Асылбачанын Сакычак баштаган беш баатырды сойушу
Бөксөлөй тартып бастырып, Темир тоонун сыртынан, Чыгып келди баатыр шер, Кулжалуу төрдүн кырына “Жалгыз мага жолугуп Жайнаган аскер бул экен, Кастап келген кыргызды, Муңгул, тажик эл экен, Бөлүнүп кетип булардан, Бүлүк салып тынч элге, Бүлүндүргөн болбосун, Дүрбү салып Кеңколдун, Эсендигин билем”, — деп, Ооздугун чыгарып, Отко койуп тору атты, Суулугун чыгарып, Суу каптырып тору атты Өзү чыгып кыраңга, Көчүгүн койуп олтурду, Үстү эптүү бир ташка. Турнабай салып караса, Таластын эли жай жаткан, Андан нары караса, Желеги сары көп аскер, Барабан согуп, баң тартып, Бейабанды чаңдатып, Мана минтип келаткан. Асыл баатыр жаш чунак, Тааный албай болду таң, Таласты карай бет алса, Жолунан тосуп чыгарга, Башка жакка баратса, Барып сырын угарга, Карап калды буларга. Коросон менен Жедигер, Биригип келген эл эле, Кененим өзү хан кылган, Коросондо жаңы хан, Жедигерде Жаанбай, Жергесинен Кыйаздын, Жээн жагынан туулган, Каракөз деп бир бала, Өзү өткүр тили так, Өзгөчө болгон бул бала. Тажиктердин Көкбөрү, Ичи заар, кара жүз, Жашыруун киши жиберип, Чынкожо, Толтой, Кыйаздан, Кабар айтып бу жактан, Жедигердин элине, Бүлгүнчүлүк салыптыр. Эки тарап эл болуп, Каракөз сөзү эм болуп, Жаанбай жагы кем болуп, Алдын алып Каракөз, Таласка киши бастырбай, Жол тостуруп, эр койуп, Жаанбайды өлтүрүп, Каракөз өзү хан болуп, Хан Каракөз ат конуп, Көкбөрүдөн тил алып, Коросон барып аттанып, Кененимден келдим, деп, Жаңы ханга кеп салып, Жаңы ханга жагынып, Жай алып далай туруптур, Дарттуулардан кеп сурап, Далай сонун угуптур, Кара нээт Каракөз, Анык кудай уруптур. Жаңы ханды аздырып, Тоого алып барып азгырып, Жаңы ханды жайлады, Кылычка канын майлады, Башын кесип байланды, Жаңы хандын ордуна, Дабытайдын тагасы, Коросонго баш болуп, Ал түгөнгүр шайланды, Дабытай кунун кубам, деп, Жанына кылыч байланды. Испандан алды кабарды, Испандык айтты барарды. Асылбача көргөн эл, Коросон, испан, жедигер, Кошуун курап, кол жайкап, Келген экен ошол эл. Үч уруунун элинде, Белдүүдөн бар жетимиш, Айдап келген кошууну, Токсон алты миң имиш. Байыркынын иштерин, Киши айтып билгисиз, Балбандын тону темирден, Көтөрүп киши жүргүсүз. Кырда карап олтурса, Таласка жолун салбады, Болжошкон жери эл экен, Тарашаны бетке алды. Каракөз кытмыр, арамза, Жедигер отуз эки миң, Коросон отуз эки миң, Испан отуз эки миң, Оргутуп жерди чаңдатып, Каракөздүн буйругу, Сарыдан байрак карматып, Так байрактай кыргызды, Саргартамын деп айтып, Алдыга бешти чаптырды, Аларга мындай тапшырды: — Жолдо киши учурап, Жолтоолосо кеп сурап, Татыксыз кепти салгыла, Баарың сүйлөп кожурап, Акылман киши кептенип, Сыр чыгарба божурап. Тажиктин элин билгенде, Көкбөрүнү көргөндө, Менден салам айткыла, Амандашып кайткыла. Коросон, испан, жедигер, Калбай келди дегиле, Коросон менен испанга, Өзү барды дегиле. Хан Каракөз жиберген Сизге, баатыр, келдик де, Бизге жолдош болдук де. Аскер токсон алты миң, Үч хандын эли биз дегин, Теңибиз Талас кирелик, Уруксат берсең сиз дегин. Балбаны бар, баатыр бар, Коросон, испан ханы бар, Хан Каракөз дагы бар, Сизге бизди жиберди, Эртең келип калат де, Азыр аскер өтө кыл, Кыргызга бүлүк салат де. Беш киши жолго киргени, Белдүү Асыл баатырдын, Жолдо экенин билбеди. Көкбөрү жатат кошуунда, Келе жатат беш киши, Көрүшмөккө ушунда, Жетип келди беш киши, Асыл эрдин тушуна. Кырдан ашып кылт берип, Сыртты карай киргенде, Майторуга зоңкойуп, Баатыр Асыл минди эле. Көмөскө менен желбеди, Көк колот менен чуратып, Көк жалың жетип келгени. Көрө салып беш киши: — Аты-тону келишкен, адамдан башка не киши? Кыргыз болуп калбасын, Ата кокуй, бул киши! Кыргыз болсо нетебиз? Биз беш киши бул жалгыз, Байлап алып кетебиз, Айттырып кепке канабыз, Көкбөрүнүн алдына, Байлап алып барабыз, Андан кийин кыргыздан, Эркин чалгын чалабыз. Дегенинче бул бешөө, Бабырашып баратты, — Токтогунуң, ким болсоң! Бала жолборс шер айтты. Үнүнөн бешөө аптыгып, Жүрөктөрү жарылып, Кете жазды жан чыгып. Эстери чыгып энтигип, Маңдайынан тер чыгып, Калтаарышып баарысы, Карап тура калышты. Асылбача эр айтат, Ал бешөөнө кеп айтат: — Ат жаратып, тон ылгап, Алыстан жүргөн кишисиң, Не ишиң бар Таласта, Кай тараптан келишиң? Жоокалатпай чыныңды айт, Боло турган сырыңды айт, Бултактасаң кеп жасап, Силерге даба табылбайт! Токсон алты байрагың, Тобун бузбай санадым, Атам Манас, мен Асыл, Кебиңди айтчы угайын! Хан Каракөз кеби, деп, Айтууга келди эби, деп, Жарыша сүйлөп калышты, Жабырап кебин салышты. Асыл баатыр кеп айтат: — Ажылдабай акмактар, Бирден айткын! – деп айтат. Жашырар жери калбады, Жедигерлик Койтолоң, Баштан-айак болгонду, Көкбөрү киши жиберди, Жаанбайды өлтүрүп, Каракөз ханы болгонду, Таласка