← Асылбача-Бекбача

Бекбачанын Көйкаптагы жомогу

Чакмакташ менен Жагалмай, Ажырап аттан жөө калып, Кан Кетиркей Жагалмай, Чакмакташ менен Кардыгач, Бекбачаны таба албай, Кай кеткени белгисиз, Эч дарегин биле албай, Жай жайына тарашып, Калдык келип калат деп, Күндө жолду карашып, Көргөн билген барбы деп, Бекбача менен Калдыкты, Кулакташып турушту, Лопнур, Азык аралдан, Кашкар, Жеркен, Анжыдан, Таластан бери сурашып. Мындай күнү пайдасыз, Жоголуп кетти Бекбача, Мындан кабар угалык. Эр Бекбача төрөбүз, Адамзат бендеге, Ар түркүмдүү иш келет, Аны кимден көрөбүз? Азелде кеткен жазууга, Амалсыз адам көнөбүз. Аралашып кең кумда, Уруш болгон күнүндө, Бойго жеткен бир кызга, Учурап калды Бекбача, Шамга аралаш бүрүлдө. Учураган көркөм кыз, Кийгени көркөм дүрүйө, Мындай көркөм болбоско, Жаралган жалган дүнүйө. — Баатырдын уулу Бекбача, Арызым бар сага айтарга, Арбагы үчүн атаңдын, Атыңдын башын бура тур, Арызымды айтам уга тур. Атам пери баашасы, Нурзат койгон өз аты, Жалгыз кызы Нурфану, Арызым айтам уксаңчы. Көйкаптын жери чамалаш, Дөө менен пери аралаш, Мусулман пери, капыр деп, Дини экиге айрылат. Дөө перинин учарга Экиден бар канаты. Мусулман пери биздерде, Окшош учар канаты. Дөө перинин аттары, Өзүндөй эки канаттуу, Мусулман пери аттары, Төрттөн болот канаты. Падышасы дөөлөрдүн, Күйдаңдын уулу Татылда, Эдебин берген ар кимдин, Кокусунан катылса. Мени көрүп суктанып, Аламын деп кастады, Кырылышып ар айда, Дөө менен пери аздады. Адамдан чыккан Кызылкыз, Сыйкыры артык ушул кыз, Периге барып ойунга, Айчүрөк жайын айтканы. Кызылкыз ээрчип Көйкаптан, Айчүрөк келдим маана издеп, Айтуусу менен Чүрөктүн, Эми таптым сени издеп. Изимди жазбай кубалап, Татыл дөө келет мени издеп. Атаң Манас шер болсо, Көйкапка батпай периге, Маана издеп келдим мен болсо, Татылга тийип кетмекмин. Динибиз окшош эр болсо, Динибиз башка болгон соң, Тийе албадым Татылга. Көйкаптан учуп сени издеп, Келип турам алдыңа, Рапы Мискин жериңе. Рапы Мискин төрт бөлөк, Сени издеп Бекбача, Асманда учтум көкөлөп. Күмбөзүнөн Манастын, Бакай абам Айчүрөк, Көрүп келдим көз менен, Алдыңа келдим Бекбача, Чоң энең айткан сөз менен. Алтын чырай нур жүзүң, Көрүп турам өзүм мен. Карсылдашып кан кечип, Урушта жүргөн күнүңдө, Өзүң менен көрүштүм, Караңгы шам бүрүлдө. Касташканың Кызыл кыз, Хан Калдыкка талапташ. Болгон экен башында, Барба деди чоң энең, Келе албады кашыңа. Чоң энең айтып далай кеп, Уйалып калды Кызылкыз, Кылганына бушман жеп... Ушинтип айтып турганда, Күркүрөгөн күү чыкты, Күн чагылган сүр чыкты, Калчылдады Нурфану, Калтылдады кара жер, Соолуду өңү Нурфану, Солкулдады кара жер. Таманы жерди солкутуп, Төбөсү көккө такалып, Келе жатат бир неме. Токтоно албай Нурфану: — Татылдөө келди мынаке,

Жолум үйдөй балбылдап, Эки көздөн от жанып, Көөрүктөн чыккан жалындай, Оозунан күйүп от чыгып: — Барасың кайда Нурфану, Менден качып кутулуп?! Зыйаның жок Нурфану, Пайдаң тийди сеники. Өкүм кылган Сулайман, Өтө албайбыз бул жерге, Келе албайбыз бул элге, Качып келип Нурфану, Рапы Мискин жерине, Багымды ачып жол бердиң, Адамдын этин жегенге. Биздер үчүн чоң сыймык, Адамдын этин жээрге. Качып келип бул жерге, Башыңды каткан маанаң ким? Жол көрсөтүп бул жерге, Баштап келген даанаң ким? Кутулбайсың сен менден, Ойлоп койгун баары бир, Кадырлашып алганга, Болбойт элең Нурфану, Олжо болдуң бүгүн бил! Канча сапар кагышып, Кызыл канды агызып, Алы келбей Татылга, Бели сынган Нурфану. Кылмышкер болуп унчукпай, Карап турат сумсайып, Колун сунду Татыл дөө. Өңүн бузуп кумсарып, — Тарт колуңду айбан дөө, Зордук кылып кыз алмак, Сага окшогон айбанда, Ары жоктун иши экен. Мыкты болсоң бери кел, Нурфануга колуңду, Тийгизбеймин сени мен! Тынч элге салып бүлүктү, Тарттырыпсың кайгыны, Сен колдуу өлгөн перинин, Мен алайын каныны. Сен кылганды мен кылып, Агызайын каныңды! Баш калкалар бай таппай, Маана болор жай таппай, Кетирейин арыңды! Деп Бекбача айтканда, Оозунан жалын буртулдап, Кирип келди Татыл дөө, Бекбачага жакындап. Кененим берген эт көйнөк, Бекбачада кийилүү, Татылданын жалыны, Кайта өзүнө жабылды, Жалындан айла кеткенде, Капка тоодой капыр дөө, Жарагын алып камынды. Он эки кабат ордодой, Уйутуп койгон чойун баш, Опколжуп келип урганда, Ооморулчу тоодой таш. Адатынча Татылда, Күүлөп алды чокморун, Күчөп чачып оозунан, Кызыл жалын отторун. Бекбачага чокморун, Күчү менен салганы, Күрзүдөн мурун Бекбача, Колтуктун көбүк этине, Найза менен сайганы. Бекбача бекер сайбады, Кара канын өпкөнүн, Ургуштатып жайганы. Чоркоктук кылып Татылда, Артылта чаап салганы, Жана чапсын Татыл деп, Бекбача карап турбады. Манастап салып ураанды, Кайта айланып сайганы. Кар жиликтин булчуңун, Жара сайды тарата, Эки колдун булчуңу, Эби кетип тараша, — Токтой тур — деп,- ким болсоң, Кеп сурады Татылда: — Атам Күйдаң болголу, Татылда атым койгону, Мындай шумдук болбоду. Чыканактай баладан, Мындай кордук көрөм деп, Татылда качан ойлоду. Ата тегиң, өз атың, Айтып мага койсоңчу, Көйкапта туруп дөө пери, Рапы Мискин жеринде, Атактууну билебиз, Ата тегиң ким экен, Айтсаң угуп билелик. Татылда антип сураса, Атасын катпайт Бекбача: — Сен сурасаң мен айтам, Кулагың салып тыңдап ал. Түп атабыз Бөйөнкан, Бөйөн хандан Чайанкан, Чайанкандан Кара хан, Кара хандан тараган, Кадырлуу тууган Орозду, Ороздудан Жакып хан, Бай Жакыптан туулган, Кан менен колун жуунган, Катылышкан ким болсо, Салып келген чуулган, Атактуу Манас айкөл шер, Рапи Мискин жер эмес, Көйкаптан бери угулган. Айкөл шердин Семетей, Бүткүл дүйнө жер бетин, Бучкагына теңебей. Семетейден Сейтек, Сейтектен Кененим, Жан бүткөндө жаралган, Жалаңгыч сарык дегениң. Кененимден Сейитим, Күн батышта жети дөө, Баш ийдирген бүт элин, Жан жүрбөстүн кумунда, Агызган кыйан кан селин. Сейитимден кош башпыз- Асылбача, Бекбача. Мен Бекбача дегенмин, Нурфану кызда алам деп,

