Калдыктын Коктукатка качышы
Аңгычакты болбоду, Барабан үнү чуркурап, Калдыктын колу аттанып, Былк этпей кыргыз калыптыр, Бизден корккон экен деп, Таңгуттун эли шаңданып, Уга салып бул кепти, Калдык турду муну айтып: — Ойур-дойур сүйлөбө, Оозуңа келген кепти айтып! Бир тарабы кыргыздын, Чоңдору качып мааналап, Аскерин таштап кеткенби? Айласын таппай кара аскер, Аттанбай турган кептенди. Мемиреп кыргыз калыптыр, Же болбосо төрөсү, Бекбача мында жеткенби? Желпилдетип туу сайбай, Чар тарап аскер тараса, Саадагын илип мойнуна, Колун алып бооруна, Биз жакты аскер караса, Хандары качып кеткенби. Сандап аскер сап болуп, Жабыла минсе атына, Бекбачанын жеткени. Сүрдөнүп кыргыз калыптыр, Түрдөнүп аскер калыптыр, Бекбача келген кептенди.
Деп хан Калдык сүйлөнүп, Дүрбүсүн алып койнунан, Боосун албай мойнунан, Кыргызга салып карады, Сугарып келген аттардан, Чалдыга калды көзүнө, Майторунун карааны. Тааныды Калдык аныктап, Дордоно минип Лопнурга, Чалгынга кеткен кара атты. Тиктеп калып элейип, Далайга туруп селейип: — Алтымыш балбан дайар бол, Жекеге бирден киребиз, Найзаңда болот уч болсо, Билегиңде күч болсо, Бир күндүк жарык көрөбүз, Эгер андай болбосо, Алыска сапар жүрөбүз. Кимиң баатыр, ким коркок, Кимиң чебер, ким чоркок, Бүгүн таанып билебиз. Балбан калбай камдангын, Чакмакташ келсе чаң чыгар, Кардыгач келсе кан чыгар, Жагалмай келсе жан чыгар, Тору атчан келсе жекеге, Жер жарылып суу чыгар, Эр айрылып чуу чыгар. Бекбачаны көрбөгөн, Атын айтпай билбеген, Калдыктын айткан бул кебин. Түшүнбөдү таңгуттар, Ашкере билип бул кепти, Коркуп турат маңгыттар. Монгулдан келген эки эле, Бири кыргыз колунда, Бири тирүү бар анда. Бирөө манжу элинен, Калдык менен бир качкан, Он экинин бири эле. Калдык менен келгендер, Өлүмдү алып мойнуна, Баштарын жерге салышты, Көрбөгөн мурун мындайды, Таңгуттар билбей калышты. Карап турса хан Калдык, Кызыл желек туу алып, Аттанып чыкты Кетиркей, Баштагыдай шалдайбай, Шаттанып чыкты Кетиркей. Жыбыраган кыргыздар, Хан Калдыкка көрүндү, Көздөрүнүн от жанып, Асмандагы жылдыздай, Кубулжуп кыргыз жылтылдайт, Сууда жүргөн кундуздай. Сазан деген неме эле, Алтымыштын бири эле. Алтымыштын ичинде, Таанымалы ал эле. Мойнун толгоп Калдык хан, Сазан баргын деди эле. «Мени баргын деди, — деп, Алтымыштын ичинен, Байкап жүргөн турбайбы, Баатырдыгым белгилеп». Саптан Сазан бөлүндү, Мас болгон нардай кеңгиреп. Оройу бузук бадирек, Өзү лама ал экен, Дамбалы жок жылаң бут, Кабаттап кийип темирди, Атка минген чагы экен, Узундугу чочконун, Алты арышча бар экен, Каш-кирпигин караса, Сайдагы жерде тал экен, Мурду тоонун сеңир таш, Көзү көлчө бар экен, Далысы дөктүр бел экен. Төшү жайык кең экен. Чынма-чынгы пул берип, Ласадагы Ламасы, Мага караан болот деп, Сатып алган эр экен, Калдыктан коркуп калтарып, Берип койгон неме экен. Көрүнүшү Сазандын, Ашкере баатыр ал экен. Саптан Сазан бөлүндү, Орто тоодой көрүндү, Каарданган капырдын, Көзүнөн жалын төгүлдү. Ат минбеген жөө жүргөн, Ат мингенди билбеген, Алыска сапар жөнөсө, Жөө жетип албай пил минген, Мингени мунун пил экен, Маңдайынын бырышы, Кере карыш кир экен. Эки көзү алаңдап, Эки эмчеги салаңдап, Эки бети тултуйуп, Бойу узун болсо да, Мойну жикер култуйуп, Күмбөздөй башы бар экен, Чынардай бойу сүлкүлдөп, Пил менен Сазан келатат, Жер козголуп дүңкүлдөп. Сексен арыш найзасын, Күүлөп колго алыптыр, Күркүрөгөн үн чыгып, Бадирек келип калыптыр. Котендеги Чакмакташ, Мен барам деп жекеге, Хан Кетиркей алдына, Жооп сурап барыптыр, Баргының деп айта албай, Же барбагын деп айта албай, Кетиркей туруп калыптыр. Келгин бурут бириң деп, Корксоң келгин миңиң! — деп, Сазан айгай салыптыр. Корктуң деген кепти угуп, Кетиркейден жооп албай, Чакмакташ кетти чуу койуп. Чакмакташ бала чокчойуп, Сазан дөбө зоңкойуп, Сексен аршын найзасы, Көрүнүп турат койкойуп, Пил менен турса бадирек, Орто тоодой болкойуп, Тоо экен деп жазганбай, Чакмакташ жетти ат койуп.
