← Асылбача-Бекбача

Козубек баштаган карттардын өлүмү

Сегиз хандан айрылып, Эми кандай кылам, деп, Айласын Калдык табалбай, Акылдашып кеңешер, Хандан бирөө Калалбай, Жекелешип дем берер, Баатырдан тирүү жан калбай, Жалгыз калып жабыгып, Акыл качып камыгып, Алты хан элин чогултуп, Айтып турду хан Калдык: — Сегиз хан эли чогулдук, Селдей аскер көп болдук, Ооган менен испандык, Колдошпой кетти элине, Кутулганга сүйүнүп, Турбай кетти жерине. Кара көз салып бузукту, Калкым, болдуң санаадар, Белдүүлөрдөн ажырап, Мен болдум бүгүн жарадар. Элдин эбин эр табат, Элин улук башкарат, Ушул бойдон качканда, Бизге жаман ат калат, Эл башкартып туралы, Эл ичинен эр тандап. Балбан барсың бул элде, Беттешип чыгаар жекеге, Мерген барсың бул элде, Мелжесең атар чекеге. Найза сайсаң талыбас, Калкаласа кажыбас, Сардар барсың бул элде. Хан билгенди эл билет, Эл билбесе ким билет? Билген элдин эрки жок, Ханы ишти белгилейт. Бай билгенди кул билет,

Айтайын десе тил кыска, Билгенин кылып бай жүрөт. Элдин эри болбосо, Эрине эркти койбосо, Эл четинен бөлүнөт. Жер кубалап, сай санап, Урук кууп куда таап, Жык айрылат алжайып, Кызыл чеке чабышып, Азамат өлөт дардайып, Бузуктардын күнү тууйт, Мурду көөп барбайып, Ар кимиси өзүнчө, Керилип басат чардайып, Хандуу элде караан бар, Чогуу турат калдайып. Ээсиз калдык, беш урук, Ээ болуучу кишиңди айт, Тетиги элди кеп салбай, Мына бул турган ичиңди айт. Баатырыңды бөлүп айт, Хан болчуңу көрүп айт, Жериңде ханың барыңар, Башкарчууну табыңар, Жериңде ханың жогуңар, Хан болчууну табыңар, Кайра элге барганда, Хандыкты колго алыңар. Маңгыттан башка элдерге, Калдык айтты ушундай. Манжунун эли жабырап: — Ханыбыз Бодоң болуучу, Алпыбыз Каман болуучу, Экөө катар жоголду, Элдин ханы жок болду. Калгандары кажылдап: — Башкарар киши бизде жок, Мында тургай элде жок, Биздей урган пенде жок. Акылы бар жан калбай, Ажырап элден хан калбай, Айдалып келген бул жерге, Билегинде күчү бар, Жүрөгүндө оту бар, Калбай келген бул жерге. Таанылгандан калбады, Таанылбаган калганы. Жайын айта салганы, Угуп калдык элдерден, Көзү көрүп күмөнсүп, Бир жылдан бери көргөндү, Шеги бар деп жүргөндү, Бешөөнө бешти хан кылды, Өзүнө өзүн башкартып, Кадырын Калдык жам кылды. Кыргызды кырып болгондо, Куржунга алтын толгондо, Ооган менен Испанда, Онтотом деп акырды, Оозунан көбүк чачылып, Октоло түшүп бакырды. Жаңыдан улук болгондор, Ээ болуп такка конгондор, Айагы жерге тийбестен, Алек-далек жүгүрүп, Каткырыгы баш жарып, Карсылдашып күлүшүп, Хан Калдыктан жалтанып, Кеп кыла албай калтаарып, Ээ болдук элге дегенсип, Акыл айтып, нуска айтып, Өлгөндөрдү угузуп, Хан болгонду билгизип, Калган элге айттырып, Атайлап киши чаптырып, Канык кабар укканда, Өлгөндөрдүн бүлөсү, Улуп – уңшуп ыйлашып, Кызыл кан кетип ичинен, Жалынсыз отко күйүшүп, Жан болгондун бүлөсү, Кабагы жарык күлүшүп, Жагалданып сүйүнүп, Эне – атасы, агасы, Ээси бардан канчасы, Кара кыргыз каман, деп, Канкор Манас тукуму, Бекбачасы жаман, деп, Хандын баары өлүптүр, Алптын баары өлүптүр, Калар бекен аман, деп, Кыргыздын эли кыйын, деп, Жылга жолборс быйыл, деп, Жолборс сындуу азамат, Тирүү калыш кыйын, деп, Жолборс жылга келгенде, Уруш болсо эр өлөт, Эр өлбөсө жут болуп, Борошолоп мал өлөт, Тактадагы хан өлөт, Катардагы жан өлөт, Малга келсе жамандык, Азы калып көбү өлөт. Далай катын тул болот, Нечен жигит кул болот, Эгин чыкпай аз болот, Элдин көбү ач болот, Күлкүдөн ый көп болот, Күн күркүрөп жаан жаабай, Аркырап шамал көп болот. Төгүлөт көздүн бермети, Такыр болот жер бети... Карылары ушинтип, Жандын камын жеп жатты. Аскер келсин жана, деп. Жер-жерге Калдык кат жазды, Уктай албай хан Калдык, Агарып сүрүп таң атты, Өлүп кеткен эрлердин, Өлүгүн жыйнап алмакка, Өлсө таштап атат, деп, Жаман атка калбаска, Кыргызга киши жиберип, Урушта өлгөн эрлердин, Бодоң баштап хандарды, Андан башка калганды, Кабар айтып угузуп: “Үч айлык болсун аралык, Анан уруш салалык. Сен жеңилсең, жеңсең да, Мен жеңилсем, жеңсем да, Өз кезинде көрөлү.” Деп айттырып хан Калдык, Арага киши салыптыр, Кара көк тууган Бекбача,

Айтканын кабыл алыптыр. Кыргыздан өлгөн эрлерди, Элдин ханы дегенди, Алдырып келген Бекбача, Булгарыга оротуп, Жибек менен тордотуп, Нардан тандап комдотуп, Белгилеп ханын тургузуп, Калгандарга угузуп, Комдогон нарга жүктөтүп, Ар бир эрге, үч жүздөн, Киши кошуп дүрбөтүп, Жай-жайына жеткир, деп, Зыйнатын эли кылсын деп, Эр Муратты Коконго, Татыбекти Таласка, Турдананы Кашкарга, Турумбекти Турпанга – Төрт тарапка узатып, Барганың кайта келбе, деп, Өзү баатыр Бек айтып: — Арыбы көп Калдыгың, Азыр болгун шай болгун, Чыгарбасын тамтыгың. Он төрт хан элин угузду, Өлгөндөрдүн кызматын, Өз элине кылгызды, Калдыктын айткан кебине, Кайта жообун бергизди. Маңгыттардын Калдык хан, Ар тарапка чаптырды, Ат жетер жерде элдердин, Баарына киши бастырды. Алтынга, пулга алданып, Калган киши болбоду, Айтканың Калдык ырас, деп, Барган киши болбоду. Кара көз менен Калдыктын Айтканына алданып, Малга, пулга жалданып, Кыргызга барып кол салып, Аман-эсен элине, Жанган киши болбоду. Барган элдин чоңдору, Айткан кеби бул болду: — Үч айдын күнү токсон күн, Бир киши четтен кошулбай, Алты уруктун