← Асылбача-Бекбача

Каракөз салган капсалаң

Аскер ээси сегиз хан, Аскери жок өзү бар, Каракөз менен тогуз хан, Чогулушуп калышты, Кеңеш кебин салышты, Чындап кылды убада, Кетирбеске намысты. Маңгыттардын хан Калдык, Жан алчуудай каарданып, Өзүмдүн элим дебестен, Ачуу сөзүн агытып, Калгандарга заар салып: — Эртеңден баштап жекеге, Мен барамын дебегин, Мен барам деп чыкканын, Баш байланып келесиң, Баш байланып келбесең, Башыңды берип өлөсүң! Кыргыз деген кысталак, Кырып жатса түгөнгүс, Уу тукумдуу санталак. Манастан бери карата, Мына бу турган буруттун, Барбаган жери калбады, Барган жерин соо койбой, Баатырдын баарын жалмады, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, Сууруп тилин жеп алды. Атасынан баласы, Артып чыгат ар качан, Урпагы жок Манастын, Жакадан ажал албаса, Ат үстүнөн кыйшайган. Жедигердин Каракөз, Айтканы так таттуу сөз, Анткен менен Каракөз, Ниетинде күмөн бар, Колдон келсе иш бөлөк. Сегиз хан элин чакырып, Аскер жыйнап жам кылып, Тегеректеп кыргызды, Алабы деп кар кылып, Баралы бирге дегенбиз, Бадакшанга чогулуп, Аңгычакты Каракөз, Бактыбайга катышып, Бейкут жаткан кыргыздын, Баарына кабар угузуп, Катын алды Жасанды, Калкын кылды каранды. Аз келгенсип анысы, Бетирке менен экөөбүз, Эрмектешип олтурсак, Бизди неге кайтарды? Каракөз бизге эл эмес, Ак пейил киши деги эмес. Бөлүнүп бизден Каракөз, Кыргызга барып бата албайт, Сегиз хандын баарысын, Селдей канын төксө да, Кыргыз кебин эп көрбөйт, Кастык кылды коргонго, Күнөөсүн мунун өткөрбөйт. Ниети кара Каракөз, Өткөрсө да жөн жүрбөйт, Баскан-турган жеринен, Илме-чалма кебинен, Кишинин баары күмөндөйт, Колунан келсе Каракөз, Бактыбайды алмакчы, Мен алдым деп кыргызды, Айтып бизге бармакчы, Ушу бүгүн Каракөз, Бизден кебин танмакчы. Бетирке менен Калдыктын, Башын кесип алмакчы. Ак киши болуп кыргызга, Бекбачаны баш кылып, Баш көтөргөн кыргызга, Бир амалды кылмакчы, Эбин тапса эңкейтип, Баарынын жайын тапмакчы. Өз-жат дебей ар кимге, Ойлогону кара ниет, Акылым артык меники, Мени киши билбейт, дейт. Испан менен оогандык, Коркконунан кошулду. Алаш уулу болгондун, Он төрт ханы чогулду, Чыгыштагы беш урук, Мен батыштан кошулуп, Түштүктөн испан, оогандык, Сегиз хан эли чогулдук. Кылбаса ал чогоолдук, Таласка киши бастырбай, Тойгузбай туруп кыргызга, Хотен, Жерген, Кашкарды, Турпан, Комул буларды, Лопнур, Азык аларды, Өзүбекти жоготуп, Биз кылмакпыз каранды. Алтай, Иле элдерин, Бирине бирин көрсөтпөй, Сойлотмокпуз эрлерин. Ысыккөл менен Атбашы, Алматы калса кыргызда, Тумтак күнүн түгөтүп, Томсортот элек кыргызды, Тордун баарын жырылтып, Каракөз салды бузукту. Каракөз кастык кылбаса, Акимсинген кыргызга, Чийбейт белек сызыкты, Кылбайт белек кызыкты, Жашырбай чынын айтканда, Кабар айтып уруштан, Каракөз салды бузукту. Бүгүндөн баштап билгиле,

