Асылбача менен Бекбачанын бешик тойу
Балдар үчкө келгенде, Сейитектин Кененим, Чоң Таласта той берди, Тойго кел деп чакырган, Кабар уккан эл келди. Алматы, Капал казагы, Аттанып баары бүт келди, Үчкаркыра, Ысыккөл, Иле, Алтай ал келди, Күнөс, Текес, Бешбалык, Баркөл, Турпан бул келди, Лопнур, Азык, Кумдайра, Калбай келди булар да. Арал менен Жалаңсуу, Тузкөлдүн эли калбады, Чатыркөл эли кошулуп, Бүт Таласка барганы, Хотен, Жеркен, Кең Кашкар, Абалкан, Темир, Жанадил, Айдап элин барганы. Мурунку аты Араник, Кийинки аты Анжыдан, Ташкен менен Самаркан, Калбай тамам эл барган, Бадакшан, Балык, Букардан, Каракалпак, түркмөндөн, Тажик, калча, жудадан, Калбай тойго чубаган. Оогандакы кыргыздан, Ламдын бели Кыймадан, Боз үй тиккен Кыйбадан, Үчарал, Үргөнч бойунан, Акунхандан бер жакка, Келе жаткан тобунан, Үйүндө эркек калбаган. Жетисууда жедигер, Коросондун элинен, Кошулуп келди нечендер, Урумдакы уссундан, Көп адам келди ушундан. Ногойдун эли калбады, Теке түрк калбай барганы, Жыргалдуу Кеңкол, Таласта, Жыргап жаткан кыргыздар, Үйүн тикти белендеп, Чакырган эл келер, деп. Жыргалдуу Кеңкол, Таласка, Кайкап түштү, эл келди, Жыргап жатат кыргыздар, Бир-бирине дем берип, Күлүктү байлап жем берип, Шылуундар минип атына, Комуздарын колго алып, Торгойдон муңдуу күү чалып, Келиндер кагып жез комуз, Ырчылары үн салып, Жасоолдору башкарып, Конокко бөлдү элди алып. Үч жүздөн бээси тууганга, Бештен берди конокту, Жүз элүүдөн белүүгө, Үчтөн келди коногу. Элүү бээси тууганды, Конокко кызмат кылдырды, Кылымды баскан Кененим, Кыйалындай иш кылды, Конокко тогуз кондурду, Майга баарын тундурду, Самавары кайнаган, Дасторкондун бетинде, Дүр-дүнүйө жайнаган, Салган жерден алдырып, Дасторконун жыйбаган, Кылымда далай хан өткөн, Кененимдей кылбаган. Бир жүз элүү күлүккө, Байге бар деп угузду, Бир миң беш жүз жылкы деп, Баш байгеге тургузду. “Айдап кет атың чыкканда, Ала турган мал ушу. Алыскы эл мал айдап, Кете албасаң жериңе, Атың чыкса байгеге, Элүү миң алтын аласың, Оонабаска жүз жылкы, Кете албасаң алыска, Бир жылкыга эсептеп, Отуз беш алтын аласың, Жетимиш эки хан келдиң, Бирден киши чыгаргын, Калыстар атты айдасын, Алматынын шаарына, Аса байлап, ат суутуп, Эртеси атты жолго сал, Карабуура, Чаткалдан, Байрак сайып тосуп ал”. Мына ушулар жасоолдун, Айткандары туйуп ал. Бир миң үч жүз сап буудан, Саналып жолго чубаган, Жетимиш эки калыстан, Отуз алтоо ат айдап, Ортодон атын кошот, деп, Эми кандай кылат, деп, Карап турат эл жардап, Жасоолдор менен жарышып, Ырчы келди тил кайрап, Үнү менен улашып. Кыл, кыйагы так сайрап, Ыраба деген ырчы бар, Ырдаганы ушундай: — Алматы менен Самаркан, Арасы мунун чеп болду. Чыгыш жагың бир бөлүн, Батыш жагың бир бөлүн, Кайрыдинден азыраак, Беттеше албайт саа чыдап, Батыш