элине, Эми болду жоксон күн. Күн артынан күн өтүп, Түн артынан түн өтүп, Күн менен түндү кубалап, Отузга толуп ай өтүп, Болжол кылган токсон күн, Өтүп болду түгөнүп. Манжу, монгул элдери, Жаңылап аскер келгени, Шибе, солон элинен, Эми киши келбеди. Кара кытай калкынан, Арбын келди көп адам, Жаңылап келген элдерден, Жана келди кырк балбан. Жүз элүү миң санаты, Толду аскер карачы, Эми кыргыздын кыраан төрөсү, Бекбачаны байкачы. Жана киши келсин деп, Жаңылап киши албады, Он төрт ханды чогултуп, Бекбачанын айтканы: — Хан Мамайдан тараган, Мурун кырк жүз наам алган, Кырк жүздүн укум-тукуму, Кырк уруу кыргыз атанган. Хан Мамайдан Карахан, Карахандын эки уулу, Калаш хан менен Огуз хан, Калашкандын балдары, Жети вазир, беш балбан, Сегиз уул өзүнөн, Кырк жүзгө булар кошулуп, Алтымыш уруу калаш деп, Калаш аты кыскарып, Айтып калды жонунан, Алтымыш уруу алаш деп. Огуз хандан алты хан, Чоң катындын балдары: Күн хан, Ай хан, Жылдыз хан; Токолчонун балдары: Тоо хан, Көк хан, Деңиз хан; Чогулушуп баарысы, Тураныдан чыктык, деп, Түрк уулу деп атанган. Булардын баары бир-бирин, Кээде душман, кээде дос, Мына минтип келе аткан. Батыштагы беш урук, Баш кошуп булар чогулуп, Аларга маңгыт кошулуп, Кыргыз менен жоо болуп, Кан агып келет жошулуп, Талаада жатып токсон күн, Узунга кетти созулуп, Манжу, моңгул, кыдаңдан, Арбын келди далай жан, Дайындаган ханың бар, Жалгызектин Бактыбай, Тилин алгын барыңар, Айтканынан бурулбай. Алты шаар, Анжидан, Атактуу Кокон, Маргалаң, Самаркан, Ташкен, Караган, Ушулардын баарысы, Өзүбектен тараган, Эбегейсиз урушта, Ажырап калды Мураттан, Мураттын бар беш уулу, Улуусуз хандык аткарган. Турданадан тукум жок, Баш вазири Кубат хан. Таластагы Татыбек, Уулу калды Пазилбек, Турпандагы Турумбек, Иниси бар Акылбек, Калганың өзүң барсыңар, Бир жакадан баш чыгаар, Бир жеңден туруп кол чыгаар, Майышбасаң бузулуп, Сени кандай күч жыгар? Качанда болсо капсалаң, Аламан болсо каптаган, Араңды ачып жол берип, Киргизбе душман ар качан, Жекелешип урушса,

Таабалды, Матан, Такыр баш, Үч баатыр бар удаалаш. Курмушу менен Медербек, Шерматкан бар дайар, деп, Жалгызектин Бактыбай, Жар – жөлөгүң жана бар, Калдык чыкса жекелеп, Жанын айап ким калар. Талкалашып киргенде, Талыкпасын билгенде. Жалтайбасын жүрөгүң, Айкөл Манас арбагы, Баарыңдын бар жөлөгүң. Деп тапшырып Бекбача, Бүгүнкү тирүү баатырдын, Көргөн элге бир башка. Таң атканча уктабай, Камынып чыкты калдастап, Аты чыккан көй кашка, Ар боруму бир башка, Он эки түрдүү жарак бар, Баатырларда бир башта. Соотторун тордотуп, Бүчүлүгүн оңдотуп, Чарайнасын кадатып, Туулгасын жаратып, Кылыч, найза, балтанын – Баарын ууга сугартып, Жарылып кетер бекен деп, Ай балтанын уңгусун, Коло менен чырматып, Найзанын сыртын сырдатып, Тердиктерин жумшартып, Үзөнгү боосун кыскартып, Куйушканын узартып, Ат олоңүн чыңдатып, Олпоктордун жыртыгын, Була салып булатып, Чыраштатып жаматып, Калдыркан менен кисепче, Мыгын бөрктөп кадатып, Музурканып мурчанып, Муздай темир курчанып, Сом темирин артынып, Чарайнасын тартынып, Кездемдин боосун чубалтып, Кескерип найза чунайтып, Туулгасын башка чөмөрүп, Баатырлардын баарысы, Кийгени темир көгөрүп, Кетелегин өңөрүп, Кылыч кында кыңгырап, Ай балта белде шыңгырап, Кызыл мизден доолбас, Чымын тийсе зыңгырап, Көз тайгылып баатырлар, Көк мейкин зоодой зымырап, Аттанып чыкты калың кол, Маңдай-тескей жыбырап, Кара курттай быжырап, Кумурскадай кыжырап, Салкын желдей дуулдап, Чар каргадай чуулдап, Кернейдин үнү заңкылдап, Сурнайдын үнү такылдап, Адамзат пенденин, Күнү бүткөн кишиге, Ажал жетти жакындап. Топурак учуп асманга, Туман түшүп закымдап, Намыс үчүн көй баатыр, Көөдөн керип, төш жайып, Суусагансып оозуна, Тили батпай акылдап, Алып учуп жүрөгү, Токтобой турат лакылдап. Алоолонуп тулпарлар, Ала качып алкылдап, Тегеренип токтобой, Башын булгап кайсаңдап, Тоңурчактап тура албай, Ооздук тиштеп тил чайнап, Турнадай мойну узарып, Жылдыздай болуп көз жайнап, Тизгин тартпай бош койсо, Анда – санда туйагы, Жерге тийип такылдап, Урган таштай зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Кетүүчүдөй закылдап, Кыргыйек жетпей жанашып, Көзгө илешпей закымдап, Азаматы кыргыздын, Ок өтпөс буу,лум шым кийип, Кең багалек балкылдап, Алтындап саадак курчанып, Асаба көктө калкылдап, Үч айдын күнү токсон күн, Бекер жаткан эригип, Уруштан коркуп алаштын, Ойунда жок тартынмак. Саймалуу калпак сары шым, Салтанатуу көп казак, Карк алтынга бөлөнүп, Өлүмдөн коркор эл эмес, Өжөрлөнүп көгөрүп. Алты шаар өзүбек Кийгендери чылт жибек, Сынчыбектен бер жакка, Уруштан качкан эл эмес, Ата теги өзүбек, Ханы, кара дебестен, Сайышка чыгат жекме-жек. Оңой, олтоң эл эмес, Омор улар бел эмес, Кашкар, Котен, Лопнурлук, Турпан, Комул, Аралдык, Кадимтен келген кармашта, Намыс үчүн жаралып. Түр бейкасам, ак шайы, Жектелеп кийген чапаны, Жалайак ооз, кир кабак, Орок мурун, чуңкур көз, Кең көкүрөк, кууш айак., Кара сакал жайкалган, Кадимтен бери урушта, Кан кечип көнгөн чайпалган, Асманы көпкөк чаңкайган, Көп жаабай жамгыр аз жаган, Мээ кайнаган ысыктан, Бок кайнаган сасыктан, Кан бүркүшкөн кызыктан, Баш тартып кайра качпаган, Басташып келген душмандын, Башын жерге жаздаган.

