Жайнап жаткан көп элге. Атагы алаш болгондор, Алатоо бойлоп ар жерден, Кырк уруу кыргыз малы бар, Орто Асийа бар жерде. Алым келбей калам деп, Катышпай келген кеп эмес, Сенин минтип жүрүшүң, Адам кылар иши эмес, Ишти бузат ар качан, Сага окшогон кара ниет. Өчөшүп сага Каракөз, Он миң мыкты жигитти, Кулдантып ийсек оң эмес. Айтышыңча Каракөз, Бактыбай азыр кете элек. Кеткен менен Бактыбай Атбашыга жете элек, Жүр Каракөз жол башта, Биз жетели тебелеп. Беш уруктан он миңден, Элүү миң киши бизде бар, Каптап барсак калдайып, Бактыбай бизге не кылат? Манжулардын каман алп, Качырганын куткарбас, Солондордун чынары, Чындап бенде тура албас, Кар бойу мунар бул, Шиберлердин Буракүң. Кара баштуу адамдан, Кашкайа турган баатыр бул. Кидандардан Кытан алп. Каңгайлардын Калдаң алп, Алптан бизде бешөө бар, Бекбача менен Бактыбай, Экөөнөн башка кими бар? Жүр Каракөз жүргүнүң, Маңгыттардын хан Калдык, Испан менен оогандык, Алар жатат камданып. Тогузубуз бир барып, Токтоо кылбай жамдалып. Бактыбайдай балбанды, Андан башка калганды, Куткарып алсак калтырбай, Өлбөй тирүү бар жанды, Хан Калдыктын каарынан, Кутулабыз Каракөз. Эгер андай кылбасак, Сен Каракөз турмайлык, Мага тийет жаман сөз, “Бөлүнгөндү бөрү жейт”, Акылман айткан ушул сөз. Сен бөлүнүп Каракөз, Жем болгонуң эмеспи, Аскериң жок калдайган, Башкалардын алдында, Кем болгонуң эмеспи! Деп жемелеп Бетирке, Жедигердин Каракөз, Душман эмес досуна, Каралыгы билинип, Каада менен айткан сөз, Так мойнуна илинип. Араң турат Каракөз, Уйаттан өлүп тирилип, Бетирке айтып шаштырып, Бактыбайды бет алып, Жүрүп кетти бастырып. Топуракты асманга, Тозоң кылып чачтырып. Жерге тал деген жер келди, Жергеталдын бойунда, Бетиркенин алдында, Токсон балбан бет келди. Көрө салып Каракөз: — Мени айдап колуман, Кол куушуртуп боорума, Чыгарган токсон балбан бу, Кара күндү башыма, Салган токсон балбан бу. Аттарынын куйругун, Ачамай кылып түйүшү, Жеңишке салчу күлүктөй, Көкүлүн көккө шүйүшү, Аракети булардын, Мени издеп жүрүшү.... Каңгайлардын Бетирке, Каракөздөн кеп угуп, Каракыргыз элинен, Келген балбан деп угуп: — Жекелешип буларга, Жол узартып жүрбөйлү, Бирден чыгып кезекке. Иш узартып жүрбөйлү, Болор-болбос иш үчүн, Күн узартып жүрбөйлү, Тегеректей калалы, Былк эттирбей булардын, Колдорун байлай салалы. Бактыбайдын алдында, Башын кесип алалы. Айтышыңча Каракөз. Бактыбайдын артында. Тиреги булар чамалуу. Деп Бетирке бакырды. Беш уруктун балбанын, Калбай кел деп чакырды. Бетирке үнүн улады, Алптын баары чубады, Жете барып чогулуп, — Не жумуш деп сурады, Анда айтат Бетирке: — Бир жумуш бар силерге. Токсон балбан кыргыздан, Тобу турат анаке. Жүрөсүң бешөөң алпмын деп, Кылар жумуш мынаке. Алптан бешөөң жетип бар, Токсон балбан кыргызды, Тобун бузбай байлай сал, Баш кишиси булардын, Каракыргыз Бактыбай. Колго түшпөйт ойлоп көр, Бул токсондон айрылбай, Деп Бетирке айтканда, Манжуулардын Каман алп, Мен барамын жеке деп, Токсонду байлап албасам, Алптыгым менин бекер деп. Бура тартып шойт койуп, Чыкмак болду чекелеп. Солондордун Чынары, Мен барам деп кекенет. Шибелердин Буракүң, Мен