Асылбачанын атка миниши
Эр Кененим жолборсуң, Эрте туруп ордунан, Таластын бетин жоо басчу Жамандык кетпей ойунан, Турнабайын алганы, Коргондун алды жагынан, Боз дөбө деген бар эле, Көк жалың басып барганы. Олтуруп копчу баргандар, Падыша Манас тушунда, Орнотуп койгон ташы бар, Көчүгүн койуп олтуруп, Туш-тушка дүрбү салыптыр, Темир тоонун сыртында, Тарашанын кырына Адам келип калыптыр. Жайында киши барбаган, Кышында киши барбаган, Күзгү эгин бышканда, Узун айак бодо мал, Баарын анда бакчу эле, Эмне кылган, адам, деп, Аттанып ага барам, деп, Турнабайын шыкаалап, Тиктеп калып бекемдеп, Кырка тоону караса, Байрак турат делбиреп, Адам жүрөт делдеңдеп. Батынып биздин Таласка, Кандай киши келди, деп, Өзүм барып ким экен, Ачык дайнын билем, деп, Коргонго келип компойуп, Кула атты минип зоңкойуп, Бастырганы турганда, Асылбача арстаны, Ойноо бала жаш чагы, Талаага чыгып баратып, Көрүп калды Кула атты. “Мен он бешке чыкканча, Мындай токуп койгондун, Көрбөдүм эле бул атты” Ойуна алды чунагың, Кайсы жакка барарын, Чоң атасы Кара көк, Кененимден сурашты. Баатырдын кирди үстүнө, Байкап көрсө атасын, Адам баккыс түсүнө. Салам берип заңк этип, Алтын айдар көкүлү, Төбөсүндө жарк этип, Жылтылдап чачы көрүнүп, Асылбача чунактын, Жүзүнөн нуру төгүлөп: — Канаттууга кактырбай, Тумшуктууга чокутпай, Асырап мени баккансың, Бар шайманы тел болуп, Токулуптур Кула атың. Он бешке жашым келгенче, Токулганын көрбөпмүн, Бул өңдөнүп Кула аттын, Жоодурап бала турганда, Кененим айтты балага: — Кой, кулунум, сураба, Мен барбаймын ыраакка. Элдин ичин аралап, Жолдун баарын акмалап, Жол аруусун билемин, Темир тоонун Тараша, Түйүнү эле Таластын, Жерин көрүп келемин, Асылбача кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Айланайын атаке, Мен барайын, — деп айтат. Он бешке жашым толуптур, Эл багар чагым болуптур, Ат семирип кетиптир, Жер көрөр чагым жетиптир. “Тогузумда аттанып, Тоо томордум” — деп айттың, Он бешке жашым жеткенче, Ойноп үйдө мен жаттым, Пайдасыз бала жетимди, Убара кылып не бактың? Жалгыз уулуң Сейитиң, Он төртүндө кетиптир, Сыйкырлуу күмбөз,кең Керкит, Кызылкумда урушта, Кызыл канды кечиптир, Жети дөөнүн тукумун – Душмандын башын кесиптир. Кара дөөнү жалмаптыр, Жамандык кылган Сулаймат, Айнып андан калбаптыр. Жедигердин жерине, Желмогузга барыптыр, Желке чачын сексейтип, Айдап алып келиптир, Тукумун уруп жакырдын, Жаманбайга бериптир, Бекерге атты тер кылып, Баспайт элең, атаке, Жашырбай ички сырыңды, Айтып бергин жетимге, Талапка кудай жеткирсе, Жетимиң жарайт керекке. Угуп алып Кененим; — Оо, куу туйак кулунум, Мен көргөндү жашырбай, Айтып эми берейин, Эрте туруп азандан, Боз дөбөнүн башынан, Дүрбү салып карасам, Тарашанын кырынан, Көрүнүп калды бир топ жан, Кастарын тиккен хан барбы? Жамандык ойлоор жан барбы? Камындым эле барганы. Үйдө, балам, ойноп тур, Эки күндө келемин, Күндү санап болжоп тур, Атасынан кеп угуп, Кайраты толук жаш бала, Токтоно албай удургуп: — Андай болсо, атаке, Талапты кудай бериптир, Аттанаар чагым келиптир, Эригип жаткан кезимде, Эрмек экен жоо болсо, Мен берейин эсебин, Элге келген доо болсо. Кырда киши көрүнсө, Кызыл желек билинсе, Ачык-айра таанылбай, Карааны анын көрүнсө, Өзүң аман турганда, Асылбача-Бекбача – Эки уулуң бар жаныңда. Ак калпак кыргыз элиң бар, Айтылуу Талас жериң бар. Коргону турат Кеңколдо, Күмбөзү турат Чаткалда, Айкөл төрө Манастын, Эминеден кемиң бар? Батаңды бер, атаке, Аттанайын жолум шар. Ак калпак кыргыз