Элебестен не келдиң? Ата баба наркыбыз, Абалтан калган салтыбыз - Тийишпесе тийбеген, Тийишип келген ким болсо, Тизе бүгүп жүрбөгөн. Татылда кайтып кетип кал, Нурфануга тийбестен. Кет дегенде кетпесең, Мен дөөмүн деп кек жейсең, Кутулбайсың менден сен! Деп Бекбача айтканда, Татылда турду муну айтып: — Ата тегиң Манаспы? Жердеген жериң Таласпы? Адамзаттын ичинде, Элиң сенин алашпы? Көйкаптын элин билебиз, Атам деген Манасты, Семетей ким Сейтек, Биз укпадык аларды. Жүйрүн дөөнү Кененим, Тилин сууруп жеди деп, Толук уктук кабарды. Шабдаттын сыйкыр күмбөзүн, Сейитим бузуп кетти деп, Бул кабар бизге таралды. Айчүрөк менен Куйалы- Кыздарды анык билебиз, Периден булар тарады, Бүгүн сенден Бекбача, Толук уктум аларды. Түп атасы Манас деп, Нурфануну албастан, Татылда кетип каламбы? Ойлобойсуң Бекбача, Акыр заман башыңа, Азыр келип каларды! Байкабай айтып таштадың, Жүйрүн дөөнүн кысасын, Бүгүн сенден аларды, Унутабы Татылда, Кулакка жакпас мындайды! Деп коржоңдоп мыкаачы, Күн карарып, ай күйүп, Аңтарылса жер асман, Сезгенбеген Татылда, Жер токтобой калтылдап, Тоолор көчүп калдырап, Канаттуу качып алдырап, Жер силкинип жарылып, Суулар агып жайылып, Зил-зил болуп кетсе да, Кыйшаңдоону билбеген, Бул мыкаачы Татылда, Манастын атын укканда. Кененим аты чыкканда, Каарданып камыгып, Каар жүзүнө жайылып, Камандан бетер чамынып, Кызыл жалын көзүнөн, Көктү көздөй жабылып, Жалтылдаан болотту, Кармай алды сабынан, Чаба турган кылычын, Тартып алды кабынан. Кылтылдатып сымаптан, Куйдуруптур сыртына. Жаркылдатып жакуттан, Чаптырыптыр жанына. Зыбыржат менен лахылдан, Жаптырыптыр сабына. Андай эчен асыл таш, Тагыныптыр бооруна. Асылдын баары жалтылдап, Көз уйалып жаркылдап, Мындай түрүн көргөн жан, Качырып кастык кылалбай, Калчу мындан калтылдап. Кара бойун каптаган, Бүт асылды чаптаган. Бетмаңдай келген ким болсо, Жазганбай чаап таштаган. Беттешип чыккан балбандар, Көз уйалып жер тиктеп, Амалсыздан чаптырган. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Бекбачада кийилүү, Сыйкыр өтпөйт, нур түшпөйт, Бардык жанга белгилүү. Бузулган күндөй бүркөлүп, Башына кара чүмкөнүп, Качырып кирди Татылда, Эр Сыргактын Сырнайза, Сейитимден бер жакка, Алып көнгөн жоо сайса, Томоро сайып таштаган, Зоңкойуп турган тоо сайса. Ташка салса жанбаган, Сыргактан калган бул найза. Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Дайарданды Бекбача. Айкырганда Татылда, Асмандагы күн күйдү, Нуру кетип жер бети, Жылдызы жок түн кирди. Татылда бойу жаркылдап, Баатырга жетип жакындап, Кылычын шилтеп жиберди. Кыргыздан чыккан кара көк, Каадасы элден бир бөлөк, Жантайа берип бир жакка Чаптырбастан кылычка, Карчыганын балык эт, Сыр найзаны сундуруп, Муштап өттү Бекбача, Бөйрөк майдын канына, Найзанын учун төшжары, Чыктап өттү Бекбача. Кайра айланып имерди, Сак калган жаккы колтукка, Жана муштап жиберди. Эки катар найза жеп, Элебей турган канча деп, Эндирей түшүп Татылда, Асманга канат сермеди. Булутка башы аралап, Бутунда болот найза бар, Бекбачаны чокуга, Тебейин деп дайардап, Жазбай тепсем экен деп, Келе жатат салаңдап. Эми кантер экен деп, Коркуп турат Нурфану,

Эки көзү алаңдап. Жайдары тууган каракөк, Анча мынча немеден, Кенебеген өзү бөк, Атасы баатыр Сейитим, Хан Калчадан олжого, Алып келген нар кескен, Зулпукардан кем эмес, Жыгачка чапса таш кескен. Кайда кетти капыр деп, Жан-жанына карады, Элестей түштү көзүнө, Төбөсүндө карааны. Хан Калчанын кылычын, Кымтый колго кармады, Татылданын бутунда, Найзанын учу жетерде, Туулгадан мылк этип, Мээге кирип кетерде, Төбөсүнүн төшжары, Болжоп туура шилтеди. Тамандан карыш алдынан, Бутундагы найзасын, Кылыч таарып кеткени. Татылданын бутунда, Чойундан куйган чоптору, Көтөрүлүп асманга, Тепкели кайра жатканда, Балта менен тамандан, Алдыртан өөдө какканда, Шыйрагынан Татылдын, Бир буту сынып кеткени. Сынган буту салаңдап, Маңдайда көзү алаңдап, Канжарын сууруп жалаңдап, Качырып кирди бакырып, Күйдаң, күйдаң, күйдаң деп. Атасын айтып чакырып. Татылданын үнү деп, Кырк миң аскер дайар бол, Мени менен жүрү деп, Ачып көздү жумгуча, Асмандан түштү дөө пери, Жааган күндөй себелеп. Белги берди Нурфану, Атасын бачым келгин деп. Падыша Нурзат алдырап, Кырк миң аскер периден, Булар жетти шарактап, Ээси менен аттары, Канаттары калдаңдап, Нурфану кантип жатат деп, Нурзат келет далбаңдап. Үн асмандан жаңырда, Дөө менен пери баштары, Алмадай жерде кагылды. Чыга берди Татылда, Айкырып жетти Табан дөө, Баары дөөнүн балбаны. Кандай жан деп баарысы, Бекбачага таң калды. Табан дөөнүн оозунан, Оргуп чыккан көк түтүн, Жердин бетин каптады, Бороон болуп аркырап, Каран калган кара жер, Аңтарыла тас калды. Чоң экен деп Бекбача, Мындан кайдан жазганды? Элөөсүздөн Табан дөө, Бекбачаны бир сайды, Майторудан Бекбача, Ээрден көчүк бултайды. Май сооруга найза жеп, Каны акты шыркырап. Ачууланды ошондо, Көзүнөн учкун чыркырап. Ага чейин Табан дөө, Жана жетти чукулдап. Жаалысы катуу каракөк, Кармай калды адаты, Оозуна алып акырды, Айкөл төрө Манасты, Карматмак болду каракөк, Тоо да болсо тоңкойтуп, Сайып өтчү адатты. Сыргактан калга Сырнайза, Булгап алды колуна, Табандын кагып найзасын, Кайта имерип качырды. Баатырдан найза жеткени. Тоодой Табан камгактай, Томорулуп кеткени, Жер тайанып копкунча, Эшик эндүү ай балта, Чыкыйга чаап өттү эми. Айрандай мээси чачылды, Абийири дөөнүн ачылды. Чыдай албай Макан дөө, Бекбачаны качырды. Табан дөөдөн найза жеп, Баатырдын эти ачынды. Ошол бир күн ичинде, Мен-мен деген дөөлөрдөн, Отуздун каны чачылды. Чыдай албай Татылда, Капта деди дөөлөрдү. Баатырдын уулу кара көк, Өчөшүп кирген дөөлөргө, Көрсөтөт эми өнөрдү. Алдында жетти Бытбык дөө, Сайып алып Бекбача, Найзага илип көтөрдү, Каптап келген көп дөөнү, Бытбык менен койгулап, Жүрөгү түшүп көргөн дөө, Түк барбады чукулдап. Күйдаң менен Татылда - Ата-бала эки дөө, Зордук менен каптатты, Буйрук кылып дөөлөргө. Нурзат шаадан ат келди, Эр Бекбача минсин деп. Эркинче учуп асманда, Дөөлөр менен жүрсүн деп. Майторудан ажырап, Перинин атын минбеди, Зымырык берген соогага, Жеркени баатыр мингени, Зымырыктын Жеркеси, Аты менен Бекбача, Бир четинде жүргөнү, Канат менен калдаңдап, Аралап кирди дөөлөрдү. Найзага утур келгенин

