Оп тартып жалмап таштады, Опсуз баатыр Асыл шер. Карап туруп Көкбөрү: — Тажик менен моңгулдан, Отуз балбан баргының, Тиги турган Асылды, Алыңар келсе ошону, Тирүү алып келиңер, Алыңар ага келбесе, Амал менен өлтүрүп, Башын кесип келиңер. Ичин жара салгыла, Жүрөгүн сууруп алгыла, Канын жерге тамызбай, Алып келе калгыла! Эгер андай кылбасаң, Баарыңдын башын аламын, Балакетке саламын, Эбин табам эми эле, Сереңдеген баланын! Баланын башын кесемин, Ээрдинен көзөп тешемин, Кененим коркуп келбеди, Мурунку өлгөн элдердин, Мен аламын эсебин! Балбандарым, баргыла, Эси жоктой иш кылып, Бекер өлүп кетпестен, Бир айласын кылгыла! Отуз балбан күркүрөп, От кеткендей дүркүрөп, Найзалары короктоп, Баш аламан сороктоп, Алмаң-телмей көрүнүп, Баштары келет кодоктоп. Найзалары сүлкүлдөп, Эми кандай болор, деп, Эстери чыгып бүлкүлдөп, Чогоолдору чокчоңдоп, Кодоолору кортоңдоп, Өтө семиз немеси, Ээрге батпай көчүгү, Оодарылып бултулдап, Жорго басык аттуусу, Келатышат кылтылдап. Буларды көрүп Асыл шер, Айласы артык кеменгер, Сырнайзаны зыңкыйтып, Майторуну кындыйтып, Кездемдин боосун чубалтып, Кез келип найза чунайтып, Манастап ураан чакырып, Майторуну чуратып, Имерип тийген жаандай, Ителги тийген таандай, Сайып өттү, суналтып. Беттей сайды бешөөнү, Эптей сайды экөөнү, Жер тайантты жетөөнү, Аңтара сайып атынан, Антип өттү алтоону. Бир аралап өткөндө, Жыйырмасын аттан түшүрдү, Оролуп кайра киргенде, Ондун ишин бүтүрдү, Ойротто жок Асыл шер, Отузду аттан түшүрдү, Найзасын Асыл камдады, Отуздун баарын жалмады, Бири да тирүү калбады, Тажиктердин Көкбөрү, Эми минтип өкүрдү: — Бириң калбай баргыла, Тостурбай өтсөң турбагын, Түз Таласка тарткыла! Көкбөрүдөн кеп угуп, Жайнап жаткан көп аскер, Баары кирди дүркүрөп, Кылданган баатыр анда бар, Мас болгон нардай күркүрөп, Караса келет быжылдап, Кумурскадай кыжылдап, Калмак менен тажиктин, Билинбей тили жужулдап, Татаалап калмак кужулдап, А-алап тажик чуркурап, Кыбыладан жел согуп, Шамал чыкты зыркырап, Асыл минген Майтору, Канаттуудай дыркырап, Манастап Асыл бакырып, Алдына тийди жапырып, Эри менен ал-элдин, Эндекей кара аскерин, Сабын бузбай сулатып, Чапкан чөптөй кыйратып, Калың жерин аралап, Арасын ачып жол салып, Андай топко келгенде, Кылыч менен кайсалап, Жайнап кача бергенде, Сырбараң үнү тарсылдап, Алай-дүлөй барсылдак, Койго тийген бөрүдөй, Жалгыз жүрөт аралап, Жаалысына чыдабай, Жайнап качып эки урук, Асыл эрге кыла албай, Алты балбан баш болуп, Бере албай ага туруштук, Тобун бузбай тура албай, Токтолуп булар урушуп, Сапырылып сан миң кол, Өңдөн азып саргарды, Не кылайын биле албайм, Айласы кетип сандалып, Майторуну аргытып, Койуп кетип баратат, Албарс менен кайсалап, Жойуп кетип баратат, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Сойуп кетип баратат, Орто жерин коо кылып, Ойуп кетип баратат, Беттеп аскер тура албай, Качып барат талаалап, Кылыч, найза, айбалта, Кан куйулуп салаалап, Отуз алты балбандын, Тобун кирди аралап, Калмак, тажик баатырдын, Алын билди чамалап, Каскактуу найза карманып, Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланып, Жаалысы келген Асылдын, Жалыны чыгып көзүнөн, Заары чыгып жүзүнөн, Тик багып бенде карабай, Азыркы айбат түсүнөн, Оозунан оту буркурап, Көзүнөн учкун чыркырап, Баары темир кийинген, Отуз алты балбаны, Жайыла берди быркырап, Туш-тушуна таралып, Качып калды чуркурап. Сундуруп найза тартпады, Жалгыз жүрөт аралап, Жаалысына чыдабай, Жайнап качып эки