алашка, Айтышып келген доо болсо, Атышып келген жоо болсо, Азап эмес мен үчүн, Анык эрмек экен го, Ашырбай белди астынан, Мен чыгайын жол тосо, Минер атым акырда, Кудай эрмек бериптир, Өзү сүйүп асылган, Айкандын уулу Көкбөрү, Койонаалы чунакка, Арнап баккан Майтору, Кененимге соога, деп, Келген малдан болучу. Асыйы азыр алтыда, Андай сындуу мал болбойт, Төрт айактуу жылкыда, Тайбуурулдай чоңдугу, Кеңкуладай соорусу, Телкүрөңдөй жүрүшү, Жетилбайдын жээрде аттай, Күлүктүгү бар анча, Бөктөргүсү Карткүрөң, Ажыбайдын күлүгү, Суркойондун айрылгыс, Башы менен көкүлү, Төрт айагы казыктай, Телкызылдын сыны бар, Жал менен куйругу, Бакай хандын Бозжорго, Маңдайында кашкасы, Каныкейдин Кара кашка аргымак, Май канжыга, кең карчыт, Жылкыдан чыккан түрс айак, Көмөрүп койгон чарадай, Бутундагы төрт айак. Атам баатыр Сейиттин, Ээрин токуп иштейин, Дат бастырбай калканын, Айдалыга илейин, Чарайнасын тартынып, Сом темирин артынып, Бүтүн соотун кийейин, Төрө Сыргак жолборстун, Сырбараңын алайын, Кырда турган жоо болсо, Кыр көрсөтүп барайын, Атамдан калган Жойболот, Айыгышкан душмандын, Агып каны суу болот. Эр Сыргактын Сырнайза, Атам алып жүргөн мүлк, Эшик эндүү айбалта, Сыртына коло орогон, Аны алайын колума. Туулгасын атамдын, Чөмөрөйүн башыма, Кастарын тиккен хан болсо, Мен барайын алдына. Он бешке жашым жеткенде, Мага калат жаман ат, Четтен душман кол салса, Картайганда, атаке, Калкыңдын тургун ичинде, Колдосо бабам арбагы, Намысымды алдырып, Кетирбеймин кишиге. Жаш баладан кеп угуп, Мындан мурун укпаган, Атам Сейит деп угуп, Барбагын деп айталбай, Барсаң баргын, балам, деп, Жообун берди Кененим. Кененимдин көзүнөн, Чычаладай от жанып, Майторунун акырдан, Алдырып келди бат барып. Эп келтирип токуптур, Сейитимдин ээрин, Баарын алып келиптир, Эр Сейити кийимин: — Ордун бастың атаңдын, Кийимин, Асыл, кийгиниң. Он бештеги чунакка, Узун-кыска келбеди, Өз бойуна ченетип, Жасаткандай келгени, Аңыртын угуп Асылдын, Ак калпак кыргыз эл келди, Кары келди, жаш келди, Айал-эркек аралаш, Калбай баары бүт келди, Боз улан келди, кыз келди, Болгон кыргыз журт келди, Аңгычакты болбоду, Ордонун ханы Орунбай, Эр Кененим көргөн эл, Кабарын айтып келгени: — Алты күндөн бери жакка, Асили уйкум келбеди, Ирмесем кирпик жетишпей, Дегеле жүрөк желдеди. Бүгүн болду эки күн, Кеңколдун чети айрыгын, Араладым мен бүтүн. Изчинин баарын алдырдым, Из кубалап чалдырдым, Далычы менен төлгөчү, Буларга балын салдырдым. Далычы менен төлгөчү, Душман келди, деп айтты. Барып келип изчилер, Ашкересин ал айтты. Көкүм изчи барыптыр, Көрүнүп элге калыптыр, Кармап алып Көкүмдү, Чоңуна айдап барыптыр, Көкүмдү көрүп башчысы, Минтип кебин салыптыр: “Менин атым угуп ал, Баш кишиңе айтып бар, Өзүм тажик уругу, Атамдын аты Темирбек, Тажиктердин улугу. Кошулдуң, деп, моңгулга, Өлтүрүптүр Кененим, Мындан кабар угулду. Атымды уксаң, Көкбөрү, Элдер айтат жуткуч деп, Кыргыздан кунун кубам деп, Атайын келдим ушул кеп. Каңгайга кабар мен салдым, Канча түмөн кол алдым, Жедигер ханын сойдурдум, Каракөздү хан койдум, Хан Каракөз колунда, Качан келер экен деп, Кароолчусу жолумда, Коросондун жаңы хан, Колу бутун байлаттым, Көз жеткис жерге жайлаттым, Коросонду аз дедим, Испанды кошо караттым, Каңгай, тажик, жедигер, Коросон, Испан, - беш улук, Жоголдуң,кыргыз, эми сен. Маңгыттын элин кар кылдың, Манастан бери карата, Баш кишисин өлтүрүп, Заманасын тар кылдың. Саламаттын хан Калдык, Ага кабар мен кылдым. Беттешип