Найзасын Сазан имерди, Чамакташка жиберди, Билегинде күчү бар, Он тогузда өзү жаш, Жүрөгүндө оту бар Эрдик күчү бир бөлөк, Жаштык күчү бир бөлөк, Делбе күч деп бирөө бар. Сазандын сайган балтасын. Найза менен какканы. Сабы калды Сазанда, Белинен сынып бул найза, Учу асманга атканы, Колунда калган сап менен, Күүлөп келип бадирек Чамакташты чапканы. Өтө андес Чакмакташ, Андай эчен чапканды, Жаздырып көнгөн чаптырбас, Алдындагы тулпарды, Болушунча камчылап, Тоодой болгон Сазандын, Ээк алдына өттү эле, Ташка тийип найзасы, Сан барча болуп кетти эле, Пил экен минген аты деп, Алдынкы ээрдин кашы деп, Табарсыктын башы деп, Найза менен муштады. Кийгени темир жети кат, Козголор эмес кысталак, Соотунан өтө албады. Ташка тийген немедей, Чак этип кайра жанганы, Чанданды көргөн Чакмакташ, Андестиги кармады, Кисепчеден жаңдата, Күрөөкөсүн көтөрө, Кара санга сайганы, Найзанын учу жетиптир, Узундугу төш жары Этин тилип кетиптир, Кара сандан кан агып, Арыкта суудай шар агып, Жандап өттү Чакмакташ, Жана санга бир сайып, Тоодой болгон Сазандан, Эки сандан кан агып, Ачуусу келди Сазандын, Сайдырганга арданып, Колун сунуп арбайтып, Далыдан аткый кармады, Өзү тургай Чакмакташ, Аты менен биригип, Уучуна толбой калганы, Чоркок Сазан маминтип, Аты менен ээсине, Жалгыз эмес экени, Жаза кармап салганы. Жана сермеп кармарда, Коргошун жүрөк, жел билек Коркпой турган Чакмакташ, Албарс менен Сазанды, Ач билекке чапканда, Күч берүүчү тарамыш, Таарый чаап таштады. Билегинен күч кетти, Өпкөнүн кара тамырдан, Кунан уйдун белиндей, Өкүрөңдөп кан кетти. Кан токтобой кансырап, Шайманы кетип алсырап, Көз ачырбай Чакмакташ, Жана тийди теминип, Муштап өттү санына, Найза менен керилип. Сак колун Сазан сермеди, Орумдагы машактай, Чакмакташ колго келгени. Кара ниет Сазанды, Келтирейин эбин деп, Чийкилей этин жейин деп, Эрдин алды кашына, Оморойун белин деп, Жана найза салаарда. Каны агып болгон бейм, Ал аңгыча пилинен, Сазан кетти шалак деп. Чакмакташ колу бош калды, Сууруп алды кылычын, Башын кесип алганы, Жан талашып бадирек, Колун серпип салганы. Колун серпкен күү менен, Сүрө эки бута атым, Учуп кетип калганы. Кара ташка далк этип, Катуу тийди даңк этип, Сынып кетти бир буту, Кашка жилик шаңк этип, Секирип кобо калам деп, Жыгылып кетти жалп этип. Жана турду ордунан, Сазандынын бир карап, Маңдайда көзү жалт этип. Алты таңгут ат салып, Сазандыга жабылды, Алып кетиш пейли бар. Чакмакташка бир баатыр, Ат жеткизди аңгыча, Ат келгенде Чакмакташ, Ыргып минди атына, Кайрып бутун байланды, Канжыгага жанына, Найзаны күүлөп сундуруп, Качырып кирди чамына, Кудай бетин салбасын, Таңгуттар чыдап тура албай, Чакмакташтын каарына, Казан асса бороктоп, Кайначудай көрүнөт, Көзүнөн чыккан жалынга. Ысыгы жайдын күнүндөй, Бетинен чыккан сары түк, Өгүз, айуу жүнүндөй. Кайра жаачу булуттай , Карарып өңү бүркөлүп, Кабагы карыш чүмкөлүп, Буту сынып жаны ачып, Качырып кирди «Манастап», Кара жанга күч келип. Качырып жетсе Чакмакташ, Тоодой Сазан темтелеп, Ордунан турган кези экен. Мойун эттин өзү деп,
Баколоордун бези деп, Туулга жок жылаңбаш, Турган Сазан капырды, Койуп өттү Чакмакташ, Катар күрөө тамырды, Жарып өттү Чакмакташ, Канын суудай агызып, Жайып өттү Чакмакташ, Тоо кулаган немедей, Аркасынан тоңкойтуп, Салып өттү Чакмакташ, Тегеректеп жабылды, Чакмакташка алты акмак, Оңтойуна келтирип, Үчөөнү катар бир сайды, Топо тиштеп жерди каап, Ачылып оозу ырсайды. Качты экөө калдастап, Этектери далбактап, Эки буту салпактап, Жеңи менен камчылап, Кетип барат шалпактап, Антип жүргөн немени, Аны кайдан куткарат? Минген аты баатырдын, Ооздук тиштеп нидерди, Беттей сайып экөөнү, Баруучу жерге жиберди. Жетөө өлдү заматта, Алтымыштан бири өлүп, Элүү тогуз бар эле, Беш баатыр келди жабылып, Жалтанып койбойт Чакмакташ, Ач жолборстой чамынып, Чакмакташтын жанына, Кардыгач жетти камынып, Бекеринен бешөөнө, Калды өлүм табылып: — Жатындашым Кардыгач, Жакындабай оолак кач, Бир бутумду байланып, Кечке чейин майданда, Мен турайын Чакмакташ. Кайраттуу болсо санталак, Келе берсин анталап, Арты-артынан чубуруп, Өлө берсин жер жыттап, Адашып кетип калбасын, Бири-бири кучактап, Беттештирип сайайын, Мойнун буруп кылчактап. Аңгычакты беш балбан, Кирип келди чукулдап, Теспеси бар мойнунда, Башын ийип буркундап. Тик качырып Чакмакташ, Жазганбастан баратат. Өлүмдөн корккон эр эмес, Бир буту сынык жарадар, Алты