← Асылбача-Бекбача

Таласка баш баккандагы кыргын

Жедигердин Каракөз, Коросондун Салаасы, Кеңеш кылып алышты, Испандыкты кетирбей, Испандыктын элине, Арага элчи салышты: — Ханы өлдү Сакычак, Хан көтөрсүн бирөөнү. Сакычакты баргын деп Айтканы жок бир киши, Хан туруп чыгып какчаңдап, Ырас болду өлгөнү. Арасынан шыйгарып, Хан көтөрсүн бирөөнү. Качып берсе калың эл, Менден коркуп качты, деп, Асыл карап турабы? Адатынча аралап, Арык койдой кырбайбы? Азканакей элиңди, Астын-үстүн кылбайбы? Испандын эли тил алсын, Кантип Асыл кырбасын, Кызыл канын агызып, Кылгылыкты кылбасын? Барбаса Асыл аркаңдан, Жедигер менен коросон, Хан Каракөз, Салаадан, Биз айтабыз күбөлүк, Ким болсо хан испанга, Элге да болсун түбөлүк, Кол кармашып үч улук, Көкбөрүгө кошулуп, Түбөлүк доор сүрөлүк, Эли кимди көтөрсө, Бүткүл испан элине, Ханы ошол түбөлүк. Испандын эли турушуп, Элчинин кебин угушуп: — Хан Каракөз, Салаанын, Акылы терең турбайбы, Бизди кантип кетирсин, Тээтиги Асыл кырбайбы, Коросон менен жедигер, Как ошондой кылбайбы. Коросон менен жедигер, Кырылып көбү түгөндү, Кызыл кан агып жошулду, Кыйаматка кошулду, Кырдырып колун түгөтүп, Хан Каракөз, Салаалар, Кабагын бүркөп түнөрдү, Мындан турган биз өлүп, Испанда жаткан эл өлүп, Эки тарап тең өлүп, Өлүп атып түгөнүп, Жылма болуп калбайлы, Арабыздан бир киши, Хан көтөрүп шайлайлы. Тете деген бар эле, Илебинди теңсинтпей, Эрмин деген ал эле, Чогулушуп күдүңдөп, Хан көтөрдү аны эле. Хан болуп Тете кубанып, Кынына батпай дууланып, Дүркүрөп испан чубашып, Жедигер менен коросон, Кошулушту түз барып. Жедигердин Каракөз, Коросондун Салаасы, Испандан Тете кошулуп, Асыл менен алышып, Каны агып жошулуп, Заманды, Жоомарт, Буйтуна, Хан Сакычак, Илебин – Беш баатыр өлүп мултуйуп, Көкбөрүгө кошулду, Кылмышкер болуп култуйуп, Олтурган экен Көкбөрү, Көгөрүп бети тултуйуп, Кабагын ачпай бүркөлүп, Кар жаачу күндөй чүмкөлүп, Каракөз айтат ошондо, Кара жанга күч келип: — Сен Көкбөрү, болголу, Далай иштин болгону, Сенин айткан кебиңди, Коросон, испан, жедигер, Моңгул, маңгыт элдери, Бузган киши болбоду. Барабыз дедиң кыргызга, Басташып келип бул журтка, Баатырдын көбү жоголду, Кыргыздан Асыл он беште, Тең келген киши болбоду, Келсин депсиң келатсак, Асылбача жолдо экен, Теңине алып койбоду. Теңсинбесе бир бала, Курушту куйка терибиз, Үрпөйдү төбө чачыбыз, Ачууландык баарыбыз, Бир жанга кантип ал келбейт, Чогулушсак баарыбыз, Деген ойло кумсардык, Байрак тиктеп туу сайдык, Найза күүлөп төш жайдык, Биз көпчүлүк, ал жалгыз, Канат керип дагдайдык. Чогуу туруп үч урук, Чокчоңдодук урушуп, Соот-тонду жыртышып, Найзанын учун түйрүлтүп, Балтанын сыртын баткалап, Кылычтын мизин кетилтип, Ат олоңун бекитип, Айанбай салдык урушту. Заманды, Жоомарт, Буйтуна, Бирден-бирден мушташты, Дөөкүрсүгөн эрлерди, Кыргыздын Асыл баласы, Кара жерди жыттатты, Илебин менен Сакычак – Экөөнү катар сулатты, Беттешип чыккан ким болсо, Тоо да болсо кулатты, Тобу менен сулатты. Каптап кирдик өчөшүп, Аз өлбөдү, көп өлдү, Кала жаздык түгөнүп. Илебин менен Сакычак, Катар өлүп кеткенде, Испандын колу турбастан, Жөнөп берди дүрбөшүп, Хансыз калган караандар, Атайын киши жыйдырып, Хан көтөрдүк Тетени, Анан келдик алдыңа, Бурулуп киши кетпеди. Бизден мурун карааны, Сен кийипсиң, Көкбөрү, Асыл өңдүү адамды, Бизден мурун ким көрдү. Жан бүткөндөн жан алган, Өз-жат дебей жалмаган, Жалаңгыч сарык атанган, Кененим бекер калыптыр. Уулдун уулу Асыл дейт, Улутун ошол алыптыр. Он төртүндө Сейитим, Кең Керкитке барган, дейт. Кара дөөнү какшатып, Жадыкөй катын, төрт уулун, Катары менен сулатып, Бөлүп берип мал-пулун, Керкиттин элин кубантып, Кызын алып Кылжыке, Сулайматты жубантып, Көк күмбөздү талкалап, Жан жүрбөстүн Кызылкум, Урушка чыгып чалкалап, Жети дөөнүн баласын, Түгөтө кырып кан жалап. Сулайматты жоготуп, Балыкчыны хан шайлап, Жети баштуу желмогуз, Жолбун иттей аны айдап, Өткөн экен Сейитим. Анын уул Асылдын, Өзүң көрдүң бар ишин, Ага кылар амалың, Эми кандай бар ишиң? Деп Каракөз айтканда, Күрс дегинче жөтөлүп, Көкбөрү башын көтөрүп: — Тете, Салаа, Каракөз, Сурасаңар менден сөз, Бир чатырда турабыз, Жоголушуп бетме-бет, Кек алар болсоң кыргыздан, Кезеги мунун келген кез. Түрк уулунун баарысын, Чогултуп Манас бийлептир, Түбүбүз бирге алаш, деп, Манастын уулу Семетей, Ак калпак кыргыз деп келди, Атабады алаш деп, Айчүрөктү талашып, Жедигерди кыйратты, Чакырып ураан Манас деп, Семетейден бер жакка, Өзбек менен казакты, Таманынан жөлөдү, Жедигер, тажик, түркмөндү, Киши ордуна көрбөдү, Түрк уулунун ичинен, Тоңгустун тогуз тукумун, Өз жагына бөлгөнү, Чавшен, жапан ыраакта, Алар колго келбеди, Моңгул, манжу эки урук, Бөлгөнүнө көнбөдү, Кененимдин колунан, Моңгул, тажик, маңгыттан, Баш көтөргөн көп өлдү. Сейтек менен Кененим, Жедигер, сени кул кылды, Толтой менен Кыйазды, Катары менен сулатып, Башыңа каран түн кылды. Өзүңдө киши жоксунтуп, Таластан сага хан кылды, Тажиктен чыккан Көкбөрү, Как ошого ар кылды. Коросон, испан, жедигер, Моңгул, маңгыт, тажикти, Чогултуп сени жам кылды, Кошулдуң деп монгулга, Коросон, испан, тажикти, Баш көтөртпөйт Кененим, Маанайын элден пас кылды. Коросондун Дабытай, Испандакы Ачакан, Тажиктердин Темирбек, Коктукатта хан Чыктей, Куландын сары сайында, Козголбой жаткан үч моңгул, Калдагай кулак Чойун алп, Жез киндиктүү Кыкымат, Темир тондуу Шалкымат, Адам жеңгис баары алп, Кол салдың деп кыргызга, Жалаңгыч сарык Кененим, Баарынын канын агызса, Алты урук келсек чогулуп, Эми неге келдиң, деп, Теңдик кепке келбесе, Тентек уулу Асылды, Күүлөп бизге жиберсе, Карың казык болгуча, Башың жастык болгунча, Кан төгүшүп урушуп, Теңешели кыргызга. Темирбек атам өлгөндө, Жаш экемин ал чакта, Мени кандай жөн койгон? Кандай жерден