Калдык баштаган чапкынчылардын Таласка кол салышы
Алды-аркасы качкандар, Бирин-бири карашып, Күйүшүп жүрүп табышты, Катышып келип кыргыздан, Катыгүн кордук көрдүк, деп, Бабырап кебин салышты, Жайма сүйлөп жажалап, Жаагы талып калышты. “Беш жылдык дедик болжолду, Жата берсек болобу? Кайра келип үч жылда, Таласка кайкап тололу, Жедигердин Каракөз, Өмүржандын Кызылкыз, Аны издеп баргын” деп, Айды аркандап кат кылды, Калбай баары келишке, Ок тиштешип ант кылды, Чырпык кыркып шарт кылды, Бир жандары муздашып, Колдорун такыр кан кылды, Бузулбастык иш кылып, Көңүлдөрүн жай кылды. Баш кошоор жери алтоонун, Чоң Таластын талаасы, Жеңип алчу душманы, Шер Манастын баласы, Эми келип кырылат, Мурун калып чаласы, Таласка бутун малдырбайт, Кененимдин санаасы. Бактыбайга тапшырды, Алты калаа Нарынга, Алты шаар Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Кетмен-Төбө булардан, Кабар алып турушка. Жеркен, Хотен, Кашкарга, Лопнур, Арал буларга, Беш балыктын баарына, Манас, Баркөл, Турпанга, Алтайда казак калкына, Аласы жок жалпыга, Ачык кылды жарыйа: “Бизге кылба жардамды, Тайар болгун баарыңар, Өзүңдү сактап калышка. Иленин бойу агынга, Чөйчөк менен кулжага, Үч-Каркыра, Капарга, Нар жакта Каңгай, муңгулда, Алтымыш уруу алашка, Кастарын тиккен хандар бар, Караан болуп каңгайга, Келүүчү манжу жана бар, Түштүктөн келчү элиңе, Ат бастырып жериңе, Коросон, испан, тажик бар, Кыйпач батыш тарапта, Жедигер бар, маңгыт бар, Маңгыт менен келүүчү, Уусун менен таңгут бар. Урумдакы кыргыздар, Астубалдын адырда, Аргын, алчын кыргыздар, Таланга малың кетпесин, Маңгыт менен уусунга. Кар кылбастан жаныңды, Талан кылбай малыңды, Такыр бөлүп багып ал, Алаш уулу дегенге, Айыгышты алты хан.” Кабар кылган жерлерге, Алты хан эли айтылган, Батыш менен чыгыштан, Калбай алаш угушкан. Түндүк менен түштүктөн, Кабар кылган бүт элден, Маңгыт менен жедигер, Бул эмине иши, деп, Сүйлөнгөнү дагы бар. Коросон менен испанды, Курутамын аны деп, Күүлөнгөнү дагы бар. Муңгул менен тажик деп, Тентип кетет тажиктер, Муңгулчалык эмес деп, Ойрон болгон уусунду, Астынбал, Урум кыргызы, Жоготом деп ушуну, Күүлөнүшүп басылды, Кыйкырышып үйүндө, Куршуктары жазылды, Колунда малын асырап, Эл камынып алыптыр, Элине берип кеп-кеңеш, Хан камынып алыптыр, Жедигердин Каракөз, Кызылкызга барыптыр: — Кылымдын баарын кыйнаган, Кыргыз деген журт экен. Жедигер, испан, маңгыттан, Коросон, тажик, муңгулдан, Куралышып алты хан, Таласка бардык биз мындан. Барган менен биздерге, Келбеди өзү Кененим, Жибериптир жапжалгыз, Асылбача дегенин. Баатырдын баарын жалмады, Алты хандын ичинде, Баш көтөрөр калбады, Бактыбай ага кошулуп, Баарыбызды Таластан, Тамандатпай айдады. Коросон, испан, муңгулда, Далай баатыр бар эле, Биз кыргызга барганда, Жедигер, маңгыт, тажикте, Тентектер кыйла бар эле, Тең келбеди дегеле. Күнү-түнү Асылга, Көкбөрү менен хан Калдык, Тең жабышты баатырга. Он бештеги Асылга, Ошончо журт таң калдык, Бир Асылга тең келбей, Баш айланып сандалдык. Беш жылдык мөөнөт биз алдык, Үч жылда кайра Таласка, Баралы деп алты хан, Убада кылып тарадык. Өзүңдөн башка, Кызылкыз, Кимге арыз айтабыз? Алты хандын атынан, Алдыңа келдим Каракөз, Арыз айткан сөздү уксаң, Алты хандан ушул сөз. Жалаңгыч сарык Кененим, Барбаган жери калбаптыр, Жакшы-жаман, кары-жаш, Карасы, ханы аралаш, Бет келгенин жалмаптыр, Сыйкырдан Жүйрүн баш болуп, Күн батыштын сегиз дөө, Алы келе албаптыр. Калдагай кулак Чойун алып, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Каңгайлыктын хан Чиктей, Тажиктердин Темирбек, Коросондун Дабытай, Испандыктын Ачакан, Маңгыттардын Саламат, Бир урушта сегиздин, Бирин койбой аймаптыр, Жантайагы Бактыбай, Жакын ээрчип жандаптыр. Атасынан ашырып, Уулу Сейит бир барып, Күн батыштын элинен, Хан Сулаймат, Карадөө, Алыке менен Шатыке, Шукшурма менен Суктанма, Калыбектин хан Калча, Азыркы жүргөн бендеден, Кара тоодой бир барча, Кара аскерден санак жок, Жөө тумандай сан канча, Карадөөнүн кенжесин, Аларга салган азабын, Сейитимдин казабын, Бенденин