саны тең эмес. Тандалып келген беш баатыр, Беттешкени бир баатыр, Алдында жалгыз баратыр, Экиден жандап төрт баатыр, Жарыша койуп келатыр. Найзанын учу жетерде, Ат капталга салаңдап, Жата кетти жалп этип. Жандашып келген беш баатыр, Сайалбай өтө бергенде, Кыраан көкжал Чакмакташ, Кыйамына келгенде, Аттын башын бургуча, Аңтара сайып бешөөнү, Эбин тапты бир демде, Чымырканып келгендер, Чыдабады бир желге. Элирип турат Чакмакташ, Баатырга баатыр талапташ, Туулуп өнүп-өскөндөн, Иреге бир канатташ, Жайытта малы аралаш, Алма-телме куда сөөк, Ак ниеттүү санаалаш, Ичи ачынып тура албай, Кирип келди Жагалмай: — Жүрү баатыр, жүргүнүң, Айткан сөзгө киргиниң, Чучугу туура үзүлүп, Чирибесин жилигиң, Жумуш алыс, жол чалыш, Ойлоп баатыр билгиниң. Деп чылбырдан жетелей, Жүрүп кетти Жагалмай. Инисине айткандай, Чакмакташта жөнөдү, Барбаймын деп айталбай. Ал аңгыча күн батты, Тамактанып эл жатты, Асманда жылдыз суйулуп, Агарып чыгып таң атты, Зыркар чыгып зуулдап, Камыштын башы шуулдап, Кара каш торгой чурулдап, Жан-жаныбар кыбырап, Жандын баары мыдырап, Жалпы баары турганда, Барабан үнү угулду, Калдык жактан чуулдап. Караңгыда Калдык кан, Баш көтөргөн мыктыны. Калтырбай баарын алпарып: — Көзүң көрдүң тургандар, Бурут деген эл экен, Бири миңге тең экен, Тиги турган буруттан, Кайсы жериң кем экен? Белдүү баатыр Сазанды, Жарым жандуу, жарты сан, Чакмакташ кесип баш алды. Алтыны сайып бир алды, Бешти сайып жана алды, Сазанды кошуп Чакмакташ, Он экини ал алды. Алтымыштан он эки, Өлүп кеттиң керексиз, Санатың калды кырк сегиз, Кем-керчиң жок деги эле, Телегейиң тептегиз. Жеке чыксаң бирден бар, Буруттан келген ким болсо, Баш байланып өчүң ал, Баарыңдын алың келбесе, Айагында өзүм бар! Деп тапшырып хан Калдык,
Сапка тизди аттанып. Сазандагы эрби деп, Чынында баатыр менмин деп, Алжир деген бар эле, Таңгуттардын элинде, Таанымалы ал эле, Жашырбай чынын айтканда, Сазандан ал зал эле. Эрдигинин эби жок, Мактаганча бар эле. Мен барам деп жекеге, Хан Калдыктын алдына, Нөөмөт сурап барды эле. — Барсаң Алжыр, бар — деди, Буруттан сага ким келсе, Башын кесип ал деди. Күүгүм кире, күн бата, Кайта элге жан, — деди. Чакмакташ келбейт буту жок, Бекбача келээр ыгы жок, Калгандарга сен барсаң, Эми болдум көңүл ток. Көкүтүп көккө көтөрүп, Алжырга берди нөөмөттү, Кем-керчи жок камынтып, Кең майданга жөнөттү. Калдыктан Алжыр кеп угуп, Кырк сегиздин ичинде, Сен мыктысың деп угуп, Майданга келди чоң доңуз, Оозунан түтүн бурулгуп, Төбөсүндө көк түтүн, Жөө тумандай уйулгуп, Эки жагын каранып, Койго тийчү бөрүдөй, Ээрди мурдун жаланып, Колуна кандуу найза алып, Бар шайманын байланып, Басалек тоодой көрүнүп, Келди доңуз шайланып, Денди койуп жанды алып, Көөкөргө куйуп канды алып, Башты кесип байланып, Кыламын деп баарысын. Желип чыкты камданып. Жолум үйдөй баш экен, Жолбун иттей кашы экен, Каш-кирпиги тал экен, Сакалы саадак кабы экен, Муруту токой чер экен, Булкунаары эп экен. Өз бойуна ишенип, Орду менен кыргызды, Жоготом деген кеп экен, Эч өөнү жок мүчөсү, Телегейи тел экен, Көрүнүп турат белгилүү. Балбандыгы чын экен, Көзү уйдай өлүңкү, Жаскак болчу неме экен. Майданга келди далбаңдап, Жерге тийип кум жиреп, Эки буту салбаңдап, Ажал алып жакадан, Токтоно албай калдаңдап, Черчендеги Жагалмай, Кетиркейден жооп сурап, Бекбачага айтпай деп, Хан Кетиркей уйалат, Падыша карап турганда, Башкасы кандай кеп кылат? Бекбача анда муну айта: — Эл чогулуп хан шайлап. Козубектин ордуна. Койуптур сени Кетиркей, Билгениңдей башкаргын, Билги сенде Кетиркей, Андестик менен иш кылгын, Өткөрүп убакыт кечикпей. Барсаң баргын дегенсип, Жагалмайды бир карап, Кашын серпти Кетиркей. Жыйырма экиде жашы бар, Жетик болчу башы бар, Минген аты бозала, Ыргыштай басып жаныбар, Кылтылдатып бастырды, Кыйалданып Жагалмай: — Элге шылдың болбойун, Алжырди сайып ала албай, Сайдырып койуп Алжырга, Эрге шылдың болбойун, Бир буту сынык жарым жан, Чакмакташча боло албай. Албасам да алдырбай. Элге аман бара албай, Кайта барып кечинде, Арка болгон Бекбача, Шерге салам кыла албай, Кайраттанып күч чыңдап, Баш байланып бара албай, Өзүм өлүп атым бош, Ай талаада каламбы? Же барча тоодой балбанды, Аңтара сайып аламбы? Ар ойлонуп баратты, Экиге бөлүп санааны. Жагалмайды көргөндө, Алжыр ойлойт ойунда, Эки чайнап бир жутуп, Сөөгүн бүркүп баланы, Алдында өлгөн Сазанга, Канга канын алганы, Колуна келсе бадирек, Жанга жанын алганы, Аты-жөнүн сурабай, Арам ниет чоң доңуз, Качырып найза салганы. Найзага илип кетем дейт, Жагалмайдай баланы. Бир беттешпей сайдырса, Ал Жагалмай атты алабы. Ортодогу Жагалмай, Оңой олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулаар бел эмес. Кармаган найза сары жез, Алжырга бала болду кез, Күүлөп найза сайышты, Сайдырбастан кагышты, Бир беттешип жанышты, Бирин-бири билишип, Белгилешип алышты. Күркүрөгөн күү чыгып, Үндөрүнөн сүр чыгып,