шар алса, Бир кедейди баш кылса, Хан болуп кедей эл бийлеп, Касиет кантип токтосун? Багдатты жөөт кысканда, Барып калып кененим, Жөөттүн элин жүдөтүп, Далай алым төлөтүп, Төрт жаштакы баланы, Бааша койуп кетиптир, Бала бааша атанып, Ал муратка жетиптир. Иран менен Багдаттык, Көз каранды болуптур, Жеңилгенге жөлөк деп, Калыс атка конуптур. Жашырбай чынды айтканда, Тенимде жаным бар чакта, Рахымым келер жерим жок, Кыргыз деген бул журтка! Алты уруктун элибиз, Алты орунда жерибиз, Албай кантип койобуз, Аласыз болсо кебибиз. Азгашпаса пейлибиз, Тарыхы толду кыргыздын, Алдырбайбыз эми биз! Моңгулга кабар салабыз, Жаңылап киши алабыз, Маңгыттан келет хан Калдык, Атасындай эр болсо, Андан пайда табабыз, Коросон, испан, тажиктер, Өзүбүз карап турабыз. Ар канча мыкты болсо да, Асыл өзү жаш бала, Кененим кайрат кылалбайт, Көз кызарып карганда, Не да болсо көрөлүк, Жумуру баш бир жанга. Карсылдашып көрөбүз, Ажал жетсе урушпай, Жатсак да үйдө өлөбүз. Батыш менен чыгыштын, Баары душман кыргызга, Ооган менен индиден, Андан кабар сурайбыз, Алыбыз келбей баратса, Кытай кылбайт жардамды, Беш Бейжиндин калаасын, Тартып алган Коңурбай, Себеби менен Манастын. Араңдан зорго колго алды, Уссундун эли урумда, Беребиз кабар ушуга, Калбай баары бүт келет, Бизден кабар укканда. Манас айдап жиберген, Которуп ордун башкага, Эки ингендин бойунда, Эркин ойноп жатканда. Керкиттин эли келе албайт, Эл башкарган башканы, Авазири балбаны, Баары кыргыз тарабы. Андан ары ат жетпейт, Ат жетсе да эл келбейт. Жети дөөнүн элинде, Эл башкара калбаган, Баарын кыргыз жалмаган, Кыргызды жеңбей калбайбыз, Белиңди бекем байласаң. Деп Көкбөрү күркүрөп, Таласты карай чубагын, Аттангын, деп дүркүрөп, Көкбөрү жарлык кылганда, Асылдан коркуп жазганып, Таласка аскер барганга, Таласка барсак өлдүк, деп, Барбасак кордук көрдүк, деп, Ажал жетпей өлдүк, деп, Кара аскер жүрөт күбүрөп, Мине албай атка кээ бири, Тушалып буту бүжүрөп. Көкбөрү жуткуч жол баштап, Хан Каракөз кол айдап, Жер сойулуп дүңгүрөп, Байрактары желбиреп, Коросон, испан, тажиктин, Чамалаш тили бир экен, Баарысынын үстүндө, Көкбөрүсү пил экен. Маңгыт, калмак тили бир, Жедигер тили бир башка, Көкбөрү баштап баратып, Тарашанын жонунда, Капташып калды асылга- Кабылан Манас тукуму, Кайраты артык ушуга, Айчыгы алтын кызыл туу, Кырга сайып таштады. Кыргыздан чыккан кыраандын, Кыйкырыгы таш жарып, Жолунан тосо чыкканы, Камчысын булгап Көкбөрү, Каршы алдынан чапканы, Хандан жарлык болгондо, Калбай аскер каптады. — Тостурганың кал, — деди, Тостурбай өтүп кеткениң, Таласка кире бар, — деди. Таласка барсаң тең бөлүн, Коргонго баргын бир бөлүм, Күмбөзүнө барамын, Колду баштап мен өзүм. Коргонго колду киргизбейт, Кененим бар коргондо, Келген аскер ушул, деп, Урушу менен болгондо, Мен күмбөздү бузам ошондо. Көкбөрү айтты акыл, деп, Коросон, испан, жедигер, Таласты карап беттеди. Ашырабы Таласка, Бала жолборс жеткени, Бар кайратын ашырып, Манастап ураан чакырып, Желегин жерге жапырып, Жетик тууган эр неме, Бек кайгырып ачынып, Аралап асыл киргенде, Жүрөгү өлгөн нечен жол, Жедигер, испан, коросон, Жайнай берди чачылып, Арасы ачык коо болду, Ат буйдалбас жол болду, Найзага утур келгени, Жер жастанып жоголду. Жайнап кошуун бөлүндү, Манастын уулу Жайдары, Алтын айдар жаш Асыл, Ал жалаңгыч көрүндү. Капташып калган бенденин, Каны агып төгүлдү. Тарашанын белинен, Такыр бирин ашырбай, Койгону жок кайран эр, Чандандын шорун катырбай. Шап-шап кылып бөлүнтүп, Көзүнүн жашын төгүлтүп, Найзанын учу жеткендин, Кабыргасын сөгүлтүп, Тобу менен сулатып, Дөмөөр баштай томпойтуп, Башы жок жаткан киши көп, Мойундарын чолойтуп. Арка жагын карабай, Качты баары дүрдүгүп, Баш аламан чуулдап, Кетип барат сүрдүгүп, Аркадан чаңы түрүлүп, Күрөгөндөй сүрүлүп, Коросон, испан, жедигер, Тажик менен калмакка, Качып барып биригип, Булар качып келгенде, Көкбөрү калды теригип: — Тете, Салаа, Каракөз, Аркаңан айың айтпаймын, Бетиңе айтам көзмө-көз, Үч улук катар турупсуң, Бир жандан качып уйалбай, Жалдырап карап турушуң, Болбогон ушул ишиңер, Аркаңда колбуп токсон миң, Айдап жүргөн кишиңер, Бир кишиден жазганып, Кайтып келдик дедиңер, Бул айткан кандай кебиңер? Кебиңерди ит уксун, Ит укпаса ким уксун! Дөнө баатыр сен элең, Белге таңуу эр элең, Кыйналып калган күндөрдө, Кызмат кылар дээр элем. Тилимди алып сен баргын, Алың келбей баратса, Аркаңдан кирчү мен бармын. Ана-мына дедирбей, Ачып көздү жумгунча, Байлап келгин сен эле, Мурун өлгөн баатырлар, Сага качан те эле? Көкбөрүдөн кеп угуп, Артык балбан деп угуп, Эми байлап келем, деп, Дөнө кирди оолугуп. Бастыра түшүп токтолуп, Аркасын карап чокчойуп: — Ой, Көкбөрү, Көкбөрү, Эркине койсом Асылды, Эси жоктон көпкөнү. Сакадай карчап ыргытып, Саргартып айдап келемби? Кежирлик кылып баспаса, Кесип башын келемби? Ээрдин тешип сүйрөтүп, Же бүтүн алып келемби? Ачык айтчы Көкбөрү, Алып келер жолумду, Же чачынан кармап шылыйтып, Кан кылбастан колумду? Көөдөктүн угуп айтканын, Көкбөрү көөп жатканын: — Жалган айтпай чын айтың, Барганың деп мен айттым. Кандай кылсаң андай кыл, Эрдикти Дөнө карматкын, Көкбөрүдөн кеп угуп, Күүлөгөн кепти бүт угуп, Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, Оозунан чыгып ак көбүк, Күркүрөп Дөнө жөнөндү, Келе жаткан калмактын, Караанын Асыл көргөнү. Майтору минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Он бештеги жаш бала, Опол тоодой зоңкойуп, Арбак конуп шаңданып, Көргөн бенде таңданып, Ондон жыйырма кулжа бар, Эки жакта чаң салып, Майторунун артында, Созулуп чыккан чаң калып, Келе жатат жаш арстан, Азуусу айга бүлөнүп, Жат душмандын көзүнө, Ажыдаардай сүрдөнүп, Көзүнөн оту жылтылдап, Алгыр бүркүт төрдөнүп, Ач арстандай чамынып, Алдында минген Майтору, Оозунан