← Асылбача-Бекбача

Текши тоодогу кызыл кыргын

Бекбачанын айбатын, Көрүп турган көп Таңгыт, Көзүнөн жашы төгүлдү, Санаасы сан кыйал миң, Кандай дээрин биле албай, Мойнуна алып өлүмдү, Кырк балбаны кыжырап, Кырка туруп быжырап, Таранчыдай кожурап: — Тиги турган кыргыздан, Каражан кантип кутулат? Өтүп кеткен күндөрдө, Катар кирип кыркыбыз, Катар аттан куладык, Күүсү менен баатырдын, Кыйган талдай суладык, Ошол бойдон келбесек, Билбейт эле Бекбача, Кокүн эрге ишенип, Минтип бүгүн куурадык! Кайран жанды кыйдык — деп, Кара жер болуп тындык – деп, Асыл жанды кыйдык – деп, Ажырап элден тындык — деп, Чуулдашып турушту. Ошол кезде Бекбача, Тору атты кайта бурушу, Аттын башын бурганда, Каралдысы Конушбай, Жетип келип кашына, Саламдашып кашкайып, Күлүп туруп айтканы: — Тегиз тоо мага жер болуп, Ушул элге эл болуп, Мен турганы, жолборсум, Ашып калды төрт жылдан. Уругу Таңгыт элинде, Жалгыз менмин дээр эле, Мен көргөндө бул элде, Айтса-айтпаса эр эле, Азыр өлүп ал жатты, Азыраак сабыр кылалы, Арз айтып келет эми эле. Конушбайдын кебине, Бекбача карап турабы, Барган сайын алчактап, Алдына минген бууданы, Бастырып жолго киргенде, Батак деген бар экен, Таңгыттардын элинде, Аттан түшүп бүгүлүп, Талпалактап жүгүрүп, Кан жыттанып мурдуна, Энтелеңтеп күйүгүп, Бекбачага жакындап, Жата калып жер жыттап: — Кызыл чаар жолборсум, Кырааным сизге жол болсун, Кыйа карап катышган, Эми билдим оңбосун. Кыркыбызды эсен-сак, Койо бердиң баргын, деп, Кокүн айдап биздерди, Алып келди жүргүн деп, Кошо келдик кубанып, Көкүн жеңип берет, деп,

Өлүп жатты тигине, Болбой келип дердеңдеп. Чапсаңыз мына мойнубуз, Кол куушуруп алдыңда, Боорубузда колубуз. Мына мындай кылсак деп, Бул жерде турган элдерде, Айтууга келбейт оозубуз. Кетирсеңиз жаналы, Уккан-көргөн бар ишти, Ламага айтып баралы, Арбагыңды жолборсум Жашырып кантип калалы. Өлтүрүп койсоң биздерди, Өлүптүр деп күйүнбөйт, Өксөп ыйлап барсак биз, Өлбөй аман келди деп, Кабагын ачып сүйүнбөйт. Кокүн өлдү дегенде, Мууну кетет шалдырап, Кеп кылалбай кыйлага, Тиктеп калат жалдырап, Ачууланса биздерди, Кайта айдайт калдырап, Келбей койор айла жок, Келебиз кайра жалдырап, Кокүнгө айткан кебиңди, Койбой баарын укканда, Акыл ойлоп табалса, Алдыңа киши жиберет. Кыргыздын малын жый десе, Алгандар келет жетелеп, Төлүн кошуп бер десе, Толтурат санын тотолоп. Жыйнап берсе алганын, Жибип көөнүң агарат, Башы бүтүн боору эсен, Ламабыз аман калалат. Кара таандай кол айдап, Алдыңа келсе сабалап, Өлбөй кантип тим калат? Батак айтып бар кебин, Бардап көзүн жаштады, Жамап-жалгап айтпады, Жашырбай чынын айтканы. Кеп чынынан бузулбайт, Батактан угуп бар кепти, Бекбача айтып жатканы: — Сенин атың Батакбы? Байатан айттың канчаны, Кырк миң аскер, кырк балбан, Элебеймин анчаны. Ламага айтып баргыла, Койо берди Барчаңы. Кокүн өлдү баш кишиң, Кыргыз деген кандай эл, Кенендигиң билгиниң. Элчилешсең элчиң кел, Чендешер болсоң ченчиң кел, Баатырың кел, балбан кел, Караң менен ханың кел, Ламаң баштап барың кел. Он беш күндөн калбай кел, Болжолдуу күнү келбесең, Утур келген кишиңди, Бүтүрөмүн ишиңди, Ойрон кылам шаарыңды, Суудай төгөм каныңды? Толуктап кел камынып, Сен кептенип Таңгыттар, Мен жүрбөймүн зарылып. Катышып келсең карпаңдап, Мен качпаймын балпаңдап, Канча келсең анча кел, Атам Манас болгон соң, Жалынбаймын жалпаңдап, Эми кандай болом деп, Эми коркпоймун талтаңдап. Он беш күнү күйөмүн, Аладырдын жеринде, Алдайгырдын белинде, Он беш күндө келбесең, Бар малыңды жыйнатам, Кыргызды карай айдатам, Талкан кылып шаарыңды, Андан кийин кыйратам, Таштан салган шаарыңды, Талкалаймын баарыңды, Кумдан салган шаарыңды, Кулатамын тамыңды, Кууратамын баарыңды. Келгис кылам жериңе, Өзүмчө келип катышып Тийбейт элем кишиге, Тийиштиңер тим жатпай, Оокатын кылып жан сактап, Өзүнчө жүргөн элдерге. Турбагыла, кеткиле, Ламаңарга жеткиле, Ажал алса жакадан, Айанбастан келгиле. Келе албасаң бетиме, Кыргыздан алган канча мал, Бир жылдык төлүн ээрчитип Айдап келип бергиле. Мындан кийин кыргызга, Катылышпай жүрүүгө, Убаданы кылгыла. Экинин бирин кылгын, — деп, Эр Бекбача айтты кеп. Кет дегенде турбастан, Чуу койушту дүбүрөп, Ламасына барышты, Кол куушуруп бүжүрөп. Көзүн жаштап отуруп, Батак кебин баштады, Бекбача менен Кокүндүн, Айтылып өткөн кептерин, Кокүн болбой коржоктоп, Кокус өлүп кеткенин, Кокүн өлүп калганда, Кырк миң аскер кырк балбан, Жүрөгү чыккан иштерин, Бекбачага жалынып. Өздөрү айткан кептерин, Бекбачанын аларга, Жамандык кылбай кеткин деп, Бар ишиңди жашырбай, Ламаңа айтып жеткин деп. Он беш күн кылып болжолдуу, Кыскартып айткан кескин кеп- “Катышпай кетем калкыма, Үч жылдык төлүн эсептеп, Бар малымды бергин –деп, Алтын-күмүш алган зар,