көзү көрбөсүн! Сулаймат кызы Кылжыке, Катын кылып алыптыр, Кылжыкеден эки уул, Сейитимден калыптыр. Аз келгенсип Сейити, Жедигерге жетиптир, Желмогузду жеңиптир, Жаманбай деген кишиге, Кубулгени бериптир. Желмогуздун шарты экен, Ата-баба наркы экен, Алып берсе адамга, Туубай калыш салты экен, Желмогуз жок бу күндө, Себебин уксаң ал экен, Сейитимдин эки уулдун, Бири Асылбача экен, Биз карчаштык тогуз ай, Камаарабайт, камыкпайт, Ашкере баатыр ал экен, Иниси экен Бекбача, Караанын көрдүк келбеди, Бизди бенде дебеди, Бейлебеди, билбеди, Кирпигине илбеди, Камаарап койбойт кенедей, Калдайып алты хан турсак, Бучкагына теңебей. Кененим өзү бар экен, Кара баштуу бенденин, Опол тоосу ал экен, Манастын калган тукуму, Мактаганча бар экен. Манастан калган белекке, Сандолун деген замбирек, Бир мылтыгы бар экен, Баарыдан жаман ал экен. Коргонду кармап барганда, Хан Калдыкка бир атты, Кырк миң аскер колуна, Эки жүз киши кутулду, Калганын такыр кыйратты. Сыйкырга айла кылыптыр, Шаддаттан калган көк күмбөз, Көөхарын алып чыгыптыр... Көк күмбөздүн көөхарын, Алып чыкты дегенде, Кер-сары болуп Кызылкыз, Өңү нечен кубулуп, Токтоно албай ушул кыз: — Искендер беттеп барбаган, Күмбөздү бузуп албаган, Кандай алды кыргыздар? Жер бетинде сыйкырдын, Түптүйүнү ал эле, Кыргызга айла жок экен, Бузуп алса аны эле, Он беш жыл сыйкыр үйрөндүм, Жалгыз мен деп жүргөмүн, Кыргыздын андай экенин, Укпадым да, билбедим. Атайын келсең Каракөз, Сени менен барайын, Кандай экен кыргыздын, Амалын көрүп алайын, Күмбөзүн эмес Манастын, Көрүн издеп табайын, Таап чыгып дардайтып, Талаага сүйрөп салайын. Угуп тургун Каракөз, Дөөлөр менен бет келдим, Баарын такыр мен жеңдим. Жин менен жүрөм аралаш, Албарсты менен азыткы, Кызматым кылат каралап, Кошомат кылып кош колдоп, Жанын сактап жан багат, Эгер андай кылбаса, Кутулуп менден ким калат? Көлгө кирсем кайыкмын, Деңизге кирсем балыкмын, Булутту минем ат кылып, Жүрөгүн алам ар кимдин, Кур чагылган чактырып, Музду калап от жагам, Агып сууну сүт кылам, Заңкайган тоону түз кылам, Кумсарган кумду көл кылам, Аккан сууну чөл кылам, Кыйалыма келгенди, Кандай кылсам мен кылам, Анык билем Манастын, Сайып кыраан экенин, Ошол жактан шек кылам. Кытайдан келген Алмамбет, Ала келген эт көйнөк, Гүлчоро ала кетпесе, Андан коркуп мен турам, Отко салса күйбөгөн, Ар канча кылса аракет, Көйнөккө дуба жүрбөгөн, Сел каптаса барбаган, Агызып кете албаган, Тоо кылса топук болбогон, Жер жүзүнүн сыйкыры, Эт көйнөккө жол койгон, Касиети көйнөктүн, Измаазам менен тордолгон. Кир бетине турбаган, Азирети Жакыптын, Көз жашы менен жуулган, Кыргызга сыйкыр жүрбөсө, Ошол барбы деп турам, Жүргүн, мейли баралы, Бир амалды мен кылам, Кызылкыздын ушундай, Ооздон чыккан сөздөрү, Каракөздүн алдынан, Өтүп турду көз көрдү. Каракөздүн ошондо, Көңүлү өсүп жетилип, Эбедени эзилип, Кыргызды жеңип алам, деп, Жүрөктүн чери чечилип, Жүрөгүнө курч байлап, Чыңдады белин мекийип. Күн болжоду Кызылкыз: — Кабар бергин, Каракөз, Калгандарга сен өзүң, Болжолдуу күнү Таласка, Тайар болом мен өзүм, Сыйкырымды, Каракөз, Көзүң менен көрөсүң. Убадалуу сөз байлап, Кош дешкенде кол кармап, Терисине Каракөз, Сыйбай калды дардаңдап, Эми эле жетип Таласка, Ээ болуп калгандай, Кетип барат салбаңдап, Өпкөсү батпай көөдөнгө, Таноолору барбаңдап, Өңүрүн жыйнап ала албай, Этектери далбаңдап, Өпкөлөтө теминип, Эки буту салбаңдап, Элине жетип эс алып, Кеңештеш болгон бегине, Барганынан кеп салып: — Кызылкыз колго кирди, — деп, Кыйынсынган кыргыздар, Ийинге бүгүн сыйды, — деп, Толтойдон бери намысың, Жедигер, колго тийди, — деп, Желденип жаман шашылып, Барганынан-келгени, Баары ханга кат жазып, Ар кайда киши атказып, Үч жылда Талас жеринен, Табышалы деп жазып, Желденип калды Каракөз, Көп уктабай аз уктап, Өзүнчө күлүп шаңданып, Эрте туруп кеч жатып, Шашкалактап калдастап, Токтобой жүрөк алдастап, Кол чогултуп калдактап, Төшүн жайып далактап, Каракөз жолго салыптыр, Каракөздүн катынан, Кабар алган алты хан, Баарысы жөнөп алыптыр, Кененим айткан көп