← Асылбача-Бекбача 1/4

Асылбачанын атка миниши

Эр Кененим жолборсуң, Эрте туруп ордунан, Таластын бетин жоо басчу Жамандык кетпей ойунан, Турнабайын алганы, Коргондун алды жагынан, Боз дөбө деген бар эле, Көк жалың басып барганы. Олтуруп копчу баргандар, Падыша Манас тушунда, Орнотуп койгон ташы бар, Көчүгүн койуп олтуруп, Туш-тушка дүрбү салыптыр, Темир тоонун сыртында, Тарашанын кырына Адам келип калыптыр. Жайында киши барбаган, Кышында киши барбаган, Күзгү эгин бышканда, Узун айак бодо мал, Баарын анда бакчу эле, Эмне кылган, адам, деп, Аттанып ага барам, деп, Турнабайын шыкаалап, Тиктеп калып бекемдеп, Кырка тоону караса, Байрак турат делбиреп, Адам жүрөт делдеңдеп. Батынып биздин Таласка, Кандай киши келди, деп, Өзүм барып ким экен, Ачык дайнын билем, деп, Коргонго келип компойуп, Кула атты минип зоңкойуп, Бастырганы турганда, Асылбача арстаны, Ойноо бала жаш чагы, Талаага чыгып баратып, Көрүп калды Кула атты. “Мен он бешке чыкканча, Мындай токуп койгондун, Көрбөдүм эле бул атты” Ойуна алды чунагың, Кайсы жакка барарын, Чоң атасы Кара көк, Кененимден сурашты. Баатырдын кирди үстүнө, Байкап көрсө атасын, Адам баккыс түсүнө. Салам берип заңк этип, Алтын айдар көкүлү, Төбөсүндө жарк этип, Жылтылдап чачы көрүнүп, Асылбача чунактын, Жүзүнөн нуру төгүлөп: — Канаттууга кактырбай, Тумшуктууга чокутпай, Асырап мени баккансың, Бар шайманы тел болуп, Токулуптур Кула атың. Он бешке жашым келгенче, Токулганын көрбөпмүн, Бул өңдөнүп Кула аттын, Жоодурап бала турганда, Кененим айтты балага: — Кой, кулунум, сураба, Мен барбаймын ыраакка. Элдин ичин аралап, Жолдун баарын акмалап, Жол аруусун билемин, Темир тоонун Тараша, Түйүнү эле Таластын, Жерин көрүп келемин, Асылбача кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Айланайын атаке, Мен барайын, — деп айтат. Он бешке жашым толуптур, Эл багар чагым болуптур, Ат семирип кетиптир, Жер көрөр чагым жетиптир. “Тогузумда аттанып, Тоо томордум” — деп айттың, Он бешке жашым жеткенче, Ойноп үйдө мен жаттым, Пайдасыз бала жетимди, Убара кылып не бактың? Жалгыз уулуң Сейитиң, Он төртүндө кетиптир, Сыйкырлуу күмбөз,кең Керкит, Кызылкумда урушта, Кызыл канды кечиптир, Жети дөөнүн тукумун – Душмандын башын кесиптир. Кара дөөнү жалмаптыр, Жамандык кылган Сулаймат, Айнып андан калбаптыр. Жедигердин жерине, Желмогузга барыптыр, Желке чачын сексейтип, Айдап алып келиптир, Тукумун уруп жакырдын, Жаманбайга бериптир, Бекерге атты тер кылып, Баспайт элең, атаке, Жашырбай ички сырыңды, Айтып бергин жетимге, Талапка кудай жеткирсе, Жетимиң жарайт керекке. Угуп алып Кененим; — Оо, куу туйак кулунум, Мен көргөндү жашырбай, Айтып эми берейин, Эрте туруп азандан, Боз дөбөнүн башынан, Дүрбү салып карасам, Тарашанын кырынан, Көрүнүп калды бир топ жан, Кастарын тиккен хан барбы? Жамандык ойлоор жан барбы? Камындым эле барганы. Үйдө, балам, ойноп тур, Эки күндө келемин, Күндү санап болжоп тур, Атасынан кеп угуп, Кайраты толук жаш бала, Токтоно албай удургуп: — Андай болсо, атаке, Талапты кудай бериптир, Аттанаар чагым келиптир, Эригип жаткан кезимде, Эрмек экен жоо болсо, Мен берейин эсебин, Элге келген доо болсо. Кырда киши көрүнсө, Кызыл желек билинсе, Ачык-айра таанылбай, Карааны анын көрүнсө, Өзүң аман турганда, Асылбача-Бекбача – Эки уулуң бар жаныңда. Ак калпак кыргыз элиң бар, Айтылуу Талас жериң бар. Коргону турат Кеңколдо, Күмбөзү турат Чаткалда, Айкөл төрө Манастын, Эминеден кемиң бар? Батаңды