← Асылбача-Бекбача 2/4

Саламаттын хан Калдык, Ага кабар мен кылдым. Беттешип чыксаң, белсенип, Баатырың жок менчелик, Алты хан эли чогулса, Сен каласың тепселип”. Баш кишиси Көкбөрү, Айткан кеби ал экен, Орунбайдан кеп угуп, Турган кыргыз чогулуп, Асылбача күпүлдөп, Амалы кеткен алты хан, Көрсөтөм деп, дүпүлдөп: — Ак калпак кыргыз баарыңар, Айал-эркек карыңар, Кененим атам турганда, Эминеден камың бар? Чычканга кебек алдырбайт, Он бешке чыгып мен калдым, Асылбача уулуңар, Аттанамын мен өзүм, Аман болгун баарыңар. Ак сүтүн берген чоң эне, Алда эмне болот, деп, Ой ойлобо дегеле. Тажиктердин Көкбөрү, Элге бүлүк салды, деп, Теңтуш киши кептентип, Киши ээрчитиш кайсы кеп? Чоң атамдан бер жакка, (Өз атам Сейит жаш кетти), Жалгыздык бизге мурас — деп, Үзөңгүгө бут салды, Майтору менен аттанды, Кара бойу капталып, Соот менен чапталды, Аттын башын оң тартып, Ак күмбөздү бет алып, Кененимди баш кылып, Бүткүл элден бата алды. Бура тарта бергенде, Алдынан түтүн буркурап, Аркадан шамал зыркырап, Алоолонуп жанган от, Асманды карай созулат, Ийинине койуп арстандын, Эки алгыр куш турат, Соорусунда Тору аттын, Бойго жеткен кыз турат, “Кыз олуйа Кеңкол” деп, Ошол үчүн айтылат, Он бештеки чунактын, Жалгыз өзү сексендей, Караанын көргөн өлгөндөй, Каршылашып бет келбей, Алдынан утур караса, Алгыр бүркүт талаада, Аркасынан караса, Шерге окшош сыны бар, Капталынан караса, Ажыдаардай сүрү бар, Төбөсүнөн караса, Кайра жаачу булуттай, Каары катуу түрү бар, Алдындагы Тору аттын, Кой макмалдай түгү бар. Алтындан кулжа он эки, Жандай чуркап даң салып, Майторунун дүбүртүн, Он беш аттай угузуп, Топурак учат чаң салып, Карап турат артынан, Кыргыздын эли шаңданып: “Асылбача барында, Ак калпак кыргыз калкына, Келе албайт душман кол салып, Эми эле келет тажикти, Дүбүрөтүп олжо алып.” Бабырашып дүр этип, Арбагың айкөл, колдо, деп, Бата берип чур этип. Тескей тоону калаалап, Теги Асыл ылдамдап, Жалгыз кетип баратса, Так токсондой жол чаңдап, Алдындагы Майтору, Желе басып ыкчамдап, Асылбача жаш арстан, Койго тийчү бөрүдөй, Эки жагын каранып, Эрди-мурдун жаланып, Ителгидей кылчаңдап, Белди карай бет алып, Тарашага жөлөндү. Эрен баатыр Семетей, Кара хандан келгенде, Эр Бакай жолун тоскон жер, Үстү жагы Каракум, Темиртоонун Тараша, Аша турган бел ушул, Элөөрүтүп Тору атты, Эрен бала келатты. Жесекчиси тажиктин, Энтелеп келип элге айтты: — Тарашанын кырында, Кароолдо турган чагымда, Жалгыз эмес, он киши, Бирге турган жанымда, Кийгени темир баары көк, Салты эрден бир бөлөк, Мингени Тору кашка экен, Жылкыдан сыны башка экен. Келе жатат бир киши, Бет алышып алдында, Турар эмес миң киши, Он бештен өтүп кетпеген, Жашы бардай бир иши. Кененим жайын айтканда, Мингени Кула дегенсиз, Кийгени була дедиңиз, Келе жаткан кишинин, Ким экени билингис, Кабарын айтып астыңа, Андыктан, ханым, келдик биз, Көкбөрү жуткуч кеп угуп, Келатат киши, деп угуп, Жан жагына бурулуп: — Он алты балбан барсыңар, Барасың кимиң жолугуп? Тирүү кармап келиңер, Терсайак болот кыргыздар, Өлтүрүп ийбей оолугуп, Алып келгин алдыма, Ким экенин билген соң, Боору менен жүрөгүн, Аракка кошом мен кууруп. Тажикте жүргөн калмактан, Антала деген бар эле, Балбандын бири ал эле: — Кармап келе калайын, Аны барып мен эле, Ал Кененим болбосо, Жалгыз келер ким эле? Антала турду аптыгып, Тажиктердин Татыбек, Ал дагы турду ашыгып: — Сен Антала, барбагын, Азыркы жол биздики, Мен тажиктен барамын, Жалгыз калмак