элге, Бастырып жолго салыптыр, Татырды деген бир жерде, Жедигердин элине, Капташып жолдо калыптыр: — Хан Каракөз баштаган, Канча миң аскер жайнаган, Падыша Манас тукуму, Багынчудай айматып, Өлүмдөн башын тартпаган. Беш жылдык эле болжолуң, Ашыгыпсың Каракөз, Сөзүңдү танып не болдуң? Армансыз болуп алсын деп, Ар сөзүңө жол койдум, Барар болсоң бир жакка, Бара турган жолуңду айт, Кас санашып келатсаң, Жашырбастан чыныңды айт. Антип Асыл айтканда, Сегиз күндүк калган күн, Кызылкыз келер болжолго, Буйдалып калып бир далай, Каракөз айтат мамындай: — Кызылкызды колго алып, Алты ханды котчу алып, Мен келемин мамындай, Эндегей жалгыз жүрүпсүң, Не турасың камынбай? Билген ишим кыламын, Бир кишиңди куткарбай! Кененим сенин чоң атаң, Бул дүйнөдөн көчүрөм, Кененим атын өчүрөм, Күмбөзүңдү түзөтөм, Өнөрүмдү көрсөтөм, Таласыңды таш кылам, Коргонуңду түз кылам. Кыргыздын ногой уруусун, Эр-айалын калтырбай, Бирин койбой бүт кырам! Угуп алгын сөзүмдү, Олуймун сенин көзүңдү, Көрсөтөмүн өзүмдү! Деп Каракөз күүлөндү, Эр Асылга сүйлөндү, Капаланбай кайран шер, Каткырып салып күлгөнү: — Ойуң менен Каракөз, Тамам ээлеп болупсуң, Ушул жалган дүйнөнү. Айтканыңда сен тургун, Мына мындай иш кылам, Алты ханың аскериң, Келчү сыйкыр кызыңды, Чакырып келген кишиңди, Бүтүрөмүн ишиңди, Өлтүрбөймүн өзүңдү, Каратып койуп көзүңдү, Жалгыз башың калганда, Анан айтам сөзүңдү. Хан Каракөз дегенге, Катуу жаман сөз айтты, Кара жанын кашайтты, Сөөктөн өткөн ачуу сөз, Жан айабай Каракөз, Кармап найза сермеди, Айкырыгы таш жарып, Аптыгып кирип келгени. Сайдырбастан эр Асыл, Найзасын кагып жиберди, Асыл каккан бул найза, Талкаланып быдырап, Болуп кетти миң барча. Качырып найза салбады, Эр Асыл туруп алганы, Калдаңдаган Каракөз, Балтасын колго алганы, Баштакыдан беш бетер, Барбалаңдап бакырып, Жедигерлеп бакырып, Качырып балта салганы. Байкап турган баатыр эр, Чыканакка какканы, Колундакы балтасы, Асманды карай атканы, Эми кантер экен, деп, Шер Асыл карап турганы, Чыдай албай Караккөз, Кылычын кындан суурганы, Кыйкырыгын күчөйтүп, Кылычын шилтеп калганы. Кылычтын мизи жетерде, Тизе кесип кетерде, Маашы чыккан эр Асыл, Карап турбайт бекерге, Астыртан өөдө какты эле, Алакандын бүлтөккө, Талкаланып шак-шагы, Колу сынып кеткени, Өз ойунда Каракөз, Чын ажалы жетти эми. Кабагын чытып эр Асыл: — Мен айтпаймын жалган сөз, Бар, Каракөз, кет! – деди. Каракөз эми нетиптир, Уйалбастан кетиптир, Аңгычакты болбоду, Коросон менен испандын, Колбуп колу жетиптир. Эл башкарган залдары, Тете, Салаа хандары, Ала келген элинен, Канчалаган балбанды, Он балбанга чыкты бакырып, Ой-тоонун баарын жапырып, Он тараптан Асылды, Беттеп кирди качырып, Келе жаткан онунан, Асыл кетпейт шашылып. Ойлобойт алар өлөрүн, Көрсөтөт Асыл өнөрүн, Буйагына кылт берип, Тыйагына булт берип, Оңтойуна келтирип, Онун катар шилтеди, Таштан жанбас Ачалбарс, Такыр таарып өткөнү, Башын кескен бири жок, Курсакка тийген жери жок, Как өпкөдөн кечиптир, Бир шилтеген кылычта, Ону өлүп кетиптир. Испандыктын элинде, Ала келген пили бар, Пилдин сырын билип ал, Жыландан бери иймелген, Ичегидей чиймелген, Тумшугунда темир бар, Тумшугунда темирдин, Ортосунда учу бар, Учуна салган курчу бар, Бир жагында балтадай, Такталаган сырты бар, Бир жагында темирдин, Кылычтай кесер мизи бар. Жоого салып үйрөткөн, Жаш чагынан бул пилди, Көрсөтүп туруп Асылды, Агытып аны жиберди, Жону туйку томпоңдоп, Куйругу чолок чолтоңдоп, Табактай бар таманы, Жерге батпай тойтоңдоп, Тумшугунда темирдин, Найзадай күүлөп койкоңдоп, Качырып пилдин жеткени, Машыккан мындай зор пилге, Таңданып карап туруптур, Найзасын көрө салыптыр, Балтасын колго алыптыр, Найзанын учу жеткенде, Астыртан өөдө кагыптыр. Асылдан балта жеткени, Туруштук кылбай какканда, Тумшугунда темири, Капкайда каңгып кеткени. Кайра тартып алыптыр, Качып пили калыптыр, Куткарсам ишим бекер, деп, Айкырып найза салыптыр. Асыл сайган оңобу, Тоодой болгон кайран пил, Тоо кулаган немедей, Тоңкойуп барып жыгылды, Топого башы тыгылды. Найза менен пил