чыксаң, белсенип, Баатырың жок менчелик, Алты хан эли чогулса, Сен каласың тепселип”. Баш кишиси Көкбөрү, Айткан кеби ал экен, Орунбайдан кеп угуп, Турган кыргыз чогулуп, Асылбача күпүлдөп, Амалы кеткен алты хан, Көрсөтөм деп, дүпүлдөп: — Ак калпак кыргыз баарыңар, Айал-эркек карыңар, Кененим атам турганда, Эминеден камың бар? Чычканга кебек алдырбайт, Он бешке чыгып мен калдым, Асылбача уулуңар, Аттанамын мен өзүм, Аман болгун баарыңар. Ак сүтүн берген чоң эне, Алда эмне болот, деп, Ой ойлобо дегеле. Тажиктердин Көкбөрү, Элге бүлүк салды, деп, Теңтуш киши кептентип, Киши ээрчитиш кайсы кеп? Чоң атамдан бер жакка, (Өз атам Сейит жаш кетти), Жалгыздык бизге мурас — деп, Үзөңгүгө бут салды, Майтору менен аттанды, Кара бойу капталып, Соот менен чапталды, Аттын башын оң тартып, Ак күмбөздү бет алып, Кененимди баш кылып, Бүткүл элден бата алды. Бура тарта бергенде, Алдынан түтүн буркурап, Аркадан шамал зыркырап, Алоолонуп жанган от, Асманды карай созулат, Ийинине койуп арстандын, Эки алгыр куш турат, Соорусунда Тору аттын, Бойго жеткен кыз турат, “Кыз олуйа Кеңкол” деп, Ошол үчүн айтылат, Он бештеки чунактын, Жалгыз өзү сексендей, Караанын көргөн өлгөндөй, Каршылашып бет келбей, Алдынан утур караса, Алгыр бүркүт талаада, Аркасынан караса, Шерге окшош сыны бар, Капталынан караса, Ажыдаардай сүрү бар, Төбөсүнөн караса, Кайра жаачу булуттай, Каары катуу түрү бар, Алдындагы Тору аттын, Кой макмалдай түгү бар. Алтындан кулжа он эки, Жандай чуркап даң салып, Майторунун дүбүртүн, Он беш аттай угузуп, Топурак учат чаң салып, Карап турат артынан, Кыргыздын эли шаңданып: “Асылбача барында, Ак калпак кыргыз калкына, Келе албайт душман кол салып, Эми эле келет тажикти, Дүбүрөтүп олжо алып.” Бабырашып дүр этип, Арбагың айкөл, колдо, деп, Бата берип чур этип. Тескей тоону калаалап, Теги Асыл ылдамдап, Жалгыз кетип баратса, Так токсондой жол чаңдап, Алдындагы Майтору, Желе басып ыкчамдап, Асылбача жаш арстан, Койго тийчү бөрүдөй, Эки жагын каранып, Эрди-мурдун жаланып, Ителгидей кылчаңдап, Белди карай бет алып, Тарашага жөлөндү. Эрен баатыр Семетей, Кара хандан келгенде, Эр Бакай жолун тоскон жер, Үстү жагы Каракум, Темиртоонун Тараша, Аша турган бел ушул, Элөөрүтүп Тору атты, Эрен бала келатты. Жесекчиси тажиктин, Энтелеп келип элге айтты: — Тарашанын кырында, Кароолдо турган чагымда, Жалгыз эмес, он киши, Бирге турган жанымда, Кийгени темир баары көк, Салты эрден бир бөлөк, Мингени Тору кашка экен, Жылкыдан сыны башка экен. Келе жатат бир киши, Бет алышып алдында, Турар эмес миң киши, Он бештен өтүп кетпеген, Жашы бардай бир иши. Кененим жайын айтканда, Мингени Кула дегенсиз, Кийгени була дедиңиз, Келе жаткан кишинин, Ким экени билингис, Кабарын айтып астыңа, Андыктан, ханым, келдик биз, Көкбөрү жуткуч кеп угуп, Келатат киши, деп угуп, Жан жагына бурулуп: — Он алты балбан барсыңар, Барасың кимиң жолугуп? Тирүү кармап келиңер, Терсайак болот кыргыздар, Өлтүрүп ийбей оолугуп, Алып келгин алдыма, Ким экенин билген соң, Боору менен жүрөгүн, Аракка кошом мен кууруп. Тажикте жүргөн калмактан, Антала деген бар эле, Балбандын бири ал эле: — Кармап келе калайын, Аны барып мен эле, Ал Кененим болбосо, Жалгыз келер ким эле? Антала турду аптыгып, Тажиктердин Татыбек, Ал дагы турду ашыгып: — Сен Антала, барбагын, Азыркы жол биздики, Мен тажиктен барамын, Жалгыз калмак сен барсаң, Тирүү туруп Татыбек, Жаман атка каламын, Татыбек барбай калбаймын, Болбой бассаң оолугуп, Жолдо