Баары баатыр, баары шер, Эгин эккен, мал баккан, Мөмөлүү жыгач бак баккан, Алтын аккан суу ичкен, Сал байлашып суу кечкен. Кара малдан төөсү көп, Черчен, Турпан тарабы, Эгининен мөмө көп, Чөп жеринен куму көп, Жибек чычкан курту көп, Эштек менен нойгуттун, Ошол кезде журту көп. Манас, Алтай, Иледе, Комул, Баркөл дегенде, Тоо бойунда жылкы көп, Өзөнүндө уйу көп, Адырында койу көп, Какырында төөсү көп, Кургак сайда кулан көп, Аралында марал көп, Эңкүүсүндө элик көп, Ээн жерде жейрен көп, Токойлуу жерде бугу көп, Муз төрүндө айуу көп, Тектиринде теке көп, Курбусунда кулжа көп, Кумдай кийик мында көп. Карагай, кайың, тереги, Бой теңешип теңселип, Мени көрчү дегенсип, Алтайдын суусу алкылдап, Иленин суусу жалтылдап, Үстүндө салы калкылдап, Теңир тоонун шамалы, Өтө сонун салкындап. Бай чечекей түрлөнүп, Күн чагылып кулпурат. Кара кыйак,буудай баш, Таргыл менен айуу чач. Бетеге, шыбак, жылтыркан, Беттеринде аралаш, Адам жечү чөптөрү, Алтай, чөйчөк, иленин, Адырында көптөрү, Кызыл-ала бүлдүргөн, Жантайма боордун түптөрү. Козу кулак, жоогазын, Балжууран, ышкын, кемирчек, Кымыздык менен бээ эмчек, Кончуңа толуп бастырбай, Куйулуп жатат жөргөмүш. Жыгачтын аты карагат- Тоонун жапа жүзүмү, Шагы ийилип самсалап, Жаңгагы сайда жыйылып, Алма,өрүгү аралаш, Кыйан жеген кемерге, Канчасы келип тыгылып, Көргөн жан өтүп кете албай, Басалбай турат кыйылып. Табылгы,четин, аралаш, Жылгын, балгын,чамалаш, Чычырканак, эчки тал, Мал өтө албайт аралап, Жер бетинен мындайды, Адам уулу таба албайт, Мындай сонун конушун, Жат душманга кыйалбайт, Кол салып келген ким болсо, Койгулашпай туралбайт. Эне сайдан Алтайга, Котенден Чамбыл бел гече, Жерин сактайт алаштар, Орто Азия ичинде, Элин сактайт алаштар, Айкөл Манас баатырдын, Атын сактайт алаштар, Атактуу Кеңкол Таластын, Баасын сактайт алаштар Котен, Жеркен, Кашкардын, Элинин көбү кыпчактан, Азы тоодо мал баккан, Көбү эгин сактаган, Тоодой кылып кызыл жүк, Түгөнгүсүз мүлк тапкан. Чиритпестен чачпастан, Домдыкканда сактаган, Кыпчактай эгин экпейт, деп, Индинин эли мактаган. Кундуз артып, чай артып, Түрдүү мурчун дагы артып, Кепереч, сымап дары артып, Киргит, дөбөт, ташмалык, Буудай алып кетем, деп, Индинин эли чубалган, Борошодо белде өлүп, Түтөк алган жерде өлүп, Белден ашчуу пенденин, Азы калып, көбү өлүп, Индилер минтип куураган. Котендин жолу кеңири, Кешмирдеки кыргыздар, Индиге жолду бербеген, Каты жок келген индиге, Кыпчак эгин бербеген, Ал заманда кыргыздар, Мөшкөй төөнүн жүнүнөн, Килем соккон термеден, Өлүп кеткен кишини, Быйдана төшөп алдына, Термеге ороп жердеген Бейкасам менен шайыны, Жибектен жасап түрдөгөн, Баашайы башка кулпуруп, Тоту куштай гүлдөгөн. Сооданын аты кыл торко, Мөшкөй кылдан жасаган, Төө жүн менен кой жүндөн, Жасап алган буйумун, Муну ноот деп атаган. Эчки жүндөн жасашып, Манат деп атын аташып, Дүрүйө менен карала, Мындай сонун соодалар, Толуп жатат кыргызда. Кайыштан жасап кандагай, Отко салса чок өтпөс, Жүндөн жасап олпокту, Мылтык атса ок өтпөс, Жылтылдаган дейилда, Мындай соода кыргызда. Алкылдаган аргымак, Жылаңач жүнсүз тобурчак, Булуттан күлүк буудандар, Асыл жылкы кыргызда.

