← Асылбача-Бекбача

Калдыктын айласы

Уутаң, Калдык биригип, Тура калып кеңешип: — Ушул бойдон тим койсок, Бекбачасы баштаган, Хандардан бар канча жан, Адамды адам дебеген, Балбандан бар мынча жан, Акылы калды кыскарып, Буруттан өлдү эки хан. Уутаң айтат ошондо: — Ханым Калдык, мен айтам, Балтек айткан акылды, Биз кылсакбы деп турам. Ушул бойдон жөн болсок, Бул кейпинде кыргыздан, Кутулбайт тирүү бир адам. Тил алсаң, ханым, буйрук бер, Ажырасын эки эл. Биз уйкудан кечели, Жердин бетин ойолу, Орду казып койолу, Дем алдырбай кыргызды, Урушка дайар бололу. Калдык кабыл алыптыр, Эл ажырап чыгуучу, Барабанды кагыптыр. Эл ажырап бөлүндү Ажыраган элдерде, Ар бир сонун көрүлдү: Ичегиси иймелген, Сүйрөлүп жерге чиймелген, Ичегиси чубалып, Каны качып кубарып, Антип жүргөн андан көп; Колу сынып чолойуп, Көзү чыгып олойуп, Кулагы жок молойуп, Денеден каны чубуруп, Кыпкызыл канга бойолуп, Буту сынык сыйраңдап, Жанбашы сынык кыйраңдап, Бели сынык буйраңдап, Бул түрдөгү мындан көп; Коркурап жаны чыга албай, Кыйналганы дагы бар, Ага, ини бир тууган, Бири калып, бири өлүп, Ыйлаганы дагы бар; Ата ордунда агам, деп, Ини да болсо төрөм, деп, Эми кайдан көрөм, деп, Чымын жаны чыркырап, Кыйналганы дагы бар; Өлгөндүн тоноп кийимин, Жыйнаганы дагы бар; “Өлгөнчө жетер пул таптым, Аз таппадым, мол таптым, Ушул кыргын болбосо, Муну кайдан мен таптым”. Деп сүйүнгөнү дагы бар; “Көр дүнүйөң куру, — деп, Өлгөндөн ашкан бул дүйнө, Түп болот деги кимге? – деп, Өлбөчүдөй жутунба, Тоңбочудай кумтунба, Эки-үч күндүн ичинде Өлүп кетсең непада, Сага дагы буйурбай, Артып калат артыңда, Көр напсиге алданып, Болбогон ишке чарпылба”, Акыл айткан дагы бар; Кабыл албай айтканын, Өзүң жыйнап ала албай, Жыйнаганды көрө албай, Каңкылдабай олтур, деп, Кайаша айткан дагы бар; Буйурбаган ээсине, Опа бербейт кишиге, Ырас айтат, ушул, деп, Колдогону дагы бар; Мойнун толгоп бултулдап, Болбогону жана бар. Ар кимдин ойу ар башка, Окшобогон шум жалган! Түнүндө каңгай камданып, Тирүү калган кишинин, Баары калбай жамдалып, Ортону көөлөп ор казып, Көпчүлүк түндө бүтүрүп, Бекбачаны орого, Алабыз деп түшүрүп. Каңгайлардын ичинде, Бир далычы бар экен. Далысын кармап колуна, Хан Калдыктын үстүнө, Кирип келди жүгүрүп, Жаш баладай күйүгүп, Оозунан түтүн бурулдап, Токтоно албай үшкүрүп, Улутунуп алганы. — Эмине болдуң, айткын? — деп, Калдык сурап калганы. — Далыдан көргөн ишти айтам, Жалганы жок чынды айтам. Уктабай түндө ор каздык, Ойлобой орду не каздык? Далыдан көрдүм кыргыздын, Төлгөчүсү бар экен. Төлгө салып кечинде, Ор казганды билиптир, Бактыбайдын үстүнө, Басып барып кириптир, Билгенин айтып билиптир, Төлгөсүн кайра салдырып, Казактар аны көрүптүр, Жалганы жок ырас, деп,

