← Асылбача-Бекбача

Кыргыздардын чабуулга каршы кол курашы

Кабар уккан Бекбача, Ордонун ханы Орунбай, Сөзүн айтты ага жай: — Майбулак, Жаакташ, Кеңтескей, Карабуура, чоң Чаткал, Бууракужур, Акташтан, Жергенин сары талаасын, Азыр болгон элиңе, Эл ырысы жериңе. Таласка келип талаадан, Кол салды душман дедирбе, Ак калпак кыргыз элиң бар, Таңуу болот белиңе, Мен аттанам түн бойу, Жалгызектин Бактыбай, Кабар берген жерине. Каракөз менен хан Калдык. Адам болбой өлөйүн. Боло албасам анчалык! Шибе менен солонго, Кара кытай, манжуга, Айдалып жүрүп моңгулга, Ата-баба тукум кууп, Кылып жүргөн калчалык. Ооган менен испандык, Кошулуптур чайкалып. Ажал жетсе өлбөсөм, Азабым болсо көрбөсөм, Бирине бирин кошпостон, Жигин айрып бөлбөсөм. Каракөз менен Калдыктын, Байланып башын албасам, Качып калса жылыштап. Көйкапка чейин барбасам! Жедигердин Каракөз. Чолок ээк алаң көз, Журт бузардын нак өзү, Токтобой турат кылыңдап. Байкап көрсөм ит көзү. Маңгыттардын хан Калдык, Кабагы калың өзү саз, Өңгө киши турмайлык, Бир курсактан туулган, Жатындашка сыр айтпас, Булардын жетип түбүнө. Эрдинен көзөп тешпесем, Кекиликтей мойнунан, Кедери толгоп үзбөсөм, Арбагы Манас жар болсо, Биргелешкен тогуздун, Тобун бузуп келбесем, Келгис кылып Таласка, Жолун тосуп келбесем! Бол Орунбай кат жаз — деп, Кат жазганда бат жаз — деп, Атамдан калган алтын мөөр, Айчыгын анык келтирип, Айагына бек бас — деп, Карбалас катты жаздырып, Алтындан мөөрүн бастырып, Ысыккөлдө ээлеген, Кыргыз, казак аралаш, Ирегелеш жердеген, Баш кишиси Медербек. Ага киши чаптырып, Арпанын түзү жайыкка, Беш күндө тайар болсун деп, Абдан мыктап айттырып, Алматыда ак кубак, Токсондон жашы арткан чак, Баатыры бар Курмушу, Буга киши жиберди, Таласта бар Татыбек, Башында бар касиет, Колуң менен жүр деди, Саны болсун миң деди. Кийген тону ак калат, Өзүбектин эр Мурат, Кашкардакы Турдана, Азыкта бар Алабек, Жеркендеги Малабек, Котонде бар Козубек, Лопнурда Матан ханына, Иле менен Алтайга, Шермат хан деген залына, Комул, Турпан, Манаска, Кабар кылды аларга. Калбай баары келгенге, Кабар айтпай таштады. Шаңкай, Бараң дегенге, Он төрт киши чаптырды. Айтып кабар бергенде, Кабар айтып ханына, Ошончо элдин баарына Эр Бекбача, Татыбек, Бир миң мыкты эр менен, Жер жайнаган эл менен. Желпилдеп кызыл туу менен, Жез барабан чуу менен, Коргондон чыгып аттанып, Камчы булгап Бекбача, Татыбек бар жанында, Орунбайды чакырды, Ага жана тапшырды: — Ордодо калдың Орунбай, Багып тургун Таласты, Элдин көөнүн орутпай, Жок жерден салык таппагын,