Айры өркөчтүү лөгү бар, Жону туйук нары бар, Төрт түлүк малдын баары бар, Алтымыш уруу алашта, Артыкча кыргыз, казакта, Жардысы жок баары бай. Эркин өскөн алаштын, Эминеден кеми бар! Туу болуп турган бул күндө, Эр Бекбача төрө бар. Ата мурас абалтан, Айыгышып келаткан, Манжу, моңгул – экөө бар, Кээде душман кээде тим, Ал экөөнөн калгандар. Дайардык кылып баарысы, Жабыла минип атына, Майданга келип калышы. Жаңылап келген кытайдан, Кыйгактуу найза колунда, Кыргыз эмес кылымды, Жалгыз алыш ойунда, Көпкөк темир кийинген, Турган тулку бойуна, Күчүн-күчкө улаган, Өчүгүшкөн душманы, Капылет өлүп сулаган, Калжаңдатып тулпарын, Кан бойогон найзачан, Каңгайлап ураан чакырып, Майданга чыкты бир адам, Лопнурдакы эр Матан, Өлүмдөн качан баш тарткан? Каңгайдан келден эрдин, деп Канчалык алын билем, деп, Манастап Матан бакырып, Баатырдын атын чакырып, Аты – жөнүн сурашпай, Найзалашты качырып. Сайдырбай найза кагышып, Канча түркүн сайышып, Балталашып чабышып, Баардык күчүн арнашып, Найза менен балтадан, Пайда таппай алардан, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырышып урушуп, Кылычтан тапкан айла жок, Калды деми суушуп, Чокморлошуп койушуп, Акакташып соолушуп, Маңдай-тескей марашып, Дем өткөрүп турушуп, Кекенишип демитип, Кетелек алып келишип, Одарышып бир ээрде, Тамандашып тебишип, Кайран жанды кейитип, Эртеден кечке салышып, Кечинде кайта келишип, Баатырлар кайтып келгенде, Аттан жулуп алышып, Алдына көрпө салышып, Жарага даары чабышып, Илегерлер чогулуп, Түрдөп айла табышып, Уктабай таңды атырып, Кейипкерин багышып, Тунарыгы ачылып, Сүрүп чыкты таңатып. Жана чыкты жекеге, Кейипкерлер аттанып. Адам уулу көрбөсүн, Көк буу көккө созулуп, Булутка чыгып кошулуп, Алакандар сойулуп, Кан чубуруп жошулуп, Кулак-мээни тундуруп, Асман жарган карсылдак, Кулак укса көз тунуп, Балтанын үнү чакылдап, Ойротто жок Матанды, Оморо сайып жөнөдү, Кытайдан келген кызыталак, Өлтүртбөскө Матанды, Такыр баш жетти анталап. Матанды тирүү куткарып, Качырып кирди кытайды, Кандуу найза колго алып. Койгулашып беттешип, Кой эти бышым болгондо, Такыр башты тумактай, Сайып өттү ошондо. Сапта турган Таабалды, Кылча жанын айабай, Өлөмүн деп санабай, Алды – аркасын карабай, Жебеден мурун жеткени, Кытайдан келген баатырга, Кыйкырып найза неткени. Карсылдакка алышып, Качпай туруп салышып, Кайта-кайта сайышып, Бээ саам араң чыдады, Таабалды жеткир майышып. Кытайдан келген балбаны, Кыргыздан чыккан Таабалды, Таабалдыны дардайтып, Аңтара сайып таштады, Иледен келген Шерматкан, Ажалым жетсе өлдүм, деп, Азабым болсо көрдүм, деп, Ат койуп кетип бараткан, Ажыратып алайын, Таабалды аман калсын, деп. Кытайдан келген кызталак, Үчтү сайып удаалаш, Биринин башын кесе албай, Кылычтын мизи кан жалап, Шермат ханды бетке алып, Катуу кирди санталак. Кытайдын аты Кеженей, Кыргыздан үчтү сулатты, Бучгагына теңебей, Шермет ханды көзүнө, Илип койбойт кенедей, Бендеби деп бейлебей, Эсирип турат Кеженей, Күүлөп найза сунганы, Күркүрөтүп найзасын, Шерматка күүлөп урганы, Бендеби деп бейлебей, Антип турган Кеженей, Ат үстүнөн кулады. Өтө берип Шерматкан,

Кайра айланып келгинче, Кытайлардын Кеженей, Өтө андес ченебей, Атка минип мышыктай, Шермат ханды артынан, Аңтара сайды тумактай. Ысыккөлдүн Медербек, Жан айабай чебер деп, Манастап баатыр бакырып, Качырып жетти дереңдеп. Карап турат Кеженей, Кескерип найза теңебей. Медербектин найзасы, Жетер жетпес кезинде, Жалт дей түштү атынан, Найза тийген немедей. Медербек минген кызыл ат, Өтө берди алактап. Минип жүргөн Медербек, Атын оңдоп тартканча, Кеженей жетип аңгыча, Медербекти торойтуп, Сайып өтүү аңтара, Казактардын Курмушу, Каарданып бакырып, Кандуу найза колунда, Кеженейди беттеди, Курмушу баатыр жеткени, Алдыңкыдай ал дагы, Найза тийбей жалп этип, Аттан кулап кеткени, Курмушунун буданы, Кутулбаган кууганы, Жылкыдан асыл жаныбар, Чылбыр бойу узабай, Кайта артына жанганы, Атка минип Кеженей, Качырып калган убагы, Кеженейди жеткирбей, Кыран баатыр Курмушу, Кыйырынан найза урганы, Мыктысынган Кеженей, Аңтарылып кулады, Кытайлардын Чабалай, Кылча жанын айабай, Курмушуга жеткени, Чабалайга сайдырбай, Кыраандык кылып Курмушу, Кытайды сайып өттү эми, Алдындагы Кеженей, Ардык кылып ченебей, Курмушуга жеткени, Атынын оозун бурганча, Аңтара сайып кеткени. Чабалай менен Кеженей, Башын кесип алсак, деп, Теминип кирди тебелей. Топчукулак кер атты, Койуп барат Бактыбай, Чабалай менен Кеженей, Каттап сайып кетүүнү, Чиктеп барат Бактыбай, Кирпигин ирмеп албастан, Тиктеп барат Бактыбай, Курмушуну Кеженей, Эми жетип сайарда, Өзөктөн канын жайарда, Аркасынан Чабалай, Башын кесип аларда, Катар сайып экөөнү, Койуп өтүү Бактыбай, Канга жууп найзаны, Сойуп өтүү Бактыбай, Жаңы келген кырк балбан, Экөө өлүп кандалган, Карап турган калганы, Намызынан арданган. Катар сайып экини, Бир киши найза майласа, Сегиз баатыр ат салып, Кирип келди шаңдана, Бактыбай кантер экен, деп, Калгандар турат таңданып, Таабалды Матан, Такыр баш, Дайарданып камданып, Курмушу, Шермат, Медербек, Оңдоп найза карманып, Алты баатыр тепсетип, Кирмек болду ат салып. Кытайдан келген сегизди, Телегейи тегизди, Жалгызектин Бактыбай, Беттеп сайып бешөөнү, Эптей сайып экөөнү, Бир аралап өткөндө, Кулатты аттан жетөөнү. Калганын сайып тумактай, Томолотуп таштады, Бөрү кырган улактай. Бактыбайдын колунан, Өлүп кетти он балбан, Каңгайдан келген элдерге, Кыйын болду бул заман. Отуз балбан орукта, Барбай калбайт балбандар, Хандары бар деп жумшаса. Маңгыт Калдык каарданып, Жан алчудай зарданып, Бактыбайдан ону өлүп, Ого бетер арданып, Мурдунан буусу буркурап, Уламдан оозун карманып: — Ылгангандан онуң бар, Бир кишини он киши, Ойуна койбой байлап ал! Байлатпаса бултаңдап, Найза сайып, кылыч чап, Балта, чокмор катарлап, Тирүү койбой башын ал! Хан Калдык кылды жардыкты. “Бактыбайды байласам, Бекбачага салам, — дейт, Кең дүйнөдө тарлыкты.” Урушту мурун көрбөгөн, Көңүлү көпкүр барысы, Отуз менен жыйырма беш, Ортосунда көйрөңдөн, Миң кишиге керт башым, Мен боломун дегенден, Ылганып ону бөлүндү, Орто – карта он дөбө, Орто жерде көрүндү, Кыргыздар, көрүп аларды, Кыйалы кыркка бөлүндү. Кээ бирөөлөр күдүңдөп:

— Бактыбай эмес чекеде, Элде турган биздердин, Каныбыз чындап төгүлдү, Ону урчук он дөбө, Бул доңуздан өлгөнчө, Кезик болуп онтолоп, Үйдө өлгөн жакшы эле. Алдында өлгөн он балбан, Кайраты жок бели бош, Жамандарын тандашып, Чыгарган экен турбайбы, Алдында келген аскерден, Ар балбанды көргөнбүз, Манжулардын чоң Бодоң, Кара кытай Зоңтары, Шибелердин Йобалы, Солондордун Жабике, Ары баатыр ары хан, Моңгулдардын бетирке, Ылгап келген балбандан, Каман алп, Чынар, Буракүң, Калдаң кытай, кампалаң, Ошолордон канча өөдө, Тиги турган он балбан, Алда кандай күн болот, Атаңдын көрү шум жалган! Дүйнөгө келген тамам жан, Өлбөй киши калбаган, Тирүү кетип үй көрбөй, Өлөт окшойт курган жан! Жан алуучу көздөнүп, Турушу башка он балбан. Жана жыйырма балбан бар, Аларда кандай жандар бар? Бекбача калар кутулуп, Тамам болот окшойбуз, Андан башка жан калбай! Санаасы сан, кыйал миң, Турган элдин ичинде, Болуп жатат ар кандай. Моңгул, маңгыт, шибеден, Манжу, солон дегенден, Кара кытай, кеденден, Тандалып чыккан он балбан, Экөө колго тор алып, Экөө жебе жаа тартып, Экөөңдө кылыч жаркылдап, Экөөндө балта жалтылдап, Экөө найза сундуруп, Күркүрөгөн найзанын, Күүсү кулак тундуруп, Шамал болуп дуулдап, Маңгыттап уран чакырып, Чаркаргадай чуулдап, Касабасы калкылдап, Аргымактар алкылдап, Айгай сүрөөн бакырык. Качырып кирди чар тарап. Эр Кененим көк жалдан Токсон күн таалим көп алган, Он балбан тургай миң балбан, Миң түрдүү өнөр иштетсе, Буйдалбаймын деп алган. Ушул үчүн карылар, “Жетимиш өнөр жигитке, Көп эмес” – деп айтышкан, Жалгызектин Бактыбай, Он балбанды элебей, Бекбача аман турганда, Таталаган буларды, Бучкагына теңебей, Зым-зым этип зымырап, Карап турат кенебей. Торун түрүп колуна, Качырып торун саларда, Жойкуманы Бактыбай, Алдынан утур чапканда, Тордун баары кыркылып, Куру кол болуп калганда, Аңгычакты шаштырып, Найзакер кирип барганда, Ар кандай жорук үйрөтсө, Маш болот экен жылкыны, Колтугуна Бактыбай, Соогончокту ныкыды, Шиш менен сайган немедей, Туурасына ыргыды. Найзакерлер сайа албай, Алдына өтө бергенде, Ойротто жок Бактыбай, Оңтойуна келгенде, Жойкү масы колунда, Мен-мен деген төртөөнү, Салып койду жолуна – Экөөнү кести мойундан, Экөөнү кести белинен, Узатып койду жолуна, Ажыратып элинен. Балта чабар кылыччан, Кыйкырып жетти аркадан, Жойкуманы Бактыбай, Белге кынай байлады, Адис болгон эр неме, Найзаны кармай алганы, Кылыч менен жарар да, Балта менен чабар да, Топчу кулак карагер, Жыландан бетер жылмаңдап, Койондой ыргып кылт этип, Кетенчиктеп кеткени, Жайнап чыга бергынче, Найза менен төртөөнү, Катар сайып өткөнү. Таамай сайган Бактыбай, Талуу жер деп мойунду, Бир найзадан кутулбай, Ошол төртөө сойулду. Жамгыр кылып жаа тартып, Зыркыратып жебени, Эки балбан жеткени, Анткен менен Бактыбай, Аларды көзгө илбеди. Сундуруп найза тартпады, Октоп мени атат деп, Которуп орун качпады. Топчу кулак кер атты, Кандагайга каптаган, Кара бойун чаптаган, Минип турган кер аттын, Тулку бойу күймөлүү, Туйагынан башкасы, Баары күмүш түймөлү. Манасты алып оозуна, Беттеп баатыр тийгени, Тик качырып жетти эми, Жеткен жерде эки эрди, Беттей сайып өттү эми, Бир Бактыбай он эрдин. Түбүнө мындай жеткени, Калың кыргыз элинде, Уккан киши жок турса, Өзүнчө болду кылмышкер, Байакы ушак айткан эрлери. Баатырлык кылып Бактыбай, Жылас кылып жыйырманы, Орто жерде турганда, Хан Калдыктын көзүнө, Кайран дүйнө тар болуп, Кол алдында башкарган, Алты хан эли бар болуп: — Бирден барсаң жекелеп, Тогузуң барсаң мекелеп, Тобуңду бузбай, он балбан, Качырып кирсең кан