← Асылбача-Бекбача 2/4

Атамдын аты Саламат, Кабаттап канча эр сайдым, Эмгиче аттан кыйшайып, Болгонум жок жаман ат, Атаңды айт, атыңды айт. Антип сурап турганда: — Түп атам Манас угасың, Неге эмнеден сурадың? Өз атам аты Сейити, Жыйырма экиде жаш кетти, Чоң атамдын колунда, Эркин өсүп чоң болдум. Чоң атам аты Кененим, Жер жүзүнө дайындуу, Жалаңгыч сарык дегенин, Атым Асыл дегенмин, Кат жазды деп Көкбөрү, Эми неге сен келдиң? Угуп Калдык оолугуп: — Кененим атам дегениң, Канжардай тийет маа кебиң! Саламатты Кененим, Өлтүрүптүр башында, Мен билбепмин ал кезде, Өзүм кичик жашымда. Көк бөрүдөн кеп уктум, Саламатты Кененим, Өлтүргөнүн мен уктум. Калмак, тажик, коросон, Испан менен Жедигер, Биз барабыз кыргызга, Сен да келгин деп уктум. Коросон менен испандын, Баш көтөргөн кишисин, Койбогон экен Кененим, Калмак менен тажиктин, Ханы менен карасын, Койбогон экен Кененим. Жедигердин элине, Хандыгын колго бербептир, Кыйаздан кийин жедигер, Ээ болобуз элге деп, Айтууга алы келбептир, Өзү билип Кененим, Өз элиңе ээ бол деп, Теңдик кебин бербептир. Маңгыт биздин эл экен, Көп жерди билип башкарган, Бадыкөл деген эр экен, Каракалпак, түркмөнгө, Катыштың деп шылтоолоп, Манасың сойгон кеп экен. Бадыкөлдөн Мадыкөл, Жалгыз көздүү бенде экен, Жалгыз көзү бар үчүн, Желмогуз менен дээр экен. Каракалпак эли үчүн, Мадыкөлдүн Семетей, Башын кесип кетиптир, Минтип түпкө жетиптир. Мадыкөлдөн Сарыбай, Суурула чыгып башкадан, Ат жетер жерге эр койбой, Сарыбай баарын жалмаган, Кыргыздын угуп кылганын, Эки атасын өлтүрүп, Маңгыттарды кырганын, Шайтаны мунун кармаган, Денеси таштан жаралган, Ок өтүп найза тешпеген, Чапса кылыч кеспеген, Чокмор тийсе башына, Жарылып сөөгү кетпеген, Жетимиш миң кол айдап, Ойунда бар Сарыбай, Семетейден өч алмак, Жедигерди аралап, Семетейдин кишиси, Карадөөнү жалмаптыр, Таласты карап кошуунду, Кондурбастан айдаптыр. Карыйа Бакай, Семетей, Гүлчөрө менен Сейитек, Каршылашып салышып, Сарыбай дөөгө чогулуп, Алы келбей албаптыр, Айчүрөк барып ошондо, Кайыпдаңдын кыз балбан, Куйалыны алдаптыр. Куйалы келип жардамга, Сарыбай менен Куйалы, Канча сапар сайышкан, Жанжүрбөстүн кумдарда. Манастын сыйкыр Сырнайза, Таш жарылат тик сайса, Сарыбайды Таласта, Кыз Куйалы жайлаптыр, Манастын сыйкыр найзасын, Кызыл канга майлаптыр. Сарыбайдан Саламат, Канча жылы кыргызда, Бирге жүргөн аралаш. Семетейдин кызы деп, Калмактан багып кыз берип, Саламатты алдаптыр, Кыйа басып койдуң, деп, Жалаңгыч сарык жалмаптыр. Саламаттан мен элем, Эчтемени билбепмин, Кыргызды коргоп жүрчү элем, Көкбөрүдөн кеп угуп, Болгон ишти бүт угуп, Мында келдим хан Калдык, Эми каның аксын жошулуп! Менин атым хан Калдык, Төрт атамдын кунун кууп, Мен кетемин кек алып. Тете, Салаа тегим бар, Саранжа менен Көкбөрү, Жөлөнө турган белим бар, Хан Каракөз дагы бар, Алты түркүм элим бар, Эминеден кебим бар? Колумда кошуун түгөнсө, Жайнап жаткан алты урук, Жаандан ашкан элим бар, Ак калпак кыргыз сен тургай, Мен кытайды бузар демим бар! Санаадар кылам карыңды, Саргартамын баарыңды, Кетиремин арыңды, Айдап кетем малыңды, Артып кетем калтырбай, Алтын-күмүш зарыңды! Бошотомун муунуңду, Кул кыламын уулуңду, Күң кыламын кызыңды, Бүтүрөмүн ишиңди! Кызыл муштум балаңдан, Калтырбаймын мен андан! Ала тиктеп койгондун, Жазасын колго бербесем, Талпагын ташка кербесем, Коргонуңду бузбасам, Коморуп баарын таштасам, Күмбөзүңдү чакпасам, Күлдөй кылып жанчпасам, Эдебиң берип колуңа, Эсебиңди таппасам! Кутурдуң, кыргыз, канча жыл, Дүмүрүңдү казбасам! Манас туулат экен, деп, Алооке