← Асылбача-Бекбача 2/4

Түн жарымы мезгилде, Токсон балбан аралап, Биз киребиз тебелеп, Жедигердин кара көз, Жашы аксын себелеп, Алмадай болгон баштарын, Ат алдында тебелеп, Баатырдык кылсак жекелеп, Бизге кимдер тең келет? Шайы кетсе шалдырап, Колго түшкөн силерден, Койбой тамам баш кесет, Келип калса Бактыбай, Бизге жаман кеп жетет.” Айтып кабар таратып, Колго түшкөн элдерди, Жолго көзүн каратып, Эми качан келет,деп, Жылдызды бирден санатып, Карбаластап калганда, Эрдемсиген жедигер, Жесекчи койуп жай-жайга, Жай алып жатып калганда, Кара басып жесекчи, Катындарга алданып, Жол карабай калганда, Колго түшкөн эр- айал, Калбай жөнөп калыптыр, Ак калпак десе ак калпак, Оозунан муну алыптыр, Колго түшкөн элдердин Алды жетип келгенде, Ак калпак сөздү билгенде, Чыгара берип чет жакка, Укмуш угуп алардан, Эркек калбай келгенде, Кызылкыз көргөм келинди, Алып калды дегенде, Деркенбай карап турбады, Алты бөлүп он бештен: — Манастап ураан чакырып, Тиесиң, — деп,-ар жерден, Бүт аралап кетпегин, Жети ачык калганда, Чыгып душман кетпесин, Бириң миңден киши ал, Эркелетип биздерди, Эркин бакты кыргыздар, Арам болуп калбасын, Бекер жатып жеген нан. Жаныңды айап айарлап, Чабыттап жүрсөң мааналап, Касиеттүү Бактыбай, Мунуңарды таба алат, Алдында бизди жиберди, Алыңды билмек чамалап, Билек күчүң майданда, Беттешкенде сыналат! Жүрөк күчүң ошондо, Шум күндөрдө сыналат, Топ-топ кылып бөлүнтүп, Ажыдаардай көрүнтүп, Уктап жаткан элдердин, Умачтай көзүн ачылтып, Ак калпак деп айтпаган, Адамдын канын чачылтып, Деркенбай өтө илегер, Жедигердин жесекчи, Колго түшүп калганы, Сурап сырын айттырып, Аттарын алды алдында, Аңдоосуз киши чаптырып. Кудай бетин салбасын, Уктап жатса Жедигер, Манас деген бакырык, Алоолонуп от күйүп. Асманда эпкин жалындап, Жан алуучу баатырлар, Ат койуп кирди аралап. Качып чыкса чекелеп, Ак калпак деп айта албай, Бекер өлүм табылат. Отуз баатыр чекелеп, Чет кайтарып калыптыр, Чекчеңдеген далайдын, Кесип башын алыптыр, Деркенбай баштап алтымыш, Эл аралап калыптыр. Ай караңгы кара түн, Жедигердин башына, Болуп калды караан күн. Бирине бирин жеткирбей, Чекене басып кетирбей. Жөөлөп калган элдерди, Эдебин колго бергени, Чуркурашып-чуулашып, Амандык сурап бергени, Жасанды деген шуркуйа, Ак калпак деп тутулуп, Каракөз кетпей эсинен. Арамдык ойлоп бузулуп. Үч авазир бир желдет, Хан Каракөз бешөөнү, Алып барып беш атты, Өзү минген бир аты, Санатын кылып алты ат, Ак калпак деп айттырып, Ал бешөөнү куткарды, Четке чыгып беш бөрү, Чыгыш жакты бетке алды. Таң атып чыкты аңгыча, Эл башкарган Деркенбай, Жыйылган элдин ичинен. Каракөздү көрбөдү. Өлүп кеткен элдерден, Өлүгүн карап таппады, Тирүү жүргөн кишиден, Тиригин карап таппады, Ар тараптан из карап, Чар тарапка чапканы, Малдыбай деген бар эле. Бир акылды тапканы: — Ой, ой Деркенбай кожобуз, Тирүү болсок чогулуп, Бир дөбөдө болобуз, Өлүп калган күндөрдө, Бир чуңкурда жатабыз. Кыйалга кеткен кеп болсо. Жашырбастан айтабыз. Кимдердин аты жок экен. Атты жоктоп көрөлү, Ак калпак деп айттырып, Кетирген киши бар болсо, Таарый чаап мойнунан, Канын суудай төгөлү.