Үрпөйүшүп тиктесе, Эки беттин ортодон, Бир байпактык жүн чыгып. Бойу пас болуп Жагалмай, Басалек тоодой Алжырды, Төбөдөн ылдый чаба албай, Бүткөн бойун каптаган, Бүт темирге чаптаган, Же кардын жара сайалбай. Алжыр доңуз акырып, Бар кайратын бакырып, Сайып өттү баланы, Балык эттин сөөм жерин, Жарып өттү баланы, Соорудан канын чубуртуп, Малып өттү баланы, Чычалактай кызыл кан, Чычаңынан куйултуп, Жайып өттү баланы, Бөйрөккө найза жетпеди, Анчалык тийген найзага, Аңтарылып кетпеди. Балык эттен найза жеп, Баатырдыгым кайда деп, Намыстанып арданды, Айбалтаны колго алды. Алжыр кайра тийгенде, Найзасын кагып жиберип, Кайта тийди имерип. Ана мына дегиче, Ачып көздү жумгуча, Арстан бала Жагалмай, Алтымыш койуп жиберди. Найза балта аралаш, Көөдөндөгү чарайна, Найзанын учу така-так, Төбөсүнө бой жетпей, Далысында калканга, Балтанын сырты чака-чак. Ителги тийген таандай, Имерип тийген жаандай, Көз ачырбай Алжырды, Уруп турат Жагалмай. Дембелеп ура бергенде, Бүткөн бойу чымылдап, Сөөгү какшап зырылдап, Жыйырма экиде Жагалмай, Жаштарда болбойт жан андай. Коргошун жүрөк, жел билек, Корко турган бала эмес, Түп атасы Жамгырчы, Кем калуучу жан эмес, Бүткөн бойу тарамыш, Жаштардан артык жаралып. Кара бойу катуу күч, Кармашканын кылат түз, Тулку бойу туура күч, Тутушканын кылат түз. Турган бойу баары күч, Төрт жүз кырк төрт устукан, Куйуп койгон чойундай, Үч жүздү койуп жиберди, Билеги талып нойубай. Балтанын сырты чакылдап, Найзанын учу такылдап, Талыкпай уруп бергенде, Алжырдын жапкан калканы, Жарылып кетти талаалап, Торгой көз темир бадана, Ыдырап кетти салаалап, Салаңдап чынжыр самсаалап. Ал Алжырдын көзүнө, Өлүм жакын көрүндү, Качайын деп ойлоду, Узартам деп өмүрдү. «Эрдемсиген баланын, Эбин өзүм табайын, Анталаган баланы, Табарсыктан жарайын, Ичегисин иймелтип, Көк чаар кылып сүйрөлтүп». Деп ойлонуп кара ниет, Алдыртадан канжарын, Сууруп алды кара бет. Амал кылып жатканын, Акыл ойлоп тапканын, Билип калды Жагалмай. Билбегендей кылкыйып, Көз кырын салып кылтыйып, Канжарын сууруп алганын, Табарсыкка маларын, Анык билди Жагалмай, Абалкыдан беш бетер, Катуу тийди Жагалмай. Кадимкидей найзаны, Так көөдөнгө сайат деп, Чарайнадан найза өтпөй, Так этип кайра жанат деп, Найзасы тайып кеткенде, Жандап өткөн кездерде, Анан канжар малам деп, Алжыр турат белендеп. Эми ойлонду Жагалмай, Кар жиликтин сооту жок, Эндей чапан эле деп, Чыканагын коомайлап, Колун оңдоп алганда, Найза салбай көөдөнгө, Кар жиликтин булчуңга, Сайып өттү Жагалмай, Тарамышын тарата, Жарып өттү Жагалмай. Кар жилиги кан какшап, Алжыр калды сайа албай, Чыканактын кырк муунга, Уңгусу менен балтанын, Уруп өттү Жагалмай. Кан жоошулду боорунан, Канжары түштү колунан. Кайраты артык жаш бала, Карк күчүнө мас бала. Кастап алды балтаны, Эсен калган жагына, Кар жиликке чапканы, Кар жиликтен тайгылып, Балта тийди шакшакка, Сол колунун шакшагы, Талкаланып кыйрады. Таканчыктап Алжырдын, Турар алы калбады. Жара сайып булчуңун, Сынбай калган сөөгү сак, Колуна алды балтасын, Күүлөп-күүлөп кысталак, Бир колу жок чолойуп,
Жалгыз колго балта ала, Эби келбей солдойуп, Көтөрүлүп колтугу, Ачылып калды көбүк эт, Жана жетти Жагалмай, Кыйамына келди деп. Алжырга балта чаптырбай, Күрт дедире найзаны, Муштап өттү Жагалмай. Сооту жок этине, Баш боконо кабырга, Кошулушкан четине, Кайра айланып сайганда, Жоон өпкөдөн кечире, Сайган найза жеткени, Өпкөнү кечип кеткени. Өпкөдөн өтүп бул найза, Жүрөгүнө мылк деди, Найзаны тартып алганча, Оодарылып атынан, Ойон Алжыр шылк деди. Алжыр аттан жыгылды, Көрүп турган бир балбан. Атын санга салганы. Атырылып аргытып, Артынан чаңды баргытып, Айкырыгы таш жарып, Аңтара сайып дүйнөнү, Астын үстүн кылчудай, Өрдөктөй мойну узарып, Өрттөй көзү кызарып, Аты-жөнүн сурабастан, Айал-үйөл кылбастан, Жагалмайды качырып, Сала берди найзасын, Жагалмайдай баатырдан, Алып көнгөн канчасын, Адатым деп ал доңуз. Карап турган