← Асылбача-Бекбача

Калдыктын Памир кыргыздарын чабышы

Маңгытка Калдык баралбай, Чыгышты карай бет алып, Он эки калмак котчу алып, Кетип барат Калдык хан, Алды-аркасын карабай, Күндүз жатып, түн басып: «Көрүп калса бир киши, Бекбачага айтат, — деп, Угуп калса Бекбача, Аркамдан издеп чабар, — деп, Каалаган жерге жеткизбей, Канымды суудай жайар, — деп, Чыгышты карай түз жүрсөм, Ат изине салар, — деп, Абийирим ачып айрандай, Амалсыз кылып салат, — деп, Кудайым бир, диним бир, Асилинде түрүм бир, Таңгуттун элин табам, — деп, Баштан өткөн жумуштун, Баарын айтып барам, — деп, Таңгуттун эли тил алса, Котен, Черчен, Лопнурду, Түп көтөрө чабам, — деп, Түгөнүп калган кыргызга, Түйшүктү мыктап салам” — деп, Бадакшан менен Балыктын, Арасынан качканда, Оогандын элин аралап, Үргөнчтөгү кыргыздын, Абалын байкап чамалап, Памирдин тоосун кыдырып, Күңгөйү менен сыдырып, Кешмирге жете барыптыр, Кара нээт Калдыктын, Шайтаны кармай калыптыр. Ноңпа деген жер экен, Такыр кыргыз эл экен, Карыларын какшатып, Катындарын боздотуп, Такыр талап алыптыр, Черчендеги кыргызга,

Теңи качып барыптыр, Черченде эштек эли экен. Ээ болуп элди башкарган, Атактуу шаар Котенден, Чын деген аты бар экен. Козубектин ордунда, Кетиркей деген хан экен, Эгиз туулган жанында, Эки баатыр бар экен. Биринин аты Чакмакташ, Биринин аты Кардыгач, Черченде бар бир баатыр, Анын аты Жагалмай. Кетиркей кабар угуптур, Ким экенин биле албай, Элдин четин таласа, Жетим таштап жатып алалбай, Үч баатырды котчу алып, Үч миң ашуун кол алып, Кетиркей жөнөп калыптыр. Ноңпадагы кыргызга, Кетиркей жетип барыптыр. Маңгыт Калдык экен деп, Аны кабар алыптыр. “Качкан экен Калдык, — деп, Таңгытка келген сыйагы, Баш калкалап маана издеп. Бекбача биздин төрөбүз, Кай кеткенин биле албай, Калган окшойт жок издеп. Бекбача болсо жарадар, Кыргыз болсо санаадар, Калдык келбейт мал издеп.” Кетиркей муну ойлонуп, Ноңпадагы элдерден, Анык дайнын сураса, Текши тоонун жерине, Кызыл чапан элине, Лахаса деген шаарына, Тирүү кудай жанына, Кетти деп угуп аныгын, Кайра кетти Кетиркей, Лахаса кууп баралбай, Кайгырып калды Кардыгач, Чакмакташ менен Жагалмай, Билеги жоон жаш балдар, Маңгыт Калдык дегенге, Бир беттешип алалбай, Таласка киши жиберди, Котендеги Кетиркей, Бекер жатып алалбай. Лахаса барып хан Калдык, Баштан айак калтырбай, Барлык ишин кеп салып, Лахасада Ламасы, Калдыктан угуп каарданып, Ачууланып заарланып, Маржандан тизген миң теспе, Оңдоп-солдоп сыдырып: — Келиптирсиң, Калдык сен, Бүт дүйнөнү кыдырып, Моңгол, манжу, солонду, Кара кытай, шибени, Маңгытты кошо кырдырып. Бекбача деген бурутту, Мен жүргөнмүн көп угуп. Жыйырма жылдын алдында, Биздин элден канчасы, Лопнурдагы кыргызды, Чаап алган карачы, Лопнурдагы