Томолотту зойкойтуп. Таш келте менен качканын, Канчасын атты тоңкойтуп, Колун кесип нечесин, Чолок кылды чолтойтуп. Кулагын кесип кай бирөөн, Мулук кылды молтойтуп. Кылыч тийип канча дөө, Кызыл чие кан болуп. Өлүп кетти он миң дөө, Тепселип жерге сай болуп. Чекелеп качып чыкканын, Нурзат шаанын аскери, Кетирбестен кармады. Күйдаң менен Татылда, Качып жолго салганы. Качырда Татыл кара нээт, Зымырыктын Жеркесин, Үч жерден таарый атканы. Канатынан айрылып, Учалбай баатыр кайгырып, Карап турган мезгилде, Нурзатка Нурфану, Барып мындай деди эле: — Тетиги турган Бекбача, Айкөл Манас тукуму, Жар болуп Манас арбагы, Дөөнүн баарын коркутту. Күйдаң менен Татылда, Качып кетти жерине, Бекер кетпей баратып, Бүлүк салып жүрбөсүн, Ата сенин элиңе. Ишенер кишиң жок эле, Каршы чыгар дөөлөргө, Байкап көрсөм элиңде. Бекбачанын мингени, Алпкара куш канаты, Үч жеринен ок кыркып, Учалбай калды карачы. Адамы жок суусу жок, Эрме чөлдө калабы, Арстан шердин баласы? Нурфанудан кеп угуп, Нурзат туруп толгонуп, Он миң балбан перини, Бекбачага бар деди. Аты менен өзүнү, Килемге салып көтөрүп, Шаарга алып кел деди. Буйрук берип Нурзат шаа, Он миң пери жиберди. Он миң пери асмандан, Жааган күндөй куйулду. Эр Бекбача төрөгө, Жараткандын күчү көп, Мындай ызаат буйурду, Перилердин алдында, Нурфану келип баш урду. Келип турду Нурфану, Эки колу боорунда: — Айкөлдүн уулу Бекбача, Он миң пери ээрчитип, Алдыңа келдим кызматка. Күйдаң менен Татылда, Качып жолго кириптир, Кара нээттер жөн кетпей, Элге бүлүк салат деп, Атам кетти артынан. Эркек болбой кыз болуп, Жалгыз бала мен болуп, Ал армандын үстүнө, Дөөлөр келип кас болуп, Өзүңүзгө баргын деп, Дөөнүн кетти артынан, Атам өзү баш болуп. Аты тонуң өзүңүз, Килемге чыгып алыңыз, Перилерге көтөртүп, Шаарыбызга барыңыз. Барбай кетип калсаңыз, Дөөлөр келет шаарыма, Жана барам алдыңа, Душмандын кетип артына, Атам келбей мен келдим, Алыбыз ушул таарынба. Балан-пустан дегиче, Бекбача кепке келгиче, Көгүчкөн болуп зыпылдап, Өтө жаман шашылып, Эки кыз келди ал жерге, Нурфануга баш уруп: — Сизге келген жумуштун, Жайын айтсак угуңуз. Күйдаң менен Татылда - Ата бала эки дөө, Шаарга барды түз учуп, Калаанын ичин кан кылды, Кылычтан канды чубуртуп. Эр Бекбача керек деп, Эрлер келген чогулуп. Карсылдашып күнү-түн, Катуу жамана урушуп. Татылданын элинен, Жетип келди он миң дөө. Агачалык бул жерден, Нурзат барды отуз миң, Кими күчтүү ким күчсүз, Аны биздер билбейбиз. «Нурфануга баргыла, Бекбачанын жанында», Атаңыз берди буйрукту, Учуп жолго киргенбиз, Алдыңызга келдик биз. Кыздардан кызык кеп угуп, Качып кеткен Татылда, Кыргын кылды деп угуп, Көйкапка кетти Бекбача, Калдыкты калды унутуп. Аты менен перилер, Килемге салып көтөрүп, Ачып көздү жумгуча, Рапы Мискин шаарынан, Көйкапка кетти өткөрүп. Он эки айлык жол экен, Аш бышымда жеткирди. Пери менен дөөлөрдөн, Кыргын болуп көп өлгөн, Бекбача жетип барганча, Нурзат шааны Күйдаң дөө, Байлап алып жөнөгөн. Перилер турат чуркурап, Нурфану ыйлап буркурап, Булардын көрүп абалын, Бекбача сөөгү зыркырап.

Жаңылап пери балбанын, Көтөртүп ага бачымдап, Күйдаң менен Татылды, Кууп кетип баратат. Перилерге Бекбача: — Бириң бачым бар, — деди, Не кылды экен Нурзатты, Андан кабар ал, — деди. Дал ушундай мезгилде, Кечирим сурап баатырдан, Кызылкыз жетип келгени. Жайдары баатыр Бекбача: — Кайдан келдиң сен? — деди. — Күйдаң, Татыл качканда, Бирге жүрдүм мен, — деди. Жетип келди эки дөө, Нурзат шаанын шаарына, Шаардын ичин бойоду, Перилердин канына. Он миң дөөнү чакыртып, Алып келди алдына, Отуз миң аскер айгайлап, Нурзат келди аңгыча. Тууну тиктеп турушту, Күнү-түнү урушту. Татылда жаман мыкаачы, Кылычтап канын чубуртту. Туу түбүнөн Нурзатты, Кармап алды мыкаачы, Ырайым кылбай Нурзатка, Айдап алды мыкаачы. Нурзат колго тийгенде, Жүрүп кетти мыкаачы, Жолдо башын алам деп, Эки миң пери аскерин, Сүрүп кетти мыкаачы. Өз шаарына Нурзатты, Алып барды мыкаачы, Өзү жаткан үйүнө, Торго салды мыкаачы. Бекбача келсе бул жерге, Өлтүрөм деп көрсөтүп, Жарлык айтты мыкаачы. Кылбырак, сексе элдери, Мага жардам берсин деп, Кабар берди мыкаачы. Уруксат бер мен барам, Татылда менен Күйдаңга, Көп амалды мен кылам, Көөдөндө тирүү жан менен,. Нурзатты куткарам. Перилер барат дөөлөргө, Дөөлөр тирүү койобу, Перилерди көргөндө. Кызылкыздан кеп угуп: — Барсаң баргын Кызылкыз, Нурзатка кастык кылбасын, Татылда сени туйунуп. Уруксат алып баатырдан, Куткарам деп Нурзатты, Татылдадай капырдан, Жөнөп кетти Кызылкыз, Эми Кызылкыздан кеп ачам. Сыйкыры мыкты Кызылкыз, Туман болуп түрүлүп, Бир четинен сүрүлүп, Куйун болуп бурулуп, Шамал болуп шуулдап, Зыркар болуп дуулдап, Камыш болуп куулдап, Капчыгай болуп зуулдап, Алтымыш арып, кырк кыйал, Кызылкыз баарын салыптыр. Жинден аскер чакырып, Нурзатты жакшы кайтар деп, Сакчы койгон Татылда, Жиндер курчап калыптыр. Кызылкыз жетип караса, (Өмүржандын Кызылкыз, Дөө пери жиндин баарынан, Сыйкыры арткан ушул кыз) Инжил менен куранды, Калтырбастан бүт билген, Бүт билгенде жат билген. Купуйа окуп буларды, Көз байлоочу дубаны, Маскара кылып дөөлөрдү, Татылданын үстүнө, Басып өзү киргени. Көрө салып Татылда; — Ким болосуң сен? — деди. — Тааныбасаң Татылда, Нурфанумун мен, — деди. Сынап көрдүм сени мен, Аламын дедиң мени сен, Сырдашайын деп келсем, Тааныбасаң билбесең. Сенин атаң Күйдаңдай, Менин атам шаа эле, Жеңил киши кептентип, Байлап келдиң жөн эле. Сыйлабадың алып келип, Капазка салып камадың, Мени алар пейлиң жок сенде. Сыйламак тургай кыйнадың, Кадырымды кылбадың, Алың келбей пендеге, Качып келип бул жерге, Элимди кандай кырганың?! Кара эмес башың хан туруп, Акылыңдан азгашып, Ушулбу сенин кылганың?! Сага тийип Нурфану, Кандай көөнүм тынамын? Атамды бер кайтайын, Алып барып үйүмө, Көп насыйат айтайын. Тил алдырып атамды, Анан сага тийемин, Нааразы кылып атамды, Билип кой, өлсөм тийбеймин! Өлүмгө байлап ашымды, Алдыңа келип турамын, Арзымды Татыл угасың, Атамды берип мени ал, Ага Татыл көнбөсөң, Атама кошуп башымды ал. Экинин бирин кыласың, Ачык жообуң угайын. Кубулжуган Кызылкыз, Нурфану болуп айтканда, Татылда аттуу кыйар дөө, Тулку бойу бир дөбө: — Айтканың чын Нурфану, Жанымды жаман кыйнадың, Өзүңө теңтуш кылбадың, Пери тургай бендеден, Белдүүнүн баарын жыйнадың, Эсиңден чыгып кеттиби, Сенин мага кылганың? Бендеден чыккан белдүүдөн, Бекбачаны тапканың, Кайгырбаймын калганга, Табан, Каман дөөлөрдү, Өлтүртүп аны салганың. Табан өлдү Нурфану, Белим сынып какшадым. Каман өлдү Нурфану, Сынбай бутум аксадым. Атам Күйдаң карыды, Каралды болчу дөөлөрдөн, Ажыратып таштадың. Бекбача бенде болсо да, Өтө белдүү эр экен, Ааламдан ашкан өнөрпоз, Бек айлакер неме экен. Чыдай албай качкамын, Алып барган кырк миң дөө, Адамдан башка дөөлөрдөн, Бирин тирүү таппадым. Шаарыңа келип Нурфану, Элиңди кырып таштадым. Капташып калды урушта, Баш аламан жумушта, Атаңды алып кайтканмын, Кыйнап койдум атаңды, Ырас сенин Нурфану, Таарынчы кылып айтканың. Таарынчыңды көтөрөм, Сен өлгөндө мен өлөм, Ушунча тарттым азабың, Ажырап калып Нурфану, Тирүү кайдан күн көрөм! Эртең менен атаңды, Аттап тондоп жөнөтөм, Шаарыңа жакын шаарым бар, Шаардын аты саза бар, Кулдугуңа өткөрөм, Мингизип алып мойнума, Атаңды аттай көтөрөм, Айткандын кылам баарысын, Бүгүн эртең дебестен, Нур бетиңди көрсөтсөң, Айтканыңа көнбөймүн, Кызыгыңды көрбөсөм. Кызылкыз туруп кеп айтат, Кеп айтканда муну айтат: — Каргылдантып үндөрүң, Буулугуп сүйлөп тилдериң, Алалабайсың Татылда, Нээтиңди мен билдим, Атаң дедиң ар качан, Атам деп оозуң келбеди, Ээрибес боору кара таш, Кимдер көргөн сендейди, Өзү келген алдыңа, Сен таппайсың мендейди. Атам тордо чатылуу, Бийикте турса асылуу, Колун артып мойнуңа, Ким жатат сенин койнуңа?! Бербесең мейли атамды, Чычырып алып богун же, Күдөрүңдү такыр үз, Нурфану мага тийет дебе, Өлүп алып кутулам, Зордуктап алам дегенде! Айткан сөздүн сыры бар, Ар жагында кылтылдап, Элестеп турат көрүнүп, Сымаптай болуп жылтылдап, Татылданын жүрөгү, Чыдабай турат зырпылдап. Бекбача жетип келсин деп, Азгаштырып Кызылкыз, Күлүп кетет шыңкылдап. Бекбачанын болжолу, Болуп калды келер чак, Көрөйүн деп атамды, Капазды алды шапа-шап, Жалп дей түштү билгиз. Жанып турган шам чырак, Аңгычакты Кызылкыз, Төбөсүндө шакылдап: — Бойу канча чоң болсо, Ошончо болот дөө акмак. Билесиң го, Татылда, Алдыңа келип Нурфану, Тиемин деп айтпасын. Өзүм адам насили, Мен Кызылкыз айткамын, Элебедиң, билбедиң, Мен үстүңө киргенде, Нурзат шаанын үйгө кайтканын. Үйүңдө турсаң өлөсүң, Эшикке чыксаң белдүүдөн, Бекбачаны көрөсүң. Талкуудай болгон чоң дөбөт, Үйгө турбай жөнөгүн! Сүйлөгөн үн басылды, Күүгүмдөп калган тунарып, Дөөнүн көзү ачылды. — Жинси, Минси канасың? Сакчыларын бакырды, Амал арзан жиндерге, Толук жайын билгенге. Отун жыйнап, от жагып, Түтөтүп койсо бир жерге, Эчтемеге карабай, Жин чогулат ал жерге, Бакшылар билет амалын, От жактырып салганда, Жин чогулуп барганда, Кармап алат кээ бирин, Колго түшкөн байкуш жин, Өткөрүп берет бирлигин, Айыктырды бакшы дейт, Аны кайдан эл билсин? Жинси, Минси келгне жок, Кызылкыз койгон от жагып, Жиндин баары ал жерде, Татылда аны билген жок. Татылда чындап бакырып, Жинси менен Минсини, Канасың деп чакырып, Татылда үнүн укканда, Алар келди шашылып. — Нурзатты бачым келтир! — деп, Өкүм кылды шаштырып, Элүү миң жинге кайтартып,