Түзүк менен бузукту, Жалындатып от жагып, Мына бу турган Каракөз, Жайнатып койду дозокту. Бактыбайга Каракөз, Барып көрсүн эр болсо, Кайра качса жалтайып, Башын алам мен болсо, Мылтык атыш, жаа тартыш, Кылыч чабыш, найза уруш, Байкап турат эл болсо, Өтсө сөзү кыргызга, Кошулуп кетсин Каракөз, Айткан кеби эм болсо, Көөнүм тынат меники, Каракөз элден жоголсо! Каракөзгө хан Калдык, Айыбын ачып кеп айтып, Өзү билбей элге айтып, Өткүрсүнгөн чочкону, Эл ичинде муңу айтып, Кызыл өңүн кубартып, Жай-жайыңа жангын, деп, Хандарды үйгө таратып, Ана-мына кылгынча, Сүрүп чыкты таң атып. Буйрук берип хан Калдык, Аскер чыкты чубашып. Ак калпак кыргыз Алаштан, Бактыбай чыкты аттанып, Манжулардын чоң Бодоң, Барамын деп камданып, Канча түрдүү жаракты, Кабаттап жанга байланып, Жүрөрүнө калганда, Хан Калдык турду муну айтып: — Тура тургун чоң Бодоң, Бекбачага чыккының, Мыкты болсоң эр болсоң, Бактыбайга кол салып, Кыргыздын элин жам кылган, Каракөз барсын алдыңда, Баатыр болсо Каракөз, Бактыбайды өлтүрүп, Башын кесип байланып, Алып келсин жаныма, Ага алы келбесе, Өлүп кетсин алдында. Чоң Бодоңго жол койбой, Каракөздү зордоду, Айткан бекер сөз калды, Каракөз анда жок болду, Каракөз кайда кетти деп, Ормолоңдоп токтоду, Каракөз жок караса, Таппай келди кишиси, Чатырынан каратса. Жедигердин Каракөз, Калдыктан угуп канча сөз, Эл ичинде бузук, деп, Айтып өттү көзмө-көз. Чатырда жатып толгонуп, Арбын акыл ойлонуп, Үч авазир, өзү төрт, Чогулушуп топ болуп: — Барсам келбейм майдандан, Бактыбайдай ажыдаар, Ажал көрдүм маңдайдан. Турсам өлөм Калдыктан, Муунуп өлсөм жакшыраак, Бу көрөкчү ардыктан. Жалгыз барып кыргызга, Ажырадым хандыктан, Кыргызга барсак арз айтып, Жалганы жок чынды айтып, Кеп чынынан бузулбайт, Агарарбы ал кайтып? Же болду чала кулга, деп, Эки миздүү шамшарды, Жүлүнгө салып муузда, деп, Эбимди кыргыз табарбы? Ойлонгонум ырас деп, Ойумдагы кебимди, Таап айттың, Калдык, деп, Калдыкка айтсам чынымды, Же анда жаным каларбы? Барарыма жер да жок, Батарыма эл да жок, Баш айланып тел болгон, Мен өңдөнгөн бенде жок. Мында минтип турганча, Жети сууга баралы, Жедигерди табалы, Өзүбүз билип башкарган, Элди колго алалы, Жети суу сындуу кең өзөн, Жерди колго алалы, Айланышып бул жерден, Кыргыз кайтып баргынча, Хан болуп такка чыгалы, Агар алтын, ак күмүш, Зарды арбын жыйалы, Киши койуп бу жерге, Кабар угуп туралы, Адатынча Бекбача, Сегиз ханды кем кылып, Агызып канын сел кылып, Кара жерге тең кылып, Кайра айланса Таласка, Көр дүйнөнү көп алып, Көпчүлүктөн таба албас, Каканды карай жылалы. Каракөздүн кеби, деп, Абдан келди эби, деп, Экөө кабыл алыптыр, Бир авазир Жанадил, Мындай кебин салыптыр: — Жети сууга барабыз, Хандыкты кандай алабыз, Барган менен ал жерге, Байлап алат Жедигер, Оттой көздү жайнатып, Айдап алат Жедигер. Элдин баары кас бизге, Элдин эсин тандырдык, Бул жорук бүгүн аз бизге. Барганда бизге хандык жок, Башка келген балаага, Амал канча, ардык жок. Хан Каракөз, тил алсаң, Биз кыргызга баралы, Баштан–айак калтырбай, Баардык кепти салалы.