Асыл-түркүм буйумдар, Төөгө жүктөп кеткин” деп, Зир-зеберин калтырбай, Мактап айтып ашырбай, Ламадан коркуп жашырбай, Баарын Батак айтканы, Угуп болуп ламасы, Уруштан башын тартпады: — Ордодо бар он балбан, Мына бул турган кырк балбан, Жүз миңге толсун аскериң, Келген киши Бекбача, Жалгыз атчан жалгыз баш, Сандаган элим сен туруп, Көкө теңир урбайбы, Бир кишиден жазгансаң, Беш күндөн кийин жол алып, Ар нерсени мол алып, Аркаңардан мен барам, Бекбача өлбөй калабы, Ачууланып каргасам, Шыйкырым артык кишимин, Жолумда жок каргашам. Кыргызга кантип беремин, Кызыл тамдуу шаарымды? Жыландай чагып салайын, Кысталакка заарымды. Өлтүрбөй кармап алайын, Өзүнөн алып алтын-зар, Кененим чагып кетилткен, Кызыл тамды салайын, Айтканымды кылбасам, Лама болбой калайын! Койдой башын алайын, Коондой кардын жарайын, Андан кийин аттанып, Чакалык черчен, каргалык, Лопнурдагы кыргызды, Түп көтөрө чабайын, Котен, Жеркен,Кашкарды, Колго өткөзүп алайын, Кешмирдеги кыргызды, Орун бербей бийактан, Түндүккө сүрүп салайын, Амалсыз калсын кыргыздар, Айтканым акыл угуңар! Деп оолугуп ламасы, Башын силкип буркундап, Нары кетип шалактап, Бери болуп булактап, Опсуз жаман күүлөндү, Оозунан көбүк буркулдап, “Каргаса лама оңобу, Бекбача иши болобу? Катуу ооруйт Бекбача, Шашыла басып турбастан, Кармап алсак болбойбу”. Деп күжүлдөп он балбан, Жүз миңге толуп кыймыл жан, Кыжырашып жөнөдү. Уктагалы Бекбача, Так он эки күн болду, Конушбай байкап караса, Бутун солбуп койбоду, Аңгычакты болбоду, Аладырдын жерине, Алдагырдын белине, Кайкап аскер толгону, Конушбай көрүп күйүгүп, Буту үзүлүп кетчүдөй, Бекбачага жүгүрүп, Көптүгүнөн түрүнөн, Келгин селдей сүрүнөн, Аманат жандан түңүлүп, Шашканынан Конушбай, Бекбача деп айта албай: — Ой Кыргызбай, Кыргызбай, Аскер каптап сел кылды, Жер сойулган эл кылды, Күн тетири желдеди, Түнөрүп жаткан бул элге, Бенденин алы келеби? Үрүстөм Дастан болсо да, Муну киши жеңеби? Мындан кеткен кырк балбан, Ордодон ону кошулуп, Келе жатат жабылып, Элүү балбан, жүз миң кол, Таңгыт менен урушуп, Каткан экен биздин шор! Лопнурдагы кыргыз деп, Кылым жердин бетинде, Кыймыл эткен кыргызга, Тийет экен зардабы, Мындан киши калабы? Он беш күндөн бер жакка, Белде жатып алгынча, Кыргызга бербей кабарды! Чогулуп мында кел дебей, Же кетирип ийбей Матанды! Айтамын кимге абалды? Айнектей талаа ач белде, Көрмөк болдук Бекбача, Башка келген заманды! Уйку-соодо Бекбача, Конушпайдан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, “Эми өлдүктү” бек угуп, Кырданып жатып толгонуп, Көзүн ачып ойгонуп, Ат ооздугун чыгарып, От чалдырып алсам деп, Майторуну караса, Үч күн болгон Конушпай, Бош агытып койгону, Конушбайга Бекбача, Бек ыраазы болгону. Башын өөдө көтөрдү, Күрс дегенче жөтөлдү. Бекбачадан кеп угуп, Оттоп жаткан Майтору, Жетип келди бурулуп. Лама каргап чың ооруп, Жаткан экен кыргыз деп, Кайкаган калың көп кошуун, Жакын келди чубуруп, Булут болуп сийдиги, Конушбай турду куурулуп. Ордунан туруп Бекбача, Оңолуп минди тору атка. Таңгыттардын ичинде, Моңгулдан бар бир канча, Бурутту кудай урду деп, Бөлүнүп чыкты бир жакка, Урушту ойун деп билген,

Ордодо жаткан он балбан, Экөө чыкты чет жакка, “Пейлин бузуп урушка, Белин байлап келди — деп, Өз убалы өзүндө, Эми өлгөнү мейли” деп, Каарданып камыгып, Кабагы карыш салынып, Кан төгүүчү белгиси - Үстүнө кызыл жамынып, Токойдон чыккан жолборстой, Күркүрөп баатыр чамынып, Найзаны кармап ыргады, Кездемдин боосу чубалды, Кезкерген найза чунайды, Алдында минген Майтору, Шамалдан бетер чурады, Белсинип четке бөлүнгөн, Экөө катар сулады, Тоо жыгылган немедей, Тоңкойуп аттан кулады. Карап турган камданып, Беш балбаны ат койду, Жойкумасын жойкутуп, Бирөө келет каарданып, Темирден найза койкойтуп. Бирөө келет заарданып, Арта салып ийинге, Айбалтасын жаркытып, Бирөө келет кумсарып, Шылкы мойун чойун