чыккан ак көбүк, Омуроого чачылып, Кош кулагын жапырып, Араандай оозу ачылып, Жаалысы келип жүзүнө, Манастап ураан чакырып, Асылга Дөнөн бет келди, Дөнө ойунда баланы, Аңтара сайам, деп келди. Күркүрөгөн күч менен, Жан алуучу түс менен, Беттешип найза сайышты, Сайдырбастан кагышты, Машы чыккан андестер, Кең майданда табышты. Оролуп найза сайышып, Оң-тетири салышып, Жан айабай жабышып, Туулгага балта чак этсе, Көөдөнгө найза так этип, Кылычтын баары кыйрады, Кылымдан чыккан кыйындар, Чыркыратып бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш башталды, Дөнө өөдө көрүндү, Заманды баатыр баш болуп, Өлгөн мурун баштакы. Кыйамына келтирип, Кызыталак бул калмак, Карчыганын балык эт, Качырып найза сайганы. Найзанын учу жеткени, Карчыганын балык эт, Карыш кирип кеткени. Кан куйулду жыбырап Майторунун сооруга, Камчы саптай куйулат. Асыл минген Майтору, Айбандан эстүү жаныбар Асылга найза жеткенде, Октос берип ыргыштап, Өксүтө берип кеткенде, Суурулуп найза калганы. Майтору октос бербесе, Жыгылып кала тас калды. Соорудан аккан кызыл кан, Көзү көрүп эр Асыл, Намыстанды абыдан: “Атам Манас эр болсо, Мени арбак урат го, Айбатым мындан кем болсо!” Канбасар деген дары бар, Жан калтада дапдайар. Дарыны алып колуна, Жалап алды тил менен, Кан куйулган жараны, Сыйпап алды кол менен, Оозу тийип, тил татып Колу тийип жарага, Кан кургады так катып. “Арбагы айкөл жар болсо, Канчасы чыкса жекеге, Бөлүнгөнүн чекеге, Айтканым жалган болбосо, Кетирбейин дегеле” Аңгычакты болбоду, Мыктысып Дөнө келди эле, Өзү ооп түшөт, деп, Карап турган кеп эле, Айнектей көзү чачырап, Ачуусуна чыдабай, Дөнөнүн тиши качырап: — Чын ачуум келди, Дөнө мен, Өлөсүң Асыл эми сен, Найзага илип көтөрүп, Алып кетем сени мен! Качырып кирди кызыталак, Оозунан жалын от жанат, Манастын уулу жаш Асыл, Андан кайдан жазганат. Качырышты эки дөө, Өтө сонун көрөргө, Баатыр шер кылды кайратты, Тоодой болгон Дөнөнү, Найзага илип жөнөргө. Ал Дөнөнүн найзасын, Сайдырбай кагып жиберип, Ылаачындай Асыл шер, Кайта тийди имерип. Манас, Манас, Манас! деп, Баатыр ураан чакырып, Бардап үнүн бакырып, Кый сүбөөгө найзасын, Уруп өттү качырып, Катуу урган найзаны, Дөнө тийген үстүнө, Кабаттап темир канчаны, Ал Сыргактын найзасы, Тепчип өттү анчаны, Аңтарып аттан түшүрдү, Орто тоодой барчаны. Тажиктердин ичинде, Күпүлдөгөн Көкбөрү, Көрсөтөмүн өнөр деп, Дүпүлдөгөн Көкбөрү, Дөнөгө айткан кеп менен, Бөлүнүп элден жөнөдү. Бастырып жөнөй берерде Бала жолборс Асылга, Басташып барып тийерде, Тажиктердин элинде, Атынек деген бар эле, Эл карыткан чал эле, Ат арбытып жол жүрүп, Жер арыткан чал эле, Шыйпаңдатып көк атын, Көкбөрүгө барды эле: — Ой, Көкбөрү, жанымсың, Калың тажик ханысың, Элиң тажик турмайлык, Коросон, испан, каңгайды, Башкарыпсың баарысын. Бас десең басып атышат, Тур десең туруп жатышат, Улуу-кичүү ушул журт, Оозуңду сенин карашат, Башкарышың бул элди, Балам, сага жарашат, Маңдайдагы багыңды, Кимдер сенден талашат. Сен барбагын тил алсаң, Баш байланып канжалайт, Тээ Манастын уулу кызталак. Сенин көзүң жоголсо, Акылын сендей ким билет? Ээси жок калган биздин эл, Ээсин таппай сандалат. Ар кайда тарап жоголот, Элин таппай самсалап. Коросон, испан, каңгайлык, Айбатыңдан жазганат, Сенин көзүң жумулса, Мына бу турган тажикти, Талап алып түз кылат, Өздөрү мында келгенин, Биздин элге күч кылат. Тилимди алсаң Көкбөрү, Ат арытып минген деп, Тон тоздуруп кийген деп, Көп жашаган кары деп, Карынын сөзүн укканга, Катырган сары барпы деп, Коркуп калган кептенбей, Койгулашкын качырып. Күндү күнгө улабай, Түндү түнгө улабай, Жаныңды кыйнап бурчултпай, Ок өтпөс тонуң жыртылтпай, Буулумуңду кырчылтпай, Бура тартып ыгын таап, Белги берип аскерге, Каптатып ийип Асылды, Чыга бергин бир четке, Душманды мактап жатат деп, Сен албагын көөнүңө, Манастын укум-тукумун, Төгөрөктүн төрт бурчу, Төбөлөшүп салышып, Жеңгени жок эмгиче, Амал менен туралы, Саламаттын хан Калдык, Таңгут, маңгыт, тыргооттор, Калдайып мында келгинче, Өлгүнчөктү Саламат, Урпагына Манастын, Жакын болду санаалаш. Жалаңгыч сарык Кененим, Батыш менен чыгыштан, Баш көтөргөн ким болсо, Түгөтө кырып олжо алды, Саламат анда тең алды, Хан Калдыктын колунда, Адам өлчөп билгисиз, Ар түрдүү бар жарагы. Түбү хандын тукуму, Бойунда тоодой талабы, Асыл менен курбалдаш, Хан Калдыкты салалы, Деп Атынек айтканда, Арамзаада Көкбөрү, Ичинде ойлоп акыл, деп, Айтканы жок, макул, деп, Акырайа бир тиктеп, Калжырабай нары тур, деп, Өрттөй көзү кызарып, Өпкөдөй бети бышаарып. Өрдөктөй мойну узарып, Өткүр миз найза карманып, Өрттөгөн арча беттенип, Төбө чачы тиктенип, Белин бектеп курчанып, Теңдиги кетип колунан, Деги жаман муңканып, Сом темирин артынып, Чарайнасын тартынып, Туулгасын көмөрүп, Намысы үчүн көгөрүп, Жонунда калкан темирден, Кара бойу кем эмес, Орто- карта сеңирден, Толук кези отуз жаш, Кутурган иттей элирген. Кыл муруту бириндеп, Кирген нардай күркүрөп, Кейпин көргөн адамдын, Бүткөн бойу дүркүрөп, Аркасынан чаң калып, Ач бөрүдөй жаланып, Жан айабай качырды, Манастын уулу жаш Асыл, Андан кайдан шашылды: — Сен, Көкбөрү, мен Асыл, Жандан тойсоң, кел, баатыр! Манастап ураан чакырып, Бу да кирди качырып, Өзү жалгыз душман көп, Ичи жаман ачынып. Эки бала бет келди, Он бештеги Асылды, Өз ойунда Көкбөрү, Оодара сайам деп келди. Жан айабай сайышты, Найзаларын сайдырбай, Каңкылдатып кагышты. Колтуктарын чойушуп, Айбалта менен койушуп, Кылычты кындан суурушуп, Жан кыйнашып урушуп, Олпокторун булушуп, Үзүп-жулкуп жыртышып, Үзүлгөнүн ыргытып, Бар сайманын иштетип, Ээрдин кесе тиштешип, Алаканга түкүрүп, Кар жанга күч келип, Кара бойдон аккан тер, Саздак жердей чылпылдап, Ылайланып топурак, Ат алдында былчылдап, Титирек кирди Көкбөрү, Бүткөн бойу