жактан бириң чык, Чыгыш жактан бириң чык, Кан төгүлүп той болбойт, Жөө күрөшүп балбан жык. Тер агызып, күрөшүп, Чыксаң алар байгеңди ук, Ком-чому менен жүз нар ал, Жыгылсаң карап куру кал. Жасоолдордон кеп угуп, Жарай эки бөлүнүп, Жардап карап турушту. Чыгыштан чыккан балбаны, Чынар деген киши экен, Батыштан чыккан балбаны, Нуран деген киши экен. Эр кийимин кийгизип, Балбанга экөөн киргизип, Беттешип кирди бул экөө, Ийиндерин тийгизип, Алты күнү күрөшүп, Жыгыша албай койушту, Ажыра десе укпады, Алар качан болушту. Чынардын жайын сураса, Кырк бир эрдин бөйрөгүн, Чыгара кармап алган дейт, Нурандын жайын сураса, Алтымыш эрди сойгон дейт, Ага качан койгон дейт, Кой деп айтса укпады, Ажыратып жибер деп, Хан Кошойдун жээни эле, Алп Бозойду жумшады. Алптын иши ар кандай, Кой десе тилин албады, Чынар менен Нурандар, Кычыратып тиштерин, Тилдерин кесе чайнады. Басып барып алп Бозой, Оң колу менен Нуранды, Сол колу менен Чынарды, Аткып белден кармады, Колу-бутун арбайтып, Бакадан бетер тарбайтып, Батыш менен Чыгыштын, Эки жаат элине, Алып барып таштады, Катар чыгып экөөнү, Баатыр Бозой байге алды. Аңгычакты болбоду, Жамбы атарга чубады, Кененим өзү барбады, Андан башка келгенден, Хандар өзү баш болуп, Мылтык атып, жаа тарткан, Аты чыгып маш болуп, Деги киши калбады. Үч жүз сексен бир кулач, Жамбы аскан кадаасы. Жаасын алып мойнунан, Бирден тиштеп огунан, Моңгулдун эли чубады, Алты жүз киши жаа тартып, Бири да ата албады, Артынан казак барыптыр, Мылтык атып жаа тартып. Бир миң беш жүз ок атып, Булар куру калыптыр. Түркмөн, тажик, бадакшан, Албай барган булардан, Барган менен убара, Атып адам албаган, Хотен, Жеркен, Кашкардан, Лопнур, Азык, Аралдан, Баркөл, Кумул, Турпандан, Ата албады бир адам, Бешбалыктын баарынан, Кутубийдин наамынан. Тазбайматтын Майбулак, Манастан барган канча жан, Ата албады эч бир жан, Текес, Күнөс, Иледен, Алтайдан бери келгенден, Ата албады жамбыны, Ылганып чыккан мергенден. Үч Каркыра, Ысыккөл, Чечдөбө, Нарын, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Жамбыны атып кададан, Түшүрө албай бир адам, Төгөрөктүн төрт бурчу, Чогулушуп турган жан, Кыргыздан башка элдерден, Жетимиш эки келген хан. Токсон илек киши деп, Эсебин айтып угузган, Кошойдун уулу Бактыбай: — Жамбыны өзүм атам, — деп, Байгесин билем жамбынын, Кырк миң кызыл алтын дейт, Кырк нарга жүктөп алам, — деп, Батасы журтту байыткан, Элге нуска сөз айткан, Арбактуу Манас айкөл шер, Чоң Бейжинге барарда, Бир күн калса аркада, Айкөл Манас баш болуп, Алдынан тоскон он төрт хан, Арбагы мага жар болсо, Касиеттүү атамдын, Айкөл Манас шер үчүн, Олуйа Кошой пир үчүн, Тирүү Бакай кары үчүн, Мергендигим суранам. Эр Алмамбет султандан, Билек күчүн сурайын, Айтылуу Чубак арыстандан, Өзүнөн үмүт кыламын, Өткүр