Бактыбайдын эрдиги
Йобалыга ой түшүп, Бактыбайдын кебине, Уруштан кайтып салпыйып, Бул дагы жетти элине. Чай куйушуп баатырга Чогулушту чатырга. Бактыбайдан укканын, Өзүнүн жооп айтканын, Баарын айтты Йобалы, Бактыбай менен салышкан, Алын айтты Йобалы, Өзү ойлогон акылдын, Дайынын айтты Йобалы: — Уруксат бер, хан Калдык, Өз элиме кетем — деп, Аны айтты Йобалы, - Манжу бодоң Жабыке, Баштап келдиң Бетирке, Мында туруп нетели, Эп келсе биз кетели. Манастан бери карата, Батыш менен чыгыштан, Басташып көрдү далай дөө, Бирөөнүн алы келбесе, Көзүн карап Калдыктын, Не турабыз бул жерде? Ачыгын айт жашырбай, Мени менен кетээрге. Йобалынын кебине, Жооп берген бенде жок, Баары турду дымбырдым. Падышасы Калдыктын, Жалын чыкты көзүнөн, Бир айтып он беш каткырып, Күлкү чыкты сөзүнөн: — Эл кыдырып түгөтүп, Элсиз калыш ээн жерде, Ар кимдин жок эсинде, Кыргыз жеңди баарын деп, Айтылат жердин бетинде. Жабыр тартып жан кыйнап, Тобурчак чалыш ат жыйнаш, Азаматтан эр жыйнап, Эртеден-кечке жан кыйнап, Эмгек тартыш моминтип, Намыс үчүн баарысы. Уламадан укканда, Ооздон - оозго чыкканда, Адамзат жаралып, Жер бетине таралып, Бөлүм-бөлүм ар жерде, Өз алдынча куралып, Өкүм сүрүп турабыз. Өткөн өчтү куубасак, Эмне үчүн туулабыз? Чыгыш менен батыштан, Кыргыздын аты баспаган, Жерде бүтүн калган жок, Кыргыз найза сайбаган, Эрде бүтүн калган жок, Кыргыз олжо албаган, Элден бүтүн калган жок, Чыгыштагы зорлордон, Баш көтөргөн баарысы, Кырылышып жоголгон, Намыскөй кыргыз кыйын журт, Моңгулдардын Алооке, Манас туулат экен деп, Кыргыздын бооз катынын, Койгон экен жардырып, Жатындагы балдарын, Такыр баарын алдырып. Кийин Манас туулуп, Өткөндү угуп ардыгып, Баары жерден чогултуп, Алаш уулун жан кылып, Чоң уруунун баштыгын, Өз-өзүнө хан кылып, Антип көөнүн жай кылып, Хан Мамайдын кырк чоро, Кырк жүз атка конуптур, Ойдо туулуп, кырда өсүп, Кырк уруу кыргыз болуптур, Манас атка мингенде, Чогулушуп конуптур, Түрк атанган уруулар, Бир ниетте болуптур. Кошой таап кеңеш кеп, Бакай акыл болот деп, Кырк уруу кыргыз журтуна, Алтымыш уруу алашка, Кимдер душман, кимдер кас, Сыр түйүнүн чечмекке, Көкөтөй ченсиз бай экен, Бир кишинин малынан, Түп көтөрө кечмекке, Көкөтөйдүн ашы деп, Эл чогулткан кеп экен, Кыргыздын билбей амалын, Чыгыштагы беш урук, Кыргыз менен казактын, Алыптырсың малын кууп, Аз келгенсип аныңар, Маңгыт менен ооганга, Кат жазыпсың тукуруп. Алтын менен күмүшкө, Көп дүйнөгө алданып, Ооган, маңгыт элдери, Беш урук сага кошулуп, Ошондон бери карата, Кан агып келет жошулуп, Тынч элдин баарын козгогон, Беш урук сенин залдарың. Өткөндү Калдык билбейт деп, Бузулуп көрчү четиңен, Бириңди койбой жалмайын! Түп атаңан бер жакка,