этет, Жалпы барың тебелеп? Же барасыңбы бир-бирден, Керт башыңа менмин деп. Калдыктан угуп калган хан, Кантер айла табалбай, Менмин деп чыгаар эр таппай, Кыйналып турган кезинде, Балтек деген бар эле, Маңгыттардын элинде: — Ойлонуп акыл мен таптым, Олтурган, хандар, карагын, Ылганып туруп ичиңден, Жекеге бириң баргының, Анда – санда беттешип, Айарлык менен четтешип, Кечкиртип кайра жангының. Түндүн кара чапанын, Башка чүмкөй жамынып, Жүз сексен миң кишисиң, Ханың, караң чогулуп, Майданга орду казгының, Топосун тарлап көтөрүп, Көрсөтпөстөн каткының, Арыбы көп адамдын, Амалдап үстүн жапкының. Жеке чыгып бириң бас, Мылтыгын октоп миңиң жат, Өзүң чыгып чекеге, Бекбача кел деп жекеге, Ханым Калдык, өзүң айт. Ордо жаткан мергендер, Бекбача келсе майданга, Олпогу бар ок өтпөйт, Өзүн койуп атын ат. Бекбача аттан айрылса, Канаты сынып кайрылса, Айласын кыргыз табалбайт, Жалгыз калат Бактыбай, Баштакыдай боло албайт, Ойлонгон менин акылым, Жарабаса айтканың, Калган эл, акыл тапкының. Балтек айткан акыл, деп, Барысы кетти макул, деп, Бир балбанды зордоду, Бактыбайга баргын деп. Бир манжу кетти барбаңдап, Чаначтай көөп дардаңдап, Туурасы чыккан орто бой, Курсагы чыгып чардаңдап. Манжулап барат бакырып, Бар кайратын чакырып, Өтө мыкты бул манжу. Бактыбайды качырып, Жыйырманы сайып жылмалап, Чапкан чөптөй кыймалап, Антип турган Бактыбай, Аткарыдан кан кечип, Эр карыдан жин кечип, Батырлык кылган Бактыбай, Келе жаткан манжудан, Анча-мынча кан кылбай, Мелтиреп турат Бактыбай, Карынан коркуп баатырдын, Калтырап турат калгандар, Заманасы куурулуп, Алсырап турат калгандар, Жайыбыз кандай болот, деп, Жалдырап турат калгандар, Айтарын билбей эс таанып, Тамтырап турат калгандар. Качырып келген манжууга, Бактыбай найза сайдырбай, Найзасын кагып жиберип, Борошолуу жаандай, Кайра тийди имерип, Топчу кулак кер аты, Ооздук тиштеп нидерип, Капка тоодой каапырды, Кайраты артык баатырды, Карчытынын тушу, деп, Как бөйрөгү ушу, деп, Муштап өттү Бактыбай, Кызыл канга найзаны, Чыктап өттү Бактыбай. Оодара сайып зоңкойуп, Кең майданда тоңкойтуп, Таштап кетти Бактыбай. Калдыктын эли баспады, Бактыбайга бара албай, Бекбачадан жооп жок, Майданда турат Бактыбай, Хан Калдыктын аскерин, Же аралап кирип кете албай, Араңдан зорго далайда, Калмактардын элинде, Салбыр деген бар эле, Билинбей жүргөн жан эле, Жашырбай жайын айтканда, Балбандын бири ал эле, — Мен барамын, — деди эле. — Барсаң, Салбыр, барып кел, Кайратың бар эр элең, Билинбей жүргөн неме элең, Бактыбайды алып кел, Алың ага келбесе, Амал кылып кечкече, Кечинде кайра жанып кел, Салбыр чыкты аттанып, Каңгайдан келген калмактар, Бактыбайды алат, деп, Батпай турат шаттанып, Чыкканда Салбыр бастырып, Барча тоодой көрүнүп, Бойу мунар көрүнүп, Колу чынар көрүнүп,

Жалт-жалт этип жаркылдап, Жалыны көздөн төгүлүп, Күрөккө, соот ичинде, Тышынан эндей тон кийип, Белине кылыч байланып, Бар жарагын камданып, Бастырып чыкты шайланып, Болотун ташка түйрөйтүп, Найзасын жерге сүйрөлтүп, Чокморун кысып такымга, Арзандык менен адамзат, Беттешер эмес капырга, Салбыр сүрдүү көрүндү, Бактыбайдай баатырга, Кирип келди ал Салбыр, Тул катындай жулунуп, Башында туулга алты кат, Көп-көк болуп тулуйуп, Анык күүсү кара бет, Сакалы жок мулуйуп. Бети жалпак дөң маңдай, Сыртына кайкы жайык төш, Мурду тоонун кыр таштай, Эки көзү жуп көлдөй, Оройу суук бадырек, Мурундун ичи өзөндөй. Балтыр эти баладай, Көкүрөктүн кеңдиги, Тай чабуучу талаадай, Ай балкайы жиктенип, Чөп ташуучу чанадай, Алдыңкы ээрди түйрөйүп, Ат мине албай нар минип, Буту жерге сүйрөлүп, Үстүнкү ээрди калбайып, Дал ортосу далдайып, Көзү экөө болбосо, Макил дөө келип калгансып. Минген нары тайраңдап, Ала көбөң аңгидей, Кирип келди дардаңдап. Найзасын алып имерип, Бурут, алың канча, деп, Бактыбайга жиберип, Бактыбай андан калабы, Башын тартып ийменип, Сексен аршын найзасы, Бактыбай кайра какканда, Сынып кетти канчасы, Асманда учат зырылдап, Сынган найза барчасы, Күүлөп алып бу Салбыр, Сыныгы менен чапканы, Топчу кулак кара кер, Чыга берди булт этип, Сокмоктуу сойул тийгенде, Жер айрылып солк этти, Асманга учуп топурак, Жөө тумандай тоз кетип, Алды бүркөк, көк ачык, Булут каптап калгансып, Сойулун тартып алганча, Оң карынын булчуңга, Сайып өттү Бактыбай, Тарамышын тарата, Жарып өтүү Бактыбай, Уу сугарган найзаны, Өпкөнүн кара тамырга, Малып өтүү Бактыбай. Жалгызектин Бактыбай, Өтө мыкты шамдагай, Колуна жарак алдырбай, Шылкы мойун чойунбаш, Арстан тууган эр неме, Ачып көздү жумганча, Алтыны койуп өттү эле. Ана-мына кылганча, Колуна жарак алганча, Оро-бара чокууга, Онду койуп өттү эле, Төбөдөн ары кош колдоп, Төртү койуп өттү эле, Мойун эттин тушу, деп, Талуу жери ушу, деп, Бешти койуп өттү эле. Көз ачырбай токмоктоп, Балта менен башка уруп, Башындагы туулганын, Төбөсүн ылдый жапшырып, Каржилигин капшыра, Койуп турат