“Сунуп барган мойунду, Сунган кылыч кеспейт” — деп, Айтса-айтпаса ырас кеп. Кыргызга барсак батабыз, Жети сууга барганда, Хандык өкүм колдо жок, Тирүү калыш ойдо жок, Барган менен пайда жок, Кыргызга барсак жан калат, Мындан башка айла жок. Хан болдуң бизге, Каракөз, Бир кишиге агарбас, Кара мүртөз кишисиң, Сенден чыгат жана сөз. Каныбыз суудай төгүлөт, Ырайымсыз ушул кез, Таң аткалы аз калды, Кандай кылсаң болгун тез, Ээн жерде кылалы, Эми болсо кеп-кеңеш. Жанадил айтты далай кеп, Качып төртөө жөнөдү, Таң агарат эми деп. Кошуундан чыгып компойуп, Чүкө ичинде томпойдой, Элге батпай кортойуп, Жети сууга барам деп, Кетип барат Каракөз, Аркамдан куугун жетет деп, Санаасы сан, кыйал миң, Нетип барат Каракөз, Өлбөй тирүү бар туруп, Кайран жандан түңүлүп, Кечип барат Каракөз. Каракөз жок дегенде, Үксөңдөгөн чоң Калдык, Манжулардын Бодоңго: — Кулагың угуп жатасың, Каракөз качып жоголду, Кетсе-кетсин деп койсок, Анда жакшы болобу? Чогулушкан сегиз хан, Ишибиз биздин оңобу? Качып кеткен Каракөз, Каракалпак түркмөндөн, Калың аскер жыйбайбы, Бекбачага жагынып, Бизге колун сунбайбы, Капшытыңдан бөлүнтүп, Кылгылыкты кылбайбы, Каракөздү кетти, деп, Карап Бодоң турбайлы. Ат изи менен жолго сал, Жеткен жерден арамдын, Колун байлап атка таң, Бүгүн түнгө калтырбай, Алып мында келе кал. Ок өтпөскө жасаткан, Калкан, туулга, чарайна, Калтырбастан баарын ал. Мен өлүмдүү киши, деп, Бузулган менин ишим, деп, Сага кастык кылбасын, Атып салып тынбасын, Беттешип алы келалбайт, Мындай шумдук кылбасын. Бура тартып чоң Бодоң, Жүрүп кетти чуу койуп, Айал кылып турбастан, Атырылтып дуу койуп. Чоң Бодоңдун тулпары, Куйун минип кууса да, Кууган душман жетпеген, Куйун минип качса да, Кутулуп душман кетпеген, Бөлөкчө сонун мал экен, Буудандыгы таанымал, Өтө башка жан экен, Ат изине салыптыр, Түндө кеткен качкынга, Түштө жете барыптыр. Аркасын карап кылчактап, Келе жаткан Каракөз, Жоор аттай кыйшактап, Чоң Бодоңду көргөнү, Көңүлүн башка бөлгөнү, Аттын башын тартканы, Жанындакы авазир- Жолдошуна айтканы: — Чоң Бодоң келет мен көрдүм, Бизди алып кайткалы, Колго түшүп өлгөнчө, Аңдып туруп аталы, Башын кесип байланып, Бекбачага кайталы. Бодуңдун башын байлансак, Бул ырайдан биз жансак, Бекбача бизди таштабас, Жанадил анда кеп айтат: — Барган менен биздерге, Бекбачадан айла жок, Тие турган пайда жок. Андан көрө Бодоңдун, Жолунан тосо чыгалы, Тобо-томук кылалы, Коркуп качып кете албай, Кылчаңдап жүрдүк эле деп, Ушу кепти кылалы. Ар канча болсо хан Калдык, Каракөз, сени кыйабы? Тосуп туруп атарбыз, Өлсө таштап качарбыз, Кайда барып батарбыз? Өлбөй калса Манжудан, Жанды кантип катарбыз? Жайыл Манжу Бодоңду, Жаман угам кабарын, Бекбача менен