кылчылдап, Өзөгүнөн от жанып, Ооруп сөөгү зырпылдап, Кара баскан немедей, Азуулары кыйчылдап, Тура албай калды Көкбөрү, Асыл менен тең чыдап, Канча кыйал-ой, санаа, Акылга келди ошол чак: “Бир суранып көрөйүн, Андан нөөмөт бербесе, Каптатып ийип аскерди, Качып мындан жөнөйүн, Тирүүлүгүм канымет”, Деп ойлонуп кара нээт: — Баатыр Асыл, кеп айтам, Кебиме кулак сала алсаң, Айткан кепке көнө алсаң, Канча күндөн бер жакка, Карчашта жүрүп калганда, Кардым ачып кайышып, Кабырга сөөгүм майышып, Сени менен тең жүрөр, Калбады алым алышып, Чыдаар алым калган жок, Карчылдашып салышып. Уруксат бер сен мага, Тамактанып келейин, Тамактанып келгенде, Сайдырып койсом мен сага, Армандуу калдым дебейин. Деп Көкбөрү айтканда, Баатыр туулган эр Асыл: — Көкбөрү барсаң бар, — деди, Так үч күнү күйөмүн, Так үч күндө келбесең, Карарып жаткан кошуунга – Беш уруктун тобуна, Мен аралап киремин, Бабам Манас шер турса, Мен мактанар эрлерден, Семетей менен Сейтек – Эки баатыр тең турса, Эр Кененим тирүү бар, Бенде эмес баатырдан, Жүйрүн дөөлөр кем турса, Жору куйрук Кызыл алп, Карала атчан Калыбек, Катардакы жети дөө, Айтумуш, Чынгыш, эки хан, Баарынын алы келбеген, Кененимден Сейитим, Кашкайа жалгыз эр экен. Сулаймат кылып кастыкты, Кара дөө менен көк күмбөз, Адамдын алы түк келбес, Карадөө каны чачылды, Сыйкырлуу күмбөз ачылды, Жан жүрбөстөн Кызылкум, Адамы жок, суусу жок, Арамзада Сулаймат Азгырып жолго салганда, Жетик калча баш болуп, Жети дөөнүн тукуму, Жете келип асылды, Жетик туулган эр Сейит, Качан андан шашылды? Ажал алып жакадан, Айдап келген жети иттин, Каны кумда чачылды, Сулаймат ишин бүтүрдү, Минген тактан түшүрдү. Атасын Кара дөө жеген, Абылды такка мингизди, Жетилбай менен Көкбука, Тилегин колго тийгизди, Сейиттен эгизбиз, Телегейи тегизбиз, Атаң Темирбек болсо, Болжолдуу күнү келиңиз, Адам алдап, сөз танып, Алдамак болсоң, Көкбөрү, Анда өзүң билиңиз. Коросон, испан, каңгайлык, Жедигер, тажик турасың, Хан Калдык келип калар деп, Үч күндүк сурап уруксат, Ошол го сенин кыйасың? Айткандан тансаң тайгактап, Айлаң кетсе да бир күн, Анда кандай кыласың? Көкбөрү, барсаң, барып кел, Деп айтканда Асыл шер, Тажиктердин Көкбөрү, Жүрүп кетти келем деп, Көкбөрүнүн ойуна, Жолдо түштү далай кеп: “Канкор Манас элине, Катышыпмын бекер, — деп, Жалганы жок баары чын, Асыл айтып өткөн кеп. Жан бүткөндөн жан алган, Жалаңгыч сарык атанган, Кененим бүгүн бар турса, Он бештеги Асылдын, Кылган иши бул турса, Жан койбойт го кыргыздар, Жамандыккка бет бурса. Үч күн өтөт эми эле, Келбей койсом жекеге, Айткан сөзүм бузулса. Келип калса хан Калдык, Жалганы болбойт сөзүмдө, Жекени берем өзүнө, Баш кошкондо беш урук, Кымыз ичип бабырган, Ордо салып короого, Чүкө атканда чуулган, Аламан өскөн кыргызды, Келбей калса хан Калдык, Аскерди төрткө бөлбөсөм, Алакандай Таласка, Ар тараптан кирбесем, Астын-үстүн кылбасам, Ыракым кылбай кыргызга, Жашы менен карысын, Айал-эркек - баарысын, Как боорунан тилбесем, Ойноп жүргөн балдарын, Көзөй сайып шилиден, Бутактарга илбесем, Намысын колдон кетирип, Кызы менен келинин, Айак асты кылбасам, Селпектетип буттарын, Акактатып кемпирин, Далысын жерге сүрбөсөм, Оорактанган коргонун, Ойротто жок күмбөзүн Өрттөп ийип тынбасам, Көкбөрү атым бекер!” — деп. Көңүлгө бүгүп далай кеп, Келе жатат көкбөрү, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Элдер турат ойунда: “Кайра тартты Көкбөрү, Качкан жери деги жок, Асыл менен бүтүшүп, Келатабы көөнү ток?” Анда ойлойт Атынек: “Мен айткамын акыл кеп, Намыс кылып Көкбөрү, Айткан эмес макул деп. Анык шайы кеткенде, Асылга алы жетпеске, Ачык көзү жеткенде, Тамактанып келем, деп. Келе жатат бекен, — деп, Ойлоп турат Атынек, - Төрткө бөлүп аскерди, Таласка кирер бекен, — деп, Болжоп турат Атынек, Башын салып шылкыйтып, Акыл ойлоп келет, — деп, Келип калса хан Калдык, Тарашанын кырында, Алай-күн өтүп кетет, — деп, Аны ойлойт Атынек,- Көкбөрү келип эми эле, Мага салат кеңешти, Мен акылдын кени, — деп, Менин тилим албаса, Жеңемин деп Асылды, Кыла берсе талпаза, Өзү өлүп кетет”, деп, Көкбөрүнүн акылы, Атынектин көзүнө, Айнектен тунук жарыйа, Болор ишти болжолдоп, Ойлоп турат карыйа, Калың кошуун аскерге, Көкбөрү келди аңгыча, Каарданып карарып, Кандуу бетке заар салып, Жигиттер барып ат алып, Алдыга асыл салышты, Чай-тамагын көтөрүп, Алып келе калышып, Куйрук койуп, май койуп, Куймак койуп, бал койуп, Канык кара чай койуп, Бар тапканын тажиктер, Көкбөрүгө жай койуп, Тайар болуп желдеттер, Кызмат кылып калыптыр, Көкбөрүгө көрүшүп, Каракөз, Тете, Салаалар, Булар жетип барышты, Көкбөрү менен көрүшүп, Жабырашып калышты, Жедигердин Каракөз, Минтип айтып калышты: — Карчалыштык канча күн, Асыл жалгыз биз менен, Тапатак-беш күн салышты, Көкбөрү баатыр сиз менен, Кандай жанып келдиңиз, Кайсы түрдүү иш менен? Томолотту атынан, Тоодой болгон Дөнөнү, Манастын уулу Асылдай, Мындай тыңды ким көрдү? Ойлоп акыл табалы, Жекелешип Асылга, Мойунга албай өлүмдү, Сизге жакса кебибиз, Беш баашанын элибиз, Беттешмекке кыргызга, Белди байлап келгенбиз, Беш бөлүнүп киргели, Беш жеринен эми биз. Кененим кары, Асыл бир, Беш жерден кирсек бөлүнүп, Кыргыздын көөнү болсун кир. Коргонун колго алалы, Күмбөзүн чагып салалы, Тай семизин сойолу, Баш көтөргөн кыргыздын, Баарын тиздеп койолу, Бар дүйнөсүн алалы, Кетер күнү коргонун, Өрттөп ийип жаналы, Деп Каракөз токтолду. Тажиктердин Көкбөрү, Түбүнөн бузук арам кул, Тынч элге салып козголоң, Коросон менен испанды, Копурук салып козгогон, Маңгыт менен калмактан, Алардан аскер топтогон, Каракөздү жалдаган, Жедигер элин айдаган. Алты уурудан кол алган, Кененимди өлтүрүп, Кыргыздын ишин бүтүрүп, Таласты алам деп келген, Маңгыттын эли келбеген, Беш урук мында бар экен, Хан