Жазыксыз камчы чаппагын, Жатсаң-копсоң ойлонуп, Элдин тузун актагын, Арбагы азыр Манастын, Чыгарбай ойдо сактагын, Карымын деп шылтоолоп, Бастырбай үйдө жатпагын. Мен кечигип каламбы, Таалайым билет Орунбай, Пайда менен залалды. Калдык менен Каракөз, Ал экөөнү албасам, Чыгышдагы беш урук, Жерине айдап салбасам, Элдин ичи тынч болсун, Унутуп, Орун калбасаң, Жазды-күздү эки убак, Ак сарайды тайыгын, Эсиңде сактап чыгарба, Эр Кененим таалимин, Жатсаң-копсоң алгансың, Унутпассың тарыхын. Жакшы болсо Таласты, Жаман болсо алашты, Эсебин сенден аламын. Кар болбосун карылар, Мас жүрбөсүн жаш балдар, Керишпесин келиндер, Урушпасын уландар, Урматтуу болсун жубандар, Кылыктуу өссүн кыз-балдар, Бузулбасын боз балдар. Жаатташып урушуп, Жаак айрышып жүрбөсүн, Эки уул энчи талашып, Мал айрышып жүрбөсүн, Куру намыс талашып, Кулжуңдашып жүрбөсүн, Сенден кантип калам деп, Мулжуңдашып жүрбөсүн. “Тоң айрыган май жейт” деп, Ынтымактуу болгула, “Дос айрылган бок жейт” деп, Ыраак качкын мындайдан. Бириңе бириң тындуусуп, Кыр көрсөтүп жүрбөгүн. Чеченсинип чекчеңдеп, Чыйрак сынып тиртеңдеп, Эптүүсүнүп ырсактап, Калпты айтып кыйшактап, Өзүнчө барып бирөөгө, Жагынам деп шыйпаңдап, Анткендерге азыр бол. Туш-тушуңдан кол салып, Душман минтип жатканда, Күн бүркөлбөй күдүңдөп, Таң атпастай бүрүлдөп, Күн калгылдап жатканда, Которулуп кубулуп, Жер калтылдап жатканда, Сага айтам Орунбай, Көп ойлонуп аз укта. Сага такоол эр эле, Татыбек кетти урушка, Тирүүлүктөн өлүм ак, Эбегейсиз жумушка. Жаш эмессиң Орунбай, Кары эмессиң Орунбай, Элүүдөн ашкан курагың Акылың толгон убагың. Деп тапшырып Бекбача, Жүрүп кетти бастырып, Кол көтөрүп дүр этип, Бата берди калың эл: — Ачык болсун жолуң шыр, Жолдошуң болсун кыдырлар. Аттандың баатыр жол болсун, Жолуңда жолборс жойлосун. Кастарын тиккен Алашка, Таманында кор болсун, Эл үчүн кылган эмгегиң, Эзелден дениң соо болсун, Ишиңди кудай оңдосун, Каз санаган душмандын Каны агып сел болсун! Бата берип баркырап, Баары журт калды чуркурап, Кадырын билген баатырдын, Кабырга сөөгү зыркырап, Бастырган бойдон көкжалын, Баатыр шердин күмбөзгө, Кирип келди чукулдап. Тобо кылып сыйынып, Томук кылып ийилип, Аксарбашыл кой арнап, Сүттөй аппак төө арнап, Арнаган малын арбакка. Алдырып келип мууздатып, Шайыктарга карматып, Камчысын салып мойнуна, Чылбырын кармап колуна, Күмбөзгө карап сыйынып, Эки колу боорунда. Көзүнүн жашын иргилтип, Бекбача ыйлап турганда, Күмбөзүнөн Манастын, Үн угулуп дуулдап, Шамал болуп шуулдап, Күркүрөп күмбөз сүрдөнүп, Кубулуп канча түрдөнүп, Түрдүү-түрдүү угулуп, Ашкере белги үн берип, Капкачан сөөгү куураган, Кумайык үнү карсылдап, Ак шумкардын доошу, Асмандан чыгып баркылдап, Доолбас үнү шаңкылдап, Элестеп көзгө көрүндү, Кызыл желек жалпылдап, Кара лөгү Манастын, Тайраң салып далпылдап, Аккуланын үнүбү, Ат кишенеп даркырап, Ай балта үнү шаңкылдап, Чокмордун үнү каңкылдап. Кылычтын үнү шыңырап. Найзанын куусу зыңырап, Куйун ойноп бурулгуп, Чыгышты карай созулду, Бастыргын деди мени, деп, Бекбача баатыр чуу койду, Кабар берип муршаптар, Жер бетине чуу болду, Ар бир түркүн кеп тарап, Ааламга бүтүн дуу болду,

