Найзаларын кагышып, Каңкылдатып какканда, Найзаларын сындырып, Куру кол болуп калышып, Чоң Бодондун найзасы, Кыйрап сынып кеткенде, Эрлик кылбай Бекбача, Эми сайса өчөшүп, Канын төгөр кездерде, Манжу Бодоң кеп айтат, Кеп айтканда муну айтат: — Сен Бекбача кыргыздын, Чыйрагысың — деп айтат, Сени менен беттешип, Сайышам деп чыкпадым, Куткарам деп Калдыкты, Ошондуктан чыккамын, Найзам жок сени сайарга, Балтам жок баатыр чабарга, Беттешкен майдан жер эмес, Элден сурап аларга, Күч ортосун чектешип, Күрөшөлү майданда, Аскер карап турганда, Күңгөй-тескей маңдайда, Кимдер чебер ким чоркок, Хандар сынап турганда, Найзалашып эр сайыш, Балталашып жоо алыш, Балбан карап турганга, Намыска тууган эр кандай, Зардал карап турганда, Эби келсе Бекбача, Беттешели андайда, Жарагым жок колумда, Толук эмес кийимим, Катын баасы турганда, Сайайын десең, Бекбача, Жайып берем төшүмдү, Найзаңдын тийер жерине, Кармап берем өзүмдү, Өлсөм кетет көөнүмдө, Кайрылып келбейт өкүнчү. Чоң Бодоңдон кеп угуп, Өлүмдөн коркуп жалооруп, Өзүн-өзү сындырып, Катын баасы деп угуп: — Коркпосоң кел майданга! Корксоң келбе маңдайга, Ушуну айтып Бекбача, Жүрүп кетти чуу койуп, Калдык менен Бактыбай, Карсылдашып жатканда, Өжөрлөнүп өчүгүп, Үксөңдөшүп жатканда, Майтору менен бастырып, Бекбача келе жатканда, Бактыбай менен Бекбача, Ортосуна алат деп, Оңкомдон мени салат деп, Маңгыттардын хан Калдык, Качып келди калдаңдап, Эттектери далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Аркасынан Бактыбай Кууп калды дардаңдап, Эрдемсип мурду барбаңдап, Чылбырынан Бекбача, Кармай калып ат жандап: — Өлбөсө да Калдыктын, Өлүмдөн өтүп кеткени, Мени көрүп качканы, Акылынан азганы, Жаны коркуп шашканы, Мен келдим чыга бергин деп, Деги айтамын мен сени? Найзасы сынып кеткенде, Саргарып Бодоң жалынды, Армансыз болуп өлөйүн, Койгунуң деп жанымды, Амалсыз турган ал кетип. Калдыгыңдын алы бу, Жабыке менен Йобалы, Шайын көрдүк жанагы, Ырас-чынын айтканда, Калдыктын кыйын амалы, Хан Калдыктан башкасы, Кармашка чыдап турабы? Жүргүн ага кетели, Жана келет кыйамы, Белги берип бөлүнтүп, Элди бөлүп чыгалы, Деп айтканда Бекбача, Тууга жетип Бактыбай, Буйрук кылды мамындай: — Козубек хан кайдасың? Аскер чыксын бөлүнүп, Кылбайсыңбы аргасын! Ажырап аскер чыгуучу, Сурнайын кыргыз тартканча, Сегиз хандын элинен, Сурнайдын үнү шакылдып, Кернейдин үнү какылдап, Хандан буйрук болду деп, Өлбөй калган аскерлер, Жик айрылды ажырап, Кыргыздын жанган аскери, Бастырган бойдон кетпеди, Өлбөй жаны барларын, Такыр жыйнап кеткени. Өлгөнү калды кыргыздын, Чыкпаган жаны барларын, Жыйнап кетти кыргызың. Сегиз хандын аскери, Бирине бири карабай, Мен да ушундай бир күнү, Боломбу деп санабай, Бөлүнгөндө кыргыздан, Кош-кошуна барыщты, Курсактарын багышты, Жесекчини мыктылап, Жер-жерге койуп салышты. Муну мындай таштайлы, Каракөз салган элдерге, Капсалаңдан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.