Күбөлүгүн бериптир. Биз ор казган кезекте, Көз байлоочу сыйкырдан, Алтоо-жетөө келиптир, Көзү менен көрүшүп, Топосун алып барышып, Айкындашып билиптир, Барын билип болгондо, Бекбачасы күлүптүр, Эл башкарган Бактыбай, Аскерди алты бөлүптүр. Таабалды менен Такырбаш, Эки топко эки баш. Шермат хан менен Медербек, Эки топко экөөнү, Баш кылыптыр белгилеп. Курмушу менен Бактыбай, Эки топту алыптыр. Туу көтөргөн Малабек, Бекбача турат майданда, Күнү бүткөн кишилер, Келе берсин, мага деп, Сактанган менен болобу, Орго түшөт Бекбача. Бекбача орго түштү, деп, Ат койобуз жан калбай, Бекбача ордон кутулат, Барган менен карматпай, Тегеректеп буруттар, Өзүбүз казган орого, Өзүбүздү тыгышат, Жан кишини куткарбай, Камап турат алты топ, Четке киши чыгарбай. Ор өлүккө толгондо, Тоодой Калдык мааналап, Сен качасың ошондо. Алаш кетет элине, Ар ким кетет жерине, Бекбача түшөт көшөрүп. Калдык, сенин изиңе. Каңгайга барып азыраак, Баш мааналап көрөсүң, Кайсы экенин билбеймин, Андан нары көрөрүң, Далычыдан Калдык хан, Татыгы жок кеп угуп, Бекбача орго түшкөндө, Куткарбаймын аны деп, Кайрат кылып дем уруп, “Качасың” ды унутуп, Дардаңдады ал акмак, Орго түшсө жеңдим, деп, Олбуй-солбуй белин бууп. Муну койо туруңуз, Эми кыргыздын кебин угуңуз. Келдике деген бар эле, Ата-энеден туулуп, Жер бетине келгени, Беш ата болуп тукум кууп, Төлгө салып билүүчү, Киши келбей кечиксе, Мал-парааны жоголсо, Келдикеге эл келчү, Төлгөсүн салып Келдике, Көргөнүн айтып берүүчү, Келдикенин айтканы, Бурулбастан келүүчү. “Баатыр Манас төрөнүн, Төлгөчүсү эр Төлөк, Келдике болуп калдың” — деп, Тамашалап күлүшчү. Ажырап аскер чыкканда, Кош-кошуна түшкөндө, Келдике салды төлгөсүн, Келип айтты элдерге, Төлгөсүнөн көргөнүн. Кыргыздын бары ырас,деп, Ишенише кетишти. Казактан карап тургандар, Мадантай деген казактын, Төлгөчүсү бар эле, Чакырып алып келишти, Карап көрүп Мадантай: — Бара келди Бактыбай, Орго түштү Бекбача, Ордун оозун бек тосту, Жан кишини бастырбай. Тереңдиги он арыш, Ыргып чыкты Майтору, Туйагын кагып буйдалбай. Калдык качты чыдабай, Бекбача кетти кубалай, Алты бөлүм аскерге, Айдатып келип Бактыбай, Түптүз ору толгончо, Бир кишини чыгарбай, Жооп берет элдерге, Бекбачанын артынан, Мен Бактыбай барам, деп, Калгандар жеткин жериңе, Эл-элиңе тара, деп, Жүр, Келдике, турбайлы, Бактыбайга баралы, Байандап кепти салалы. Тилге кирсе Бактыбай, Арам кыйал Маңгыттан, Анык кабар алалы. Кабар айтып барышты, Бардык кебин салышты. Казак, кыргыз чуулдап, Келдике менен Мадантай, Жалган айткан эмес, деп, Жабырашып калышты. Карап калып Бактыбай: — Андай болсо, баатырлар, Калдыраган