Чапкынчы хандардын чогулушу
Бактыбай келе жатыптыр, Топчу кулак кер атчан, Бактыбайды көп уккан, Тажиктердин Көкбөрү, Көп укканда бек уккан, Атасы Темир өлөрдө, Тажиктерди Бактыбай, Кырып кетти деп уккан, Угуп жүргөн баатырга, Өзү келип жолуккан. Баатырдын бири Бактыбай, Көкбөрүнү көргөндө: — Алда кандай адам — деп, Ат-тону бөлөк не жан, — деп, Алда кайда барасың? Калдаңдаган караан? – деп, Алдын тосуп сурады, Куучудай болуп кубулуп, Кулжуңдаган Көкбөрү, Сакалы жок ээгинде, Мулжуңдаган Көкбөрү, Мойну бүкүр дүм далы, Култуңдаган Көкбөрү, Өзүнүн кебин эп көргөн, Чултуңдаган Көкбөрү: — Карбалас бара жатканда, Капташып кара талаада, Жолумду тосуп кеп сурап, Жолтоологон ким элең? Кененимди өлтүрүп, Күмбөздү чагып салгын, деп, Колду анда түшүрүп, Кабар айтып хандарга, Арка жакта калганга, Келе жаткан мен элем, Тажиктин элин башкарган, Көкбөрү деген эр элем. Кабар айтам элдерге, Тете, Салаа, Каракөз, Саранжа деген эрлерге, Сен качкан кыргыз болбогун, Жүрүпсүң жалгыз бул жерде, Олжо кылып атыңды, Коштоп ала кетейин, Куру барбай хандарга, Соогатына берейин! Опураңдап Көкбөрү, Токтоно албай удургуп, Топураңдап Көкбөрү, Ичи жалын, боору чок, Күйүп барат Көкбөрү. Анда айтат Бактыбай: — Арам айбан алаңдап, Эки бутуң салаңдап, Өңдөн азып кетипсиң, Каның качып саруулап. Менин атым Бактыбай, Далай күндөн бер жакка, Болбой жүрдүм көөнүм жай, Атыңды коштой барайын, Кененимге кур барбай! Дегенче кайран Бактыбай, Кездемдин боосун чубалтып, Кезгерип найза чунайтып, Топчу кулак кер атты, Аркадай кылып чуратып, Артынан чаңды чубалтып, Ээрдин кесе тиштенип, Мас болгон нардай эстенип, Тажиктердин Көкбөрү, Кара жанга күч келип, Качырып кирди бу дагы, Бактыбай деген кепти угуп, Албан-албан бууланды, Качырышып сайышып, Найзаларын кагышып, Бир беттешип алышып, Белдүүлөр кайра жанышып, Салгылаша киришти, Кайта-кайта салышып, Элебей булар калыптыр, Маңгыттардын хан Калдык, Ошондо жете барыптыр, Кошууну артта калыптыр. Көкбөрү деген кепти угуп, Жолдошум менин экен, деп. Манас деген кепти угуп, Жоолошум менин экен, деп, Кимисин сайып ким алат, Көрүп турсам бекен, деп. Көп кыйлага туруптур, Көмө сайып Бактыбай, Көкбөрүнү жыгыптыр. Алар антип жатканда, Бактыбайды табам, деп, Кайда кеткен агам, деп, Асыл келип туруптур. Көкбөрү аттан жыгылса, Качырып кирди хан Калдык, Темир кызыл ат менен, Атасы өткөн Саламат, Как ошондой салт менен. Каргадай сызып хан Калдык, Бактыбайга жеткени, Топчу кулак кер аттан, Аңтара койуп өттү эми. Көкбөрү менен Бактыбай, Аттарына жабышты, Асыл менен хан Калдык, Карсылдашып салышты, Кайраттуу эрлер табышты, Ойуна алды Көкбөрү, Калгандарга барышты, Карап турбай Бактыбай, Күмбөздү карай салышы. Кептештен чыккан Чаткалда, Карасуу чалчык саздаңда, Мылтыктын үнү тарсылдап, Кызыл жалын от чыкты, Алоолонуп асманга, Өлүмдөн коркпос баатырлар, Айтылып калды дастанга, Келе жаткан Бактыбай, Желип чыкты капталга. Он сегиз миң кол экен, Тегеректеп алыптыр, Кең кула жатат дардайып, Ойротто жок Кененим, Жөөлөп жалгыз калыптыр, Арстанды көрүп Бактыбай: “Атанын арман күн бул, ай, Ай, караңгы түн бул, ай, Ак калпак кыргыз элине, Арылгыс мындай муң бул,ай!” Дегенди алып ойуна, Өлөмүн деп санабай, Өзүнүн жанын айабай, Асман тиреп өрттөнгөн, Алоолонгон жалында, Кылчайып артын карабай, Олуйа Кошой асынган, Койчагырды колго алды, Куржун башы дарыны, Кур дедире куйганы, Колодон кылган сүмбөнү, Колдурата урганы. Машаага милте илинди, Бир атканда Бактыбай, Ара жери коо болду. Кеңдигин өлчөп караса, Тай жарышым жол болду. Топтоп турган тажиктин Миңден ашык немеси, Бир ок менен жоголду. Уланта куйуп дарыны, Чачыратма ок салды, Койчагырды Бактыбай, Окчо кармап бетке