Бактыбай. Каржиликтен кан агып, Салбырдын көзү тунарып, Шайы кетип калганын, Анык билдик хан Калдык, Ажыратпай тим койсо, Өзөктөн канын жайарын, Канык билди хан Калдык, Салбыр токол болорун, Таанып билди хан Калдык, Алдынкы тааныш хандардан, Калганы жок бир адам, Кийинки жаңы хандардан, Балбандан өлдү жыйырма адам. Жыйырмадан ашык чокморду, Көтөрдү салбыр бир адам. Такоосуз калган хан элем, Жалгыз калган жан элем, Кара баш жалгыз калганда, Башы бүтүн боору эсен, Бекбача менен Бактыбай, “Буларга кантип тең элем? Он төрт хан алаш эл турса, Буй кыламбы жеке мен?” Ойлонуп Калдык аркасын, Ажыратып алышка, Салбырдын таап айласын, Кара сурду камчылап, Качырып Калдык баратат, Калдык капыр жетет, деп, Салбыр, Калдык бириксе, Бактыбай жалгыз кантет? Лобнурдагы хан Матан, Койуп кетип бараткан. Саптан Калдык бөлүнүп, Жаачы күндөй көрүнүп, Жан айабай келе атат. Жагалданып Бактыбай, Чокморду таштап жиберип, Найзаны күүлөп имерип, Алдындагы кер аты, Ооздук тиштеп нидерип, Салбырды эр Бактыбай, Сайып өттү сооруга, Сооту тогуз болбосо,

Кадалат эле бооруна. Түбөгүнөн такалды, Өтпөй найза какады. Найзаны тартып алганча, Бактыбайды капталга, Калдык жетип сайганы. Калдыктан найза жеткени, Тебетейдей Бактыбай, Аттан ыргып кеткени. Салбырды сайар ал калбай, Кыймыл этер шай калбай, Матан жетти аңгыча, Кылча жанын айабай. Бактыбайга жетерде, Кер атына мингизип, Алып чыгып кетерде, Кайра тартып хан калдык, Бактыбайга эргешип, Байкабай калган Матанды, Туулганын төмөн чети, деп, Бакалордун бези, деп, Муштап өтүү хан Калдык, Ак иретке Матанды, Жумшап өттү хан Калдык. Чылбыр чойуп тулпардан, Жыгылды Матан дардайып, Адегенче Бактыбай, Кер атка минди залкайып. Эсин жыйып Салбыр кул, Эңкейип алды найзасын, Кабаттан сайсам, экен, деп, Алаштардын канчасын. Алдынан Калдык бет келип Аркадан Салбыр найзасын, Күүлөп калды кескерип. Карап турган Бекбача, Май торуну чуратып, Чаңды асманга созултуп, Манас деген үн чыгып, Кадимки Чубак үндөнүп, Азиз хандын Алмамбет, Так ошондой сүрдөнүп, Алдындагы Май тору, Тел кызылдай зыркырап, Көзүнөн жалын шыркырап, Ойрон Сыргак жолборстой, Найзасынан үн чыгат, Учкан куштай дыркырап, Жебеден мурун жеткени, Бактыбайдын артынан, Бара жаткан Салбырды, Этектен түрө муштады, Күн тийбести талкалап, Найзанын учу чыкканы, Тартып алып найзаны, Калдык ханга жеткени. Бактыбайды сайдырбай, Кара сурдун үстүнөн, Аңтара койуп эми. Карап турган хан кайда, Жыйырма балбан дапдайар, Тик качырып жазганбай, Бекбачага жетти эми. Жалгызектин Бактыбай, Бекбачага карабай, Хан Матандын өлүгүн, Топчу кулак кер атка, Жаш баладай өңөрүп, Өчөшүп келген эл менен, Койгулашып көгөрүп, Матандын атын жетелеп, Бактыбай кетип баратат, Манжу, Солон элинен, Тандалмалуу эринен, Бактыбай менен салышып, Бешөө кетип баратат. Такырбаш жетти теминип, Тап бүркүттөй желигип, Бекбачага балбандан, Маңгыт калдык баштаган, Жыйырмасы кездешти. Такыр баштын артынан, Таабалды менен Шермат хан, Медербек менен Курмушу, Эки казак үч кыргыз, Бешөө кирди канатташ. Бактыбайды эсен сак, Хан Матандын өлүгүн, Алып кетти Медербек, Алдындагы Такыр баш, Жыйырма балбан ортого, Бекбачаны алыптыр. Найза, кылыч, балтачан, Мылтык атып жаа тарткан, Темир болот тор салган, Мылтыкчандын тамамы, Май торуну кастаган, Торчу торун таштаган. Найзанын учу күртүлдөп, Мылтыктын үнү зүңкүлдөп, Кылычтын үнү кыңгырап, Балтанын үнү шыңгырап, Кетелек үнү шакылдап, Чокмордун үнү такылдап, Жүн сабаган немедей. Болуп жаткан тапылдак, “Андай сайып, мындай чаап” Акыл берип балбанга, Карасур менен калдайып, Калдык турат какылдап. Алаштан кирген төрт баатыр, Жетип келди жакындап, Бекбача айтат бакылдап: — Силерди карап турганмын, Торго түшүп турбадым, Айла кетип амалсыз, Колго түшүп турбадым, Эр Курмушу, Шермат хан, Элдин сыртын кайтаргын. Качпасын кангай жылыштап, Тирүү киши чыгарбай, Башын алгын кылычтап. Таабалды баатыр, Такыр баш, Амал ойлоп акыл тап. Тиги турган хан Калдык, Качпасын капыр ыгын таап. Жоо бөрүсү баатырлар, Тосоттоп жолун кайтаргын, Мыктысы жыйырма балбанга, Жалгыз өзүм мен бармын. Бактыбайга айтып кой, Байракты өзү кармасын, Кыргыздын туусун жыктым, деп, Мактанып Калдык калбасын. Хотен, Жеркен, Азыктын,