Кабар уккан он төрт хан, Келе берсин ар кайдан. Жалгызектин Бактыбай, Эми андан кабар тыңдасам. Жедигерден эки миң, Бошоткон токсон балбаны, Бастырып жолго салганы, Бетиркеси баш болуп. Беш уруктун көп эли, Утур чыгып калганы, Бактыбайды көргөндө, Каракөз жаны калбады. Байрагын сайып эл токтоп, Карап турду котолоп, Кошуунун көрүп Каракөз, Сегиз миңче киши жок, Өңүнөн азды күлгө окшоп. Кел бери деп бакырды, Мурункудай коржоктоп, Бетиркенин Койтолоң, Узун мойун койколоң: — Жедигердин Каракөз, Сага айтам мен бир сөз, Аскер менен ханыңар, Турасыңар көзмө-көз, Өз элиңде Сакычак. Сен ошондон уккун сөз. Сакалы саадак кабындай, Чачы кардын агындай, Сакычак айтты момундай: — Тура турчу Каракөз, Кадимкидей айкырбай. Беш жылдан бирден айдайсың, Үйгө элди жаткызбай, Жилктүү жылкы миндирбей, Ар кайда киши жиберип, Чапкылайсың бир тынбай. Эркектин баарын кырдырдың, Элдин белин сындырдың, Тултук беттүү катындан, Бу сапар аскер жыйдырдың. Токсон киши кол салса. Туруштук кылып урушпай, Жасандыга жалынып. Араң качып кутулдуң, Жем болосуң кузгунга. Неге мынча кутурдуң?! Экинчи жүзүн көрбөйбүз, Араң сенден кутулдук. Беш катар салып салымды, Ар жылы элден жыйнасаң, Кыз төрөгөн катынды, Эркек бала туубайт деп, Аны айабай кыйнасаң. Өңү сулуу келинди, Өз эрине кыйбасаң, Сыга кармап жаканы. Сыйынабыз кудайга. Каракөз тактан куласаң! Баш кишибиз Бактыбай, Биздин көңүл болду жай, Калгандарга мааналап. Кара жанын, баккының, Бизди карап кыйкырбай! Сакычактан кеп угуп. Каракөз залым деп угуп, Сүйлөй албай Каракөз, Кекечтенип буулугуп. Уйалгандан тер басып, Каракөз турду унчукпай. Кара бойу жуурулуп, Каракөздү каркыттап, Карап турган Бетирке, Барабанын урдурду. Жез барабан кагылып, Жердин бети жаңырып, Мурун мындай көрбөгөн, Адашып эстен жаңылып, Манжулардан Каман алп, Жекеге чыкты камынып, Кара бойун упчулап, Капталынан топчулап, Минген атын камчылап, Каары катуу чочконун, Көзүнөн каны тамчылап, Үксөйүп башка чыккан чач, Өңөргөнү бадырек, Жолум үйдөй чойун баш, Аргамжыдай чубалат, Аркасында өргөн чач, Алдыңкы эрди калбайып, Үстүңкү эрди далбайып, Камандан бетер дардайып. Качырып келет бакырып, Кара жерди жапырып, Азуулары шакылдап, Ат дабырты такылдап. Турган элди бетке алып, Келе жатат жакындап, Карап турат Каракөз, Тамакайы такылдап: “Каман алп жеңсе кыргызды, Сакычакты баш кылып, Жедигердин тыңдарын, Жүрөгүн сууруп