Алгачкы жекме-жек салышуу
Жедигердин беш киши Каракөз баштап кошулуп, Беш уруктун аскери, Бетирке баштап отуруп, Бадакшан барды балбаңдап, Каарынан коркуп калтырап, Хан Калдыкка жалпаңдап, Бет келалбай Каракөз, Кийин калды аркалап, Хан Калдыктын үстүнө Хандар кирди чалкалап, Эшикте калды Каракөз, Түз басалбай калтаңдап. Манжулардын чоң Бодоң, Солондордун Чабыке, Шибелердин Йобалы, Каракытай Зоңтары, Моңгулдардын Бетирке- Хандар тамам киргенде, Каракөз кирди бүгүлүп, Боорунда колу жүгүнүп, Тик карабай Калдыкка, Мурункудай жулунуп, Араң оозу былк этип, Калдык турду тулуйуп, Ооган менен испандын, Чоңдору турат кулуйуп. Баш көтөрүп хан Калдык: — Баарыңар чогуу келдиңер, Кайсы жерде чогулдуң, Кабарын айтып бериңер. Калгандар карап турушту, Бетирке айтты калтырбай, Баштан-айак жумушту- Бактыбай менен буларда, Барсылдашкан урушту, Жедигердин аскери, Кыргызга кирип кеткенин, Манжулардын элинен, Мыңчелык өлүп бүткөнүн, Каракөз барып катышып, Кыргызга колун салганын, Элди бузган долуну- Жасандыны алганын, Ийне-жибин калтырбай,
Тамам айтты бүт барын, Ошол жерде булардын, Чогулушуп калганын, Баарын угуп хан Калдык, Жасандыны чакыртып, Төбөсүнөн тик жарып: — Ушул турган жети хан, Каракөз менен сегиз хан, Мени менен тогуз хан, Кыргыз менен кармашып, Ажыдаар менен арбашып, Айагына чыкканча, Хандыкка мени шайлаган, Хан кылбайт мени дегенсип, Ичинде арам сактаган, Эки болбойт өкүмүм, Каракөз башын мен алам! Койбоймун тирүү бириңди, Бөлүнгөндөн жан алам, Алып чыгып баш кес! — деп, Буйрук кылды Калдык хан, Адамдын кулак-мурдунан, Тумар кылып тагынган, Желдеттер келди жаланып, Арачалап койор деп, Жал-жал этип Каракөз, Жан-жагына каранып: — Итчилик менден өттү — деп, Кесер болсоң баш мына, Төгөөр болсоң кан мына, Алаар болсоң жан мына, Жакын кишиң мен элем, Абал мурун башында, Абайлабай иш кылып, Айыптуу болдум бул чакта. Мени өлтүрүп хан Калдык, Кай муратка жетесиң, Көзүң кыйып мени сен, Өлтүрө албас бекенсиң? Каракөз турду муну айтып. Каңгайдан келген беш урук, Каракөздү сурады, Калбай баары чуу туруп. Кечирим кылды хан Калдык, Бир далай туруп жымыйып, Өлүмдөн калды кутулуп, Өктөгө калды тутулуп, Жергесинен айрылып, Кургак наамы хан болуп, Каракөз турат култуйуп, Ачыбаган камырдай, Бопбоз бети былтыйып, Түрө карап алдыртан, Хан Калдыкка билгизбей, Келген кеткен кербенден, Жети суу барып келгенден, Кеп сураса Каракөз, Ханы Татан болуптур, Катын издеп ал жерден, Кыргыз барып толуптур. Уламалап уласа, Укмуштуудан сураса. Аскерге алган кыздары, Кыргыздын он төрт ханынын, Ордо кызы болуптур, Баарын угуп Каракөз, Абдан көөнү солуптур. “Мында минтип жүргүнчө, Бекбачага барсамбы? Жамандык келген кишиден, Жакшылык келет деди эле. Ошону ойлоп Бекбача, Мени аман койорбу? Же эки ооз кепке келтирбей, Эсен койбой сойорбу? Бекер жетип барганча, Бетирке менен Калдыктын, Амал кылып айла таап, Башын кесип алсамбы? Аны алып барсамбы? Калдык менен Бетирке, Катар өлүп кеткенде, Каш кайтарар жок калат, Сегиз хандын элинде. Селдей болгон аскерге, Башчы болуп алсамбы? Серпишип жүрүп кыргызга, Куу сакал болуп карысамбы? Алды менен Калдыктын, Өзөктөн канын жайайын, Эсирдин эбин табайын, Шек алдырбай калганга, Бетиркени сойойун, Кабыл алып эп көрсө, Сегиздин башы болойун, Эп көрбөсө калган хан, Башын алып экөөнүн, Бекбачага жөнөйүн, Бешенемде не болсо, Кыргызга барып көрөйүн. Эгер андай кылбасам, Буларга кастык кылбастан, Аз күндө болчуу уруштан, Убакыт күтүп ушундан, Жетисууга барайын, Татанды сойуп, так минип, Жаңылап аскер алайын. Бекбача менен Татыбек, Бул жерде жүрөт темселеп, Карып калды Орунбай, Кайкыргыз мага тең келет? Коргонун тартып алайын, Коркутуп туруп тебелеп”. Арам кыйал Каракөз, Ойунда дүйнө бүт ээлеп, Бекбача менен эл болду, Калдык менен Бетирке, Ал экөөнү тең сойду; Сегиз хандын элине, Селдей болгон аскерге, Өзү башчы ээ болду. Коргонун алды Таластын, Тагына чыкты Манастын, Баашасы болду Алаштын; Таң агарып атканча, Уктабай чыкты ой менен, Эртеси кечке сегиз хан, Кеңеш менен кеч кирди, Түн ортосу мезгилде, Чатырына Калдыктын, Асталай басып келгени. Калдык менен Бетирке, Кеште ойноп жатыптыр, Үстүнө басып кирди эми. Кеште ойногон эки хан,