Жагалмай, Найзасын өлчөп караса, Как жүрөктүн тушунда, Арзан амал таптым деп, Сайдырбастан ушуга, Найзанын учу тиерде, Ат сооруга Жагалмай, Чалкасынан сулады. Каңгып найза кеткени, Аттын оозун имерди, Ашкере мыкты Жагалмай, Аркасынан киргени. Туулганын чети деп, Мойун эттин бези деп, Муштап өттү Жагалмай, Кызыл канга найзаны, Чыктап өттү Жагалмай. Кулак түпкө найза жеп, Томолонуп жыгылды. Ат үстүнө тура албай. Бирден-бирден баргын деп, Калдык айткан бизге деп, Ат койуп бирөө келатыр, Арзан эмес бул баатыр, Кабаттап темир кийинип, Көкө теңир колдо деп, Койнунда будка сыйынып, Жаткан уйдай чойун баш, Арта салып ийгенде, Артылып келатат. Чойун баштын күүсүнөн. Шуулдаган үн чыгат. Булгап-булгап күүлөсө, Жайкы күндөй күркүрөп Дуулдап үнү угулат, Сапта турган далайдын, Сийдиги агып чубурат. Белин түйүп дүктүйүп, Сары түк бетте үксүйүп, Опурулуп күпүлдөп, Көрсөтөм деп дүпүлдөп, Качырып жетти чапканы, Чаптырбастан Жагалмай, Буга айла тапканы. Каарданып жаш бала, Андайга андес маш бала, Кармай алды балтаны, Чокморду шилтеп ийгенче, Алдыртан өйдө Жагалмай, Чыканакка чапканы. Карс дей түштү оң колу, Ыргып кетти чокмору, Кайра атына бурулду, Сак калган колго Жагалмай, Балта менен бир урду, Эки колу тең сынып, Амалы жаман куурулду. Кисепчесин ыргыта, Сайып өттү Жагалмай, Балта менен тизеге, Салып өттү Жагалмай. Эки колу бир буту, Талкаланып жоголду, Атка минип тура албай, Томолонуп торойду. Бирөө келет тың атчан, Аркасынан чаң чыккан, Алды жагын карасаң, Куйун ойноп бургуйлап, Туура жагын карасаң, Бороон болуп жаткансып, Асманга чыгат топурак. Жалгыз элден бөлүнгөн, Алтоо болуп көрүнөт, Найза бойу алдына, Алты сай мөндүр куйдуруп, Күн чагылып чартылдап, Кулак мээни тундуруп, Чоргосун алган көнөктөй, Жамгыр жерге төгүлүп, Жөө туман болуп бөлүнүп, Тунарыктап сөгүлүп, Аркасы ачык күн тийип, Төбөсү тийип асманга, Жер козголуп басканда, Бир дөө келет далдактап, Жандай чаап жете албай, Жекеге чыккан Калдыктын, Балбаны келет салбактап. Ал экөөнүн артынан, Алп кара куш келатат, Канатын серпип калдактап. Оозунан көбүк чачылып, Эки буура келатат, Төрт айагы тарбактап. Эки кулжа келатат, Мурду көөп барбактап.
Эки бука келатат, Жерди чапчып дардактап, Айуу келет саксаңдап, Кара кулак шер келет, Эки көзү чакчаңдап. Жолборс келет күркүрөп, Чөөлөр күлүп шаңкылдап, Карышкыр келет кабышып, Азуулары шакылдап, Илбирс келет иймелип, Куйругу жерге сүйрөлүп. Каман келет дүктүңдөп. Тапек мурун түйрөйүп, Алган экен ал чочко, Сыйкырды далай үйрөнүп. Пилдер келди томпоңдоп, Куйругу жок чолтоңдоп. Жылан келди жыйрылып, Жан-жаныбар калбады, Куураган чөлгө жыйылып. Кыргыздын турган бүт эли, Мындайды мурун көрбөгөн, Башын салды шалпыйып, Калдык хандын аскери, Ырсактап күлөт мылжыйып. Майдандагы Жагалмай, Жаштык кылып апкаарбай, Жалгыздык кылып жалтанбай, Алдында келген чоң дөөнү, Сайып өттү жазганбай. Баатырдан найза жеткени, Сыйкырдын иши эмеспи, Чалкалаган чоң дөөсү, Чалкасынан кеткени, Андан калган көп айбан. Баары жерге житкени, Жалгыз балбан калыптыр, Жагалмайды качырып, Жакасынан алыптыр. Ачууланып Жагалмай, Андай эмес, мындай деп, Чачынан чапчый кармады. Аргамжыдай чач экен, Жолум үйдөй баш экен, Чачы менен этегин, Бириктире кармады, Үзөңгү боого салганы, Капталда булар кагышып, Карсылдашып салышып, Эңишке кирип жарышып. Этектери жайылып, Жакалашып тирешип, Тамандашып тебишип, Ат үстүндө күрөшүп, Аттар тердеп чылпылдап, Жуурулуп ылай былкылдап, Куйкалары курушуп, Азуулары кычырап, Булкуп-жулкуп тартышып, Соотторун булушуп, Чынжырларын үзүшүп, Койгулакка чыдабай, Балтанын сырты жарылып, Пар келгенсип бул экөө, Баатырдыгы таанылып, Туруштук кылбай туулга, Төбөсүнүн жарылып, Найзанын учу түйрүлүп, Кылычтын мизи айрылып, Кармашты булар камыкпай, Күн кечирип түн келип, Айрылышып баатырлар, Аскерине келишти. Жагалмайды кыргыздар, Аттан жулуп алышып, Алдына көрпө салышып, Асырашып калышты. Этинде бүтүн деги жок, Айрылбаган жери жок, Сөөгү эсен эт жара, Тулку бойу турманы, Ак жери жок бүт кара. Карап көрүп Бекбача, Кажырдын өтүн таптырып, Жарасына чаптырып, Кашкулак өтүн алдырып, Ичине эзип бердирип, Эр сийдиги, ат сийдиги, Курмушуну чылатып, Жылаңачтап жаткырып, Эбептен берип чагынча, Себептен берип алынча, Медетти берип барынча, Майга чылап жылкы этин, Орто карта табынча, Айыктырды баатырды, Таң агарып атканча. Барабан уруп аскерлер, Атка минди аңгыча. Ысык күндө