алсам — деп. Тик бооруна жарсам” — деп, Жүрөгү салып лакылдап. Борончу деген бир адам, Токсондон чыгаан ал балбан, Жооп алып элинен. Бөлүнүп чыкты элинен, Борончу менен Каман алп. Качырышып бет келди, Күүлөтүп найза сайдырбай, Борончуну Каман алп Ыргыта сайып кеткени, Каман алп башын кескенче. Салкынбай деген жеткени. Салкынбайды Каман алп. Сайып өттү сулайтып. Бара берди токсон алп, Арты-артына чубашып. Бирин бирге жеткизбей, Манжулардын Каман алп, Сайып турду кулатып. Саны кыркка жеткенде, Көңүлдөгү мыктынын Баары бүткөн кездерде. Топчу кулак кер атчан, Койуп калды Бактыбай, Найзаны ыргап колтугун, Чойуп калды Бактыбай, Каман алптын найзасын, Кагып өттү Бактыбай. Тоодой болгон чочкону, Томолотуп атынан, Сайып өттү Бактыбай. Дембелеп бирөө жеткенче, Чокмор менен чыкыйга, Койуп өттү Бактыбай. Айрандай мээсин жайнатып. Сойуп өттү Бактыбай, Манжулардын элинен, Мыктысынган эринен, Келе берди бир бирлеп, Бактыбай тирүү койобу, Өлө берди жер тиштеп. Ана мына кылганча, Ачып көздү жумганча, Айта-буйта дегенче, Кара жер тиштеп кан агып. Өлгөн Манжу элүүчө. Тоголонуп тоңкойуп, Жаткан манжу кырк тогуз, Каптап кетти Манжулар, Бактыбайга ат койуп. Адамдан арстан Бактыбай, Капаланып камыкпай. Элине айтат момундай: — Токсон балбан барсыңар, Жедигердин элине, Азыр болгун барыңар, Бактыбай кантер экен деп, Бириң кирип барбаңар, Кара ниет Каракөз, Кылгылыкты кылбасын, Эки миңче кишини, Ээ дедирбей кырбасын. Айтып койуп элине, Манастап ураан чакырып, Дөө Кошойлоп бакырып, Чеч дөбө деп акырып, Беттеп кирди Бактыбай, Кирпик ирмеп көз жумбай, Тиктеп кирди Бактыбай. Атка токтор немесин, Чиктеп кирди Бактыбай, Кененимден токсон күн, Таалим алган Бактыбай, Булгап алып найзасын, Сайып кирди Бактыбай, Ат үстүнөн кулатып, Алып кирди Бактыбай, Калың жерин аралап, Жол салганы Бактыбай, Бетке келген Манжунун, Бирин тирүү калтырбай, Өзөктөн канын агызып, Жайып кирди Бактыбай, Кылкандай болгон жигитти, Кырып кирди Бактыбай. Олпоктуусун онтотуп, Бөрү бөлгөн кой өңдүү, Ар кайсы жерге топтотуп. Он эки жерге бөлүптүр, Үрккөн койдой чокчойтуп, Эңиш жерге келгенде, Сүрдүктүрүп сулатып, Капталга кире бергенде, Бир канчадан кулатып, Томолонуп тоңкойуп, Туулга жок башында, Улардай мойнун койкойтуп. Бет келген жагы Бактыбай. Үрккөн койдой дырдыгып, Бир жакка мойну кылжыйып, Торопой тосуп манжулар, Солонго барып тыгылып, Чогула калып чоңдору: “Биз жүрбөйлү момунтип, Көрүнгөн жерде кырылып. Бадакшанга баралы, Баарыбыз калбай жыйылып”. Киши салып арага, Бактыбайга айттырып, Жүрүп кетти дүбүрөп, Токсон балбан кыргыздан. Жедигер эли сүйүнөт, Бактыбайды көргөндө- Монгул, манжу элдери, Шибе, солон дегени, Кара кытай калганы, Баатыр