Чечип ийди Бактыбай. Муздак суу сээп бетине, Койтолоңду кобор, деп, Буйрук кылды Бактыбай. Чала өлүк болгон Койтолоң, Сенделип туруп ордунан, Катындарча баш уруп, Колун албайт боорунан, Көөдөндөн чыгып кетпеген, Араң турат курган жан. Аңгычакты болбоду, Жедигердин кошууну, Ээрчип келди изин кууп, Бактыбайдын артынан. Деркенбай баштап токсону, Калмактардын колунда, Жоголмок болгон жоксону, Малдыбай бар жанында, Бактыбайды көргөндө. Кайрат кирди баарына. Жедигердин кошууну, Саадагын алып мойнуна Чубап келди алдына, Деркенбай айтат ошондо, — Силерге тийбей Бактыбай, Таштап койуп келиптир, Карабастан алдыга, Качып кетпей келипсиң, Хан Каракөз жанына. Деркенбайдын кебине, Татан көзүн жаштады, Айтып кебин баштады: — Хан Каракөз каарынан, Өлүмдүн коркуп заарынан, Өлөбүз деп келгенбиз, Үмүт үзүп биз жандан, Кегибиз жок силерде. Айдалып келдик бул жерге “Миң күнчөлүк бейиштен, Бир күндүк жарык” деди эле, Бактыбайдан ажырап, Биз кетпейбиз деги эле. Канча жылы Каракөз, Эркектен аскер таба албай, Томолок беттүү катындан, Аскер алды канча жол. Хан Калдык менен бирлешип, Кыргызга келип салды кол. Алы келбей кыргызга, Өлүм болду элге шор, Жыйнап келген аскердин, Көбү катын ушу жол. Эл ичинде эркектен, Кызыл ээк чал калды, Кызыл муштум ал калды, Жетимиш менен он үчтүн Ортосунда калбады, Кыз төрөгөн айалды, Эркек бала туубай, деп, Андан бетер кыйнады, Бойкат болгон айалдар, Кыз төрөсөм кантем деп, Ого бетер кыйналды, Колго түшкөн биздерге, Жакшы-жаман бир ооз кеп, Эр Бактыбай кылбады. Кыргызды жеңбейт Каракөз, Өлбөй барса элине, Жетисуунун жерине, Бириктиң деп кыргызга, Баарыбызды кырбайбы. Ушу турган көп элди, Уу ичкендей кылбайбы! Алып калсын кыргыздар, Бойго жеткен кыздарды, Жедигерге кетпейбиз, Эркек болгон биз дагы. Каракөз өлсө урушта, Көз көрбөсө тиригин, Ачык кабар уга алса, Башкадан бирөө хан болсо, Элдин көөнү жай болсо. Уруксаат сурап баатырдан, Биз кетебиз ошондо. Татан кебин бу деди, Татандын кеби ырас деп, Баары тегиз чур деди. Сүрдүү чыкпай үндөрү, Бышаңдап ыйлап быркылдап, Айалдыгы билинди. Анда айтат Бактыбай: — Бир чекеге чубуруп, Бөлүнүп чыккын айалдар. Он миң элден сегиз миң. Айал чыкты бөлүнүп. — Малдыбай атың бур, — деди, Сен Татанды ээрчитип, Жумгалдын Кара көлүнө, Айалдыгын билгизбей, Анда апарып тур, — деди. Сакалы жок киши экен, Жетимиш жашта ал Татан, Эрдиги жок баштатан, Бел оору болуп башында, Ат болуп калган жаштатан. — Менден кабар болгончо, Жумгалда барып жат — деди, Токойдон жандар ат — деди, Желе тартып тузак кой, Антип жанды бак — деди, Жеткирип койуп Деркенбай, Андан ары чап — деди, Таластан баатыр Бекбача, Толук кабар айт — деди. Коргондо кошуун беш миңди, Бачым алып кел — деди, Эки миң сексен сегизди, Ээрчитемин мен — деди, Күнү күндөп Малдыбай, Кошуунду алып кел — деди. Түнү эки-күнү үч, Санаты бешке толгондо. Деркенбайды Бактыбай, Мында жетип кел, деди. Айтканда мойун бурабы, Булар карап турабы, Кол менен жолду Деркенбай, Колбутуп ал баштады. Жумгалдын Каракөлүнө, Баш кылып Татан карыны, Алып барып таштады. Анан Шамшынын белин бетке алып, Таласты карай чапканы, Коргондо жаткан чойулуп, Эр Бекбача төрөгө,
Болгон кепти айтканы. Бастырамын эми деп, Түнөбөстөн кайтканы. Муну мындай таштайлы, Чабуулга каршы кыргыздын, Чогулганынан баштайлы.