← Асылбача-Бекбача 3/4

Дегенче барып жаш арстан, Каскактуу найза каз таман, Кан чыгарбай денеден, Катар сайып өттү эле, Кара саат жаш бала, Мына мындай күчтүү эле, Тебетейдей телп этип, Экөө тең аттан түштү эле, Тура калып Антала: — Кайдан келдиң, жаш бала, Бейбаш өскөн мас бала? Кол саласың! – деди эле. — Карап билдим калмаксың, Тирүү туруп арбаксың, Кортоңдобой чыныңды айт, Кай тарапка бармаксың?- Татыбекти бир карап, - Ой, айбалы, сен кимсиң? Тажиктей турат кийимиң, Тегиңди айтып билдиргин! Антала айтат тамталап: — Мына бул тажик, мен калмак, Биздин талап кыргызда, Катышып ага кол салмак! — Катышып келсең кыргызга, Армансыз болгун урушка. Мен кыргыздын баласы, Сейитинин тукуму, Чечекейдин карасы, Асылбача өз атым, Атка миндим жаңыдан, Кыргыздын тынды санаасы. Түп атабыз зор Манас, Манастан бери карата, Кыргызды жеңип ала албай, Кылымдын баары келатат, Тажиктердин Көкбөрү, Тийишкени келди, деп, Көргөн-билген эл айтат, Асылбача андыктан, Жолун тосуп келатат. Бириң тажик, бириң калмак, Көкбөрүнүн кишиби? Көрүнөө кесип башыңды, Бүтүрөйүн ишиңди, Өз башыңа какпасаң, Оозуңдагы тишиңди! Убара болбой таптымбы, Издеп чыккан кишимди, Тажиктердин Татыбек, Темтиреп эстен танган кез, Калмактардын Антала, Карап туруп болду нес. — Чоң атам аты Кененим, Оңой киши дебегин, Армансыз болуп өлгүлө, Өлтүрбөй койо берейин, Өлтүрөргө бата албай, Айтып жатат дебегин, Азар-түмөн болсоң да, Азабың колго беремин. Бириң калбай баарың кел, Караң келбей, ханың кел, Балбан-баатыр, алпың кел, Алты хансың, жалпың кел, Айкөл шерге сыйынам, Теңдешээриң жалгыз мен. Эми неге өзүңөр, Салыштыңар жообун бер! Ашыккандан Антала: — Кыргыз Асыл шер бала, Сырымды айтам мен сага. Жесекчиден кеп угуп, Бир киши келет деп угуп, Кармап алып кетмекпиз, Сени менен жолугуп, Калмак, тажик – эки урук, Алар мени жумшаган, Олтурганда чогулуп, Мен барамын сен кал, деп, Татыбек келди оолугуп, Эрегиштик талаада, Эми турду деми сууп. Суудай сууду демибиз, Армансыз болуп өлгүлө, Кете бергин дедиңиз, Кайта элге кетели, Ырас болсо кебиңиз... Көзүнүн чаарын чыгарып, Көзүр бала тиктеди, Татыбек менен Антала, Оозунан түшүп кептери, Кашын серпип кабылан, Кеткин деген шек берди. Калмак менен тажиктен, Жеткенде экөөн наалытты Манастын уулу экенин, Душманына таанытты. Антала калмак, Татыбек, Аркасына жаншытты, Утур чыкты Көкбөрү, Болуп өткөн иштерди, Божурап кебин салышты: — Келе жаткан кишинин, Жүзүн көрдүк биз, — деди, Кебин угуң, сиз, — деди. Минген аты Торкашка, Адамдан түрү бир башка. Балапан жүнү бата элек, Балтыр эти ката элек, Он беш менен он алты, Жашы анда бар экен, Баралына келгенде, Падыша болчу бала экен, Тулку бойу туура күч, Тутушканын кылган түз, Кара бойу кара күч, Кармашканын кылган түз, Атым менин Асыл, дейт, Алың канча сенин, дейт, Алты хан эли чогулуп, Батыш менен чыгыштан, Түндүк менен түштүктөн, Ажал айдап келдиң, дейт, Өзүм кыргыз уругу, Манастын уулу, билгин, дейт, Беттешээриң менмин, дейт, Бүгүн атка миндим, дейт. Татыбек менен Антала – Экөөбүздү тең сайып, Армансыз болуп өлгүн, деп, Койо берди, кеткин, деп. Алдында калды тутулуп, Өзү койо бергенде, Келе атабыз кутулуп, Кыргыздын Асыл баласы, Ажыдаардай көрүндү, Антала менен Татыбек, Алып келдик мойунга, Кайыл болуп өлүмдү, Эрегишсек эрдемсип, Каныбыз суудай төгүлдү. Көкбөрү айтат мындай кеп: — Антала менен Татыбек, Айтканыңар кандай кеп? Мен жүрүпмүн силерди, Белиме таңуу балбан деп. Кебиңерди ит уксун, Ит укпаса, ким уксун! Жүр, бастыргын, койгунуң, Ашырып айтып мактадың, Кыргыздан келген баланы, Бендеби деп бейлебейм, Бучкагыма теңебейм, Кыйалымда