Тогуз хандын чабуулу
Маңгыттардын хан Калдык, Эки сапар жеңилип, Жаталбады ардыгып, Коросон, Испан элине, Киши жумшап кат жазып, Коросон, испан элдери, Барбайбыз деп айтышты, Кебин угуп алардын, Баргандар кайта тартышты, Карасаат хан Калдык, Жедигердин Каракөз, “Он эки миң кол алып, Коросон менен испанды, Катар чаап олжо алып, Кыргызга анан келели, Таласына кол салып, Коросон испан элдерин, Катар чаап алганда, Өзү келет жалбарып, Ооган кошо барганга, Кабар берип Каңгайга, Бетиркени алабыз, Алты хан эли баш кошуп, Анан Талас барабыз. Ар канча мыкты болсо да, Жалгыз калды Бекбача, Эркибизче талайбыз”. Хан Каракөз, хан Калдык, Айабаган кам кылып. Он эки миң аскерди, Алты миңден жам кылып. Жуда, жүржүт, калчаны, Колго айдап кар кылып, Шанкай менен бараңды. Талап алып аларды, Коросон көздөй жол алды, Коросонду кар кылып, Кокуйлатып чаап алды. Коркуп кетип испандык, Кошуун берди аларга, Кайыл болду оогандык, Таласка бирге барганга. Куралышып жыйналып, Баш-айагы эсеби, Элүү түмөн кол алып, Таласты көздөй жөнөдү, Жедигердин Каракөз, Акылын башка бөлгөнү, Ажал айдап шаштырып, Көргүлүктү көргөлү. — Маңгыттардын хан Калдык, Сиз аркадан келиңиз, Испан менен ооганды, Аскерлерин жам кылып,
Балбандарын шай кылып. Каңгайда жаткан Бетирке, Аларга кабар салайын, Андан ары түз жүрүп, Жетисууга барайын, Жетисууда Жедигер, Жаңылап кошуун алайын. Хан Каракөз келди деп, Кыргыздын көөнү кир болсун, Бетирке келсе кошулуп, Кан агар жерден жошулуп, Кубанчым бар көөнүм ток, Каңгайдан кабар мен угуп, Капкайда жаткан беш урук, Баш билги эрлер баш кошуп, Келет экен чоголуп, Беш урук эли чогулуп, Бетиркеге жол койуп, Манжу, шибе-эки урук, Кыдан моңгул –төрт урук, Какандыктан бир далай, Сөз бериптир кошулуп, Шибе, солон азыраак, Манжу моңгул көп эле, Какандын эли кара курт, Каптап келсе кызыл журт, Уктабастан таң атат, Ушуларды мен угуп. Жүз миңге санын толтуруп, Алакандай Таласты, Талап алып кетели, Ушул сапар кыргыздын, Мүчөлү чыгар кезеги, Деп Каракөз айтканда. Анда айтат хан Калдык: — Не жумуш болду Каракөз, Мынчалык калдың ашыгып? Кыргыз оңой жоо эмес, Нечен катар барганбыз, Канча миң аскер жам кылып, Баш көтөргөн хандарды, Эл сактоочу балбанды, Баарысын койдук сайдырып. Бекбача арзан эл эмес, Кыргыз оңой эл эмес. Оңойлук менен адамга, Оморулар бел эмес, Томтолото чабуучу, Тоголок дөбө деги эмес, Жер белгилеп алалы, Күн болжошуп алалы, Болжогон күндөн ашпастан. Болжогон жерден жазбастан, Чогулушуп калалы, Чогуу жолго салалы, Чоңу менен кичисин. Ханы менен карасын, Балбаны менен башкасын, Көбү менен эли азын, Биз билели барысын. Барсаң баргын Каракөз, Күн эсеби сегиз ай, Калдык менен Каракөз, Көөнү болуп өтө жай: “Чогулушаар жерибиз, Бадакшан болсо канетет? Кыргызга болуп жар жөлөк, Өзүбек жүрөт дердеңдеп. Алты шаар Анжыдан, Чаап алып кетели, Бүтүн койбой тебелеп. Самаркан, Ташкен,Маргалаң, Анжыдан, Кокон, Наманген, Атактуу шаарлар бул экен, Майда-барат шаарлары, Санаты далай бар экен. Түндүгүндө Нарынды, Атбашыда Бактыбай, Каракыргыз ханыны, Жып-жылма талап аларды, Түгөтөлү барыны, Жардам берер эл койбой, Жар жөлөк болор эр койбой, Жарымдатып элдерин, Жарадар кылып эрлерин, Жан-жанынан тийгенде, Колго кирген кыргыздын, Тик боорунан тилгенде, Азык-түлүк кемитпей, Берип жаткан Анжыдан, Өзүбектен ажырап. Өзү жалгыз калганда, Карды ачып элдери, Ачкалык азап тартканда, Амалсыздан алдырат, Анан бизге Бекбача, Эгер андай кылбасак, Тирек болгон өзүбек, Томолото барбасак, Басар жолун тар кылып, Баш айлантып маң кылып. Антип кыргыз албасак. Алакандай кыргызга, Азапты кантип салбасак. Жүз миңге толуп кол барып, Туш-туштан талап мал алып. Күндүзү тыным алдырбай, Түндөсү чырым алдырбай, Колунда малга ээ кылбай. Алалбайбыз кыргызды, Мына мындай иш кылбай”. Испандын туруп элинде, Кеңеш кебин бүтүрүп, Хан Каракөз жөнөдү, Ошол жерден күчөнүп. Жетисуу барып жай алып, Кем-керчи жок камданып: “Бадакшанга барганча. Атбашыда Бактыбай, Аны алганча барайын”, Ойуна алып Каракөз. Атбашы барды арсылдап, Ат дабырты тарсылдап, Ээрчиткен тайган иттерди, Үн алышып карсылдап, Мылтык атып тарсылдап, Доолбас уруп заңкылдап, Кернейдин үнү бапылдап, Кулак-мээни тундуруп, Таң калгандай шаңкылдап. Нарындын кара койундан, Каптап чыкты калкылдап. Аргымак аттар алкылдап, Асаба туулар жалпылдап, Албарс кылыч жаркылдап,
Шайбандата бастырып, Он миң киши шартылдап. Душмандыгын билгенде, Нарындагы кыргыздан Эки киши жөнөдү. Атбашыда Бактыбай, Кабар айтып чапкылап, Чалдыбарда коргондо, Кошойдон калган ордодо, Жаткан экен Бактыбай, Эч немеден кам кылбай, Алды-арты болуп ээрчишип, Эки киши келиптир, Душман келип калды, деп, Айтып кабар бериптир, Келген душман кайсы элден, Анык дайнын билбептир. Бактыбайдын ордодо, Жайы-кышы былк этпей, Багылып жаткан коргондо. Токсон балбан бар экен, Аттанып чыкса ак жолтой, Ачык жолу шар экен. Тобурчак аттан мингизип, Ок өтпөс тондон кийгизип, Тайарлап токсон балбанды, Токтотпой жолго салганы. Душманды тосо бар, деди, Ким экенин аныктап, Мага кабар сал деди. Айылдагы кишиден, Алтымыш киши атказып: — Тарагай, Аксай, Арпага, Малчыларга кабар айт, Азыр болсун малына, Ээлик болсун жаныңа, Атбашыга бастырбай, Кекенген душман ким болсо, Мен барамын алдына. Эр Бактыбай кам кылып. Эл-журтуна угузуп, Элдин көөнүн жай кылып, Топчу кулак кер атчан, Токсон балбан артынан, Жүрүп кетти бастырып. Элге азыр болсун,деп, Кашкар жакка айттырып, Азык менен аралга, Хотен,Жерген буларга, Лопнурда жаткан Матанга, Эл бийлеген хандарга. Атайлап киши чаптырып, Кабардар кылып кыргызды, Баарын тайар тургузду. “Лопнур, Хотен, Жеркенге, Азык, Арал, Кашкарга, Манжу, моңгул, шибе бар, Кара кытай солон бар, Күн чыгыш,түндүк аржакта, Ооган,испан,маңгыттар, Жедигердин Каракөз, Сегиз ай жүзү болгондо, Бадакшанда табышып, Кыргызды кылмак болуп түз, Самаркан, Ташкен, Наманген, Анжыдан, Кокон, Маргалаң- Жерден эгин алдырбай, Чабабыз деп быйыл күз, Угулуп жүргөн кеп эле, Жаздан бери ушул сөз. Кабар уктум,көрбөдүм, Кол келди деп Нарынга, Угуп жүргөн кеп үчүн, Тайар болуп тургун деп, Кабар салдым барыңа, Жашырынып сайларга, Азыр болуп малыңа, Келе жаткан ким болсо, Мыктысынып катышпа, Кабарсыз азыр бул иштен, Таласта көкжал Бекбача, Бекбачадан кеп укпай, Бекеринен катышып, Калбагыла капага, Силерге окшош бир киши, Жиберемин баатырга,” Деп айттырып Бактыбай, Кошойдон мурас калган кеп, Элдин көөнүн кылып жай, Тосо чыкты душманын, Өзү жатып жай албай. Келе берсин Бактыбай, Токсон балбан алдында, Алда эмне кеби бар, Баштык болгон аларга Деркембай деген жана бар, Ошондон кепти угуңар. Токсон балбан ат койуп, Ат койгондо шарт койуп, Тополоңдоп боз- түшүп, Аркасында чаң калып, Куртканын сазы дегенде, Кирип барды кечинде. Жедигердин кара көз, Талап алып элдерди, Ырайына карабай, Утур келген бендени, Эркек-айал дебеди, Барар жериң ошол деп, О дүйнөгө жиберди. Ким экенин билбеди, Тик боорунан тилгени, Койдой башын кескени, Коондой ичин эшкени, Бойго жеткен кыз болсо, Талпак кылып тепседи, Мөлтүрөгөн келинге, Ак чач болгон кемпирге, Билген ишти иштеди, Мындан мурун ким көргөн, Адамдан мындай иттерди?! Алоолонуп мал сойуп, Булоолонуп эт бышып, Жалындатып от жагып, Жаткан экен жан багып. Акылга тыкан Деркенбай, Жеткен жерде тил алып, Элөөсүз кабар таратып: “Эркек-айал дебестен, Четте чыккын тең качып, Утур келген кишиге, Ак калпак деген кеп айтып. Ак калпак кебиң болбосо, Элөөсүз башың кесилет, Эсиңди минтип кетирет.