сайып Алган эрди ким көрдү? Коросон, испан, жедигер, Чогулуп турган эл көрдү. Саптан киши чыга албай, Сап тосулуп калыптыр, Саргарып өңү бузулуп, Коросон, испан, жедигер, Эл тосулуп калыптыр, Кадам басаар жери жок, Жол тосулуп калыптыр. Ага чейин батыштан, Тополоңдоп тос чыкты, Топурак учуп боз чыкты, Жалпылдап желек туу чыкты, Тоо бузулуп жер солкуп, Кернейдин үнү чуу чыкты. Атылып мылтык тарсылдап, Урулуп доолбас карсылдап, Жез барабан кагылып, Жердин бети шаңкылдап, Чымыроондой чыңырып, Сурнайдын үнү заңкылдап, Аргымак аттар алкылдап, Белде кылыч жаркылдап, Айбалта жанда шыңгырап, Найза колдо зыңгырап, Маңгыттан келди хан Калдык, Жер сойулуп кылкылдап, Ат куйругу былкылдап, Карадан белек туу кармап, Алооке менен Коңурбай, Андан ашып кетем, деп, Ойунда келет бул акмак, Маңдайда Асыл эр турат, Ойунда жок жалтанмак. Хан Калдык келип караса, Тоголонуп эр жатат, Тоодой кулап пил жатат. Тоодой болгон чоң пилди, Тегеренип караса, Как өпкөнүн тушуна, Найза менен сайыптыр, Сайганда жанын алыптыр, Агызып канын жайыптыр, Пил жыгылып калыптыр. Хан Калдыктын элинде, Калдалаң деген бар эле, Бир шаарга хан эле, Мен сайам деп Асылды, Күүлөнүп жүргөн чагы эле. “Кыргыздын эли канча – деп, Жыйырмага жашы чыга элек, Жигит дедиң Асылды, Мен боломун анча”, деп, Кыйкырыгы бар эле, Калдалаң жашы ал кезде, Отуздан ашкан чагы эле, Калдык менен тең жүргөн, Каары мунун бар эле, Атышып калган душманды, Арбап көктөн түшүргөн, Заары мунун бар эле. Кармагандан кан алган, Кармашкандан жан алган, Кудай урган Калдалаң, Ажал алып жакадан, Жаны чыдап турбады: — Бери кел, — деп, - хан Калдык, Калдалаң камчы булгады, Калдык барды калдайып, Калдалаң турат далдайып, Ант ичкендей кубулуп, Бузулуп өңү саргарып. — Чакырдың мени неге? — деп, Сурады Калдык түз барып. — Тетиги турган кишиң ким? Тогуз-ондоп эрди алып, Тоодой болгон пилди алып, Көрүп туруп бул ишти, Тура албадым, хан Калдык, Жаным чыдап тынч алып! Анда айтат хан Калдык: — Кененимге башында, Беш жылдык болжол кылганбыз, Быйыл үч жыл болгондо, Кошуунду курап жыйганбыз, Убада сөздү танганбыз, Кыргызды чаап алсак, деп, Ашыгып жолго жылганбыз. Коросон, испан, жедигер, Бизден мурда келиптир, Убада танып, сөз бузуп, Келериңди кыргыздар, Кереминде билиптир. Тиги турган маңдайда, Асыл деген эр ошол, Томпойуп жаткан эрлерди, Тоодой болгон пилдерди, Томоруп сайган киши ошол, Жолдошу жок жалгыз баш, Мунун жүргөн шарты ошол. Жол тосоттоп келген бейм, Жолугушкан бул элди, Жоготмокчу болгон бейм, Кара көздөн тил алып, Айттырып сөзгө каналы, Анан айла кылалы. Хан Калдык айтып мындай кеп, Каракөздү чакырды, Колун булгап бер кел деп, Тете, Салаа, Каракөз, Калдаңдашып калтырап, Хан Калдыкка барышты, Кандай дээрин биле албай, Жалдырашып калышты, Хан Калдыктан канча өөдө, Калдалаңды көргөндө, Алдырашып калышты. Каарданып хан Калдык: — Кана, айтчы, Каракөз, Кызылкызды чакырып, Келмек элең сен барып. Коросон, испан келипсиң, Өлүп жаткан эр кимден? Өлүп жаткан пил кимден? Мен сурадым жооп сенден. Саранжа менен Көкбөрү, Качан келет билдиңби? Мага кабар кылганда, Көкбөрү менен Саранжа, Атайын кабар бердиңби? Деп Калдык хан сурады. Жедигердин Каракөз, Кобурап кебин курады: — Кызылкызга барганмын, Күн болжошуп алганмын, Кызылкыздан кеп алып, Силерге кабар кылгамын. Кызылкыздын келери, Алты күн калды болжолу, Саранжа менен Көкбөрү, Бүгүн-эртең келер дейм. Татырды жерди ээн деп, Болжогомун бу жерди, Жолу ушул келет деп, Хан Калдык, жолуң тосоттоп, Чай кайнатып бээ сойуп, Турайын деп белендеп, Ойлогомун, — деди эле- Коросон менен испандан, Өлүп кетти он балбан, Бирден-бирден барбады, Катар ону тең барды. Бир эле шилтеп кылычты, Катар онун жайлады, Кара жерди майлады. Испандан кызыл пил өлдү, Мындай кордук ким көрдү? Кыргыздын Асыл баласы, Бир сайгандан чыгарбай, Тоодой болгон чоң пилди, Токтоо кылбай жөнөдү. Айтып болуп Каракөз, Өксөп ыйлап жиберди, Маңгыттан келген Калдалаң: — Баатыр дедиң Асылды, Баш бурбастан мен чыгам, Барган жерден Асылды, Башын кесип жөнөйүм, Келе албасам баш