урук, Асыл эрге кыла албай, Алты балбан баш болуп, Бере албай ага туруштук, Тобун бузбай тура албай, Токтолуп булар урушуп, Сапырылып сан миң кол, Өңдөн азып саргарды, Не кылайын биле албайм, Айласы кетип сандалып, Майторуну аргытып, Койуп кетип баратат, Албарс менен кайсалап, Жойуп кетип баратат, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Сойуп кетип баратат, Орто жерин коо кылып, Ойуп кетип баратат, Беттеп аскер тура албай, Качып барат талаалап, Кылыч, найза, айбалта, Кан куйулуп салаалап, Отуз алты балбандын, Тобун кирди аралап, Калмак, тажик баатырдын, Алын билди чамалап, Каскактуу найза карманып, Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланып, Жаалысы келген Асылдын, Жалыны чыгып көзүнөн, Заары чыгып жүзүнөн, Тик багып бенде карабай, Азыркы айбат түсүнөн, Оозунан оту буркурап, Көзүнөн учкун чыркырап, Баары темир кийинген, Отуз алты балбаны, Жайыла берди быркырап, Туш-тушуна таралып, Качып калды чуркурап. Сундуруп найза тартпады, Айыгышып жоо жеңген, Тукумуна Манастын Өзүнөн калган санатты, Айдары алтын жаркылдап, Асабасы калкылдап, Өңү сары, көзү көк, Оттук таштай жалтылдап, Билеги батпай жеңине, Булчуң эти балкылдап, Коргошун жүрөк, сом билек, Коркпойт Асыл Кара көк. Ажыдаар ооз, жалын көз, Жаштан чыккан Кара көк, Кайраты башка бөп бөлөк, Көкбөрүнүн найзасын Сайдырбастан какканы. Найзаларын кагышып, Кайра айланып сайышып, Найзадан айла кеткенде, Балталашып чабышып, Балтанын сыртын жарышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырык менен урушуп, Камтып белден кармашып, Ат үстүндө жармашып, Ажыдаардай арбашып, Бирине-бири заар чачып, Ач бөрүдөй жулушуп, Айабай жаман урушуп, Соотторун булушуп, Үзөңгү боого салышып, Этектен түрө алышып, Эпсиз балбан эки жаш, Калган экен табышып, Ажыратып кете албай, Аттары турат тайышып, Күнү күнгө уланды, Муну көргөн эрлердин, Жүзүнөн каны кубарды, Түнү эки, күнү үч, Бешке барды убагы. Эр күрөшү – оодарыш, Мындан айла таппады, Найзаларын ыргашып, Качырыша баштады, Асылдан найза жеткенде, Тентектин бири Көкбөрү, Ыргып кете жаздады, “Кайра айланып сайганда, Кадемимди катырат, Кайратымды кем кылат, Кара жерге тең кылат”, Деп кара нээт Көкбөрү, Каралык кылып уйалбай, Кайрат кылып тура албай, Качырып найза уралбай, Камчысын баштан имерип, Каптатып аскер жиберип, Калың аскер тажикке, Качып кирди калдаңдап, Кара бойун жыйнабай, Кайран жанга күч келип, Карбаластап далдаңдап, Караган адам күлгөндөй, Кажырдан бетер далбаңдап. Аркасынан Асыл шер, Аргытып кирди Тору атты, Аралаша киргенде, Айгайлаган аскердин, Агызып канын баратты, Ажыдаардай эрлерин, Акимсиген немесин Аңтара сайып кулатты, Аңгек менен кандекке, Астын-үстүн сулатты, Аралап келген тажикти, Күзгү койдой жуушатты. Тору ат менен зыргытып, Найзага келген немесин, Көгүчкөндөй ыргытып, Көчүккө найза мылгытып, Качыргандан кан алып, Капташкандан жан алып, Алмадай кагып баш алып, Ичин жарып эт алып, Боорун жарып өт алып, Кайраты бар кабылан, Мурункудан күч алып, Кылычтан канын чубуртуп, Кызыл канын куйултуп, Падышалык туусуна, Баатырың жетти ушуга. Көкбөрүң жаман шашылды, Көзүрлөрүн чакырды, Буйрук кылып желдетке, Барабанын кактырды, Желегин жерге жаткырды, Өлгөн күнүн узартып Көкбөрү тапты акылды. Желегин жерге жыкканда, Барабан үнүн укканда, Манастын уулу Каракөк, Кайра тартты ушунда, Муну мында таштайлы, Асылбача жолборстун, Сакычак баштуу беш эрди, Сойгонунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.