беттешип, Көргөздү бизге абалын. Кыймыл эткен кишиге, Кылган ишиң бул болсо, Көрүңө кантип батасың? Оодарылып дем албай, Тынч алып кандай жатасың? Каракөз ага болбоду, Болбой мойнун толгоду, Тосуп туруп аткын деп, Авазирин зордоду, Кеби өтпөй Жанадил Каракөзгө жол койду. Тана мылтык октоду, Келе жаткан Бодоңдун, Жолун тосуп торгоду. Ата турган мылтыктын, Шыйрагын жерге мадады, Жыдыманды житирип, Кароолун абдан карады. Кең көкүрөк Бодоңду, Как жүрөктүн тушу, деп, Өлөөр жери ушу деп, Кашайа тиктеп ирмебей, Машаны басып жиберди. Тарс дегенде тап этти. Түтүндөн мурун ок жетти, Сооттон өтүп кеталбай, Кой башындай коргошун, Кайра жерге чалп этти, Салмактуу тийген коргошун, Зардабынан чоң Бодоң, Чалкасынан кеткени, Башын кесип алам деп, Канжыгама байланып, Бекбачага барам деп, Каракөздүн жеткени. Жыгылып кетип чоң манжу, Тура калып ордунан, Кан куйулган жери жок, Карап көрсө бойунан, Чоң Бодоңдун турганын, Көрө салып Каракөз, Колуна түшсөм өлөм деп, Көргүлүктү көрөм деп, Минген атын Бодоңдун, Айдай качып жөнөдү. Турпандагы Турумбек, Манжулардын чоң Бодоң, Токтотпостон кетти деп, Не жумуш бар буларда, Иш айагын билем деп, Бу да жөнөп алыптыр, Бодоңду атып Каракөз, Атын ала качканда, Турумбек келип калыптыр, Токтогун деп акырып, Каракөздү чакырып, Турумбектин тулпары, Кош кулагын жапырып, Турумбекти көргөндө, Далдаңдаган Каракөз, Минген аттан шашылып, Чөгө түшүп олтуруп: — Ой Турумбек, Турумбек, Менин кебим уккун — деп, Жигимди бөлүп бул элден, Кыргызды издеп чыктым — деп, Тосуп туруп жолунан, Чоң Бодоңду аттырдым, Өлбөсө да Бодоңду, Өлгөндөй жаман шаштырдым. Өлтүрө алсам Бодоңду, Башын кесип байланып, Арбагын эстеп Манастын, Бекбачага бармакмын, Жамандыгым жашыр, деп, Жакшылыгым ашыр, деп. Кесейин десең баш мына, Төгөйүн десең кан мына, Алайын десең жан мына. Жашырбай чынын айтканда, Бар Алаштын боору бир, Бар кыргыздын жаны бир. Жайыттагы малы бир, Ак калпак кыргыз алаштын, Көөнү менден болду кир, Эми мындан калганын, Эр Турумбек өзүң бил. Анда айтат Турумбек: — Сен айтканың Каракөз, Баштан айак куру кеп. Мен билгеним Каракөз, Тиги турган Бодоңдун, Канына кылыч майлаймын, Сен үчөөңдү Каракөз, Сарпочтоп атка айдаймын, Бекбачага беремин, Каракөк өзү билбесе, Калган ишти билбеймин! Булар минтип жатканда, Чоң Бодоңдун тулпары, Чылбырын тиштеп тартканы. Сууруп алып чылбырын, Бодоңду карай качканы. Каракөз калды шалдайып, Турумбек калды далдайып. Чоң Бодоңдун тулпары, Өзүнө жетти түз качып. Калдайган Манжу камынып, Атка минди жармашып, Турумбек жетти аңгыча, Ажыдардай арбашып, Манжулардын чоң Бодоң: — Кой, Турумбек сен болсоң, Каракөз качып изин кууп, Келген киши мен болсом. Майданга чыгып беттешкин, Баатыр болсоң эр