Түгөнгүз чырды табасың, Кыргызда Манас чыгат деп, Бооз катынды жарасың. Хан Чигитейдин тушунда, Чойун алпты баш кылып, Тажикти кошуп азгырып, Бүткүл элдин баарысын, Кыргыз менен кас кылып, Кеткиң барбы Йобалы, Бүгүн кайра бастырып?! Кыйа баскан ким болсоң, Териңди тетир сойомун, Колуңан байлар астырып! Бөлүнүп барып кол салып, Каракөз турат жылмайып, Мени жаза бастырып. Кыргызда жок эч жазык, Жедигерде чоң жазык - Неге барат ооганга, Куда болуп кыргыздын, Алганы жүргөн катынын, Аламын деп талашып, Ар кимдин келет ачуусу, Койнундагы катынын, Аламын десе кол салып. Түп атам менен Мады көл, Кылган иши мунуку, Түбүнөн жаман баарың бил! Карманап тирүү бар турса, Катынын берсин мага деп, Семетейден өлүптүр. Бараң менен Шаңкайдан, Соогага бергин он беш ат, Жолдо багыш жолукса, Соогат десе бериптир, Атасын жүрсө урматтап, Ойлобой ата урматын, Айчүрөктү алам деп, Жедигердин Толтойу, Көргүлүктү көрүптүр, Семетейдин өзү эмес, Кулунан ырас өлүптүр, Мындай болуп түбүнөн, Өчүгүшүп келиптир. Бактыбай жайын айтты деп, Шибелердин Йобалы, Кетемин деп келипсиң, Кетчү киши темтейип, Бетиркенин артынан, Ээрчип неге келгенсиң? Чынын айтсак жашырбай, Көбүнчө бар бизде айп; Элчилешип эп болуп, Эзилишип жүрсөк деп, Бир ооз кепке келбеген, Кыргызда бар дагы айп; Кыргыз менен биздерде, Катар турат тең айып, Кол куушуруп кыргызга, Эми барабызбы ырсайып? Манастан бери карата, Алты ата болду кыргыздар, Бады көлдөн бер жакка, Беш ата болду маңгыттар, Алышып келе жатабыз, Ошондон бери бир тынбай, Канча ата болдуң беш урук, Бери карап кебимди ук, Кимди басып ким келсе, Келген жагы көп өлөт. Кыргыз барып чыгышка, Беш урук башы биригип, Беттешип чыккан урушта, Эбегейсиз жумушта, Басып кирген кыргыздан, Уламадан угушта, Алманбет Чубак тең өлүп, Музбурчак, Көкчө хан өлүп, Кырк чоросу Манастын, Ажыбай баштап көп өлүп, Манас болуп жарадар, Кыргыз болуп санадар, Баатыр Сыргак эр өлүп, Өлүп жатып түгөндү, Тепсеп кирип өчөшүп. Семетейдин тушунда, Коңурбай баштап кол менен Нескара баштап келиптир, Отуз эки зор менен, Талкан кылып Таласты, Алабыз деген ой менен, Коргонду камап алыптыр, Кордукту кыйла салыптыр. Жекеде өлүп орок кыр, Колу сынып Коңурбай, Кыргыздар кууп көгөрүп, Нескара менен Мурадил - Экөө катар тең өлүп, Кошулуп Уушаң дагы өлүп, Коңурбайдан башкасы, Катардагы хан өлүп, Таанылган элге жан өлүп, Калгандыгын укканбыз, Мына минтип түгөнүп. Кененимден бер жакка, Болгон уруш дайындуу, Ар качан келип Таласка, Биз жүрөбүз түгөнүп, Бастырып кыргыз барбады, Сенин кулаңды кууп албады. Өткөндөрдүн өчүн кууп, Өлгөндөрдүн кунун кууп, Жай албады жаныбыз, Убаданы бир кылып, Жыйналыштык баарыбыз, Кетели деп бир четтен, Ушулбу биздин алыбыз? Терең ойлоп кеңеш бер, Күллү олтурган баарыңыз. Кеп түгөтүп хан Калдык, Түрө тиктеп алдыртан, Каарын салып сурданып, Баштан болгон жумушту, Өмүрлүк өткөн урушту, Жыйнап келип барышты, Беш урукка чогултту, Кеңеш берип кеп айтып, Кечирим болбос жерди айтып, Түрк уулу Алаш калгандын, Төрт тарабын тең айтып, Кеңеш берер жер койбой, Бар тарабын кең айтып. Мелтиреп карап олтурду, Жергесинде сегиз хан, Өзү менен тогуз хан,