Каракөз айтканын, Көкбөрү жуткуч улады,- — Хан Каракөз айткан кеп, Кулакка сонун жагымдуу, Бас десем бастың баарыңар, Тур десем турдуң ханыңар, Маңдайга бүткөн багым бу, Тажиктен башка беш урук, Ээрчип келдиң калдайып, Булутка минген чагым бу, Беш бөлүнүп беш улук, Таласка кылгын чабуулду. Келип калса хан Калдык, Белин бекем буунсун, Кан менен колун жуунсун, Келбей калса хан Калдык, Биз койолук олжосун, Камынгыла, баарыңар, Убадабыз шол болсун. Кыргыздын кызы сулуу, деп, Кылымга кеткен наамы бар, Таластын жерин алганда, Манастын тагын алганда, Бул олтурган улуктар, Үчтөн сулуу алыңлар, Кыңшылатып кыздарды, Кылтылдатып жоргону, Анан элге барыңар, Тете, Салаа, Каракөз, Каңгайлардын Саранжа, Кабарды менден алыңар. Көкбөрү менен Каракөз – Биз коргонго баралы. Тете, Салаа – экөөңөр, Өрттөнүп өлгөн Манастын Күмбөзүнө баргыла, Каңгайлыктын Саранжа, Асылды элге жибербей, Сен болгунуң каргаша. Кененимге мен бармын, Каракөз алат коргонду, Ушундай айтып болжолду, Бабырышып оозунда, Таласты алып болгону. Муну койо туруңуз, Буйактан кепти угуңуз. Ордонун ханы Орунбай, Жатканы жок ой кылбай, Кыргыздан кошуун жыйнады, Кененимге туйдурбай, Аты-тонун ылгатты, Найза сайар кылдатты, Айбалтага мыктууну, Чойунбашка шыктууну, Күрөшсө онду жыкчууну, Жебени жаага кергенди, Атканын жазбас мергенди, Беттешкенин жеңгенди, Колунан жумуш келгенди, Басташканын алганды, Жеңишке чыккан чанданды, Чалкасынан салганды, Кең көкүрөк кууш айак, Балбан болчу балдарды, Мындайды элден ылгады, Санап туруп миңди алды. Орунбай уккан кабарды, Элөөсүз жумшап адамды, Көрүп келген көз менен, Беш урук эли чогулуп, Болуп жаткан абалды, Камдап койуп миң балбан, Орунбай өзү асталап, Кененимге барганы, Уккандарын калтырбай, Бардлык кебин салганы, Угуп болуп Кененим: — Ордонун беги Орунбай, Орунсуз го бул кебиң? Сейитимдин Асылды, Начар бала дебегин, Айтышыңча душманды, Толук жүз миң бар дедиң. Миң баланы алып барып, Ата-энесин ыйлатып, Калба таап бербегин. Эртең күнгө ишенби, Иштин башы эмеспи, Тарашанын сыртына, Өзүм барып келемин, Чымыркансын чыйралып, Жардам берем дебегин. Эл сактап эрди өстүрүп, Канча көрөт керегин? Эр болот деп Асылды, Элим, кыргыз, мактадың, Куйругуна май төшөп, Жер бастырбай бакканың, Жакшыраак го Орунбай, Убара болбой жатканың. Калың эл, ойноп жата бер, Карысам да карпаңдап, Кененим деген ат менен, Аркасында мен бармын, Бекбача бар иниси, Асыл аман турганда, Бастырбаймын бир иши, Ойлонуп айтат Орунбай: — Ойуман кетпейт Асылбай, Бир барып көрүп келбесем, Болбойт менин көөнүм жай, Уу кылалы миң адам, Алыстан кабар алалы, Караанын көрүп жаналы. Көкүм деген бар эле, Кирип келе калганы, Каадасы менен баатырга, Көкүм кылды саламды: — Көк жал баатыр Кененим, Көрүп келдим балаңды, Алып келдим кабарды. Он беш ашуун күн болду, Мен ал жерге баргалы, Асыл эрдин көзүнө, Көрсөтпөдүм карамды, Күндө тыным алдырбай Түндө чырым алдырбай, Же чөпкө атын чалдырбай, Жаман экен Көкбөрү, Айлакер экен Каракөз, Жаңылап киши чыгарып, Кыйнады Асыл баланы. Элинен тандап эр ылгап, Чыгып жатат найза ыргап, Карчап жатат келгенин, Баатыр Асыл күч чыңдап. Келген элдин кандарын, Баарын билдим аларын, Каңгайдан келген Саранжа, Жедигердин Каракөз, Коросондун Тетеси, Испандан Салаа дегени, Тажиктердин Көкбөрү, Өзү чыгып Асылга, Айанбастан көшөрдү. Алы келбей акыры, Жооп алып Асылдан, Тамактанып келем, деп, Көп кошуунга жөнөдү. Из кубалай мен бардым, Атым Көкүм калмакча, Бир калмак болуп алганмын, Кирип-чыгып чатырга, Кеңеш-кепке канганым. Саламаттын хан Калдык, Бүгүн келип калар, дейт, Келбей калса хан Калдык, Олжосун толук алар, дейт. Аскерди бөлдү үч бөлөк, Тажик менен жедигер, Сен коргонго бар, деди, Коросон менен испанды, Коргон менен күмбөзгө, Бирине-бирин каттатпай, Жолун тосуп кал, деди. Саранжаны сен барып, (Таш топурак оозуна!) Айкөл шердин күмбөзүн, Айоосуз бузуп сал, деди, Ала тоодой өзүңдү, Айабаган чал, деди, Али канча ал, деди, Тунжур төрө Бекбача, Түк оозуна кирбеди, Ак калпак кыргыз көп элди, Катарга деги илбеди, Беш бөлүнүп аскерди, Талашты тепсеп кир, деди, Саранжаны кошумча, Асылды элге жеткизбей, Аласкытып тур, деди, Менин көргөн-билгеним, Уксаң, баатыр, бул – деди, Карбаластап Көкүмдүн, Келиш жайым ал, — деди, Угуп туруп Орунбай, Ачынып жүрөк желдеди. Кабагын ачып күлбөгөн, Күлгөнүн киши көрбөгөн, Карамүртөз Кененим, Мыйыгында күлгөнү. Аңгычакты болбоду, Алар антип жатканда Жалгызектин Бактыбай, Айнектей көзү жаркылдап, Салам айтып киргени. Саламга алик алгынча, Аман-соосун билгинче, Акылы жаштын тунугу, Алматынын улугу, Ал казактын уругу, Музбурчактын тукуму, Ителгидей баркылдап, Майлашып бети жылтылдап, Аккубак кирип келгени, Бактыбай менен Аккубак, Жарыша сүйлөп эки жак, Тура калып Кененим, Амандашты кучактап, Ордонун ханы Орунбай, Конок келип калганда, Тура алабы кам кылбай, Ал Көкүмгө Кененим, Кебин айтат мамындай: — Жайбаракат жаткыла, Эчтемеден кам кылбай, Бузулуп кыргыз кетпесин, Айтып койгун сен барып, Угуп калсын Орунбай. Көкүм барып айтыптыр, Солк этпей кыргыз жатыптыр, Кысыр эмди тай сойуп, Кымызга чайкап бал куйуп, Дасторкондун бетине, Канча түрдүү даам койуп, Конокторго тартыптыр, Бирге олтуруп Кененим, Таамды бирге татыптыр. Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда, Бактыбай кебин салыптыр: — Музбурчактын Аккубак, Жолдо калдык учурап. Аңгеме-дүкөн кураштык, Жүргөн жөндү сураштык, Атбашыдан беш киши, Келаткамын сизди деп, Алтымыш нарга дөдөлөп, Актап күрүч арттырып, Келайтканмын жесин деп, Таласка жакын калганда, Учурады Аккубак, Келайтыптыр сизди издеп. Жай келген кишиң мен элем, Арыз айтып келе жатыптыр, Жанымдакы Аккубак. Бактыбай айтты өз кебин, Эми Аккубак келгенин: — Алдыңа келдим Аккубак, башымда мүшкүл иш турат, Беш айга толуп баратат, Тура албадым мен чыдап. Саламаттын хан Калдык, Айга бүлөп азуусун, Келип жатты эл камап. Беттешип көрдүм эки жол, Алым келбей болдум кор, Каркыра, Иле казагы, Чакырсам да барбады, Сибир жаккы казактан, Кан ичме Калдык каапырдан, Атка токтоор калбады, Беттешип чыккан бендени, Бирин койбой жалмады, өтүп кетти казакка, Маңгыттын салган зардабы, Алдыңа келдим маана издеп, Сенден жооп алгалы. Кайратың артык эр элең, Алтымыш уруу алашка, Арка болгон бел элең. Акылымдан айныдым, Сексен ашып карыдым, Баштакыдай азыр жок, Жаш кездеги калыбым, Бирге жүрүп алгамын, Эр Семетей, Күлүстөн, – Ал экөөнүн таалимин. Алтайлык казак бузулуп, Жапандакы Кызылдөө, Жалгыз көздөө жалаңгыч, Көкбукачан Мадыкан, Нескаранын Жубатай, Ушаңдын уулу Усанген, Мурадилдин Карагул,- Баарын казак кычырып, Күрпүлдөктүн бойунда, Кан кечишкен ойунда, Ошондо элге таанылдым. Манас менен бир барып, Бээжинден өлдү Музбурчак, Атанын жолун кубалап, Жакшы –жаман ар иште, Семетейдин жанында, Бирге болдум Аккубак. Айлам кетип карганда, Алдыңа келдим арыз айтып, Мейлиңди салып угуп бак. Жүз отуз миң үй саны, Дүңгүгөн казак элим бар, Мал-пул сурап жүрбөймүн, Эминеден кебим бар? Сексен ашып жаш кетип, Жабыркатып кылды кар, Кайратымды качырып, Кененим, сага болдум зар. Жообуңду бергин, Кененим, Барсаң дагы, барбасаң, Калың казак журтума, Болжоп келген күнүм бар, Айтып келген айым бар, Алдыңа келген Аккубак, Мына мындай жайым бар. Кененим, сага туйдурбай, Алдыртан киши жиберсем, Алтайдакы казакка, Келбей койду Медетбек: “Маңгыт, муңгул бир тууган, Капшытта турат муңгулдар, Элимди талап кетет”, деп. Айтаар арзым түгөндү, Менден уксаң ушул кеп. Тарашага барам, деп, Дайарланган күтүнүп, Кененим кепке түшүнүп: — Карыйабыз Аккубак, Сакал-чачың баары аппак, Болуп жаткан иштерди, Жашырып-жаппай биз айтсак, Тажиктердин Көкбөрү, Ары баатыр, ары хан, Өзү куйбу жылкыдай, Чубут туулган адамдан. Кангай, испан, коросон, Жедигер, маңгыт элине, Мындан бузук тараган, Маңгыт сага барыптыр, Калмак, тажик, коросон, Испан менен жедигер, Таластын келип сыртына, Кошууун түшүп алыптыр, Талдынын бойу кырчынга. Караанын көрүп камынсам, Уулдун-уулу чунагым, Секирген ташка улагым, Деңизге суусу кошулган, Аскадан аккан булагым, Асылбача кулунум, (Урматын көрдүм уулумдун) Жалгыз кеткен болбостон. Ошондон бери карата, Чыйралсын деп катыгып, Унчукпастан мен койсом, Ордонун ханы кол жыйнап, Барамын деп келиптир. Барбагын деп жатканда, Изчиден келди бир бала, Эл аралап, келдим, дейт, Элдин сырын билдим, дейт, Беш бөлүнүп аскери, Бүгүн түнү болжолу, Кирмек экен Таласка, Бир бөлүгү катылмак, Арбагы бийик Манаска. Бир бөлүгү Асылды, Келтирбей туруш урушуп, Бастыргалы турганын, Ошол кепти мен угуп, Бактыбай менен Аккубак, Келип калдык жолугуп. Кененим кебин укканда, Кептин кени чыкканда, Бактыбай турбай жулунуп, Аккубак кетти оолугуп, — Он беш жашта баланы Жалгыз аны жиберип, Кантип жаттың тынч алып? Кыргыз, казак, өзүбек, Каракалпак, түркмөндү, Келген экен курчашып, Эки жааттап кириптир, Андан бетер уу чачып, Таластакы коргонду, Келмек экен кур чачып, Ааламга анык күмбөздү, Чакмак экен кол салып. Күмбөздү элге чактырып, Таластын бетин бастырып, Бизди кудай урбайбы, Карап турсак далдайып! Бүгүн келсе беш урук, Башын кесип байланып, Ат-тонун олжо алып, Алматыга баралы, Топтуу караан калдайып, Көргөн күнү курусун, Баш калкалап жан багып! Бактыбай минди атына, Бастырчудай камданып, Бактыбай айтат ошондо, Аркасын карап кылчайып: — Карыйабыз Аккубак, Жатып тургун коргондо, Жайбаракат көөн куунак, Ак калпак кыргыз аркасы, Алаштын болгон калкасы, Кененим, көкжал, өзүң тур, Айткан кепке көңүл бур, Ордонун ханы Орунбай, Токсон балбан ээрчитип, Сен коргонду карап тур. Тарашага барамын, Асылды таап аламын. Арбагы Кошой колдосун, Арстан Манас жар болсун, Утур келген душманды, Тик боорунан жарамын, Ээрчитип Асылбачаны, Мен күмбөзгө барамын! Бактыбайдын кеби, деп, Баарыга келет эби, деп, Айтканындай кылышты, Жолду акмалап турушту, Кудай бетин нары кыл, Бул сапаркы урушту! Бэйжиндеги бектерде, Белдүү Коңур дегенде, Падыша Манас барганда, Макыл дөөсүн баш кылып, Бозкертикти жаш кылып, Беш жүз алпты алганда, Болсо анда болгондур, Андан кийин болбогон. Көз байланган бүүрүлдө, Таанылбас кара күүгүмдө, Бактыбай кетти аттанып, Топчу кулак кер аттын, Басканы сонун шаңданып. Шайбырлап басып бергенде, Караса көзгө илинбей, Аркасында чаң калып, Көкүмдөн угуп кабарды, Кыргыз эли камданып, Орунбайдын миң балбан, Кайтарып Манас ордосун, Карап турат каарданып, Касаба тоодой жарданып, Карапайым букура, Алда эмне шумдук, деп, Карап калат таңданып. Күүгүм кирип күн бата, Элдин алды жөп жата, Көкбөрүнүн көп кошуун, Кылган кеңеш кеп менен, Бүтүшүп койгон иш менен, Селдей толкуп түрүлүп, Каракурттай кыжырап, Кумурскадай быжырап, Сепсергелеп асмандан, Жааган күндөй жыбырап, Таласты кайда дегенсип, Эми эле барып Таласты, Талап алыш дем менен, Үйөр аккан сел менен, Үй токтоткус жел менен, Үркөрдөй жылып жөнөдү. Тарашанын таш мойнок, Майторуну кындыйтып, Сырнайзаны зыңкыйтып, Асыл турат күркүрөп, Анча-мынча кишинин, Сийдиги агып бүркүрөп. Каңгайлардын Саранжа, Кажылдаган калмактар, Чыгып келди дүркүрөп, Шириден кылган доолбас, Үн алышып дүңкүлдөп. Караңгыда Асыл шер, Машыгып бышкан кеменгер, Тукумуна Манастын, Кандай айтсаң эп келер, “Караңгыда калдырап, Келди калмак бул жерге, Беш бөлүнүп душмандар, Жөнөгөн белем уурданып, Таласка барып чабуулга, Эркин элге тийерге? Учурган немесин, Арбагы Манас жар болсо, Уйпалап көргө тыгайын, Коргондо атам Саламат, Карабуура, Чаткалдан, Күмбөзгө карай басканын, Алдынан тосо чыгайын”, Деп ойуна алганы, Найзаны ыргап кармады. Манастап ураан чакырып, Аралап кирди