баш, Айландырып булгалап, Бирөө келет сумсайып, Өңүндө кан жок кумсарып, Беш балбан келет бөлүнүп, Түркүм саймам колунда, Жазганбаган Бекбача, Карап турат жолунда, Кыйамына келтирип, Катар бешөөн Бекбача, Бир кулатыш ойунда. Келе жаткан беш балбан, Биринен бири калбаган, Өз элинде буларды, Көк таман деп мактаган, Таңгыттардын Ламасы, Жел тийгизбей сактаган, Бири миңге жарайт деп, Эл ичинде баптаган. Жагалданган жан алгыч, Келе жатат ар жактан. Бекбача турат кылтылдап, Оң жагына булт берип, Сол жагына кылт берип, Аркасында жылт этип, Алдын карап шырп этип, Жолборсу минген Майтору, Кош кулагын жапырып, Аркасын карап кылчактап, Сымаптай болуп кылтылдап, Койондон бетер бултуңдап. Таңгыттар алып жарагын, Кандай барып сайарын, Кылыч менен маларын, Чойун башты кан этип, Таамай башка чабарын, Ойлосо да балбандар, Келатышат качырып, Табыша албай амалын, Карап туруп Бекбача, Баарынын билип абалын, Каз таман найза карманды, Беш экен деп алардан, Жалгыз баш кайдан айанды, Ачып көзүн каранды, Ордуна акыл жай алды. Эсине албайт эр неме, Пайда менен зыйанды. Кыйамына келтирип, Кыжырланып Бекбача: “Манас, Манас бабам — деп, Жардамың болсун маган” деп, Майторунун чуратып, Артынан чаңып чубалтып, Беттей сайып бешөөнү, Түшүрдү аттан кулатып. Жыгылган өөдө кобобу, Копконуна Бекбача, Өз ойуна койобу, Найзаны таштап жиберип, Ай балта кармап имерип, Башка чаап жалпайтып, Мээ жайнатып малжайтып, Ачып көздү жумгуча, Жетөөнү сойдум майданда, Тоо текедей дардайтып. Ал жетөөнүн аттарын, Бекбача койду алпарып, Конушбайга карматып, Калган үчөө ат койду, Ичи күйүп арданып. Мылтык атып жаа тартып, Салмоор менен таш уруп, Үч башка келет кубулуп. Токсон күнү Кененим, Толук өнөр үйрөткөн, Ким кетет мындан кутулуп? Чымырканат Бекбача, Алгыр куштай жутунуп. Баатыр минген Майтору, Тоо текедей түйүлүп, Арыш таштап аркардай, Албан түрдүү жүгүрүп, Артынан чаңы бөлүнүп, Аткан таңдай сөгүлүп, Жалгыз турган Бекбача, Карааны токсон көрүнүп, Кабызет кылган үч балбан, Найзанын учу тийгенде, Кабыргасы сөгүлүп, Калды каны төгүлүп, Жүз миң аскер кырк балбан, Калбай баары өмүлүп, Аткан мылтык тарткан жаа, Асманда жалын бөлүнүп, Мылтыктын үнү зүңкүлдөп, Жер айрылып сүлкүлдөп, Жебенин огу зыркырап, Үнү угулуп чыркырап, Салмоор менен урган таш, Асмандап учур дыркырап, Кынсыз кылыч жалтылдап, Найзанын учу жылтылдап, Айбалталар жаркылдап, Асаба-желек калкылдап,

Элүү миң аскер бөлүнүп, Төө тайап алыптыр. Таштар кулап күпүлдөп, Кармагын деп кыргызды, Башчылары күпүлдөп, Койон жүрөк немеси, Көчүктөрү бүлкүлдөп, Жүз миң аскер кырк балбан, Бир кишиге жабылды, Түрпөтүн көрүп булардын, Эр Бекбача камынды, Ачууланып Каракөк, Манастап салды айгайды, Айбаты басып далайды. Бузулуп өңү түрдөнүп, Ач жолборстой сүрдөнүп, Көздөн жалын от жанып, Бет келбей киши апкаарып, Айбатынан баатырдын, Тик карабай жалтанып, Айдары аттын жалындай, Аркасында жайылып, Утур келген кишиге, Бей ажал өлүм табылып, Сабын бузбай сулатып, Сапырып барат Каракөк, Кыйгай шилтеп кылычты, Кырк-элүүдөн баш алып, Кыйратып барат каракөк. Жалтылдатып балтаны, Жалпайта чаап канчаны, Колтугун керип жаа тартып, Аз болсо жүздөн бир окто, Короодо койдой жуушатып, Шылкы мойун чойун баш, Шалкылдатып булгалап, Тогуз-ондон кишилер, Чокмор менен чогулуп, Тайны калбай сөөгүнүн, Ылайдай болуп жуурулуп, Кызыл кан агып жошулуп, Агында сууга кошулуп, Бара жатып Каракөк, Тобун бузбай бир турган, Кырк балбанга жолугуп, Турган кыркы камынып, Алдес болгон немедей, Тор таштады жабылып, Ороло түштү кабылан, Отуз торго чалынып, Жойкумасын колуна, Сууруп алды камынып. Оролгону отуз тор, Атанын кокуй кордук бул! Көрө салып Конушбай, Оозуна Манас кире албай, Семетейлеп бакырып, Канкордун атын чакырып, Коркуп атта турбады, Тоголонуп кулады, Конушбай үнү чыкканда, Мойнун буруп карады: “Ээрчип жүргөн Конушбай, Өлүп кетсе кокустан, Жаман атты болом” деп, Өз ойунда санады. Аркасында аскерден, Бир канчасы ат койуп, Конушбайга чубады, Оозуна алды Бекбача, Ойрон күлүс көк жалды. Алдындагы тору атты, Согончоктоп тебинип, Отуз балбан торчуну, Тобу менен сүйрөтүп, Кара ташка тыттырып, Кабыргасын түлөтүп, Конушбайга жеткенче, Баарын кырып түгөтүп, Эндей калган темир тор, Түрө кармай калганы, Конушбайга жабылган, Жүз кишиге салганы, Анталаган жүз