какырда, Көз тайгылып закымдап, Асабалар калкылдап, Байагы таңгут майданга, Жана чыкты далпылдап. Бүтөлбөгөн сооту, Оңдолбогон шайманы, Үлдүрөп шайы калбаган, Көөдөнүндө бар жаны. Тоо жылгандай талаада, Кылычын ташка бүлөгөн, Айрыгы отто ширеген, Балтанын мизин эгеген, Сыртына коло чырмаган, Найза, кылыч, балтаны, Баарын ууга сугарган, Туулгасын оңдогон, Соотторун тордогон, Калкандарын кадаган, Чарайнанын тешигин, Темир койуп жамаган. Олоңдорун чыңытып, Минип чыккан атынын, Куйушканын узартып. Чойулуп кеткен турбайбы, Мурунку күнкү урушта, Үзөңгү боосун кыскартып, Керек болчу шаймандын, Жыртык жерин жаматып, Кемтик жерин куратып, Үзүлгөнүн улатып, Кем-керчи жок камдаган, Аттанып чыкты Жагалмай, Ач арстандай кыргыздан. Асабасы калкылдап, Албарс кылыч жаркылдап,
«Манастап» ураан чакырып, Жаш балапан баркылдап, Күүлөп найза сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Качырышып беттешти, Жан айабай сайышып, Найзаларын кагышып, Чама келип чарк жетсе, Өлтүрө сайчу жерлерин, Өлчөмдөшүп алышып, Өлчөмдүү жерин тиктешип, Алдыңкы эрдин тиштешип, Кап сениби шүк дешип, Кара жанга күч келип, Аманат жандан кечкендей, Кылга байлап таштады, Кызыгышкан баатырлар, Кыйын уруш баштады. Балта, кылыч, найзадан, Чойулуп чапкан чокмордон, Аткан мылтык, тарткан жаа, Эр куралы шаймандан – Баарынан айла табылбай, Амалы кетти кайран жан. Аттан түшө калышып, Карпаң-курпаң этишип, Белден кармай алышып, Кочкордон бетер койушуп, Мурдунан канын чубуртуп, Букадан бетер сүрүшүп, Этегин белге түрүшүп, Койун колтук алышып, Орой-торой чалышып, Эпсиз кыйнап жандарын, Эмгекти мындай табышып, Тегеретип серпишип, Каттай бутка тебишип, Айкырышып имерип, Аркан бойу жерлерге, Ыргытышып жиберип, Аркага сүрүп барышып, Алдын карай тартышып, Жыгылбастан ийилип, Тизеден жерге батышып, Тегеретсе бурулуп, Буту тизеге урунуп, Өнүп турган түптүү чий, Түбү менен суурулуп, Томурайып жыгылып, Таштын бети жойулуп, Талаанын баары тилинип, Кой эти бышым күрөшүп, Көөдөндөшүп тирешип. Бура тарткан жерлерди, Буурсундай буту жирешип, Бирин-бири жыга албай, Далай амал кылышып, Дегеле пайда табалбай, Күрөштөн айла кеткенде, Ат атына миништи, Мурункудай баатырлар, Карсылдашып киришти. Этекти белге түргөндө, Жөө күрөшүп жүргөндө, Көрүп койгон Жагалмай, Беттешип жаткан балбандын, Соотторунун жыртыгын. Байкап койгон белгилеп, Баштан айак кийимин. Ачууланып ал доңуз, Айбалтасын алганы, Таамай жакшы чаба алса, Жагалмайдай баатырды, Жалпайта чаап салганы, Коондой башын мойнунан. Корооздой үзүп алганы, Кезенип келе жатканда, Көтөрүлүп күрөкө, Карчыганын балык эт, Күрөкөсүз калганы. Анык көрүп төп билип, Балтаны таштап жиберип, Найзаны кармап имерип, Ирмебей көзү тиктеди, Эрдин кесе тиштеди. Балта менен чапкынча, Күрөөкөсүн көтөрө, Карчыганын сүбөөгө, Найзаны муштап жиберди. Муштаган найза нетиптир, Катарынан бөйрөктү, Тепчип өтүп кетиптир. Кырк кабырга кыйрады, Кыйынсыган кысталак, Кырданып жерге кулады. Тоо жыгылган немедей, Тоңкойуп өлүп жатканы. Намыстанып дагы бирөө, Майданды көздөй ат салды, Аскер кайра түшүүчү, Болуп калган убагы, Жагалмай сындуу жаш бала, Кыргыздын күйгөн чырагы, Жыйырмада жашы бар, Солкулдап турган убагы, Карт күрөңдөн кем эмес, Алдында минген бууданы, Тоодой эрди сулатып, Толгон жаштын чыйрагы. Каскаксыз найза өңөрүп, Келаткан чочко көгөрүп, Найзасын какпай катышып, Найза салбай сайышып, Өтө берип Жагалмай, Кайта тийди имерип. Сайып өттү торойтуп, Жазылыгы төш жары, Жалаң болот испанды, Кармай алды сабынан, Сууруп алды кабынан, Башын кесип жөнөдү, Таарый чаап мойнунан. Мен-мен деген балбаны, Качырып найза салганы, Чокморун үйдөй чоңдору, Колтуктарын чойгону, Эшик эндүү балтачан, Жаркылдатып жанына, Жалаң кылыч байланган, Тирүү таңгут келбеди, Чакмакташ менен Жагалмай – Эки жашка барганда, Буйрук берди капта деп, Чыдай албай Калдык хан, Кара аскер башын тартабы,
