← Асылбача-Бекбача 3/4

Бири кыргыз, бир маңгыт, Намыс үчүн тер агып, Амал кетип, ал кетип, Көз акыйып, шай кетип, Хан Калдык турду маминтип: — Мен элимден чыккалы, Далай өткөн күн болду, Күн айланып түн болду, Эрте басып кеч жатып, Уйкум жакшы канбады, Кардым ашка тойбоду, Аркамда калган аскердин, Келер маалы болгону. Уруксат бер кетейин, Аскерге барып жетейин. Элиңдин четин бүлүнтүп, Калба салып жүрбөсүн, Темир тоонун сыртына, Тегеретип түшөйүн, Чакырган мени беш урук, Алардын жообун күтөйүн. Чогулушуп баш кошуп, Чогуу хандар бир болуп, Салгылашып көрөлү. Кеп талашып жүрбөдү: — Барсаң, мейлиң бар, — деди, Эрегишсең эрмин деп, Эңишип келе бергин, — деп, Эрдикке алың келбесе, Кабыргаң менен кеңешип, Ачык жообун бергин, — деп, Калдыкка берип уруксат, Карап асыл турбады, Калган элге бет алып, Майтору башын бурганы, Атадан калган белек, деп, Ак калпак кыргыз журтуна, Ар качан коргон керек, деп, Жер чаңдатып ат койуп, Жүрүп кетти шарт койуп, Хан калдык кетти элине, Ичине кызыл кан толуп, Жүрөгү кирдеп дат болуп. Бара жатса талаада, Кайкаган кошуун көрүндү, Чаң созулуп абага, Тердебеген темир көк, Тердебеген ат менен, Хан Калдык жетти аларга, Аскерге кирип аралап, Сурады алын чамалап, Сураган киши кеп айтат: — Жолуң болгур! – деп айтат, Куралып келип беш улук, Камалып жатып кыргызга, Канча миң аскер кырылып, Качып келе жатабыз, Хан Калдык маана болот, деп. Калбай такыр чубуруп, Таластан чыктык таң ата, Кызыл канга жуурулуп. Хан Калдык сурап кеп угуп, Ого бетер башы ооруп: — Баш кишиңер кайда? – деп, Мен барамын анда, — деп, Антип сурап калганда, Сураган киши кеп айтат: — Балбандык кийим хан таажы, Баарысы калды катылып, Кара аскердин катары, Элге келет жашынып. Алдыңкы өткөн кездерде, Имиштен уккан кептерде, Карахан кызы Каныкей, Атка үпчүн жасаптыр, Көкөтөйдүн ашында, Алмамбет жапса атына, Коңурбай тааный албаптыр, Укмушташып угушуп, Атка үпчүн жабышып, Келе жатат эл менен, Жашырынып алышып, Тете, Салаа, Саранжа, Тажиктердин Көкбөрү – Ар амалы көп бөрү, Тарашанын сыртында, Талдынын бойу кырчында, Үчкө бөлүп аскерди, Коргон менен күмбөзгө, Эки хан эли бар, деди, Каңгайдан келген Саранжа, Асылды элге жеткирбей, Сен урушуп кал, деди. Айткан кепке көнгөнбүз, Ар бир жерге келгенбиз, Бөлүнгөндө жөнөдүк, Койбоочудай эрдемсип, Караңгыда капташты, Бактыбай деген бир баатыр, Таң атканча кырылдык, Кызыл кыйан кан жатыр. Таң атканда Бактыбай, Күмбөзгө кетти бурулбай, Миң балбанын ээрчитип, Жетип келди урунбай. Кыргыз келди чубуруп, Манастап ураан чакырып, Тоо бузулуп угулуп. Буулугуп калган эл экен, Кыргыздын баары эр экен, Аңгычакты каңгайды, Айдап келди Кырчындан, Ашкере Асыл шер экен. Көкбөрү келди түш менен, Кутулдум деп Асылдан, Өлбөй тирүү күч менен, Бешимде келди Каракөз, Кененимди сойдум, деп, Көкбөрү айтты жөн турбай. Кененим өлдү дегенде, Ажыдаардай аркырап, Ачууланды кыргыздар, Айдап чыкты Таластан, Тамандатып тургузбай, Ким болосуң сен өзүң? Бизден уксаң ушундай. Арбактуу Асыл ат койуп, Сыр коргонго барыптыр, Болгон иштин баарысын, Элден угуп алыптыр, Качкан душман артынан, Карбалас жөнөп калыптыр, Жайылманын талаада, Келе жатса эр Асыл (Азыркысы душманга, Теңдеши жок шер Асыл) Кеңкула менен залкайып, Кебез тоодой даңкайып, Эр Кененим келатыр, Атасын көрүп жаш бала, Түшө калып атынан, Камчысын салып мойнуна, Каада менен турду эле, Кандыргылап бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Кендиргелеп бүгүлүп, Келиндерче жүгүнүп, Салам айтып калды эле, Саламга алик алды эле, Залкар