← Асылбача-Бекбача 4/4

— Айт дедиңер, айтайын, Кыргыздан көргөн дартыма, Толтойдон бери карата. Жедигерди кор кылды, Жеринен киши табылбай, Таластан бирди чоң кылды, Тажиктердин Көкбөрү, Көңүлдөкү иш кылды, Беш урук келдик бул жерге, Алаштын кыргыз элине, Келген жерде бет келдик, Баатыр Асыл эрине, Кездешпедик эмгиче, Эр Кененим дегенге. Кененим деп келгенбиз, Асыл ойдо жок эле, Эр чыкты деп Асылды, Угулбаган кеп эле. Далай акыл курадык, Эч бирин кыла албадык. Күндү катка салалык, Күн болжошуп алалык, Айда катка салалык, Айды аркандап алалык, Пулду айап калбайлык, Өмүржандын Кызылкыз, Мыкты сыйкыр ушул кыз, Аны колго алалык, Анан келе калалык, Алакандай кыргызга, Акыр заман салалык. Кылымдан ашкан сыйкыр кыз, Кененим менен Асылды, Кармап берет ушул кыз, Мындан башка амал жок, Менден кеңеш уксаңыз, Ошол ойго жеткизбей, Кененим, Асыл кекенип, Кездешип туруп албаса, Кызылкыз бара албаса, Болбосо бизге каргаша. Ушуну айтып токтолду, Каракөздөн башкасы, Унчукканы жок болду, Чай кайнамча дымбыр-дым, Зобон чыкпай токтолду. Саламаттын хан Калдык: — Каракөздөн башкаңда, Кыргызда кегиң жок беле?! Же алы канча дегенсип, Көңүлүңөр ток беле?! Жерди тиктеп ындыйып, Унчукпайсың тим эле, Хан Калдыктан кеп угуп, Каары катуу жеме угуп, Тажиктердин Көкбөрү, — Келе албай жатып биздерге, Кеп айтасың хан Калдык, Баш-айагын билбестен, Жеме айтасың, хан Калдык! Карабуура, Чаткалда, Асыл менен арбашып, Калдың эле кармашып. Сен кармашка түшкөндө, Асылды алып келет, деп, Азабын колго берет, деп, Колго алып коргонду, Курайын деп белендеп, Биз беш киши болгон соң, Бактыбай жалгыз эмеспи, Алы кимге келет деп, Желденип келдим кошуунга, Жерге батпай дердеңдеп. Эр урушу бир экен, Эл урушу миң экен, Ата-баба мурасы, Айтышып көнгөн эл экен, Киргизмек тургай коргонго, Беттетпеди биздерди, Амал кетип, айла жок, Кара жанга күч келди. Пайда таппай кыргыздан, Баш калкалап уруштан, Баатырлык кийим, хан таажы, Бар кийимди бөктөрдүк, Кайда калды хандыгың, Кара аскер санга өткөнбүз. Айла кетип келатып, Өзүңүздү көргөнбүз. Алып келсең Асылды, Күркүрөйт элең күүлөнүп, Качып келген белемсиң, Кадамың катып сүйрөлүп, Качып келсең чыныңды айт, Асыл келет эми эле, Ажыдаар сүрдөнүп, Менче болсом ойумда, Ар кайда кетсек самсаалап, Асыл менен Кененим – Ата-бала аттанат, Барган жерге чуу салып, Башка мүшкүл иш салат. Арага киши салалы, Жооптошуп жаналы, Азуусун айга бүлөгөн, Эр болсо издеп табалы, Хан Каракөз айткандай, Амалкөйдөн таап алып, Анан келе калалы. Тете, Салаа, Саранжа: — Каракөз берген кеңеш кеп, Кулакка турат жагымдуу, Көкбөрү айткан ушул кеп, Баарысы кабыл алыптыр, Хан Кененим баатыры, Жибермек болуп элчисин, Камдап жолго салыптыр. Жиберген киши алты экен, Алты хандын