Кара жерден из таппай, Кайта келип барганда: — Чылпылдак саз, агын суу. Абайлап изин чалалы. Уйат кылат Бактыбай, Каракөздү табалы, Дешип айтып калганы, Кабыл алып Деркенбай, Жедигерди билгенден, Чакыртып келди элдерден, Түндө атты алгандан. Алып кимге бергенден, Терип-тепчип сурады, Деркембайдын ал жерде, Өткүр болду сурагы. Жедигердин келгени, Айтып жообун бергени: — Үч авазир бир желдет, Хан Каракөз жок, — деди. Ордодон ат алгандан, Татан деген бир балбан: — Билгенимди мен айтам. Тааныгандан билгенден. Колго түшкөн элдерден, Толуктап, баатыр, сурасаң, Хан Каракөз дегенге, Тепсенди болгон кандай кыз? Кызга бергис жубан деп, Кыйшактаган ким экен? Хан Каракөз сакчысы, Мен билгенмин, мен айтам, Мен эшигин кайтаргам, Жасанды деген бир катын, Сымбаты кыздан өөдө деп, Каракөзгө жараган. Каракөздүн кара атын, Мингенин көрдүм Жасанды, Жоголуп кетип бир далай, Келгенин көрдүм Жасанды, Ак калпак десең болот, деп, Айтканын уктум Жасанды. Коштоп келди беш атты, Чиркеп алып Жасанды, Ээрчитип алып чатырдан, Алып кетти Жасанды, Эркекче кийди кийимди. Катындыгын ким билди, Качып кетти Жасанды, Билгеним менин ушу деп, Айтып болду кабарды. Аңгычакты болбоду, Бактыбай келип калганы, Баштан акыр жабырап, Деркенбай кебин салганы. Акыл ойлоп Бактыбай, Ашыкпастан шашылбай: — Колума түшсө Каракөз, Койот элем мен тирүү. Маңгыт менен моңгулдун, Биринен өлөт Каракөз, Манжу, шибе, солондун, Чоңунан өлөт Каракөз, Өзү менен бир жүргөн, Курбалдаш болгон хандардын, Колунан өлөт Каракөз. Сууну бойлоп изин чал, Суу менен агып кылтылдап, Балык болуп сызгандыр. Агып жаткан дайранын, Бир жеринен чыккандыр. Бактыбайдан кеп угуп, Баары жапырт жөнөдү, Аман-эсен баары бар, Токсондон бири өлбөдү, Кеткен жагын дайранын, Изин чалып бир теңи, Келген жагын дайранын, Кедери чалып бир теңи, Агыны менен өр тартып, Ат жүрө албайт суу менен. Аккан жакка кетти, деп, Кайра тартып алышты. Жайнаган топтун ичинде, Бактыбайдын калышы, Муну койо туруңуз, Эми Каракөздөн угуңуз. — Жасанды жактың мага — деп, Мен эриңмин сага — деп, Тактасын алып Таластын, Ордун басам Манастын, Мен падыша болгондо, Сен Каныкей болосуң. Манасчалык болбосом, Мен Семетей сен Чүрөк, Жасанды, сенин ишиңе, Кан эзилет, эт жүрөк. Аз болгондо элүү жыл, Өлбөй-житпей бир жүрсөк. Каракөздөн кеп угуп, Кара жүз катын Жасанды, Сен Каныкей деп угуп, Жүрөгү кагып зырпылдап, Токтоно албай удургуп, Жасанды айтат ошондо: — Хан Каракөз кебимди ук, Байланып багым жүргөнүм, Жайсыз жерге жолугуп. Тарылгы деген бир жер бар, Аркан бойу жери бар, Аркан бойу жерине, Ат көрпөчө кийимдин, Баарын жайа салалы. Үстү менен жетелеп, Атты өткөзүп алалы. Нары жагы жандоокум, Ар канча көсөм болсо да Аттын изи табабы? Боз жон деген жери бар Андан дүрбү салабы. Түндөгү элдин ичинде Бактыбай жок чамасы Бактыбай анда бар болсо, Жашыруун уруш кылабы Эрдигин сатып Бактыбай, Мындай уруш баштасак, Хан Каракөз баш болуп, Кишиң тирүү калабы, Белгилүү бизге башынан, Бактыбайдын абалы, Кыргыз эмес кылымдан, Издеген менден табабы, Бактыбайдай баланы? Теңсинбеген башында,