алды. Асманда түтүн бур деди, Тажиктин эли чур деди. Бир тарапта кошуундан, бирөөн тирүү койбостон, Жоготуп кетти бул элди. Кененимдин жанына, Бактыбай жетип келгени. Анда айтат Кененим: — Колго түшпөй Сыр коргон, Аман барбы кыргызда, Аны, баатыр, билдиңби? Анда айтат Бактыбай: — Коргондон болгун көөнүң жай. Маңгыттан келди хан Калдык, Асыл шер калды арбашып, Ой-тоодон калбай, кыргыздар, Бүт келиптир чубашып. Сиркенин сары талаада, Кыргын болду көпчүлүк, Суу ордуна кан агып, Өзүңдөн кабар алам деп, Келе жаткан кезимде, Көкбөрү калды капташып. Өөдө-төмөн кеп айтты, Өлтүрүп келдим, деп айтты, Өлдү деп угуп өзүңдү, Жаш кылып эки көзүмдү, Апкаарып андан качпадым, Аңтара сайып таштадым, Жана айланып сайгынча, Хан Калдыкка капташтым. Аңтара сайды хан Калдык, Ажыратты эсен-сак, Асыл келип капташып. Көкбөрү кетти ар жакка, Мен келдим, баатыр, сиз жакка, Аман барбы күмбөзү, Айкөл шердин бул жакта? Кененим айтат ошол чак: — Күмбөздү турдум мен сактап, Күмбөзгө киши барбады, Кептештен чыгып капташып, Көрүп калдым буларды. Далайга аты угулган, Жекеге чыкты Таабалды, Абакең аны жайлады, Камындырбай тажиктер, Барсылдакка алганы, Алдымдакы кула аттын, Шыйрагына ок жанды. Дарылап таңдым шыйрагын, Үпчүнү жаап үстүнө, Жаткырып койдум Куланы. Кеңкула атты көтөрүп, Мен күмбөзгө барайын. Бүт дүйнөгө Манастын, Көрүнө ошол белгиси, Кула аттын бутун дарылап, Сарайды сактап турайын. Кайта тартып коргонго, Бактыбай, баатыр, сен баргын. Ак калпак кыргыз элиң бар, Аркаңда Асыл иниң бар, Кененимдин айтканын, Баарың акыл алыңар. Бекбача балам чыкпасын, Азыр болгун баарыңар, Аганын жолун талашып, Атага наалат келтирип, Шылдың болуп албаңар, Качып душман жөнөсө, Артынан кууп барбаңар. “Ачуу – шайтан, акыл – дос, Акылыңа акыл кош” Арзан эмес ушул сөз, Унутуп муну калбаңар. Деп Кененим кеп айтып, Бактыбайды узатып, Кеңкуланы жетелеп: Арка буттун шыйрагын, Толорсуктун алдынан, Ок сындырган эмеспи, Элебей калып Кененим, Түрүлүп калып үпчүнү, Жүйрөн дөөнүн тилин жеп, Жан-жаныбар чыккан чөп, Аркайган тоо, аккан суу, Тилин билет Кененим, Жетелеп жолдо баратып, Мыдыраган жаныбар, Жайнаган чөп баары бар, Кебин тыңшап баратат, Башында жашыл бүрү бар, Бир жалбырак чөп айтат: — Менден тапса жетини, Он төрттү берсе атына, Күн он бешке толгондо, Болобуз даба дартына. Ажырык деген бир чөп бар, Башы келбейт керекке. Түбүндөкү тамырын, Казып атка жедирсе, Сөөгү бүтөт эт толот, Кулун кездей сак болот. Ошондон казып бербейби, Минген күлүк тулпары, Асыйы он беш келбейби, Келмек тургай он бешке, Карыбастан жүрбөйбү. Угуп алып Кененим, Үзүп алды гүлдөрдү, Ажырыктын тамырын, Казып кошуп жедирди. Он беш күндө сак болду, Нык семирип, карк толду. Муну мындай койолу, Асыл шердин жанында, Эми азыраак бололу. Асыл менен хан Калдык, Күнү-түнү салышып, Болотторду талкалап, Болушунча чабышып, Найзасында уч калбай, Балталарда курч калбай. Кылычта кесер миз калбай, Эрдин колу шал болуп, Кайрат кетип дал болуп, Бири-бири ала алалбай, Айла калбай шай болуп, Эрдигине Асылдын, Хан Калдык турду таң болуп, Сын табалбай Асылга, Айланып башы маң болуп: — Атыңды сурап билбедим, Сен сурап мени билбедиң, Бендеден сендей көрбөдүм, Көөнүм даттап кирдедим, Афырыка, Йавропа, Арасында жүргөмүн, Менмен деген чанданды, Мен найзага илгемин. Өзүмдүн атым хан Калдык, Көкбөрү киши жиберди, Атайын мага кат жазып, Кырк миң аскер колго алып, Ошол үчүн келгемин, Атыңды айтчы, жаш жигит, Ким экениң билейин. Атамдын аты Саламат, Кабаттап канча эр сайдым, Эмгиче аттан кыйшайып, Болгонум жок жаман ат, Атаңды айт, атыңды айт. Антип сурап турганда: — Түп атам Манас угасың, Неге эмнеден сурадың? Өз атам аты Сейити, Жыйырма