кыргыздар, Бекбачага жиберип, Кабар айтып арачы, Эки тарап бөлүндү, Кыргыз, таңгут арасы. Бекбача келген бул жерге, Кан ичме бурут баласы. Чиңгилди ашып биздин эл, Мал алыптыр кыргыздан. Бекбача келип кол салып, Ак карлуу тоого жол салып, Кармап алып Ламаны, Журт эгеси маананы, Кыргыздан алган малдардын, Төлүн кошуп мал алып, Жалган-чынын карабай, Кыргыздын кеби ырас, деп, Алтын-күмүш зар алып, Кундуз, суусар, сүлөөсүн, Койбой баарын бүт алып, Жакут, кохар таш алып, Зыбыр жатты жана алып, Ага арзыбай бул бурут, Беш жүз уул, беш жүз кыз, Миң кишини дагы алып, Миң кишини алпарып, Кайта койо бериптир. Кыргызды мактап миң киши, Кайтып элге келиптир, Кыргыздын эли калыс, деп, Биздин эл айтып жүрүптүр. Арамзада буруттун, Айласын көр, хан Калдык, Биздин эл жүрөт эмгиче, Жок айлага алданып. Уламадан угушта, Андан мурун алдында, Кененим келип бул жерге, Чынгышты кармап колго алып, Гүлгаакыдай кушту алып, Чыныкедей кызды алып, Кызыл гүлдү кошо алып, Он жети кабат кызыл там, Бирин бузуп кулатып, Улуу-кичүү таңгутту, Чуркуратып чуулатып, Арылгыс арман күн кылып, Кеткен экен Кененим. Баарысын угуп жүрөбүз, Бурутка барып кол салып, Канча жылы кармашып, Коросон, Испан, Ооганды, Жөн койбостон буларды, Сенин кирип тилиңе, Ойондун баары кулады. Моңгул, манжу, солондон, Шибе менен киденден, Мен баатырмын дегенден, Хан Коңурбай баш болуп, Айак жагы эмгиче, Буруттан өлүп түгөнгөн. Маңгыт менен жедигер, Баары өлдү буруттан.

Тепсеп келет буруттар, Ушу жерде сен турсаң. Элүү миң аскер берейин, Элден балбан издейин, Курал-жарак саймандар, Азык-түлүк арткан нар, Агар алтын, ак күмүш, Керек болчу буйумдар, Баары менден, Калдык хан, Экинчи жардам кылалбайм, Кетип калгын сен мындан. Сага жардам кылалбайм. Буркунга жардам мен кылам, Мааналатып бул элге, Жашырып койсом сени мен, Элөөсүз өлүм кырылам. Деп айтканда ламасы, Угуп Калдык муңайды, Каны качып кубарды: — Аскер берем алгын, деп, Алтын, күмүш, зарың, деп, Азык-түлүк артуучу, Жүк көтөрчү нарың, деп, Кайда барсаң баргын, деп, Бул айтканың кандай кеп? Сыйлаганың буркунду, Ушулбу, таңгут, абалың? Тизе бүгүп алдыңа, Келип турган убагым. Тур десең да турбаймын, Ачык айтчы угайын. Мындан кийин жардам-жаат, Канча берип турарың? Кыйналган жерде самаймын, Кылчайып артым караймын, Мынчалык жардам бергин, деп, Айттырып, Лама, сураймын, Жашырбаймын сырымды, Ойлогон ушул кыларым- Ашып түшүп Черченден, Лопнурдагы кыргызды, Бүтүн койбой чабамын, Турпан менен Кумулду, Кошуп айдап аламын, Түндүк карай жылыштап, Коктукат барып тынамын. Элүү миң аскер сен берсең, Черчен менен Лопнурдан, Элүү миңди мен жыйсам, Жүз миң аскер мол жыйсам, Моңгул, шибе, солондон, Кара кытай, манжудан, Каттап аскер дагы алсам. Беш уруктан он миңден, Элүү миң аскер албасам, Жүз элүү миң кол менен, Алтай, Иле, Ысыккөл, Кең арыштын жол менен, Таласты карай жылбасам. Черчен, Лопнур, Турпанда, Кумул, Баркөл- буларда, Кутубий, Манас-аларда, Алтай, Иле – тоолордо, Басып өтөр Ысыккөл, Казак, кыргыз аралаш, Канатташ эл чамалаш, Алтымыш уруу алаш деп, Жоого чыгат сабалап, Кыргыз менен казактан, Баш көтөрөр калтырбай, Кырбасам баарын тамамат! Алтымыш уруу алаш деп, Эл чогулуп биригет, Таңгут, маңгут бир эне, Моңгул, тыргоот бир эне, Чогулушуп баш кошуп, Бирикпейбиз дегеле. Түбүбүз бирге тууган, деп, Алдыңа келсем маана издеп, Корголотуп жаныңды, Ала качып малыңды, Жолобойсуң дегеле. Жолобосоң жолобо, Таласты чабам ойлосом, Бул сапарда жөн эле! Берериң ырас чын болсо, Айтканыңды нак бергин, Алтын бергин, зар бергин, Азык артар нар бергин, Элүү миң бердиң аскерди, Балбаныңан да бергин. Карысын бербей жашын бер, Ноокасын бербей сагын бер, Элиңден эми ылгап бер, Бошун бербей тыңдап бер, Ойноп бербей ойлоп бер, Аз болгондо беш жылдык, Жетерине болжоп бер! Деп тапшырып хан Калдык, Ламага кылып чоң жарлык, Элүү миң аскер, беш жүз төө, Алты күндө жамдалып, Элүү миң колдун сыртында, Алтымыш балбан дагы алып, Кол сураймын Какандан, Ага тартуу кылам, деп, Алты күптө зар алып, Түтөгөн таңгут байлыгы, Карыдан майга малынып, Ойлогонун бүт алып, Ласадан Калдык аттанып, Алдайгырдын белинде, Аладырдын жеринде, Анда жаткан кыргызды, Такыр талап бүт алып, Утур келген кыргыздын, Боорун жарып өт алып, Черченге кирди бет алып. Черчендик кабар алыптыр, Котендеги Кетиркей, Ага кабар салыптыр. Черченди баштап Жагалмай, Хан Кетиркей, Чакмакташ, Кашында бар Кардыгач, Сантал деген бир жерде, Алдынан тосту акмалап. Белден ашып хан Калдык, Убап-чубап самсалап, Санталга түшүп келгенде, Кетиркейдин кызыл туу, Асабалап жайылып, Ак ташка турган сайылып. Хан каадасын кылбады,

Карап Калдык турбады, Каптап кир деп аскерге, Калдык буйрук кылганы, Камчысын Калдык булгады. Кум ысыган мээ кайнап, Кыргыз, таңгут бет келди, Ураан салып айгайлап, Кетиркей турду туу кармап. Эр Чакмакташ, Кардыгач, Жагалмай кирди бел байлап, Аралашкан аскерден, Шыркырап агып кан жайнап. Өзү дагы Чакмакташ, Аты дагы Чакмакташ, Удаалаш жүрөт Кардыгач, Сандалатып Таңгутту, Сайып кетип баратат, Аркасынан Кардыгач, Алмадай башын калтырбай, Кагып кетип баратат. Бир четинде Жагалмай, Жаадай сызып тулпары, Жанына киши баралбай, Жаалысы артык баатырга. Жанашып калган адамзат, Өлбөй тирүү калалбай, Жанында Суртай жөлөгү, Жагалмайдын бөбөгү, Кылганын көрүп төртөөнүн, Жүрөгү чыгып жүдөшүп, Айбатынан сүрдөшүп, Үч баатыр жүргөн жагынан, Ат тизеден кан кечип, Эр карыдан жин болуп, Ай караңгы түн болуп, Карап туруп Калдыктын, Кара башы муң болуп, Ээрчитип келген таңгуттун, Катыны калды тул болуп. “Балакет баскан кыргыздын, Баары баатыр, баары эр, Үч баатырын карасам, Адамдан качар эр эмес, Оңойлук менен кишиге, Жооп айтар неме эмес, Байкап көрдүм буларды, Бактыбайдан кем эмес. Балакет баскан кыргыздар, Тоодо туулуп, тоодо өскөн, Тогуз-ондон ашканда, Атка минип жоодо өскөн, Чулдур тили чыкканда, Манастын атын үйрөткөн, Там-тум буту чыкканда, Чырпык кыркып ат кылып, Балдары минген кезинен, Ат миндирип үйрөткөн. Мылтык атып, жаа тартыш, Найзалашып сайышып, Балталашып чабышып, Кан куйулган жерине, Курмушуну куйкалап, Алып келип басышып, Кан чыгарбай таңышып, Найза, кылыч, чокмордун, Ай балта, сойул, кетелек, Баарысынын ордуна, Камчы иштетип маш кылып, Баккан кыргыз калкы экен, Бала кезден чыныгып, Үйрөнүп алыш шарты экен, Урпактан урпак тукум кууп, Келе жаткан наркы экен. Баарысынан бир жери, Талаага өлүк таштабас, Түпкүлүктүү салты экен. Чырпык кыркып ок тиштеш, Ант кылганда салт экен. Канга колун малышы, Кыргыздан бизге барганбы? Же болбосо алмашып, Кыргызга бизден калганбы? Эми бир күн тим койсом, Тирүү киши калтырбай, Баарысын кырып салабы? Жалгыз башым калабы? Барабанды урдуруп, Кумда кулак тундуруп, Ажыратып буларды, Ишке салып көрөйүн” Алтымыш эле санаты, Таңгуттан алган балбанды, Эсин таппай эндиреп, Ойуна Калдык алганы, Барабанды ургун, деп, Буйрук берип салганы. Барабаны кагылды, Барабан үнүн укканда, Бөлүнүп аскер жарылды. Айрылып аскер бөлүндү, Жагалмай менен Кардыгач, Бала баатыр Чакмакташ, Хан Калдыктын көзүнө, Ажыдаар көрүндү, Бир күндүк болгон урушта, Бул үчөөнүн колунан, Далайдын каны төгүлдү. Кетиркей элин башкарып, Хан Калдык элин башкарып, Жесекчилер бөлүнүп, Сыртынан элди кайтарып, Жата турсун эки кол, Аны таштап салыңыз, Арстан баатыр Бекбача, Кабарын угуп алыңыз. Кан төгүлгөн кыргында, Ордун чыгып сыртына, Хан Калдыкты табышка, Талаага тарпын калтырып, Өткөн өчтү алышка, Артынан түштү Бекбача, Калдыктын изин карабай, Каңгайды карай кетти, деп, Артынан түштү сабалай, Алдында минген Майтору, Аттын күчүн айабай. Жолдон карап из чалып, Дүрбү салып бел-белде, Кашкарга келип Бекбача, Көрө албады дегеле. Терс айланып Бекбача, Алтай, Иле, Ысык көл, Жуңгарда жаткан жапан чөл, Каз-каркыра ээлеген, Катардагы көлдөрдөн,

Андан карап табалбай: “ Арам өлгөн доңуз, — деп, Батышка качып кокус, — деп, Жедигер менен маңгыттан, Аскер жыйнап айактан, Жер алгалы кеткенби? Ата журтум Таластан, Атбашыда Бактыбай, Каар көрдү кыргыздан, Калдык башын катпаган, Калган эле Индистан. Таласка барып мен мундан, Эл четинен кеп угам, Келбеди деп кеп уксам, Индистан барам түз мындан. Карым казык болбосо, Калдыктын жүрүп артынан, Башым токмок болбосо, Бул маңгыттын дартынан!” Ойуна алып Бекбача, Таластан дайынын табалбай, Калдыкты алып ойуна, Же үйүндө жатып калалбай, Жедигер, букар элинен, Кабар алып маңгыттын, Мурун турган жеринен, Кайра жанды Бекбача, Чамбылдын артуу белинен. Коросон, испан, ооганды, Койбой издеп буларды, Кайда болсо Калдыктын, Бир кабарын табам, деп, Эки жылдык из болсо, Эми баскан немедей, Анык билет Бекбача, Жазында баскан из болсо, Алты ай жайлай күн жааса, Аны билет Бекбача, Эки жылдык изди кууп, Ээсин табат Бекбача. “Бадакшан барып из чалам, Өлбөй тирүү болгондо, Калдыктан барып өч алам, Көөдөндө жаным бар туруп, Өч албай кантип мен калам?!” Жедигер, маңгыт элинен, Жетисуу, Чамбыл жеринен, Кайра тартып Бекбача, Бадакшанга келаткан, Хан Кетиркей жиберген, Кабарчысы Котендин, Таласка кетип бараткан. Келе жатса Бекбача, Кара сакал, ак чапан, Утур чыкты бир адам, Бекбачаны көргөндө, Калтаарыды ал адам. Карчытынан кан тамган, Кара көздөн от жанган, Кабагына кар жааган, Мурутуна муз тоңгон, Сакалы тал-тал бириндеп, Бекбачаны ким көрсө, Бүткөн бойу дирилдеп, Оңкогой мурун жайык бет, Өңү сары, көзү көк, Өзгө жандан бөпбөлөк, Каары катуу көрүнөт, Кармагандан кан алган, Качыргандан жан алган, Заары катуу көрүнөт. Котенден барган чабарман: — Котенден бери карата, Көрүп келдим көп адам, Биздин чындын шаарына, Келчү эле сан адам, Эмгичекти көрбөдүм, Бул өңдөнгөн бир адам. Жүзүнөн нуру балкыган, Ырысы суудай чалкыган, Жамандык кылаар пейли жок, Ат тону бөлөк кандай жан? Кеп сурасаң бет келип, Каарына кантип мен турам? Бура тартып жалт берип, Буруу жолго салайын, Минтип кетип калайын, Эми төрт күн жол жүрсөм, Мен Таласка барамын. Деп ойлонуп даай албай, Бекбачаны бетке албай, Жандай тартып жөнөдү, Бара жаткан кишини, Бекбача баатыр көргөнү: — Баскан жолу алыс жол, Аты шалтак кара тер, Чамбыл сур болуп кетиптир, Болбосо өзү карагер. — Ким болосуң сен? — деди, Бачым бери кел, — деди, Үнүн угуп баатырдын, Жүрөгү коркуп желдеди. Качып берер айла жок, Салам айтып келди эми. Алик алып саламга: — Ким болосуң билдиргин,- Жөнүңдү айткын сен, — деди. Жашырып кайдан жүрөм деп, Жашырсам да билер деп: — Менин атым Темирбай, Басып жүргөн кишимин, Айагым тыным жай таппай. Жай таппаган селсайак, Жайсыз киши эмесмин, Мен Котенден жөнөдүм, Таласка барып келемин. — Таласка барар ишиңди айт, Ишиң бар кимде? Кишиңди айт. Жашырып жаппай чыныңды айт, Жалганың чыкса кебиңден, Жаныңа дабаа табылбайт. Улугуң ким атын айт, Берген болсо катын айт, Жакында киши бардыбы? Барган болсо дайынын айт, Барар кишиң табылса, Убара болбой кайра кайт. Темирбай угуп бар кепти: — Котенден келдим мен өзүм, Ким болосуң сен өзүң? Кыргызда баатыр Бекбача, Ошону издеп жүрөмүн. Ханыбыз эле Козубек, Сөөгү барды бир күнү, Бадахшанда өлдү деп.