боломун жеке деп. Кидандардын Кытан алп, Менден мурун алдыма, Бастырып кана ким чыгат? Моңгулдардын Калдан алп. Алды аркасын карабай, Мен барам деп анталап, Алптан бешөө талашып. Бирине бири кыйбастан, Намыстанып жаны ачып. Бешөөң катар бар десе. Мойнун толгоп болушпайт, Бетиркенин кебине, Кулагын салып койушпайт. Бирине бири кыйбастан. Ат койушту турбастан. Деркенбай баштап токсону, Каракөз издеп таба албай, Же кайра кетип кала албай, Калдайган калың кол көрүп, Эл өлчөөсүн мол көрүп, Эки элдин арасын Ат чабымдай жол көрүп, Кандай жүргөн кол экен, Кайдан келген эл экен, Кабарын уксак экен деп, Малдыбайды баш кылып, Барып кел деп белендеп, Ким экенин билгин деп, Камындырып жатканда, Карпаңдаган калдаңдап, Этектери далбаңдап Найзанын учу жылтылдап, Манжу, моңгул кытай деп. Шибе, солон деген үн, Ач кыйкырык бакырык, Беш киши келет маминтип, Ураанын айтып чакырып. Беш урук атын укканда, Кеткен жок кыргыз шашылып, Ажал жетсе өлдүк деп, Азап болсо көрдүк деп, Деркенбай менен Малдыбай: Жалгыз эмес Каракөз, Булар баары келген деп, Сегиз жылы камынып, Армансыз болгон бул эл, деп, Маңгыттардын хан Калдык, Ал Таласка баргандыр. Баарысынан балбансып, Кайра тартып жүрбөйлү, Булардан коркуп калгансып. Келе жаткан бешөө деп, Жиберди бешти белендеп, Кыргыздардын беш балбан, Жөнөдү катуу бакырып, Манастап ураан чакырып. Кыйгактуу найза зынкыйтып, Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Аркасында чаң калып. Каңгай жактан кылданып, Четке чыккан беш балбан, Ырас-чынын айтканда. Бендеден чыккан эң жаман- Манжуулардын Каман алп, Беттебес бенде бул жаман. Сапырылтып чаң кылып, Найзасын күүлөп колго алып, Качырып кирди кырданып, Беш кыргызды беттетпей, Сайып өттү Каман алп. Деркенбай менен Малдыбай Карап туруп арданып. Кандуу найза карманып, Манасташып бакырып, Баатырдын атын чакырып, Сексен бешиң калба деп, Келе жаткан бешөөнү, Бирин койбой байла, деп, Калдайган кара кошуунду, Калтырбастан айда деп, Карбаластап жөнөдү, Кыргыздардан сексен беш, Душмандардан беш киши, Сексен бешти беш киши, Сайып өттү чубатып, Тоңкойтуп жыкты суналтып, Тобун бузбай токсонду, Топоңдотуп кубалап, Бетиркеге алпарды: — Каракөздү какшаткан, Кармап келдик токсонду, Балбан токсон бул болсо, Карапайым кыргыздар, Тирүү бенде окшондо... Бетиркеде жооп бергинче, Жедигердин Каракөз, Жетип келди жулунуп, Туулгасы тулуйуп, Кулагы чолок мулуйуп, Кылычын сууруп кабынан, Кыйа чаап баштарын, Алайын деп барынын: — Кара кыргыз элдери, Мага алың келеби? Эл кырылып кетет, деп, Азгаштырып бул жерге, Алып келдим силерди, Жалгыз эмес Каракөз, Жанымда канча кишим бар, Адам билгис ишим бар, Аркамда жөлөк белим бар, Моңгул, манжу элим бар, Шибе, солон, кытайлар, Мага кылып кызматты, Кат жазсам келет ушулар. Маңгыт, ооган, испан бар, Тогуз хандын элибиз, Айабайбыз сени биз! Менден качып мааналап, Келбей койду Бактыбай, Калган келген эриңиз?! Деп Каракөз айтканда, Байлоодо турган Деркенбай, Алда кандай болом деп, Тилин тартып жазганбай: — Сен Каракөз Жедигер, Качантан бери эр болдуң? Ар качан келип кыргызга. Кара жерге тең болдуң! Мыкты болсоң Каракөз,