Каны кылган жардыктан. Элүү миң аскер кырк балбан, Тоодой Калдык баштаган, Ат койуп кирди турбастан. «Манастап» кыргыз урааны, Адамдын тунат кулагы. Мындай чууну укпаган, Найза, кылыч, балтасын – Баарын таштап атыптыр, Кулагын басып кош колдоп, Таңгуттун баары жатыптыр. Айкын билип Кетиркей, Буйрук кылды мындай деп: — Ураанды жакшы салгын, — деп, «Манастап» ураан айтканча, Тоңкойуп жаткан элдердин, Көзгө толгон эрлердин. Шайманын жыйнап алгын деп. Белиндеги кылычын, Чечип алса белинен, Кантесиң деп айтпады, Кулагын басып кол колдоп, Үстөмөндөп жатканы. Тепсеп жүрсө турбады, Башын өйдө кылбады, «Бөрк ал десе баш кескен» Мындай эчен ургандар, Былк этпей жаткан чандандын, Башын кесип салганы, Кылычын канга майлады. Сүр-сүр түшүп ызы-чуу, Таң агарып кылайды. Шоолалап Калдык караса, Кыргыздын туусу солк этпей, Хан Кетиркей турганы. Өзүнүн элин караса, Ат үстүндө бирөө жок, Карапайым кыргыздар, Далайдын башын алганы. Байкаса Калдык аңкарып, Жүзчөлүк кыргыз бир жерде, Чылбыр, тизгин бош кеткен, Жыйнап жүрөт атты алып. «Жагалмай менен Чакмакташ, Бир күндүккө чыдабас. Кан Кетиркей калганы, Каарыма чыдап тура албас, Бекбача бар балакет, Эрдемсип кирсем теминип, Өлүп кетет курган баш. Жашым кыркта кырдамын, Бекбача көрүп калганча, Бир жакты көздөй жылайын, Адырда жүргөн бир топтун, Бирин койбой кырайын, Бир четинен кыргыздан, Өч алганча турайын, Жагдай келсе жарашып, Айбалкайдан тик жарып, Өт алганча турайын» Деп хан Калдык кобурап, Арамдык бүгүн ниетине Ат жыйнаган элдердин, Жетип келди четине, Кардыгач анда бар экен, Ошол элдин ичинде, Кардыгач кандай жан экен. Аны Калдык билбеген, Сексенчелик киши экен, Буларды көзгө илбеген, Жеткен жерде тоңкойтуп, Сайып кирди бир четтен. Жыгылды деп тим койбой, Ичинен канын чубуртуп, Боорун жарып өт алып, Куну деген дары деп, Жүрөк канын кошо алып, Жыйырмача кишини, Өлтүрүп ийди өч алып. Көрө койуп Кардыгач, Чакмакташ менен жатындаш, Бир курсактан эгиз баш, (Кээ бирлери кошмок деп, Эки түрдүү кеп айтат) — Эрди сайып алмак бар, Ичин жарыш кайда бар? Нарк нусканы билбеген, Сендей айбан кайда бар?! Айкырып жетти Кардыгач. «Жаш гана кай бала экен, Ажал алып жакадан, Жолу тийбей өлгөнгө, Шашып калган чагы экен» Деп ойлонуп Калдык хан, Айбан деген кеп угуп, Айабай жаман ардыккан, Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп алды кара ниет, Жаш карынын ылгабас, Ичи заар, кара бет. Теектүү найза албады, Такалып калат кокус деп, Каскаксыз найза алганы, Качырып жөнөп калганы, Калдык менен беттешип, Кардыгачтын ичинде, Калганы жок арманы. Калдык келет мекийип, Ирмебей көзүн чекийип, Алайын деп баланы, Найзага илип көтөрүп. Сайдырбады Кардыгач, Он тогуздан өзү жаш, Өзү аргын уруусу, Бала мындай туулбас. Найзасынан үн чыгып, Кайраты толук жетик баш. Карса-курса сайышып, Каңкылдатып найзасын, Сайдырбастан кагышып, Имериле калышып, Эми чындап салышып. Найзасы сынды Кардыгач, Калдык жаман каарданды, Сайамын деп баланы. Апкаарыбай Кардыгач, Жалындаган найзаны, Жазганбастан кармады. Сабы калды колунда, Байыркынын кептери, Байандап айтса сонунда! Учунан кармап Кардыгач, Тарткылаша кеткенде, Учунда уңгу темири, Суурулуп чыгып кеткени.
Сабы калды Калдыкка, Учу жок найза сайганга. Сойулдай күүлөп имерип, Кардыгачты чапты анда. Чаптырбастан Кардыгач, Балта менен какканда, Найзанын сынган жыгачы, Зыркырап учат асманда, Кайраты толук Кардыгач, Жазылып калды дастанга. (Эрикпейт да зерикпейт, Элден жыйнап мындайды, Акын Балбай жазганга. Алтымыш бештен ашканда, Эстеп Жусуп айта бер, Агаңдан калган нускаңды, Жайып элге чачканга) Найзадан булар айрылып, Балтасын алып камынып, Жана кирди Калдык хан, Ач бөрүдөй чамынып. Туулгага чаптырбай, Балтаны тосо бергенде, Айбалтасы Калдыктын, Сырты кетти жарылып. Тик качырды Кардыгач, Балтасы жок Калдыкты, Чабайын деп жапшырып. «Таамай чапсам ким болсо, Бул дүйнөдөн узатам, Ал дүйнөгө тапшырып». Жаш балапан Кардыгач, Жан айабай баратат. Маңгыттардын Калдыгы, Ичине батпай ардыгы, Такымдагы чойун баш, Жолум үйдөй чоңдугу, Булгап-булгап имерди, Кардыгачты чокуга, Чойун баш менен жиберди. Балта менен чокморду, Салып калды Кардыгач, Сырты тийбей балтанын, Мизи тийип чокморго, Калдыктын чапкан чокмору, Күчтүү чапкан чоң балта, Капталынан тийгенде, Ыргып кетти капкайда. Кардыгачтын балтасы, Кошо кетти чокморго, Сабы калды колунда. Капыр Калдык карарып: — Эмикинин балбаны, Ааламга тийген зардабы. Бекбача мындай кылбады, Муштумдай болгон жаш бала, Мени ушундай кыларбы? Жанындагы кылычты, Кабынан суурганы, Кыйамына келтирип, Кыйа чаап белинен, Кыйырынан кылыч урганы. Билбей калбайт Кардыгач, Найза кагар шылк баш, Бүлдүргөсү белгилүү, Кемерине илинүү, Жулуп алды Кардыгач, Кылычты кандай чабарын, Байкап калды Кардыгач. «Кысталак буруттун, Жарык күнү түгөндү, Бул дүйнөдөн жөнөдү» Деп Калдык катуу кезенип, Жайылданып алыптыр, Туура белди болжолдоп, Кылыч шилтеп калыптыр. Ылаачындай