Асылбачанын тизгин алышы, кыргыздардын жыргалы
Элчилер кайтып келиптир, Оозчо айткан кептерин, Бир-бирден айтып бериптир. Алты хан абдан кеп угуп, — Кененимдин чоңдугу, Баш жутуучу зордугу, Хан катары көрбөгөн, Бул эмине кордугу! Деп Калдык катуу күүлөндү, Коргондо жаткан баатырга, Каймана сырттан сүйлөндү, Жамгырда аккан кыйандай, Бузулуп өңү түрдөндү: — Мен хан Калдык айтамын, Кулак салып угуңар, Айтканды кабыл кылыңар, Карап минтип турбаңар, Аттангыла баарыңар, Беш жылды болжоп кетти, деп, Эндекей калды кыргыздар. Мен барайын коргонго, Көкбөрү бар күмбөзгө, Тете, Салаа, Каракөз, Аралап баргын элдерге. Кабарлашып туралы, Киши койуп ар жерге, Жөнөп кете берели, Кара жанга күч келсе. Качып жолго салалы, Өзүбүз айткан беш жылды, Болжол кылып алалы, Бадакшан менен балыктын, Арасында Куукумга, Биз чогулуп баралы. Хан Калдыктын кеби, деп, Абыдан келип эби, деп, Коросон, испан, жедигер, Күмбөздү көздөй жөнөдү. Тажиктердин Көкбөрү, Эл аралап жөнөдү, Элдин ичин көргөлү, Колунан келсе кыргызды, Тирүүлөй жерге көмгөлү, Маңгыттардын хан Калдык, Кырк миң аскер кол менен, Коргонго барды калдайып. Мындан мурун сүмбөлөп, Сандолунду аткалы, Сайып койгон коргондо, Дарбазанын оозунда, Алтымыш катар терекке Алып келип таңдырды. Кунан уйдай огу бар, Тышын темир каптаган, Жигин киши таппаган. Копурук менен кулатып, Сандолунга салдырды, Куржун башы дарыны, Кулагына куйдурду, Колодон кылган сүмбөнү, Кулдуратып аркадан, Окту чындап урдурду. Нуршабдар менен от берди, Атканда дүйнө солк деди, Каптаган темир жарылып, Жайнаган сансыз ок кетти. Чайпалып көлдүн деңизи, Чайкалып тоонун эгизи, Кырк миң аскер маңгыттан, Хан Калдык баштап жүз киши, Бир четинде калыптыр, Калган кырк миң аскерди, Сандолун огу алыптыр, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Хан Калдык качып кетиптир, Тете, Салаа, Каракөз, Саранжа, төртөө биригип, Күмбөзгө булар жетиптир. Сандолун үнү угулду, Бизди атып жатат деп, Саргарып өңү кубулду. Алды–аркасын карабай, Кайра тартып чу койду. Артынан түштү Бактыбай, Алдынан Асыл шер чыкты, Хандары колго кирбеди, Асыл менен Бактыбай, Карапайым аскерге Калганына тийбеди. Кабар угуп ал элден, Тажиктердин Көкбөрү, Эл аралап кетти деп, “Элге бүлүк салбасын, Элден олжо албасын, Белдүү тажик Көкбөрү, Кыргызга кыргын салбасын, Кырылып кыргыз калбасын”, Дегенди ойго алышып, Асыл менен Бактыбай, Ат күлүгүн айабай, Айап жанын калалбай, Бирине-бири карабай, Кеңкол өрдөп жөнөдү, Ашмурабаш жети түр, Ишенбесең барып көр, Майбулак менен жаакташ, Арасында талаада, Орунбайдын миң балбан, Аралашып аларга, Тажиктердин Көкбөрү, Калбалашып жатыптыр, Бирден чыгып жекеге, Бөлүнгөндөн чекеге, Кыргыздардын кырк балбан, Кызыл канга батыптыр, Кыйрап өлүп жатыптыр. Орунбай баштап миң балбан, Чын шаштысы кетиптир, Кысталаңда