түрү Сыргактан. Деп сүйлөнүп өзүнчө, Койуп барат Бактыбай, Топчу кулак, кер атчан, Бактыбайдын атканы, Жалгызектин ак бараң, Акбараңды октогон, Милтесин кызыл чоктогон, Каданын учун тиктеди, Ак милтеден чок жетти, Ак бараңдан ок кетти, Бир жүз кырк бир танапты, Таарып өтүп кеткени. Жамбыны жерге түшүрбөй, Кармап алды Бактыбай, Кырк миң кызыл алтынды, Санап алды Бактыбай. Намысы бирге алаш, деп, Бириңе бириң караш, деп, Жетимиш эки келген хан, Кырк алтысы мусулман, Жыйырма алтысы башкадан, Кырк миң кызыл алтынды, Бөлүшүп алды мусулман. Бул эмине иши, деп, Эсепке албай киши, деп, Ачууланды калган хан. Баш болуп чатак чыгарды, Кепти жасап моңгулдан: — Кычырды кыргыз тойуна, Карайлы иштин соңуна, Өз байгесин өзү алды, Иш келди деп оңуна, Чапкан атка күйөлү, Чыгып калса биздин ат, Бул тургандар бөлөлү. Соогат бербей кыргызга, Жолубузга жөнөйлү. Кирбей калса чапкан ат, Калбалашып көрөлү, Ат байгеден чатак таап, Кантер экен ошондо, Кыргыз деген кызталак. Угуп турган элдерден Уссундан тойго келгенден Башжаны айтат калганга: — Силерге кеңеш мен берем, Чатак салып кыргызга, Теңдеше албай кырылып, Түгөнөбүз урушта. Беттешип бенде жеңген жок, Манастан бери бурутка. Биз дагы өрттөй жанчу элек, Эки ингендин алдында, Эркибизче жатчу элек, Эриккенде аттанып, Кызыл уук кылып кытайды, Кыйратып элин чапчу элек. Бизди айдап кыргыздар, Алып барды Батышка, Сүргүн кылып таштады, Биздин элди Урумга, Жай аттанып коноктон, Жайыла тарап басалы, Ат өргүтүп бир күндөн, Ар кайсы жерде жаталы, Туш келген жерден жылкысын, Жылдырып айдап качалы. Кененим менен Бактыбай, Кимге жетет чамасы, Карбалас түшүп алдастап, Кыргыздын кетет аргасы. Чакчелекей будуң-чаң, Болуп калат арасы, Уссундардын жанынан, Ушундайча кеп угуп, Анык акыл экен деп, Атты карап калышты, Чапкан ат келе жатат, деп, Аттан кабар алышты. Сүрөбөй чапмак күлүктү, Сынамак антип жүйрүктү, Ат чыкпаса жыйырма алты, Кыргызга салмак түйшүктү. Отуз алты ат айдап, Аттын баарын каты айдап, Аркада калган караансыз, Орто жолдо сактаган, Отуз алты кишиден, Ачык кабар угабыз. Талас жакта четинде, Моңгулдан бири бар эле, Кабар айтып көп элге, Кирип келген чагы эле: — Чабууга кеткен сап буудан, Эки ат келет мен көрдүм. Бөлүнүптүр сай буудан, Үйүр өскөн мал окшойт, Бирин-бири күйүшүп, Келе жатат байкасам, Окшош экөө күрөңбү? Тер басып кетип таанылбай, Же мен көргөнүм күмөнбү? Бөлүнөт эле бири озуп, Тосуп койду сүрөөнү. Сеники кандай эле? – деп, Биринен-бири сурашып, Кара тер, топо-чаң басып, Тааныбай калган аттарыңн Каралар калды ордунда, Хандар чыкты чубашып, Кеңкула менен Кененим, Четке чыкты чуратып. Кайрыдиндин кеңешин, Чоң Таластын айбаны, Айтып жатат чуулдашып: Сагызганы шакылдап, Чакчыгайлар чакылдап, Канатын кагып суу чачып, Каздар айтып