат айабай кайра чаап, Айылына жете барыптыр. Алжан, алчын уруусун, Аксакал менен жакшысын, Айылды билген башчысын, Кишиге жакын ыктуусун, Тилге жакын шыктуусун, Балта чабар мыктуусун, Өзүнө тайын Мөңкөтай, Чыкыртып алды үйүнө, Мадыбектин айылына, Аңдуучу киши койдурду, Маданадан укканын, Буларга айтып олтурду: — Алжан, алчын – эки урук, Сыртынан кыргыз биз болуп, Жашырбай чынын айтканда, Баш көтөртпөй барыңды, Мадыбекке кул болуп, Сомбилектин Чигитей, Ага бакма уул болуп, Кечээ жарадар болуп келгенде, Көөнүмдөн кеткис меники, Мадыбек айткан кептери, Айрыкча кетпейт көөнүмдөн, Мадыбекти кубаттап, Көкөй катын иштери. Чигитейге жөлөнүп, Казак катын тилдеди. Айталбай, балдар, жүргөмүн, Арыктап кеттим санааркап, Абайлап, балдар, билбедиң. Бүгүнкү кырда талаада, Маданага жолугуп, Уккан кебим бул болуп, Кычырып эми олтурам, Баарыңарды чогултуп. Үч белден ашып калың кол, Үркөрдөй кирет Кеңколго, Биз эмине кылабыз, Эй, жигиттер, ошондо? Аксакалы Мөңкөтай, Абыдан кеңеш салыптыр, Кутурган экен боз улан, — Болду, болду, ага! – деп, Бөлүнүшө калыптыр. Укурук боолук алышып, Өлчөп минчүү аттарын, Кармап келе калышып, Кетичүдөй эми эле, Чигитей менен чабышып, Алжан-алчын – эки урук, Тайарланып калыптыр. Бузулмак ичтен биздерге, Мурунтан калган нарыктыр. Муну мындай таштайлы, Чигитейдин жоолорун, Жеңгенинен баштайлы.