каңгайдан, Кабар алчу кимиң бар? Көрүп келе калыңар. Таластан келген жеринде, Бактыбайдын элинде, Сакадай деген бар эле, Көз боочу жайы бар эле. Эки киши котчу алып, Сен экөөңдү кишиге, Көрсөтпөймүн деп алып, Көрүнбөй жетип барганы, Бар ишти көрүп калганы. Казган орун Каңгайдын, Тереңин өлчөп жип салып, Он аршын экен тереңи, Жипти туйуп белги алып, Узунун өлчөп билиптир, Беш жүз аршын келиптир, Көргөнүн баарысын,

Келип айтып бериптир, Кем-керчисин калтырбай, Терип айтып бериптир, Муну угуп Бактыбай, Аскерди алты бөлүптүр, Болгон иштин баарысын, Далычысы моңголдун, Билип айтып бериптир. Төлгөчү менен Далычы, Таамай айтты баарысы, Жалганы жок айтканы, Тамам келип калышы. Бекбача орго түшөт, деп, Сүйүнүп калдык уктабай, Орго түшкөн немени, Аламын деп куткарбай, Барабанын кактырып, Аскерин тизип сап кылып, Өзү чыкты жекеге, Бекбача, деп бакырып, Карасур менен бастырып: — Кырылды элдин далайы, Бекбача, сенин мойнуңа, Өлгөн элдин убалы! Жашырынбай келгиниң, Жайымды менин билгиниң, Мойунуңа саадак илгиниң, Саламыңды бергиниң! Эгер андай кылбасаң, Кутулбайсың бүгүн сен, Шишиң толду, билгиниң! Деп күркүрөп турганда, Сыр найзаны зыңкыйтып, Тоо текедей секиртип, Май торуну кымдыйтып, Бекбача жетти маңдайга, Качырышып бет келди, Карсылдашар кез келди. Орду билип Май тору, Арышын кербей шектенди. Аны билбей Бекбача, Сойулгур кантип калган! — деп, Кара санын тилинте, Камчы менен жиберди. Кара жаак булдурсун, Катуу тийди санына, Карга-кузгун тойгундай, Сандан аккан канына. Кара санга камчы жеп, Аркардай арыш алганы, Төрт аркан келет туурасы, Төптөп аттап кете албай, Орго түшүп калганы! Качырып жети хан Калдык, Эңкейип найза сайа албай, Аңдан качып Карасур, Чукул кирип бара албай. Буйдалып калган кезинде, Кечиндеги уккан кеп, Бактыбайдын эсинде. Топчу кулак кер атты, Койуп калды Бактыбай, Зыркыратып жебени, Чойуп калды Бактыбай, Тарткан жебе жеткени, Сол колунун шак-шагын, Талкалап жебе неткени, Сынган колун билдирбей, Бурдай кармап хан Калдык, Эл аралап кеткени. Алты хан эли ат салып, Жазайыл атып, жаа тартып, Милтесин кызыл чоктошуп, Зүңкүлдөтүп ок атып, Кой чагыр атып чаңыртып, Жердин бетин жаңыртып, Каптап кирдиң каңгайлык, Бактыбайдын кошууну, Кызыл кан агып жошулду, Кангайлыка жол бербей, Бактыбайга кошулду. Ордун оозун алганы, Каңгайдан киши бастырбай, Кыргыз тосуп калганы. Аркасына качырбай, Калгандар тосуп алыптыр, Каңгай менен Алаштын, Каны суудай агыптыр. Орго түшкөн Бекбача, Асмандын бети кызыл чок, Жамгырдай түшөт аткан ок, Туйундурбай адамга, Бойго жеткен кыз болуп, Кубулжуп турат дүйнө шок! Ошол кезде Бекбача, Төлгөчүнүн, кеби деп, Бурулбай келди чыны, деп, Өзү менен иши