кесип, Кайра келбей өлөйүн, Каары катуу эр дедиң, Карсылдашып көрөйүн, Бала баатыр дедиңер, Барсылдашып көрөйүн, Бөйөн менен чайандай, Заарымды төгөйүн, Өлтүрбөй кармап алайын, Куйкасын тилип туз куйуп, Таманына шиш кагып, Таласка айдап барайын, Көрсөтүп туруп көзүнө, Кененимдин өзүнө, Анан башын кесейин, Кызыл канды кечейин, Жүрөк канын ичейин, Уккан эл жүрсүн унутпай, Минтип ишин бүтөйүн! Деп Калдалаң күпүлдөп, Катуу айкырып дүпүлдөп, Салмагынан чочконун, Оодарылып кетчүдөй, Жер деле турат сүлкүлдөп. Тете, Салаа, Каракөз, Калдалаңдан каар көрүп, Эстери чыгып бүжүрөп, Эми айла кантет деп, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Аттанып чыкты Калдалаң, Бүркөлгөн күндөй күдүңдөп. Саптан чыкты бөлүнүп, Залкар тоодой көрүнүп, Беттен чыккан ыдыгы, Жааган күндөй төгүлүп. Калдалаңды көргөндө, Баатыр Асыл түрдөнүп, Ажыдаардай сүрдөнүп, Кайра жаачу булуттай, Каар бетине чүмкөнүп, Салкыны сырттын желиндей, Салышып көнгөн баатырың, Сандаган колдон эринбей, Ширөөсүндөй көөрүктүн, Жалын чыгып көзүнөн, Жаасы катуу жайдарың, Жагалданып алганы, Жайылданып Калдалаң, Жан айабай барганы. Манас сайган башында, Бадыкөлдөп бакырып, Өткүр найза колунда, Асылга тийди качырып, Алдында минген тулпардын, Араандай оозу ачылып, Калдалаңды көргөндө, Манастап ураан чакырып, Айбаты басып далайды, Калдалаңга сайдырбай, Найзасын кагып жиберип, Кайра тийди имерип. Калдалаң мыкты эр экен, Калгандардан өөдөрөөк, Машы чыккан неме экен, Байкап көрсө Калдалаң, Катарда эрдин бири экен. Жандары ачып булардын, Жан айабай салышты, Албан-албан чабышты, Калдалаң Асыл беттешти, Өлөр жерин чиктешти, Күндү түнгө улады, Дегеле тыным албады. Алай-дүлөй барсылдак, Кулак тунган карсылдак, Айбалтанын уңгусу, Туулгага чакылдап, Көөдөндөгү чарайна, Найза тийип такылдап, Бел боолору үзүлүп, Көздөрүнөн жырылып, Темирден түйгөн бүчүлүк, Баатыр Асыл төрөнүн, Мылтыктын огу кечпеген, Найзанын учу тешпеген, Чапса кылыч кеспеген, Бутунда шымы кандагай, Тумарча таккан жүрөккө, Ичинде кийген күрөөкө, Тышында олпок тону бар, Чулганып калып түшө албай, Олпокто жүргөн оролуп, Душмандын аткан огу бар, Оор эмес кийгени, Кыргыздын кыраан Асылы, Ошол үчүн шамдагай. Арыстан уул эр Асыл, Улай-улай үчтү чаап, Уламкысын күчтүү чаап, Айта-буйта дегенче, Ачып көздү жумганча, Асыл төрө чунагың, Алтымыш койуп өттү эле. Калдалаңдын калканы, Калка болор жери жок, Чыгып кетти далдалы, Калдалаңда ал кезде, Чакташаар айла калбады, Өлөмүн деп өбөктөп, Ээрге койуп балтасын Өзүн-өзү жөлөктөп, Томурайып калганы. Аркы этеги сооттун, Көтөрүлүп калыптыр, Сайар жери келди деп, Келген экен, эби, деп, Алдында минген Майтору, Ооздук тиштеп нидерди, Көтөрүлгөн этектен, Найзаны муштап жиберди. Найзанын учу жеткени, Кыр аркасын аралап, Жүрөккө найза тийгени, Көмөрүлүп атынан, Калдалаң ыргып кеткени. Тоңкойуп аттан жыгылды, Топого башы тыгылды, Этек-жеңи жайылып, Калдалаң аттан кулады, Калдалаңдын боордошу, Кортоң карап турбады, Баатыр төрө Асылга, Качырып найза сунганы, Айбатын көрүп маңгыттын, Бала төрө жолборстун, Балбандыгы кармады, Мен-мен деген немесин, Эки имерип сайбады, Калдалаңга улады, Он экиси сулады, Тоодой болгон нечен дөө, Томорулуп кулады. Коросон, испан – эки урук, Жедигер, маңгыт – төрт урук, Алапайын таба албай, Заманасы куурулуп, Өлүп жатат он эки, Өпкөнүн каны куйулуп. Коросон менен испандан, Коркпогондон ону өлүп, Тебелеп-тепсеп кетүүчү, Тоодой болгон пил өлүп, Калдалаң баштап маңгыттан, Он эки баатыр эр өлүп, Ортого чыгар эр калбай, Четке чыгар баары өлүп, Жекеге чыгар жан калбай, Асылга беттеп баар албай, Коркконунан жан калбай, Камалып калды маминтип, Эч айласын таба албай, Каңгайдын ханы Саранжа, Кыргыздардан качып барганда, Армансыз камды кылыптыр, Айабай аскер жыйыптыр, Анжуу, манжуу – эки урук, Шибээ, солон, - төрт урук, Айабай жардам кылыптыр, Алтымыш миң кол жыйнап, Тайарланып туруптур. Кызылкыз колго келгенин, Каракөздөн Саранжа, Анык кабар угуптур, Алтымыш миң сап аскер, Алтымыш балбан кеменгер, Аттанып элден чыгыптыр. Жолдоку