киши бастырбай, Жол тостуруп койгонду, Такырайтып сайрады: — Коросонго барганы, Жаңы ханды өлтүрүп, Ордуна киши шайлады, Испанга киши жиберип, Андан кошуун алганы, Коросун, испан, жедигер, Колбутуп кошуун айдады, Көкбөрүгө баргын деп, Бешөөбүздү жумшады. Уруксат алып кел, деди, Таласка барам мен, деди, Ошого бара жатабыз, Көкбөрүгө көрүшүп, Жообун алып келгени. Жашырарын таба албай, Жайын айтып бергени, Четин эмес, чок орто – Баарын айтып бергени. Кебин угуп элдердин, Не жумуштап келгенин, Жайын билди эр Асыл, Коросон, испан, жедигер, Которулуп калганын – Баарын билди шер Асыл, Тажик менен калмактын, Алын билди эр Асыл, Теги жаткан маңгыттын, Кошулганын буларга, Дайынын билди шер Асыл, Кимдер душман, кимдер дос, Анык билди баарысын. Анда Асыл эр айтат, Айкөл Манас тукуму, Тартынбай турган шер айтат: — Коросон, испан, жедигер, Үч урук эли келдиңер, Баарыңарды башкарган, Көкбөрү экен билгиңер, Жобурап мында турбастан, Көкбөрүгө баргыла, Хан Каракөз жиберген, Кабарын андан алгыла, Көкбөрү деген бийиңе, Менден айта баргыла. Учурадык эрге де, Тарашанын белинде де, Атым Асыл билгин дейт, Бар сырыңды билдим дейт. Коросон, испан, жедигер, Тажик, калмак элиңер, Чогулушуп бир жерге, Анан мага келиңер. Беш киши сени беймаал, Өлтүрөр киши мен эмес, Жана таап келгиле, Бул беш урук сен эмес, Канчалык келсе сел каптап, Агызып кетер бекен деп, Айанып калчу мен эмес, Түп атамдан бер жакка, Жоодон корккон эл эмес. Көптүгүң сенин беш урук, Түп Бейжинден көп эмес, Коңурбай эмес, Көкбөрү, Мурадилче эр эмес. Турбай бешөөң кайтып бар, Көргөнүң менен укканың, Көкбөрүгө айтып бар. Туу белде турам эл карап, Чогулушсаң беш улук, Тобуңа тийем аралап, Беш уруктун элдерин, Алын билем чамалап. Таласты талап алганы, Келипсиңер сабалап, Ак калпак кыргыз алаштын, Туурдугу бүгүн Саламат. Атадан калган салтыбыз, Канкор баатыр Семетей, Калтырган бизге наркыбыз, Түгөнгүс кыргыз эли бар, Аттанып чыкса жалпыбыз. Элдер жыргап жай жатыш, Баатырлар барыш шартыбыз, Алышарга жоо десе, Кыргызда жок тартыныш, Көкбөрү деген төрөңө, Барып кабар айтыңыз. Асыл шерден кеп угуп, Бешөө кетти чубуруп. “Кете бергин деп койуп, Жаш бала чыгат жол тосуп. Төртөөбүздү өлтүрүп, Бирибизди жиберет, Амалы көп бала окшойт, Айтор, сырын ким билет...” Дегенди ойлоп байкуштар, Бачымдап бара жатышат, Өпкөгө атын тепкилеп, Камчылап атын токмоктоп, Ач белес кайкы кезеңде, Асыл чыгып калат деп, Мойнун созуп омсоңдоп, Жик-жик болуп көчүгү, Эңкейиште томпоңдоп, Коктуга келсе кажырдай, Алдын карап жогжоңдоп, Жан айабай мол жүрүп, Ат айабай жол жүрүп, Уйку уктабай түн катып, Сүрүп чыкты таң атып, Көкбөрүнүн тобуна, Кирип келди жанашып, Кутулдук деп кыргыздан, Бирин-бири карашып, Жеңишке салган күлүктөй, Тизгиндерин талашып, Үзөңгүлөр кагышып, Жаш баладай жарышып, Көкбөрүнүн тобуна, Калмак, тажик тобуна, Ат чабып кирип барганда, Жесекчилер жолунда, Токтогунуң, тургун, деп, Токтотуп аттан түшүрүп, Тогуздап таазим ургун, деп, Ат чабым жерге тургузуп, Тогуздап таазим ургузуп, Таанышпаган эл үчүн, Барасыңар кайда? – деп, Анан кебин урушуп, Баштан-айак салдырып, Баарлык кебин угушуп, Ким экенин билгенде, Анан барып жесекчи, Көкбөрүгө угузуп: — Алыстан келди беш киши, Ат-тону башка бир иши, Тосуп жолун тургуздук, Ким экенин угуштук, Урматың үчүн, Көкбөрү, Тогуздап таазим ургуздук. Коросон, испан, жедигер – Үч уруктун эли дейт, Баштап жүргөн аларды, Хан Каракөз беги дейт, Токсон алты миң киши, Токтобостон келдик дейт. Жиберди дейт Каракөз, Көкбөрүгө баргын деп. Мен Таласка барайын, Уруксат берсе Көкбөрү, Көрүнүп койуп көзүнө, Ал үчүн келдим өзүңө, Карап калып Көкбөрү: “Кененим менен Асылды, Катары менен сойдум, – деп, Мурунку өлгөн эрлердин, Кун кубары болдум, — деп, Чалчык элем, көл болдум, Кокту элем, төр болдум, Аз киши элем, көп болдум, Учкун элем, өрт болдум, Толкуган дайра сел болдум, Тоо менен бүгүн тең болдум, Кем-карчы жок ишинде, Телегейим тең болдум, Улуктугум билинсин” – деп, Бутун жерге тийгизбей, Боортоктоп кирсин, деп, Буйрук кылды келсин, деп. Жесекчи келип жүрү деп, Алып келип чатырга, Боортоктотуп жылдырып, Тобо-томук кылдырып, Ал бешөөнү киргизди, Көкбөрүнү үстүнө. Тизелешип олтурду, Көзүн жашка толтурду, Жедигердин Койтолоң, Кеп баштады ошондо: — Коросон, испан, жедигер, Кошуун айдап келсин деп, Кабар кылып ийдиңер. Алыстан келдик атайын, Келгенимди айтайын, Жедигердин Каракөз, Жиберди сага Көкбөрү, Кошулган экен турбайбы, Өзүнө кылган казапты, Сен өңдөнгөн улукту, Мындан мурун ким көрдү? Кыргыздан чыккан кыраанын, Келатып жолдо көз көрдү, Жакшы-жаман дебестен, Жайынча айтып өткөрдү, Тамызгыдай кыргыздар, Ысыгы калып өчкөндү. Салам айтып Каракөз, «Уруксат кылсын бизди, — дейт, Таластагы