экиде жаш кетти, Чоң атамдын колунда, Эркин өсүп чоң болдум. Чоң атам аты Кененим, Жер жүзүнө дайындуу, Жалаңгыч сарык дегенин, Атым Асыл дегенмин, Кат жазды деп Көкбөрү, Эми неге сен келдиң? Угуп Калдык оолугуп: — Кененим атам дегениң, Канжардай тийет маа кебиң! Саламатты Кененим, Өлтүрүптүр башында, Мен билбепмин ал кезде, Өзүм кичик жашымда. Көк бөрүдөн кеп уктум, Саламатты Кененим, Өлтүргөнүн мен уктум. Калмак, тажик, коросон, Испан менен Жедигер, Биз барабыз кыргызга, Сен да келгин деп уктум. Коросон менен испандын, Баш көтөргөн кишисин, Койбогон экен Кененим, Калмак менен тажиктин, Ханы менен карасын, Койбогон экен Кененим. Жедигердин элине, Хандыгын колго бербептир, Кыйаздан кийин жедигер, Ээ болобуз элге деп, Айтууга алы келбептир, Өзү билип Кененим, Өз элиңе ээ бол деп, Теңдик кебин бербептир. Маңгыт биздин эл экен, Көп жерди билип башкарган, Бадыкөл деген эр экен, Каракалпак, түркмөнгө, Катыштың деп шылтоолоп, Манасың сойгон кеп экен. Бадыкөлдөн Мадыкөл, Жалгыз көздүү бенде экен, Жалгыз көзү бар үчүн, Желмогуз менен дээр экен. Каракалпак эли үчүн, Мадыкөлдүн Семетей, Башын кесип кетиптир, Минтип түпкө жетиптир. Мадыкөлдөн Сарыбай, Суурула чыгып башкадан, Ат жетер жерге эр койбой, Сарыбай баарын жалмаган, Кыргыздын угуп кылганын, Эки атасын өлтүрүп, Маңгыттарды кырганын, Шайтаны мунун кармаган, Денеси таштан жаралган, Ок өтүп найза тешпеген, Чапса кылыч кеспеген, Чокмор тийсе башына, Жарылып сөөгү кетпеген, Жетимиш миң кол айдап, Ойунда бар Сарыбай, Семетейден өч алмак, Жедигерди аралап, Семетейдин кишиси, Карадөөнү жалмаптыр, Таласты карап кошуунду, Кондурбастан айдаптыр. Карыйа Бакай, Семетей, Гүлчөрө менен Сейитек, Каршылашып салышып, Сарыбай дөөгө чогулуп, Алы келбей албаптыр, Айчүрөк барып ошондо, Кайыпдаңдын кыз балбан, Куйалыны алдаптыр. Куйалы келип жардамга, Сарыбай менен Куйалы, Канча сапар сайышкан, Жанжүрбөстүн кумдарда. Манастын сыйкыр Сырнайза, Таш жарылат тик сайса, Сарыбайды Таласта, Кыз Куйалы жайлаптыр, Манастын сыйкыр найзасын, Кызыл канга майлаптыр. Сарыбайдан Саламат, Канча жылы кыргызда, Бирге жүргөн аралаш. Семетейдин кызы деп, Калмактан багып кыз берип, Саламатты алдаптыр, Кыйа басып койдуң, деп, Жалаңгыч сарык жалмаптыр. Саламаттан мен элем, Эчтемени билбепмин, Кыргызды коргоп жүрчү элем, Көкбөрүдөн кеп угуп, Болгон ишти бүт угуп, Мында келдим хан Калдык, Эми каның аксын жошулуп! Менин атым хан Калдык, Төрт атамдын кунун кууп, Мен кетемин кек алып. Тете, Салаа тегим бар, Саранжа менен Көкбөрү, Жөлөнө турган белим бар, Хан Каракөз дагы бар, Алты түркүм элим бар, Эминеден кебим бар? Колумда кошуун түгөнсө, Жайнап жаткан алты урук, Жаандан ашкан элим бар, Ак калпак кыргыз сен тургай, Мен кытайды бузар демим бар! Санаадар кылам карыңды, Саргартамын баарыңды, Кетиремин арыңды, Айдап кетем малыңды, Артып кетем калтырбай, Алтын-күмүш зарыңды! Бошотомун муунуңду, Кул кыламын уулуңду, Күң кыламын кызыңды, Бүтүрөмүн ишиңди! Кызыл муштум балаңдан, Калтырбаймын мен андан! Ала тиктеп койгондун, Жазасын колго бербесем, Талпагын ташка кербесем, Коргонуңду бузбасам, Коморуп баарын таштасам, Күмбөзүңдү чакпасам, Күлдөй кылып жанчпасам, Эдебиң берип колуңа, Эсебиңди таппасам! Кутурдуң, кыргыз, канча жыл, Дүмүрүңдү казбасам! Манас туулат экен, деп, Алооке сага кылганды – Бооз катының чогултуп, Боздотуп кардын жарганды, Үч үйгө бирден кечилди, Башын койуп тыйганды, Как ошондой кылбасам, Хан Калдык атым курусун! Канабы менин мудайым, Санаага койдой чубуртуп, Он эки менен алтымыш, Ортосунда кишимди, Өз ойумча кырбасам! Катын менен кызыңды, Олжого алып нетебиз? Кай муратка жетебиз? Ичегисин иймелтип, Ийри-буйру чиймелтип, Жарып