киши, Оролуп торго калганы. Тордун оозун түйгөнү: — Кандай кылсаң андай кыл, Конушбай ага, өзүң бил. Деп Бекбача дуу койуп, Кайта артка жанганы, Өлбөй калган кишиден, Беттеп бирөө барбады, Тымтыракай бөлүнүп, Чар тарапка тарады. Жүз кишини Конушбай, Тордолгон торго таштады, Ээсиз калган аттарды, Доолбас уруп айдады. Оттоп жүргөн бош аттан, Отуз миңди жыйганы, Көбү кыргыз аттары, Жер сагынган кайран мал, Лопнурду көздөй чубады, Чакалык барган хан Матан, Барып жата албады, Отуз балбан ээрчитип, Алдайгыр белге барганы, Ээр-токумчан көп атка, Утур чыгып калганы, Жеңген экен баатыр, деп, Жеңилген экен капыр, деп, Ойуна Матан алганы. Аңгычакты алдынан. Конушбай чыга калганы, Ханмын дебей эр Матан. Конушбайга саламды, Камынып айта калганы. Салам айтмак карыга, Кыргыздын ата мурасы, Урмат кылат карыны, Ак калпак кыргыз баласы, Башканы койуп хан Матан, Кабылан эрди сурады, Конушбай кебин салыптыр, Матан кабар алыптыр. Хан Матан менен бир барган, Катарда отуз балбандан, Онду бөлүп хан Матан, Отуз миң атты айдатып: — Лопнурга баргын сен — деди, Бир кишиге соогат деп, Бирди берип салбаңар, Кандай болот акыры, Бир балаага калбаңар, Деп тапшырып жөнөттү,

Жүргүн Конуш жүргүн деп, Көкжалдын арка жагынан, Калгандары жөнөштү, Келе берген хан Матан, Бекбачадан мен айтам. Качкан элдин артынан, Майторуну алкынтып, Кыл мурутун калкытып, Утур келген ким болсо, Тийишпесе тийбеди. Тийишип келген кишинин, Кара боорун тилгени, Калдайтып качкан жоону кууп, Алтындан кемер белин бууп, Кызыл канга кылыч жууп. Өскөн чөптөр жайкалган, Тайпаң деген жер келди, Кайнаган калың эл келди, Жакындап кирип барганда, Алдынан чыкты бир адам, Аттан түшүп бүгүлүп, Тоңкочуктап жүгүнүп: — Алдыңан келген элчимин, Атыңды айткын сен кимсиң? Келбетиңден байкасам, Бекбачабы деп турам. Качкандар келди калдырап, Сүйлөй албай балдырап, Бирин бири тиктешип, Ирмебей кирпик жалдырап, Калаадан чыккан ханыбыз, Учураштык баарыбыз, Чогулуштук жалпыбыз, Ханыбыз мени жумшады, Кара жолго сал, деди, Учурашкан кишиден, Атын сурап ал деди, Аты болсо Бекбача, Мага кабар бер деди. Кол куушуруп алдыңда, Жооп күтүп турабыз, Айтып берсең азамат, Атыңызды угабыз, Атыңыз болсо Бекбача, Айлыбызга барабыз, Ханга кабар кылабыз, Кандай кылат жарлыкты, Буйругун күтүп турабыз. Башка болсо атыңыз. Илгерилеп барабыз, Издеген киши кез болсо, Андан артка жанабыз, Карап көрсө Бекбача, Бек кыйналган киши экен, Колдорду туурук кесилип, Тамандары тешилип. — Сурасаң атым Бекбача, Алыстан келип жол тосуп, Мени издеген хан кайда? Айтып маган билдиргин. Бекбача атым дегенде, Карпалаңдап калдастап, Шашыла сүйлөп алдастап: — Карарып жаткан калың эл, Хан менен бирге келгендер, Жеке жалгыз ал эмес, Уруштан кайтып келген бар, Баш ханыбыз ламабыз, Биздин каада ушундай, Кудайыбыз жана ошол, Атын айта албайбыз. Тайпаң деген жерибиз, Өзүңүз мында келдиңиз, Айтышарсыз хан менен, Арада болсо кебиңиз, Кайра жанып кетейин, Мага уруксат бериңиз. — Келген киши кайтып бар, Көргөн билген укканың, Төкпөй-чачпай айтып бар, Кайнаган калың элиңе айт, Тирүү кудай бегиңе айт, Тайпаң болсо жериңер, Хан төгүшүп жүрбөйлү, Кыргыздан алган мал-пулду, Алдында айткан кебим бар, Бүт жандырып бериңер. Ачып көздү жумгуча, Чогулган элге барыптыр, Көргөн-билген укканын, Такыр айта салыптыр: — Эл башкарган ханыбыз, Менден угуп алыңыз, Көөдөндө турсун жаныбыз, Бекбача менен беттешпей, Бир амалын табыңыз, Болбой койсоң өзүң бил, Эрегишсең эрдемсип, Бош калгыдай шаарыңыз. Адам жеңер пенде эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулар бел эмес, Оңой-олтоң жоо эмес, Оморулар тоо эмес, Көп көргөнмүн баатырды, Мен көргөндөй деги эмес, Бекбачаны ашырып, Мактап жаткан кеп эмес. Орто бойлуу, буудай жүз, Кылкан мурут кызыл көз, Орок мурун дөң маңдай, Кең көкүрөк кууш айак, Манжасы учтуу сом билек, Темир өзөк таш жүрөк, Күүгүм туман көзү бар, Майлаган буудай жүзү бар, Булчуңдары томолок, Адамдан башка күчү бар, Ажыдаардай сүрү бар, Алп кара куш түрү бар, Ак жолборстой сыны бар. Оң далысы кең экен, Ойротто жок неме экен, Сол далысы кең экен. Сол бөйрөгү солк этсе, Солду бузар эр экен. Кең көкүрөк сом далы, Туткандын чыгат далдалы, Турушуна карасам, Бул замандын балбаны. Такта соору кең карчыт, Катышкындай ошого, Ажалы жетип кан тартып.