кыргызга, Талаан койуп тийем, — дейт, Бешиктеги балдарын, Карагай-кайың, талдарга, Шилисинен илем, — дейт, Катын менен кыздарын, Өз билгимди кылам, — дейт, Кымызын төгүп сабаадан, Ордуна суудан куйам, — дейт. Кул кыламын уланын, Күң кылам дейт жубанын. Абышка менен кемпирди, Ичер ашка зар кылам, Аңтара сайсам Кененим, Алаш уулу дегеним, Айдап жүрүп кыдыртып, Кылгылыкты кыламын, Кыйа карап койгонун, Кылычтап башын кыйамын. Ойлогонум бүт кылып, Андан кийин тынам!” — дейт. Ал Каракөз дегендин, Айткан кеби мына ушул. Ачык айтсаң жообуңду, Ачык кылсаң жолуңду, Каракөзгө барамын Көкбөрү жандын кеби деп, Көргөнүмдү айтамын. Бар десең барат Каракөз, Барба десең Каракөз, Бара албай Таласка. Чогуу турсаң жакшыбы? Айбатына таң калдым, Жолдо турган балага. Койтолоң кебин бүтүрдү, Айтып болуп үшкүрдү, Көкбөрү кепке түшүндү, Туруп калып делейип, Жооп бербей денейип, Анда айтат Көкбөрү: — Атың болсо Койтолоң, Кайра чапкын сен болсоң. Хан Каракөз дегениң, Таласка барам дебесин, Кененимди кары деп, Келдим эле бул жерге. Жалгыз эмес Кененим, Жанында жана бар экен, Асыл бала аты экен, Ал ажыдаар мар экен, Чын ачуусу келгенде, Бөйөн-чайан заар экен, Кез болгон бенде Асылга, Кең дүйнөсү тар экен, Келишип алган кишинин, Кетер жолу шар экен. Көптү көрсө шашпаган, Көп экен деп качпаган, Көкжалдыгы кармаса, Көөнүндө ишин баштаган, Көптү көрсө күйүнбөс, Азды көрсө сүйүнбөс, Аралап кирсе сан колго, Ажалды туура көзгө илбес, Өкүм өткүр сөзү бар, Өлүмдөн коркпос өзү бар, Өрттөй жалын көзү бар, Өөрчүп турган бала экен. Балалык кылып калтаарбас, Кызыл кан агып чайкалса, Кылчайып артын карабас, Асман тиреп от күйсө, Башын тартып жалтанбас, Баатыр экен кызталак, Тентип кетсек ар кайда, Теңдешип ага ким чыдайт? Бирди бирге жеткирбей, Асылбача, Кененим, Карышкырдай кан жалайт. Белибизди бууганбыз, Тирүү болсо бир дөңдө, Убада сөздө турганбыз. Өлсөк чогуу чуңкурда, Бололу деп айтканбыз, Ошондо айткан кептерден Кантип кайра тартабыз? Көкбөрүнү кеби деп, Каракөзжанга айткының, Болгун бачым бастыр! – деп, Баашасы айтты мындай кеп, Баашанын кебин укканда, Койтолоң карап турбады, Кара аттын башын бурганы, Камчыга бөлөп кара атты, Хан Каракөз барам деп, Жан айабай баратты. Асылбача арстан, Караанын көрдү алыстан, Токтогун деп акырды, Үн чыкканда Койтолоң, Жүрөгү чыкты кабынан, Билеги сынды сабынан, Жыга чапкан немедей, Кулап кетти атынан. Тура калып ордунда, Эки колу боорунда, Корккондон өңү саргарып, Сийдиги агып шырылдап, Баса албай турду шалдырап, Багшалеги шалбырап, Тоңгон уйдай чакчайып, Эки көзү жалдырап. Асылбача эр айтат, Ал айтканда нени айтат: — Кеткениң болу күнү-түн, Беш киши элең бир бүтүн, Жалгыз кайдан келесиң, Жан айабай сен бүгүн? Эсин жыйнап Койтолоң: — Каракөздүн кабарын, Көкбөрүгө айтканга, Көрүшүп ага барганбыз. Көкбөрү кайра тарт деди, Каракөзгө бар, деди, Алып келе кал, деди, Тирөө болсок, бир дөңдө, Өлсөк чогуу чуңкурда, Бирге туруп болобуз. Айткан кеби мына ушул: — Куру барбай ханыңа, Айта баргын саламды. Жаанбай хандын каны үчүн, Миңден алам эсепти, Канжыгага Каракөз, Байлап келсин башын де, Жолуңду тосуп эр Асыл, Жолдо турат азыр де, Армансыз болсун Каракөз, Көкбөрү менен биригип, Бирге жатсын чуңкурда, Жалгыз жатпай зеригип! Койтолоң кетти ат койуп, Чуңкуруна көзүнүн, Топурак кирип жык толуп. Көрдөн ачып алгандай, Жерден чыга калгандай, Желмогуздай жаланып, Жан-жагына каранып, Хан Каракөз кошуна, Кирип барды Койтолоң, Бойу бокор, үнү жоон, Мойну узун койколоң, Салам айтып ханына, Басып кирди жанына: — Каракөз, сардар, ханыбыз, Аман-эсен жаныңыз? Барып келдим, бар дедиң, Пейили жаман, түрү суук, Көкбөрү деген неменин, Тогуз катар жүгүнтүп, Кара жандан түңүлтүп, Тизелетип жылдырып, Нечен таазим кылдырып, Алып кирди биздерди, Өзүңүз айткан сөздөрдү, Калтырбай атты Койтолоң, Бачым кайта бар, деди, Сөздү угуп болгон соң, Жалгыз эмес Кененим, Эки экен дейт, Көкбөрү. Асылбача мыкты деп, Айтып кетти бир далай, Таласка барбай Каракөз, Түз келсин дейт бул жерге, Тирүү болсок, өлсөк да, Бололу дейт бир жерде. Нары бара жатканда, Бир жаш бала туруптур. Тарашанын туу белде, Жалгыз жанды көргөндө, Олжолой кетсек белем деп, Неет болду биздерде, Жүрөк чыга жаздады, Бет маңдай келген кездерде, Кара бойу турушу, Окшоор эмес эч бенде. Мингени тору кашка экен, Түрпөтү эрден башка экен, Болжол менен айтканда, Он төрт-он беш жашта экен, Бала өзү дөө экен, Мингени тору тоо экен, Эмики жүргөн кишиде, Мындай бенде жок экен, Жаман кепти айтпады, Жакшы кептен баштады, Өзүң айткан кеп менен, Жабалактай сүйлөдүк, Кажылдаба, иттер, деп, Жаман айтып таштады. Жашырар айла болбоду, Жайын айттык бар иштин. Коросон, испан, жедигер Колубуз токсон алты миң, Токсон алты