Калдык баштаган чапкынчылардын Таласка кол салышы
Алды-аркасы качкандар, Бирин-бири карашып, Күйүшүп жүрүп табышты, Катышып келип кыргыздан, Катыгүн кордук көрдүк, деп, Бабырап кебин салышты, Жайма сүйлөп жажалап, Жаагы талып калышты. “Беш жылдык дедик болжолду, Жата берсек болобу? Кайра келип үч жылда, Таласка кайкап тололу, Жедигердин Каракөз, Өмүржандын Кызылкыз, Аны издеп баргын” деп, Айды аркандап кат кылды, Калбай баары келишке, Ок тиштешип ант кылды, Чырпык кыркып шарт кылды, Бир жандары муздашып, Колдорун такыр кан кылды, Бузулбастык иш кылып, Көңүлдөрүн жай кылды. Баш кошоор жери алтоонун, Чоң Таластын талаасы, Жеңип алчу душманы, Шер Манастын баласы, Эми келип кырылат, Мурун калып чаласы, Таласка бутун малдырбайт, Кененимдин санаасы. Бактыбайга тапшырды, Алты калаа Нарынга, Алты шаар Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Кетмен-Төбө булардан, Кабар алып турушка. Жеркен, Хотен, Кашкарга, Лопнур, Арал буларга, Беш балыктын баарына, Манас, Баркөл, Турпанга, Алтайда казак калкына, Аласы жок жалпыга, Ачык кылды жарыйа: “Бизге кылба жардамды, Тайар болгун баарыңар, Өзүңдү сактап калышка. Иленин бойу агынга, Чөйчөк менен кулжага, Үч-Каркыра, Капарга, Нар жакта Каңгай, муңгулда, Алтымыш уруу алашка, Кастарын тиккен хандар бар, Караан болуп каңгайга, Келүүчү манжу жана бар, Түштүктөн келчү элиңе, Ат бастырып жериңе, Коросон, испан, тажик бар, Кыйпач батыш тарапта, Жедигер бар, маңгыт бар, Маңгыт менен келүүчү, Уусун менен таңгут бар. Урумдакы кыргыздар, Астубалдын адырда, Аргын, алчын кыргыздар, Таланга малың кетпесин, Маңгыт менен уусунга. Кар кылбастан жаныңды, Талан кылбай малыңды, Такыр бөлүп багып ал, Алаш уулу дегенге, Айыгышты алты хан.” Кабар кылган жерлерге, Алты хан эли айтылган, Батыш менен чыгыштан, Калбай алаш угушкан. Түндүк менен түштүктөн, Кабар кылган бүт элден, Маңгыт менен жедигер, Бул эмине иши, деп, Сүйлөнгөнү дагы бар. Коросон менен испанды, Курутамын аны деп, Күүлөнгөнү дагы бар. Муңгул менен тажик деп, Тентип кетет тажиктер, Муңгулчалык эмес деп, Ойрон болгон уусунду, Астынбал, Урум кыргызы, Жоготом деп ушуну, Күүлөнүшүп басылды, Кыйкырышып үйүндө, Куршуктары жазылды, Колунда малын асырап, Эл камынып алыптыр, Элине берип кеп-кеңеш, Хан камынып алыптыр, Жедигердин Каракөз, Кызылкызга барыптыр: — Кылымдын баарын кыйнаган, Кыргыз деген журт экен. Жедигер, испан, маңгыттан, Коросон, тажик, муңгулдан, Куралышып алты хан, Таласка бардык биз мындан. Барган менен биздерге, Келбеди өзү Кененим, Жибериптир жапжалгыз, Асылбача дегенин. Баатырдын баарын жалмады, Алты хандын ичинде, Баш көтөрөр калбады, Бактыбай ага кошулуп, Баарыбызды Таластан, Тамандатпай айдады. Коросон, испан, муңгулда, Далай баатыр бар эле, Биз кыргызга барганда, Жедигер, маңгыт, тажикте, Тентектер кыйла бар эле, Тең келбеди дегеле. Күнү-түнү Асылга, Көкбөрү менен хан Калдык, Тең жабышты баатырга. Он бештеги Асылга, Ошончо журт таң калдык, Бир Асылга тең келбей, Баш айланып сандалдык. Беш жылдык мөөнөт биз алдык, Үч жылда кайра Таласка, Баралы деп алты хан, Убада кылып тарадык. Өзүңдөн башка, Кызылкыз, Кимге арыз айтабыз? Алты хандын атынан, Алдыңа келдим Каракөз, Арыз айткан сөздү уксаң, Алты хандан ушул сөз. Жалаңгыч сарык Кененим, Барбаган жери калбаптыр, Жакшы-жаман, кары-жаш, Карасы, ханы аралаш, Бет келгенин жалмаптыр, Сыйкырдан Жүйрүн баш болуп, Күн батыштын сегиз дөө, Алы келе албаптыр. Калдагай кулак Чойун алып, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Каңгайлыктын