Сөөгүн жердеп болгонбуз, Кетиркейдин ордуна, Хан көтөрүп койгонбуз. Угулду бизге шум кабар, Ноңпада, кешмир, кыргызын, Жоо чапты деп бул кабар. Эр чакмакташ Кардыгач, Хан Кетиркей баш болуп, Ноңпага бардык кол алып, Душманды таппай Ноңпадан, Кайта келдик кур чалып. Келген душман хан калдык, Арбын олжо алыптыр, Ноңпага келип кол салып. Лахаса кетти деп уктук, Арбын дүйнө мол алып, Черчендеги Жагалмай, Ары баатыр, ары хан, Муну угуп жата албай, Бирге барып бир келдик, Бекбачага айтсак деп, Баш кошуп алар кеңешти: «Коросон, Испан, Ооганды, Катар басып буларды, Келген окшойт Калдык хан, Убара болуп Бекбача, Бүт дүйнөнү кыдырат, Калдыкты издеп артынан». Таласка баргын сен деди, Кабар айтып кел деди. Душмансыңбы, доссуңбу? Менден ушул кеп уксаң. Кетиркей менен Жагалмай, Кол жыйнады кыргыздан, Ласадан кайра келет деп, Жол карашып туш-туштан. Кебин айтып бүтүрдү, Калдыктын аты чыкканда, Баардык кепти түшүндү, Кайраты толук кара көк, Тап бүркүттөй умтулду. — Алыстан келген Темирбай, Менин атым угуп ал, Таласка издеп баруучу, Мен Бекбача билип кал, Атын угуп Темирбай, Түшө калды атынан, Бекбача айтат мамындай: — Тоодо туулуп, ойдо өсүп, Өзгөрдүңбү Темирбай? Жашың менден чоң окшойт, Аттан түштүң сен кандай? Кыргызда калган мурунтан, Ата-баба наркы бар, Улуу түшпөй атынан, Кичүүсү түшүш салты бар. Андай иштер көп болот, Улук болсун, хан болсун, Баатыр болсун, шер болсун, Жашы кичүү сезилсе, Аттан түшпө Темирбай. Суракты тең барба, Той-торопо жыйында, Төмөн жакта сен калба. Мында турбай Темирбай, Бачымыраак жол башта. Котен кайда эл кайда? Черчен кайда, бел кайда? Лопнур кайда, көл кайда? Черчен менен Лопнурдун, Жолун Темир түз башта. Карбаластап Темирбай, Бадахшандан бастырып, Анжийанды аралап, Эркечтам менен сабалап, Кашкар калды туурада, (Чоло кайда барганга?) Аппак шорду аралап, Мелтир сууну жакалап, Лопнурга кетип баратат. Эчки талдуу жер келди, Эшек-Арт деген бел келди. Эшек- Арттын ойунда, Эки киши келгени, Келген эки кишинин, Бирин Темир билген экен, Темирден мурун камына, Дуулат кепке киргени: — Сен кеткели Темирбай, Черченге Калдык келгени, Жол тосуп кеткен Кетиркей, Эмгичекти келбеди, Чеп болуп тосуп жатат дейт, Артуу-артуу бел-белди. Манастын уулу Бекбача, Кабылдыбы Темирбай? Таласка барып жандыңбы, Же жолдон кайра тарттыңбы? Азык, Кашкар тынч бекен, Андан кабар алдыңбы? Темир айтат мамындай: — Көбүргөндөн жабырып, Көп сүйлөбө сен, Дуулат. Баралбадым Таласка, Алакан ачып, кол жайып, Келе албадым Манаска. Бадахшанда жолуктум, Бул Бекбача баатырга. Баштап келе жаткамын, Барабыз деп Лопнурга, Эми кайра толгонуп, Терс айрыкка салабыз, Сени жолдон алабыз, Эртеңки күнү түш менен, Черченге жетип барабыз. Хан Кетиркей Чакмакташ, Хан Жагалмай, Кардыгач, Бекбача баатыр келди деп, Буларга кабар салабыз. Анда Дуулат кыңкылдап: — Жүр Темирбай баралы, Мына бу киши калабы? Мага далай пул берген, Жол баштатып алалы, Жандырып өзү алабы? — Мунун аты ким экен? Жол баштатып пул берип, Ашыгыш иш эмне экен? — Атын сурап билбедим, Кылычын тартып кынынан, Жол башта деп турганда, Аттанып жолго киргенмин. Келатып мага пул берди, Лопнурдагы элдерге, Алпарып кой, сен, деди.