мындай болбойт деп, Баары жандан түңүлөт. “Качкан жоону кууба”деп, Кененим айткан акыл кеп, Арага киши салганда, Бактыбай калды макул деп. Эки күн өттү арадан, Эр Бекбача кошулду, Эркин келип талаадан. Коргондоку көп колду, Алып келди Малдыбай, Таңга жакын болгондо, Жана келди Татыбек, Буйрук берди Бекбача, Беш күн мында тургун деп, Ар тараптан кошуундар, Келип жатат дүбүрөп, Басташкан душман кайда, деп, Баатыр келди күжүлдөп, Калкы менен калдайып, Хандар келди бу жерге, Күрзүлөрүн көтөрүп, Балбан келди бу жерге, Ханды кошо башкарган, Зардал келди бу жерге, Он төрт хан эли бүт келди, Жедигер эли кошулуп, Он бешке толду эсеби, Жедигерге баш кылды, Байакы Татан дегенди. Айалдан алган аскерди, Өз үйүнө жан деди. — Күйөөгө башын байланып, Үйлүү болгон калбагын, Атан-энеңден ажырап, Башка үйгө бара элек, Кыз болсоң өзүң билгиниң. Кетсең мейли элиңе, Турсаң мейли бул жерге. Анда Татан кеп айтат: — Кыз-балдарым, — деп айтат, Каракөздүн каарынан, Күндө уруш заарынан, Эркек киши элде жок, Жетисуу деген жерде жок, Мына бу турган эки миң,

Балдарым өзүң билесиң, Булардан башка бүт элде, Жетимиш менен он бештин, Ортосунда бенде жок. Кыргызда калсаң үйүр алып, Курсагың ток кайгы жок, Калган кеңеш силерде. Мындан башка кебим жок, Кыңк эте албай кызбалдар, Кыжыл болуп турганда, Кеп баштады Бактыбай: — Татан ага не дейсиң? Эркек уул элде жок, Мында кал деп кыздарды, Бу айтканың кай кебиң, Кетпей калса бу жерде, Күң атка барып конбойбу? Кал деди деп кыздарды, Алып калса кыргыздар, Жедигердин кыздарын, Олжо кылып алды деп, Жаман атты болбойбу? Жедигер-Алаш бир уулу. Азыркысын карабай, Түпкүлүгүн ойлойлу, Кыз алар болсо кыргыздар, Жедигерге барышсын, Кудалашып алышсын, Куда болуп курчалып, Кол кармашып муңдашып, Сырдашып анан жанышсын. Антип барсын кыргыз деп, Мында калыш дурус деп, Ойлонгону калышсын, Башка жерге барбасын, Бекеринен калбасын. Таластагы борборго, Атбашыда коргонго, Ордо кызы ат койуп, Мына ошентип калышсын. Бактыбайдан кеп угуп, Бары кыз кетти чуу туруп: — Жедигерге барбайбыз, Ургаачынын эли жок, Эли тургай жери жок, Эрге чыгат бир элге, Эли болот ал жерде, Жери болот кетпеске. Ырас айтат кыздар деп, Айтканына көнүштү, Он төрт хандын ордого, Ордо кыз кылып бөлүштү. Эрлери кетти жерине, Кыздары кетти ар жерге. Кызды кийин алгандар. Ооздору батпай калышты, Олжо катын дээрге. Жедигердин эринен, Бир кишини албады, Акыл-насаат көп айтып, Татанды жолго салганы, Бадакшанды бет алып, Баары жөнөп калганы, Бактыбайды чогулуп, Баш хандыкка шайлады. Зор Кошойдун көрүнө Колдоду муну арбагы, Он төрт хан элин башкарып, Калбады мунун арманы. Муну мындай таштайлы, Баатырлардын жекме-жек Салышынан баштайлы.