Татылда койгон астырып, Канчадан айткан кайталап, Азыр бол деп Нурзатка, Улам-улам тапшырып. Алдырап жиндин шашканы, Шашкан менен Нурзатты, Аскан жерден таппады. Жинси менен Минсиге: — Элүү миң калбай баргын, — деп, Көп болсо барды шаарына, Алып келе калган! — деп, Элүү миң жиндин кеткени. Барган сайын эң кызык, Кызылкыздын иштери. Тоо башына Кызылкыз, Токсон жерге от жакты. Ойдуң жерге Кызылкыз, Отуз жерге от жакты. Аралга жакты канчаны, Кызылкыз жалгыз кылалбайт, Перилер кылды анчаны. Элүү миң жин келатып, Ой-тоодо отко бөлүндү, Мойнуна алды байкуштар, Татылдадан өлүмдү, От колдуу өлсө жин пери, Бейишке чыгат өлүмү. Татылданын алдына, Кабарчы жин келгени: — Жинси, минси барбады, От ойунда дегени. — Андай болсо кабарчы, Чакырып кел сен! — деди. Жиндер келди шашылып, Элүү миң жинди Татылда, Тизип туруп чаптырып, Аңгычакты шаарына, Бекбача кирди бастырып. Баатыр төрө көкжалдан, Манас деген үн чыкты, Чагылгандай күркүрөп, Үнүн угуп дөөлөрдүн, Заарасы акты бүркүрөп. Өзүм чыгам буга деп, Күйдаң дөө келди дүңкүлдөп, Аткан мылтык, тарткан жаа, Замбирек үнү зүңкүлдөп, Атылган мылтык заңкылдап. Токтоно албай Көйкаптын, Тоолору турат калтылдап, Дайралар толуп чалкылдап. Жаба койуп жарларга, Жайнай түшүп шарпылдап. Күйдаң дөө келди сүр менен, Келгин суудай бууланып, Алда канча түр менен. Эр Бекбача бакырды, Манастап ураан чакырды, Орто-карта үн менен, Ташкелтени кошо атты, Күйдаңга окшоп сүр менен. Доолбасты карс койду, Ташкелтени тарс койду, Учуп жүргөн канаттуу, Ирмебей канат жаңылды. Сууда жүргөн балыктын, Барсылдагы жарылды. Жер айрылып суу чыкты, Тоо жарылып таш көчтү. Сууда жүргөн каз-өрдөк, Үнү чыкпай тыйылды. Тоодо жүргөн кайберен, Бийик тоого жыйылды. Түбү куурап өнө албай, Калкып турган кайың-тал, Томолонуп жыгылды. Үп эткен шамал жок жерде, Бороон чыкты аркырап, Жер жарылып чыккан суу, Агып кетти шаркырап. Сегиз баштуу бир дене, Келе жатат бир баатыр, Колунда кылыч жалтылдап. Бир денеде сегиз баш, Ар башында төрттөн көз, Жылдыздай болуп жылтылдап, Көздөрүнөн от жанып. Бул өңдөнгөн инсанды, Перилер угуп-билбеген, Баары турду таңданып. Эки буту арбаңдап, Сегиз башы калжаңдап, Эки колу тарбаңдап, Көп башында көп мурун, Чаначтай көөп барбаңдап. Алжапкыч бар тартылган, Андан башка кийим жок, Жылаңач келет тартаңдап. Ары кетип кыйышактап, Бери кетип кыйкактап. Ойун салып керүүдө, Ойногон төөдөй тайтактап, Улам бойун түзөтүп, Тура калып кайкактап. Тикен кирген буттанып, Байкап басып байпастап, Көтөрө албай куйругун, Семирген койдой чайпактап, Чычаңы кулач бар экен, Камчыдан бетер салпактап. Бүткүл дене баары түк, Көрүнбөйт көзү бүтүйүп, Тура калып селейип, Көөдөнүн керип денейип, Бет маңдайдан караса, Доңуздай мурду тенейип, Адам билер көрүнбөйт, Бул айбандын жумушун, Кылычын шилтеп кыйкырып, Баштай келди урушун. Кылычын шилтеп ийгенде, Кылычтын мизи тийерде, Кыраан баатыр Бекбача, Балта менен какканда, Кырк бөлөк кылыч бөлүнүп, Асманды карай атканда, Бир колунда найзасын, Оңтойлоду сайганга. Күүлүү найза сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Бекбачага жеткенде, Баатырдын уулу кара көк, Карап турбайт бекерге. Найзасын улай кармады, Тартып алып найзасын,