сени жалмаймын, Башка кыргыз тургайлык, Кененим өзү болсо да, Жазганып андан калбаймын, Тажик тажик болгону, Мен Татыбек атка конгону, Такаңдашар мен менен, Тартынбас бенде болбоду. Келген болсо Кененим, Тең сайышып болжолу, Мен Татыбек бар туруп, Антала, сага койомбу? Татыбектин кебина, Ачууланды Антала, Татыбекке карабай, Чыгып минди атына, Үч жүз киши ээрчитип, Кошуун алды жанына, Өзүнүн айткан кебине, Өжөрлөнүп Татыбек: — Жол бойуна сойбосом, Жолуң каткан Антала, Көзүңдү чукуп ойбосом, Татыбек болбой өлөм! – деп, Беш жүз киши ээрчитип, Татыбек жүрдү дүбүрөп, Ачуусуна чыдабай, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Алдыда кеткен Антала, Атактуу балбан аты бар, Алдыңкы балбан катарда, Тажиктердин Татыбек, Көкбөрү менен теңирээк, Оозу барбайт Көкбөрү, Бириң кой деп айтарга. Бир калбаны табар, деп, Антала менен Татыбек, Бири өлүп тынар, деп, Көкбөрү жүрдү аттанып, Артынан өзүм барам, деп, Бирине-бирин тийгизбей, Алып келе калам, деп, Эл бар жерде мындайлар, Бөлүнүп турат далай кеп. Алдыда кеткен Антала, Камчы берип атына, Жетише албай аскери, Бөлүп калды аркада, Тажиктердин Татыбек, Жете келди аларга, Анталанын карасы, Көрүнбөдү караса. Коркуп менден качты, деп, Ойуна алды Татыбек, Ал ашыга жөнөдү, Анталага жетем, деп. Болушунча Татыбек, Минген атын камчылап, Татыбектин тулпары, Такымдан тери тамчылап, Анталанын артынан, Кирип келди жакындап. Ат дабырты чыкканда, Антала карап кылчаңдап, Бул шашыла жөнөдү, Баштагыдан ыкчамдап, Ого бетер Татыбек, Алып учуп чакчаңдап, Жандап өтө берерде, Антала калмак мунун айтат: — Ой, Татыбек ойнуңбу, Же ойун эмес, чыныңбы, Ачык айтып сырыңды? Хан алдында мен бастым, Аркамда менин оолугуп, Өзүнчө, тажик, не бастың? — Ойун эмес, чын кебим, Алдыңкы жумуш меники, Антала сага бербеймин, Болбой мойнуң толгосоң, Өлүп кетип жүрбөгүн! Сүйлөбөгүн бекер, деп, Ойуңа такыр албагын, Бул сапаркы жумушту, Татыбек мага берет деп. Мен турганда канчалык, Киши болдуң, Антала? Тилимди алып жөн эле, Кетип калгын артыңа! Ачууланып Антала: — Кетирүүчүң менби? – деп, Кет деп мени кетирип, Кек алуучу сенби? – деп, Каңгайдан жардам болбосо, Качан тажик кыргыздын, Караанына келдиңер? Үйүңөрдө коржоңдоп, Опузалуу кебиңер. Тарт атыңды, Татыбек, Түк кетпесин ойуңа, Антала койо берет! деп, — Мыкты болсоң, Антала, Тажиктердин ичинде, Не жүрөсүң темтеңдеп? Кол аттанса тажиктер, Кошо аттандың селпеңдеп, Тең кишидей кеп кылып, Теригесиң дердеңдеп! Жол бойуна сойом, деп, Хан алдында айткамын, Жалганы жок, ырас кеп. Кеткин дедим, кеткин! — деп, Күчөп атты Татыбек. Ачууланып Антала, Кан ичмеси кармады, Татыбекти качырып, Найзасын колго алганы, Анталадан жазганып, Татыбек туруп албады, Өткүр найза булгалап, Тик качырып калганы, Канкылдатып кагышып, Качпай найза сайышып, Өчүгүшүп бул экөө, Өжөрлөнүп алганы, Булар минтип жатканда, Асылбача арыстан, Анын келип калганы. “Каңкылдашып салышып, Качырышат эки дөө, Эки жерге топ болуп, Аттан түшкөн аскер жөө, Бул жерге келип жоо болуп, Жулушуп жаткан кимдер? – деп. Ким да болсо булардын, Ачык дайнын билем” деп, Кара аскерге барбады, Кагышып жаткан дөөлөрдөн, Силер ким деп сурады, Эрегишкен эки дөө, Дегеле жооп кылбады. Жаңы Баатыр Асылдын, Куршугу мунун кармады: — Алыстан келип Таласка, Арбагы бийик Манаска, Жер таппай калган немедей, Жерге киргир кимсиңер?! Дегенче барып жаш арстан, Каскактуу найза каз таман, Кан чыгарбай денеден, Катар сайып өттү эле, Кара саат жаш бала, Мына мындай күчтүү эле, Тебетейдей телп этип, Экөө тең аттан түштү эле, Тура калып Антала: — Кайдан келдиң, жаш бала, Бейбаш өскөн мас бала? Кол саласың! – деди эле. — Карап билдим калмаксың, Тирүү туруп арбаксың, Кортоңдобой чыныңды айт, Кай тарапка бармаксың?