желдетти, Дүрбү менен шыкаалап, Баарын санап алыптыр, Биздер анча барбасак, Бастырганы калыптыр, “Көкбөрүгө баргыла, Беш уруу эли болупсуң, Белиңерди буугула, Биргелешип тургула, Асылды белде көрдүк деп, Көкбөрүгө айткыла, Кошулуп маңгыт алты урук, Азапты менден тарткыла, Алыңар келсе кыргызды, Баш көтөртпөй баскыла. Керкиң өтсө кескин, дейт, Балтаң өтсө, чапкын, дейт, Керкиң кеспейт, кетилет, Балтаң өтпөйт, мукуйат, Түп атам Манас, билгин, дейт, Ажалың айдап жай таппай, Алты урук мында келдиң, дейт. Ар канча болсо аскериң, Бээжиндиктен көп эмес, Мен-менсиген Көкбөрүң, Коңурбайды койуп тур, Мурадилче деги эмес. Жан бүткөндө жаралган, Жалаңгыч сарык аталган, Кененим бар чоң атам, Эркин өскөн баламын, Эр Сейити өзүм ата, Таркатып чилдей силерди, Бириндетип жүрбөйүн, Чогулгула бир жерге, Ылаачындай тийейин” Деди Асыл биздерге. Мактаганың Көкбөрү, Беттешкен окшойт ал мурун. Биз кайра жанып келгенде, Турган экен туу белде. Айта бар дейт ханыңа, Байкасын дейт алына. Кыйалында биздерди, Теңсинбеди дегеле, Баш ийчүдөй көрүнбөйт, Жер жүзүндө бендеге. Көкбөрүдөн Каракөз, Таласка барбас жооп уктум, Эки сапар туу белде, Асыл эрге жолуктум. Өзүң билгин калганды, Тирүүлүктөн өлүм ак, Жакын көрдүм ажалды. Ажал-өлүм тургузбай Жакалап бизди алганбы? Муну айтып Койтолоң, Бир үшкүрүп жан берди. Коросон менен испандан, Барып келген кишилер, Асыл деп айтып өлдү, деп, Айтып кабар келгени. Асылды көргөн беш киши, Өлүп кетти маминтип. Коросон, испан, жедигер, Улуктары олтурду, Мына минтип шай кетип, Эртең менен жөнөдү, Көкбөрү карай жүр дешип, Топурак учуп боз түшүп, Таш калдырап, тоо көчүп. “Асыл тосуп туу белден, Ашырбай такыр кырат, — деп, Кабар берди кыргызга, Тосуп турат жол-жолдо, Кененим бардыр бир жерде, Көкбөрүгө жеткиче, Кыйын болду биздерге”. Улуктары кеңешип: “Белде турган балага, Беттешкенче кетели.” Айбалта, кылыч эгешип, Жүрүгүнүң, жүр дешип, Найза сайар ыктуусу, Балта чабар мыктуусу, Чойунбашка шыктуусу, Көпкөлөң тарткан балдары, Кылыч чабар кырааны, Ылганып баары бөлүнүп, Баштап алып алдында, Хан Каракөз көрүнүп, Мылтык аткан мергени, Жебесин жаага кергени, Сом темир чапкан сойулчу, Кууш айак, кең далы, Балбан сыйак жандары, Хан Каракөз Тайтаны, Испандын каны Насаны, Ортого алып жөнөдү. “Байлап алып кетели, Кыргыздан бала төрөнү. Бак-таалайга салышып, Маңдайга келсе көрөлү, Ажал жетсе өлөлү. Асылды кармап алганда, Жалгыз калат Кененим. Аралап кирип кыргызды, Туш-тарапка бөлөлү, Агызып канын Таласка, Суу ордуна төгөлү”. Дүүлүгүшүп бабырап, Күрдөөлүү аскер жөнөдү. Асыл шер турат туу белде, Көз жиберип бул элге. Калмак менен тажиктен, Карааны канча көп экен. Түргө бөлүп аскерин, Башкарганы зор экен. “Тийишпесе ушул эл, Тимеле карап турайын, Баш кошкондо беш улук, Кыйындыгын көрөйүн, Акимсип булар катышса, Аралашып көрөйүн” Деп ойлонуп Асыл эр, Алдындагы Майтору, Кош олоңун бекитип, Куйушканын узартып, Каз таман найза көк түпөк, Кездемдин боосун чубалтып, Чарайнасын тартынып, Буттап темир артынып, Торгой көз темир бадана, Беш кабаттап кийинип, Кылыч белде кыңгырап, Ай балта жанда шыңгырап, Жанында кызыл доолбас, Шамал тийсе зыңгырап, Карап турат кайран шер, Көк мейкин зоодой зымырап. Ал аңгыча туу белге, Үч улуктун аскери, Жер сойулуп кыжырап, Кайсы экени билинбейт, Кара курттай быжырап, Калың аскер сүрдөнүп, Карап турган кишиге, Алда канча түрдөнүп, Тарашанын сыртына, Талдуу суунун кыркууга, Жабылып аскер токтоду. Үч бөлүнүп топ болду, Желектерин сайышып, Уруштун болду белгиси, Көрүп туруп Асыл шер, Жалтанбас жоодон кеменгер, Айкөл Манас тукуму, Түгөнгөн сайын түтөйт деп, Айткан сөздөр эп келер. Өлгөн сайын өөрчүгөн, Өткүр Манас тукуму, Өчүгүшкөн душманга, Өрт-жалындай чамынып, Токсон алты миң колго, Хан Каракөз баштаган, Тайтана, Наса зорлорго, Дайарланды эр Асыл, Андестиги Асылдын, Сыргактан үлгү алгандай, Жолборс жүрөк, таш билек, Түрү Алмамбет сардалдай, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Акбалта хандын Чубактай, Он бештеги чунагың, Опол тоодой зоңкойуп, Шаңданып жалгыз бастырды, Сырнайза колдо койкойуп. Алдында минген Майтору, Алоолонуп алкылдап, Ок өтпөс буулум шым кийип, Багалеги балкылдап, Кырааның карап турганда, Үнү күндөй күркүрөп, Чоңдугунан чочконун, Жер козголуп сүлкүлдөп, Колуна кармап келатат, Жолум үйдөй чойунбаш, Мен-менсинген азамат, Каапырды көрүп, көзүң ач. Утур келген тумшукташ, Чойунбаш менен талкалап, Мингени төөнүн нары экен, Заманды деген келатат. Ал Заманды дегенди, Жедигердин Каракөз, Таап келген болучу. Катаалды деген жерде өскөн, Катаалды дөөнүн жери деп, Адам уулу барбаган, Каракөз киши жиберип, Кененимге салмакка, Ошол жерден алдырган, Заманды келет заңкайып, Минип алган нарынын, Алдыңкы ээрди