Жакшы жаман кеп чыкпай, Жалдырашып оозунан, Кеп айттырып Калдыкка, Өз атасы Турмайлык, Чоң атасы Доосунан, Ошондо айтты Бетирке: — Хан кылганбыз баарыбыз, Карыңыздан жаныңыз, Калганды камап олтурбай, Айланы таба салыңыз, Баш бурбайбыз баарыбыз, Көөдөндө турса жаныбыз. Элебей туруп иш кылып, Элден калды бөлүнүп, Жедигердин Каракөз, Шибелердин Йобалы, Оозунан чыкты жаман сөз. Калган кеңеш өзүңдө, Биз каталык өткөрсөк. Жалдырашып хандары, Карап турду жардашып. Намыс деген бир сөзгө, Баары калды кармалып. Йобалыны хан Калдык: — Барбай койсоң коркту дейт, Жекеге чыксаң азыр бол, Жалгызектин Бактыбай, Жандан тойгон эсир кул, Алың келбей баратсаң, Камчы булгап белги бер, Беттеше барып баарыбыз, Түгөтө кырып кетели, Кыргыз деген журутту, Түбү душман бурутту. Түгөнүп эли азайса, Бели сынат Бекбача, Көрбөсөм да билемин, Котендеги Козубек, Азыктагы Алабек, Жеркендеги Малабек - Баары кары какчайган, Сакалы аппак саксайган, Жамандык келбейт колунан, Байкап көрсөк алардан, Ысыккөлдөн Медербек, Анда турат далай кеп; Казактардын Курмушу, Алматыны сактаган, Атагы бар эр ушу; Таластагы Татыбек, Кашкардагы Турдана, Анча кыйын күч кетпейт, Чынын айтсам буларга, Өзүбектин эр Мурат, Ошондо бир аз шек турат; Алтай, Иле, Шерматкан, Лопнурдагы хан Матан, Азыр болгон ар кимиң, Калың топто капташсаң, Ошол экөө эң жаман. Комулдагы Таабалды, Адам коркор эр ушул; Турпандагы Турумбек, Түбү уунун бири бу; Манастагы Такырбаш, Тап бергенин качырбас, Анткен менен Такырбаш, Өзү мыкты амал аз; Жалгызектин Бактыбай, Кан ичменин бири бу, Бекбачадан кем эмес, Белдүү баатыр мына ушу. Жалаңгыч сарык Кененим, Токсон күн тамам болгунча, Үч ай жүзү толгунча, Асылча менен Бекбача, Бактыбай бар жанында, Отуз эки ат машын, Саны толук кырк экен, Эр жигиттин жөө машы, Бир кишиге аз деди, Жетимиш эки өнөрдү, Ошонун баарын үйрөтүп, Оорагын мунун көтөрдү. Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөөнү сойгондо, Тилин жеген Кененим, Жүйрүн дөөнүн билгенин, Баарын билген Кененим, Бактыбайдан ар качан, Мен күмөнсүп жүрөмүн. Калың элдин ичинде, Капташты деп Бактыбай, Барбаңдап кирип барбаңар, Элебей барып капташып, Эмгектүү болуп албаңар. Канча өлсө кара аскер, Кадыры анын анча эмес, Ханы өлүп эл калса, Акылын табыш кыйын кеп. Ханы өлүп эл калса, Саадагын салып мойнуна, Кол куушуруп тизелеп, Бир жүгүнүп кутулат, Кара аскер өлүп хан калса, Калкынан жана кычырат. Бакай айткан кеп экен, “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет” Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет. Айтса айтпаса ырас кеп, Бөлүнүп барып Каракөз, Үч авазир, өзү төрт, Ажырап калып калкынан, Ичи жалын кызыл өрт. Аз келгенсип анысы. Жалаң кылыч байланып. Басып жүрөт иши көп, Меникин билбейт деп ойлойт, Көпчүлүктүн көзү көп, Таалим берип хандарга, Тайарлангын баарың деп, Таам тартып Калдык хан, Барып демиң алгын деп, Өзү жатпай Калдык хан, Барабанын кактырып, Сурнайларын тарттырып, Жоругун журттан арттырып, Күзөт кылып аскерди, Өзү айланып бастырып, Испан менен оогандан, Качабы деп шек кылып, Көбүнчөсү Каракөз, Эл бузат деп кек кылып,