каркылдап, Ителги менен ылаачын, Жарыша сүйлөп баркылдап, Жарды бойлоп кыдырып, Аңыр айтып аңкылдап, Мен баатырга айтам деп, Төөлөр барат далпылдап, Сынык өркөч төөлөрдүн, Өркөчтөрү салпылдап, Кыройттоп учуп кузгундар, Асмандан айтып каркылдап: Куулар учуп куркулдап, Букалар мөөрөп бултулдап, Мен да айтам кабар, деп, Толкуп суулар чулкулдап, Мен айтамын анык, деп, Кашкулактар мултулдап: Айгыр айтып аркырап, Бээлер айтып каңшылап, Койлор маарап чуркурап, Иттер айтып кыңшылап, Кененимди көргөндө, Жан-жаныбар бөй-чайан – Баары чыкты кыбырап, Өлбөгөн тирүү немеси, Бири калбай мыдырап, Жаңы алысын чөп чыкты, Жердин бети жыбырап, Алар кабар угузду, Жетип келип тыбырап. Жандуу менен жансыздын, Тилин билет Кененим, Баштан айтып жүрөбүз, Сегиз миң жыл жашаган, Азазилдин жолдошу, Жүйрүн дөөнү өлтүрүп, Тилин сууруп жегенин. Кастыгы бар хандардын, Баарын билди Кененим. Чабууга кеткен сап буудан, Күлүктү айтып берейин. Окшош эки күрөңдү, Жүйрүктү айтып берейин: Керкиттен чыккан Кылжээрде, Жетилбайдын тың жээрде, Соогага берип Жетилбай, Минип келген Кылжыке. Сейитинин Телкүрөң, Келген күлүк бул экөө, Куйрук чачып, жал жайып: “Сейити менен Кылжыке, Аркасында эгиздин, Асылбача-Бекбача – Эки түгөй тегиздин, Чалыккан менен чайпалбас, Ак калпак кыргыз теңиздин, Намысына жарадык. Берсе биздин тилекти, Аккула менен Сарала, Көктеке менен Телкызыл, Зор Кошойдун Тоотору, Эр Көкчөнүн Көкала, Музбурчактын Бозбуудан, Ажыбайдын Карткүрөң, Кызматына баралы” Деп ушинтип бул жандар, Мурдуна аккан каны бар, Мана минтип бул экөө, Өлүп кетти жаныбар. Карап туруп Кененим, Сейитим менен Кылжыке, Мурдагы өткөн алптардын, Арбагына ататып, Жеңдей жээрде Телкүрөң, Биссмилла деп мууздатып, Кестирип алып баштарын, Мазарга башын чыгартып, Эки күлүк күрөңдүн, Эти жетпейт элге, деп, Кыргыздан башка кишиге, Кылайтып кесип бербе, деп, Ата уулу кылып кыргызга, Бир кесимден жеткирди, Башка аттан кабар жок, Антип күнү кечкирди, Моңгул менен уссундар, Шибе-солон ушулар Анжу менен манжулар (Анжуну кийин кидан деп, Айтылып калыш жайы бар), Катуу убайым тартышып, Үшкүрүп калды ушулар. Ал күнү конок аш берди, Эртеси түштө ат келди, Көп келбеди, аз келди, Моңгул, уссун, шибеден, Анжу, манжу дегенден, Араң эки ат келди, Так ошондо Кененден, Айтылып парман бат келди: — Келгени ушул атыңдын, Келген эл эми кет, — деди. Мусулман кет алдында, Кайрылып көзүң салгыла, Кайрыдиндин калкына, Уссундар кетет Урумга, Узатып кой алп Бозой, Кошо барып бул журтка, Анжу, манжу, шибени, Моңгул, солон дегенин, Кыргыздан кылдап жүздү ал, Узатып кой, Бактыбай. Беш уруктун журтуна, Өрүүн берип оңдурба, Уктатып түндө кондурба, Алды жагы кум болот, Жадоочунун чөлүнөн, Үстү жагы тоо келет, Элемандын көлүнөн. Эң аркасын булардын, Оркундун кызыл суусунан, Калтырбай