элдин баарысы, Жолду тосуп жатат деп, Мындан кабар алыптыр. Сибир менен айланып, Жетисуунун жерине, Жедигердин элине, Төбөсү ылдый түшөм деп, Айланыш жолго салыптыр, Татырдыда кошуунга, Саранжа келип калыптыр. Карап көрсө Саранжа, Өлүктөр жатат ар кайда, Томпойуп өлүп пил жатат, Топ-топ болуп эр жатат, Маңдайда жалгыз эр турат, Айбаттуу Асыл шер турат. Тете, Салаа – эки хан, Хан Каракөз, хан Калдык – Төрт хандын эли туруптур, Четке чыкпай камалып, Барганын кайра келтирбей, Асыл турган жан алып. Көрө салып Саранжа, Буйрук берди балбанга, Жеке бирөө барарга. Манжуулардын балбаны, Бастырып жөнөп калганы, Эки бети томпогой, Туурасы жоон кортогой, Узун эмес, кыска эмес, Өлчөгөндөй орто бой, Токойдон чыга калгандай, Жапаа каман түрү бар, Жан алуучу сүрү бар, Эки беттин отунда, Бир байпактын жүнү бар. Бойу бокор, үнү жокор, Бетпактын түрү ошондой. Алеңгир жаа асынган, Ал доңузга кездешип, Ажалдуу бенде катылган. Абыдан адис атмашка, Ашкере жетик жөө машка, Атагы бар манжууда, Аты анын Бадала, Далай эрди дардайтып, Сайып алчу майданда. Бастырды топтон бөлүнүп, Баса элек төөдөй көрүнүп, Көшүгөндөй күлүңдөп, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Келе жатат бадырек, Келгин суудай күдүңдөп. Жер бетинде жан сактап, Басып жүргөн жаны бар, Жал-жал карап бүжүрөп. Жалгыздап четке чыкканда, Чендеп аны караса, Балтыр эти чаначтай, Сан миңдеген жоо болсо, Сайгындай эстен адашпай. Эмчеги эшек башындай, Каржиликтин булчуңу, Эки жашар баладай, Далысы бар балакет, Ордо атчу талаадай, Эки бети жапжалпак, Эт жасоочу чарадай. Кабагы кашат жапыздай, Эки көзү бултуйуп, Жаңы чыккан тарбыздай, Айдаары аттын жалындай, Учкун учуп от чыгып, Көзү кызыл жалындай, Асылдын атын укканда, Алдында атын камчылап, Ачуусунан жаш чыкпай, Көздөн каны тамчылап, Күүлөп сунган найзанын, Үнү күндөй күркүрөп, Сапта турган аскердин, Эси чыгып дүркүрөп, Кара аскерден жан калбай, Сийдиги агып бүркүрөп, Салмагынан кара жер, Токтоно албай сүлкүлдөп, Келе жатат бадырек. Тентек бала эр Асыл, Теңдеши жок шер Асыл, Теңдешээр киши чыкты, деп, Ойуна албайт кенедей, Зым-зым этип зымырап, Бучкагына теңебей, Карап турат калдайып, Эч нерсени элебей, Ак калпак кыргыз уланын, Эр жараткан кудурет, Адамзаттан ченебей. Манжуулап ураан чакырып, Оозунан көбүк чачылып, Найза салды Асылга, Бадала манжу качырып. Балта менен найзаны, Баатыр Асыл какканы, Бадаланын найзасын, Кыйрата чаап таштады. Артык кылып Бадала, Каарданып камыгып, Кабагы карыш салынып, Башкача уруш баштады, Күүлөп-күүлөп чокморду Күүлөнүп келип чапканы, Ордун салып эр Асыл, Тура берсе бир жакка, Жаза чаап таштады, Чокмор тийген үйдөй таш, Үнү угулуп зыркырап, Аа кошулуп чыркырак, Асманга учуп жатканы, Чокморун оңдоп алгынча, Найза каккан балтада, Чыканакка какканы, Асыл каккан оңобу, Талкаланып бир колу, Далысынан чолойду. Сырты менен какпаган, Мизи менен жаңсаган. Тийген жерден бир колун, Керте чаап таштаган. Бир колу жок чолойуп, Жерден суурган казыктай, Манжасы жок шодойуп, Бадала манжуу ардыкты, Сол колу менен тап берип, Жакадан алды Асылды. Бала жолборс эмеспи, Баатырлыгын карматты. Катуу силкип бек тартып, Билегинен кармады, Катуу силкип бек тартып, Кечиринен сак колун, Далыдан сууруп алганы, Арыкта суудай шаркырап, Бучкагынан куйулуп, Агып кетти кандары. Өпкө тамыр суурулуп, Агып каны чубуруп, Кулап калды атынан, Бүткөн бойу жыйрылып, Бадаланын канын кууп, Бир балбан чыкты кыйкырып, Канча жылдан бер жакка, Кагышпай манжуу жай жатып, Балбандар калган жыйылып, Өчөшүп жылда урушуп, Моңгулда балбан жок калган, Түгөнүп калган кырылып. Кайраттуу Асыл кабылан, Манастап ураан чакырып, Найзага темир аштаган, Кыйкырып келген манжууну, Жалпайта сайып таштаган. Жалкып манжуу калбады, Жана бирөө барганы, Найзаны таштап баатыр шер, Балта менен жайлады, Жайнап эмеси калганы, Жана манжуу барганы, Канжар менен жайлады, Чокмор менен чокуга, Койуп өттү барганды, Бирин тирүү кетирбей, Майданга барган балбанды, Самсалаап манжу уйалбай, Сак он беши барганы, Кененимден токсон