салып кетебиз! Асыл айтат мындай кеп: — “Жесе дагы жебесе, Бөрүнүн оозу кандуу”, деп, Байатан, Калдык, сен айттың, Ата-баба баарыңды, Койбой кесип башыңды, Алып көнгөн мен бармын. Алты урук эли келипсиң, Алың келбей баратса, Тилиңди алар кишиге, Такыр кабар бергиниң, Кимдер канчык, ким жолборс, Сен ошондо билгиниң. Карылардын макалы, Кезеги келди, айталы: “Бака секирип түшөт изине”, Элден калган ылакап, Мактанасың күпүлдөп, Туруп алып, сен акмак, Атаңдан калган мурасың – Ашөпкө айтып кеп сатмак. Менин ата мурасым – Кыйа баскан кишиден, Башын кесип кек алмак. Алты эмес он урук, Орус, ойрот кошулуп, Баарың келгин чогулуп. Жалынып барып алдыңа, Кол куушуруп турбаймын, Айкөлдүн турат арбагы, Өлүп кетсем мен сенден, Дегеле арман кылбаймын, Жалынбаймын бендеге, Жанымды айап калбаймын, Алашка келген селдерге. Үйөр агып сел келгин, Үй токтоткус жел келгин, Асман тиреп от келгин, Жайнаган кызыл чок келгин, Жаным тирүү турганда, Жалтанаар бекен дебегин, Сен хан Калдык тургайлык, Сендейден келсе сексени. Көп экен саны дебеймин. Бириңди бирге кошпоймун, Ата-бабаң жолун кууп, Ажал алып жакадан, Ашыгып келген окшойсуң, Тете, Сала дегениң, Сен бел болот деп жүрсөң Мен киши-миши дебеймин! Кан Каракөз дегениң, Караанга келген көлөкө, Саранжа менен бул экөө. Тажиктердин Көкбөрү, Канчык иттей кылчактап, Койондон коркок бултактап, Ошолорго тиштенип, Убара болгон сен акмак! Алың келсе канчага, Айанбагын маңгытын, Алың келсе узартып, Урушуңду арбыткын! — Маңгытым деп айткындай, Кулуң беле маңгыттар?! Деп арданып Калдык хан, Найзасын алып чакыйып, Чакчырылды ардыктан. Асыл айтат ошондо: — Кул эмей, маңгыт, бай белең? Көөнүң куунак жай белең? Башың ачык бош белең? Баштана көөнүң кош белең, — Маңгытым деп айткандай, Менин ыгым жок белем? — Сенин атаң Саламат, Сандалып жүрдү ат токуп, Күйөөмүн деп бүжүрөп, Көтөрүп жүрдү күл төгүп, Элден ашкан этти жеп, Илик алган киши жок, Аны келип кетти деп. Өлтүрүптүр Кененим, “Кул кутурса кузгунга, Жем болот” – деген ушул кеп. Сен жүрүпсүң ойуңда, Башым ачык баймын деп, Жолум ачык шармын деп, Тарпың калсын талаада, Сүйрөп жүрүп, кажыр жеп! Деп айтканга хан Калдык, Каарын салып арданып, Жан алуучу зар салып, Ууга чылап суулаган, Өткүр найза карманып, Темир кызыл ат менен, Теминип кирди жээлигип, Карап турат Асыл шер, Күлүк аттай элирип. Качырып найза сайышып, Сайдырбастан кагышып, Балта менен койушуп, Колтуктарын чойушуп, Булкуп-жулкуп тартышып, Соотторун булушуп, Үзүлгөнүн ыргытып, Этектен түрө кармашып, Үзөңгү боого салышып, Бардык күчүн арнашып, Билектердин териси, Кызыл ала сойулуп, Кызыл кандар куйулуп, Майтору менен Темир көк – Эки тулпар жарышып, Капталдашып кагышып, Чаптап койгон немедей, Ээрге көтү жабышып, Эңишке кире бергенде, Алдындакы тулпардын, Эликтей колу сайылып, Асылбача, хан Калдык, Этектери жайылып, Өргө салган салышта, Тулпар тердеп былчылдап, Куйкалары курушуп, Азуулары кычырап, Күнү күнгө уланды, Күндө тыным албады, Түнү түнгө жалганды, Жамбаштап уйку албады, Асманда учкан канаттуу, Адырда жүргөн кайберен, Аңкайып баары таңданып, Адамзаттан туулуп, Айтпай кантип турамын, Мындай чыккан балбанды! Бири кыргыз, бир маңгыт, Намыс үчүн тер агып, Амал кетип, ал кетип, Көз акыйып, шай кетип, Хан Калдык турду маминтип: — Мен элимден чыккалы, Далай өткөн күн болду, Күн айланып түн болду, Эрте басып кеч жатып, Уйкум жакшы канбады, Кардым ашка тойбоду, Аркамда калган аскердин, Келер маалы болгону. Уруксат бер кетейин, Аскерге барып жетейин. Элиңдин четин бүлүнтүп, Калба салып жүрбөсүн, Темир тоонун сыртына, Тегеретип түшөйүн, Чакырган мени беш урук, Алардын жообун күтөйүн. Чогулушуп баш кошуп, Чогуу