Аңгычакты таң атты, Жер жаркырап күн чыгып. Уктай албай Каракөз, Которуп кийип кийимин: “Бетирке менен Калдыктын, Сойоун – деп - мен бирин. Биринин башын алсам, — деп, Жаңылыпмын жаздым деп, Бекбачанын алдына, Көтөрүп алып барсам — деп, Барган менен көтөрүп, Мага ишенбейт Бекбача, Эгер калса ишенип, Колума алсам ишентип. Жаткызамын бир кезде, Кара жерди тиштетип. Бетиркени сойлотсом, Хан Калдыкты жоготсом, Хан Калдыктын ордунда, Хан тактага мен коном, Тогуз ханга ээ болсом, Кырылышып кыргыздан, Кумардан чыгам мен болсом”. Дегенди ойлоп өзүнчө, Караңгыда күдүңдөп, Басып жүрсө бүжүрөп, Басканы башка көрүнөт. Түзүк киши эмес деп, Кантсе ушу Каракөз, Ачык сырын билем деп, Аттуу туруп эшиктен, Каракөздү чакыр деп, Карап турду Калдык хан, Шектенип калган Каракөз, Жетип келип ар жактан: — Жети хандын чатырга, барып келдим Калдык хан, Күмөн кылган барбы деп, Сиздин кылган жарлыктан, Караңгыда калдырап, Хандыгымдан ажырап, Жалгыз калган ардыктан. Жагынган менен ар канча, Жакшылык жок кыргыздан, Деп Каракөз айтканда, — Акылы бар эр эле, Эптүү жандын бири эле, Эл кыдырып кеп тыңшап, Жүрөбү деп сени эле, Же болбосо жымыйып, Жатабы деп тим эле, Чатырыңа Каракөз, Келген жайым бул эле. Жакшы-жаман күн болсо, Сен экөөбүз көрөбүз, Тынч жаткан элге чуу салып, Мына минтип жүрөбүз. Элдин чети бузулса, Кызыл чокко экөөбүз, Элден мурун күйөбүз, Ошончолук жүйө айтып, Жүрүп кетти хан Калдык. “Эл барда кеби бир башка, Түндө кеби бир башка”. Каракөз калды таңданып, Ага чейин болбоду, Таң агарды жер жарып, Жайнап чыкты калың кол, Майдалашып аттанып. Шибелердин Йобалы, Жекеге чыкты чекелеп, Жалаң кылыч байланып. Каракыргыз Бактыбай, Бу да чыкты аттанып, Кимиси мыкты чыгат деп, Карап турду таңданып. Анда айтат Йобалы: — Ой, Бактыбай, Бактыбай, Сениң кебиң элге айтып, Жеме уктум айабай, Аттанып чыктым жекеге, Найзалашам айанбай. Менин атым Йобалы, Урушта канат кумары, Бозкертиктин тукуму, Билип алгын сен дагы. Шайандын алды ойдуңда, Бозкертикти өлтүргөн, Кыргыздардын Сыргагы, Сени өлтүрүп баш албай, Кумарым менин чыгабы! Түп атамдын кунун кууп, Алуучу келди убагы! Мындан мурун кыргызга, Келген шибе көп болгон, Бозкертиктин кунун кууп, Келгендери жок болгон, Азамат чыкпай шибеден, Мен Йобалы окшогон. Бүгүн чыктым жекеге, Боор жарып өтө алам, Баш байланып өч алам. Көөкөргө куйуп кан алам, Көрсөтүп туруп жан алам, Сен Бактыбай турмайлык, Бекбачаңды кошо алам! Деп чакыйып түрдөндү, Опурулуп күүлөндү, Айкырып сүйлөп күпүлдөп, Көрсөтөм деп дүпүлдөп, Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп колго алганы, Күркүрөтө сундуруп, Качырып жөнөп калганы. Бет келишип сайышты, Найзаларын кагышты, Бир беттешип жанышты. Аттын башын бурушту, Кайта-кайта урушту, Жалындап көздөн от жанып, Жаалы салып турушту, Чокморлошуп койушту, Колтуктарын чойушту, Кылычтарын алышып, Кыйкырык-сүрөөн салышып, Кылычтын мизи ыдырап, Балталашып киргенде, Калкандары быдырап, Чарт айрылып чарайна, Найза тийип такылдап, Жарылып калган жиктенип, Балтанын сырты шакылдап, Тили батпай оозуна,