сен барсаң, Тирүү туруп Татыбек, Жаман атка каламын, Татыбек барбай калбаймын, Болбой бассаң оолугуп, Жолдо сени жалмаймын, Башка кыргыз тургайлык, Кененим өзү болсо да, Жазганып андан калбаймын, Тажик тажик болгону, Мен Татыбек атка конгону, Такаңдашар мен менен, Тартынбас бенде болбоду. Келген болсо Кененим, Тең сайышып болжолу, Мен Татыбек бар туруп, Антала, сага койомбу? Татыбектин кебина, Ачууланды Антала, Татыбекке карабай, Чыгып минди атына, Үч жүз киши ээрчитип, Кошуун алды жанына, Өзүнүн айткан кебине, Өжөрлөнүп Татыбек: — Жол бойуна сойбосом, Жолуң каткан Антала, Көзүңдү чукуп ойбосом, Татыбек болбой өлөм! – деп, Беш жүз киши ээрчитип, Татыбек жүрдү дүбүрөп, Ачуусуна чыдабай, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Алдыда кеткен Антала, Атактуу балбан аты бар, Алдыңкы балбан катарда, Тажиктердин Татыбек, Көкбөрү менен теңирээк, Оозу барбайт Көкбөрү, Бириң кой деп айтарга. Бир калбаны табар, деп, Антала менен Татыбек, Бири өлүп тынар, деп, Көкбөрү жүрдү аттанып, Артынан өзүм барам, деп, Бирине-бирин тийгизбей, Алып келе калам, деп, Эл бар жерде мындайлар, Бөлүнүп турат далай кеп. Алдыда кеткен Антала, Камчы берип атына, Жетише албай аскери, Бөлүп калды аркада, Тажиктердин Татыбек, Жете келди аларга, Анталанын карасы, Көрүнбөдү караса. Коркуп менден качты, деп, Ойуна алды Татыбек, Ал ашыга жөнөдү, Анталага жетем, деп. Болушунча Татыбек, Минген атын камчылап, Татыбектин тулпары, Такымдан тери тамчылап, Анталанын артынан, Кирип келди жакындап. Ат дабырты чыкканда, Антала карап кылчаңдап, Бул шашыла жөнөдү, Баштагыдан ыкчамдап, Ого бетер Татыбек, Алып учуп чакчаңдап, Жандап өтө берерде, Антала калмак мунун айтат: — Ой, Татыбек ойнуңбу, Же ойун эмес, чыныңбы, Ачык айтып сырыңды? Хан алдында мен бастым, Аркамда менин оолугуп, Өзүнчө, тажик, не бастың? — Ойун эмес, чын кебим, Алдыңкы жумуш меники, Антала сага бербеймин, Болбой мойнуң толгосоң, Өлүп кетип жүрбөгүн! Сүйлөбөгүн бекер, деп, Ойуңа такыр албагын, Бул сапаркы жумушту, Татыбек мага берет деп. Мен турганда канчалык, Киши болдуң, Антала? Тилимди алып жөн эле, Кетип калгын артыңа! Ачууланып Антала: — Кетирүүчүң менби? – деп, Кет деп мени кетирип, Кек алуучу сенби? – деп, Каңгайдан жардам болбосо, Качан тажик кыргыздын, Караанына келдиңер? Үйүңөрдө коржоңдоп, Опузалуу кебиңер. Тарт атыңды, Татыбек, Түк кетпесин ойуңа, Антала койо берет! деп, — Мыкты болсоң, Антала, Тажиктердин ичинде, Не жүрөсүң темтеңдеп? Кол аттанса тажиктер, Кошо аттандың селпеңдеп, Тең кишидей кеп кылып, Теригесиң дердеңдеп! Жол бойуна сойом, деп, Хан алдында айткамын, Жалганы жок, ырас кеп. Кеткин дедим, кеткин! — деп, Күчөп атты Татыбек. Ачууланып Антала, Кан ичмеси кармады, Татыбекти качырып, Найзасын колго алганы, Анталадан жазганып, Татыбек туруп албады, Өткүр найза булгалап, Тик качырып калганы, Канкылдатып кагышып, Качпай найза сайышып, Өчүгүшүп бул экөө, Өжөрлөнүп алганы, Булар минтип жатканда, Асылбача арыстан, Анын келип калганы. “Каңкылдашып салышып, Качырышат эки дөө, Эки жерге топ болуп, Аттан түшкөн аскер жөө, Бул жерге келип жоо болуп, Жулушуп жаткан кимдер? – деп. Ким да болсо булардын, Ачык дайнын билем” деп, Кара аскерге барбады, Кагышып жаткан дөөлөрдөн, Силер ким деп сурады, Эрегишкен эки дөө, Дегеле жооп кылбады. Жаңы Баатыр Асылдын, Куршугу мунун кармады: — Алыстан келип Таласка, Арбагы бийик Манаска, Жер таппай калган немедей, Жерге киргир кимсиңер?!