жок, Калган элден кайгы жеп: “Кылым кыргыз элинде, Кызыл ээк чал калды, Кызыл муштум жаш калды, Ээ боло албай элге деп, Мага жаман ат калды! Сөөгүмдөн кетпей, бирге өлгөн, Ушул менде дарт калды! Атактуу Кеңкол, чоң Талас, Ээсиз бүгүн бош калды! Алтымыш уруу көп алаш, Айак асты таланды, Упурак болду кайран журт, Маңгытка болуп каранды!” Бекбача кейип муңканды, Бекбачанын алдында, Майтору минген тулпары: “Асылбача мингенде, Мени минди буудан деп, Май тору минип турганда, Кутулбайт качкан куусам деп. Асылбача өлгөндө, Бекбача минди керээз деп, Ойуна алып көрбөгөн, Аттап өтүп кете албай, Төрт аркан тартса жеткидей, Аңга түшүп кетет деп. Аңкыса шамал атыр гүл, Ала Тоо чөбүн мен жесем, Айбан да болсом уйалдым! Ак кула, мага жардам бер, Сайдан аккан сууң сүт, Сенден болсун мага күч, Сарала мага, жардам бер! Көк теке баскан адырда, Телкызыл жүргөн кадууда, Тайбуурул оттоп семирген,

Суусамырдын сыртында, Сур койон оттоп элирген, Сары коонун түзүндө, Жуушадым жатып күзүндө, Боз жорго, кирдиң түшүмө, Кыргыз үчүн жан кыйнап, Бекбача турса үстүмдө, Туйак серпер алым жок, Мен турсам ордун ичинде, Алатоодон жеген чөп, Сүт ордуна ичкен суу, Кетелек турса ичимде. Боз жорго келип жардам бер, Арсыз айбан дедирбей. Оң жагымда сен турдуң, Сол жагыңда мен турдум, Канаты бар Кеңкула, Адамча билип сүйлөгөн, Санаты бар Кеңкула, Кубат бергин муунума! Ойрон кеткен Сейитим, Эркек эгиз уулуна, Той бергенде Кененим, Чыгып келген Телкүрөң, Мага жардам бербесең, Кыйноодо калды Май тору, Тирүүлүк мага не керек, Жаман аттын айынан, Бекбача өлдү, дедирсең! Тообо кылам тогузга, Кабыл кылгын, тогуз ат, Мендей тору доңузга!” Бурчактап көздөн жаш кетип, Белин түйүп мекийип, Ордун тиктеп кашаттын, Эки көзү чекийип, Мышыктай чыкты Майтору, Туйагын какпай секирип. Аккула куйрук тиштетип, Сарала жөлөп күч берип, Көк теке жалдан тартканы, Телкызыл колун көтөрүп, Сур койон бутун көтөрүп, Тай буурул менен Кеңкула, Медет берди торуга, Сейитимдин Телкүрөң, Арта салып жонуна, Бакай хандын Боз жорго, Чылбырынан тартканда, Канаты бар немедей, Бекбачанын Май тору, Так секирип чыгыптыр, Казган ордун кырына. Бекбачанын чыкканын, Көзү көрдү Бактыбай, Кишиден угуп билбеди, Өзү көрдү Бактыбай, Ача берип ор жагын, Аркасына качырбай, Камап кирди кыргыздар, Калдыктын калың кошуну, Өз оруна тыгылды, Кыйан жыйнап келгендей, Кемерине жыйылды. Беш жүз аршын узуну, Тереңдиги он аршын, Төрт аркан бойу туурасы, Кыры менен жык толду, Кайнап жаткан калың кол, Караны качып аз болду, Түз жердей өтүп хан Калдык, Бурулбастан чу койду. Барабан согуп кабарлап, Ажыратар жок болду. Муну мындай таштайлы, Хан Калдыкты Памирди, Чапканынан баштайлы.