баарын кечирип, Кайта келгин сен анда. Деп Кененим айтыптыр, Кеңеш кеби хандардын, Керге келбей калыптыр. Келтирчү керге немесин, Айдатып жолго салыптыр, Чалалык кылып Бактыбай, Оркундун кызыл суусунан, Кечирип айдап сала албай, Алтайдан кайта жаныптыр, Казак менен кыргызга, Аралашып буларга, Моңгул, шибе, солондон Бир далайы калыптыр. Эл кубанып, той тарап, Элирип ойноп эл жатты, Канкордун уулу Кененим, Алашты минтип жыргатып, Карылары нуска айтып, Боз балдары чүкө атып, Самаварын кайнатып, Сары кантын жайнатып, Куурдак менен май жешип, Келе кымыз, чай дешип, Табакка салып бал жешип, Каймакка салып нан жешип, Козу ордуна тай жешип, Казы кертип, жал жешип, Кымыз куйган сабаага, Кышында жарма ачытып, Эки тарап бөлүнүп, Мөөрөйгө чүкө атышып, Кымыздан тарткан аракты, Кыйгылдуу даамын татышып, Келин-кыз эки бөлүнүп, Селкинчегин тебишип, Ырчылар тилин сайратып, Ырдап бирин жеңишип, Байбичелер залкайып, Ак кулжадай маңкайып, Казылары челектей, Капчыгайдай жайкалып, Эшиктен кирип үшкүрүп, Жөлөнүп жүккө чалкайып, Орто жашта жубандар, Карагайдай бой жасап, Басып турса залкайып, Кырк оромдон элечек, Туура тарткы күмүштөн, Накыштары келишкен, Башында турат заңкайып. Ургаачысы нең эркин, Касиет тапкан кыргыздар, Мына мындай бир иштен, Кырчын талдай буралып, Белдемчи жерде чубалып, Жыла басып илбирсче, Сымбаты сонун суналып, Ителгидей кара көз, Жоодурап тиктеп муңайып, Караса көзгө токтобой, Ак саргыл тартып тунарып, Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жарк этип, Күмүштөн чачпак сегиз бут, Аркасында шарк этип, Кулагында коохар таш, Көз уйалтып жарк этип, Карашы башка бир порум, Аркасын карап жалт этип, Күлкүсү сонун келиндин, Жез комуздай шаңк этип, Шөкүлөсү томпойуп, Мойундары койкойуп, Чачбактын боосу салаңдап, Тоту куштай сыланып, Жан-жагына каранат, Мен-мен деген далай жан, Тик карабай жалтанат. Кыздары сонун кыргыздын, Тебетей кийип башына, Сонун-сонун кундузун, Саамайы тал-тал делбиреп, Таамай тиктеп байкасаң, Ак мейкин зоодой мелтиреп, Бойго жеткен кыздары, Озунган сууну келтирет, Адашып калат эчендер, Эсин таппай темтиреп, Кыргый сөөк, кымчак бел, Кырмызы көйнөк тасма бел, Тал-талдап тизип өрдүргөн, Желкесинде чачын көр, Бешенеге жарашкан, Калемдей кара кашын көр, Ийини салык, мойну кез, Алмадай болгон башын көр. Билегинде билерик, Буруп соккон имерип, Анча-мынча кишилер, Кымбат баа кыргыз кызына, Кеп кыла албайт ийменип, Манжага шакек жарашык, Жасагандай табигат, Колдоруна жарашып, Маңдайы шамдай жапжарык, Мөлтүрөп бети агарып, Мөндүрдөй тиши саналып, Кызылы кызыл, агы ак, Чыккан ай кызга таңданып, Туурга конгон тунжурдай, Турушу башка шаңданып, Сымбаттуу сулуу кээ бир кыз, Көргөндө калат жанды алып, Азаматтын канчасы, Өңүнөн азат саргарып, Элеси көзгө