Кабагы бийик өңү саз, Адамдан артык түрү бар, Кандай адам катышат? Мингени тору макмал жүн, Төрт айактуу жылкыдан, Тору атта турат башка түр. Кекчил тумшук кең таңдай, Буура көкүл орокбаш. Кек маңдайлуу кебез жал, Аркар шыйрак нар туйак, Жылкыдан чыккан жез билек, Алты ай чапса арыбас, Алтымыш асый болсо да, Азуусун сөйкөп карыбас, Жети ай минсе талыбас, Жетимиш асый болсо да, Жээгин сөйкөп карыбас, Жеткилең күлүк мал турат, Жылкыдан мындай табылбас. Теке көөдөн тайган төш, Кулжа мойун жалын көз, Көмкөрүп койгон чарадай, Жарашыктуу төрт туйак, Чаткайагы колоттой, Жер согору болоттой, Кашка тиши кадоодой, Кызыл тили бүлөөдөй, Жылкыдан чыккан түр сайак, Күлүктүк сыры боорунда, Калбыр өпкө кур жүрөк, Канаты бар сыртында, Адамдан чыккан Бекбача, Жылкыдан чыккан Тору атча, Ат менен ээси келишкен, Мен көрбөдүм бул чакка. Айткан кепти укканда, Кеп айагы чыкканда, Калганга лама карабай, Көптөн кеңеш сурабай: — Кокүн эрди өлдү деп, Эдепти кыргыз берди деп, Качып келет тургандар, Билип кел деп жиберсем, Мактап келет уйалбай! Кыргыздын малы кимиңде, Бар болсо алып келгин, — деп, Кыдырып жүрөм мен кимге? Турбастан элим камдангын, Качып келген аскерди, Мактап келген элчини. Эл алдында айдагын. Бузулуп келген баарысы, Айткан кебин карагын! Жакшылап кызмат кылбаса, Бекбачанын алдында, Кылычты канга майлагын! Деп бакырып ламасы, Күнөөлүү кылып аларды, Калтырбай элди айдады, Ордодо жаткан багылып, Алтымыш балбан бар дагы, Баштап жүргүн аларды, Ламасы бар сардары. Бирге болуп ламасы, Колдоочу кудай бир жүрүп, Таңгыттын жок арманы. Качып келген аскерди, Айтып келген немени, Алдына салып айдады. Кайрат кылып Таңгыттар, Алдынан тосо барышка, Жалгыз деди Бекбача, Жылдырбай карап алышка. Ал келсе Көкжалды, Казган орго салышка, Ниетинде Ламасы: “Мен барганда Бекбача, Бир эсинен танат, — деп, Эсинен танып эндиреп, Жалдырап тиктеп калат, — деп, Карап турат жалдырап. Сүйлөй албай балдырап. Күч кубаттан ажырап. Мууну кетет шалдырап, Амалсыздан Бекбача, Эми бизге алдырат”, Өзүнчө акыл кеп ойлоп, Кетип барат калдырап. Үпчүңдөп үстүн жаптырган, Арабасын карасаң. Жөө кишиге тарттырган, Экинчи Лама болгондор, Элдин алып мал-пулун, Шок дүйнөгө тойгондор, Шодоңдошуп жөө басып, Чапан менен теспеси, Жер чийип барат чубашып. Колунда теспе жүздөнбү, Мойнундагы миң окшойт, Мунун санын ким билди? Тайпандын чети талаада. Бекбачага кез келди. Бекбачаны көргөндө, Байрагын сайып мадатты, Сапка элин санатты. Бастырбай барын токтотту, Аскерин сап-сап топтотту. Сайган байрак, сап аскер, Буларды көрүп Бекбача, Майторуну кындыйтып, Сыр найзаны шыңкыйтып, Аларга назар салганы, Аңгычакты болбоду, Матан менен Конушбай, Жыйырмасы келип калганы. Карап туруп Бекбача: — Матан менен Конушбай, Келген жумуш не? — деди. Камындырбай Матандын, Баатырга берген кептери: — Барып жаттым черченде, Басылбай жүрөк желдеди, Жатсам уйку келбеди, Отуз киши ээрчитип. Бастырганмын черчен ден, Мен силерди көргөнү. Аладырдын жеринде, Алдайгырдын белинде, Отуз миң ээрчен ат айдап. Конушбай мага кез келди. Качкан элдин артынан, Кетти деп уктум кабарды, Бир тобуна жигиттин, Айдатып ийдим аттарды, Амандыгын билсем деп,

Аркаңыздан жөнөдүм, Конушбай жолду баштады, Аман көрдүм мен сени. Мындан артык бак барбы? Айдалып жүргөн Таңгытка, Тайынсыз өлө тас калдым, Уруксат сурап турамын, Жекеге чыгар жол барбы? Өзүң карап турганда. Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Мындан кийин Таңгыттар, Катылышпай тим жүрсүн, Көрсөтөйүн өнөрүн, Көпкөндөрүн Таңгыттын, Көмө чаап жөнөйүн. Каплет уктап жатканда, Кармады Таңгыт элдери, Кийер тонум минер ат. Каруу жарак-жок болуп, Амалсыз болуп жүргөмүн. Айдалып келе жатканда, Жалынсыз отко күйгөмүн, Ак калпак кыргыз аркасы, Алтымыш уруу Алаштын, Ала-Тоодой калкасы, Хан Мамайдан тараган, Кырк жүздөн калган барчасы, Үмүт кылат өзүңдөн, Ошолордун канчасы, Өзүңүз карап турганда, Кайратым толук көөнүм ток, Карсылдашып алайын, Таталаган Таңгытты, Астын-үстүн салайын, Уруксат бер жолборсум, Мен алдында барайын, Хан Матан турду кеп уруп, Кайраты толук деп уруп, Барсаң баргын, Матан, деп, Бекбача турду жол койуп, Таңгыттан бирөө бөлүндү, Орто жерге ат койуп, Ламасынан бата алып. Чыккан балбан аттанып, Кудай карап турганда, Койбоймун деп шаттанып, Буркун, буркун, буркун, деп, Мен келдим, кыргыз, курдуң, деп, Айгай салып арсылдап, Кутурган иттей карсылдап, Күн чагылтып кылычы, Көз уйалтып жалтылдап, Бир жак жеңи