хандар бир болуп, Салгылашып көрөлү. Кеп талашып жүрбөдү: — Барсаң, мейлиң бар, — деди, Эрегишсең эрмин деп, Эңишип келе бергин, — деп, Эрдикке алың келбесе, Кабыргаң менен кеңешип, Ачык жообун бергин, — деп, Калдыкка берип уруксат, Карап асыл турбады, Калган элге бет алып, Майтору башын бурганы, Атадан калган белек, деп, Ак калпак кыргыз журтуна, Ар качан коргон керек, деп, Жер чаңдатып ат койуп, Жүрүп кетти шарт койуп, Хан калдык кетти элине, Ичине кызыл кан толуп, Жүрөгү кирдеп дат болуп. Бара жатса талаада, Кайкаган кошуун көрүндү, Чаң созулуп абага, Тердебеген темир көк, Тердебеген ат менен, Хан Калдык жетти аларга, Аскерге кирип аралап, Сурады алын чамалап, Сураган киши кеп айтат: — Жолуң болгур! – деп айтат, Куралып келип беш улук, Камалып жатып кыргызга, Канча миң аскер кырылып, Качып келе жатабыз, Хан Калдык маана болот, деп. Калбай такыр чубуруп, Таластан чыктык таң ата, Кызыл канга жуурулуп. Хан Калдык сурап кеп угуп, Ого бетер башы ооруп: — Баш кишиңер кайда? – деп, Мен барамын анда, — деп, Антип сурап калганда, Сураган киши кеп айтат: — Балбандык кийим хан таажы, Баарысы калды катылып, Кара аскердин катары, Элге келет жашынып. Алдыңкы өткөн кездерде, Имиштен уккан кептерде, Карахан кызы Каныкей, Атка үпчүн жасаптыр, Көкөтөйдүн ашында, Алмамбет жапса атына, Коңурбай тааный албаптыр, Укмушташып угушуп, Атка үпчүн жабышып, Келе жатат эл менен, Жашырынып алышып, Тете, Салаа, Саранжа, Тажиктердин Көкбөрү – Ар амалы көп бөрү, Тарашанын сыртында, Талдынын бойу кырчында, Үчкө бөлүп аскерди, Коргон менен күмбөзгө, Эки хан эли бар, деди, Каңгайдан келген Саранжа, Асылды элге жеткирбей, Сен урушуп кал, деди. Айткан кепке көнгөнбүз, Ар бир жерге келгенбиз, Бөлүнгөндө жөнөдүк, Койбоочудай эрдемсип, Караңгыда капташты, Бактыбай деген бир баатыр, Таң атканча кырылдык, Кызыл кыйан кан жатыр. Таң атканда Бактыбай, Күмбөзгө кетти бурулбай, Миң балбанын ээрчитип, Жетип келди урунбай. Кыргыз келди чубуруп, Манастап ураан чакырып, Тоо бузулуп угулуп. Буулугуп калган эл экен, Кыргыздын баары эр экен, Аңгычакты каңгайды, Айдап келди Кырчындан, Ашкере Асыл шер экен. Көкбөрү келди түш менен, Кутулдум деп Асылдан, Өлбөй тирүү күч менен, Бешимде келди Каракөз, Кененимди сойдум, деп, Көкбөрү айтты жөн турбай. Кененим өлдү дегенде, Ажыдаардай аркырап, Ачууланды кыргыздар, Айдап чыкты Таластан, Тамандатып тургузбай, Ким болосуң сен өзүң? Бизден уксаң ушундай. Арбактуу Асыл ат койуп, Сыр коргонго барыптыр, Болгон иштин баарысын, Элден угуп алыптыр, Качкан душман артынан, Карбалас жөнөп калыптыр, Жайылманын талаада, Келе жатса эр Асыл (Азыркысы душманга, Теңдеши жок шер Асыл) Кеңкула менен залкайып, Кебез тоодой даңкайып, Эр Кененим келатыр, Атасын көрүп жаш бала, Түшө калып атынан, Камчысын салып мойнуна, Каада менен турду эле, Кандыргылап бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Кендиргелеп бүгүлүп, Келиндерче жүгүнүп, Салам айтып калды эле, Саламга алик алды эле, Залкар тоодой Кененим, Минтип айтып калды эле: — Аттаныпсың, карбалас, Келатыпсың калдаңдап, Кайсы жакка барасың? Кененимден кеп угуп, Барасың, кайда, деп угуп, — Айланайын атаке, Маңгыт, испан, коросон, Жедигер, тажик, муңгулдан, Кол келди алты уруудан, Тарашанын сыртынан, Чар тарапка бөлүнүп, Каптап кирди кыргызга, Муңгулдар менен салышып, Мен калыпмын алыста. Таң атканда муңгулдар, Качып берди кужулдап, Артынан келсем Таласка, Карабуура, Чаткалда, Тажиктердин Көкбөрү, Жалгызектин Бактыбай, Жан айабай салышып, Жаткан экен байма-бай, Мен келгенде Бактыбай, Жүрүп кетти кылчайбай. Көнүшүп калган Көкбөрү, Күрсүлдөшүп жатканда, Келип калды хан Калдык, Кете берди Көкбөрү, Күндү