— Кабар бергин, Каракөз, Калгандарга сен өзүң, Болжолдуу күнү Таласка, Тайар болом мен өзүм, Сыйкырымды, Каракөз, Көзүң менен көрөсүң. Убадалуу сөз байлап, Кош дешкенде кол кармап, Терисине Каракөз, Сыйбай калды дардаңдап, Эми эле жетип Таласка, Ээ болуп калгандай, Кетип барат салбаңдап, Өпкөсү батпай көөдөнгө, Таноолору барбаңдап, Өңүрүн жыйнап ала албай, Этектери далбаңдап, Өпкөлөтө теминип, Эки буту салбаңдап, Элине жетип эс алып, Кеңештеш болгон бегине, Барганынан кеп салып: — Кызылкыз колго кирди, — деп, Кыйынсынган кыргыздар, Ийинге бүгүн сыйды, — деп, Толтойдон бери намысың, Жедигер, колго тийди, — деп, Желденип жаман шашылып, Барганынан-келгени, Баары ханга кат жазып, Ар кайда киши атказып, Үч жылда Талас жеринен, Табышалы деп жазып, Желденип калды Каракөз, Көп уктабай аз уктап, Өзүнчө күлүп шаңданып, Эрте туруп кеч жатып, Шашкалактап калдастап, Токтобой жүрөк алдастап, Кол чогултуп калдактап, Төшүн жайып далактап, Каракөз жолго салыптыр, Каракөздүн катынан, Кабар алган алты хан, Баарысы жөнөп алыптыр, Кененим айткан көп элге, Бастырып жолго салыптыр, Татырды деген бир жерде, Жедигердин элине, Капташып жолдо калыптыр: — Хан Каракөз баштаган, Канча миң аскер жайнаган, Падыша Манас тукуму, Багынчудай айматып, Өлүмдөн башын тартпаган. Беш жылдык эле болжолуң, Ашыгыпсың Каракөз, Сөзүңдү танып не болдуң? Армансыз болуп алсын деп, Ар сөзүңө жол койдум, Барар болсоң бир жакка, Бара турган жолуңду айт, Кас санашып келатсаң, Жашырбастан чыныңды айт. Антип Асыл айтканда, Сегиз күндүк калган күн, Кызылкыз келер болжолго, Буйдалып калып бир далай, Каракөз айтат мамындай: — Кызылкызды колго алып, Алты ханды котчу алып, Мен келемин мамындай, Эндегей жалгыз жүрүпсүң, Не турасың камынбай? Билген ишим кыламын, Бир кишиңди куткарбай! Кененим сенин чоң атаң, Бул дүйнөдөн көчүрөм, Кененим атын өчүрөм, Күмбөзүңдү түзөтөм, Өнөрүмдү көрсөтөм, Таласыңды таш кылам, Коргонуңду түз кылам. Кыргыздын ногой уруусун, Эр-айалын калтырбай, Бирин койбой бүт кырам! Угуп алгын сөзүмдү, Олуймун сенин көзүңдү, Көрсөтөмүн өзүмдү! Деп Каракөз күүлөндү, Эр Асылга сүйлөндү, Капаланбай кайран шер, Каткырып салып күлгөнү: — Ойуң менен Каракөз, Тамам ээлеп болупсуң, Ушул жалган дүйнөнү. Айтканыңда сен тургун, Мына мындай иш кылам, Алты ханың аскериң, Келчү сыйкыр кызыңды, Чакырып келген кишиңди, Бүтүрөмүн ишиңди, Өлтүрбөймүн өзүңдү, Каратып койуп көзүңдү, Жалгыз башың калганда, Анан айтам сөзүңдү. Хан Каракөз дегенге, Катуу жаман сөз айтты, Кара жанын кашайтты, Сөөктөн өткөн ачуу сөз, Жан айабай Каракөз, Кармап найза сермеди, Айкырыгы таш жарып, Аптыгып кирип келгени. Сайдырбастан эр Асыл, Найзасын кагып жиберди, Асыл каккан бул найза, Талкаланып быдырап, Болуп кетти миң барча. Качырып найза салбады, Эр Асыл туруп алганы, Калдаңдаган Каракөз, Балтасын колго алганы, Баштакыдан беш бетер, Барбалаңдап бакырып, Жедигерлеп бакырып, Качырып балта салганы. Байкап турган баатыр эр, Чыканакка какканы, Колундакы балтасы, Асманды карай атканы, Эми кантер экен, деп, Шер Асыл карап турганы, Чыдай албай Караккөз, Кылычын кындан суурганы, Кыйкырыгын күчөйтүп, Кылычын шилтеп калганы. Кылычтын мизи жетерде, Тизе кесип кетерде, Маашы чыккан эр Асыл, Карап турбайт бекерге, Астыртан өөдө какты эле, Алакандын бүлтөккө, Талкаланып шак-шагы, Колу сынып кеткени, Өз ойунда Каракөз, Чын ажалы жетти эми. Кабагын чытып эр Асыл: — Мен айтпаймын жалган сөз, Бар, Каракөз, кет! – деди. Каракөз эми нетиптир, Уйалбастан кетиптир, Аңгычакты болбоду, Коросон менен испандын, Колбуп