Өзүн кайра сайганы. Дал ортосу ушу деп, Дал өпкөнүн тушу деп, Качырып баатыр муштады, Өз найзасы чочконун, Өпкө-боорун аралап, Күн тийбестен чыкканы, Жалгыз дене сегиз баш, Тоңкойуп жерди жыттады, Адам укпас бир укмуш, Кан кызарып чыкпады. Сегиз колдуу бир баштуу, Бир балбандын чыкканы. Сегиз түрдүү жарак бар, Сегиз колго кармаган, Мурункудан канча өөдө, Бул капырды байкасаң. Найзанын учу от жанып, Кылычтын мизи жаланып. Чойун башы үн салып, Канжардын учу жылтылдап, Кетелеги короктоп, Келе жатат сороктоп. Сегиз колу арбайып, Жалгыз башы короктоп, Көзүнөн жашы токтобой, Ыйлагандай шолоктоп. Сакалы жок мултуйуп, Туулгасы тултуйуп, Кирип келди жакындап, Соотун тетир кумтунуп. Чаба турган балтасы, Чоң балыктын тиши экен, Сайа турган найзасы, Кабыргасы өзү экен. Туулганын ордуна, Баштын сөөгүн кийиши, Колундакы калканы, Ал балыктын териси, Куралдарын карманып, Жүз кулач келген жыландан, Белге кемер курчанып. Шерди багып телчитип, Ит ордуна ээрчитип, Пили келет томпойуп, Куйругу жок чолтойуп, Зараба келет чаң салып, Жандай чуркап койкойуп. Маймыл келет жабылып, Жер бетиндей жайылып. Келарс келет кырсылдап, Суу иттери мултулдап, Суу уйлары култулдап. Канча түрдүү айбанат, Калбай келет чуркурап. Бекбачадан башкасы, Туралбады аа чыдап. Перилер качып бийиктеп, Дөөлөр качып кийиндеп. Дөө менен пери аскери, Тарап кетти бириндеп. Арканча сыйкыр болсо да, Кызылкыз коркту дирилдеп, Сегиз колдуу бадырек, Кирип келди күжүлдөп. Сыйынып баатыр Манаска, Арбагы азыр Таласка, Сыргактан калган жез найза, Темир болот кез найза, Жерден булгап көтөрүп, Манастап баатыр бакырып, Ураанын айтып чакырып, Беттеп кирди чочкону, Белдүү көкжал качырып, Алдындагы майтору, Топону көккө сапырып, Койондой кулак жапырып, Көрүнөө чыкты колдоочу, Жүрсө да мурун жашынып. Куйругу жерге чубалып, Акырын басып суналып, Бекбачанын алдынан, Жолборс чыкты сүр салып. Куйругунун учунда, Чокмору бар казандай, Шерлер чыкты чакчайып, Саамайы жерге сүйрөлүп, Айуу чыкты саксайып, Илбирс келет имелип, Куйругу жерге сүйрөлүп, Камандар келет курсулдап, Тумшуктары түйрөйүп. Жана сонун жана бар, Сойлоп барат жыпылдап, Түргөн чийдей ажыдаар. Куландар келди чаң салып, Кулжалар келди даң салып, Бууралар келет күркүрөп, Жердин бетин от алып, Жайнаган жалын дүркүрөп, Бугулар келет калжактап, Тоо теке келет дардактап, Алгыр бүркүт асманда, Канаттары далбактап. Айкөл шердин Кумайык, Кирип келди кыңшылап. Буркулдап жетти Каралөк, Боздоп жетти куу инген, Алып келген эр Сыргак, Кум баашасы кумара, Соогага берген бул инген, Кумдан Сыргак таап алган, Тайлакты тапкан жерине, Келтайлак деп ат алган. Семетейдин Акшумкар, Баркылдады асмандан, Айчүрөктүн канаты, Калкылдады асмандан. Күнгөй-тескей Көйкапты, Канаты басып күн тийбей, Алп Каракуш көрүндү, Асманда булут сурданды, Кыбыла жакты караса, Кызыл желе кырданды, Күн чагылган айнектей, Жердин бети нурланды. Асмандагы периге, Дөө пери менен элдерге, Кээ бирөөнүн жүрөгү, Кумарланып кубанды. Ке бирөөнүн жүрөгү, Оозунан ыргып булт этип, Чыга жаздап тас калды. Достордун көөнү кубанды, Душмандын өңү кубарды,

Кыбылада сүрүлүп, Жердин бети тунарды. Аккула минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Айкөл Манас зоңкойуп, Эки беттен түшкөн нур, Жамгыр жаап ачылган, Жайдын күнкү күн болп, Эки көздөн жанган от, Жер өрттөнүп кор болуп, Карарып булут түрүлүп, Кандуу суулар бүгүлүп. Караанын көргөн айкөлдүн, Кара жандан түңүлүп, Ач албарс кында кыңгырап, Айбалта белде шыңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе зыңгырап. Айдалыда Аккелте, Күн чагылдып жаркылдап, Айчыгы алтын кызыл туу, Асабасы калкылдап, Сары жаргак кандагай, Багалеги балкылдап, Алдында минген Аккула Алоолонуп алкылдап, Оң жагында кан Бакай, Бозжорго минип шалкылдап, Ителгидей баркылдап, Аселде оозун чайкаган, Ак сакалы жаркылдап, Айагын арска жөлөгөн, Башы сары алтынга бөлөнгөн. Өткөн күндү унутпас, Келер ишти болжолдоп, Өтө Бакай көрөгөн, Тар көчөдө жол тапкан, Талашканда кеп тапкан, талкаланган сынганга, Дары салып эп тапкан, Түртүшкөндө кеп тапкан, Түн ичинде жол тапкан, Күпүр айтпай кишиге, Өз көзүнө чорт айткан, Абаң келет жандашып. Сол жагында айкөлдүн, Тоодой тору ат минген, Толгомо саптуу камчы алган, Жоо жоолашып жүрсө да, Колунда алгыр куш салган, Ээрчитип тайган ит алган, Кечээ Бейжиндеги урушта, Оронгудай эр сайган, Батасы журтту байыткан, Токсондогу жаш менен, Олуйа Кошой келаткан. Муруту келет чоң кучак, Будайык кандын муз бурчак, Айдар кандын эр Көкчө Бардашы журттан бөлөкчө, Көк күбө чопкут тон кийген, Көк ала сындуу ат минген, Музбурчак, Көкчө - эки хан, Казактан экөө келаткан. Оң жагында айкөлдүн, Сарала минип теңселип, Сары сакал сеңселип, Ийриси жок түз сөздүү, Сепкили жок ак жүздүү, Алтын айдар чок белбоо, Азиз кандын Алмамбет, Жалайак ооз жалын көз, Жан катылчу эр эмес, Коргошун жүрөк жел билек, Коркпой турган Алмамбет, Бадана тонун кийинип, Бар кудайга сыйынып, Барча тоодой Алакең, Бастырып келе жатыптыр, Анын арка жагында, Көк ырапыс тон кийген, Көк теке сындуу ат минген, Ачкыйкырык куу сүрөөн, Ал өңдөнүп ким жүргөн? Жетимиш миң кол болсо, Желденген бойдон бир тийген, Узун бойлуу кең далы, Туруп душман баталбас, Ал замандын балбаны, Акбалта хандын Чубагы, Азирейил сүрдөнүп, Ал да келе жатыптыр. Анын ары жагында, Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган. Өлүмдөн коркпос өзү бар, Өкүм-өткүр сөзү бар, Зердүү таажы башында, Сексен нөөкөр кашында, Кара калпак кыргагы, Кабылан Манас чыйрагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Телкызылды кындыйтып, Темгектүү найза зыңкыйтып, Ал дагы келе жатыптыр. Кырктын башы Кыргыл чал, Кыркында көпкөн жинди чал, Кыштын кыраан чилдеде, Кырк жараган сүргүн чал, Кара сакал жайкалып, Мингени жорго чайкалып, Бий Ажыбай баш болуп, Кырк чоро келе жатыптыр. Көрүнгөндөн көрүнүп, Бетинен нуру төгүлүп, Буурулду минип булкуйуп, Эр Семетей көрүндү, Эркечтей Сурду жаркытып, Артынан чаңды баргытып, Топону көккө сапырып, Кабагына кар туруп, Мурутуна муз туруп, Абасы Семей жиберип, Чалгын чалган кезиндей, Ошол күнкү салт менен, Он экинин өзүнө, Чыгар чыкпас жаш менен, Күлгөнү кыздын үнүндөй, Шер Гүлүстөн көрүндү, Көрүп турган дөөлөрдүн Көзүнөн жашы төлүлдү. Бөлүнгөндөн бөлүнүп, Тунарык туман сөгүлүп, Сарыбай менен сайышкан, Салттуу күнү баатырдын,

Сейтектин карааны, Элестеп көзгө көрүнүп. Андан ары караса, Күн батышта дөөлөргө, Жору куйрук кызыл алп, Ат минбеген жөөлөргө, Суунун уулу Суумерген, Атактуу баатыр Сурмерген, Акым, Шакым эки дөө. Боз чаар минген Боромбай, Чыңгыш менен Айтумуш, Карала атчан Калыбек, Эр Кененим баатырдын, Кармашып жүргөн күндөрү, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөөнүн Кененим, Сууруп тилин жегени, Тамга тарткан сүрөттөй, Таанылып элге көрүнүп, Жүйрүн тилин жегенде, Дөөлөрдүн калды дени өлүп. Андан ары караса, Телкүрөңдү теминип, Кыл муруту керилип, Эр Сейитим көрүнөт. Карадөө менен кагышкан, Шабдаттын бузган күмбөзүн, Бай кылган Керкит көп элин, Жанжүрбөстүн кызыл кум, Бүгүн турат ошол кум, Кайнатасы Сулаймат, Катуу кылып карамдык, Ак санабай карарып, Жанжүрбөстүн кумуна, Киргизип койуп алпарып, Аркадан аскер көп барып, Каардуу Калча баштаган, Суктанма менен Шукшурма, Шатыке менен Сатыке, Карадөөнүн кенжеси, Кайкаган аскер беш жүз миң, Каптап кумда келгени, Кененимдин Сейити, Жалгыз жүрүп жеңгени, Сулайматты сойгону, Алпарып Абылды, Бааша кылып койгону, Алтынай менен Чолпонай, Көкбука менен Жетилбай, Аларга алып бергени, Сулаймат кызы Кылжыке, Өзү алып келгени, Айгине көзгө чалыкты. Эстен танып селдейип, Кылбырак сексе элдери, Дөөлөр эстен танышты, Айкөл Манас ошондо, Элирип элден бөлүндү, Карагандын көзүнө, Мындай укмуш көрүндү: Кабагынан кар жаады, Мурутунан муз жаады. Карчытынан кан тамды, Кара көздөн от жанды. Ичине эңшер сырты көк. Бендеден башка кара көк, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп. Дөөлөрдүн каны Күйдаңды, Акырайа карады, Тик тура албай ордунда, Жалп жыгылып калганы, Суудан чыгып Сагынкор, Балыктардын баашасы, Салам айтып барганы, Сегиз колду сексенин, Жанындагы айбандан, Бирөө да калбай тарады. Сегиз колду Сексенин, Бекбача сайып алганы. Найзага илип көтөрүп, Аралап кирди Сексени, Найза ордуна байагы, Сегиз колду булгалап, Чыгарды элден жексенди. Ал ошентип баратса, Кылбырактын улугу, Сегиз баштуу кез келди. Кылбырактын сегиз баш, Кийим кийбей жылаңач, Денеси мунун кара таш. Чапса кылыч кеспеген, Найза сайса тешпеген, Балта чапса батпаган, Чокмор чапса өтпөгөн, Ошондой туруп бетбактын, Эти жумшак өпкөдөн. Көзү көрүп көп ишти, Ого бетер өрчүгөн, Сегиз башы сеңселип, Качырып кирди белсенип, Карсылдашып киргенде, Далайлар өлдү тепселип. Үкүдөй көзү жалындап, Курал өтпөс териси, Мындай нерсе табылбас, Алалбай аттан арбашып, Жөө күрөштү кармашып. Орой торой чалышып, Оң-тетири серпишип. Кочкордон бетер койушуп, Көөдөндөшүп тирешип, Кезектешип урушмак, Кепке келди кеңешип, Бирине-бири бой бербей, Мен турамын кел дешип, Мени койуп сен дешип, Болбой жатып Бекбача, Сегиз башка бергени, Кең майдандын бетине, Өзү туруп бергени. Белдүү баатыр сегиз баш, Ары кетип кайкактап, Бери келип тайпактап, Көөдөндү керип чалкактап, Үйдөй болгон бир ташты, Алмак болду чапканы. Кайрат кылып канчалык, Тизеден өйдө көтөрүп, Ташты жерге таштады: — Муну менен бир чапсам, Өлөт элең Бекбача, Көтөрүп көрчү бул ташты, Сенин күчүң бар канча? Анда айтат Бекбача:

— Ташты койуп кезек ал, Менин күчүм канчалык, Андан кийин көрүп кал! Сегиз баш ага болбоду: — Сен көтөрсөң бул ташты, Сеники кезек болгону. Майторудан илбирстей, Жылып түштү Бекбача. Ырандыга салганды, Томолок экен жаткан таш, Камтый ташты кармады, Так көтөрүп Бекбача, Төбөсүнө алганы, Туруп берди Сегизбаш, Так төбөгө салганы, Талкаланып Сегиз баш, Табылар тарпы калбады. Көзү көрдү дөөлөрдүн, Адамдан чыккан балбанды. Сегизкол өлдү алдында, Сегизбаш өлдү аркада, Кылбырак сексе элдери, Кайта качты аркага. Эки көзү алаңдап, Амалы кетти Татылда. Күйдаң дөөнүн жүрөгү, Кабынан чыгып кетиптир, Ажалы анын жетиптир, Амалы кеткен Татылда, Эми аргасы нетиптир, Баргын десе тил албай, Дөөнүн жолу бекиптир. Айла кетип Татылда, Өзү чыкты майданга, Жалгызмын деп жалтанбай, Бекбача турган маңдайда, Татылда артык балбан дөө, Керээзин айтты элине, Эрегишке жөнөрдө: — Мен барамын урушка, Кандуу майдан жулушка, Бекбачаны өлтүрсөм, Падышасы болгонум, Перилердин баарына. Өлүп кетсем кокустан, Башың боолуу болгонуң, Эмне десе макул деп, Бекбачага жол койгун, Кулак угуп көрбөгөн, Адам мындай болгонун. Деп кайгырып, кан жутуп, Дөөлөрдөн чыкты бөлүнүп. Төбөсү тийип асманга, Найзасын сүйрөп жанына, Чокморун алып колуна, Бойу узун басканда, Сүлкүлдөгөн Татылда, Салмагы жерди солкутуп, Дүңкүлдөгөн Татылда, Өзү тоодой зоңкойуп, Чокмору дөбө томпойуп, Найзасы узун соройуп, Айбаттанып Татылда, Келе жатат короктоп, Колундагы найзасы, Жерге батпай сороктоп, Көтөрө албай Сегизбаш, Бекбача урган үйдөй таш, Татылда келип кеткени, Камгактан бетер үйдөй таш, Капкайда учуп кеткени, Сүйүнгөндөн далай дөө, Албырып кетти беттери. — Бекбача келип бул жерге, Секселердин Сегизкол, Кылбырактын Сегизбаш, Белдүүлөрдү жайладың, Сен кептенген жадыгер, Дегеле көрө албадым. Атаң Манас өлдү деп, Айтылганы кандай кеп? Бүгүн тирүү барысы, Мында жүрөт темтелеп! Адамдан асыл кара көк, Татылдага мындай дейт: — Кылбырак менен Сексени, Алдырыпсың Татылда, Алың келбес эрлерге, Башын жарып өлтүртүп, Сүйүнүпсүң Татылда, Айкөлдүн көрүп айбатын, Атаң өлдү Татылда, Эрегишсең мен менен, Сен өлөсүң Татылда, Айкөл Манас арбагы, Көрүнө бүгүн жар болду, Сегизбаш менен Сегизкол, Менден өлүп жоголду. Бекеринен катышып, Перинин канын сен төктүң, Аларга келип жардамга, Кылбырак менен Сексенин, Алардын канын мен төктүм. Өжөрлүк кылсаң тил албай, Бүгүн менден өлөсүң! Бекбачадан жеме угуп, Өлөсүң менден деп угуп, Булгап алды найзасын, Ачууланып оолугуп: — Абийириңди Бекбача, Азыр бүгүн ачайын, Аккан сууга кошултуп, Мен каныңды чачайын. Атамдын кунун кубамын, Адамзат болгондун, Бирин койбой кырамын. Тартаңдаган капыр дөө, Аттан бачым жүгүрүп, Найзасынын учунан, Жалындаган от күйүп, Бекбачаны тору аттан, Аңтара сайам деп келди. Алактаган чоң дөөнүн, Балта менен найзасын, Кагып калды Бекбача. Балта тийген чоң найза, Токсон талаа тараша, Сексен жерден сынганы, Дайны калбай найзанын, Тарпы кетип калганы, Шашып кетип Татылда, Чокморуна камданды. Чокморун колго алганча, Каруусунан сол колун, Талкалай чаап таштады.