желбегей, Тизесинде салпылдап, Этектери далпылдап, Он сегиз миң ааламды. Койбоочудай лакылдап, Такасы жок миңгени, Баса албай ташка тарпылдап, Жакын кирип келгенде, Баатыр Матан жөнөдү, Матан минген сары кер, Алоолонуп алкылдап, Каскаксыз найза карманган, Күн чагылып жаркылдап, Манастап Матан бакырып, Баатырдын атын чакырып, Беттеп кирди катырып, Жеткен жерде Таңгыттын, Кагып ийип найзасын, Көмө сайды эр Матан, Минтип шорун катарып, Баатыр Матан бакырып: — Келээр болсоң келгин, — деп, Келе албасаң Таңгыттар, Таазим кылып кол куушур, Бекбача сындуу эрге! — деп, Түн катып малды уурдаган, Жүз болобу сенде? — деп. Матандан угуп жаман кеп, Жана бирөө жөнөдү, Мен жекеге барам, деп. Кереги тиет кырк балбан, Ачууланып Ламасы, Айдап келген кырам деп, Атынан айтып жумшады, Бир четинен баргын деп. Бирден бирден барыптыр, Матан мыкты эр экен, Бир сайгандан чыгарбай, Он бирди сайып алыптыр, Эң алдынкы бир менен, Он эки болуп калыптыр, Күн кечкирип аңгыча, Жай-жайына жаныптыр, Эл уктаган мезгилде, Не да болсо Лахаса - Борборума барам, деп, Лама кетип калыптыр, Качып жолго салыптыр, Кеп баштады хан Матан: — Эр Бекбача мен айтам, Борбору бар булардын, Кызыл мистен салган там. Барып алса тамына, Кирип алса шаарына, Өлгөнүнө карабайт, Суудай аккан канына, Жата берет Ламасы, Кырылып баары түгөнүп, Жалгыз башы калганча, Эл кырылып кеткенче, Болжолдуу жерге жеткенче, Бүгүн түнү Ламасы, Шаарга качат мен билсем. Биз артынан жеткенче, Убаралуу иш болот, Мага уруксат бериңиз, Аттанайын эртелеп, Алдын тосуп турайын, Качып калса энтелеп, Жиберейин шаарына, Жеткирбейин тагына, Эртең менен жок болсо, Сиз түшөөрсүз артына. Бекбача анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Алдын тосо мен барсам, Аркасында сен калсаң, Айласын мунун түгөтүп, Анан убадасын албасак, Анда Матан мындай дейт: — Аркасында мен калсам, Астынан сени көргөндө, Ээ кылбастан эл мага, Индистанды чет алып, Кешмир жакты бет алып, Качып кирет тостурбай. Индистан барса киши алдайт, Пара берип эр жалдайт, Каптап келсе Индистан, Кумурскадай арбын журт, Узакка кетет бул жумуш. Аркадан сени көргөндө, Тостурбай өтсө шаарына, Кайра тартар жери жок, Тар капчыгай дарыйа. Дарыйадан кечкенде. Жолборсум барса алдына, Жолун билет Конушбай, Жолдош кылып жаныңа. — Матан, кебиң чын, — деди, Эмесе бастыр, тур – деди. Бекбачадан кеп угуп, Барсаң баргын деп угуп, Жолдош алып он киши, Жөнөп кетти бургутуп, Жоргосун жолго чулгутуп. Зантан кыйма дегенде, Лама кирип келгенде, Кыргыздын кыраан Матаны, Алдынан чыкты жол тосо, Бир күнү Матан эр сайып. Он эки балбан бир сайып, Таанылып калган Таңгытка, Таңгыттан мен деп чыкпады, Матанга беттеп барууга, Он беш балбан бирге бар, Ламасынын жанында. Камалып туруп кыйналды, Кайра тартып түз жүрүп, Кешмирге кетип калгалы. Экинчи Лама кеңешти, Минтип айта салганы, Лама анда кеп айтат: — Биз Тайпанга барганча, Таң атып кетет, — деп айтат. Бекбача келбей калыптыр, Өткөрөбү биздерди? Кешмирге жетип болгончо, Тоонун бойу бүт кыргыз, Чекесинен кеп угуп, Лама качты деп угуп, Калбай келет чогулуп, Жер жарылган чуу болуп, Кан төгүлөт суу болуп, Жаман атты болобуз, Калың элге дуу болуп. Саатыбыз тийип Кешмирге, Сүткө тийген күчүктөй, Тик багалбай калбайлы, Арылбаган чуу болуп. Таң агарып атканда, Бир Матанга тостурбай, Тепсетип өтүп кетели, Аламандап чуу койуп. Айтканын кабыл алыптыр, Таңды карап калыптыр, Таң атканда Бекбача, Аркадан жолго салыптыр. Таң агарып атканда, Он беш балбан ороктоп, Найзалары короктоп, Башаламан ат койду, Мойундары кодоктоп. Он кишисин Матандын, Ондото кармап алыптыр, Он жолдоштон айрылып, Ачууланып хан Матан, Сарыкерди чууратып, Аркадан чаңын чубалтып, Аралап Матан өткөндө, Бешөөнү сайды сулатып. Аңгычакты болбоду, Кара саат Ламасы, Камчыны булгап койгону. Кара курттай көп аскер, Каптап кетти сабалап, Жалгыз башы Матандын, Көпчүлүктү аралап, Сарыкер аты шаңданып, Чанданын сайын чаңдантып, Дөбөдөй нечен Таңгытты, Жол бойуна дардайтып, Этек-жеңин жайылтып, Аттан чыгып далдайтып, Тоңкочуктап канчасы, Мурундарын барбайтып, Жыгылып-кооп жаткан бар, Колу-бутун арбайтып. Кокуйлатып канчасын, Томолотуп анчасын, Куткарып бирөөн кетирбей, Топтоп турган барчасын, Тумтак күнүн түгөтүп. Кетиргенде айласын, Матан жалгыз таңгыт көп, Кара бойу дал болуп, Найза сайар ал калбай, Эки колу шал болуп, Эми айласын таба албай, Эси ооп шай болуп, Эндиреп турган кезинде, Матанды байлап алганы, Таңгыттардын бир тобу, Бара жаткан мезгилде, Бекбача чыгып таңданып, Карап турган кезенде, Көрүп туруп абалды, Байлатып ийсем бекер деп, Арабыз артуу топ белес, Мен жеткенче Матанды, Башын кесип кетер,деп, Алдында көргөн адырдын, Барар жолун белгилеп, Жагалмайдай тору атты, Көз тайгылта сыздырып, Алты белес беш кокту, Арада калып канча жер, Бекбача жетти сурданып. Матанды байлап алыптыр, Атына мыктап таңыптыр, Ламасына соога деп, Алып жөнөп калыптыр. Көмүскөдөн Бекбача, Көкжалың жете барыптыр, Жолборстун көрүп түрпөтүн, Көпчүлүк эстен таныптыр, Жеткен жерде Таңгыттан,