Кел Каракөз дебеди. Кастык кылмак ойунда, Кылычы жалаң болучу, Желбегей чапан койнунда, Жакындап басып келгенде, Кел олтургун, дегени, Мойнун буруп Бетирке, Каракөздү карады. Жылтылдаган бир неме, Чыгып турат этектен, Эңкейип аны Бетирке, Көз жиберип карады. Билип калат экен, деп, Кайта басты Каракөз, Булкунгандай табышы, Кулагында угулду. Карады Калдык өтө тез, Шамал тийген немедей, Чапанынын этеги, Дирилдептир токтобой. Калдык айтата ошондо: — Караңгыда Каракөз, Эмне кылып келгендир? Кеп кылбай кайта не кетти? — Мен көргөндү, Калдык,сен, Көрдүңбү? – деди Бетирке, Кел олтур деп карасам, Этегинен жылтырап, Кылычтын учу кептенет, Чыгып турду көрдүңбү? — Мен көрбөдүм кылычын, Булкунгандай угулду, Кулагыма табышы. Анда айтат Бетирке: — Баскан-турган, жүргөнүн, Кандай кылып жатканын, Соодагерден кербенден, Кеп сураган күндөрүн, Баарын байкап билели. Хандык өкүм жүргүзүп, Башын ал деп айткансың. Кек кылып аны жүрөбү? Же болбосо бир күнү, Экөөбүздү катар жеп, Сегиз хандын элине, Улугуңар менмин деп, Доор сүргөнү жүрөбү? Башыбызды көтөрүп, Бекбачага киреби? Чала күлүп жөтөлүп, Канатташмын жакын деп, Жедигер менен Маңгытка, Катар өкүм сүрөбү? Кара чекир буткулдун, Кыйалын абдан билели, Эшиктеги жесекчи, Каракөздү чатырга, Киргизбе деп айталы. Уйку келсе мүргүтүп, Башка чыгып жаталы, Каракөздөн чыгат бейм, Далай иштин чатагы. Болжошкон жерге келбестен, Атбашы барса темселеп, Аскеринен ажырап, Араң турса сеңселеп, Караңгыда бул үйдө, Не жумуш бар темселеп, Олтур десе болбостон, Чыгып кетти энтелеп. Эки күн өткөн кездерде, Бекбачанын кошууну, Кайкап түштү бул жерге, Кыргыздын колун көргөндө, Кайгы түштү бул элге. Байпагына бит түштү, Уктай албай түнүндө, Бадакшанга чогулуп, Бармак эле Таласка, Наманген, Ташкен, Самаркан, Анжыдан менен Маргалаң, Кетмек эле талаанга. Таластын бетин бастырбай, Топурагын чачтырбай, Кыргыз келди буларга. “Каракөз ичтен сүйлөшүп, Бурулбаска тил берип, Жеңдирген болуп кыргызга, Келген экен мында, — деп, Толук кабар укпаса, Кыргыз келет кайдан? — деп, Каракөздүн иши, — деп, Ачыгын эми билдик” — деп. Тиктеп калды көз айырбай, Каракөздү изүүлдөп. Кыргыз эли он төрт хан, Көптүгү элдин кара таан, Капкайдан келди сегиз хан, Көптүгүнөн жадаган, Уруш десе тынч албас, Уруу десе уктабас, Кангайдын эли жатпады, Уруксат алып Калдыктан. Бетиркениин аскери, Барабанын какканы. Жез барабан кагылып, Бетиркенин атында, Сегиз хандын аскери, Селдей атка чабылып, Кара чоктуу Каңгайдын, Байрагы жерге сайылып, Каңгайлардын калдаңы, Жекеге чыкмак камынып, Баатырлыгы бадырек, Буткулдай көзү жылтылдап, Байкаганга таанылып. Букадай мойну букуйат, Буурадай саны бултуйат, Эки бети салаңдап, Эки даңгыт тойгундай, Дөмөр баштай тултуйат. Сакалдарын карасаң, Өзүбектин дабындай, Маңдайынын кеңдиги, Азык салчу байлардын, Алты карыш кабындай, Чекесинин бырышы, Кой кыштоочу адырдай, Кең көкүрөк дагдайып, Тай чабуучу талаадай, Эки эмчеги салаңдап, Кысыр эмди танадай, Эки жагын карасаң,
Он эки канат ордонун, Эшигинде эни бар, Ача чыккан бутакты, Кошуудан таарып салгандай, Чоң көтөктөй бели бар, Чокуга чапкан немедей, Айбандан чогоол кеби бар. Буттары чынар бутагы, Балтырына адамдын, Жетээр эмес кучагы. Мурду сеңир кырчактай, Муруту камыш жекендей, Оозу үңкүрдөй карарып, Камандай тиши агарып, Каалгадай тиштери, Көрүнүп турат саналып. Эки жагын каранып, Койго тийчү бөрүдөй, Ээрди мурун жаланып, Ачакей тил өткүр миз, Найзаны колго карманып, Четке чыкты бөлүнүп, Барча тоодой дардайып, Айанбай келет аргытып, Карарган топо чаң кылып, Анча-мынча кишилер, Бузулуп өңү саргарып, Караанынан калмактын, Карагайдай тарбактын, Лопнурдакы хан Матан, Бактыбайдан жооп сурап, Жүрүп кетти аттанып, Калдаң, Матан кез келди, Кезкерип найза бет келди, Калдаң келет ойунда, Найзага илип Матанды, Алып кетем деп келди. — Каңгай, Каңгай, Каңгай — деп, Бетирке биздин калдай — деп, Калдаң келдим майданга, Кыргыз алың кандай? — деп. Баатыр Матан бакырып, Манастап ураан чакырып, Бурулгутуп топону, Асманды карай сапырып, Акырышып бет келди. Жан алчу найза кез керди. Калдаңдын кандуу найзасын, Кагып өттү эр Матан, Каңгыта кагып найзаны, Жандап өтүп баратып. Сооту жок карыга, Муштап өттү эр Матан. Каржиликтин ханына, Колундакы найзасын, Чыктап өттү эр Матан. Аттын башын оң тартып, Найзасын булгап карманып. Кара боорго сайам, деп, Катуу тийди каарданып, Кактырып Калдаң найзасын, Каржиликке сайдырып, Калган экен арданып, Матан сайган найзасын, Ирмебей кирпик тиктеди. Матандан найза жеткени, Сайдырбастан найзаны, Калдаң кармап кеткени. Тартып алып найзасын: — Алың Матан канчасың? Баатырдык иштейт майданда, Өкүм өтпөйт мындайда. Оңдоп Калдаң найзасын, Оодара сайып салганча, Калдаң сайса өлдүм деп, Олоңдой болгон чачынан, Орой Матан кармады, Кармаганда камынтпай, Үзөңгү боого салганы, Минген атын теминип. Камчылап Матан калганы, Чачтан тартып хан Матан, Кайрат кылып канчалык, Кара саат Калдаңды, Оодара тарта албады. Одурайган Калдаңдын, Опол тоодой салмагы, Капаланып Калдаң алп, Чачын силкип тартканы. Кам келбей койо бергенге, Аты менен тоңкойуп, Баатыр Матан кулады. Комулдан келген Таабалды, Карап тура албады, Жебеден мурун жеткени, Тоодой болгон Калдаңга, Томукка балта