жапырып, Утур келген неменин, Ушинтип шорун катырып. Каскактын учун кан кылып, Калмактын башын маң кылып, Чамбыл ала чаң кылып, Заманасын тар кылып, Кырып кетип баратат, Кыйырын бузбай кыйратып, Кабыргасын каркайтып, Тоногон төөдөй тартайтып, Талаага чыгып топ кылып, Кыйан жыйган чабардай, Кемерге жыйып тоо кылып, Арасын ачып коо кылып, Аңырайган жол кылып, Саранжанын кошууну, Тең жарымы кырылып, Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Калмактын калкы башталды, Туш-тарапка качканга, Асылбача ошондо, Дүрбү салып караса, Төрткөлдүн төмөн жагында Калдайган кара кошуун бар, “Эмне шумдук, капырай, Уктап жаткан элдерди, Уйалбай барып чапканбы? Кызыл ээк чалдары, Кызыл муштум балдары, Кызыл канга батканбы? Кысыр эмди тай жешип, Кымыз ичип, жай жаткан, Кыйноону бүгүн тартканбы? Ааламга аты таанылган, Айдыңын уккан наалган, Атам аман бар бекен? Көтөрүп жүрүп жонуна, Уйуп бели ооруган, Кызарып ийни жооруган, Өргө басса өңшөйгөн, Эңишке басса бөкчөйгөн, Энем аман бар бекен? Кыргызга болгон мурабы, Атадан калган мурасы, Айкөл атам арстандын, Күмбөзү аман бар бекен? Таң атканча мен менен, Таталашып урушкан, Бул калмактын эли экен, Тиги калдайып кара көрүнгөн Кайсы хандын эли экен? Калганы кайда барды экен? Алла-таалам колдосо, Арбагы Манас жар болсо, Баралы деп коргонго, Жыйылышып баргандыр, Элибиз аман калгандыр, Аралап кирсе жай элди, Селдей канын агызып, Кырып элди салгандыр? Калмактын эли сандалып, Сан кара болуп жыйналып, Чогулушуп болгунча, Бир аралап барайын” Дегенди алып ойуна, Карарып жаткан кошуунга, Ээрдин кесе тиштенип, Кара жанган күч келип, Кайраты артык Асыл эр, Эңиш тартып жөнөдү, Асыл келет жол менен, Алда канча ой менен. Түндө кеткен Бактыбай, Бара жаткан жол менен, Жедигердин кошууну, Капташып калды жолуна. Кужур-кужур сөздөрүн, Тыңшап калса Бактыбай, Жедигердин эли экен, Тосо чыгып Бактыбай: — Катын баасы баарыңар, Караңгыда уурданып, Кандай жүргөн чагыңар? Ким да болсоң жашырбай, Кебиңди айта салыңар! Уга салып Каракөз: — Үнү ачуу заар экен, Кененим бекен, ким экен? Ылаа деген немесин, - Четке желип чык, — деди, Кимдер экен сүйлөгөн, Анын жайын ук, — деди. Ылаа желип чыгыптыр, Бактыбайдын жанына, Барып айтып туруптур: — Караңгыда калдырап, Жолдо жүргөн сен кимсиң? Келе жаткан көпчүлүк, Хан Каракөз жедигер, Муну абдан билгиниң! Жедигер эли дегенде, Оштоно сүйлөп Бактыбай, Өтө болуп көөнү жай: — Ким да болсоң, арачым, Каракөзгө айтып бар, Куру кетпей угуп кет, Менин атым Бактыбай. Бузуктун кирип тилине, Бузулупсуң, жедигер, Ар канча жаман болсо да, Ар кимдин жакшы өз эли, Хан Каракөз пейлинен Жанганы жакшы эмеспи, Ойлонсо айткан акылым, Ойлонбосо Каракөз, Өзү билсин акырын. Ар канча жакын болсо да, Кыргыз эмес кылымга, Кылымдакы урууга, Жакындашпайт калмактар, Жедигер менен биздерге. Айырмабыз канча бар, Барган киши кайта бар, Менин айткан кебимди, Төкпөй-чачпай айтып бар, Жалпы кыргыз туташып, Биригели, тил алса, Коросон менен испандын, Кошуп алсын олжосун, Болбой койуп Каракөз, Өзү шылдың болбосун, Кененим бүгүн өзү жаш, Элүүгө толук чыккан жок, Өзүн ээрчип урпагы, Асыл болду кызыл чок, Бекбача жатат былк этпей, Бейлин көрдүм мен анын, Берен болчу неме экен, Баарысынан мыктысы, Эре болчу эр экен, Мага келип Бактыбай, Арачы болот дебесин, Коркуп менден жалтанып, Салаачы болот дебесин, Тил албаса Каракөз, Жазасын колго беремин, Курбалдаш элек бир элдик, Айтпай койду дебесин, Мында турбай кечигип, Менин ушул бар кебим. Ылаа кайта барыптыр, Уккан-көргөн кептерин, Түк калтырбай салыптыр, Угуп алып Каракөз, Санын чаап каткырып: — Кара кыргыз Бактыбай, Теңтуш киши кептенип, Мага салам айттырып, Бул кудайдын иши экен, Жалгызектин Бактыбай Качантан бери катарга, Кошулушкан киши экен? Айтса эле кеп экен, Жөөлүгөн экен Бактыбай Мени менен тең бекен?! Деп каткырып бир далай, Аскерин карап сурданып: — Кимиң барсаң аның бар, Жөөлүбөсүн Бактыбай, Жолумда турбай жоголсун, Дөөрүбөсүн Бактыбай, Жөнү менен тим болсун! Деп айттырып Каракөз, Жана кайра кеп кылса, Башын алып кел, деди, Тотой деген бар эле, Толуктун бири ал эле. — Тотой балбан барып кел, Кетсе койгун эркине, Кеп талашса кержеңдеп, Башын кесип алып кел! Күүлөнүп Тотой барыптыр, Каракөз кебин салыптыр, Хан Бактыбай карарып, Ачып көзүн каранып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Туз таткандай тамшанып: — Каракөздүн кеби деп, Айтып келген сенби? – деп, Кызыталак жедигер, Акимди кырып тилине, Алжып бокту жедиң, деп, Ал айтканың чын болсо, Келген экен эбиң! – деп, Найзасын алды колуна, Сайар жерин белгилеп. Бактыбайдын өңдөрү, Карасур тартып көрүнүп, Каар жүзүнөн төгүлүп, Манастап ураан чакырып, Тоодой болгон Тотойго, Токтобой тийди качырып. Камындырбай Тотойду, Как жүрөккө муштады, Муштаганда найзасы, Кыр аркасын талкалап, Аркасынан чыкканы, Мына минтип Тотойго, Найзанын канын чыктады. Караңгыда ким билди, Манас деген үн билди, Жедигердин өлгөнүн, Ал караңгы түн билди. Жалгызектин Бактыбай, Жалаң кылыч колго алып, Калың жерге жол салып, Кырын бузбай кыйратып, Кызыл канды агызып, Сабын бузуп бөлүнтүп, Чар тарапка капканын, Кездемедин боосун чубалтып, Баш аламан суналтып, Жеткенин сайын ыргытып, Көгүчкөндөй зыргытып, Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Окчундап качкан немесин, Кетирбеди Бактыбай. Жебеге керген ок жетип, Жети-сегиз немеси, Катары менен тең кетип, Топчу кулак кер аты, Тулпарлыгы билинип, Тууралап качкан немеси, Найзага калды илиниип, Мен-мен деген жедигер, Как боорунан тилинип, Жалгызектин Бактыбай, Баатырлыгы билинип, Жедигердин Каракөз, Бактыбайга кездешип, Батынып найза сала албай, Айбатынан аптыгып, Бута атым жакын бара албай, Байкап көрсө кошуунун, Туу кармаган зорунан, Миң кишинин чоңунан, Алты