кыргызга, Бактыбай андан жетиптир. Өкүргөндөн бакырып, Өрүктүн башын жапырып, Айкырыгын ашырып, Алманын башын жапырып, Манастап ураан чакырып, Манастын аты чыкканда, Бактыбай үнүн укканда, Тажиктердин Көкбөрү, Алып учуп жүрөгү, Ал Бактыбай баатырдын, Алдына утур келгени, Колундагы найзаны, Оңдоп кармап сермеди. Күүлөп найза сундурду, Күүсү кулак тундурду, Бар кайратын чогултуп, Бактыбайга бет бурду. Темирбек деп бакырып, Катуу найза сундурду. Бактыбай карап турабы, Балакет найза колго алды, Машыгып кеткен эрендер, Башын тартпас өлүмдөн, Баш жутуучу берендер, Найзаларын кагышып, Кайта-кайта сайышып, Найзаны таштап салышып, Чокморлорун алышып, Колтуктарын чойушуп, Чокудан нары койушуп, Акакташып турушту, Тилдерин салып солушуп. Айбалтасын алышып, Айанбастан чабышып, Найзанын учу такылдап, Чокмор тийип шакылдап, Айбалтанын уңгусу, Туулгага чакылдап, Бактыбайдан Көкбөрү, Өөдөлүк кылат кысталак, Көрүп туруп бул ишти, Кыргыздын эли кысталат. Ачып көзүн бардашып, Ажыдаардай арбашып, Алар антип жатканда, Аскердин баары кырылып, Жүз кишисин ээрчитип, Хан Калдык кайра качканда, Кайраттуу канкор Кененим, “Бактыбай, Асыл нетти экен, Күмбөзгө барып келемин, Кай тарапка кетти экен?” Деп күмбөздөн из чалып, Күмбөздөн көөнү тынч алып, Бактыбай менен Асылдын, Атынын изин чалыптыр, Ашмурага барыптыр, Келе жаткан ат изи, Эки айрылып калыптыр. Топчу кулак кер аттын, Изи ушул экен, деп Кененим жөнөп калыптыр. Келе берсин Кененим, Берен бала Асылдын, Кебинен айтып берейин. Майбулак өрдөп басыптыр, Бурана менен Төө жайлоо, Суусамыр менен Тараша, Такыр элге барыптыр, Элден кабар алыптыр. Калтырбай бара кетем, деп, Бөкөнүн бөксө жол менен, Үч Кошой, Сарыкоо менен, Капка менен Эчкилик, Калдырак Кара тоо менен, Маңдай жагы кең тескей, Жергенин сары талаасы, Жерин чардап эл көрүп, Кыргыздын кыраан баласы, Жаакташка барыптыр, Майбулак менен Жаакташ, Кошулушкан тумшуктан, Чыга калса кокустан, Бактыбайды дардайтып, Көкбөрү сайып салыптыр, Кылычын тартып кынынан, Баш кескели калыптыр! Кайран Асыл ошондо: “Кара кыргыз калкына, Кадыры өткөн жан эле, Канча атасы хан эле, Сайдырыптыр тажикке, Жер тайанбас жан эле!” Дегенди ойлоп Манастап, Бакырып баатыр сүрдөнүп, Көкбөрүгө чаптырбай, Ажыратып кеткени, Айтылып калды ыр болуп, Аңгемелүү кептери. Топчу кулак кер атка, Бактыбайды мингизип, Баатырлыгын билгизип, Бала баатыр барбаңдап, Пайдасын элге тийгизип. Бактыбайдын карчытка, Найзанын учу тийиптир, Кере карыш төрт эли, Ичкерилеп кириптир. Бактыбайды эр Асыл, Орунбайга тапшырып, Коргонго алып баргын, деп, Жүрүп кетти жаш арстан, Бачымдата бастырып, Аңгычакты Көкбөрү, Оозунан ашын алдырып, Эси оогандай далайга, Карап калып далыйып, Кылычы жалаң колунда, Кыйкырыгы таш жарып, Асылга тийди качырып, Кыргыздын кыраан Асылы, Камаарап койбойт