← Асылбача-Бекбача 1/4

Чапкынчы хандардын чогулушу

Бактыбай келе жатыптыр, Топчу кулак кер атчан, Бактыбайды көп уккан, Тажиктердин Көкбөрү, Көп укканда бек уккан, Атасы Темир өлөрдө, Тажиктерди Бактыбай, Кырып кетти деп уккан, Угуп жүргөн баатырга, Өзү келип жолуккан. Баатырдын бири Бактыбай, Көкбөрүнү көргөндө: — Алда кандай адам — деп, Ат-тону бөлөк не жан, — деп, Алда кайда барасың? Калдаңдаган караан? – деп, Алдын тосуп сурады, Куучудай болуп кубулуп, Кулжуңдаган Көкбөрү, Сакалы жок ээгинде, Мулжуңдаган Көкбөрү, Мойну бүкүр дүм далы, Култуңдаган Көкбөрү, Өзүнүн кебин эп көргөн, Чултуңдаган Көкбөрү: — Карбалас бара жатканда, Капташып кара талаада, Жолумду тосуп кеп сурап, Жолтоологон ким элең? Кененимди өлтүрүп, Күмбөздү чагып салгын, деп, Колду анда түшүрүп, Кабар айтып хандарга, Арка жакта калганга, Келе жаткан мен элем, Тажиктин элин башкарган, Көкбөрү деген эр элем. Кабар айтам элдерге, Тете, Салаа, Каракөз, Саранжа деген эрлерге, Сен качкан кыргыз болбогун, Жүрүпсүң жалгыз бул жерде, Олжо кылып атыңды, Коштоп ала кетейин, Куру барбай хандарга, Соогатына берейин! Опураңдап Көкбөрү, Токтоно албай удургуп, Топураңдап Көкбөрү, Ичи жалын, боору чок, Күйүп барат Көкбөрү. Анда айтат Бактыбай: — Арам айбан алаңдап, Эки бутуң салаңдап, Өңдөн азып кетипсиң, Каның качып саруулап. Менин атым Бактыбай, Далай күндөн бер жакка, Болбой жүрдүм көөнүм жай, Атыңды коштой барайын, Кененимге кур барбай! Дегенче кайран Бактыбай, Кездемдин боосун чубалтып, Кезгерип найза чунайтып, Топчу кулак кер атты, Аркадай кылып чуратып, Артынан чаңды чубалтып, Ээрдин кесе тиштенип, Мас болгон нардай эстенип, Тажиктердин Көкбөрү, Кара жанга күч келип, Качырып кирди бу дагы, Бактыбай деген кепти угуп, Албан-албан бууланды, Качырышып сайышып, Найзаларын кагышып, Бир беттешип алышып, Белдүүлөр кайра жанышып, Салгылаша киришти, Кайта-кайта салышып, Элебей булар калыптыр, Маңгыттардын хан Калдык, Ошондо жете барыптыр, Кошууну артта калыптыр. Көкбөрү деген кепти угуп, Жолдошум менин экен, деп. Манас деген кепти угуп, Жоолошум менин экен, деп, Кимисин сайып ким алат, Көрүп турсам бекен, деп. Көп кыйлага туруптур, Көмө сайып Бактыбай, Көкбөрүнү жыгыптыр. Алар антип жатканда, Бактыбайды табам, деп, Кайда кеткен агам, деп, Асыл келип туруптур. Көкбөрү аттан жыгылса, Качырып кирди хан Калдык, Темир кызыл ат менен, Атасы өткөн Саламат, Как ошондой салт менен. Каргадай сызып хан Калдык, Бактыбайга жеткени, Топчу кулак кер аттан, Аңтара койуп өттү эми. Көкбөрү менен Бактыбай, Аттарына жабышты, Асыл менен хан Калдык, Карсылдашып салышты, Кайраттуу эрлер табышты, Ойуна алды Көкбөрү, Калгандарга барышты, Карап турбай Бактыбай, Күмбөздү карай салышы. Кептештен чыккан Чаткалда, Карасуу чалчык саздаңда, Мылтыктын үнү тарсылдап, Кызыл жалын от чыкты, Алоолонуп асманга, Өлүмдөн коркпос баатырлар, Айтылып калды дастанга, Келе жаткан Бактыбай, Желип чыкты капталга. Он сегиз миң кол экен, Тегеректеп алыптыр, Кең кула жатат дардайып, Ойротто жок Кененим, Жөөлөп жалгыз калыптыр, Арстанды көрүп Бактыбай: “Атанын арман күн бул, ай, Ай, караңгы түн бул, ай, Ак калпак кыргыз элине, Арылгыс мындай муң бул,ай!” Дегенди алып ойуна, Өлөмүн деп санабай, Өзүнүн жанын айабай, Асман тиреп өрттөнгөн, Алоолонгон жалында, Кылчайып артын карабай, Олуйа Кошой асынган, Койчагырды колго алды, Куржун башы дарыны, Кур дедире куйганы, Колодон кылган сүмбөнү, Колдурата урганы. Машаага милте илинди, Бир атканда Бактыбай, Ара жери коо болду. Кеңдигин өлчөп караса, Тай жарышым жол болду. Топтоп турган тажиктин