Йобалы суусап акылдап, Бактыбайдын балтасы, Барган сайын чакылдап, Жердин бети жаңырык, Йобалынын туулгасы, Дал төбөдөн жарылып, Анткен менен Йобалы, Жан айабай жалынып, Эми чапса өлөм деп, Алдын алып камынып, Булгап камчы имерди, Шибенин саны алты миң, Ат койушуп киргени, Кайра тартып шарт койуп, Качып калды Йобалы, Душманын колдон качырып, Бактыбай карап турабы, Кылычдашып кан төгөр, Жетип келди убагы, Жашыл түпөк найзасын, Күүлөп алды колуна, Аралап кирди Бактыбай, Шибелердин тобуна, Белги берип ишарат, Кылганы жок Бактыбай, Өзүнүн кошуун колуна, Бет келип бенде туралбай, Бактыбайдын жолуна, Каптап келген элдерди, Мен-менсинген эрлерди, Утур келген немесин, Оодара сайып жөнөдү, Каттап сайып канчадан, Ат үстүндө калган жок, Утур келген адамдан. Каз таман найза колунда, Канчанын аты бош калды, Бактыбайдын жолунда, Кайра тосту үркүтүп, Беттеп шибе тура албай, Жайнай берди дүрдүгүп, Кайра тартып аркага, Качмак болду сүрүлүп, Буйрук берип Йобалы, Кайта кирди түрүлүп. Көрүп туруп Козубек: — Каракыргыз кошууну, Бириң калбай баргын! — деп Алып келген Малдыбай, Баш кишиси Деркембай, Алып келген коргондон, Беш миң киши бүт калбай, Ат койушуп дүбүрөп, Аралашып шибеге, Кыргыз кирди күжүлдөп. Койон жүрөк коркоктор, Корс кыйалдуу чоркоктор, Бастыралбай бүжүрөп, Эси чыгып элеңдеп, Сийдиги агып бүрүлдөп, Ажалдан мурун өлдүк деп, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Аралашып киргенде, Кыларын билбей алдырап, Найзасын колго ала албай, Шибе менен кыргыздан, Нечени турат жалдырап, Так айта албай бурулуп, Буулуп тили балдырап. Шибелердин элинде, Ишенгени Йобалы, Каракыргыз элинде, Калка болгон Бактыбай, Ар качандан бир качан, Арка болгон Бактыбай, Өз элинде Бактыбай, Ордодогу беш миңди, Мизин ташка түйрөйтүп, Найза сайыш үйрөтүп, Кылычты кындан алдырып, Канча түрдүү чаптырып, Балта менен урдуруп, Барсылдакка көндүрүп, Чокмор менен койдуруп, Колтуктарын чойдуруп, Чабыштырып балбанды, Алыштырып калганды, Ал беш миңге үйрөткөн, Эр Кененим төрөдөн, Өзү таалим алганды. Ат үстүндө алдырбас, Жөө күрөштө чалдырбас, Сойул чапса талыкпас, Күнү-түнү күрөштө, Тили куурап чаңкабас, Таалим алган беш миң кол, Шибени кирди аралап, Кас таман найза кармашып, Өлтүрө сайбай келгенди, Оодара сайып атынан, Көрүп туруп кыргызды, Солондордун Жабыке, Шибенин кирди артынан, Солонду көрүп Татыбек, Манас деген чуу менен, Ат койуп элден бөлүндү, Бактыбай менен Татыбек, Шибе менен солонго Ажыдаардай көрүндү. Эр Бактыбай, Татыбек, Бирин бири кайтарып, Бет алган жакка жол салып, Беттешкенди сулатып, Йобалы менен Жабыке, Жанаша жүрөт бул экөө. Хан Калдык айткан акыл деп, Бактыбайга барбастан, Татыбекке кездешип, Качырып найза сайбастан, Айарлык менен чекелеп, Кыйамына келсе деп, Сыртынан байкап мекелеп, Билип калып Бактыбай, Татыбекке айтты жай: — Йобалы менен Жабыке, Кайтарып калды сыртыңдан, Билбейт деп бизди бул экөө, Тик качырып тийели, Акмалатпай а көрө. Сен Татыбек качыргын, Артыңдан улай мен барып. Алдыңды абдан байкагын, Бет келгенин кетирбей, Томолотуп таштагын, Аркасында Бактыбай,