Далайдын жанын алыптыр, Байлоодон Матан бошонуп, Табына келген шумкардай, Жылмайа түштү боштонуп, Тартынбаган эр экен, Ламанын турган тобуна, Киргиси бар ат койуп. Билип калып Бекбача, Барбагын деп токтотуп: — Матан менен Конушбай, Тамаша көр көөнүң жай, Камсыз болгун кайгырбай, Бекбачадай уулуң бар. Айкөл атаң Манастын, Арбагына сыйынам, Мына бу турган Таңгытты, Шаарына айдап барбасам, Бекер калат айтылбай, Бекбача деген даңазам. Айтып болуп Бекбача, Манастап баатыр бакырып, Бар кайратын ашырып, Аралап кирди Таңгытты, Бир четинен жапырып. Бирлигин алып эсине, Каны катып каңалтыр, Чапкан кылыч мизине, Көргөндүн баары таңданып, Бекбачанын ишине, Жан-жанына каранып, Жалпы жайык жан алып, Аралап кирген жерине, Арасын ачып жол салып, Тобун бузуп кол салып, Торопойун тостуруп, Топуракты боз кылып, Тобун бузуп түз кылып, Топтоп келген Таңгыттын, Өз башына күч кылып, Туура кармап найзаны, Карысынан кан кечип, Как балтырдан жин кечип, Учурап калган немесин, Бүткүл кырып түгөттү, Барган сайын Таңгыттар, Өлбөгөндөй күчөштү. Ойуна алды Бекбача: “Карапайым Букара, Буларда жок эч жазык, Күндөн-күнгө көбөйтүп, Мен жүрбөйүн кан чачып. Байрагын басып чыгайын, Ламасын кармап тынайын, Ачык сырын билейин, Таңгыттардын абалын”. Байрагын тиктеп омсоңдоп, Кара бойго күч топтоп, Кара болот жойкума, Тартып алды кабынан, Кармап алды санынан, Караган киши таң калар, Мизинен чыккан жалындан, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Жаралуу болуп токойдон, Чыккан жолборс түстөнүп, Кабагына кар тоңуп, Мурутуна муз тоңуп, Ызгаары чилде кыш болуп, Мындан мурун адамзат, Көрбөгөн сонун иш болуп, Манастап баатыр бакырып, Айкөлдүн атын чакырып, Үнүн уккан балбандар, Акылынан жаңылып, Анча-мынча кишилер, Ат үстүндө токтобой, Томолонуп жыгылып, Карга башы тыгылып, Ат басалбай калтырап, Таштар кулап калдырап, Муздар көчүп шалдырап, Жер айрылып ачылып, Жетимиш миң киши экен, Эстен танып шашылып, Жан жагына карашып, Үңкүргө кирип жашынып, Аманат жандан түңүлүп, Корккон элдин көзүнө, Асмандагы күн күйүп, Кар агарбай карарып, Жер көрүнбөй күдүңдөп, Ак кара айра таанылбай, Күлгүн тартып бүрүлдөп, Жер козголуп жайкалып, Тоо токтобой чайпалып, Кар көчкүлөр күрүлдөп. Калтылдап жер дүрүлдөп, Аттуу турган, жөө турган, Багалектен тамчылап, Сийдиги агып бүркүрөп, Аралап келет Бекбача, Мас болгон нардай күркүрөп. Кармагын деп күпүлдөп, Кайрат берип күпүлдөп, Ак көбүк чачып оозунан, Антип жаткан молдосу, Баса албай турду бүжүрөп. Бастырып жетип Бекбача, Байрагын жулуп ыргытты, Адырайган Ламасын, Коштоп алып жөнөдү, Камчылап атын зыргытып. Ошондо ыйлап Ламасы, Мурутун булкуп ыргытып, Сакалын жулкуп ыргытып, Мурдунан суусу булактай, Жамгырдай жашы төгүлүп, Алдындагы Бекбача, Ал Ламанын көзүнө, Азирейил көрүнүп, Акырет алып кетчүдөй, Булкулдатып жөнөдү, Чылбырдан алып сүйрөтүп, Жулкулдатып жөнөдү. Жердин бети аппак кар, Ламага заман болду тар, Дыркыратып Бекбача, Ламаны алып коштоого, Кылчайып карап ошондо: — Алың кандай күч кандай? Баатыр кандай эр кандай? Баткактай болуп жуурулган, Кыргында аккан кан кандай? Жайыттан элдин малдарын,

Айдатып Алыш ал кандай? Лопнурдагы кыргызды, Үч жылы катар талапсың, Кызыл канын агызып, Кылычтын канын жалапсың, Кулдантыпсың уланын, Көң кылыпсың жубанын, Сен кылгандай мен кылып, Тегиз тоодой элиңди, Талап алып тынайын, Талкалайын шаарыңды, Кетирейин арыңды, Кескилетип өлтүрүп, Кем кылайын жаныңды, Дорболотуп качырга, Жүктөтөйүн зарыңды, Жыпжылма-түптүз талкалап, Кызыл мистен тамыңды, Жагымдуу үнү сайраса, Куш сонунун алайын, Чыраксыз түндө жарыган, Таш сонунун алайын, Алтындан куйуп катырган, Кишиңди койбой алайын, Отуз эки оозуңда, Тишиңди койбой алайын, Кыргыздан алган олжолоп, Малды койбой алайын, Сай-салаага тараткан, Жанды койбой алайын! Кыздарыңды ар кайда, Таратайын олжого, Таш тердирип койоун, Эркегиңди жол-жолго, Сан