— Дуулат баскын, сен да бас, Менден Дуулат жакшыраак, Жолду айкын билесиң, Черченди карай баштап бак. Токтобой Дуулат бурулду, Пулумду берип кеткин деп, Жанакы киши буйурду. — Дуулат менен Темирбай, Өтүгүн чечип, кум шыкап, Мойнуна артып айда! — деп, Эр Бекбача буйурду. Дуулат менен Темирбай. Өтүгүн буттан сууруду, Жык толтура кум куйду. — Чапанын чечип ал, — деди, Атына арта сал деди. Чапанын чечип алганда, Кындуу кылыч жанында, Эки миз шамшар санында, Айбалтасы белинде, Жазып койгон кат турат, Айбалтанын сабында. Темирбай молдо киши экен, Катты окуп караса, Сапка жазган кат экен, Катта Калдык аты экен. Кылычын сууруп аларда, Сабында катты көрүң деп, Бекбачага барарда, Бекбача айтат аларга: — Бекбачаны таптым деп, Сен Дуулатка айтканда, Мунун өңү кубулган. Мен ошондо туйгамын, Жылаңайлак айда деп, Мен андыктан айтканмын. Калтырбай айткын сырыңды, Жалганы жок чыныңды! Толгоп турду чыңыртып, Санына салып чылбырды. Бир үнү көккө улашып, Бир үнү жерди как жарып, Чыдай албай муну айтты: — Мени Калдык бар деди, Лопнурдан кабар ал деди, Алтын, күмүш айабай, Жол баштатып бар деди, Кабарды мага сал деди, Лопнурду колго алганда, Хан болуп анда кал деди. Хан болдум деп ойумда, Келатканмын залкайып. Бекбачаны таптым деп, Мына бу киши айтканда, Не деримди биле албай, Турган элем шалдайып. Жылаңайак айда деп, Буйрук берди силерге, Сырым болуп ашкере, Билинип калдым бул жерде. Бадахшандан качканда, Он эки киши качканбыз, Оогандын элин аралап, Оогандагы кыргыздын, Алын көрүп чамалап, Ошондо ойлоп басканбыз. Индустан менен айланып, Учураган кишиден, Жолду сурап кеп алып, Кешмирдеги кыргызды, Аралап чыкты түз барып. Ноңпа деген жер келди, Түгөл кыргыз эл келди, Таптакыр чаап жөнөдүк, Түп көтөрө бул элди. Кыргызды талап олжо алып, Ласага бардык жол алып, Ламасы менен көрүшүп, Элүү миң аскер кол алып, Какшатып туруп Ламаны, Алтымыш балбан кошо алып, Тартууга берип Каканга, Андан аскер алам деп, Алтын, күмүш мол алып, Азык-түлүк артканга Беш жүз ашуу нар алып, Алды айгырдай бел ашып, Аладырдай жер басып, Черчен, Лопнур, Турпанды, Кумул, Баркөл, Манасты, Түп көтөрө чаап алып, Кокту катка барганы. Кыргыздан олжо көп алып, Аны берип Каканга, Андан сурап кол алып, Беш урукту кошо алып, Алтай, Иле, Ысыккөл, Басып өтүп буларды, Биз Таласка барганы, Убаданы кылганбыз. Таңгуттун баштап аскерин, Черченде уруш кылганбыз. Эрегишип беттешип Эрдик уруш кылбадык, Жапма уруш баштадык, Жапырт калбай каптадык. Көзүбүз көрдү чыракты, Желпилдетип туу сайып, Кетиркей кармап байракты, Чакмакташ менен Кардыгач, Черчендеги