шашылып, Келе жатат Кененим, Учурап калды Орунбай, Опсуз жаман шашылыш, Кененимди көргөндө, Аттан түштү ашыгыш. Көзүнөн жашын имерди: — Жарадар болду Бактыбай, Алып келе жатам, — деп, Болгон жумуш баарысын, Баарын айтып жиберди, - Атама алып бар дедим, Кара кыргыз калкына, Кадыры өткөн жан дедим. Көргөн жерде Кененим, Карап көрүп жарасын, Мен табам деп, чарасын, Эбеп менен себептен, Эзип туруп чапканы, Кабыгы менен кайыңды, Тышынан аны чаптады. Медет менен кубаттан, Эзип туруп ичирди. Дары куйуп жарага, Агызбай канын катырды. Атка минсе, болбойт, деп, Анда иши оңбойт, деп, Зембилге салып, көтөртүп, Коргонго алып жөнөттү. Алып барып жаткызып, Кашкулак менен кажырдын, Өтүн сурап таптырып, Түлкүнүн өтүн коштуруп, Бириктирип ийлетип, Ууга сугарткан найза экен, Мөшкөй уйду салдырып, Күнүгө үч маал ичирип, Бээнин сүтүн алдырып, Чоң чарага куйдуруп, Бактыбайды салдырып: — Буткул сууну жердеген, Кургак жерге келбеген, Сырты кара, боору ак, Суучулдук деген чымчык бар, Андан кармап келиңер, Жүнүн жулуп алгыла, Күнгө жайа салгыла, Чай кайнамда какжырайт, Талкан кылып тарткыла, Жараатына чапкыла, Сүт тикенден тергиле, Кайнатып туруп бергиле. Тапшырып Кенен баарыны, Кырма кызыл дарыны, Кайнатма кара дарыны, Катырып койгон сарыны, Адырашман, эрменден, Жашыл мийа дегенди, Кылтырык арпа, медийан, Ошолордун баарынан, Даны бар чөптөн чогултуп, Жетимиш эки уруудан, Чогулутуп туруп катырды, Күндө берип үч талдан, Бактыбайды бактырып. Үнү ичке таратпай, Берген сүт тышка кеткени. Таратып этин карартпай, Саалган сүт тартып кеткени, Айтса жомок ыр экен, Байыркынын кептери. Күндө бирден мууздатып, Канын берди кептердин. Күнү кыркка толгондо, Туруп кетти Бактыбай, Сак сакайтты Кененим, Этинде так калтырбай. Баатыр Асыл, Көкбөрү, Бешимгече салышты, Андай кезде Көкбөрү, Арамдык ойлоп алышы. Камчысын булгап имерди, Каптатып элин жиберди, Тополоң чаңда билинбей, Качып жолго киргени, Аралашкан жоо менен, Асыл муну билбеди, Өздөрүнүн тилинче, Бир кишиси сүйлөдү. Топ-топ болуп качыптыр, Туш келгендей басыптыр, Кеч киргенде урунбай, Асылды карай барыптыр, Түн ичинде уу-чууга, Аралашып калыптыр. Эртең менен Орунбай, Эл өлчөөсүн караса, Элүүчө киши калыптыр. Элди Асыл көргөнү, Көкбөрүнүн артына, Из кубалай жөнөдү. Орунбай элүү кишини, Айдап алып кетиптир, Кененимге жетиптир. Кепти угуп Кененим, Кайда кетти зоруң? — деп, Тажиктерден сурады. Көкбөрүнүн кеткенин, Элге айткан кептерин, Баарын укту Кененим. Жылбас деген бир ат бар, Сөөгү начар, чабал мал, Болбосо анда канат бар. Күлүктүгү Жылбастын, Мааникерден кем эмес, Тулку бойу Жылбастын, Тотучалык деги эмес. Тайчабар деген бар эле, Бирин-серин муруту, Ак ала болгон чак эле, Орто бойлуу он жашар, Балачалык бар эле, Так ошого Кенендин, Айткан кеби бул эле: — Жылбасты мин, Тайчабар, Узатпастан