Миңден ашык немеси, Бир ок менен жоголду. Уланта куйуп дарыны, Чачыратма ок салды, Койчагырды Бактыбай, Окчо кармап бетке алды. Асманда түтүн бур деди, Тажиктин эли чур деди. Бир тарапта кошуундан, бирөөн тирүү койбостон, Жоготуп кетти бул элди. Кененимдин жанына, Бактыбай жетип келгени. Анда айтат Кененим: — Колго түшпөй Сыр коргон, Аман барбы кыргызда, Аны, баатыр, билдиңби? Анда айтат Бактыбай: — Коргондон болгун көөнүң жай. Маңгыттан келди хан Калдык, Асыл шер калды арбашып, Ой-тоодон калбай, кыргыздар, Бүт келиптир чубашып. Сиркенин сары талаада, Кыргын болду көпчүлүк, Суу ордуна кан агып, Өзүңдөн кабар алам деп, Келе жаткан кезимде, Көкбөрү калды капташып. Өөдө-төмөн кеп айтты, Өлтүрүп келдим, деп айтты, Өлдү деп угуп өзүңдү, Жаш кылып эки көзүмдү, Апкаарып андан качпадым, Аңтара сайып таштадым, Жана айланып сайгынча, Хан Калдыкка капташтым. Аңтара сайды хан Калдык, Ажыратты эсен-сак, Асыл келип капташып. Көкбөрү кетти ар жакка, Мен келдим, баатыр, сиз жакка, Аман барбы күмбөзү, Айкөл шердин бул жакта? Кененим айтат ошол чак: — Күмбөздү турдум мен сактап, Күмбөзгө киши барбады, Кептештен чыгып капташып, Көрүп калдым буларды. Далайга аты угулган, Жекеге чыкты Таабалды, Абакең аны жайлады, Камындырбай тажиктер, Барсылдакка алганы, Алдымдакы кула аттын, Шыйрагына ок жанды. Дарылап таңдым шыйрагын, Үпчүнү жаап үстүнө, Жаткырып койдум Куланы. Кеңкула атты көтөрүп, Мен күмбөзгө барайын. Бүт дүйнөгө Манастын, Көрүнө ошол белгиси, Кула аттын бутун дарылап, Сарайды сактап турайын. Кайта тартып коргонго, Бактыбай, баатыр, сен баргын. Ак калпак кыргыз элиң бар, Аркаңда Асыл иниң бар, Кененимдин айтканын, Баарың акыл алыңар. Бекбача балам чыкпасын, Азыр болгун баарыңар, Аганын жолун талашып, Атага наалат келтирип, Шылдың болуп албаңар, Качып душман жөнөсө, Артынан кууп барбаңар. “Ачуу – шайтан, акыл – дос, Акылыңа акыл кош” Арзан эмес ушул сөз, Унутуп муну калбаңар. Деп Кененим кеп айтып, Бактыбайды узатып, Кеңкуланы жетелеп: Арка буттун шыйрагын, Толорсуктун алдынан, Ок сындырган эмеспи, Элебей калып Кененим, Түрүлүп калып үпчүнү, Жүйрөн дөөнүн тилин жеп, Жан-жаныбар чыккан чөп, Аркайган тоо, аккан суу, Тилин билет Кененим, Жетелеп жолдо баратып, Мыдыраган жаныбар, Жайнаган чөп баары бар, Кебин тыңшап баратат, Башында жашыл бүрү бар, Бир жалбырак чөп айтат: — Менден тапса жетини, Он төрттү берсе атына, Күн он бешке толгондо, Болобуз даба дартына. Ажырык деген бир чөп бар, Башы келбейт керекке. Түбүндөкү тамырын, Казып атка жедирсе, Сөөгү бүтөт эт толот, Кулун кездей сак болот. Ошондон казып бербейби, Минген күлүк тулпары, Асыйы он беш келбейби, Келмек тургай он бешке, Карыбастан жүрбөйбү. Угуп алып Кененим, Үзүп алды гүлдөрдү, Ажырыктын тамырын, Казып кошуп жедирди. Он беш күндө сак болду, Нык семирип, карк толду. Муну мындай койолу, Асыл шердин жанында, Эми азыраак бололу. Асыл менен хан Калдык, Күнү-түнү салышып, Болотторду талкалап, Болушунча чабышып, Найзасында уч калбай, Балталарда курч калбай. Кылычта кесер миз калбай, Эрдин колу шал болуп, Кайрат кетип дал болуп, Бири-бири ала алалбай, Айла калбай шай болуп, Эрдигине Асылдын, Хан Калдык турду таң болуп, Сын табалбай Асылга, Айланып башы маң болуп: — Атыңды сурап билбедим, Сен сурап мени билбедиң, Бендеден сендей көрбөдүм, Көөнүм даттап кирдедим, Афырыка, Йавропа, Арасында жүргөмүн, Менмен деген чанданды, Мен найзага илгемин. Өзүмдүн атым хан Калдык, Көкбөрү киши жиберди, Атайын мага кат жазып, Кырк миң аскер колго алып, Ошол үчүн келгемин, Атыңды айтчы, жаш жигит, Ким экениң билейин.