киши жок турат. Амалы кетип алдырап, Тил байланып жалдырап, Кара тумоо болгондой, Мууну кетип шалдырап, Барабанын тарттырып, Айласы кетти калдаңдап, Барабан үнү чыкканда, Туруп калды Бактыбай, Каракөз турат далдаңдап, Саранжа менен Көкбөрү, Булардан кабар угалбай, Тете менен Саладан, Андан кабар ала албай, Же качуунун эбин таба албай, Тел музоо болуп турганда, Тете менен Саланы, Орунбайдын миң балбан, Ойронун элдин чыгарып, Коросон менен испанды, Койбой айдап алыптыр. Аңгычакты болбоду, Калмактар келди анталап, Аркасынан Асыл шер, Келе жатат канжалап. Төрт урук эли бет келди, Мен-мен деген эрлериң, Сынала турган кез келди. Баатыр Асыл Бактыбай, Орунбайдын миң балбан, Четке чыккан немесин, Миң балбан турат бастырбай, Калың жерин аралап, Асыл менен Бактыбай, Тете, Салаа, Каракөз, Кийимин башка которуп, Ат бастырып чыга албай, Бети калың ултаңдар, Минтип калды уйалбай. Каңгайлардын Саранжа, Башы бышкан түгөнгүр, Канча карчаш мындайда. Кабар уккан калың эл, Кабар алып алдыртан, Ар бир эрдин башына, Бирден тайар ат турган, Алтымыш менен он бештин, Ортосунда калбаптыр, Кабар уккан кыргыздан. Келген элдин ичинде, Найза сайар мыктуу бар, Балта чабар ыктуу бар, Чокмор менен шыктуу бар, Мылтык аткан мерген бар, Жаага огун керген бар, Сойулга андес тыңдуу бар, Билеги жоон балбан бар, Бири онду жеңген бар, Ала көөдөн дардаң бар, Ар бир кылда адам бар, Капкачандан бер жакка, Бук болуп жаткан кыргыздар, Кой деген киши болбоду, Кой дегенге болобу? Тополоңдоп тоз болуп, Топурак учуп боз болуп, Каптап кирди кыргыздар, Жалындап күйгөн от болуп, Чуңкур чуңкур жерлерге, Көлчөк болуп кан толуп. Беш уруктун элдери, Ажал алып жакадан, Айдап мында келгенби? Кантер айла таба албай, Акылы кетип сенделди. Күмбөзгө барып Кененим, Амандыгын билгенде, Карабуура, Чаткалдан, Айланып кайта жүргөндө, Тажиктердин Көкбөрү: “Кезеги эми келди – деп, Кененим коркуп коргондон, Чыкпай койду билдим” деп, Чымырканып чыйралып, Үйдөй чокмор колго алып: “Ачып көздү жумганча, Мен күмбөзгө барайын, Чокмор менен талкалап, Топурагын тоз кылып, Оорагымды чыгарып, Күмбөздү бузуп салайын” Дегендерди ойго алып, Күркүрөгөн чоң тажик, Күжүлдөп келе жатканда, Аркасында кошууну, Дүрүлдөп бара жатканда, Эр Кененим көп колго, Капташып калды Саздаңда. Карасуунун боткулу, Камалып калды буткулга, Тажиктердин көп колу, Арстан туулган Кененим, Ат, кийими баарысы, Тажиктин эли экен деп, Атынан айтып акырды, Көкбөрү, деп чакырды, Баатырдын үнүн укканда, Күркүрөгөн Көкбөрү, Акылынан шашылды: “Үнү ачуу заар экен, Көрбөдүм эле уккан кеп, Бул Кененим өзү экен, Бетке чыксам белсенип, Далайды алган эңшерип, Мен өлөмбү тепселип, Темирбек атам кептенип? Арзан өлүп бербейин, Кун аламын деп келип. Белди берип аскерге, Каптатып ийип Кененге, Кайра тартып барайын, Ар кайда кеткен бектерге, Бел байлайым деп туруп, Мен өлбөйүн бекерге. Бектер менен биригип, Беш урук бирге болгондо, Биз жарайбыз керекке. Бул жерде жалгыз мен өлүп, Теңдеше албай Асылга, Саранжа калмак ал өлүп, Тете, Салаа дагы өлүп, Хан Каракөз кошулуп, Калбай хандын баары өлүп, Маңгыттан келет хан Калдык, Адашып жүрүп ал өлүп, Беш жылга уруш узарбай, Биз калбайлы түгөнүп”. Акылын ойлоп аныктап: — Таабалды баатыр кана? – деп, Атынан айтты бакылдап. Хан чакырды мени, деп, Мен угайын кебин, деп, Таабалды келди энтелеп. — Сен Таабалды эр элең, Мен Көкбөрү хан менен, Оорагың элге тең элең, Жыгылар жерде Таабалды, Жөлөк болор дээр элем. Кененимге барып кел, Кесип башын алып кел, Көөкөргө канын куйуп кел, Жүрөгүн кошуп сууруп кел, Ак калпак кыргыз дегендин, Заманасын кууруп кел, Бар дебедим Асылга, Мындан мурун сени мен. Асыл өзү жаш бала, Таанылбаган башкага, Оорагың сактап, Таабалды, Жумшабадым мен ага. Деп Көкбөрү айтканда, Өзүнөн өзү шаттанып, Көйрөңсүнүп мактанып, Жүрүп кетти аттанып, Кетип барат күүлөнүп, Кененимдин мен башын, Келемин деп байланып, Аңгычакты Көкбөрү Аскерди тур деп камданып: — Алып келсе Таабалды, Сүйүнчү улак тартыңар, Кыргыздын кымбат кыздарын Бирден алып жатыңар, Алдырып койсо Таабалды, Мылтык менен атыңар, Жебени чендеп тартыңар. Кененимди кулаткын, Төрт бутка атып кула атын, Бастырбай сазга сулаткын, Буйругумду кылгын, — деп, Оозунан бурап көк түтүн, Айтып турат Көкбөрү. Айал-үйөл кылбады, Таабалды карап турбады, Көкбөрү мактап койгонго, Көөп кеткен турбайбы. Көкжал төрө Кененим, Көөпайды карап турганы, Күркүрөгөн Таабалды, Күүлөп найза сунганы, Ак жолборстой Кененим, Таабалдыны найзасын, Учунан улай кармады, Кармаганча Кененим, Найзаны тартып алганы. Оңдоп кармап имерди, Өткүр тууган кара көк, Өз найзасын бооруна, Таабалдыга жиберди, Ээси экенин Таабалды, Өткүр найза билбеди. Жүрөгүн найза аралап, Жүлүндөн чыкты жаралап. Таабалдынын найзага, Илип алды Кененим, Аскери кылды тажиктин, Көкбөрүнүн дегенин, Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүрдөй кылып ок атып. Мылтыктан жалын чыккан жок, Боздоп учат аткан ок, Зыркырап үнү бир башка, Ташка жанып каккан ок. Топурак учуп боз болуп, Токтобой тоолор козголуп, Суу чайкалып чулкулдап, Ак сазаң балык жылтылдап, Кара суунун буткулда, Жайнап жаткан канаттуу- Каз-өрдөк учуп каркылдап, Аңыр учуп аңкылдап, Каракунас, көк кытан, Таманын суудан тарта албай, Канаттары салпылдап, Асманга учуп чыга албай, Суунун бети шарпылдап, Коргошун, коло, чойун ок, Сууга түшүп чулпулдап, Алай-дүлөй тарсылдак, Баш аламан барсылдак, Очогор үнү зүңкүлдөп, Жер айрылып дүңкүлдөп, Бараңдын үнү барсылдап, Ашкере үнү таанылбай, Кулак тунган карсылдак. Тажиктердин Көкбөрү, Аскерине билинбей, Аркада калган элдерди, Издеп кетти салпылдап, Сиркенин Сары талаада, Жеткен жерде Көкбөрү, Капташты кара балаага. Муну мындай таштайлы, Кара нээт хандардын, Чогулганынан баштайлы.