шилтеди. Таабалды чокмор күүлөдү, Көздү ачып жумганча, Ойротто жок Таабалды, Онду койуп жиберди. Калдаңга найза сайдырбай, Кайран баатыр Таабалды, Калкалады Матанды. Матандын аты оңолду, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Качып Матан чуу койду. Таабалды менен Матанды, Караган адам таң калды, Көпөлөктөй Таабалды, Эбелектей айланды. Көз ачырбай Калдаңды, Алда канча салганы, Ар канча кылып аракет, Адырайган Калдаңга, Алы келе албады. Бир убакта Калдаң дөө, Ачып көзүн карады, Матан кетип калган жок, Таабалдыны көргөндө, Ачууланып карады, Кас таман найза колунда, Таабалдыны бир сайды. Калдаң сайган оңобу, Көк бөрү тарткан улактай, Шамал тийген тумактай, Ыргып кетти Таабалды. Ал аңгыча неткени, Такырбаштын жеткени, Манастан келген Такырбаш, Эр сайышка адис маш, Кырктан ашкан өзү жаш. Салбардынын ойунда, Сары сайдын бойунда,
Калдаң менен такырбаш, Сайышка чыккан ойунда. Биринин иши бирине, Танабы жиптей колунда. Такырбашты көргөндө, Тайарланды Калдаң алп, Мурункудай далбдаңдап, Бойун уруп кире албай, Айарланды Калдаң алп, Калдаң менен Такырбаш, Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп колго алышты, Сайдырбастан найзасын, Каршы-терши кагышты. Канча айланып сайышып, Сайдырбастан кагышып, Найзадан айла таба албай, Кылычтарын алышып, Кыйкырыгы баш жарып, Кылыч менен чабышып, Кылычтын мизи ыдырап, Сыныгы учуп кыңылдап, Кылычтан айла кеткенде, Эшик эндүү ай балта, Айныбастан салышат. Күчтөрүнүн барынча, Туулгага чапканда, Оттор учуп жаркылдап, Уңгусунан балтанын, Үнү угулуп чакылдап, Балтанын сырты түйрүлүп, Чокморлошуп койушуп, Колтуктарын чойушуп, Шылкы мойун чойун баш, Шалак-шулак дедирип. Күчөп чаап дембелеп, Үзөңгүгө тамандап, Кобо калып керилип, Кайрат качып күч короп, Калбайт булар эринип, Өлгөндү албайт тыйынга, Намыс үчүн берилип, Челектей болуп баштары, Шишип чыкты семирип. Жарактан айла так кетип, Жакалашып кол жетип, Кочкордон бетер койушуп, Мурдунан агып кан кетип, Этектен түрө кармашып, Барлык күчүн арнашып, Капталда атчан алышып, Кара темир үзөңгү, Каңкылдашып кагышып, Баатырлык менен бакырып, Бар кайратын чакырып, Акырайа тиктешип, Көздөрү башка чакыйып, Олпокторун булушуп, Соотторун жулушуп, Аттан түшүп күрөшүп, Көөдөндөрүн тирешип, Аркасына сүрөшүп, Ичине карай тартышып, Булкуп-жулкуп серпишип, Койон колтук алышып, Орой-торой чалышып, Ача кармап серпишип, Багалчеги майышып, Буту ийилип жатса да, Кайрат менен тайышып, Чама кетип, так чарчап, Кармалай колдор карышып, Кара бойу дал болуп, Кол кармалбай шал болуп, Саратан тамыз ысыкта, Кара бойдон аккан тер, Өтүктүн ичи суу толуп, Күн жашынып аңгыча Жарыгы жок түн болуп, Кирип барды Бекбача, Май тору менен чуу койуп: — Кайраты артык баатырлар, Ай караңгы түн болду Эби келсе кайтыңар, Таң агарып түн кетсе, Эртеңки күн дагы бар, Бекбачанын кебине, Кулак салбай балбандар, Бекбачаны көргөндө, Балбанга кастык кылат, деп Бетирке барган ал да бар, Каарданып Бекбача, Түшө калып атынан, Оң колу менен Таабалды, Сол колу менен Калдаңды, Камтып белден кармады, Экөөн эки тарапка, Ажырата салганы. Кыргыздардын он төрт хан, Хан Калдык баштап тогуз хан, Айраң-азыр таң калды. “Бекбачаны билбестен, Келиптирбиз бекер” — деп, Испан менен оогандык, Айласы кетип сандалды, Кетмек болуп ошол түн, Калдыктан коркуп айманды, Аңгычакты болбоду, Таң агарып күн чалды, Жер бетине нур тамды, Өйүз-бүйүз турган эл, Бири калбай аттанды. Жер чайкалып козголуп Топурак учуп боз болуп, Таш быркырап тоз болуп, Калыңдыктан кара жер, Араң турат токтолуп. Калдаң келет калдайып, Колунда найза карманып. Калдаңды көрүп Таабалды, Тура албады заарданып, Сары түгү түктөйүп, Жүзү каарга айланып, Жалтыратып жанына, Жалаң кылыч байланып, Колуна найза карманып, Жүрүп кетти аттанып, Айал-үйөл кылбастан, Кадимкидей салт менен, Качырышып сайышып, Карсылдашып салышып, Бака-шака урушуп, Баш-аламан чабышып, Түш кынтайган мезгилде, Кыйамына келгенде,
Кыйа тарта бергенде, Кыраан баатыр Таабалды, Көтөндүн бүрмө чети деп, Түрүлүптүр этеги, Талабыма жетем деп, Таталаган бул айбан, Барар жайга кетер деп, Манастап баатыр бакырды, Өрттөй көзү кызарып, Өрдөктөй мойну узарып, Оозунан тутун буу жанып, Муштап өттү Калдаңды, Жаба койуп түпөккө, Найзанын учу кандалды. Таамай сайган Таабалды, Калдаң өңдүү балбанда, Кыймылдаар шай калбады, Бучкактан каны куйулуп, Камчы саптай чубуруп, Өбөктөп атка шылк этип, Бучкактан мөжүк кан кетип, Оодарылып атынан, Жерге түштү жалп этип. Салмагынан кара жер, Үн угулуп калт этип, Кайра айланып Таабалды, Башын кесип алганча, Кара кытай Зоңтары, Качырган бойдон ал жетип, Таабалдыны атынан, Сайып өттү зоңкойтуп. Турпандан барган Турумбек, “Таабалдыны өлтүрсө, Бизге болду