колу жетиптир. Эл башкарган залдары, Тете, Салаа хандары, Ала келген элинен, Канчалаган балбанды, Он балбанга чыкты бакырып, Ой-тоонун баарын жапырып, Он тараптан Асылды, Беттеп кирди качырып, Келе жаткан онунан, Асыл кетпейт шашылып. Ойлобойт алар өлөрүн, Көрсөтөт Асыл өнөрүн, Буйагына кылт берип, Тыйагына булт берип, Оңтойуна келтирип, Онун катар шилтеди, Таштан жанбас Ачалбарс, Такыр таарып өткөнү, Башын кескен бири жок, Курсакка тийген жери жок, Как өпкөдөн кечиптир, Бир шилтеген кылычта, Ону өлүп кетиптир. Испандыктын элинде, Ала келген пили бар, Пилдин сырын билип ал, Жыландан бери иймелген, Ичегидей чиймелген, Тумшугунда темир бар, Тумшугунда темирдин, Ортосунда учу бар, Учуна салган курчу бар, Бир жагында балтадай, Такталаган сырты бар, Бир жагында темирдин, Кылычтай кесер мизи бар. Жоого салып үйрөткөн, Жаш чагынан бул пилди, Көрсөтүп туруп Асылды, Агытып аны жиберди, Жону туйку томпоңдоп, Куйругу чолок чолтоңдоп, Табактай бар таманы, Жерге батпай тойтоңдоп, Тумшугунда темирдин, Найзадай күүлөп койкоңдоп, Качырып пилдин жеткени, Машыккан мындай зор пилге, Таңданып карап туруптур, Найзасын көрө салыптыр, Балтасын колго алыптыр, Найзанын учу жеткенде, Астыртан өөдө кагыптыр. Асылдан балта жеткени, Туруштук кылбай какканда, Тумшугунда темири, Капкайда каңгып кеткени. Кайра тартып алыптыр, Качып пили калыптыр, Куткарсам ишим бекер, деп, Айкырып найза салыптыр. Асыл сайган оңобу, Тоодой болгон кайран пил, Тоо кулаган немедей, Тоңкойуп барып жыгылды, Топого башы тыгылды. Найза менен пил сайып Алган эрди ким көрдү? Коросон, испан, жедигер, Чогулуп турган эл көрдү. Саптан киши чыга албай, Сап тосулуп калыптыр, Саргарып өңү бузулуп, Коросон, испан, жедигер, Эл тосулуп калыптыр, Кадам басаар жери жок, Жол тосулуп калыптыр. Ага чейин батыштан, Тополоңдоп тос чыкты, Топурак учуп боз чыкты, Жалпылдап желек туу чыкты, Тоо бузулуп жер солкуп, Кернейдин үнү чуу чыкты. Атылып мылтык тарсылдап, Урулуп доолбас карсылдап, Жез барабан кагылып, Жердин бети шаңкылдап, Чымыроондой чыңырып, Сурнайдын үнү заңкылдап, Аргымак аттар алкылдап, Белде кылыч жаркылдап, Айбалта жанда шыңгырап, Найза колдо зыңгырап, Маңгыттан келди хан Калдык, Жер сойулуп кылкылдап, Ат куйругу былкылдап, Карадан белек туу кармап, Алооке менен Коңурбай, Андан ашып кетем, деп, Ойунда келет бул акмак, Маңдайда Асыл эр турат, Ойунда жок жалтанмак. Хан Калдык келип караса, Тоголонуп эр жатат, Тоодой кулап пил жатат. Тоодой болгон чоң пилди, Тегеренип караса, Как өпкөнүн тушуна, Найза менен сайыптыр, Сайганда жанын алыптыр, Агызып канын жайыптыр, Пил жыгылып калыптыр. Хан Калдыктын элинде, Калдалаң деген бар эле, Бир шаарга хан эле, Мен сайам деп Асылды, Күүлөнүп жүргөн чагы эле. “Кыргыздын эли канча – деп, Жыйырмага жашы чыга элек, Жигит дедиң Асылды, Мен боломун анча”, деп, Кыйкырыгы бар эле, Калдалаң жашы ал кезде, Отуздан ашкан чагы эле, Калдык менен тең жүргөн, Каары мунун бар эле, Атышып калган душманды, Арбап көктөн түшүргөн, Заары мунун бар эле. Кармагандан кан алган, Кармашкандан жан алган, Кудай урган Калдалаң, Ажал алып жакадан, Жаны чыдап турбады: — Бери кел, — деп, - хан Калдык, Калдалаң камчы булгады, Калдык барды калдайып, Калдалаң турат далдайып, Ант ичкендей кубулуп, Бузулуп өңү саргарып. — Чакырдың мени неге? — деп, Сурады Калдык түз барып. — Тетиги турган кишиң ким? Тогуз-ондоп эрди алып, Тоодой болгон пилди алып, Көрүп туруп бул ишти, Тура албадым, хан Калдык, Жаным чыдап тынч алып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.