Көкбөрүдөй балбандай, Калдык менен Бетирке Толук билет чамаңды, Мактап жаткан жериң жок. Билесиң толук сен дагы, Жасанды айтты акыл деп, Кайыл болуп макул деп, Аркан бойу топудан, Амал менен өтүптүр, Мына минтип Каракөз, Аман-эсен кетиптир. Боз жондо жатып Каракөз, Турнабай салып карады, Кыргыз экен тааныды, Аккан сууну бойлогон, Топ болгон токсон адамды, Кыйа тартып караса, Жайнаган кошуун келатат, Жайылган жазы талаада. Жан айабай жол жүрүп, Жакын барып акмалап, Мойун сунуп караса, Каңгайлардын Бетирке, Беш урук эли бараткан. Айра таанып Каракөз, Бадакшан өтүп кетет деп. Алдынан чыкты жол тосуп. Амандашып жол кошуп, Колун сунуп көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Амандыгын билишип, Карсылдашып күлүшүп. Токтоно албай Каракөз, Жоор жылкыдай кыйшактап, Түлкүдөн бетер шыйпактап: — Хан Бетирке кебим бар, Бери карап кулак сал, Андан келсе ачууңуз, Кытайды бузар демиң бар, Калың Кангай турганда, Эминеден кемиң бар? Ирегени бир жайган, Короодо малың бир жаткан. Жакшылык менен жамандык, Туз-даамыңды тең таткан, Шибе, солон элиң бар, Манжу, кидан белиң бар, Беш урук калбай келипсиң, Кыргызга кылым болот тар. Бадакшан кетип баратып. Жаза баскан жериң бар, Каракыргыз элимде, Бактыбай деген эри бар. Бекер кетпей кыргызды, Талап ала кетем, деп, Мен кишиге болдум зар. Нарындын Куртка сазында, Он миң кошуун жанымда, Утур келген кыргызды, Унутулгус кылдым кар, Оймоктуудан уз койбой, Бой тартып калган кыз койбой. Ак чач болгон кемпирин, Жолтоолодук жөн койбой, Бирден сулуу кучактап. Алып жаттык жөн койбой. Жесекчи койуп ал жерге. Камсыз жаткан мезгилде, Манастап ураан чакырып, Ал жерден чыгып каткырык, Карбаластап шашкалаң, Талаага чыктың шашылып, Атты айдап алыптыр, Колго түшкөн бүлөөсүн, Кошо кыргыз качырып, Кантээр айла таба албай, Жөөлөп калдык акыйып, Жанымда турган эр эмес. Акылы эрден кем эмес, Жасанды деп алганын, Аныктап көрдүм пайдасын, Өзүм минген кара атты, Ага кошуп беш атты, Алып кирди алты атты “Ак калпак деп айтсаңар, Катылбайт сага” деп айтты. Айла менен акыл таап. Бешөөбүздү куткасты, Агын суунун ичинен, Суу кылаалап жол тапты. Аркан бойу бир жерге, Көпчөк, чапан жаздырды, Үстүнөн атты бастырды, Мына минтип кыргызга, Из куудурбай жазгырды, Бозжон деген бир жерге, Алып келип жаткырды, Боз жондо бекер жатпадым. Турнабай салып карадым. Суу бойлогон элдердин. Көрүп кардым караанын, Санаты токсон жан экен, Тобун бузбай санадым, Кылчайып карап кыйырма, Өзүңдүн көрдүм караанын. Адырдан чыгып акмалап. Ашкере таанып Бетирке, Алдыңа келген убагым, Уксаң ушул абалым. Он миң кошуун көп элдин. Не болгонун билбедим, Басар жолум тар болуп, Мына минтип турамын. Бактыбайга катышып, Бар кошууңдан айрылып. Баш калкалаа жер таппай, Белиме таңуу эр таппай, Үч авазир бир желдет, Алганым бар Жасанды, Мындан башка караан жок. Бадакшанга бет бурбай. Бара турган абал жок, Кайта барып кыргызга, Катышарга чама жок,. Каңгайдан келген Бетирке, Башы катып маң болуп. Каракөздүн кебине, Мына мындай деди эле: — Сен Каракөз ханмын деп, Жүрүптүрсүң даң болуп. Арам кыйал ой менен, Бадакшан барар арада, Катышасың тынч элге, Мен катышпай түз келдим, Кара жолдун бойунда,