шамдагай, Өтө андес Кардыгач, Кармап турган оңтойлоп Шылкы мойун чойун баш, Дал бетине кылычтын, Жаза чаппай какканда, Өзү болот темирден, Сугаты катуу берилген, Шылкы баш катуу тийгенде, Үзүлүп кетти белинен, Сабы калды колунда, Тутамчалык темирден. Калдыкты кудай урганы, Кардыгачты жакадан, Колун сунуп кармады, Кардыгач туруп албады, Жакадан бу да кармады. Кардыгач адис бала экен, Кан Калдыктын колуна, Канжыга орой салганы. Кардыгач мурун көрбөгөн, Калдык өңдү балбанды. Калыңдыгы бир эли, Жазылыгы төрт эли, Ийлеген бугу кайышты, Чирене түшүп тартканда, Үзүлүп кетти чарт этип, Билегинин териси, Сойулуп чыкты шалп этип. Кан Калдыктын колунда, Билегинде тери жок, Аны Калдык кенебей, Элеп койгон жери жок, Эр азамат неме экен, Эрдигинин эби жок. Эрлеринен ажырап, Ичи ачынган Калдыктын, Жанын айар жери жок. Он тогузда Кардыгач, Ушунчалык кылганга, Калдык жаман ардыгат, Капаланып хан Калдык, Кайгыдан өңү саргарып, Кетелек деген куралын, Эптей кармап колго алып, Чачыратып жоготуп, Кетейин деп бир салып, Ачууланып белсенип, Эрдин кесе тиштенип, Кардыгачты качырды, Күүлөп алып тап берип. Чаптырбады Кардыгач, Сала берип олутун, Кара жерди чаптырып, Эрди чаппай жерди чаап, Эң эле жаман ардыгып, Улай үчтү чапканча, Чаптырбады жаздырып. Калдык жаман кара ниет,
Абийири жок кара бет, Чаптырбады Кардыгач, Чабалбай Калдык ардыгат. «Кардыгачтын өзүнөн, Кыйын экен Буурул ат, Буурулду бутка атайын, Ажырап аттан калганда, Жер жаздантып чабайын». Арамдык кылып ал доңуз, Жебени алды колуна, Аткан огун Калдыктын Тийгизбей кармап алсам деп, Кардыгачтын ойунда. Калдыктын тарткан жебеси, Буурулдун тийди колуна, Колу сынды Буурулдун, Калдыктын аткан огунда, Карап турган Жагалмай, Арткы элдин тобунда, Койгон бойдон жөнөдү, Кардыгачты куткарып, Ала кетиш ойунда. Жагалмайды Калдык кан Жазбай таанып билгени, Минген аты Эликсур, Атын атып жиберди, Жебенин огу жеткени, Кулак түптүн безине, Жебенин огу мылк деди, Жаадай учкан Эликсур, Бутадай учуп кетти эми. Калдык койуп баратат, Кардыгач менен Жагалмай, Катар башын кескени. Калдык башын кесер деп, Кардыгач менен Жагалмай, Катар өлүп кеткенде, Ишибиз болоор бекер деп, Басып калган Чакмакташ, Бутун айап чебердеп, Бозала менен койгулап, Зырылдатып жебени, Демеп тартып чойгулап, Манас деген үн менен, Канаттуудай зыркырап, Көргөнгө түрү бир башка, Ажыдаардай сүр менен Чакмакташты көргөндө, Калдыктын бойу сезгенди, Колундагы жебени, Чакмакташка имерди. Жебесин Калдык тартканча, Чакмакташ тарткан жебеси, Калдыктын колун шакшактан, Талкалап чыгып кеткени, Колундагы тарткан жаа, Жерге түшүп кетти эми. Кайра тартып калдактап, Калдык качты далбактап, Өпкөлөтө теминип, Эки буту салпактап, Бозала менен Чакмакташ, Кууп барат дардактап, Коркуттум деп Калдыкты, Чаначтай көөп барбактап, Эр чырагы эки көз. Маңдайында алактап, Аркардай таштап арышты, Бозала барат шалактап, Териге сыйбай Чакмакташ, Бара жатат далактап. Калдык минген Карасур, Жаадай учуп зыркырап, Ылаачындай дыркырап, Аркасында чаң калып, Бута атым жерде быркырап, Бозала менен Чакмакташ, Жетер-жетпес баратат. Алдыңкы жерди карабай, Ой-чуңкурду санабай, Өлүмдү калды унутуп, Кылча жанын айабай. Аркан бойу эни бар, Калдык жетти бир аңга. Айагы эки бөлүнгөн, Аңкайып Калдык караса, Аттатып өтүп бир аңдан, Жарды бойлоп жөнөдү. Көрө салып кардыгач: — Калдыктын алды аң экен, Аң болбосо жар экен, Түз кете албай бултактап, Жол таба албай калды, — деп, Мен тосойун алдын деп. Минген атын чуратып, Артынан чаңды чубалтып, Кыйа артып жөнөдү, Каргаша келип капташса, Адамдын көзү көрөбү, Катар келген кош аңдын, Туурасы сүрөө бута атым, Бозаланы Чакмакташ, Камчы менен шыбады, Эти ачынган Бозала, Арыштап катуу чуркады. Аттап чуркап кош аңдан. Эки колу жар чапчып, Эки буту аң тепсеп, Чалкасынан жыгылды, Аты менен Чакмакташ, Жер кемерге тыгылды. Аркасын Калдык карабай, Качкан бойдон кетиптир, Чакмакташтын артынан, Кардыгач улай жетиптир. Чакмакташты тар аңдан, Тартып алды Кардыгач, Бели үзүлүп кетиптир, Жашылданып көздөрү, Өлүп кетти Бозала ат. Чакмакташты Кардыгач, Мингизип алып атына, Жетелеп кетип баратат. Кылчайбай Калдык качканча, Индустан кирип кете албай, Текси тоо бойлоп жөнөдү, Улуу ингенге жете албай, Моңгулдан башка Калдыкка, Баш калкалаар жери жок, Башка элге Калдык бата албай, Коктуга кетти кан Калдык, Муну мындай таштайлы, Бекбачанын Көйкапта, Жомогунан баштайлы.