сага кылганды – Бооз катының чогултуп, Боздотуп кардын жарганды, Үч үйгө бирден кечилди, Башын койуп тыйганды, Как ошондой кылбасам, Хан Калдык атым курусун! Канабы менин мудайым, Санаага койдой чубуртуп, Он эки менен алтымыш, Ортосунда кишимди, Өз ойумча кырбасам! Катын менен кызыңды, Олжого алып нетебиз? Кай муратка жетебиз? Ичегисин иймелтип, Ийри-буйру чиймелтип, Жарып салып кетебиз! Асыл айтат мындай кеп: — “Жесе дагы жебесе, Бөрүнүн оозу кандуу”, деп, Байатан, Калдык, сен айттың, Ата-баба баарыңды, Койбой кесип башыңды, Алып көнгөн мен бармын. Алты урук эли келипсиң, Алың келбей баратса, Тилиңди алар кишиге, Такыр кабар бергиниң, Кимдер канчык, ким жолборс, Сен ошондо билгиниң. Карылардын макалы, Кезеги келди, айталы: “Бака секирип түшөт изине”, Элден калган ылакап, Мактанасың күпүлдөп, Туруп алып, сен акмак, Атаңдан калган мурасың – Ашөпкө айтып кеп сатмак. Менин ата мурасым – Кыйа баскан кишиден, Башын кесип кек алмак. Алты эмес он урук, Орус, ойрот кошулуп, Баарың келгин чогулуп. Жалынып барып алдыңа, Кол куушуруп турбаймын, Айкөлдүн турат арбагы, Өлүп кетсем мен сенден, Дегеле арман кылбаймын, Жалынбаймын бендеге, Жанымды айап калбаймын, Алашка келген селдерге. Үйөр агып сел келгин, Үй токтоткус жел келгин, Асман тиреп от келгин, Жайнаган кызыл чок келгин, Жаным тирүү турганда, Жалтанаар бекен дебегин, Сен хан Калдык тургайлык, Сендейден келсе сексени. Көп экен саны дебеймин. Бириңди бирге кошпоймун, Ата-бабаң жолун кууп, Ажал алып жакадан, Ашыгып келген окшойсуң, Тете, Сала дегениң, Сен бел болот деп жүрсөң Мен киши-миши дебеймин! Кан Каракөз дегениң, Караанга келген көлөкө, Саранжа менен бул экөө. Тажиктердин Көкбөрү, Канчык иттей кылчактап, Койондон коркок бултактап, Ошолорго тиштенип, Убара болгон сен акмак! Алың келсе канчага, Айанбагын маңгытын, Алың келсе узартып, Урушуңду арбыткын! — Маңгытым деп айткындай, Кулуң беле маңгыттар?! Деп арданып Калдык хан, Найзасын алып чакыйып, Чакчырылды ардыктан. Асыл айтат ошондо: — Кул эмей, маңгыт, бай белең? Көөнүң куунак жай белең? Башың ачык бош белең? Баштана көөнүң кош белең, — Маңгытым деп айткандай, Менин ыгым жок белем? — Сенин атаң Саламат, Сандалып жүрдү ат токуп, Күйөөмүн деп бүжүрөп, Көтөрүп жүрдү күл төгүп, Элден ашкан этти жеп, Илик алган киши жок, Аны келип кетти деп. Өлтүрүптүр Кененим, “Кул кутурса кузгунга, Жем болот” – деген ушул кеп. Сен жүрүпсүң ойуңда, Башым ачык баймын деп, Жолум ачык шармын деп, Тарпың калсын талаада, Сүйрөп жүрүп, кажыр жеп! Деп айтканга хан Калдык, Каарын салып арданып, Жан алуучу зар салып, Ууга чылап суулаган, Өткүр найза карманып, Темир кызыл ат менен, Теминип кирди жээлигип, Карап турат Асыл шер, Күлүк аттай элирип. Качырып найза сайышып, Сайдырбастан кагышып, Балта менен койушуп, Колтуктарын чойушуп, Булкуп-жулкуп тартышып, Соотторун булушуп, Үзүлгөнүн ыргытып, Этектен түрө кармашып, Үзөңгү боого салышып, Бардык күчүн арнашып, Билектердин териси, Кызыл ала сойулуп, Кызыл кандар куйулуп, Майтору менен Темир көк – Эки тулпар жарышып, Капталдашып кагышып, Чаптап койгон немедей, Ээрге көтү жабышып, Эңишке кире бергенде, Алдындакы тулпардын, Эликтей колу сайылып, Асылбача, хан Калдык, Этектери жайылып, Өргө салган салышта, Тулпар тердеп былчылдап, Куйкалары курушуп, Азуулары кычырап, Күнү күнгө уланды, Күндө тыным албады, Түнү түнгө жалганды, Жамбаштап уйку албады, Асманда учкан канаттуу, Адырда жүргөн кайберен, Аңкайып баары таңданып, Адамзаттан туулуп, Айтпай кантип турамын, Мындай чыккан балбанды!