- Татыбекти бир карап, - Ой, айбалы, сен кимсиң? Тажиктей турат кийимиң, Тегиңди айтып билдиргин! Антала айтат тамталап: — Мына бул тажик, мен калмак, Биздин талап кыргызда, Катышып ага кол салмак! — Катышып келсең кыргызга, Армансыз болгун урушка. Мен кыргыздын баласы, Сейитинин тукуму, Чечекейдин карасы, Асылбача өз атым, Атка миндим жаңыдан, Кыргыздын тынды санаасы. Түп атабыз зор Манас, Манастан бери карата, Кыргызды жеңип ала албай, Кылымдын баары келатат, Тажиктердин Көкбөрү, Тийишкени келди, деп, Көргөн-билген эл айтат, Асылбача андыктан, Жолун тосуп келатат. Бириң тажик, бириң калмак, Көкбөрүнүн кишиби? Көрүнөө кесип башыңды, Бүтүрөйүн ишиңди, Өз башыңа какпасаң, Оозуңдагы тишиңди! Убара болбой таптымбы, Издеп чыккан кишимди, Тажиктердин Татыбек, Темтиреп эстен танган кез, Калмактардын Антала, Карап туруп болду нес. — Чоң атам аты Кененим, Оңой киши дебегин, Армансыз болуп өлгүлө, Өлтүрбөй койо берейин, Өлтүрөргө бата албай, Айтып жатат дебегин, Азар-түмөн болсоң да, Азабың колго беремин. Бириң калбай баарың кел, Караң келбей, ханың кел, Балбан-баатыр, алпың кел, Алты хансың, жалпың кел, Айкөл шерге сыйынам, Теңдешээриң жалгыз мен. Эми неге өзүңөр, Салыштыңар жообун бер! Ашыккандан Антала: — Кыргыз Асыл шер бала, Сырымды айтам мен сага. Жесекчиден кеп угуп, Бир киши келет деп угуп, Кармап алып кетмекпиз, Сени менен жолугуп, Калмак, тажик – эки урук, Алар мени жумшаган, Олтурганда чогулуп, Мен барамын сен кал, деп, Татыбек келди оолугуп, Эрегиштик талаада, Эми турду деми сууп. Суудай сууду демибиз, Армансыз болуп өлгүлө, Кете бергин дедиңиз, Кайта элге кетели, Ырас болсо кебиңиз... Көзүнүн чаарын чыгарып, Көзүр бала тиктеди, Татыбек менен Антала, Оозунан түшүп кептери, Кашын серпип кабылан, Кеткин деген шек берди. Калмак менен тажиктен, Жеткенде экөөн наалытты Манастын уулу экенин, Душманына таанытты. Антала калмак, Татыбек, Аркасына жаншытты, Утур чыкты Көкбөрү, Болуп өткөн иштерди, Божурап кебин салышты: — Келе жаткан кишинин, Жүзүн көрдүк биз, — деди, Кебин угуң, сиз, — деди. Минген аты Торкашка, Адамдан түрү бир башка. Балапан жүнү бата элек, Балтыр эти ката элек, Он беш менен он алты, Жашы анда бар экен, Баралына келгенде, Падыша болчу бала экен, Тулку бойу туура күч, Тутушканын кылган түз, Кара бойу кара күч, Кармашканын кылган түз, Атым менин Асыл, дейт, Алың канча сенин, дейт, Алты хан эли чогулуп, Батыш менен чыгыштан, Түндүк менен түштүктөн, Ажал айдап келдиң, дейт, Өзүм кыргыз уругу, Манастын уулу, билгин, дейт, Беттешээриң менмин, дейт, Бүгүн атка миндим, дейт. Татыбек менен Антала – Экөөбүздү тең сайып, Армансыз болуп өлгүн, деп, Койо берди, кеткин, деп. Алдында калды тутулуп, Өзү койо бергенде, Келе атабыз кутулуп, Кыргыздын Асыл баласы, Ажыдаардай көрүндү, Антала менен Татыбек, Алып келдик мойунга, Кайыл болуп өлүмдү, Эрегишсек эрдемсип, Каныбыз суудай төгүлдү. Көкбөрү айтат мындай кеп: — Антала менен Татыбек, Айтканыңар кандай кеп? Мен жүрүпмүн силерди, Белиме таңуу балбан деп. Кебиңерди ит уксун, Ит укпаса, ким уксун! Жүр, бастыргын, койгунуң, Ашырып айтып мактадың, Кыргыздан келген баланы, Бендеби деп бейлебейм, Бучкагыма теңебейм, Кыйалымда мен аны. Карып калган чак окшойт, Менден