чалыкса, Сүлөөсүн ичик, кундуз бөрк, Турушу башка суйкайып, Бойуна чачы жарашып, Кырчын талдын бүрүндөй, Салаңдап жерге суйсалып, Башындагы кундуз бөрк, Оң чекеде кыйшайып, Кеп сурасаң жооп берет, Акырын сүйлөп муңканып. Оозунан чыккан илеби, Сары алтындын буусундай, Шилекейи бар окшойт, Абу замзам суусундай, Түгөтө айтып тил жетпейт, Кыргыздын кызы ушундай. Абышкасы кыргыздын, Аселдеп оозун чайканып, Шамал тийсе сеңселип, Ак сакалы жайкалып, Этек-жеңи жайылып, Эл карысы таанылып, Үйдөн чыкпай карысы. Бөрү ичигин жамынып, Чайына шекер-бал салып, Сары майын томоруп, Кошкон май кылып дагы алып, Төрүнөн коппойт чардайып, Көлдөлөңдөн жай алып, Сойо турган малына, Балдары кетет бата алып, Нарык сурап эл-журту, Кайта кетет нуска алып. Кемпир менен абышка, Каргылданып муңдашып, Кээ бир сонун абышка, Үйүр өскөн букадай, Уулу-кызы, келин көп, Сулуу салган супадай, Абышкага жарашып, Кемпири бар жанында, Майы калың учадай, Сыр алдырбай зымырап, Ийи майда матадай, Келини бар буларда, Кездеменин жибиндей, Поруму түз мунайым, Булгаарынын ийиндей, Теңтуштары келгенде, Күлө сүйлөп каркылдап, Кучакташып көрүшүп, Жаш кезиндей шаңкылдап, Эрежеден адашпай, Биринен-бири кеп сурап, Санжыра айтып кетишип, Сыр түйүнүн чечишип, Тамашалап бир-бирин, Булкулдаша кетишип, Ой кургур ай, сени, деп, Жулкулдаша кетишип, Той-торопо, айттарда, Уулдун уулун ээрчитип, Айырмачка мингизип, Бут капка бутун киргизип, Үйүрү өсүп жатканы, Антип элге билгизип, Ай сайын киймин талатып, Кембагалга бергизип, Билгизбей андай карылар, Жардамын элге тийгизип, Жаштарга насаат кеп айтып, Өз уулуна бек айтып, Бири укпаса, бири угат, Эрикпестен көп айтып, Темсил, макал, лакап, Тегеретип аны айтып, “Керегем сага кеп айтам, Келиним уксун деп айтам”, “Уугум сага кеп айтам, Уулум уксун деп айтам”, Эси болсо билет, деп, Мындай темсил кеп айткан. Уулдуу киши башканын Уулун палан дебегин, Келиндүү киши бирөөнүн Келинин керең дебегин, Кыздуу киши бирөөнүн Кызын жаман дебегин, Мындай кептер элде көп, Нечен түрдүү бенде көп. Касиети кыргыздын, Карысы менен кыздарын, Анык сыйлайт мындайын. Карыйасы кыргыздын Уул-келин, кыз-күйөө, Урматын көрөт булардын. Уул-келин, кыз-күйөө, Башына жастык жасатат, Жүнүн салып улардын. Карыйасы кыргыздын, Көзгө илбейт анчасы, Көрмөксөн болот канчасы, Урпактан урпак умтулбай, Келе жатат айтканы. Эл башкарган эстүүсү, Элин сактайт кыргыздын, Малы-пулу, эл-жерин, Баарын сактайт кыргыздын. Душмандын изин салдырбай, Чебин сактайт кыргыздын, Четке четин чыгарбай, Сырын сактайт кыргыздын. Элине келген зыйанды Өз зыйаны билишет, Чекесине тийгенде, Чечинип койуп киришет, Бирине-бирин улашат, Билгизбей алын сурашат, Элге зыйан салганды, Тамырынан кууратат, Эл башкарган эстүүсү, Калгандарын жыргатат, Карчалышкан душмандын, Канын