кыйын” — деп, Жээрде ат менен аргытып, Артынан чаңын баргытып, Эки балбан бет келди, Зоңтары менен Турумбек, Салышып кирди дүпүлдөп. Калдаңды Кангай көтөрүп, Таабалдыны кыргыздар - Аргымакка өңөрүп, Алып барып багышты, Жарага дары чабышты, Турумбек менен Зоңтары, Жан айабай салышты. Жаңыдан чыга калганда, Калдаңды айткан кыйын деп, Зоңтарынын жанында, Калдаң анча мыкты эмес, Турумбек оңой эр эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулчу бел эмес, Кара кытай Зоңтары, Оңой-олтоң жоо эмес, Томолонор тоо эмес. Күндү күнгө улашып, Түндү түнгө улашып, Кара кытай Зоңтары, Ары баатыр ары хан, Зоңтарынын колунан, Өлүп кеткен далай жан, Карасы өлгөн хан өлгөн, Баатыр өлгөн дөө өлгөн, Зоңтарыга беттешип, Мыктысып чыккан эр өлгөн, Белсенип найза өңөргөн, Мелтиреп бети көгөргөн, Мен-менсиген эр өлгөн, Карагай найза өңөргөн, Каарданып көгөргөн. Кайраттуу канча жан өлгөн, Кара кытай Зоңтары, Касташып келген хан өлгөн. Качырганын кайсаган, Камандан качып калбаган. Бала кезден бер жакка, Алып көнгөн Зоңтары, Өчөшүп капыр кайышып, Үлүрөйүп тайышып, Зоңтарыга Турумбек, Туруштук берип тайышып, Үч күнгө кетти сайышып, Боло албай калды Турумбек, Кайраты качып майышып. Ортосунда чек болду, Туруп бериш чыдашып, Найза менен сайышыш. Туруп берди Турумбек, Арбагың Манас колдо деп, Айтып жатат Турумбек, “Турманың таш болсоң да Эми өлдүң” — деп мекийип, Ирмебей кирпик чекийип, Сайып өттү Зоңтары. Ташка сайса жанбаган, Сайганын тешпей калбаган, Зоңтарынын найзасы, Үзүлүп кетип белинен, Эрдиги кетти эбинен. Эр Турумбек көчүгү, Ээрден ооп бултайып, Үзөнгүдөн бут тайып, Жыгылчудай кыйшайып, Жер тайанбай оңолду, Өтө сонун иш болду. Турумбек алып нөөмөттү, Зоңтары турду зоңкойуп, Орто тоодой болкойуп. Манастап ураан чакырып, Кыйрынан жандап качырып, Найза менен бир койду, Чылбыр чойуп Зоңтары, Жер кучактап торойду, Турумбектин найзасы Сол колтуктун такырдан, Кере карыш коройду, Турумбектин бул найза, Ченемсиз өткүр куу найза. Зоңтарынын атынан, Жыгылганын көргөндө, Аркасынан Кытан алп, Кар жаачудай бүркөлүп, Кабагы карыш салынып, Качырып келет түктөйүп. Кытайлардын Кытан алп, Кылып көнгөн өнөрү, Турумбекти жеткенде, Көмө койуп жөнөдү. Кыргыздардын Татыбек: “Турумбекти өлтүрсө, Бизден кетет касиет, Өлтүртпөйүн аны” — деп, Шамалдан бетер зыркырап, Канаттуудай дыркырап,
Кытан алпты камынтпай, Койуп өттү капталга, Чычалактай кара кан, Агып кетти шыркырап. Найзаны тартып алганда, Кытан алп буга арданды, Түшүп кеткен найзасын, Эңкейип колго алганы, Аңгычакты Татыбек, Турумбекти аткарды, Атка минип сенделип, Араң келди Турумбек, Буйрук кылды Бактыбай, Ылдам аттан түшүр деп. Турумбекти түшүрүп, Ат сийдигин ичирип, Жараатка себеп таптырып, Медеттен эзип чаптырып, Эбептен эзип ичирип, Кир көңүлүн ачтырып, Ичке зардап түшөт деп, Жаткызбастан бастырып. Күн бешимге барганда, Кытайлардын Кытан алп, Татыбекти шаштырып, Май сооруга найза жеп, Татыбек болду жарадар, Таабалды Турум, Татыбек- Буларды көрүп турушуп, Кыргыз болду санадар. Ысык көлдүн Медербек, Мен келемин буга деп, Бактыбайдан жол сурап Жүрүп кетти Медербек. Атасы казак элинен, Энеси кыргыз кызынан, Кызыгышкан душмандан, Агызып көнгөн кызыл кан. Татыбекти Медербек, Кытан алптан куткарып, Мен да сендей эрмин деп, Каарын салып сумсайып, Куу найзаны колго алып, Койгулашып Медербек, Кытан менен теңдешип, Кара тер бойдон жуурулуп, Кыйандай агып сел кетип, Өргө салып өксүтүп, Эңишке салып мүчүтүп, Капталдашып кагышып, Жан айабай чабышып, Чаң ичинде жарышып, Кантер айла табалбай, Медербек турду майышып, Араң чыкты майдандан, Толук бир күн алышып, Сиркеленип териден, Изиркектеп кан чыгып, Кыймыл этер чама жок. Бүткөн бойу жанчылып, Челектей башы тулуйуп, Бүт бойу шишик күпүйүп, Кара бойун караса, Казандай эти карарып, Кирпиги араң мыдырап, Өлбөгөн тирүү жан калып. Аңгычакты майданга, Келип турду дардайып, Аккубактын балбаны, Алматылык Курмушу, Жекеге чыкты аттанып, Коркуттук деп кыргызды, Кытайлар турат шаттанып. Манастап ураан чакырып, Музбурчакты кошо айтып, Аргымагын койкойтуп, Куу найзасын коройтуп, Желегин жерге жапырып, Жеринен чындап качырып. Жеп ийчүдөй бакырып, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Каарын салып Курмушу, Бөйөн менен чайандай, Заарын салып Курмушу, Жан алчудай сүрдөнүп, Азыркысы турушу. Качырганы камандай, Бакырганы башкача, Өзү казак чоңу экен, Кара бойу бир барча. Колундагы найзасы, Кызыл канга чыкталып, Алып көнгөн канчаны, Аты-жөнүн сурабай. Ачууланып айабай, Кактырбастан найзасын, Кара кытай Кытанды, Как далыга муштады. Далысына Кытан алп, Куйган чойун каптаган, Таш сайгандай чак этип, Үнү катуу шак этип, Кайта жанды найзасы, Кайта жанып сак чыкпай, Уңгусунун темири, Сынып кетти быркырап, Качырып жетти Кытан алп, Каарданып чукулдап, Оозунан көбүк кетиптир, Буурадан бетер буркулдап, Кузгундай болуп куркулдап. Кекиртеги чуйкулдап, Сайып өттү Кытан алп, Кытан сайган оңобу? Барча тоодой Курмушу, Көмөрүлүп жыгылды. Өзүбектин эр Мурат, Токтоо кылбай ат салды, Ат салганда бат салды, Ат куйругун карматып. Курмушуну куткарды, Курмушуну куткартып, Комутта калып Кытан алп, Эр Муратты беттеди, Баатыр Мурат хан уулу, Башынан элге күйүнгөн, Сынчыбектин тукуму, Адамдан качкан эр эмес, Чоң атасы Сынчыдан Ар мүчөсү кем эмес, Арзандык менен адамдан, Жазганычу эр эмес, Кырктан ашкан чамасы, Өтө кары деги эмес. Кең көкүрөк кууш айак,