мен аны. Карып калган чак окшойт, Менден коркуп Кененим, Калып калган жайы окшойт, Менин атым Көкбөрү, Кененим Асылбачаны, Жалмайын катар экөөнү. Канча баатыр Каңгайдан, Шибе, солон, манжудан, Баштап жүргөн муңгулдан, Белдүүдөн бар төрт-бешөө, Калмактан келдиң, Антала, Жаныңда катар дагы бар, Тажиктердин ичинде, Татыбек, Нуске, Акул бар, Бири миңден кишиге, Жарай турган баатырлар, Коросон, Испан, Жедигер, Аларда кандай баатыр бар. Маңгыттардын элинде, Саламаттын хан Калдык, Бүткүл дүйнө жер бетин, Аламын дейт мен жалгыз. Аттансын аскер турбасын, Таласка түшөм түз барып, Ким жүрөт белде сандалып, Жаш бала менен кармашып, Жыландан бетер арбашып, Деп оолугуп Көкбөрү, Аскерин айдап көчүрүп, Жаккан отун өчүрүп, Жайнаган калың кол менен, Жабыла жөнөп алганы, Келе жаткан аскерге, Асылбача айбыкпай, Байрагын сайып таштады. Карабады байракка, Белден карай бет алып, Тажиктин эли башканы. Асылды көзгө илбеди, Көптүгүнө ишенип, Дүбүрөп жолго киргени. “Көкбөрү кандай жандыр, — деп, Байрак сайсам билбесе, Каадасыз кандай жандыр?” — деп, Айкөлдүн уулу чунактын Арстандыгы кармады, Көп экенин билбеди, Көптүгүн көзгө илбеди, «Манастап» ураан чакырды, Туу көтөргөн немесин, Ирмебей тиктеп качырды. Байрак кармап бараткан, Бөлтө деген неме экен, Ушул жүргөн элдерде, Менмин жалгыз дээр экен, Байрак сайса билбеген, Каадасыз баскан тажикти, Асылбача арстандын, Качырары эп экен. Асылдын көрүп караанын, Айбатын көрүп баланын, “Атым Бөлтө эр туруп, Айанып кандай калайын” Дегенди ойго жашырып, Желегин жерге жапырып, Тажик деп ураан чакырып, Жөнөдү Бөлтө качырып. Айанар Асыл эр бекен, Акимсинген Бөлтөдөн, Айбаты мунун кем бекен? Жеткен жерде Бөлтөнүн, Найзасын кагып жиберип, Майтору менен аргытып, Артынан чаңын баргытып, Кайта тийди имерип. Асылдан найза жеткени, Алачыктай чоң Бөлтө, Алдындагы ала аттан, Аңтарылып кеткени, Асыл сайган оңобу, Жер тайанып кобобу, Топого башы тыгылып, Жыгылган бойдон жоголду, Бөлтөнүн өлгөн дартынан, Сороктотуп найзасын, Үч калмак кирди артынан, Манастын укум-тукуму Душмандан качан тартынган. Келе жаткан калмактар, Бири найза алганы, Бири балта кармады, Жана бири буулугуп, Бири чокмор алганы. Тегеректеп үч калмак, Ортосуна алганы, Алганына болобу, Айкөлдүн уулу эр Асыл, Эндекей келген жан эмес, Сайыштын жайын бүт билет, - Отуз эки ат машы, Ойунун билет шер Асыл, Жетимиш эки эр Машын, Жетик билет эр Асыл, Адам билген арыпты, Ачык билет эр Асыл, Эрегишкен душманга, Эрдиги бар баатырдын, Жүйөлөшсө сөз айтып, Теңдиги бар баатырдын, Качыргандан кайтпаган, Шердиги бар баатырдын. Кайсаганы жолборстой, Кармаганы илбирстей, Катар сайды калмакты, Бирине-бирин билгизбей. Үч калмак кетти дүйнөдөн, Көкбөрү жуткуч болгону, Мындай ишти көрбөгөн, Балбандарын чакырып, Бол бачым, деп бакырып: — Тажиктен бар беш балбан, Теги кыргыз Асылды, Кыбыратпай байлап сал! Үч калмакты бир киши, Үч жерге сайып таштады, Бешөөң барып байлап кел, Таманына шиш кагып, Бачымыраак айдап кел! Улай киргин аркадан, Байлап алып келбесең, Башыңды алам, билип кал! Тажиктен чыккан ылгалдан, Жыгып мөөрөй алгандан, Күлүктү минип желгенден, Уруштуу күнү качпастан, Бири миңге тийгенден, Эл ичинде аты бар, Беш балбанды жиберген. Асылбача жолборсуң, Ашыгууну билбеген, Бешөө эмес, беш жүздү, Бейлеп көзгө илбеген, Жетисуудан жем жеген, Желбегей Сыргак бүркүттөй, Жээлигип турган эр немең, “Манастап” ураан чакырып, Беш кишини бетке алып, Ирмебей көзүн тиктеди, Беттеп сайып бешөөнү, Өлтүрө сайып үчөөнү, Чала өлүк кылып экөөнү, Минтип шорун катырды, Менменсинген бешөөнү, Тажик менен калмактан, Өлүп кетти сегизи.