тоодой Кененим, Минтип айтып калды эле: — Аттаныпсың, карбалас, Келатыпсың калдаңдап, Кайсы жакка барасың? Кененимден кеп угуп, Барасың, кайда, деп угуп, — Айланайын атаке, Маңгыт, испан, коросон, Жедигер, тажик, муңгулдан, Кол келди алты уруудан, Тарашанын сыртынан, Чар тарапка бөлүнүп, Каптап кирди кыргызга, Муңгулдар менен салышып, Мен калыпмын алыста. Таң атканда муңгулдар, Качып берди кужулдап, Артынан келсем Таласка, Карабуура, Чаткалда, Тажиктердин Көкбөрү, Жалгызектин Бактыбай, Жан айабай салышып, Жаткан экен байма-бай, Мен келгенде Бактыбай, Жүрүп кетти кылчайбай. Көнүшүп калган Көкбөрү, Күрсүлдөшүп жатканда, Келип калды хан Калдык, Кете берди Көкбөрү, Күндү күнгө уладык, Түндү түнгө уладык, Дүмөктөштүк далайга, Бир кезекте хан Калдык: — Аш жебеген ачкамын, Мен алдыраш башкамын, Келе жатат аскерим, Арка жакка таштадым, Эл аралап бүлүнтүп, Эпсиз калба таппасын, Мен барамын элиме, Алты урук эли чогулуп, Биз түшөлү бир жерге. Кабыл алдым айтканын, Коргонду карай баскамын, Ак калпак кыргыз көп элди, Мен коргондон тапкамын. Эр Бактыбай, Орунбай, Айдап жолго салыптыр, Коргонго жакын тургузбай. Калың элден кеп угуп, Качты душман, деп угуп, Артынан кууп келаттым, Сизге калдым жолугуп. Аңдап болуп Кененим: — Анталап качкан душмандын, Артынан барам дебегин, Жүргүн, балам, жүргүн, — деп, Жүрүп кетти берениң. Баш кошулган алты улук, Байандап айтып берейин: Хан Калдык элден кеп угуп, Белге таңуу бектерди, Кара аскердин катары, Келе жатат деп угуп, Ал аскерге карабай, Желип кетти бурулуп, Алдындагы темир көк, Чабына батпай суурулуп, Өз аскери бет келди, Келе жаткан чубуруп, Аскерлерин түшүрдү, Барабанын урдуруп. Аскер түшүп болгондо, Качкан аскер капташты, Жааган күндөй куйулуп, Хан Калдыктын чатырга, Хандар келди чогулуп. Асыл шерди макташып: — Адам жеңер журт эмес, Бул кыргызга чакташып, Бири бекер калбаса, Найзага темир ашташып. Чойунбашка мыктуу экен, Айбалтага шыктуу экен, Сойулу чабар көп экен, Кененим, Асыл барында, Кыргыздын көөнү ток экен, Кары-жашын билгисиз, Баарынын колу шок экен, Басташкан жоодон тартынбас, Атылган мылтык ок экен. Жаңы келдиң, хан Калдык, Баатырдын баарын сойдуруп, Биздер калдык сандалып. “Түгөнгөн сайын түтөгөн, Түптүү Манас тукуму” Элдер айткан кеп эле, Жалганы жок чын экен. “Өлгөн сайын өөрчүгөн, Өткүр Манас тукуму” Өз-жат дебей айтчы эле, Төгүн эмес, чын экен, Өрттөнүп өлгөн кыргыздар, Баштан-аяк чыр экен! Асылга бенде тең эмес, Жалгызектин Бактыбай, Оңой-олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Оодарылар бел эмес, Ордонун ханы Орунбай, Оңой киши деги эмес... Оң-тескери айтышып, Оолугушуп жатканда, Анда айтат хан Калдык: — Айтканыңар кандай кеп, Атышып чыккан душманды, Мактайсыңар мыкты деп. Бул кебиңер курусун, Кебиңерди ит уксун, Ит укпаса ким уксун! Баарың келдиң чогулуп, Айтканыңар чын болсо, Кетипсиңер кырылып, Чогулушуп калыппыз, Бир чатырга жыйылып, Баарың айткын акылды, Унчукпай калбай жымыйып. Коросон, испан элиңди, Мен билемин жериңди, Тете, Салаа ачып айт, Ичиңдеги кебиңди. Жедигер, муңгул, чыныңды айт, Жашырбастан сырыңды айт. Тажиктердин Көкбөрү, Амалың элден көп бөрү, Кабар бердиң көп элге, Баштап келдиң бул жерге, Башыңды салып унчукпай, Олтурасың жөн эле. Карылар нуска кеп айтат, “Ичте бала болгунча, Тышта талаа” деп айткан, Күмөнү жок көрүнөө, Өтө таамай төп айткан. Нускасын эстеп карынын, Силерге муну мен айтам, Аста айтпай бек айтам. Хан Калдык кебин укканда, Кеп кумардан чыкканда, Жедигердин Каракөз (Андан чыгат көп кеңеш):