атынан, Атайлап жазган кат экен, Узартып айткан кеби жок, Сөзү кыска аз экен: “Урушпай жатып албайбыз, Беш жылдык мүдөт сурайбыз, Аңгычакты камынып, Айабай кошуун жыйнайбыз, Уруша турган жериңди, Мүдөт күн канча, Кененим, Ачык жооп сурайбыз” Берген катты көтөрүп, Алты элчи жөнөп калганы, Кененим менен Асылдын, Кебин эми угалы. Карабуура, Чаткалдан, Жүрү, балам, жүрү, деп, Жүрүп кетти Кененим, Баатырдан калган коргонго, Хан такталуу борборго, Барып түштү Кененим. Кененимди көрүшүп, Калбай кыргыз келишип, Асылбача арстанды, Алпештеп эли сүйүшүп, Кубанычка кунан чаап, Көкүлүн көккө шүйүшүп, Куйругун ача түйүшүп, Көкбөрү тартып солушту, Эркин өскөн кайран эл, Унутуп калды согушту. Өз эркинче болушуп, Чатыраш ойун салышып, Кечте ойноочу кыйындар, Бөлүнүшө калышып, Кандай акыл берет деп, Кененимден алышып, Аксакалдуу карылар, Эл башкарган жакшылар, Кенениме барышып, Кеңеш кебин салышып, Эр Кененим төрөнүн, Үстүнө кирди кыргыздар, Кеңеш сурап Кененден, Кебин салды жакшылар, Оңдоп ордун олтуруп, Кеп баштады Бактыбай: — Каары катуу төрөбүз, Кабагыңды бүркөсөң, Кар жаагандай көрөбүз, Жүр десеңиз бир жакка, Баш тартпастан жөнөйбүз. Башка келген жумуштун, Баарысын актан көрөбүз. Камаган хан деш эле, Маңгыт келип кошулуп, Атагы алты хан болду, Үч-төрт күндүн алдында, Бизге кыйын күн болду. Тоодой болгон өзүмдү, Токтотуп душман октоду, Оолугуп кирип кетчү, Арка-бутун ок кечип, Кеңкулаң майып болгону. Кеңкула буту сак болду, Качып душман шарт койду, Коргонду тартып алсак, деп, Ойлогону ал болду. Калк урушун салышып, Карсылдашып чабышып, Коргонду бербей койгону, Оо дүйнө кеткен Манастын, Арбагы бизди колдоду. “Өзөктөн күйгөн өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман”, Жээни эле кыргыздын, Хан Калдык душман болгону. Бир күн душман, бир күн дос, Жедигер андай эл эле, Кара калмак, каңгайлык, Алты ата кубарсан, Айтышып келген эл эле, Испан менен коросон, Дабытай менен Ачакан, Калмактарга алданып, Мал менен пулга жалданып, Душман болгон кеп эле. “Качкан жоону калдайып, Катын алат”, дечү эле, Жатып алыш кандайдыр, Кеңеш сизде, — деди эле. Кененим кеңеш бергенче, Эшиктен бирөө кирди эле: — Элчи келди хандардан, Эшикке келди алты адам, Киреби үйгө, кирбейби, Элчиге жообун мен айтам. Ал алтоону ханбы деп, Элебеди Кененим, Бучкагына алты итти, Теңебеди Кененим: — Каты болсо алардын, Алып келгин каттарын, Хан экен деп алты итти, Катарыма албаймын. Кененимден кеп угуп, Келген киши кетиптир, Элчилерге жетиптир: — Катың барбы, бергин, — деп, Катарга албайт ханыңды, Силерди элчи экен деп. Желдеттер турат маңдайда, Кылычтарын жалаңдап, Эси чыгып элчилер, Көздөрү турат алаңдап. Капчыкка колун салышты, Каттарын сууруп алышты, Ханга сунган