коркуп Кененим, Калып калган жайы окшойт, Менин атым Көкбөрү, Кененим Асылбачаны, Жалмайын катар экөөнү. Канча баатыр Каңгайдан, Шибе, солон, манжудан, Баштап жүргөн муңгулдан, Белдүүдөн бар төрт-бешөө, Калмактан келдиң, Антала, Жаныңда катар дагы бар, Тажиктердин ичинде, Татыбек, Нуске, Акул бар, Бири миңден кишиге, Жарай турган баатырлар, Коросон, Испан, Жедигер, Аларда кандай баатыр бар. Маңгыттардын элинде, Саламаттын хан Калдык, Бүткүл дүйнө жер бетин, Аламын дейт мен жалгыз. Аттансын аскер турбасын, Таласка түшөм түз барып, Ким жүрөт белде сандалып, Жаш бала менен кармашып, Жыландан бетер арбашып, Деп оолугуп Көкбөрү, Аскерин айдап көчүрүп, Жаккан отун өчүрүп, Жайнаган калың кол менен, Жабыла жөнөп алганы, Келе жаткан аскерге, Асылбача айбыкпай, Байрагын сайып таштады. Карабады байракка, Белден карай бет алып, Тажиктин эли башканы. Асылды көзгө илбеди, Көптүгүнө ишенип, Дүбүрөп жолго киргени. “Көкбөрү кандай жандыр, — деп, Байрак сайсам билбесе, Каадасыз кандай жандыр?” — деп, Айкөлдүн уулу чунактын Арстандыгы кармады, Көп экенин билбеди, Көптүгүн көзгө илбеди, «Манастап» ураан чакырды, Туу көтөргөн немесин, Ирмебей тиктеп качырды. Байрак кармап бараткан, Бөлтө деген неме экен, Ушул жүргөн элдерде, Менмин жалгыз дээр экен, Байрак сайса билбеген, Каадасыз баскан тажикти, Асылбача арстандын, Качырары эп экен. Асылдын көрүп караанын, Айбатын көрүп баланын, “Атым Бөлтө эр туруп, Айанып кандай калайын” Дегенди ойго жашырып, Желегин жерге жапырып, Тажик деп ураан чакырып, Жөнөдү Бөлтө качырып. Айанар Асыл эр бекен, Акимсинген Бөлтөдөн, Айбаты мунун кем бекен? Жеткен жерде Бөлтөнүн, Найзасын кагып жиберип, Майтору менен аргытып, Артынан чаңын баргытып, Кайта тийди имерип. Асылдан найза жеткени, Алачыктай чоң Бөлтө, Алдындагы ала аттан, Аңтарылып кеткени, Асыл сайган оңобу, Жер тайанып кобобу, Топого башы тыгылып, Жыгылган бойдон жоголду, Бөлтөнүн өлгөн дартынан, Сороктотуп найзасын, Үч калмак кирди артынан, Манастын укум-тукуму Душмандан качан тартынган. Келе жаткан калмактар, Бири найза алганы, Бири балта кармады, Жана бири буулугуп, Бири чокмор алганы. Тегеректеп үч калмак, Ортосуна алганы, Алганына болобу, Айкөлдүн уулу эр Асыл, Эндекей келген жан эмес, Сайыштын жайын бүт билет, - Отуз эки ат машы, Ойунун билет шер Асыл, Жетимиш эки эр Машын, Жетик билет эр Асыл, Адам билген арыпты, Ачык билет эр Асыл, Эрегишкен душманга, Эрдиги бар баатырдын, Жүйөлөшсө сөз айтып, Теңдиги бар баатырдын, Качыргандан кайтпаган, Шердиги бар баатырдын. Кайсаганы жолборстой, Кармаганы илбирстей, Катар сайды калмакты, Бирине-бирин билгизбей. Үч калмак кетти дүйнөдөн, Көкбөрү жуткуч болгону, Мындай ишти көрбөгөн, Балбандарын чакырып, Бол бачым, деп бакырып: — Тажиктен бар беш балбан, Теги кыргыз Асылды, Кыбыратпай байлап сал! Үч калмакты бир киши, Үч жерге сайып таштады, Бешөөң барып байлап кел, Таманына шиш кагып, Бачымыраак айдап кел! Улай киргин аркадан, Байлап алып келбесең, Башыңды алам, билип кал! Тажиктен чыккан ылгалдан, Жыгып мөөрөй алгандан, Күлүктү минип желгенден, Уруштуу күнү качпастан, Бири миңге тийгенден, Эл ичинде аты бар, Беш балбанды жиберген. Асылбача жолборсуң, Ашыгууну билбеген, Бешөө эмес, беш жүздү, Бейлеп көзгө илбеген, Жетисуудан жем жеген, Желбегей Сыргак бүркүттөй, Жээлигип турган эр немең, “Манастап” ураан чакырып, Беш кишини бетке алып, Ирмебей көзүн тиктеди, Беттеп сайып бешөөнү, Өлтүрө сайып үчөөнү, Чала өлүк кылып экөөнү, Минтип шорун