Асылдын, Изин кууп жетип бар, Атаң кайтсын деди деп, Менин кебим айтып бар. Алты күндүн алдында, Беш жылдык мөөнөттү мен берсем, Айткандан кайткан боломун. Тилимди алып Таласка, Кайтып келсин кулунум. Мен Кененим болголу, Жаза сүйлөп көрбөдүм, Айтып баргын, Тайчабар, Кайтып келсин бөбөгүң. Тайчабар кетти жээлигип, Илбирстен качкан эликтей, Жылбас барат элирип. Бешимде жетти Тайчабар, Майторудай бууданга, Кененим кебин угузду, Асыл өңдүү балага, Кайаша айтар чама жок, Касийеттүү атага, Бура тартып жөнөдү, Кайра артына Таласка, Тайчабар, Асыл жанаша, Көргөн элең тамаша, Учурады беш жейрен, Жолдо кетип баратса. Жылбас менен Тайчабар, Тепсетип алды баарысын. Бешөөнү Асыл байланды, Күүгүм кире Таласка, Коргонго жетип барганы, Эр Кененим төрөгө, Салам айтып калганы. Алик алып саламды, Бир карады баланы, Кармашкандан кажыбас, Болгон экен убагы, Жыйырма бештей толуптур, Ошол кезде курамы. — Кайсы жерде жеттиң? — деп, Тайчабардан сурады, - Сен жеткенде Асылга, Күндүн кайсы убагы? — Жетисуунун белинде, Жедигердин элинде, Анда жеттим бешимде. Келе жатып жейрен кууп, Шамда келдим бул жерге. Эшикке чыгып Кененим, Аттарды барып караса, Сары тап болуп байлоодо, Жайы-кышы турган Жылбасы, Сууга салган чычкандай, Майторуну караса, Жылма тер болуп көөдөнү, Боор этине кетпептир, Карчытка тери жетпептир. Тулпарлыгы билинди, Билгизбей Кенен сынаса, Сынаганын ким билди, Майторуга эр Асыл, Күрүчтөн жемди илдирди, Кара суудан каптырды, Алып келип астырды. Мындай таптап Тору атты, Мингенден тартып көндүрдү. Атты таптап Асылым, Аттын сырын алыптыр, Элине кылып кызматты, Эмгеги менен жагыптыр. Кайта кирип кененим, Минтип айтып калыптыр: — Алпештеген кулунум, Кубатысың муунумдун, Белге таңуум, медерим, Беренден калган белегим, Он беш жаштан бер жакка, Элиңе тийди керегиң. Кыйбастыгың билдирдиң, Кел десем кайра келгениң, Мындан кийин кулунум, Эл багар ишин саа бердим, Эч кайда баспай жан багыш, Жатаар ишин маа бергин. Хан катары арамдар, Кат жазып элчи жиберди, Беш жылдык мөөнөт мен бердим, Убада сөзгө туралбайт, Болжоп койдум ой менен, Үч жылда кайра келерин. Үч жылда келет алты арам, Арбагы Манас жар болсо, Жазасын бергин, сен, балам, Келе албаса үч жылда, Беш жылдык болжол Бадакшан, Сени менен мен барам. Барган менен кулунум, Эрдигиңди талашпайм, Эч ишиңе карашпайм, Өмүржандын Кызылкыз, Алып келет алты хан. Сыйкырга өтсө Кызылкыз, Байкап көрүп чамасын, Азизхандын Алмамбет, Ала келген эт көйнөк, Аны сага тапшырам. Көйнөктү чечип кийгизем, Көкжалдан калган белектин, Кысылса тийсе керегин, Аны элге билгизем, Өзүм көрүп көз менен, Көөнүм тийип келбесем, Тынч алып кантип мен жүрөм? Жана, балам, чалаң бар, Отуз эки ат машы, Жетимиш эки жөө машы, Баарын сага көргөзөм, Бар өнөрүм үйрөтөм, Андан кийин өлбөсөм. Эр адиси бир жүз