Орто бойлуу капкан бел, Жайык маңдай, сом далы, Туткандын чыккан далдалы, Туруп душман бат албас, Бул замандын балбаны, Кытан алп менен кагышып, Каршылашкан убагы. Кыйамына келе албай, Ичинде болуп айкабы, Амал кылып канчалык, Айла иштетип мынчалык, Эч айласын таба албай, Амалы кетип кыйналып. Кармашып булар кагышып, Карса-курса чабышып, Ажырай түшүп бөлүнүп, Айланышып өмүлүп, Мурат менен Кытан алп, Караган элдин көзүнө, Ажыдаардай көрүнүп. Бирин бири жеңе албай, Агып каны төгүлүп, Эртеден кечке сайышып, Тең сайышар балбандар, Калгандай болуп табышып. Бир мезгилде Кытан алп, Ачууланып жаны ачып, Күүлөп алды чокморун, Күркүрөгөн үн чыкты, Салмагынан чокмордун, Жердин бети дүрүлдөп, Күн күйгөнсүп күдүңдөп, Көлдөр толкуп жаткандай, Кара жерден үн чыгып, Какыр чаңдап топо учуп, Муратка шилтеп ийгенде, Акылдан азбас эр экен, Өзүбектин эр Мурат, Өтө башка неме экен. Балта менен Кытанды, Дал шакшакка какканы, Оң колунун шакшагы, Сынып кетти карс этип, Колундагы чокмору, Жерге түштү тарс этип, Салмагынан чокмордун, Жер козголуп калт этип, Чокмор түшкөн жеринен, Топурак учту чаң кетип. Сынган колун карабай, Кара мүртөз Кытан алп, Кылча жанын айабай, Эр Муратты жакадан, Булкуп-силкип тартканы, Алдында минген атынан, Аңтара тартып таштады. Аңтарылып баратып, Кытанды жеңден кармады, Койо бербей бек кармап, Чоң дөбөдөй дардайтып, Оодара тартып салганы. Сынган колун көргөндө, Солондордун Чынары, Салып жетип барганы, Эр Муратка карабай, Кытан алпты атына, Шапа-шупа мингизип, Алып кетип калганы. Кытан алпты Чынар алп, Аттандырып жатканда, Турдана бар болучу, Эр Мураттын жанында, Эр Муратты алып барды, Бактыбайдын алдына. Эр Муратка Бактыбай, Эки сыйра сарыпай, Сыйлык кылып тон берип, Өзүбектин салтынча, Өз элиңе бар деди, Колу сынык Кытан жок, Кандай жан келсе жекеге, Беттеше баргын сен деди, Аңгычакты майданга, Солон Чынар келгени: — Чынар келдим мен — деди, Билип кел, кыргыз сен — деди, Майданга келген кишиден, Тирүү бенде элиңе, Кетирбеймин мен! — деди. Мурат келди беттешип, Күркүрөтүп найзасын, Күч ортосун чектешип, Айрыбай көзүн тиктешип, Өлөр жерин чиктешип. Кыйкырыгы таш жарып, Качырып найза урушуп, Такылдаган найзага, Такат кылып турушуп, Чарайналар чатырап, Талаа-талаа жарылып, Чарайнага тийгенде, Найзанын учу такылдап, Туулгага чапканда, Балтанын сырты чакылдап, Көөдөнгө найза така-так, Туулгага балта чака-чак, Кулак-мээни тундуруп, Баатырлар үнү бака-бак, Кош жаңырык шака-шак, Оттор учуп жылтылдап, Кан аралаш сары суу, Заардап агып чылпылдап, Ачуу келип алаңдап, Баатырдын бойу кылчылдап, Азуулары качырап, Көздөн жалын чачырап, Жебенин огу зыркырап, Найзанын күүсү куркурап, Кол ыштыктай мурундан, Түтүн чыгып буркурап, Кезек менен кээри жок, Чынар менен Мураттын, Эрдигинин чеги жок, Биринен бири жазганып, Тартынып калар жери жок, Карсылдашып чабышып, Былчылдата сайышып, Жаактарын жара чабышып, Мойнунан канын агызып, Эртеден кечке салышып, Күн кеч кирип аңгыча, Элине кайта жанышып, Таң атканча уктабай, Найзаны ууга малышып, Кылычын заарга сугарып,
Жарылып кетет сырты деп, Балталардын уңгусун, Коло менен чырмашып, Найзаларын жаңыртып, Ала-була сырдашып, Тыштан кийген соотторун, Жыртылган жерин тордотуп, Үзүлгөн жерин улатып, Тешилген жерин жаматып, Мыгынан чыгып кеткенин, Айабай бөрттөп кадашып. Ага чейин таң атып, Таң агарып чыкканда, Тердиктерин жумшатып, Олоңдорун оңдотуп, Куйушканын узартып, Үзөңгү боосун кыскартып, Чарайнасын тартынып, Сом темирин артынып, Музурканып муңканып, Муздай темир курчанып, Калкандары калдайып, Туулгалары тултуйуп, Кулактары көрүнбөй, Топ-томолок мултуйуп, Доолбастары кыңгырап, Найзалары зыңгырап, Айбалталар шыңгырап, Кылыч кында кыңгырап, Көз тайгылтып баатырлар, Аттанып чыкты зымырап. Аттанган эрлер шаңданып, Карагандар таңданып, Өйүз-бүйүз эки кол, Карап турат жарданып, Сапта турган жандар көп, Андай салттуу хандар көп, Телегей кийген андан көп, Темир кийген балбан көп, Телмирип турган андан көп, Теминип турган тентек көп, Чынар менен эр Мурат, Беттеше келди эки лөк. Камчыга атты бөлөдү, Солондордун чынары Тик качырып жөнөдү, Мураттын далай бар экен, Баатырлыкта өнөрү. Тура калып токтолуп, Теминип койсо ыргыштап, Тулпары турат шойт койуп. Качырып Чынар жеткенде, Каңтара койуп өтөөрдө, Оордун салып жалт берип, Кара жерди сайдырып, Караган элди таң кылып, Муратты сайбай жер сайып, Чынар жаман ар кылып: “Эми сайып алам — деп, Өзүбектин Муратты, Заманасын тар кылып, Талпагын ташка жайамын, Кең майданды кан кылып!”