Хандары жанын кайтарсын, Топого башы шурдалып, Тоңкойуп чалдар жатпасын, Эрдин бири Медербек, Алаштын элин байкасын. Айтып болуп Бекбача, Оролгон темир бир канча, Тулку бойун бекитип, Белин түйүп мекийип, Эр Гүлүстөн абам, деп, Жардамың барбы, маган деп, Бурултбастан жетсем, деп, Маңгыттын ханы саган деп, Кайратын бойго жыйганы, Кабылан баатыр туйлады, Беш кабат темир тор түшкөн, Жети катар жибек тор, Чыгып кетип дал-далы, Танап болуп баатырга, Илинери калбады. Бекбача баатыр кептенип, Торду мурун ким үзгөн, Аты менен өлсүн, деп, Ачка кордук көрсүн, деп, Коңурбай камап койгондо, Шер Алмамбет бир үзгөн, Тордон чыккан Бекбача, Тоодон бийик талабы, Колуна найза кармады, Тегеректеп турганда, Бешти катар сайганы, Найзанын учу тийгенде, Тирүү бирөө калбады, Каары көрүп Калдык хан, Беттеп бара албады. Мен – мен деген жыйырмасын, Жылдырбастан жалмады, Карап турган Калдык хан, Камчысын булгап калганы. Калдайган колду аралап, Кан төгүүчү шайтаны, Бекбачанын кармады. Жүз элүү миң аскери, Алты уруктан келгени, Алашта киши калбады, Аралашып калганы. Баатырлар жүрөт аралап, Ат карыдан кан кечип, Эр карыдан жин болуп, Таш баканын далайы, Талкаланып жүн болуп, Ылгый сөөксүз жыландар, Күдөрүдөй ый болуп, Кескелдирик, батма чык, Тайны калбай жоголуп, Жердин бети тилинип, Таштар чыгып коройуп, Алты күндүк айлана, Жуурулуп адам канына. Токойунда айбандар, Жолборс, айу, камандар, Бугу, марал, куландар, Кутулуп качып кете албай, Карышкыр, түлкү, койондор, Төрт айактуу бул эмес, Тепселип өлдү момолой. Мышык,мадыл,чычкандар, Маана болор жер таппай, Түгөнүп кетти айбандар. Туу кармаган Бактыбай, Эки күнү эки түн, Элге болду мүшкүл түн, Калдык чыдап туралбай: — Алаштын туусун жыкпасам, Бактыбайды сойлотуп, Бир кумардан чыкпасам, Бекбачанын колунан, Тирүү калбайт бир адам. Бекбачаны карасам, Эңиш жерге келгенде, Кырк-элүүдөн бир сайат, Өргөө чыга бергенде, Албарс менен кайсалап, Чамбыл ала чаң кылып, Кылычтын мизин кан кылып, Жалмап кетип баратат, Түзөң жерде кес келсе, Жүз элүүдөн талкалап, Кетелегин булгаса, Жетимиш-сексен жок калат, Чогууну көрсө кол салат, Арасын ачып жол салат, Орто жерди ой кылып, Ойуп кетип баратат, Бет келгенди куткарбай, Сойуп кетип баратат, Хандын көзүн кашайта, Ойуп кетип баратат. Бул Манастын тукуму, Буруттан чыккан кызталак! Биздин эл качат аз калды, Ар тарапка самсалап. Өзүм аман турганда, Бактыбайды сойойун, Канын ичип кеселеп, Ач курсагым тойойун, Айтканымдай кылбасам, Кантип хан Калдык болойун!? Ушул бүгүн жеңилсем, Батарыма эл да жок, Барарыма жер да жок, Кылчайып мени бир карар, Каңгайдан башка пенде жок! Чымырканып чыйралып, Өрдөктөй мойнун узартып, Кузгундай көзүн кызартып, Өзүнө өзү сөз айтып, Өжөрлөнүп Калдык хан, Кара сурдун үстүнө, Таш өбөктү салыптыр. Көпчүлүктү аралап, Бактыбайды мекелеп, Элди жандап жекелеп, Калдык кетип баратат. Алабек менен Малабек, Козубек үчөө бир турган, Көрө салып Козубек: — Курбалдашым эки бек, Кулак сал, — дейт көзүмө. Маңгыт Калдык келе атат. Бактыбайды сайам, деп, Туусун жыгып алаштын, Бир калбаны салам, деп. Ойлогону арамдык, Келе жатат кара нээт,

Бактыбайга айтбайбы, Ажал жетсе өлөрбүз, Өлөм деп коркуп качпайлы, Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Көкөтөйдүн ашында, Манас менен бир жүрдүм, Он сегизде жашымда. Семетейди бир көрдүм, Сейитимди көрбөдүм, Кененимди көргөнмүн, Асылбачам өлдү дейт, Аны дагы көрбөдүм, Токсон алты жаштамын, Ажал жетпей өлбөдүм, Маңгыттын ханы капырга, Бир беттешип көрөйүн. Козубектен кеп угуп, Чалдын баары оолугуп, Жеркендеки Малабек, Мен барам деп куйугуп, Азыкдагы Алабек, Мен барам деп жулунуп, Биринен-бири сураса, Алабек менен Малабек, Токсон беште тең экен, Козубек бир жаш чоң экен, Анда айтат Козубек: — Жашым менин чоң экен, Жол талашпа, баатырлар, Силерден мурун алдыда, Менин барар жолум бар. Билип калса Калдыкты, Жол бербейт бизге Бактыбай, Бирден-бирден баралы, Бактыбайга туйгузбай. Чалдар сырын айтышып, Жүрүп кетти Козубек: — Токсондо жашым бар болсом, Тоодой болгон Калдыкты, Томоро сайам мен болсом. Ой Алабек, Малабек, Карап тургун сен болсоң. Келе жаткан Калдыкты, Көрүп кетти Козубек, Найзасын күүлөп сындырып, Койуп кетип Козубек, Манастап баатыр бакырып. Манас деген үндү угуп, Бактыбай жеткен экен, деп, Калдык калды шашылып, Өбөктөгөн атына, Оңдонуп минди ашыгып, Койуп өттү аңгыча, Козубек кары качырып, Кары да болсо Козубек, Кайраты толук ушул кез, Кыйрынан сайган Козубек, Карасурдан кырданып, Жер тайанды хан Калдык. Өзү манжу уругу, Өз жеринде жүргөндө, Эки шаардын улугу, Уутаң деген бар эле, Беттешкенин кетирбей, Алып жүргөн жан эле, Аркасынан Калдыкты, Кайтарып жүргөн чагы эле. Уутаң капыр жеткени, Козубектин атынан, Аңтара сайып кеткени. Козубектин найзасын, Уутаң тартып алганча, Алабек жетип бир койду, Аңтарылып атынан, Манжу Уутаң торойду. Койгон бойдон Малабек, Козубекке жеткени, Козубекти атына, Мингизип жаткан кездери, Карасурга хан Калдык, Кайра минди камданып, Кандуу найза карманып, Козубек менен Алабек, Катар сайды кара нээт. Окшош эки карынын, Канын жайды кара нээт. Бактыбайды мааналап, Качып жетти Малабек, Кеп айта албай апкарып, Араң жетти Малабек: — Манжу Уутаң Калдыкты, Алып кетти жүрү, — деп. Малабектен кеп угуп, Эки хан өлдү деп угуп, Козубек менен Алабек, Өлүгүн алып келгин, деп, Алдырып келди өлүктү, Жалгызектин Бактыбай, Салмак болду түйшүктү. Ордо сактап жаткандан, Элүүдөн жүз кишини, Өлүктү берип колуна, Жер-жерине жиберди. Муну мындай таштайлы, Канжалаган Калдыктын, Айласынан баштайлы..