кечип кыйратат, Эндекей жаткан элдери, Мындай ойноп жыргашат. Кыштын күнү болгондо, Бээ сойушуп, ордо атып, Жарма ачытып, бозо ичип, Аймак-аймак бойунча, Чогулушуп жоро ичип, Эрди-катын олтуруп, Тобун бузбай бирге ичип, Жайдын күнү шерне деп, Кысыр эмди тай жешип, Казы- карта, - май жешип, Күрпөң сойуп, куйрук жеп, Козунун эти эң сонун, Бүгүн башка болду, деп, Түндө короо кайтарып, Бекбекей айтып безилдеп, Саксакай айтып заңкылдап, Казанда кайнап козулар, Бышып жаткан быркылдап, Эт бышырган катындар, Эт оодарып шыпылдап, Жанаша басып келин–кыз, Күлкүлөрү шыңкылдап, Бөрүнүн көрсө элесин, Чүчкүрүп эчки быйтылдап, Дөбөттөр үрүп арсылдап, Кыйкырып койчу заңкылдап, Азоону минип жылкычы, Жин тийгендей шалкылдап, Бөрүнүн үнү угулса, Атылып мылтык тарсылдап, Эшигинде байлардын Ат котолоп казганат, Бай балдары жалтылдап, Күмүштөн кемер курчанат. Кашкулак ичик, суусар бөрк, Түлкүнүн кийип кызылын, Дүйнөнүн көрүп кызыгын, Жылкынын минип жоргосун, Шайыдан кийип буралып, Бел боолору чубалып, Кеп айтардан эринип, Керсары тартып муңайып, Келин-уул бир басып, Желеден барып бээ саашып, Эриккенде жаштары, Арыдан аркар уулашып, Кызык кылып чуулашып, Байге бөлүп, кунан чаап, Бабырашып, дуулашып, Көкбөрү тартып дүбүрөп, Ителгисин куу-куулап, Кара суудан каз уулап, Жеңишке салчу күлүктү, Үпчүн менен жабуулап, Жоргосун ылгап жылкыдан, Буулумду тандап асылдан, Сулууну тандап кыздардан, Жез оймоктуу уздардан, Көчкөндө төөсүн комдоткон, Жасатып комун оңдоткон, Алдыңкы төөнүн үстүнө, Адеми жагдан орноткон, Бош тартылып калганы, Арканын тартып толготкон. Эркекке төөнү тарттырган, Жин бүркөт деп бакырса, Байбиче, жубан, келин-кыз, Жакындабай турушкан. Бир киши кылат кызматты, Калганы байга жөлөнүп, Карылык тартпай жан бакчу. Күчкө минип бир атты, Күндө жүктөп төөлөрүн, Бекер ичип сүттөрүн, Сүйгөнүнчө иштетет, Таштап койгон жүндөрүн. Согум айы келгенде, Кырк-элүүдөн бээ сойуп, Канчалаган кой сойуп, Короосунда төккөн жин, Тоңуп жатат тоо болуп. Оторго малын салышып, Басаке менен багышып, Кочкорунун мойнуна, Кош коңгуроо тагышып, Буркулдатып буурасын, Самсаалатып чуудасын, Жүккө төөнү көбөйтүп, Жазында эгин эгишип, Кырманда кызыл жайнатып, Эгизден тууп койлору, Бир соолуктун жанына, Экиден козу байлатып, Кедейи жок, бай болуп, Баары сыртка жайлашып, Өтө жарды дегени, Ондон бээни байлашып, Эрте туруп кеч жатып, Элирип кыргыз жаткан кез. Мезгил өтөт турбайбы, Аткан октой бачым тез. Ай кубалап, ай өтүп, Ай айланып, жыл өтүп, Күндүз өтүп, түн келип. Өмүр өтүп түгөнүп, Жылдар өтүп кетиптир, Асылбача, Бекбача, Он бешке жашы жетиптир, Эл жайлоого козголуп, Өтүп жаткан жакшы кез, Кыргыздарга капташып, Бир каргаша болду кез. Муну мындай таштайлы. Асылбача баланын, Ат жалын тартып аттанып, Чыкканынан баштайлы.