. Кекээрденип кезенип, Ээрдин кесе тиштенип, Киндигин тартып бел түйүп, Кара жанга күч келип, Белин түйүп мекийип, Маңдайда көзү чекийип, Жана кирди чоң Чынар, Кара керди теминип, Капырын минген Каракер, Эликтей чуркап секирип, Алтын ээр кашы, деп, Табарсыктын башы деп, Өөдө кетсе тай кылып, Как жүрөктүн тушу деп, Күркүрөтө сунганы, Күүлөп найза урганы, Өтө андес Мурат да, Өнөрү көп бу дагы, Көп эмей өнөр аз бекен, Болбосо Мурат бул күндө, Он сегизде жаш бекен. Найзанын учу жетерде, Бир жагына тулпардын, Жата кетти шалк этип. Алтын ээрдин кашына, Урунуп найза каңк этип, Алактап Чынар өткөндө, Ким көргөн мындай кызыкты, ай, Атка минди мышыктай, Тиктеп турду Чынарды, Митирейип унчукпай, Найза бойу алыска, Өтүп кетип чоң Чынар, Муратка найза тийгенин, Тийбегенин биле албай, Кылчайып артын бир карап, Муратты көрүп ат менен, Оозун ачып аркырап, Көк буу көктө буркурап, Көзүнөн чыккан жалыны, Учкундай болуп чыркырап, От күйгөндөй шыркырап, Жана жетти Муратка, Сайамын деп чукулдап, Өзүбектин эр Мурат, Найзасын ташка түйрөйткөн, Минген атын ар түрдүү, Жалт берме кылып үйрөткөн. Чынардан найза жеткенде, Минген аты Мураттын, Иргип чыга берди эле, Муратты сайбай жер сайып, Өзү сайган найзанын, Күүсү менен чоң Чынар, Жыгыла жазып кыйшайып, Оңолуп өтө бергенде, Ойротто жок эр Мурат, Оңтойуна келгенде, Алдында минген бууданы, Аркардай арыш таштады. Аркардан кууп жеткени, Карчыганын балык эт, Муштап өтүп кеткени. Мурат сайган оңобу, Тоодой чынар атынан, Жер кучактап торойду, Өтүп кетип эр мурат, Атын оңдоп алганча, Айланып жана сайганча, Шибелердин Буракүң, Бүркөлгөнү жаачу күн, Ур дедирбей жеткени,
Өзүбектин Муратты, Аңтара койуп кеткени. Алтай, Иле улугу, Өзү казак уругу, Айдаркандын чоң уулу, Катарда Көкчө хан өткөн, Айтылып иши ар жерде, Калың элге даң өткөн, Айдаркандын кичи уулу, Сексен бирдин тукуму, Ак болоттун укулу, Ата-баба тукум кууп, Сайышып көнгөн баатыр бу: “Өлтүрүп кетсе Муратты, Белибизди сындырат, Өзүбекти кем кылат, Ажыратып алам” — деп, Кол көтөрүп жооп алып, Бактыбайдан Шерматкан, Майданга жетти ат салып, Шибелердин Буракүң, Найзасын оңдоп карманып, Чыйраксынган Мураттан, Кетсин деп эми кан агып. Бура тарткан кезинде, Казактардын эр Шермат, Азыркысын Алашка, Арка болчу бел Шермат, Муратты атка мингизип, Буракүңгө бет келди, Шерматканга Буракүң, Качырып найза сайганы, Буракүңдүн найзасын, Камынтпай Шермат какканы, Буракүңдүн найзасы, Чыгып кетип колунан, Асманды карай атканы. Найзаларын кагышып, Бир беттешип жанышып, Белдүүдөн калды бул экөө, Кең майданда табышып. Найза сайып кылыч чаап, Балта иштетип жаа тартып, Чокморлошуп койушуп, Акакташып солушуп, Жошологон челектей, Баштарынан кан агып, Пайдасы жок шум дүйнө, Алда канча бууланып, Адам уулун аздырып, Кубулжуп турат чууланып. Болжолу жок ар жанга, Кимиси жеңип ким алыш. Ажыдаардай арбашып, Айанбастан кармашып, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап ташташып, Эрегишкен эки дөө, Аттан түшкөн булар жөө, Багалектеп жармашып, Баардык күчүн арнашып, Далай заман өткөндө, Шибелердин Буракүң,, Атка минип алактап, Мас болгондой шалактап, Качырып кирди кырданып, Каар салып сурданып. Казактардын Шерматкан, Бу да атына камынып, Касаба тоодой жарданып, Кандуу найза карманып, Шермат менен Буракүң, Өчүгүшкөн жери бар. Алтайдын арал көлүндө, Ак чамбыл таштын белинде, Шерматкандын айылына, Карандай зордук жүргүзүп, Баштап келип Шибени, Казактын малын сүргүзүп, Таракай кеткен казактар, Жыйнап келер чама жок, Беш жүздөн ашуун жылкысын, Айдатып кеткен сүрдүрүп. Белсенип тепсеп баралбай, Беттешер себеп таба албай, Антип жүргөн Шерматкан: — Кыйамы келген күнү, — деп, Буракүңдү өлтүрүп, Кан жалаймын бүгүн, — деп, Өлтүрө албай калганда, Өлбөй тирүү калбаймын, Экинин бири болдум, — деп, Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп, Кыз менен бирге кыйналып, Жүз көрүшкөн күйөөдөй, Сүйүнгөнсүп күлүңдөп, Алдында өткөн урушта, Өткөн күндү унутуп, Калган болчу Шерматкан, Эсине түшүп ич күйүп, Ичинен мөжүк кан кетип, Кара жанын унутуп, Калган экен Шерматкан, Олбуй-солбуй камчы уруп, Оңду-солду теминип, Оолугуп кирди Шерматкан, Буракүңдүн найзасын, Кагып ийип Шерматкан, Кызыл түпөк куу найза, Оңдоп кармап алганы, Кездемдин боосун чубалтып, Кескерип найза чунайтып, Минген аты Оркызыл, Мойну кулач эң узун, Артынан чаңын чубалтып. Алактаган Буракүң, Эки жагын каранып, Жалактаган Буракүң, Мас болгондой кылчыктап, Шалактаган Буракүң, Короздой мойнун көтөрүп, Койкоктогон Буракүң, Капканга түшкөн түлкүдөй, Тойпоктогон Буракүң, Күлгүн чалып көзүнө, Тийип турган жарык күн, Каркактатып найзасын, Эки баатыр бет келди, Кимге ажал кол сунат, Кимге багы жар болот, Муну болжоп ким билет? Өз ойунда Буракүң, Көмө сайып Шерматты, Кетемин дейт тебелеп. “Жылкысын алып короодон,