болсоң! — Мен Турумбек сен Бодоң, Каракөз колго түшүрүп, Көөнүмдө ишин бүтүрүп, Кетейин деп турганда, Кайдан келдиң сен Бодоң? Каракөз сага керекпи? Сага өтүнүп беремби? Мыкты болсоң Манжу кул, Баатырлык менен алгының, Кыргызды кыргыз алды деп, Калдыкка айтып баргының! Үксөңдөгөн чоң Бодоң, Үйрө кармап камчыны, Турумбектей баатырды, Айландырып салганы, Кап бетинде жаак тери, Салаңдап түшө калганы. Киши камчы чаппаган, Сен жаман деп айтпаган, Турумбек буга арданды, Кара жаак булдурсун, Карсылдатып салганы, Манжу Бодоң дегендин, Жаагынан кан жайганы. Камчылашып салышып, Кызыгышкан кезекте, Кезкерип найза алышып, Найзалашып сайышып, Андан айла кеткенде, Балталашып чабышып,

Бар кайратын иштетип, Балтанын сыртын жарышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырышып урушуп, Эрме чөл, ээн талаада, Эпсиз булар жулушуп, Эрегишип алганда, Эстен чыкты Каракөз, Каракөздүн санаасы, Капкайда кетет ар бөлөк, Авазирлер жанында, Аларга айтат кеңеш кеп: — Бодоң менен Турумбек, Кимисине жар болуп, Киришели төртөөбүз? Же болбосо турбастан, Жолго түшүп жөнөйлү, Экинин бирин кылбасак, Элден мурун өлөбүз, “Жол башы айры болгондо, Ит башы каңгы болот” — деп, Илгеркилер айткан кеп, Токтоно албай Каракөз, Качып жолго салыптыр. Турумбектин кеткенин, Байкап калган Жабыке, Солондон жалгыз бөлүнүп, Жетип келди жеп жеке. Турумбек, Бодоң бет келип, Салгылашып жатканын, Тынч жаткан элге чуу салып, Каракөздүн качканын, Көзү көргөн Жабыке: “Бири өлүп бири калсын, Турумбек Бодоң бул экөө, Мыкты болсоң Каракөз Жалгыз качпай ала кет, Айдап кетем төртөөңдү, Менин алым саа келет”. Дегенди ойго алганы, Каракөз турат ал жалгыз, Үч авазир Каракөз, Жабыкеге жабылды, Солондордун Жабыке, Кирген нардай чамынды. Жабыке найза мылгытып, Жедигерден үчөөнү, Көгүчкөндөй ыргытып, Каракөз менен кагышып, Качырышып сайышып, Калбалашып жатканда, Бодоң менен Турумбек, Салгылашып жатканда, Дабырап аттын табышы, Жакын жерден угулуп, Ким экенин билем деп, Каракөз карап бурулуп, Маңгыттардын хан Калдык, Чалдыкты көзгө урунуп, Каракөздүн жүрөгү Кете жазды суурулуп. Маңгыттардын хан Калдык, Каракөзгө каарданып, Акырайа бир тиктеп, Турумбекке бет алып, Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Карасурду камчылап, Качырып кирип барганда, Акырыгы таш жарып, Бактыбай жетти аңгыча, Бактыбай, Калдык бет келди, Баштан-айак жомок ыр, Байыркынын кептери. Эштектердин Турумбек, Каракыргыз Бактыбай, Манжулардын чоң Бодоң, Маңгыттардын хан Калдык, Жедигердин Каракөз- Алты баатыр айгайлап, Айкын түстө салышып, Айанбастан чабышып, Жеткени найза батырып, Топону көккө сапырып, Топурак учуп боз болуп, Тоо токтобой козголуп, Таш быркырап түз болуп, Баш аламан