немедей, Карпаңдашып байкуштар, Катты сунуп калышты. Жесекчи катты алганы, Үйдөгү элге алып барды, Ордонун беги Орунбай, Көрүнөө окуй салганы, Ушул болду уксаңар, Кененимдин айтканы: — Элчилерди кайткын, де, Ханыңарга айткын де, Иттердин уктум каттарын, Эси чыгып жалтанып, Жаза албаптыр аттарын. Болжогон беш жыл болгондо, Тынч элди козгоп чуу салган, Тажиктердин Балыкка, Ошол жерге барамын, Ээсин капкан алты иттин, Эсебин анан табамын. Өмүржандын Кызылкыз, Сыйкырлап алып берет, деп, Анык билем барарын, Беш жылгача жыйнасын, Колунан келчү тарабын, Тажик менен маңгыттын, Кетирет булар амалын, Ойуна Калдык албайбы, Оодарылып көр дүйнө, Бир айланып келгинче, Маңгыт деген уруунун, Ооздон түшүп каларын. Ошону менен жедигер, Айтылып элге ат калат, Ханы тургай кара жок, Көз көрөөрү жок калат. Жедигер, маңгыт элиңер, Айабай алжып келдиңер, Беш жылы жакшы камынсын, Укпасаңар мейлиңер. Коросон, испан эки урук, Абалтан бери карата, Козголбогон ушул журт, Тете, Салаа өлгөндө, Коросон, испан элдери, Болуп өткөн иштерди, Көзү менен көргөндө, Андан кийин алашка, Катылышпайт дегеле, Өмүржандын Кызылкыз, Кимдер душман, кимдер дос, Биле албай мурун кошулат, Бузук-түзүк бөлүнсө, Андан кызык иш кылат, Чакырып келип өздөрү, Кантип качып кутулат? Жедигер менен маңгытты, Жер тайантып жок кылат, Жедигердин элдери, Ошол бойдон жоголот, Тууганы көп, урук көп, Маңгыт бир күн оңолот, Маңгыттын көп жөлөрү, Муңгул, таңгут жөлөгү, Аркасында маңгыттын, Тыргооту бар бөбөгү. Атадан бөлүп энчисин, Атасына таштабай, Энесин ала кеткенде, Баласын ээрчип кеткени. Беш кандын бир эле, Эри калды Женсейде. Үч уулу турду Каңгайда, Анда туулган үч уулга, Таңгут, маңгыт, тыргоот деп, Мындай аттар койду эле. Таңгут алыс ыраакта, Ат бастырбай бийакта, Маңгыт жүргөн арада, Ээ болуп чандан шаарга. Тыргоот жүргөн дайынсыз, Кыдырып-көчүп мал багып, Тийишпей жүрүп эч кимге, Келе жатат баш арбып. Кийинче түптүү эл болот, Далай жерге ээ болот, Маңгыт менен жедигер, Ар кайда азып жоголот. Ушуну айтып Кененим, Болжоп берип беш жылды, Элчилерин кетирди. Элчилер кайта кеткенде, Асылбача, Бактыбай, Ордонун ханы Орунбай, Ошолорго жекиди: — Айтканымды алыңар, Асылбача, Бактыбай, Түз күмбөзгө барыңар. Бул бойдон кетпейт келгендер, Ат изин кайра бир салбай. Ордодоку Орунбай, Жаныңда бар миң балбан, Эл аралап барыңар, Эси жоктой иш кылып, Элге бүлүк салбаңар, Коргонго келсе коржоңдоп, Жооп айтуучу өзүм бар. Катышып калса кол салып, Түп көтөрө чабам деп, Түгөнгүс олжо алам деп, Аркасынан барбаңар, Баатырсынып дердеңдеп, Деп тапшырып Кененим, Элдин баарын кетирди, Четке чыккан эрлерге, Душманды кууп кетпеске, Улам-улам жекиди. Муну мындай таштайлы, Асылбача баатырдын, Эл бийлеген колуна, Алганынан баштайлы.