күнгө уладык, Түндү түнгө уладык, Дүмөктөштүк далайга, Бир кезекте хан Калдык: — Аш жебеген ачкамын, Мен алдыраш башкамын, Келе жатат аскерим, Арка жакка таштадым, Эл аралап бүлүнтүп, Эпсиз калба таппасын, Мен барамын элиме, Алты урук эли чогулуп, Биз түшөлү бир жерге. Кабыл алдым айтканын, Коргонду карай баскамын, Ак калпак кыргыз көп элди, Мен коргондон тапкамын. Эр Бактыбай, Орунбай, Айдап жолго салыптыр, Коргонго жакын тургузбай. Калың элден кеп угуп, Качты душман, деп угуп, Артынан кууп келаттым, Сизге калдым жолугуп. Аңдап болуп Кененим: — Анталап качкан душмандын, Артынан барам дебегин, Жүргүн, балам, жүргүн, — деп, Жүрүп кетти берениң. Баш кошулган алты улук, Байандап айтып берейин: Хан Калдык элден кеп угуп, Белге таңуу бектерди, Кара аскердин катары, Келе жатат деп угуп, Ал аскерге карабай, Желип кетти бурулуп, Алдындагы темир көк, Чабына батпай суурулуп, Өз аскери бет келди, Келе жаткан чубуруп, Аскерлерин түшүрдү, Барабанын урдуруп. Аскер түшүп болгондо, Качкан аскер капташты, Жааган күндөй куйулуп, Хан Калдыктын чатырга, Хандар келди чогулуп. Асыл шерди макташып: — Адам жеңер журт эмес, Бул кыргызга чакташып, Бири бекер калбаса, Найзага темир ашташып. Чойунбашка мыктуу экен, Айбалтага шыктуу экен, Сойулу чабар көп экен, Кененим, Асыл барында, Кыргыздын көөнү ток экен, Кары-жашын билгисиз, Баарынын колу шок экен, Басташкан жоодон тартынбас, Атылган мылтык ок экен. Жаңы келдиң, хан Калдык, Баатырдын баарын сойдуруп, Биздер калдык сандалып. “Түгөнгөн сайын түтөгөн, Түптүү Манас тукуму” Элдер айткан кеп эле, Жалганы жок чын экен. “Өлгөн сайын өөрчүгөн, Өткүр Манас тукуму” Өз-жат дебей айтчы эле, Төгүн эмес, чын экен, Өрттөнүп өлгөн кыргыздар, Баштан-аяк чыр экен! Асылга бенде тең эмес, Жалгызектин Бактыбай, Оңой-олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Оодарылар бел эмес, Ордонун ханы Орунбай, Оңой киши деги эмес... Оң-тескери айтышып, Оолугушуп жатканда, Анда айтат хан Калдык: — Айтканыңар кандай кеп, Атышып чыккан душманды, Мактайсыңар мыкты деп. Бул кебиңер курусун, Кебиңерди ит уксун, Ит укпаса ким уксун! Баарың келдиң чогулуп, Айтканыңар чын болсо, Кетипсиңер кырылып, Чогулушуп калыппыз, Бир чатырга жыйылып, Баарың айткын акылды, Унчукпай калбай жымыйып. Коросон, испан элиңди, Мен билемин жериңди, Тете, Салаа ачып айт, Ичиңдеги кебиңди. Жедигер, муңгул, чыныңды айт, Жашырбастан сырыңды айт. Тажиктердин Көкбөрү, Амалың элден көп бөрү, Кабар бердиң көп элге, Баштап келдиң бул жерге, Башыңды салып унчукпай, Олтурасың жөн эле. Карылар нуска кеп айтат, “Ичте бала болгунча, Тышта талаа” деп айткан, Күмөнү жок көрүнөө, Өтө таамай төп айткан. Нускасын эстеп карынын, Силерге муну мен айтам, Аста айтпай бек айтам. Хан Калдык кебин укканда, Кеп кумардан чыкканда, Жедигердин Каракөз (Андан чыгат көп кеңеш): — Айт дедиңер, айтайын, Кыргыздан көргөн дартыма, Толтойдон бери карата. Жедигерди кор кылды, Жеринен киши табылбай, Таластан бирди чоң кылды, Тажиктердин Көкбөрү, Көңүлдөкү иш кылды, Беш урук келдик бул жерге, Алаштын кыргыз элине, Келген жерде бет келдик, Баатыр Асыл эрине, Кездешпедик эмгиче, Эр Кененим дегенге. Кененим деп келгенбиз, Асыл ойдо жок эле, Эр чыкты деп Асылды, Угулбаган кеп эле. Далай акыл курадык, Эч бирин кыла албадык. Күндү катка салалык, Күн болжошуп алалык, Айда катка салалык, Айды аркандап алалык, Пулду айап калбайлык, Өмүржандын Кызылкыз, Мыкты сыйкыр ушул кыз, Аны колго алалык, Анан келе калалык, Алакандай кыргызга, Акыр заман салалык. Кылымдан ашкан сыйкыр кыз, Кененим менен Асылды, Кармап берет ушул кыз, Мындан башка амал жок, Менден кеңеш уксаңыз, Ошол ойго жеткизбей, Кененим, Асыл