хан Чиктей, Тажиктердин Темирбек, Коросондун Дабытай, Испандыктын Ачакан, Маңгыттардын Саламат, Бир урушта сегиздин, Бирин койбой аймаптыр, Жантайагы Бактыбай, Жакын ээрчип жандаптыр. Атасынан ашырып, Уулу Сейит бир барып, Күн батыштын элинен, Хан Сулаймат, Карадөө, Алыке менен Шатыке, Шукшурма менен Суктанма, Калыбектин хан Калча, Азыркы жүргөн бендеден, Кара тоодой бир барча, Кара аскерден санак жок, Жөө тумандай сан канча, Карадөөнүн кенжесин, Аларга салган азабын, Сейитимдин казабын, Бенденин көзү көрбөсүн! Сулаймат кызы Кылжыке, Катын кылып алыптыр, Кылжыкеден эки уул, Сейитимден калыптыр. Аз келгенсип Сейити, Жедигерге жетиптир, Желмогузду жеңиптир, Жаманбай деген кишиге, Кубулгени бериптир. Желмогуздун шарты экен, Ата-баба наркы экен, Алып берсе адамга, Туубай калыш салты экен, Желмогуз жок бу күндө, Себебин уксаң ал экен, Сейитимдин эки уулдун, Бири Асылбача экен, Биз карчаштык тогуз ай, Камаарабайт, камыкпайт, Ашкере баатыр ал экен, Иниси экен Бекбача, Караанын көрдүк келбеди, Бизди бенде дебеди, Бейлебеди, билбеди, Кирпигине илбеди, Камаарап койбойт кенедей, Калдайып алты хан турсак, Бучкагына теңебей. Кененим өзү бар экен, Кара баштуу бенденин, Опол тоосу ал экен, Манастын калган тукуму, Мактаганча бар экен. Манастан калган белекке, Сандолун деген замбирек, Бир мылтыгы бар экен, Баарыдан жаман ал экен. Коргонду кармап барганда, Хан Калдыкка бир атты, Кырк миң аскер колуна, Эки жүз киши кутулду, Калганын такыр кыйратты. Сыйкырга айла кылыптыр, Шаддаттан калган көк күмбөз, Көөхарын алып чыгыптыр... Көк күмбөздүн көөхарын, Алып чыкты дегенде, Кер-сары болуп Кызылкыз, Өңү нечен кубулуп, Токтоно албай ушул кыз: — Искендер беттеп барбаган, Күмбөздү бузуп албаган, Кандай алды кыргыздар? Жер бетинде сыйкырдын, Түптүйүнү ал эле, Кыргызга айла жок экен, Бузуп алса аны эле, Он беш жыл сыйкыр үйрөндүм, Жалгыз мен деп жүргөмүн, Кыргыздын андай экенин, Укпадым да, билбедим. Атайын келсең Каракөз, Сени менен барайын, Кандай экен кыргыздын, Амалын көрүп алайын, Күмбөзүн эмес Манастын, Көрүн издеп табайын, Таап чыгып дардайтып, Талаага сүйрөп салайын. Угуп тургун Каракөз, Дөөлөр менен бет келдим, Баарын такыр мен жеңдим. Жин менен жүрөм аралаш, Албарсты менен азыткы, Кызматым кылат каралап, Кошомат кылып кош колдоп, Жанын сактап жан багат, Эгер андай кылбаса, Кутулуп менден ким калат? Көлгө кирсем кайыкмын, Деңизге кирсем балыкмын, Булутту минем ат кылып, Жүрөгүн алам ар кимдин, Кур чагылган чактырып, Музду калап от жагам, Агып сууну сүт кылам, Заңкайган тоону түз кылам, Кумсарган кумду көл кылам, Аккан сууну чөл кылам, Кыйалыма келгенди, Кандай кылсам мен кылам, Анык билем Манастын, Сайып кыраан экенин, Ошол жактан шек кылам. Кытайдан келген Алмамбет, Ала келген эт көйнөк, Гүлчоро ала кетпесе, Андан коркуп мен турам, Отко салса күйбөгөн, Ар канча кылса аракет, Көйнөккө дуба жүрбөгөн, Сел каптаса барбаган, Агызып кете албаган, Тоо кылса топук болбогон, Жер жүзүнүн сыйкыры, Эт көйнөккө жол койгон, Касиети көйнөктүн, Измаазам менен тордолгон. Кир бетине турбаган, Азирети Жакыптын, Көз жашы менен жуулган, Кыргызга сыйкыр жүрбөсө, Ошол барбы деп турам, Жүргүн, мейли баралы, Бир амалды мен кылам, Кызылкыздын ушундай, Ооздон чыккан сөздөрү, Каракөздүн алдынан, Өтүп турду көз көрдү. Каракөздүн ошондо, Көңүлү өсүп жетилип, Эбедени эзилип, Кыргызды жеңип алам, деп, Жүрөктүн чери чечилип, Жүрөгүнө курч байлап, Чыңдады белин мекийип. Күн болжоду Кызылкыз: