← Асылбача-Бекбача

Бет ачар

Улуулардан уккан кеп, Ойноо бала жаш кезде, Кулагыма жуккан кеп, Айкөл Манас жомогу, Калк аралап келген кеп, Улаштырып улантып, Улуктар айтып берген кеп. Асылбача-Бекбача – Эгиз уулга келген кеп. Айкөл төрө Манастын, Аркасында Семетей, Семетейден Сейтек, Сейтектен эки уул – Алымсарык – Кененим, Алымсарык тукумсуз, Өмүрү кыска жаш кетти, Аны айтып жүрбөйүн. Алты жашка чыкканча, Баспай бечел Кененим, Тогузунда аттанып, Жети дөөгө касталып, Баарын сойгон береним, Кимге кимдер кас болсо, Маанайы кимдин пас болсо, Айагынан жөлөгөн, Акылы терең көз ачык, Аркасын ойлоп көрөгөн. Кененимдин Сейити, Жыйырма эки жашында, Бул дүйнөдөн жөнөгөн. Сейитинин алганы, Сулаймат кызы Кылжыке, Эгиз эркек төрөгөн. Чыга турган эшик бир, Мурун түшкөн балага, Асыл бала ат койду, Кечинде түшкөн балага, Бек бала деп ат койду. Бара-бара балдарга, Асылбача, Бекбача, Айтылып калган ат болду. Сейити өлдү атасы, Кылжыке өлдү апасы, Жетим калды бачасы. Чоң атасы Кененим, Арка болду балдарга, Калка болду калкына. Чоң энеси Чыныке, Эмчегине сүт кирди, Ак чач болгон кемпирге, Эмизди эгиз балдарды, Жашы үчкө келгенче, Бешик тойун бербеген, Берерге чама келбеген – Эгиз төрөп эки уул, Өлүп кеткен Кылжыке, Өлүм-житим иш болуп, Той бербеген бешикте. Муну мындай таштайлы, Асылбача-Бекбача Бешик тойун баштайлы.