Адам билгис сыры бар, Мурункунун кебинде, Жалганы бар чыны бар, Алдында минген кер атты Кубултуп турмай жабуу бар, Көрпөчөнүн үстүндө, Алты бүктөп алдында, Салып жүргөн жайы бар. Жайа салып кер атка, Минип алды далбайа, Оркызыл менен Татыбек, Кетип барат алдында, Жабыкеге Йобалы: — Татыбек жалгыз калыптыр, Байкап аны карачы, Бактыбайдын арада, Көрүнбөйт көзгө карааны, Татыбекти кетирбей, Өзөктөн канын жайалы, Минтип эбин табалы. Алактаган Жабыке, Жаңы чыгып жекеге, Далактаган Жабыке, Найзасын күүлөп булгалап, Шалактаган Жабыке, Сотукени оозго алып, Сонун келди эби деп, Татыбекти бетке алып, Тик качырып баратыр, Жабыкенин артында, Йобалы Шибе келатыр, Аты башка Бактыбай, Атырылтып жеткени, Йобалыны тоңкойтуп, Көмө койуп өттү эми. Татыбекти Жабыке, Аңтара сайып таштады, Атын оңдоп тартканча, Бактыбай жетти аңгыча. Жабыкени жалпайта, Сайып өттү Бактыбай, Йобалыны сайганда, Калдык кирди тура албай, Бактыбайга жеткенде, Көрүп калды Бекбача, Карасурду камчылап, Кара ниет Калдыктын, Көзүнөн каны тамчылап, Бактыбайга жакындап, Чукул кирип барганда, Алдындагы сур атты, Камчыланып алганда, Кутуласың кантип деп, Алчыланып алганда, Татыбекти Такырбаш, Алып кетти ат салып, Бактыбайга хан Калдык, Найза урду сурданып. Калдык сайган оңобу, Топчу кулак кер аттан, Томолонуп Бактыбай, Жер кучактап торойду. Манжулардын чоң Бодоң, Жабыкени мингизип, Коштоп алып чуу койду. Каары катуу хан Калдык, Кайра тартып кырданып, Бактыбайга жеткенче, Майторуну чуратып, Аркадан чаңын чубалтып, Эр Бекбача жеткени, Күүсү менен найзанын, Аскар тоодой Калдыкты, Аңтара койуп өттү эми, Майторуну бурганча, Калдыкка найза урганча, Манжулардын чоң Будуң, Бекбачага беттешип, Найзалаша кеткени, Топчу кулак кер атка, Ыргып минди Бактыбай, Калдык минди сур атка, Маңдайлашып эки дөө, Кандуу найза алышты, Карсылдашып салышты. Угуп жүргөн укмуш да, Моңгулдан өткөн Коңурбай, Манжудан чыккан Дөдүр алп, Азыркысы чоң Бодоң, Дөдүр алптан кем эмес, Бекбачадан башкасын, Көзгө илер эр эмес, Оңой-олтоң жоо эмес, Оморулчу тоо эмес. Зым-зым этип зымырап, Манжулардын чоң Бодоң, Эч нерсени элебей, Эр Бекбача жолборсту, Бучкагына теңебей, Бекбачаны баш кылып, Кетемин деп талкалап, Кереге таштай кеңкейип, Көөдөндө керип чалкалап, Найзасын күүлөп булгалап, Манжулап Бодоң бакырып, Кирип келди кысталак, Бекбачаны качырып, Бекбачаны карасаң, Ак мейкин зоодой зымылдап, Асмандагы жылдыздай, Эки көзү балбылдап, Өңкүр кабак үнү ачуу, Жетисуудан жем жеген, Умтулганын узатпас, Желбегей Сыргак бүркүттөй, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Ак жолборстой сүрдөнүп, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Муруттары бириндеп, Жүзүн көргөн адамзат, Бүткөн бойу дирилдеп, Мас болгон нардай күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Орто-карта баатырдын, Сийдиги чыгып бүркүрөп, Касаба тоодой жарданып, Албарстан найза карманып, Качырып кирди шаңданып, Манжу Бодоң, Бекбача, Эрегишип кездешип, Өлөр жерин чиктешип, Өчүгүшүп көгөрүп, Өткүр найза өңөрүп, Качпай туруп сайышып,