катырды, Менменсинген бешөөнү, Тажик менен калмактан, Өлүп кетти сегизи. Оп тартып жалмап таштады, Опсуз баатыр Асыл шер. Карап туруп Көкбөрү: — Тажик менен моңгулдан, Отуз балбан баргының, Тиги турган Асылды, Алыңар келсе ошону, Тирүү алып келиңер, Алыңар ага келбесе, Амал менен өлтүрүп, Башын кесип келиңер. Ичин жара салгыла, Жүрөгүн сууруп алгыла, Канын жерге тамызбай, Алып келе калгыла! Эгер андай кылбасаң, Баарыңдын башын аламын, Балакетке саламын, Эбин табам эми эле, Сереңдеген баланын! Баланын башын кесемин, Ээрдинен көзөп тешемин, Кененим коркуп келбеди, Мурунку өлгөн элдердин, Мен аламын эсебин! Балбандарым, баргыла, Эси жоктой иш кылып, Бекер өлүп кетпестен, Бир айласын кылгыла! Отуз балбан күркүрөп, От кеткендей дүркүрөп, Найзалары короктоп, Баш аламан сороктоп, Алмаң-телмей көрүнүп, Баштары келет кодоктоп. Найзалары сүлкүлдөп, Эми кандай болор, деп, Эстери чыгып бүлкүлдөп, Чогоолдору чокчоңдоп, Кодоолору кортоңдоп, Өтө семиз немеси, Ээрге батпай көчүгү, Оодарылып бултулдап, Жорго басык аттуусу, Келатышат кылтылдап. Буларды көрүп Асыл шер, Айласы артык кеменгер, Сырнайзаны зыңкыйтып, Майторуну кындыйтып, Кездемдин боосун чубалтып, Кез келип найза чунайтып, Манастап ураан чакырып, Майторуну чуратып, Имерип тийген жаандай, Ителги тийген таандай, Сайып өттү, суналтып. Беттей сайды бешөөнү, Эптей сайды экөөнү, Жер тайантты жетөөнү, Аңтара сайып атынан, Антип өттү алтоону. Бир аралап өткөндө, Жыйырмасын аттан түшүрдү, Оролуп кайра киргенде, Ондун ишин бүтүрдү, Ойротто жок Асыл шер, Отузду аттан түшүрдү, Найзасын Асыл камдады, Отуздун баарын жалмады, Бири да тирүү калбады, Тажиктердин Көкбөрү, Эми минтип өкүрдү: — Бириң калбай баргыла, Тостурбай өтсөң турбагын, Түз Таласка тарткыла! Көкбөрүдөн кеп угуп, Жайнап жаткан көп аскер, Баары кирди дүркүрөп, Кылданган баатыр анда бар, Мас болгон нардай күркүрөп, Караса келет быжылдап, Кумурскадай кыжылдап, Калмак менен тажиктин, Билинбей тили жужулдап, Татаалап калмак кужулдап, А-алап тажик чуркурап, Кыбыладан жел согуп, Шамал чыкты зыркырап, Асыл минген Майтору, Канаттуудай дыркырап, Манастап Асыл бакырып, Алдына тийди жапырып, Эри менен ал-элдин, Эндекей кара аскерин, Сабын бузбай сулатып, Чапкан чөптөй кыйратып, Калың жерин аралап, Арасын ачып жол салып, Андай топко келгенде, Кылыч менен кайсалап, Жайнап кача бергенде, Сырбараң үнү тарсылдап, Алай-дүлөй барсылдак, Койго тийген бөрүдөй, Жалгыз жүрөт аралап, Жаалысына чыдабай, Жайнап качып эки урук, Асыл эрге кыла албай, Алты балбан баш болуп, Бере албай ага туруштук, Тобун бузбай тура албай, Токтолуп булар урушуп, Сапырылып сан миң кол, Өңдөн азып саргарды, Не кылайын биле албайм, Айласы кетип сандалып, Майторуну аргытып, Койуп кетип баратат, Албарс менен кайсалап, Жойуп кетип баратат, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Сойуп кетип баратат, Орто жерин коо кылып, Ойуп кетип баратат, Беттеп аскер тура албай, Качып барат талаалап, Кылыч, найза, айбалта, Кан куйулуп салаалап, Отуз алты балбандын, Тобун кирди аралап, Калмак, тажик баатырдын, Алын билди чамалап, Каскактуу найза карманып, Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланып, Жаалысы келген Асылдын, Жалыны чыгып көзүнөн, Заары чыгып жүзүнөн, Тик багып бенде карабай, Азыркы айбат түсүнөн, Оозунан оту буркурап, Көзүнөн учкун чыркырап, Баары темир кийинген, Отуз алты балбаны, Жайыла берди быркырап, Туш-тушуна таралып, Качып калды чуркурап. Сундуруп найза тартпады, Жалгыз