бер, атаке, Аттанайын жолум шар. Ак калпак кыргыз алашка, Айтышып келген доо болсо, Атышып келген жоо болсо, Азап эмес мен үчүн, Анык эрмек экен го, Ашырбай белди астынан, Мен чыгайын жол тосо, Минер атым акырда, Кудай эрмек бериптир, Өзү сүйүп асылган, Айкандын уулу Көкбөрү, Койонаалы чунакка, Арнап баккан Майтору, Кененимге соога, деп, Келген малдан болучу. Асыйы азыр алтыда, Андай сындуу мал болбойт, Төрт айактуу жылкыда, Тайбуурулдай чоңдугу, Кеңкуладай соорусу, Телкүрөңдөй жүрүшү, Жетилбайдын жээрде аттай, Күлүктүгү бар анча, Бөктөргүсү Карткүрөң, Ажыбайдын күлүгү, Суркойондун айрылгыс, Башы менен көкүлү, Төрт айагы казыктай, Телкызылдын сыны бар, Жал менен куйругу, Бакай хандын Бозжорго, Маңдайында кашкасы, Каныкейдин Кара кашка аргымак, Май канжыга, кең карчыт, Жылкыдан чыккан түрс айак, Көмөрүп койгон чарадай, Бутундагы төрт айак. Атам баатыр Сейиттин, Ээрин токуп иштейин, Дат бастырбай калканын, Айдалыга илейин, Чарайнасын тартынып, Сом темирин артынып, Бүтүн соотун кийейин, Төрө Сыргак жолборстун, Сырбараңын алайын, Кырда турган жоо болсо, Кыр көрсөтүп барайын, Атамдан калган Жойболот, Айыгышкан душмандын, Агып каны суу болот. Эр Сыргактын Сырнайза, Атам алып жүргөн мүлк, Эшик эндүү айбалта, Сыртына коло орогон, Аны алайын колума. Туулгасын атамдын, Чөмөрөйүн башыма, Кастарын тиккен хан болсо, Мен барайын алдына. Он бешке жашым жеткенде, Мага калат жаман ат, Четтен душман кол салса, Картайганда, атаке, Калкыңдын тургун ичинде, Колдосо бабам арбагы, Намысымды алдырып, Кетирбеймин кишиге. Жаш баладан кеп угуп, Мындан мурун укпаган, Атам Сейит деп угуп, Барбагын деп айталбай, Барсаң баргын, балам, деп, Жообун берди Кененим. Кененимдин көзүнөн, Чычаладай от жанып, Майторунун акырдан, Алдырып келди бат барып. Эп келтирип токуптур, Сейитимдин ээрин, Баарын алып келиптир, Эр Сейити кийимин: — Ордун бастың атаңдын, Кийимин, Асыл, кийгиниң. Он бештеги чунакка, Узун-кыска келбеди, Өз бойуна ченетип, Жасаткандай келгени, Аңыртын угуп Асылдын, Ак калпак кыргыз эл келди, Кары келди, жаш келди, Айал-эркек аралаш, Калбай баары бүт келди, Боз улан келди, кыз келди, Болгон кыргыз журт келди, Аңгычакты болбоду, Ордонун ханы Орунбай, Эр Кененим көргөн эл, Кабарын айтып келгени: — Алты күндөн бери жакка, Асили уйкум келбеди, Ирмесем кирпик жетишпей, Дегеле жүрөк желдеди. Бүгүн болду эки күн, Кеңколдун чети айрыгын, Араладым мен бүтүн. Изчинин баарын алдырдым, Из кубалап чалдырдым, Далычы менен төлгөчү, Буларга балын салдырдым. Далычы менен төлгөчү, Душман келди, деп айтты. Барып келип изчилер, Ашкересин ал айтты. Көкүм изчи барыптыр, Көрүнүп элге калыптыр, Кармап алып Көкүмдү, Чоңуна айдап барыптыр, Көкүмдү көрүп башчысы, Минтип кебин салыптыр: “Менин атым угуп ал, Баш кишиңе айтып бар, Өзүм тажик уругу, Атамдын аты Темирбек, Тажиктердин улугу. Кошулдуң, деп, моңгулга, Өлтүрүптүр Кененим, Мындан кабар угулду. Атымды уксаң, Көкбөрү, Элдер айтат жуткуч деп, Кыргыздан кунун кубам деп, Атайын келдим ушул кеп. Каңгайга кабар мен салдым, Канча түмөн кол алдым, Жедигер ханын сойдурдум, Каракөздү хан койдум, Хан Каракөз колунда, Качан келер экен деп, Кароолчусу жолумда, Коросондун жаңы хан, Колу бутун байлаттым, Көз жеткис жерге жайлаттым, Коросонду аз дедим, Испанды кошо караттым, Каңгай, тажик, жедигер, Коросон, Испан, - беш улук, Жоголдуң,кыргыз, эми сен. Маңгыттын элин кар кылдың, Манастан бери карата, Баш кишисин өлтүрүп, Заманасын тар кылдың.