төрт, Толук билгин азамат, Жанып турган кызыл өрт. Деп Кененим, жүргүн деп, Асылбача-Бекбача, Эгиз түгөй шерди алып, Жалгызектин Бактыбай, Жандан ашкан эрди алып, Жергенин Сары талаасын, Жүрүп кетти бетке алып, Баш кошкону төрт киши, Бир жүз төрттүү үч киши, Толук билбейт бир иши. Жайдары тууган Кененим, Жанындакы эрлерин, Бирден атка мингизип, Бирине-бирин киргизип, Найзалашкан сайышка, Балталашкан чабышка, Колтуктарын чойушка, Чокмор менен койушка, Кылычты кындан суурушка, Кыйамын таап урушка, Шилтегенин куткарбай, Мойунунан таарып турушка, Арыбастык-талбастык, Апта-апта урушта, Канжар менен сайышка, Сайганда канын жайышка, Жанын койбой алышка, Бирден –бирден көрсөттүм, Асылбача, Бактыбай, Ар күнү булар жулушта, Бекбачаны бир четтен, Мелтиреп тиктеп турушка, Үч баланы токсон күн, Жумада бирден таап берип, Адис кылып көндүрдү, Уктабай турган жумушка. Койун колтук алышмай, Колтукташып турушмай, Ача кармап ыргытмай, Табарсыктан бут менен, Оңкосунан чыгышмай, Жата калып көтөрмөй, Күч чыңдашып жөтөлмөй, Аркасына сүрүшмөй, Башын такап көөдөнгө, Төбөсүнө көтөрмөй, Отуз эки ат машы, Жетимиш эки жөө машы, Токсон күндө бүтүптүр, Булардын кылган ишине, Караан калган кара жер, Катуулуктан түтүптүр. Соотторун булуптур, Сонун жумуш болуптур, Жергенин Сары талаасын, Талаа-талаа тилиптир, Кээ кезекте буттары, Тизесинен кириптир. Жердин бети тилинип, Кененимдин көзүнө, Асылбача, Бактыбай, Баатырлыгы билинип, Белде кемер үзүлүп, Бүтүн калбай бүчүлүк, Найзанын учу мукуйуп, Балтанын мизи түйрүлүп, Кылычтын мизи кетилип, Чокморлору былчыйып, Бадана тондор бурчулуп, Олпоктору жыртылып, Ичтен кийген буулумдун, Этектери кырчылып, Торгой көз темир күрөөкү, Тарпы калбай бузулуп, Жаалы салып карашып, Өңдөрү эчен кубулуп, Сүйлөй албай бирерде, Балдырап тили бурулуп, Ого бетер өчөшүп, Ошондой кезде бой уруп, Кара тер агып былчылдап, Бучкагынан чубуруп, Бүткөн бойу суу болуп, Чылпылдап ылай жуурулуп, Азуулары качырап, Айнектей көзү чачырап, Бүдөмүк тартып күдүңдөп, Буулуккандай күжүлдөп, Үндөрү күндөй күркүрөп, Адамсыз талаа дүркүрөп, Адырдакы айбанат, Арыштап айак таштабай, Тушагандай бүжүрөп, Кызарып кыздан күн батып, Агарып сүрүп таң атып, Токсон күн калды аркада, Айы үчкө барганда, Жай-жайыңа кайткын, деп, Жообун берди балдарга. Тарамышы чыйралып, Булчуңу катып бошобой, Баштары шишип күпүйүп, Жол-жол болуп жошодой, Атбашы кетти Бактыбай, Бир жүз төрттү үйрөнүп, Ачык болуп көөнү жай, Кармашарга эл болсо, Бодолгосуз жолу шар, Кездешип калган душмандын, Кетер жолу болот тар. Асылбача, Бекбача, Таласка барып жай алды, Бейчеки баскан барбы, деп, Бел-белден Асыл жол чалды, Күзгө салкын шамалда, Ит агытып, жаа тартты, Токойдон жолборс, бугу атты, Төр-төрдөн карап айуу атты, Курбудан кулжа сулатты, Текесин таштан кулатты, Илбирс менен