Колбутуп айдап алганда, Коркуп чыкпай үйүнөн, Башын катып калкалап, Жанын катып мааналап, Калган Шермат бул эле. Бекбачаны караандап, Келген экен аркалап, Жөлөнгөн тоосу бар жерде, Жоготойун талкалап”, Дегенди алып ойуна, Шерматканды теңге албай, Найза салды чалкалап. Балта менен Шерматкан, Найзаны какты алдыртан, Балта тийген чоң найза, Сынып кетти быркырап, Сыныктары найзанын, Көккө учуп чыркырап, Буракүңдүн тулпары, Катуу келген күү менен, Өтүп кетти даркырап. “Кыйамына келди, — деп, Кулду колго берди — деп, Багым артып меники, Талабым оңдон келди” — деп, Оркызылга камчы уруп, Куу найзаны сундуруп, Шерматкандын найзасы, Күүсү кулак тундуруп, Карчыгадай кагынып, Ач жолборстой чамынып, Артынан жетип Шерматкан, Кый сүбөөгө бир сайды, Тоодой болгон Буракүң, Аттан ооп кыйшайды, Топо тиштеп тоңкойуп, Ачылып оозу ырсайды, Шерматкандын найзасы, Күн тийбестен кылтайды. Жана Шибе Йобалы, Жолукканды кан кылып, Кара башын маң кылып, Алып көнгөн бу дагы “Шерматканды куткарбай, Буракүң кунун кубам, — деп, Буракүңдү өлтүртүп, Унчукпай кантип турам, — деп, Колумдагы найзаны, Кызыл канга жубам” — деп. Учкан куштай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Шерматканга жеткени. Таталаган үн чыгып, Таш жаргандай сүр чыгып, Качырып жеткен кезинде, Жоосун сайып кан жайып, Тоосун сайып кубанып, Антип турган Шерматкан, Ат айабай камчылап: — Канчаң келсең анчаң кел, Кан аксын – деп - тамчылап! Тарамышын чыйратып, Карап турбай Шерматкан, Бу да найза сунганы, Бирине бири сайдырбай, Кандуу найза салдырбай, Оң айланып бурушту, Опколжуп найза урушту, Олпокторун бурушту, Күн кеч кирди аңгыча, Жай-жайына жанышты, Жайланып жатып калышты. Таң агарып аңгыча, Жез барабан кагылды, Ойдоку тоолор оңулдап, Зоңкойгон тоолор зоңулдап, Керме тоолор каңгырап, Чирик жар көчүп таш кулап, Кош кыйкырык үн чыгып, Туш тараптан аңылдап, Башкача болуп Йобалы, Кызылдан чапан жамынып, Кыйгактуу найза колго алып, Ары баатыр, ары хан, Ачууланып чамынып, Шерматканга Йобалы Качырып найза салганы. Йобалы сайып болсун деп, Шерматкан карап турабы? Йобалынын найзасын, Сайдырбай какты Шерматкан, Ого бетер Йобалы, Ачууланды ардыктан. Баатырлыгы бар экен, Башында бакты жар экен, Кайта айланып сайганда, Шерматканды Йобалы, Аңтара сайган чагы экен. Азыктагы Алабек, Атын карай тап берди, Болбой койуп Бактыбай, Сен барбагын дегени, ЖеркендегиМалабек, Жооп сурап келгени, Буга жооп бербеди. Хотендеги Козубек, Койгон бойдон жөнөдү, Тентек шамал этегин, Чойгон бойдон жөнөдү, Шерматканды Козубек, Жетип атка миндирди, Жүр кетели биз деди. Шибелердин Йобалы, Алдында минген тулпары, Алты бута алыска, Алып өтүп кеткени, Атын тартып Йобалы, Шерматканга келгенче, Шерматканды Козубек, Ала качып кеткени, Артын карап алайып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Шерматканды көрө албай, Мойнун созуп каранып, Кыргызга жетип Шерматкан, Кирерине калганда, Караанын көрүп Йобалы, Жан алчудай заарданды, Бузулуп өңү каарданды: — Кыргыз түгүл Шерматкан, Алтай, Иле кетсе да, Аркасынан барам, — деп, Алмадай башын кагам — деп,
Акыр заман башына, Көз көрүнө салам — деп, Өлбөй тирүү болгондо, Буракүң кунун алам! — деп, Ат койуп барат Йобалы. Шерматканды кошуунга, Киргизип ийип Козубек, Бура тарткан убагы. Жетимиш ашып жашаган, Ак ала сакал Козубек, Олуйалар колдо, деп, Күлчоро, Хотен тоосунда, Ушу бүгүн жөлө деп, Аңгычакты Йобалы, Жетип келди күжүлдөп, Жеткен жерде Йобалы, Козубекти тумактай, Томолотту атынан, Ак ала сакал кары деп, Өлтүрөт экен аны деп, Топчу кулак кер атчан, Ыргып минди Бактыбай, Тууга ээлик болгун деп, Алабекке карматты, Кол башкарып тургун деп, Малабекке айтканы: — Койон жүрөк коркоктор, Корс кыйалдуу чоркоктор, Башаламан чуу болсо, Кан чайкалып суу болсо, Кайра качып жүрбөсүн. — Азыр бол, – деп - Козубек, Малабек менен Алабек, Козубек ага силерге, Урушка барыш кыйын кеп. Жетимиш менен сексендин, Арасында жашыңар, Аркада элге ээ болуп, Оорукта хандар, жатыңар. Кандай кылса Бактыбай, Өзү билип кылсын — деп, Унчукпай да кеп кылбай, Туруп алды Бекбача. Аттын башын оң тартып, Бекбачага