шалпайып, Асыл туруп алабы, Чоң экен деп жалтанып. Чоңдугунан Асылдын, Жүрөгү коркпойт калтаарып. Заманды Асыл бет келди, Ал Заманды ойунда, Жаш балапан Асылды, Кармап кетем, деп, келди. Жакындашып келгенде, Минген нары далпылдап, Чокмор күүлөп дап берди, Ойротто жок эр Асыл, Замандынын чокморун, Чаптырбай кагып жиберди. Заманды ага ар кылды, Чокморун кайра күүлөдү, Бала баатыр Асылды, Чокуга тартып жиберди. Беймаал жерде шер Асыл, Найзаны чындап сунганы, Качырып келип чочкону, Как далыга муштады. Баатырдан найза жеткени, Баатырсынган Заманды, Минген нардын үстүнөн, Аңтарылып кеткени, Жер тайанып тургунча, Карчыгадай кайран эр, Чокуга чаап өттү эми. Асыл чапкан оңобу? Жер тайанган Заманды, Кайта өөдө кобобу? Аңгычакты болбоду, Жедигердин элинде Жоомарт деген бар эле, Жоо бөрүсү ал эле, Жаанбайдын тушунда, Анча-мынча ал эле. Хан Каракөз болгондо, Баатыры болуп ордонун, Балбан атка конгону. Бул бадырек чуу койду, Жедигерлеп бакырып, Кыйаздап ураан чакырып, Мингени чабдар тайкы жал, Тулпар экен Куучаптар, Кош кулагын жапырып, Эки баатыр беттешип, Найзаларын кагышты, Кайта артына жанышты, Кайраты толук тың экен, Качпай туруп сайышты, Найзалары мутуйуп, Учтары түгөп калышты, Балтасында курч калбай, Уңгулары жарылып, Кылычтар сынып кыңгырап, Сыныктары шыңгырап, Туулгасы жарылып, Шал болуп уйуп колдору, Жалдырап тиктеп калышып, “Жоомарт мыкты баатыр”, деп, Жедигер айгай салышып, Шайы кетти Жоомарттын, Эки колу карышып. Ошол кезде Асыл шер, Жоомартты сайып албасам, Кантип адам болом, деп, Сайдырып салсам Жоомартка, Чабал атка коном, деп, Атам Манас болгон соң, Сайбай кантип койом деп, Эр Сыргактын өткүр миз, Найзасын булгап алганы. Кезегине келтирип, Кеңгиреген Жоомартты, Кый сүбөөгө муштады, Ошол сайган найзада, Жоомартты сайып таштады. Күчтүү урган Сырнайза Ар жаккы такыр колтуктан, Кылтайып үчү чыкканы, Мыктысынган шүмшүк кул, Жер кучактап жатканы, Беттешкенин мент кылып, Жоомартты жерге жастады. Тентектен келди Буйтуна – Темир кийген чоң бала, Коросондук неме эле, Азыркы тирүү кишиде, Мен жалгызмын дээр эле. Анча-мынча кишини, Кадигине алчу эмес. Кырк-элүү миң кол болсо, Тартынып андан калчу эмес, Найза сайып кишиден, Куру кайра жанчу эмес, Буйтуна сайган урчук тоо, Томорулбай калчу эмес. Ташты чапса талкандай, Тоздуруп жүргөн Буйтуна, Кыжыры кайнап жөнөдү, Заманды, Жоомарт өлгөндө, Ал экөөнүн өлгөнүн, Карап туруп көргөндө. Бурулгуп топо тумандап, Асманга учуп топурак, Чыдай албай титиреп, Өнүп турган дал-дарак, Ажыдаардай сүрдөнүп, Ач карышкыр түрдөнүп, Борошо жүрүп жаткандай, Бетинен чыккан ыдыгы, Жайдын күнкү аптаптай, Жалындай тийсе ысыгы, Кирпиктери бириндеп, Жер бетинде турган чөп, Токтоно албай кыймылдап, Жел соккондой дырылдап, Мурдунан чыккан тынуусу, Кол ыштыктай буркурап, Сакал менен мурутта, Ала карга, сагызган, Учуп жүрөт куркурап. Өңү кара көмүрдөй, Тиши аппак седептей, Эрди калың төрт эли, Желкеси агып ириңдеп, Чачы тармал үксөйүп, Жаалысы катуу түктөйүп, Оозун ачып эстенип, Азуулары шакылдап, Башына кийген туулга, Калгандай кара темирден, Кара бойу кем эмес, Кар тоонун сеңирден. Кең көкүрөк, сом далы, Балбандык сыны бар экен, Ажал менен иши жок, Айбан мүнөз жан экен. Букадай мойну бултуйуп, Туурасы жоон култуйуп, Эки беттин этине, Он даңгыт ит тойгондой, Тай торпоктой тултуйуп. Эмчектери салаңдап, Кысыр эмди танадай, Эки колдун булчуңу, Алты жашар баладай, Амири менен кудурет, Жан жараткан ар кандай Жаандын баарын сорчудай, Келе жатат тайманбай. Этегин кайра түрүнүп, Эки колго түкүрүп, Кара көздөн от жанып, Башында чачы саксаңдап, Кутурган иттей чакчаңдап, Дык тийбеген бетине, Адамдан суук түрү бар, Эки беттин ортодо, Беш байпактык жүнү бар, Күүгүмдөгү устадай, Күүгүмдөп бети жылтылдап, Ат миништи билбеген, Жөө жүрүүчү кызталак. Найза, кылыч белинде, Чокморун артып ийинге, Оозунан көбүк чачылып, Опсуз келет Буйтуна, Эки өгүздүн терисин, Чарык тарткан бутуна. Чокморун колго алганы, Чабайын деп Асылды, Чакчайып тиктеп калганы. Чоң экен деп Буйтуна, Жаш арстан туруп албады, Көк түпөк кызыл найзаны, Күүлөп колго алганы. Булгап-булгап чокморун, Чапты чочко акырып, Кар жиликтин булчуңга, Сайды Асыл качырып. Танадай болгон булчуң эт, Талаа-талаа жарылды, өпкөнүн кара тамырга, Жара найза сайылды. Салаалап колдон кан акты, Бала баатыр карматты, Чабандестик адатты. Чабылган жерге чокморун, Буйтуна алып болгунча, Оңдоп кармап балтаны, Отузду койуп жиберди. Куйкалары шалбырап, Кан куйулду шылдырап, Каракушу жарылды, Кыймылдаса кычырап. Ачуусу келип Буйтуна, Чокморду оолак ыргытып, Булгап алды найзаны, Карагайдай зыңкыйтып, Жана кирди эр Асыл, Майторуну кындыйтып. Сайдырбастан Буйтуга, Найзасын кагып жиберип, Таан тепчү