Жагалмай, Ченебей бизди кыйратты. Чыдай албай кыргынга, Ажыраштык бөлүнүп. Бүгүндөн баштап урушмак, Эр сайышып көгөрүп, Баатырлар кийип башына, Туулгасын чөмөрүп, Сүр көрсөтүп өзүнчө, Күүлүү найза өңөрүп. Мени Калдык бар деген, Лопнурдагы кыргыздан, Анык кабар ал деген, Черченден киши өткөрбөй, Жолду тосуп сал деген, Аз күндөн кийин мен барам, Хан болуп анда кал деген. Менин атым Дордоно, Бүттү кебим ошончо, Лопнурдан киши тапмакмын, Азык, менен Кашкардан, Кулак төшөп кеп тыңшап, Бекбачаны кулактап, Калдыкка айтып турмакмын. Дайынсыз болсо Бекбача,

Бөлүм-бөлүм кыргызга, Бүлүк салып тиймекпиз, Келди десе Бекбача, Кокту каттын шаарына, Бурулбастан кирмекпиз. Дордоно кебин бүтүрдү, Эр Бекбача кара көк, Кепке анык түшүндү. Бирге алып Дордонду. Төрт киши болуп жөнөдү, Эшекарт деген бел ашып, Эңкүүсүндө кум басып, Дигер болгон мезгилде, Черченге жетти жанашып, Бекбача кетип баратат, Калдык десе жаны ачып. Капчыгайдын оозунда, Жаткан экен кармашып, Бөлүнүп аскер түшкөн кез, Уйасына күн батып. Темирбай койуп жетиптир, Бекбача баатыр келди деп, Кабар айта кетиптир. Котендеги Кетиркей, Черчендеги Жагалмай, Бекбача келди деп угуп, Булар туруп ала албай, Чакмакташ менен Кардыгач, Ал жаны калбай жүгүрүп, Арстандай бели бүгүлүп, Урмат кылып баатырга, Таазим кылып жүгүнүп, Колун сунуп көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соосун сурашып, Хан Кетиркей ат алып: — Мен байлайын Тору атты, Хан Кетиркей маа бер деп, Кардыгач менен Чакмакташ, Жагалмай – үчөө талашып, Кетиркей берди желдетке, Жетелетип жигитке, Желдетип атты суутуп, Аса байлап салышып, Алты киши бөлүнүп, Ат кайтарып калышып, Баатыр шердин алдына, Байандооз бүктөп салышып, Айуу талпак жайышып, Конок кылып баатырды, Сүт ботодон жарышып, Дасторкону май болуп, Карысына малышып, Өткөн ишти баатырга, Кетиркей айтып отурду. Келин каш болуп таң атты, Отко койуп аттарды, Эштектин эли меймандос, Самаварын кайнатып, Дасторкондун бетине, Түрдүү даамын жайнатып, Сары кантын чактырып, Дасторконго чачтырып, Кишмиштен салып буулантып, Палоосун, сартка бастырып, Куурдак менен май койуп, Чыны менен чай койуп, Аш-тамагын жай койуп, Капакка салып бал койуп, Каймакка бышкан нан койуп, Канык кара чай койуп, Кымыз куйуп кесеге, Чарадай айак көтөртүп, Керт башына жекеге, Ыркитти куйду көөкөрлөп, Ичип алган кишинин, Көөнү эргип көкөлөп, Өпкө оорулуу кишилер, Күрс-күрс этип жөтөлөт. Тамаша менен таң атып, Даамдан колу бошобой, Өтүп кетти ошол түн, Жер бетине күн чалып. Муну мындай таштайлы, Кыргындалган Калдыктын, Коктукатты аралай, Качканынан баштайлы.