баш уруп, Жүрүп кетти Бактыбай. Аңгычакты кошуунга, Кирип келди Йобалы, Бактыбайга Йобалы: — Шерматкан кана? Бергиниң, Шерматканды бербесең, Он төрт хан эли экенсиң, Кан агызам билгиниң! Анда айтат Бактыбай: — Чын айтасың, Йобалы, Бул сапаркы урушка, Себепчи болгон хан Калдык, Анык бузук Каракөз, Кармап берип экөөнү, Калганың кете бергиле, Хан Калдык менен Каракөз, Кармашка алың келбесе, Кат жазды деп топоңдоп, Кол айдап келе бергиле, Ырайым-шапкат бизде жок, Ачык муну билгиле! Сен шибенин ханы Йобалы, Мен каракыргыз Бактыбай, Урушса өзү урушпай, Жоолашса өзү жоолашпай, Ооган менен испанды, Кангайдагы беш ханды, Айдап жүрүш ал кандай? Эби келсе беш урук, Элиңе кет кек албай, Жериңе кет бир тынбай, Кетпесеңер элиңе, Жетпесеңер жериңе, Эрегишсең биз менен, Киресиңер көрүңө! Каракөз менен хан Калдык, Аларга бекер чулгашып, Арбыттыңар калбаны. Ачтыңар бузуп араны. Анча-мынча кол салып, Алтай, Чөйчөк, Иледен, Баркөл, Комул, Турпандан, Кутубий, Манас - булардан, Чыгыш-түштүк Асман көл, Батыш-түштүк Көккамыр, Арадан эрен кабырга, Мал алдыңар булардан, Эч канчалык эмес деп, Теңелбедик силерге, Чыгыш түштүк беш урук, Каракөз менен Калдыктын, Көл тилине алданып, Не келдиңер бул жерге? Чекене алыс жерде деп, Кол салбадык силерге, Кара шаар, жылдыз элдерин, Эркине койдук жерде деп, Арабызда калмактын, Аласын ала качпадык, Ак теңгесин чачпадык, Каңгайда шибе, солондун, Көп орбодук буудайын, Өрт койбодук айдаган, Шекер кылчу куурайын, Анча-мынча дем алып, Келесиңер жыл сайын. Аралап айылың баспадык, Ак теңге пулуң чачпадык, Кыз-келинге катышып, Абийирди ачпадык. Арыктан сууң чыкпадык, Сен кептенип коржоңдоп, Жетибизде жакын деп, Аттанып үйдөн чыкпадык. Деп Бактыбай айтканда, Кеп таба албай айтканга: — Коңурбай, Жолой, Нескара, Сутуке менен Бозкертик, Ошондон бери карата, Кегибиз бар кыргызда, Деп Йобалы айтты анда. Токтоо кылбай Бактыбай, Кебин айтты мамындай: — Кек кыласың сен кандай? Биз жүрөбүз кеп кылбай, Көкөтөйдүн ашында, Абал мурун башында, Ашка келип тим кетпей, Айдап кеттиң алашты, Көзүңө илбей Манасты. Ысыккөл, Текес, Илени, Такыр талап кеттиңер, Тоо бойунда элдерди. Ошондо баатыр шер Манас, Ачууланып күүлөндү, Элүү төрт илек кол айдап, Бейжинге ырас киргени, Ошондон чатак арбыды. Алың келбей урушуп, Айабадың малыңды, Айабадың барыңды, Алып келдиң тартууга, Алдейлеген балаңды. Аны менен тим болбой, Семетейдин тушунда, Кошуун курап кол чайкап, Таласка хандар не барды? Өз кылганы күч болуп, Нескара, Уушаң, Мурадил, Кылычка каны майланды, Алманбет уулу Күлчоро, Нескарадай чоң дөөнүн, Башын кесип байланды. Уушаң менен Мурадил, Кутулуп кете албады, Канчоро менен Жалгызек, Канга кылыч майлады, Аны менен тим болбой, Амырдын агын бойунда, Семетейди Коңурбай, Чакыртып алып барганы, Элинен эл ким келди деп, Эрдемсип колун салганы, Арамдык менен иш акпай, Коңурбай өлүп калганы, Сен кептенип кангайлык, Айылыңа тепсеп ким барды? Элебейсиң, билбейсиң, Илгертен өткөн мындайды. Кун кубалап алам деп, Куру кантип калам деп, Далайлар кылды кайратты, Асмандан ташты кулатып, Кылып көрдү айбатты, Куландын сары сайында, Козголбой жаткан эрлериң- Калдагай кулак Чойун алп, Жез киндиктүү Кикимат, Темир тондуу Шалкымат, Кокту каттан хан Чиктей, Тажиктердин Темирбек, Алар да келген тебелеп, Коросон, испан, ооганды, Кол чакырып куралып, Жааган күндөй себелеп, Келгендин өлүп чоңдору, Калганы кеткен темтелеп. Сагыныпсың өлүмдү, Ажал алып жакадан, Тура албайсың энтелеп, Эсиңе алсаң Йобалы, Элиңе бар эртелеп. Жашырбай кебиң, айтып кет, Өз элиңе кайтып кет. Йобалы коркуп кетти деп, Биз айтпайбыз дегеле. Көрүнөө айткын баарыга, Ар качан уруш болгондо, Жүрөсүң шибе алдында, Башың боолуу кулсуңбу, Же манжу менен моңгулга? Калгандан киши өлө элек, Буракүң өлдү жана эле, Өчөшүп кирсең тил албай, Сен өлөсүң эми эле. Уйалсаң шибе кайра кайт, Урушар болсоң аныңды айт! Күн кеч кирип барайтат. Ойлоп болгон Йобалы, Уйалбай кантип барарды, Өлтүрөйүн сени деп, Өткүр найза колго алды, Өжөрлөнүп өчүгүп, Чоктой жанып ич күйүп, Бактыбай менен Йобалы, Ортосунда от күйүп, Айкырган үнү угулуп, Ачып көздү жумганча, Канчалап найза урулуп, Найзанын учу түйрүлүп, Балтанын сырты жарылып, Кылычтын мизи айрылып, Чарайналар чатырап, Калкандын мыгы быдырап, Чынжырлары үзүлүп, Соотору жыртылып, Соот тургай ичинде, Буулумдары кырчылып, Жең айрылып бурчулуп, Жан алчу уруш башталып, Күүгүм кирди күн батып, Эл-элине кетишти, Эми булар нетишти. Жалгызектин Бактыбай, Йобалыга айтканын, Бекбачага кеп салып, Баарын айтты жашырбай, Бекбача угуп бул кепке, Жакшы-жаман жооп кылбай, Мурункудай турду жай, Муну мындай таштайлы. Башаламан салышта, Бактыбайдын көрсөткөн Эрдигинен баштайлы.