чөө атты, Ийри мойун төө атты. Аралдан атты маралды, Аралап элик карады, Түнөрүп жаткан бадалды. Карышкыр атты кандырдан, Аркарын атты адырдан, Бүркүт салып алдырды, Жейрен кууп какырдан, Жазгы, күзгү келгинде, Шумкарын кармап колуна, Асыл көлдүн жээгинде, Тоодакты топтоп тептирди, Каркыра менен таанды, Түшүрбөй көктөн эңдирди. Тайлактай ак куу алдырды, Өрдөк, чүрөк кыргоолдон, Айабай кумар кандырды. Илбээсинди бүлдүрдү, Кайырма менен сонону, Карчыгага илдирди. Шернеге тайдан сойдурду, Кымыздан тарткан аракты, Күбү менен койдурду. Карылары бир жерде, Жаштары чогуу ар жерде, Кыз-келиндер бир бөлөк, Ак чөөлүм, көлбука, Теке тырмыш бир жакта, Ордосун атып дүркүрөп, Бозосун ичип күркүрөп, Чын курандын айында, Байге бөлүп, кунан чаап, Баш бошобой жайында, Күндө ойун-тамаша, Ак калпак кыргыз айлында. Кымызды чайкап бал салып, Кызымтал болуп карыйа, Байбичелер чалкайып, Басып турат айылда, Жубандары залкайып, Алганынын жанында, Кыздары үкү сайынып, Бооруна шуру тагынып, Саамайын талдап таранып, Тоту куштай сыланып, Он бештен чачы тизилип, Сагагын салып мойнуна, Жүрөкчөсү карк алтын, Беш манжага ак күмүш, Шакектерин салынып, Кулпулама билерик, Күн чагылып жаркылдап, Кулакка сүйкүм угулуп, Күлкүсү башка шыңкылдап, Керегедей жарданып, Башында кундуз тебетей, Мойундары койкойуп, Кийгенине жарашып. Мен алам деп уланды, Сыртынан жүргөн талашып. Төрөй элек жаш келин, Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап, Эки бут чачпак кызыл чок, Сегиз буттуу чач теңге, Аркасында шаркылдап, Туура тарткы күмүштөн, Маңдайында жалтылдап, Элечеги заңкайып, Кийгени кызыл дейилда, Келишимдүү залкайып, Булгаары тердик беш кадак, Бурчунда, чеге жаркылдап, Кундуз менен жээктеп, Куйушканын байлабай, Күмүш менен тээктеп, Үзөңгү күмүш жалтылдак, Тогоосу алтын жаркылдап, Артайыл, тогоо алтындан, Сарамжалы артылган, Ээр-токумдун жанында, Бара албай киши тартынган. Көрпөчө кызыл макмалдан, Кылка чети саймадан, Келбетин көргөн келиндин, Сыртынан көрүп таңданган, Жандай басып күйөөсүн, Ак маралдай шаңданган. Белдемчи жерде чубалып, Барынча кийип буралып, Жеңине жең кап салынып, Бооруна өңүр тагынып, Жаңы келген келин деп, Бир көргөндө таанылып. Таң ата туруп ордунан, Улууларга жүгүнүп, Кайната-кайненеге, Таазим кылып бүгүлүп, Алмадай бети тастайып, Айнектен тунук кашкайып, Сүлөөсүндөй суналып, Кырчын талдай буралып, Кызымтал көрсөң келинди, Агарып жүзү тунарып. Боз улан күлүп шалкылдап, Белинде кемер жаркылдап, Башында кийген суусар бөрк, Көз тайгылтып кулпурат. Мырзалары керилип, Сөз айтардан эринип, Тыштан келген душманга, Жазганбай тиет теминип. Нускалуу сүйлөйт чечени, Далбаса кылып далбактап, Жетише албайт нечени. Комузчулар күү чертип, Ырчылары какшанып, Аты чыгып нечени, Барган сайын такшалып. Көкүлүн шүйүп күлүк