жүрөт аралап, Жаалысына чыдабай, Жайнап качып эки урук, Асыл эрге кыла албай, Алты балбан баш болуп, Бере албай ага туруштук, Тобун бузбай тура албай, Токтолуп булар урушуп, Сапырылып сан миң кол, Өңдөн азып саргарды, Не кылайын биле албайм, Айласы кетип сандалып, Майторуну аргытып, Койуп кетип баратат, Албарс менен кайсалап, Жойуп кетип баратат, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Сойуп кетип баратат, Орто жерин коо кылып, Ойуп кетип баратат, Беттеп аскер тура албай, Качып барат талаалап, Кылыч, найза, айбалта, Кан куйулуп салаалап, Отуз алты балбандын, Тобун кирди аралап, Калмак, тажик баатырдын, Алын билди чамалап, Каскактуу найза карманып, Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланып, Жаалысы келген Асылдын, Жалыны чыгып көзүнөн, Заары чыгып жүзүнөн, Тик багып бенде карабай, Азыркы айбат түсүнөн, Оозунан оту буркурап, Көзүнөн учкун чыркырап, Баары темир кийинген, Отуз алты балбаны, Жайыла берди быркырап, Туш-тушуна таралып, Качып калды чуркурап. Сундуруп найза тартпады, Айыгышып жоо жеңген, Тукумуна Манастын Өзүнөн калган санатты, Айдары алтын жаркылдап, Асабасы калкылдап, Өңү сары, көзү көк, Оттук таштай жалтылдап, Билеги батпай жеңине, Булчуң эти балкылдап, Коргошун жүрөк, сом билек, Коркпойт Асыл Кара көк. Ажыдаар ооз, жалын көз, Жаштан чыккан Кара көк, Кайраты башка бөп бөлөк, Көкбөрүнүн найзасын Сайдырбастан какканы. Найзаларын кагышып, Кайра айланып сайышып, Найзадан айла кеткенде, Балталашып чабышып, Балтанын сыртын жарышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырык менен урушуп, Камтып белден кармашып, Ат үстүндө жармашып, Ажыдаардай арбашып, Бирине-бири заар чачып, Ач бөрүдөй жулушуп, Айабай жаман урушуп, Соотторун булушуп, Үзөңгү боого салышып, Этектен түрө алышып, Эпсиз балбан эки жаш, Калган экен табышып, Ажыратып кете албай, Аттары турат тайышып, Күнү күнгө уланды, Муну көргөн эрлердин, Жүзүнөн каны кубарды, Түнү эки, күнү үч, Бешке барды убагы. Эр күрөшү – оодарыш, Мындан айла таппады, Найзаларын ыргашып, Качырыша баштады, Асылдан найза жеткенде, Тентектин бири Көкбөрү, Ыргып кете жаздады, “Кайра айланып сайганда, Кадемимди катырат, Кайратымды кем кылат, Кара жерге тең кылат”, Деп кара нээт Көкбөрү, Каралык кылып уйалбай, Кайрат кылып тура албай, Качырып найза уралбай, Камчысын баштан имерип, Каптатып аскер жиберип, Калың аскер тажикке, Качып кирди калдаңдап, Кара бойун жыйнабай, Кайран жанга күч келип, Карбаластап далдаңдап, Караган адам күлгөндөй, Кажырдан бетер далбаңдап. Аркасынан Асыл шер, Аргытып кирди Тору атты, Аралаша киргенде, Айгайлаган аскердин, Агызып канын баратты, Ажыдаардай эрлерин, Акимсиген немесин Аңтара сайып кулатты, Аңгек менен кандекке, Астын-үстүн сулатты, Аралап келген тажикти, Күзгү койдой жуушатты. Тору ат менен зыргытып, Найзага келген немесин, Көгүчкөндөй ыргытып, Көчүккө найза мылгытып, Качыргандан кан алып, Капташкандан жан алып, Алмадай кагып баш алып, Ичин жарып эт алып, Боорун жарып өт алып, Кайраты бар кабылан, Мурункудан күч алып, Кылычтан канын чубуртуп, Кызыл канын куйултуп, Падышалык туусуна, Баатырың жетти ушуга. Көкбөрүң жаман шашылды, Көзүрлөрүн чакырды, Буйрук кылып желдетке, Барабанын кактырды, Желегин жерге жаткырды, Өлгөн күнүн узартып Көкбөрү тапты акылды. Желегин жерге жыкканда, Барабан үнүн укканда, Манастын уулу Каракөк, Кайра тартты ушунда, Муну мында таштайлы, Асылбача жолборстун, Сакычак баштуу беш эрди, Сойгонунан баштайлы.