барсылдак, Алай-дүлөй карсылдак, Мылтыктын үнү тарсылдап, Боз мунарык кызыл чок, Боздоп учат аткан ок. Найзанын учу такылдап, Балтанын сырты чакылдап, Кылычтын мизи айрылып, Туулганын сырты жарылып, Бүчүлүктөр үзүлүп, Бурумунан ажырап, Сооттун көбү бузулуп, Чыдай албай чынжырлар, Чыгып кетти үзүлүп, Чарайна, калкан сүзүлүп, Чакчалекей-будуң-чаң, Аңтарылып кетчүдөй, Араң турат бу заман. Кыргыз менен беттешип, Киши чыкпай жекеге, Күн бешимге жеткенде, Хан Калдыктын артынан, Жүрүп кетти Бетирке. Ооган, испан-эки урук, Калып калды бөлүнүп, Алты хандын аскери, Баары жүрөт өмүлүп, Кудай бетин нары кыл, Ким экени билинбей, Топого баары көмүлүп, Сегиз хандын аскери, Селдей болгон көп эли, Чыккан жердин чөбүндөй, Жер жайнатып келгени. Бетирке келип караса, Хан Каракөз, Жабыке, Зор Бактыбай, хан Калдык, Бодоң менен Турумбек, Былчылдашып жатыптыр. Эби келди эми деп, Кыйамы келди кези деп, — Кабат-кабат тор таштап, Бактыбай менен Турумбек, Каракөздү карма! — деп, Буйрук берди Бетирке, Алтымыш киши тор таштап,

Бактыбайга жетти эле. Зор Кошойдун тукуму, Арзан киши ал эмес, Оңойлук менен кишиге, Оодарылар бел эмес, Омурулар тоо эмес. Каары келип камыгып, Карчыгадай кагынып, Жаалысы чыгып жүзүнөн, Жалынын чыгып көзүнөн, Жайдары тууган Бактыбай, Кара болот Жойкума, Кармай алды сабынан, Сууруп алды кабынан, Билегин чыңдап чыйратып, Бет келген жагын талкалап, Аралап кирди Бактыбай, Күчү кетип талыкпай. Аралап кирген жеринде, Болот менен кайсалап, Туулга кийген немесин, Балта менен талкалап, Сүрдүгүп келген немесин, Найза менен көмөрүп, Өжөрлөнүп Бактыбай, Өчөшүп кирди көгөрүп. Турумбекке он беш тор, Оролуптур бойуна, Эрдик менен Турумбек, Албарсты алып колуна, Тор кармаган он бешти, Тобу менен кулатып, Томурайтып сулатып, Оң-тескери тоңкойтуп, Ойронун элдин чыгарып, Каны качып ачуудан, Керсары тартып кубарып, Кездеп кирди эрлерди, Башын тартып калбастан, Дегдеп кирди өлүмдү: “Алп Жамгырчы түп атам, Шайманбет менин чоң атам, Сатыбай менин өз атам, Өзүмдүн атым Турумбек, Туусун жыгып бул элдин, Тобун бузуп чыкпасам, Мага болду уйат” — деп. Көк түпөк кызыл найзаны, Көпчүлүккө мылгытып, Найзага кирген немесин, Көгүчкөндөй зыргытып, Карчыганын балык эт, Май куйрукка мылгытып, Зор Бактыбай, Турумбек, Кызык уруш салыптыр, Кылычтан канын чубуртуп, Кыргын кылып салыптыр, Он төрт хан Алаш аскерин, Оордунан козгоду, Жик-жиги менен топ болду, Ооган менен испанды, Өз элиңе кет деди, Кете албасаң Калдыктан, Артынан улап жет деди, Кет дегенди укканда, Эки хан эли кеткени. Каракөз качып бузулуп, Эки хан эли кутулуп, Калмак менен маңгыттын, Сыйкыры качкан кез ушу. Муну мындай таштайлы, Эр Татыбек баштаган, Баатырлардын кыргында, Өлгөнүнөн баштайлы.