кекенип, Кездешип туруп албаса, Кызылкыз бара албаса, Болбосо бизге каргаша. Ушуну айтып токтолду, Каракөздөн башкасы, Унчукканы жок болду, Чай кайнамча дымбыр-дым, Зобон чыкпай токтолду. Саламаттын хан Калдык: — Каракөздөн башкаңда, Кыргызда кегиң жок беле?! Же алы канча дегенсип, Көңүлүңөр ток беле?! Жерди тиктеп ындыйып, Унчукпайсың тим эле, Хан Калдыктан кеп угуп, Каары катуу жеме угуп, Тажиктердин Көкбөрү, — Келе албай жатып биздерге, Кеп айтасың хан Калдык, Баш-айагын билбестен, Жеме айтасың, хан Калдык! Карабуура, Чаткалда, Асыл менен арбашып, Калдың эле кармашып. Сен кармашка түшкөндө, Асылды алып келет, деп, Азабын колго берет, деп, Колго алып коргонду, Курайын деп белендеп, Биз беш киши болгон соң, Бактыбай жалгыз эмеспи, Алы кимге келет деп, Желденип келдим кошуунга, Жерге батпай дердеңдеп. Эр урушу бир экен, Эл урушу миң экен, Ата-баба мурасы, Айтышып көнгөн эл экен, Киргизмек тургай коргонго, Беттетпеди биздерди, Амал кетип, айла жок, Кара жанга күч келди. Пайда таппай кыргыздан, Баш калкалап уруштан, Баатырлык кийим, хан таажы, Бар кийимди бөктөрдүк, Кайда калды хандыгың, Кара аскер санга өткөнбүз. Айла кетип келатып, Өзүңүздү көргөнбүз. Алып келсең Асылды, Күркүрөйт элең күүлөнүп, Качып келген белемсиң, Кадамың катып сүйрөлүп, Качып келсең чыныңды айт, Асыл келет эми эле, Ажыдаар сүрдөнүп, Менче болсом ойумда, Ар кайда кетсек самсаалап, Асыл менен Кененим – Ата-бала аттанат, Барган жерге чуу салып, Башка мүшкүл иш салат. Арага киши салалы, Жооптошуп жаналы, Азуусун айга бүлөгөн, Эр болсо издеп табалы, Хан Каракөз айткандай, Амалкөйдөн таап алып, Анан келе калалы. Тете, Салаа, Саранжа: — Каракөз берген кеңеш кеп, Кулакка турат жагымдуу, Көкбөрү айткан ушул кеп, Баарысы кабыл алыптыр, Хан Кененим баатыры, Жибермек болуп элчисин, Камдап жолго салыптыр. Жиберген киши алты экен, Алты хандын атынан, Атайлап жазган кат экен, Узартып айткан кеби жок, Сөзү кыска аз экен: “Урушпай жатып албайбыз, Беш жылдык мүдөт сурайбыз, Аңгычакты камынып, Айабай кошуун жыйнайбыз, Уруша турган жериңди, Мүдөт күн канча, Кененим, Ачык жооп сурайбыз” Берген катты көтөрүп, Алты элчи жөнөп калганы, Кененим менен Асылдын, Кебин эми угалы. Карабуура, Чаткалдан, Жүрү, балам, жүрү, деп, Жүрүп кетти Кененим, Баатырдан калган коргонго, Хан такталуу борборго, Барып түштү Кененим. Кененимди көрүшүп, Калбай кыргыз келишип, Асылбача арстанды, Алпештеп эли сүйүшүп, Кубанычка кунан чаап, Көкүлүн көккө шүйүшүп, Куйругун ача түйүшүп, Көкбөрү тартып солушту, Эркин өскөн кайран эл, Унутуп калды согушту. Өз эркинче болушуп, Чатыраш ойун салышып, Кечте ойноочу кыйындар, Бөлүнүшө калышып, Кандай акыл берет деп, Кененимден алышып, Аксакалдуу карылар, Эл башкарган жакшылар, Кенениме барышып, Кеңеш кебин салышып, Эр Кененим төрөнүн, Үстүнө кирди кыргыздар, Кеңеш сурап Кененден, Кебин салды жакшылар, Оңдоп ордун олтуруп, Кеп баштады Бактыбай: — Каары катуу төрөбүз, Кабагыңды бүркөсөң, Кар жаагандай көрөбүз, Жүр десеңиз бир жакка, Баш тартпастан жөнөйбүз. Башка келген жумуштун, Баарысын актан көрөбүз. Камаган хан деш эле, Маңгыт келип кошулуп, Атагы алты хан болду, Үч-төрт күндүн алдында, Бизге кыйын күн болду. Тоодой болгон өзүмдү, Токтотуп душман октоду, Оолугуп кирип кетчү, Арка-бутун ок кечип, Кеңкулаң майып болгону. Кеңкула буту сак болду, Качып душман шарт койду, Коргонду тартып алсак, деп, Ойлогону ал болду. Калк урушун салышып, Карсылдашып чабышып, Коргонду бербей койгону, Оо дүйнө кеткен Манастын, Арбагы бизди колдоду. “Өзөктөн күйгөн өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман”, Жээни эле кыргыздын, Хан Калдык душман болгону. Бир күн душман, бир