күн, Эсинде таалим алганы, Сырнайзаны ыргады, Буларга сыр кылганы. Онду катар бир сайып, Ачылып оозу ырсайып, Томолонуп канчасы. Ооп аттан кыйшайып, Бешөөнү беттеп качырды, Бейажал шорун катырды, Ажал алып жакадан, Өзү манжуу катылды. Ылгап туруп манжуудан, Кылыч берип колуна, Кырк балбанды чаптырды. Алып кел деп баш кесип, Уруш кыл деп кан кечип, Кырк балбанга тапшырды, Кылычтары жаркылдап, Кыйкырыгы таш жарат. Кырк манжуу келди кызталак, Кыргыздын кыраан баатыры, Кыркын кайдан куткарат, Аралап кирди кырк эрди, Кылыч менен кайсалап. Бир аралап өткөндө, Бири калбай кыйрады, Кыйа чапкан белинен, Өлбөй жаны кыйналды, Карап туруп манжууну, Шибенин намыс кылганы. Жер солкутуп бакырып, Шибенин салган урааны, Шайпа деген баш болуп, Беш жүз киши чубады, Бөлүнүп жүзү жаа тартып, Күркүрөтүп жүз шибе, Мөндүрдөй кылып ок атып, Найзакерден жүзү бар, Балта чабар жүзү бар, Кылычын тартып кынынан, Кыйкырган шибээ саны жүз, Шайпа келет ойунда, Кыргыздын эрин кылмак түз. Ийининен алып саадагын, Чойуп калды эр Асыл, Чокморчуну карата, Койуп калды эр Асыл. Асыл жаасын тартыптыр, Асылды шибээ атыптыр, Асыл жалгыз, шибе жүз, Чокморчунун баарысы, Кыйрап өлүп жатыптыр. Жүз чокморчу болду түз, Асылда кылар өнөр күч, Кылычын алды колуна, Кыйкырып Асыл ат койду, Балтачынын тобуна, Балтачыга жеткирбей, Асылды атмак ойунда, Ок менен тең эр Асыл, Аралап кирди ат койуп, Балтачынын тобуна, Балтачы баары сулады, Мергени аткан шибенин, Ок кадалып бооруна. Кыйкырыгы баш жарып, Баштан өтүп таш жарып, Кыраан бала Асылдын, Кылычы бар колунда, Майтору менен чуратып, Аралап кирди бурулбай, Найзакердин тобуна. Кырк-элүүсүн эр Асыл, Чаап өттү чалкалап, Найзакердин калганын, Шибелердин мергени, Атып болду талкалап. Ок өтпөс олпок жонунда, Чарайна бар боорунда, Калканы бар далыда, Кызыл мис туулга үч кабат, Чөмкөрө кийип башына, Кисепче бар тизеде, Кандагай шымы кийилүү, Кара темир калдыркан, Үзөңгүдө илилүү, Асылдын аты Майтору, Кара бойу капталуу, Кандагай менен чапталуу, Тулку бойу күймөлүү, Туйагынан башкасы Баары күмүш түймөлүү. Минген атын опчулап, Боорунан күмүш топчулап, Мойнуна жалгап жаптырып, Топурак тоздоп кирдебес, Көзүнө сурма тарттырып, Эр айнегин сарапча, Ат айнегин сурма деп, Айтылып калган ошол кеп. Мергендери шибээнин, Беттеп атты Асылды, Өзүн атпай Асылды, Чиктеп атты Тору атты. Тору атка тийбей ок каңгып, Найзакердин өздөрүн, Далай атын сулатты, Аты өлбөй калганын, Асыл сайып кулатты, Эптей сайды экиден, Беттей сайды жетиден, Мен-менсиген найзакер, Ашпай калды бешимден. Шайпа баштап кылыччы, Кыйкырып кирди жүз киши, Кылычын Асыл таштады, Найзасын таштап кез керди, Майтору менен чуратып, Аралап Асыл жеткени, Жеткен жерде Шайпаны, Аңтара сайып өттү эми. Шайпаны сайып жыкты деп, Кылым элге угулду. Шайпаны сайып алганда, Таштап ийип найзаны, Кылычты кындан сууруду, Аралап Асыл киргенде, Манастап ураан чакырып, Баатыр Асыл тийгенде, Шайпадан калган жүз киши, Заманасы куурулду, Агып каны чубурду. Көрүп турган Саранжа, Солон менен шибээни, Манжуу менен муңгулду, Калбай тамам бар, деди, Ар канча мыкты болсо да, Байалап келе кал, деди. Кумурскадай кыжылдап, Кара курттай быжылдап, Каптап кирди төрт урук, Алтымыш миң кишиге, Жалгыз Асыл бой уруп, Кыйкырып кирди аралап, Кылычтын каны чубуруп, Каарданган хан Асыл, Алтымыш миң душманга, Аралап кирген бир Асыл, Өзү жалгыз болсо да, Эбегейсиз шер Асыл, Аралап кирген жеринде, Албарс менен кайсалап, Топ-топ турган кошуундун, Торопойун тоздуруп, Тобун бузбай талкалап, Самандан бетер сапырып, Суудай канын агызып, Сабын бузбай сулатып, Беттеп сайып беш-ондон, Утур келген кишини, Томолотуп жол-жолдон, Найзакерди сандалтып, Сапырып кетип баратат. Карылуусун какшатып, Кылычтуусун кыйратып, Сооттуусун сойлотуп, Олпоктуусун онтотуп, Көпкөк темир кийинген, Мен-мен деген чанданды, Жол бойуна тоңкойтуп, Бойу узундан эченин, Карагайдай зоңкойтуп, Канчасы кармай жыгылган, Найзаларын койкойтуп. Балталуусун башка уруп, Балчактай кылып жапшырып, Ардактаган жандарын, Азырейил периште, Жанды