Үзүлүп кетип чучугу, Ооруп колу какшады. Толгонуп тийди Бекбача, Тоодой болгон Татылга. Татылда көзүн ачканча, Сак колу менен сыйпалап, Чокморун таап алганча, Арстан туулган Бекбача, Капталга чаап какшатып, Кабыргасын кыйратып, Далыга чаап балталап, Кыр аркасын талкалап, Кашка жилик жотого, Канчаны чапты ошого, Томукка чаап токмоктоп, Жарылып кетти томугу, Түз тура албай Татылда, Амалы жаман куурулду. Эңкейип жерди тайанса, Башына бойу жеткиче, Боло түшөт Татылда, Так төбөгө балталап, Койуп өтөт Бекбача. Ана-мына дегиче, Орой төбө чокуга, Отузду койуп өттү эле. Дөөнүн көзү тунарып, Каны качып кубарып, Чачылды мээси айрандай, Тоңкойду дөө суналып. Жыгылганда карасаң, Алтымыш арыш бой экен, Ошол кезде Көйкапта, Татылда дөөнүн чоңу экен. Татылда кулап калганда, Жан алгыч жанын алганда, Баашасы жок Көйкапта, Дөөлөр жетим калганда, Мусулман пери асмандан, Жааган күндөй себелеп, Түшүп жатат талаага. Кыпкызыл болгон алтындан, Карыптарга таратты, Бекбачага садага. Жакыр пери бай болду, Жоксуздарга пул толду. Арстандын уулу Бекбача, Перилерге нур болду. Перилердин баашасы, Нурзат келип жолукту, Ала келди колуна, Адимиден жоолукту. Урмат кылган кишиге, Мойнуна жоолук салышы, Нурзат шаанын шаарына Алып кетип калышты, Мейман кылып күтүштү, Урмат менен сый менен, Конок болду Бекбача, Бекбачанын жанына, Нурфану келди аңгыча. Нурфану кирип келгенде, Эр Бекбача караса, Өңү мунун жадаңкы, Көрүнүшү бир башка. Нурфанудан Бекбача: — Абал мурун башында, Сени көрдүм күүгүмдө, Көргөндүн баары таңданаар, Ал күндөгү түрүңө, Өңүң жадап кер сары, Болуптурсуң бул күндө. Эмне болсоң чыныңды айт, Ички пикир сырыңды айт. Мен кеткенде Нурфану, Дартыңа даба табылбайт, Олжолоп ала кетет, деп, Коркунчуң болсо дагы айт. Асмандагы бир күндү, Этекти канча далдайтып, Жапкан менен жабылбайт. Бекбача минтип айтканда, Башка түшкөн күн болду, Бекбачага айтканга. Көзүнүн жашы буурчактап, Нурфану турду кыйлага, Бекбача сөзүн жалгады, Токтоло түшүп кыйлада: Нурзат шаанын жалгызы, Азыркы сенин турушуң, Бул жалгандын нур кызы, Ар канчалык иш болсо, Жашырбастан айтсаңчы. Мен адамдын баласы, Рапы мискин, Көйкаптын, Канчалык калды арасы? Кан төгүшкөн уруштан, Алып келдиң бул жерге, Нурзат шаанын баласы. Кантип жатат биздин эл, Душмандын көп айласы, Каардуу Калдык каапырга, Ар кимдин жетпес чамасы, Бүгүндөн калбай мен кетем, Айт сырыңды жашырбай, Нурзат шаанын баласы. Бекбача мындай айтканда, Айтпаска эми калбады, Нурфанунун чарасы: — Мен айтайын чынымды, Жашырып жаппай сырымды, Татылданын дартынан, Рапы мискин, Көйкапты, Айланып чыктым кылымды. Адамзаттан Кызылкыз, Ички пикир сырды айтып, Айчүрөккө көрсөтүп, Ээрчитип мени алпарып, Өзүңүзгө жолуктум, Айчүрөк айтып мен барып, Перилерди өлүмдөн, Сиз койдуңуз куткарып. Кылбырак, сексе элдерин, Чакырып келди Татылда, Өтө мүшкүл күндөрдө, Айкөл Манас шер баштап, Азирет арбак баарысы, Көрүнө келди бул жерге. Балыктардын баашасы, Сагынкор салам бергенде, Айкөлдүн коркуп каарынан, Күйдаң дөө өлүп кеткенде, Кылбырак, сексе элдери, Жер жерине кайтканда, Мыктысынган Татылда,

Өзүңдөн өлүп жатканда, Ыраазымын мен бүгүн, Сырымды сизге айтканга. Көргөндөн бери жүзүңдү, Көңүлүм эрип коргошун, Карабай кетер бекен деп, Мен уйкусуз болгонмун. Өзүң үчүн болдум нес, Арыктап мойнум болду кез, Кызылым качып бетимден, Башкача болду сары жез, Жашырбай айтсам чынымды, Жалганы жок ушул кеп. Нурфануну көргөнү, Бекбача жүргөн болучу, Көрсө жүзүн дени ысып, Көрбөсө калып деми сууп. Нурфанудан кеп угуп. Бекбача сен деп өңүмдөн, Азып кеттим деп угуп, Колдору колго тийишти, Бири-бирине бой сунуп. Каркылдап суудан каз учуп, Чакылдап сайрап суучулдук, Ак мөңгү тоодон суу агып, Ак көбүктөп бууланып, Саргарган кези жалбырак, Көк жашыл тартып нурланып, Жымыңдап жылдыз жылтылдап, Балыктар сууда кылтылдап, Капасы жок жер бети, Кыз-уулан күлүп шыңкылдап, Көөдөнүн салып шамалга. Канаттуу учуп зыпылдап, Абалап турган жыгачтар, Жаңылап чечек бүр байлап, Көбү чыгып кылтайып, Көрүнүп көзгө бүр байлап, Көлдөлөң күзгү күнүндөй, Рапы мискин, Көйкапка, Жуманын кадыр түнүндөй, Үйдө жаткан чалдардын, Абышка-кемпир андайдын, Бойу балкып өзүнчө, Күн бүркөлбөй чаңкайып, Күн-түнү бирдей жапжарык, Күнү кайсы, түн кайсы, Айрып билген жандар жок, Таң агарды кашкайып, Дайардык көрдү Нурфану, Аптабасын колго алып. Дааратын алып бүтүрүп, Кетмек болду Бекбача, Жол керегин күтүнүп. Атактуу Кеңкол, Таласка, Жеткирип койду перилер, Асман менен көтөрүп. Аташканы Нурфану, Бир жыл турду Таласта, Алып келип той берип. Атамды көрүп келсем деп, Ак сүтүн берген энемдин, Амандыгын билсем деп, Бекбачадан жооп сурап, Айтып кирди Нурфану. Барбагын деш кыйын кеп, Көп кечикпей келгин деп, Жообун берди Бекбача. Жообун алып Нурфану, Учуп кетти асманга. Ар укмуштуу иш келет, Туулуп бүткөн адамга, Адам уулу ишенбе, Алдамчы ушул заманга. Асман менен Нурфану, Калкып учуп кайкактап, Түндү улап түн учуп, Эртеси күнү шашкеде, Көйкапка барды чалкактап, Атасы кармап колунан, Энеси ыйлап кучактап, Көзүнүн жашы буурчактап, Аманбы деп Бекбача, Күйөө жагын көп сурап, Айкөлдүн салган күмбөзүн, Көрдүңбү балам? — деп сурап, Адамзаттын элине, Көндүңбү балам Нурфану, Айчүрөктөй асылды, Кыз Куйалы баатырды, Көрдүңбү балам? — деп сурап. Көргөн билген баарысын, Кеп салып берди божурап. Кырк күн туруп элиңде, Нурзат шаанын жеринде, Кетемин деп Нурфану, Басып кирди жооп сурап. Энеси көзүн жаштады, Айтып кебин баштады: — Картайганда энекең, Жүктүү болду Нурфану, Бекбачанын келгени, Куттуу болду Нурфану, Тогуз айга күн саны Толуп калды Нурфану, Энеңдин бошоор мезгили, Болуп калды Нурфану, Жана кырк күн тургунуң, Аман-эсен көз жарсам, Эркекпи, кызбы көргүнүң. Эркек болсо тууганың, Атамдын ордун басар деп, Көңүлүңдү тындыргын. Жана туусам кыз бала, Сиңдилүү болдум деп кеткин. Айтып баргын элиңе, Кайтып баргын жериңе, Кандай да болсо абалды, Айта баргын элиңе. Бекбача биздин балабыз, Аман болсо ал жерде, Тынып турат санаабыз. Неге келбейт сага бирге, Сенден башка Таласта, Же бар бекен зайыбы ал жерде? Энеси мындай дегенде, — Бекбача өзү адамзат, Канаты жок энеке, Мени менен келгенге. Атам менен энеке, Унутпайт, эстейт Бекбача, Эсине алат ар күндө. Менден башка жок экен, Албаптыр зайып ал жерде. Силерден башка кайны жок,