күн дос, Жедигер андай эл эле, Кара калмак, каңгайлык, Алты ата кубарсан, Айтышып келген эл эле, Испан менен коросон, Дабытай менен Ачакан, Калмактарга алданып, Мал менен пулга жалданып, Душман болгон кеп эле. “Качкан жоону калдайып, Катын алат”, дечү эле, Жатып алыш кандайдыр, Кеңеш сизде, — деди эле. Кененим кеңеш бергенче, Эшиктен бирөө кирди эле: — Элчи келди хандардан, Эшикке келди алты адам, Киреби үйгө, кирбейби, Элчиге жообун мен айтам. Ал алтоону ханбы деп, Элебеди Кененим, Бучкагына алты итти, Теңебеди Кененим: — Каты болсо алардын, Алып келгин каттарын, Хан экен деп алты итти, Катарыма албаймын. Кененимден кеп угуп, Келген киши кетиптир, Элчилерге жетиптир: — Катың барбы, бергин, — деп, Катарга албайт ханыңды, Силерди элчи экен деп. Желдеттер турат маңдайда, Кылычтарын жалаңдап, Эси чыгып элчилер, Көздөрү турат алаңдап. Капчыкка колун салышты, Каттарын сууруп алышты, Ханга сунган немедей, Карпаңдашып байкуштар, Катты сунуп калышты. Жесекчи катты алганы, Үйдөгү элге алып барды, Ордонун беги Орунбай, Көрүнөө окуй салганы, Ушул болду уксаңар, Кененимдин айтканы: — Элчилерди кайткын, де, Ханыңарга айткын де, Иттердин уктум каттарын, Эси чыгып жалтанып, Жаза албаптыр аттарын. Болжогон беш жыл болгондо, Тынч элди козгоп чуу салган, Тажиктердин Балыкка, Ошол жерге барамын, Ээсин капкан алты иттин, Эсебин анан табамын. Өмүржандын Кызылкыз, Сыйкырлап алып берет, деп, Анык билем барарын, Беш жылгача жыйнасын, Колунан келчү тарабын, Тажик менен маңгыттын, Кетирет булар амалын, Ойуна Калдык албайбы, Оодарылып көр дүйнө, Бир айланып келгинче, Маңгыт деген уруунун, Ооздон түшүп каларын. Ошону менен жедигер, Айтылып элге ат калат, Ханы тургай кара жок, Көз көрөөрү жок калат. Жедигер, маңгыт элиңер, Айабай алжып келдиңер, Беш жылы жакшы камынсын, Укпасаңар мейлиңер. Коросон, испан эки урук, Абалтан бери карата, Козголбогон ушул журт, Тете, Салаа өлгөндө, Коросон, испан элдери, Болуп өткөн иштерди, Көзү менен көргөндө, Андан кийин алашка, Катылышпайт дегеле, Өмүржандын Кызылкыз, Кимдер душман, кимдер дос, Биле албай мурун кошулат, Бузук-түзүк бөлүнсө, Андан кызык иш кылат, Чакырып келип өздөрү, Кантип качып кутулат? Жедигер менен маңгытты, Жер тайантып жок кылат, Жедигердин элдери, Ошол бойдон жоголот, Тууганы көп, урук көп, Маңгыт бир күн оңолот, Маңгыттын көп жөлөрү, Муңгул, таңгут жөлөгү, Аркасында маңгыттын, Тыргооту бар бөбөгү. Атадан бөлүп энчисин, Атасына таштабай, Энесин ала кеткенде, Баласын ээрчип кеткени. Беш кандын бир эле, Эри калды Женсейде. Үч уулу турду Каңгайда, Анда туулган үч уулга, Таңгут, маңгыт, тыргоот деп, Мындай аттар койду эле. Таңгут алыс ыраакта, Ат бастырбай бийакта, Маңгыт жүргөн арада, Ээ болуп чандан шаарга. Тыргоот жүргөн дайынсыз, Кыдырып-көчүп мал багып, Тийишпей жүрүп эч кимге, Келе жатат баш арбып. Кийинче түптүү эл болот, Далай жерге ээ болот, Маңгыт менен жедигер, Ар кайда азып жоголот. Ушуну айтып Кененим, Болжоп берип беш жылды, Элчилерин кетирди. Элчилер кайта кеткенде, Асылбача, Бактыбай, Ордонун ханы Орунбай, Ошолорго жекиди: — Айтканымды алыңар, Асылбача, Бактыбай, Түз күмбөзгө барыңар. Бул бойдон кетпейт келгендер, Ат изин кайра бир салбай. Ордодоку Орунбай, Жаныңда бар миң балбан, Эл аралап барыңар, Эси жоктой иш кылып, Элге бүлүк салбаңар, Коргонго келсе коржоңдоп, Жооп айтуучу өзүм бар. Катышып калса кол салып, Түп көтөрө чабам деп, Түгөнгүс олжо алам деп, Аркасынан барбаңар, Баатырсынып дердеңдеп, Деп тапшырып Кененим, Элдин баарын кетирди, Четке чыккан эрлерге, Душманды кууп кетпеске, Улам-улам жекиди. Муну мындай таштайлы, Асылбача баатырдын, Эл бийлеген колуна, Алганынан баштайлы.