чаап, Күлүгү чыкса байге алып, Ит агытып куш салып, Талаадан олжо мүлк алып, Капкан жайып бөрү алып, Тамашага бугу атып, Ар сонундун терисин, Салаңдата байланып, Кара көрпө тебетей, Абышкалар калкайып, Ак–карасы аралаш, Сакалдары чайкалып. Казандары боркулдап, Казы-карта, май салып, Конок келсе каркыттап, Карчыга, уча, жал салып, Ап-аппак кылып казанга, Кардай кылып май салып, Тамашалап бир-бирин, Борсулдашып күлүшүп, Урматташып карылар, Бирин бири сүйүшүп, Сагынышкан немедей, Мойундашып көрүшүп, Кемпирлери келишип, Бирин-бири өбүшүп, Бир кемпирди бир кемпир, Ээ, кызбай, деп сүйлөшүп. Киши өлсө сөөгүн сыйлашып, Чогулуп келип ыйлашып, Казганаттап үй тигип, Кермеге атын байлашып, Мөөрөйгө сайып көп дүйнө, Күлүк атын айдашып, Жабырап ырчы ырдашып, Сайыпкер атын сындашып, Атың чыкты, соогат, деп, Ат ээси болсун-болсун, деп, Аз-маздан соогат беришип, Колуна соогат тийгени, Сороктошуп келишип, Балбандар чыгып эңишке, Эрегишип эңишип, Эңген балбан дардактап, Эки буту салбактап, Байгесин алып колуна, Териге сыйбай далактап, Эңдирген балбан томсоруп, Жекелеп элден компойуп, Элден мурун кээ бири, Жүрүп берет комдонуп. Конокко алып кечинде, Колунда бары тай сойуп, Калгандары кой сойуп, Ала-шалбырт табакка, Шак-шактаган май тоңуп, Коноктор жатат керилип, Камсыз көөнү жай болуп, Дасторкондон өксүтпөй, Капакка салып бал койуп, Каймакка бышкан нан койуп, Канык кара чай койуп, Чыны менен жай койуп, Куурдак менен май койуп, Көөкөрлөп арак көп койуп, Магзым менен күп койуп, Бал чайкаган кымыздан, Сапты айакка куйушуп, Эңкейе басып кош колдоп, Конокторго сунушуп, Отко койчу аттарын, Жетелеп балдар суутуп, Той болгондо кыз куушуп, Күйөөгө берчү кызына, Жасалгалап үй тигип, Керилтип-кертип жүк жыйып, Садага чаап улагын, Жеңеси күйөө кийинтип, Жеңгетайга төө алып, Тогуздап чиркеп мал алып, Аз келди деп пул алып, Той этин элге тартканда, Кызды тууган катынга, Карчыгасын көтөрүп, Толгоо табак сизге, деп, Уул энеси баруучу. “Карындын бурчу кап түбү”, Каадамды менин бергин, деп, Тогуздап кийит алуучу, Төө комдотуп жүк жүктөп, Келинди алып жануучу. Кызды тууган энеси, Болбосо жакын жеңеси, Кыз жеткирип баруучу, Кетер күнү кудасы, Сүт акына төө берип, Болбогондо ат берип, Кудагыйын кетирип, Анан туруп калуучу. Кыз алышып, кыз бермек, Кыргыздын наркы мына ушу. Кызы келип төркүлөп, Кур кете албайт кызым, деп, Бул душмандын көркү деп, Кийерине тон берип, Минерине ат берип, Жетелетип төө берип, Короодон бөлүп кой берип, Анан жолго салуучу. Көөнү ачылып кыз бала, Кайын ата, кайнене, Жупташына жаркылдап, Күлгөн бойдон баруучу. Калың мал жеп, кыз бериш, Энчиге бөлүп мал бериш, Кыргыздын салты мына бул. Эркин жатсын кыргыздар, Байакы кеткен алты хан, Эми андан кабар угуп ал. Муну мындай таштайлы, Алты хандын кыргызга, Чапкынынан баштайлы.