шумкардай, Кайта тийди имерип. Ана-мына дегинче, Айта-буйта кылгынча, Ачып көздү жумгунча, Артык туулган Асыл шер, Он бешти сайып өттү эле, Он алтынчы катарда, Бакалоордун тушу, деп, Өлөөр жери ушу, деп, Таамай муштап жиберди, Алкымдын безин аралап, Мойун сөөгүн талкалап, Жүлүнүн кыркып өттү эле, Барча тоодой Буйтуна, Башмалдак атып жыгылды. Бала баатыр Асылгга, Барган киши болбоду, Баргын деп хандар жумшады, Балбандар болбой койгону, Балбан атка конгондон, Баш баатыры болгондон, Үчөө катар сойлоду, Сайган жерден желегин, Үч урук жулуп алышты, Көкбөрүнү бетке алып, Чубуруп жөнөп калышты, Белдүүдөн өлүп үч баатыр, Белдери сынып калышты. Коржоңдоп чыгып жол тосуп, Колунан кетти намысы. Асыл баатыр эр ойлоп, Алда канча кеп ойлоп: “Алсыраган караанды, Артынан кыргын салсамбы, Агызып канын суу кылып, Бир кумардан кансамбы? Же баш кишилер алдында, Айдоого келген кара аскер, Убалына каламбы? Баш кошсун баары чогулуп, Ошондо сынап көрөйүн, Кара башын жолугуп, Каптатып ийсе аскерин, Баш кишиси оолугуп, Анан канын чачайын, Аккан дайра суу кылып. Баш кишиси кылчайбай, Кетип барат калдаңдап, Улак ала качкандай, Этектери далбаңдап, Жыйнай албай өз бойун, Өңүрлөрү салбаңдап, Тайган кууган кийиктей, Мурундары барбаңдап. Чогулушуп барышсын, Көкбөрүгө дардаңдап, Бак-таалайга салбасам, Басташып келген иттерди, Баш аламан кырбасам, Астын-үстүн кылбасам, Асылбача атымды, Которомун анда мен” Деп ойлонуп артык эр, Качанда болсо Манастын, Тукуму элдин камын жээр, Тартып тура калганы, Хан Каракөз дегенди, Анык кудай урганы: — Жекелеше келгенде, Заманды, Жоомарт, Буйтуна, Жете албай өлдү ойуна, Көпчүлүккө жолобой, Турганын көрчү Асылдын. Жекени көрсө майдандан, Жеке жалгыз мен деген, Көптү көрсө айанып, Күчүн айап кирбеген, Акылына төндүргөн, Кененим муну көндүргөн, Кете бериш жакшы эмес, Жалпы калбай баргыла, Жалгыз киши эмеспи, Жарканаттай баланы, Көкбөрүхандын алдына, Байлап ала баргыла! Каракөздөн кеп угуп, Жедигердин кошууну, Баары кирди чубуруп, Качырып кирди Асыл шер, Майторуга камчы уруп, Манастап ураан чакырып, Асыл шердин жанында, Эки жолборс күркүрөп, Шамал чыгып артынан, Жер айрылып дүркүрөп, Алдында сойлоп ажыдаар, Түргөн чийдей карааны, Бармактай кызыл меңи бар, Кызыл бала дубана, Суулугунан алганы. Майторунун артында, Жөө тумандай чаң калды, Баладан көргөн бул ишин, Элдин баары таңданды, Он беш жашта чунагың, Опол тоодой шаңданды, Каптап келген жедигер, Кайрат кылып тура албай, Аламан келген көп аскер, Кайра качып дыр берди, Асыл эрге байкасаң, Бабасындай сүр берди. Көк түпөк кызыл найзаны, Күүлөп колго кармады, Күркүрөгөн кайран эр, Астын-үстүн салганы. Калың жерге кол салды, Капчыгайдай жол салды, Өлбөсүн кара аскер, деп Каз таман найза алганы, Эңиште сайып экиден, Эптей сайып жетиден, Беттеп сайып бешөөнү, Жүздөн сайып жүдөтүп, Миңден сайып бүлүнтүп, Баатырлыгын билинтип, Самсаалатып канчасын, Найзасына илинтип, Сапырып сайып сандалтып, Караганды таңдантып, Өчүгүшкөн душманды, Өжөр тууган эрениң, Өчөшүп сайып баратат, Эси чыгып жүрөгү, Жарылып өлгөн эр жатат, Жаны ачыган жаш бала, Жайнап чоктой баратат. Каптап келген көп колду, Тымтыракай түшүрүп, Тамтыгын такыр чыгарды. Кайнап жаткан жедигер, Коросон, испан элдери, Ханы-беги, карасы, Жүрөгү коркуп желдеди. Жолборстой баатыр чамынып, Бетке алган чагы баатырдын. Бириндеп качып чачылып, Атын бура тарта албай, Жыгылып өлгөн андан көп, Качаарын билбей ашыгып, Кеңеш кылып хандары, Минтип ойго келгени: “Эркинче койсок Асылды, Шорубузду катырды. Андан көрө урсун”, деп, Барабанын кактырды. Бабасы Манас айкөлдүн, Ата наркы салты экен, Барабан үнүн укканда, Бурулуп кайра тартчу экен. Бабадан калган ишине, Колдон бербейт кишиге, Бура тартты Асыл шер, Айалдабай кичине. Коросондун баштыгы, Колун булгап бакырды, Кошуунун кайра чакырды: — Көрдүңөрбү Асылды, Барабан үнү чыкканда, Кеткичекти ашыкты, Алдырап калган кез экен. Жедигер отуз эки миң, Калың колду аралап, Майтарылып жүрөгү, Найза салып балта чаап, Талыккандыр билеги. Алты күндөн бер жакка, Оозуна таам салбады, Ат чалдырып албады. Билеги эрдин талыкты, Минген аты чаалыкты. Чарчабаган эр болбойт, Чаалыкпаган ат болбойт, Эки күндөн урушуп, Эс алдырып он күнү, Антип жүрсөк иш болбойт, Атын суутуп чалдырып, Уйку канып там татып, Эриккенде беттешип, Эси жоктой иш кылсак, Тирүү баскан жан койбойт, Сыйкыр экен кыргыздар, Сырын билдим абыдан, Иттей ээрчип артынан, Антип жүргөн жан болбойт, Ажыдаар сойлоп алдында, Оозунан оту чачылып, Бармактай кызыл меңи бар, Кызыл бала дубана, Суулугуна асылып, Көрүп турду көзүңөр, Карап турдуң өзүңөр, Боло турган иш эмес, Сыйкырлыгы болбосо, Жолборс жүрөт күркүрөп, Шамал чыкты дүркүрөп, Жер айрылып боз түштү, Топурак учуп тоз болду, Сыйкырлыгы болбосо, Мындай жумуш болобу? Коркпогула, көп колум, Миңден-миңден топ болгун, Ар тарабын бекитип, Ара жерге токтоткун. Коросон отуз эки миң, Сегиз жерге бөлүндү, Төрт бөлүнүп коросон, Асыл эрге жөнөдү. Коросондоп чуулашып, Сарыдан байрак булгашып, Он эки сайман түр менен, Заркум менен Аалынын, Урушундай сүр менен, Асман жарган чуу менен, Жер айрылган дуу менен, Эки миңден сегиз миң, Төрт бөлүнүп алыптыр. Мылтык атып зүңкүлдөп, Каптап кирди дүркүрөп. Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп сунуп эр келет. Кылыч, чокмор, найзачан, Сом темирин соксойтуп, Эн темирин артынып, Бирге келет балтачан. Көп экен деп шашпаган, Көөнүндө ишин баштаган, Күкүрттөн кийин күч алып, Күйгөн оттой түтөгөн, Түбүнөн Манас тукуму. Ата мурас иши экен, Санды көрсө качпаган, Санаада ишин баштаган, Сапырып кырып таштаган, Салты Манас калган нарк, Окторулуп эр Асыл, Майторуну ойнотуп, Бири кетсе, бири бар, Кетейин деп сойлотуп, Айкөл Манас баатырды, Атына айтып чакырып, Каптап келген душманга, Башын тартып тору аттын, Бакырыгы баш жарып, Баштан өтүп таш жарып, Үнүн уккан баатырдын, Кишинин баары апкаарып, Көзүнөн кызыл от жанып, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Каскаксыз найза карманып, Аралап кирди душманды, Балталуусун башка чаап, Сооттуусун сойлотуп, Олпоктуусун онтотуп, Оң- тескери томпойтуп, Кылычтуусун кыйратып, Кыйырын бузбай сулатып, Найзалуусун ыйлатып, Сабы менен сулатып, Каруулуусун какшатып, Кар жаагандай суу агып, Карысынан кан кечип, Калдыратып калканын, Кан агызып чанданын, Чыгарып барат калканын. Туулгасын башынан, Томолотуп томпойтуп, Коондой башын соксойтуп, Башы тенден бөлүнүп, Короздой мойнун кокжойтуп, Көзү чыгып олойуп, Кулагы жок мулуйуп, Колу жоктор чолойуп, Ээси коркуп энтеңдеп, Эми айлам кантер, деп, Жыгылып-кооп темтеңдеп, Бели сынган очойуп, Карачкыдай чочойуп, Далысынан кан агып, Кызыл канга кошулуп, Ак көбүктөп шар агып, Баш аламан суналып, Ичегиси чубалып, Кирпиги араң ирмелип, Сүйлөй албай тил келип, Асылдын жолун ачышып, Ар тарапка качышып, Айласы кетип коросон, Аскери чыгып бөлүнүп, Сап-сап болуп жардашып, Колуна мылтык кармашып, Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүрдөй кылып ок атып, Жебенин огу зыркырап, Кулак жарып чуркурап, Асман-жердин ортосу, Жалындаган кызыл чок, Боздоп учат аткан ок, Мунарыктап боз болуп, Токтоно албай тоолорго, Дирилдек кирди козголуп, Кулагы тунуп кайберен, Оттой албай топ болуп, Тунарык кызыл көрүнүп, Шамал чыкса артынан, Жер ачылып сөгүлүп, Муну көргөн адамзат, Кара жандан түңүлүп, Батмачык, кескек кырсылдап, Уйасын таппай жүгүрүп, Ийленип калды жыландар, Талкаланды таш бака, Топонун көбү тоз болуп, Таштын көбү кум болуп, Майда-барат дөбөчөк, Түзөлүп кетти жоголуп. Ушундай заман күндөрдө, Уйку көрбөй түндөрдө, Күндү күнгө улантып, Түндү түнгө улантып, Коросондун кошуунун, Короодо койдой жуушатып, Аттын көбү бош калды, Тизгинин салып колуна, Чылбырларын сүйрөшүп, Бир түн, эки күн болду, Коросондун кошууну, Качып калды дүрбөшүп. — Жедигер менен коросон, Катары менен суладың, Минген атка токтобой, Томолонуп куладың, Испандын эли кармагын, Кайда кеткен уйатың?! Испандын ханы акырып, Кармагын деп бакырып, Илебин деген бар эле, Өңкөй испан элинде, Жарамдуусу ал эле. Испандын ханы Сакычак, Илебинге кеп айтат: — Сенден башка Илебин, Бел болор киши менде жок, Сен Илебин турганда Мен Сакычак көөнүм ток. Чапкан кылыч, тарткан жаа, Кызыл милте аткан топ, Тетиги Асыл дегенге, Дегеле зыйан кылган жок. Жедигер менен коросон, Эси жоктой иш кылып, Каптап кирди урушуп, Каны акты кырылып. Кокрконсуп туруп албайлы, Арыды Асыл ал калбай, Чаалыкты тулпар баса албай. Эң алдында сен баргын, Жармачтык кылып баратсаң, Жаныңда турчу мен бармын, Жарканаттай баланын, Алы канча, кармагын! Эндебей алы канча, деп, Заманды, Жоомарт, Буйтуна, Алардай өлүп калбагын. Кезектешип жүрбөгүн, Айабагын билгениң. Сакычактан кеп угуп, Илебин кирдли оолугуп, Асыл менен беттешип, Калар бекен деми сууп, Каарданып Илебин, Катуу кирди белин бууп. Каары катуу эр экен, Кайраттуунун бири экен, Мингени кызыл пил экен, Кылымда менче жан жок, деп, Кыйалында жүрчү экен, Кыйамына келгенде, Кырк миң колду сүрчү экен, Илебиндин оорагын, Кылым түштүк билчү экен, Жолум үйдөй башы бар, Жолбун иттей кашы бар, Көмүрдөн кара бети бар, Жылтыраган көзү бар. Маңдайы дөң тултуйуп, Мурду жалпак былчыйып, Үстүңкү ээрди кемиреек, Тиши чыгып ырсыйып, Кара бойу мунардай, Бир колу бар чынардай, Туурасы көтөк тарыган, Жер дүңгүрөйт каарынан, Оозунан көбүк чачылып, Төбөсү түшкөн көр өңдүү, Үңүрөйүп ачылып, Азуулары качырап, Илебин чыкты кызталак, Маңдай тери бырышып, Асыл шерди көргөндө, Куйкалары