ээсине тапшырып, Калкандуусун капшырып, Качкандарын салпактап, Куткарбастан башка атып, Жамгырдай кылып жаа тартып, Томпойтуп аттан кулатып, Тамандан чыккан чаңды көр, Кылычтан канды чубуртуп, Кырылып жаткан жанды көр, Асман ачык жер бүркөк, Күндүн көзүн чыгарбай, Топурак чаңдап боз чүмкөп, Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар тоодой, Муруттарын шыйпайтып, Эр өлүгү бар тоодой, Чалчыктап аккан канды көр, Чайкалган деңиз элди көр. Сасык туман боз болуп, Талдынын бойу талаанын, Ой-тоосунда таза жок, Жеринин баары кан болуп, Тете, Салаа, Каракөз, Саранжа менен хан Калдык, Айласын таппай маң болуп, Башы айланып дал болуп, Бүткөн бойу шал болуп, Эндиреп эси нес болуп, Айласын таппай турушту, Кан төгүлөр кез болуп, Бала жолборс эр Асыл, Барган сайын күч алып, Бар кайраты тез болуп, Каптап кирген Саранжа, Каңгайлыктын элинен, Каны агып сел болуп, Эси оогандай сендиреп: — Кыргызга неге келдим — деп, Ылат-мынат жар болуп, Ырайым кылып сен мага, Чынында жардам бергин, — деп, Саранжа турган кездерде, Тете, Салаа, Каракөз, Хан Калдык турган бир четте, Кудай бетин салбасын, Шамал чыгып аркырап, Күн көрүнүп жаркырап, Кулак-мээни тундуруп, Керней-сурнай чуркурап, Кумдай болуп нечен таш, Талкаланып пыркырап, Сынган таштар асманда Учуп жүрөт зыркырап, Тажиктен келди Көкбөрү, Жер сойултуп былкылдап, Ар асаба, ар желек, Жерге батпай кылкылдап, Кара курттай кыжырап, Кумурскадай быжырап, Жерге батпай жыбырап, Алты хан келип баш кошту, Ар башка сүйлөп кужулдап, Биринин кебин бири укпай, Таранчыдай быжылдап. Тажиктердин көкбөрү, Кырылып жаткан элдерди, Көз жиберип көргөнү. Арасында жаланып, Периштедей жан алып, Асыл шердин жүргөнү. — Кайда кеттиң, хан Калдык, Турасыңбы эс танып? Түгөнүп калба, Саранжа, Тукумуң куурап жок калып! Тете, Салаа, Каракөз, Жер тайандың эчен жол, Кара кыргыз эл үчүн, Каткан экен биздин шор! Кара баштуу бендеден, Кененимдей болбойт зор. Зордук эмей неткени, Бастырып өзү келбеди, Жалгыз башы санга тең, Шашпай Асыл жүргөнү, Темир эмес оору жок, Олпок мунун кийгени, Жумуру баш, айры төш, Канкор Манас дегенге, Каныкейдин кийгени, Кандагай, олпок тиккени, Өзүнөн башка ким билди? Ургаачынын уздарын, Баарын кыргыз алыптыр, Кандагай, олпок, ырапыс, Катындардан калыптыр, Пулу оор карала, Букардан чыккан дүрүйө, Арууке жасап салыптыр, Каныкей жасап ак калпак, Элге атак калыптыр, Көтөлөк атын которуп, Талас атын койголу, Жерге атак калыптыр: Коңурбай келип кол салып, Ала албаптыр жол салып, Алмамбет, Манас биригип, Коргонду бекем салыптыр, Каныкей арып иштетип, Толук кылым болгунча, Томолонуп кетпеске, Күмбөзүн бекем салыптыр, Асманда жүрсө канаттуу, Акылга нуска санаттуу, Адамдан артык Чүрөктү, Эр Семетей алыптыр, Кара кыргыз журтунан, Кутулуп кимдер калыптыр? Сулайман сурак кылбаган, Бэйжинге Манас барыптыр. Тукумуна Манастын Чакылыштык биз келип, Буларды алып береби Сыйкырдан Кызылкыз келип? Айалдан чыккан арстаны, Айтылып калган дастаны, Сейитекке тийиптир, Өзү келип Куйалы, Кыргыздын бирин жактырып, Кызыл кыз тийип кетеби, Ишенчим жок бу дагы, Келип калса Кызылкыз, Кызматка мыктап салалы, Кызматын көрүп сыйкырдын, Моокумдан чыгып каналы, Алды менен тетиги, Асылды байлап алалы. Азыркысы каңгайдын, Бирин койбой түгөтөт, Барабанды кактырып, Ажыратып алалы, Эми бир күн тим койсок, Каңгайдан бирөө калабы? Бүгүн келет Кызылкыз, Бир амалды табалы. Деп Көкбөрү күркүрөп, Барабанды кактырды, Барабан үнүн укканда, Асыл чыкты бир четке, Аскерде кайта жандырды. Алыстан келген алты хан, Кеңеш кебин салышты, Ойлогонун айтышып, Кеңеш кепке канышты. Баш билги болбой болбойт деп, Чогулушуп кеңешип, Хан Калдыкты баарысы, Хан көтөрүп алышты, Хан Калдыкка Көкбөрү Акылчы болуп калышы, Хан Калдыктан кеп келди: — Эки күнү туралык, Кызыл кыз жетип келеби, Келип калса Кызылкыз, Кыргызга айла табылгыс, Кыйын күнгө калбайбы, Кызылкыздан кеп угуп, Таласты карай баралы. Кеңеш кебин бүтүрүп, Керилип хандар жатканы. Муну мындай таштайлы, Кызылкыз салган чуулган, Ошондон кепти баштайлы.