Катынча жоолук салынып, Жасандыга жалынып, Качып күнүң не болду?! Бетиркени көргөндө, Күүлөнөсүң мыктуусуп, Кеп айтасың ыктуусуп. Бетиркенин беш баатыр, Бели катуу эр экен, Баарысынан Каман алп, Кайраттуусу ал экен, Деп Деркенбай айтканда, Ого бетер арданып, Алаканга түкүрүп, Оңдоп кылыч карманып, Ороолонду Каракөз. Көрүп туруп Бетирке, Каракөзгө айтат сөз: — Кой Каракөз кебиңди, Оңдоп турчу пейлиңди, Коркпосоң качып не келдиң, Таштап койуп элиңди? Бадакшанга келгин, деп, Кабар бердиң биздерге, Болжогон жерге барбастан, Не үчүн келдиң бул жерге? Аттын башын бурбастан, Бактыбайга баралы, Он миң аскер анда экен, Биз куткарып алалы, Ишенген токсон балбанын, Көрсөтүп туруп чабалы. Карап туруп кан жутуп, Ичтен мөжүк кан кетип, Бактыбай бели сынбайбы? Деп Бетирке жүргүн деп, Жүрүп кетти беш урук. Качып жүргөн Каракөз, Аркалап калды бөлүнүп. Караганды таң кылып, Кара жолду чаң кылып, Калдайтып кара кошуунду. Айдап алып жам кылып. Келе берсин Бетирке, Муну койо туруңуз, Жалгыз эктин Бактыбай, Жайын айтып баштайын, Андан кепти угуңуз, Каракөздүн көп кошуун, Өлбөгөндөн калганы. Мыдырар жаны барлары, Айдоого түшүп чубады, Бактыбай андан сурады: — Кайдан келдиң барыңар? Каракөздүн жанында, Жакын жүргөн бирөө бар, Жашырып-жаппай жабырап, Жайын айтып баштады, Кулагы менен укканын, Көзү менен көргөнүн, Баарын айтып таштады. Угуп болуп Бактыбай, Эки күн жатты кеп кылбай, Эки күн күйдү билгизбей, Келбей койду Деркенбай, Үч күн болот дегенде, Каракөз колун кошо алып. Жүрүп кетип Бактыбай, Баса элек тоонун урчуктан, Жалгыз өзү Бактыбай, Чыга калса тумшуктан, Иш оңунан келгени. Деркембайды баш кылып, Атка таңып сарпочтоп, Бир топ аскер кез келди, Утур келип Бактыбай: — Баштыгыңар ким? — деди. Айдаган киши кырк экен, Башчысы бирөө бар экен, Койтолоң деген жан экен: — Баш кишиси - мен деди, Утур келген азамат, Булардын жайын – бил деди, Мына бу турган токсону, Каракыргыз эли экен. Жедигердин Каракөз, Карчалышып келиптир, Катылгандын катыгын Каракыргыз бериптир. Качып барып Каракөз, Биздин элге кез болду, Каман алптын кайраты, Баарысынан тез болду, Байлап алдык буларды, Буйрук кылды Бетирке, — Бактыбайга барарды. Кылыч алды Каракөз, Өлтүрөм деп буларды, Болбой койду Бетирке, Бактыбайдын алдында, Баарынын башын алам дейт, Бактыбайдын көзүнө, Бир көрүнүп жанам дейт, Андан кала бергенде, Бүт кыргызды чабам дейт. Менин атым Койтолоң, Угар болсоң кеп ошол, Койтолоңдон кеп угуп. Калмак келди деп угуп: — Кайда кетти Бетирке, Баштап жүргөн улугуң? Койтолоң айтты мындай кеп: — Арка жакта калган — деп, Бачым бара бергин, — деп, Бизди жолго салгын — деп, Колдун көбү аркада, Колбуп келет азыр, — деп. Бактыбай айтат ошондо: — Атың болсо Койтолоң, Айдап жүргөн балбанды, Байлоодогу жандарды, Мага чечип бересиң. Айтканымдай кылбасаң, Менден кордук көрөсүң, Ажалдан мурун өлөсүң! Бактыбайдын сүйлөсө, Заары болот сөзүндө, Акырайа тиктесе, Каары болот көзүндө. Айтып болуп Бактыбай, Бардап көзүн карады, Жүрөгү чыгып Койтолоң, Ат үстүнөн кулады, Тизмектеген арканын Кесип ийди Бактыбай. Байлоодогу элдерди.