Менден башка зайыбы жок. Туубас болот окшоймун, Эч нерсенин дайны жок. Жүктүү болсоң энеке, Жүзүн көрүп кетейин, Эркекпи, кызбы тууганым, Анык билип кетейин. Эркек болсо тууганым, Атамдын ордун баспайбы, Менден бетер кыз туусаң, Бойго жеткен кезинде, Бирөөгө көзүн сатпайбы. Жатка барып жатпайбы, Атамдын ордун сактайбы? Муңдуу сөз айтып ал жерде, Туруп калды Нурфану. Күн жыйырмага жетпестен, Бошоду жүктөн энеси, Нурзат шаанын алганы, Эркек бала тууганы, Чечекейин караса, Уулдуу болуп Нурзат шаа, Элдин тынды санаасы. Тууганын көрүп Нурфану, Көөнү өсүп жетилип, Турбайын деп кечигип, Эстеди жери Таласты, Эли кыргыз алашты. Арасы алыс жол экен, Көйкап менен Таластын, Атасына ал айтып, Энесине зар айтып, Перилерге кош айтып, Он миң пери котчу алып, Учуп чыкты Таласка, Эртең жетем деп барат, Элим кыргыз алашка. Өтө тунук бир сууга, Көзү түштү Нурфану, Бара жатып асманда. Аккан суунун бойуна, Перилерди түш деди, Сууга жуунуп таранып, Тамагыңды ич деди. Нурфанудан кеп угуп, Баары түштү чубуруп, Сууну бойлоп перилер, Баары сууга чумулуп, Учуп жүрүп асманда, Кирдеген кирин жуунуп. Перилер ойноп кетиптир, Нурфану жалгыз чатырда, Перилер кайтып келгенде, Анан сууга барам деп, Чатырда жатып дем алып, Көзү уйкуга кетиптир. Нурфануну алам деп, Өлүп кеткен Татылда, Жинге берген кызы бар, Күйөөсү жинди ээрчитип, Нурфануну жай-кышы, Аңдып жүргөн иши бар, Нурфануну кастаган, Аркасында киши бар. Өзү жалгыз чатырда, Уктап жаткан мезгилде, Ээрчитип эрин жеткени, Уктап жаткан немени, Мойнунан башын кескени, Тирүү жанга билинбей, Көйкапка качып кеткени. Суу бойлоп ойноп перилер, Чатырга келип караса, Нурфанунун башы жок, Дени жатат чатырда. Чакчалекей, будуң-чаң, Түшүп калды перилер, Нурфануну көтөрүп, Нурзат шааны алдына, Учуп калды перилер. Жан айабай катуу учуп, Жетип барды перилер, Баары болгон укмушту, Айтып барды перилер. Нурзат угуп бул кепти, Тез учуучу периден, Таласка бешти жиберди. Таласка барып кайт деди, Бекбачага айт деди. Учканда пери тик учуп, Көктүн чыгып каарына, Төбөдөн ылдый тик түшүп, Бекбачага барышты, Айтып кабар салышты, Нурфану аты чыкканда, Жамандыгын укканда, Ачык күн катуу бүркөлүп, Түмпүйүп асман чүмкөлүп, Үшкүргөн шамал жел чыкпай, Кара туман каптады, Оодарылбай Таластан, Сасык туман жатканы. Перини тиктей делейип, Бекбача катып селейип, Ачкан оозу жумулбай, Тиктеген көзү ирмелбей, Үшүгөндөй калчылдап, Бекбачанын көзүнө, Деңиз толкуп жаткандай, Жердин бети калкылдап, Колу буту токтобой, Титиреп турат калчылдап. Жумулган жок көздөрү, Ачылган бойдон караган, Билбей калды Бекбача, Үч күн өттү арадан. Тамандары какшады, Тикесинен тик туруп, Нурзат шаанын беш пери, Үчүнчү күнү түш менен, Көзү көрүп Бекбача, Эсин жыйган кездери. — Силер кайдан келдиңер, Кебиңер барбы айт, — деди. Жана айтса жана кеп, Жанакыдай дагы кеп. Жана айтты перилер: — Биз келгени Таласка, Үч күн өттү арадан, Нурфанунун кабарын, Айтып келдик баатырга, Жиберген бизди Нурзат шаа, Кеп кылбай туруп алдыңыз, Үч күндөн бери карата, Ал жердеги перилер,

Эмне кабар келет деп, Сактап күтүп калгандыр, Жердигине тапшырбай, Өлүктү сактап салгандыр. Перилерден кеп угуп, Ичи ачынып от күйүп, Эки жагын каранып, Нурфанунун отурган, Ордун көрүп Бекбача, Жана кетти эс танып, Кой эти бышым болгондо, Ордунан турду эс алып. — Нурфануну бул жерден, Тиргизе албайм мен барып, Жердигине койгула, Кечиктирбей тез барып. Кайнатама айткыла, Эт көйнөгүн айабай, Мага берсин кайнатам, Кайненеме айткыла, Сабыр кылсын ыйлабай, Тынч жаткырсын жерине, Нурфануну кыйнабай. Татылданын бир кызын, Жинге тийген эрге деп, Айтчу эле Нурфанум. Ошол кастык кылган го, Ойлошумча так ошо, Кызылкызды жиберем, Жинге барып келгин деп, Татылданын күйөөсүн, Мага таап бергин деп. Эри жинди кармасам, Катынын анын таба алам. Колго түшсө ушулар, Кайнатама тапшырам. Казынадан беш мата, Алып чыгып Бекбача, Нурфануга кепин, де, Унутуп калбай айткыла, Акылман энем Каныкей, Өз колу менен кармаган. Сакталып келген бул демге, Нурфануга арналган. Мынча күндүн алдында, Казынага мен барсам, Жыйып койгон текчеден, Чачылыптыр маталар, Жыйнайын деп карасам, Нурфану деп аты бар, Алда кандай заман деп, Келер бекен аман деп, Мен жүргөнмүн кайгы жеп. Чачылганы матанын, Жазылганы Нурфану, Бүгүн билдим ушул кеп. Жалгыз кыздан айрылып, Кайнатам менен энеме, Аларга болду кыйын кеп. Нурфану өлүп каран түн, Мага болду мүшкүл күн! Бекбачадан кеп угуп, Кайненеси баатырдын, Эркек бала тууганын, Сүйүнчү деди перилер. Алдында айтып күйүнчү, Артында аттып сүйүнчү. Жанындагы акшамшар, Алып берди Бекбача: — Балага берген белегим, Алып келип бергиле, Нурфанумдун көйнөгүн, Нурфанумдун ордуна, Көйнөгүн кармап жүрөмүн, Күнү-түнү түшүрбөй, Мен этиме кийемин. Айтып болуп жөнөттү, Перилер учуп жөнөштү. Перилер жетти, ашыгыш, Алда эмне болду деп, Турган экен шашылыш. Жеткиз десе Бекбача, Жеткизебиз анда деп, Койгон экен Нурзат шаа, Алтындан сандык жасатып. Бекбачанын айтканын, Жаңы туулган балага, Ак шамшарын тартканы, Кабар угуп Бекбача, Үч күн эстен танганын, Ордун көрүп Фанунун, Кой эти бышым жатканын, Матанын кандай экенин, Айтып берди бар кебин. Матадан көрүп белгини, Нурфанунун билгенин, Эт көйнөгүн Бекбача, Күн-түнү жок кийерин. Айтканындай кылышты, Нурзат бааша тапшырды, Жинди издеп табышты, Бекбачага көйнөктү, Алып келип атайын, Перилер кайта жанышты. Кызылкызды Бекбача, Чакырып жанга алышы, Нурфанунун кунун кууш, Табылып калса душманы, Кылычты майлап канга жууш. Угуп болуп Кызылкыз: — Кыйын эмес бул жумуш, Эртең күнү түш менен. Алып келем кебимди ук. Өмүр жандын Кызылкыз, Он эки кабат ордодон, Ойу менен тиктирди, Көрүп көргөн башкадан, Жетини алып келтирди, Түндүккө желек байлады, Байланган желек жети түр: — Жети бакшы үйгө кир, Айгай салып бакыр деп, Жин перини чакыр деп, Жин баашасы Жылызы, Алдырып келгин азыр деп, Кызылкыз турду тостойуп, Жылызды чакыр дегенде, Бакшынын баары мостойуп: — Айталбайбыз ага деп, Жылыз келсе бул жерге, Тирүү киши калтырбай, Кырып кетет жана деп, Чоңдугу Жылыз ал турса, Келип калса бул жерге, Кайда батат капыр? — деп,

— Жылызга алың келбесе, Алың келген жиндерди, Алып келгин мында дейт. Жети бакшы бакырып, Жиндердин атын чакырып, Кабарчысын чаптырып, Бирине-бирин айттырып, Отко кетмен салдырып, Колу менен бастырып, Кызык ойун салганы. Жин периден жети уруу, Калбай келип калганы, Чогулушуп жин пери, Бул ойунга таң калды. Кайта учуп бир пери, Жылыз жинге барганы, Адам айран калгындай, Көргөнүн айтып калганы. Ойундун угуп кабарын, Катынын кошуп ээрчитип, Жылыз жөнөп калганы, Ойунга Жылыз жеткени, Жердин бети толгон жин, Томолонуп калганы. Дөө менен жин перинин, Сыйкырын билген Кызылкыз, Катыны менен Жылызды, Катар кармап алганы. Эртеси күнү түш менен, Бекбачага алпарды. Нурзат шаанын алдына. Перилер келип калганы. Татылда кызы Жинсыра, Жылыз менен экөөнү, Нурзат шаага жөнөттү. Жинсыра менен Жылыздын, Жанын алды Нурзат шаа, Нурфанунун ордуна, Канын алды Нурзат шаа, Нурфану өлүп катын жок, Ашыгын эстеп Бекбача, Ичи жалын кызыл чок. Муну мындай таштайлы, Кардыгач менен Чакмакташ, Өлүмүнөн баштайлы.