курушуп, Доолбасын карс уруп, Ач бөрүдөй улутуп, Күүлөп алды найзасын, Бир сайгандан чыгарбай, Алып көнгөн канчасын. Кара бойу далбаңдап, Кара темир калканы, Капталында калдаңдап, Качырып кирди Асылды, Этектери далбаңдап, Пилге минип жүрсө да, Эшек минип алгансып, Эки буту салбаңдап, Тайган кууган кийиктей, Таноолору барбаңдап, Күзгү кирген букадай, Туураланып дардаңдап. Тушуна кирип келгенде, Атасы Манас кара көк, Андан кайдан жазганат. Манастап бала бакырып, Алдындагы Майтору, Кош кулагын жапырып, Араандай оозу ачылып, Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып, Баатыр Асыл жөнөдү, Илебинди качырып, Асылды көрүп түрпөтүн, Тоодой болгон Илебин, Эми калды шашылып. Найзаларын кагышып, Бир беттешип алышып, Кайра кирди беттешип, Бак-таалайга салышып. Карап көрсө Асылдын, Кара бойу каруу-күч, Тулку бойу туура күч, Турушун баары күч, Тутушканын кылган түз. Беттешип бенде жеңгисиз, Бейажал бенде келгисиз, Байкап көрүп Илебин, Акылынан адашып, Артык туулган Асылга, Ажалы жетип жанашып, Жана кирди бул экөө, Өлөөр жагын самашып. Аманат жалгыз бир жанды, Кылга байлап таштады, Илбеиндин найзасын, Кагып ийип эр Асыл, Ана-мына дегинче, Айта-буйта кылгынча, Камбыл тууган кара көк, Илебинди камынтпай, Алтымыш койуп жиберди, Машыгып кеткен Майтору, Ылаачындай имерди. Колуна жарак алдырбай, Көз ачырбай эр неме, Күркүрөтүп урганда, Мен-менсинген Илебин, Эси кетип элейип, Эси оогандай делдейип, Карап турат калдайып, Мыдыр этер ал калбай, Чыкпагандан жан калып, Ачып көзүн каранып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Жан ачыган Илебин, Колуна найза карманып, Томпойтуп пилин жылдырып, Испандан ураан кыйкырып, Найзасын күүлөп алганда, Манастын уулу чунактын, Кармай калды шайтаны, Кай кылыгын айталы, Илебинге сайдырбай, Кагып ийди найзаны. Сыргактан калган Сырнайза, Кайра жанбайт таш сайса. Жыгачка сайса, таш тешкен, Көөдөнгө сайса баш кеткен, Баатырдан калган найзаны, Күүлөп бала сунганы, Күүсүнөн кулак тунганы. Туулганын чети деп, Ээктин алды бези деп, Кырынан келип муштады. Найзанын учу жеткени, Ар жаккы кулак түбүнөн, Найзанын учу жылт деди. Ээрден көчүк бултайды, Үзөңгүдөн бут тайды, Пилден ооп кыйшайды, Жер тайанып жыгылды, Топого башы тыгылды, Өкүмсүгөн Илебин, Бу да көрдү өлүмдү. Ат көтөрбөй пил минген, Илебинди өлтүрдү, Асыл эрди көрдүңбү? Испандын эли бириндеп, Этектери дирилдеп, Жалдырашып турганы. Кайра айланып Асыл шер, Илебин минген чоң пилге Качырып кылыч урганы, Кылыч тийген кызыл пил, Бук деп албай жан берди, Бүдөөгө келбей өлгөнү, Бутун серпе албады, Жоон мойундун түбүнөн, Таарый чаап салганы. Илебин минген пил өлдү, Коросон, испан, жедигер, Карап туруп көргөнү. Буйрук берип Сакычак, Букара аскер жөнөдү. Коросон менен жедигер, Кордук көргөн эл калды. Испандан келген кара аскер, Санаты отуз эки миң, Сакычак баштап барганы, Баатырсынып Сакычак, Качырып найза салганы. Бала жолборс эрениң, Баш калкалап калабы? Келе жатат Сакычак, Сакалы келет чоң кучак, Найзасынын учунан, Жалындаган от чыгат. Атын санга салыптыр, Мингени тору тобурчак, Шамалдай чуркап алыптыр, Майтору менен жол тосуп, Асыл шер тура калыптыр. Бала туруп кеменгер, Ааламдан ашкан айлагер, Ал Манастын тукуму, Ар кандай айтса эп келер, Эки баатыр бет келди, Каңк-куңк этип найзалар, Кагылыша кеткени. Ээ бербей тору тобурчак, Өтө берди алдына. Кыйынсыган Сакычак, Баатырдын кирди кыйырына. Майтору оозун имерди, Оңолгуча Сакычак, Ойротто жок жаш Асыл, Калкандын алды чети, деп, Айдалынын бети, деп, Баатырың найза урганы, Асыл сайган оңобу? Жыгылбай аман болобу? Тобурчакка токтобой, Томолонуп торойду, Чарайнасы чатырап, Тоскоолдук кылбай жарылды, Тоодой болгон Сакычак, Агып каны жайылды. Карчыгадан шамдагай, Камбыл туулган кайран эр, Сомо темир, сом балта, Сомдоп соккон айбалта Чокуга койуп өттү эле, Түгөнгөн сайын түтөгөн, Түптүү Манас тукуму, Буларга бенде түтпөгөн. Өлгөн сайын өөрчүгөн, Өткүр Манас тукуму, Өчөшүп бенде түтпөгөн, Өчөшүп келип буларга, Өжөрдөн канча дөө өлгөн. Өлүп кеткен нечен дөө, Түптүү чынар көтөргөн, Илебин менен Сакычак, Булардай канча эр өлгөн, Кагылышкан капташта, Кара аскер эмес, хан өлгөн, Белсенип найза өңөргөн, Мелтиреп зоодой көгөргөн, Мен-мен деген эр өлгөн. Тукумунан Манастын, Сегиз миң жыл жашаган, Сыйкырдан Жүйрүн дөө өлгөн, Дөөлөр басып жеңбеген, Эки айактуу бендени, Дегеле алы келбеген, Темир кийген эр өлгөн, Тебишип канча жан өлгөн. Заманды, Жоомарт, Буйтуна, Илебин менен Сакычак, Кантип амал кыла алат, Ажал турса жакалап, Өлбөй кандай кала алат? Испандыктын ханы өлдү, Ишенип келген Илебин, Эң алдында ал өлдү, Испандыктын элдери, Бурулбастан жөнөдү. Муну мындай таштайлы, Кирген жерде Таласка Кырылыштан баштайлы.