миңдеген кулдарың, Жанын кылып садага! Эми көрүп турайын, Ажыратып алайын, Жай жаткан элге кол салып, Кадыксыз жерге жол салып, Карандай талап олжолоп, Кай жерде бар бул заңгыт?! Капаланып Бекбача, Далайды айтып салыптыр. Ламанын көзү жалдырап, Кеп кыла албай жалдырап, Шорпо ичкендей тер агып, Беттеринен балбырап. Авазирлер далбаңдап, Этектери далбаңдап, Саадагын илип мойнуна, Жүгү оогон уйдай салбырап, Өңүрлөрүн тарта албай, Төө жабуудай далбырап, Жыгылып кооп темтеңдеп, Жетип келди алдырап: — Касиеттүү Бекбача, Кебибиз бар бир канча. Чылбырдан алып Ламаны, Чыңыртып сүйрөп алыңыз, Бүгүндөн баштап сиздики, Бүткүл Таңгыт болгондун, Малыбыз тургай жаныбыз, Көпчүлүктүн тилегин, Баатыр, кабыл алыңыз. Башта таажы багыбыз, Баашалык минген тагыбыз, Баардыгын, Баатыр алыңыз! Бейбаштык кылып кыргызга, Барып бүлүк салганда, Баарысы өлдү колуңдан, Баатырсынып балбансып, Баргандар тосуп жолуңдан, Канча жылдык кыргыздын, Малына төлүн кошуп ал, Өлгөндөрдүн кунун ал, Жараса сага Бекбача, Уругу Таңгыт болгондун, Уулу менен кызын ал. Жарабаса уул-кыз, Жайылып жаткан малды ал, Тирүү келген бул жерге, Эр-айалды эсепке ал, Баарын койбой такыр ал. Алтын алгын зар алгын, Асыл буйум дагы алгын, Катылышпай жүрүүгө, Убада сөздү жана алгын, Бирде кегиң калбасын, Лопнурдун жери тар десең, Алдайгырды жайлагын, Ал адырдын тарабын, Жерди кошуп сен алгын. Аа болбосоң Бекбача, Кылычты канга жубарсың, Таңгыттын элин кырасың, Бийагы Кытай, Каканга, Алды Индистан буларга, Талатып ийип тынарсың, Сапырылып биздин эл, Шаар аралап кетебиз, Ушунча эл бузулса, Убара болор Бекбача? Сени жалгыз биз көп деп, Ойлонгонбуз башында, Ойубуздай болбоду, Убайлуу заман күн болду, Асмандакы жарык күн, Бүгүн кара түн болду! Деп божурап авазир, Муңун айтып турду эле, Ламанын көзү алактап, Эси чыгып далактап, Турган кезде так ошол, Конушбай менен хан Матан, Кирип келди шалактап, Матан менен Конушбай Бекбача айтат момундай: — Ламаны сойуп хан алып, Лахаса тартып шаар алып, Текши тоолуу жер алып, Самсыган Таңгыт эл алып, Уулун жумшап кулданып, Кызын жумшап күңдөнүп, Жүрөсүңбү хан Матан? Же болбосо кыргыздын, Эсебин алып эл санап, Жалган айтпай мал санап, Үч жылы талап алыптыр, Үч жылкысын үч санап, Төлү менен малыңды, Талап алган Таңгыттар, Алтын-күмүш зарыңды, Асыл буйум буулумду, Канча жылдык тулуңду,

Жоголуп кеткен буйумду, Кулданып алган эр акын, Олжолоп алган кыздарын - Баарын алып лопнурлук, Аладыр алып кыштакка, Алдайгыр алып жайлакка, Тынасыңбы Лопнурлук? Кандай кылсаң андай кыл, Баш алсаң Лама колуңда, Шаар алсаң турат жолунда, Мал алсаң жайыт бооруңда, Токтоно албай Конушбай, Анда айтат момундай: — Жолуң ачык жолборсум, Кырк чилтен болсун жолдошуң, Айкөл төрө Манастын, Арбагы сени колдосун, Кыйа карап кыңшыган, Эгерим эки болбосун, Кимисине чыдарын, Таңгыт өзү ойлосун. Шаары жок киши эмеспиз, Кире, Нире шаарлары, Лопнур, Черчен бар дагы. Чакалык, Котен, Каргалык, Баарысы кыргыз калкыбыз, Шаарын алып нетебиз, Алдайгыр менен Аладыр, Жерин ала кетебиз, Өзү билип мал берсин, Талап алып биздерди, Түз кылды кыргыз дебесин, Бирине бири кылбасын, Биз кеткен соң жемесин, Колго түшкөн эрлерди, Эркек-айал дегенди, Өзү билип узатсын, Он күндүк болжол берени. Билген айтты Конушбай, Конушбайдын кеби деп, Мал алыш келди эби, деп, Жагалданып хан Матан: — Падышабыз төрөбүз, Таңгыттар минип турганын, Бекбача сизден көрөбүз. Шаары менен курусун, Кызы менен уулун да, Күңү менен кулун да, Биз албайлы бирин да. Өлгөндөргө кун алып, Көзү жокко пул алып, Киришибиз чыкканча, Кампайта биз мал алып, Кетели деген ой менде. Конушбай менен Матандын, Кебин угуп Бекбача, Ичинде бир аз ойлоду, Кыйа карап алдыртан, Ламаны тиктеп койгону, Тогуздап Лама жүгүнүп, Чырпыктай бели бүгүлүп, Эми сойот экен, деп, Кайран жандан түңүлүп, Ламасы айтат ошондо: — Ала Тоодой аркаңды, Кара Тоодой калкаңды, Тийгизип кет Бекбача, Төрө баатыр Манастын, Анык уулу экенсиң, Билгисип кет Бекбача, Бүткүл Таңгыт калкына, Султан кылып аркаңды, Тийгизип кет Бекбача, Санаабызды жай кылып, Тындырып кет Бекбача, Алтын канча мал канча, Айабаймын барынча. Сулуудан тандап кыз алгын, Жез оймоктон уз алгын, Канаттуудан куш алгын, Аргымак тандап ат алгын, Айры өркөчтөн төө алгын, Лахасаны жана алгын, Байламталуу сөз алгын, Аз албагын көп алгын, Кирсиз көөнүң агарсын, Он күндүк бер каралды, Тайарлайын кемитпей, Колумдан келген амалды. — Айтканымды кылгының, Атын айтып жүрбөймүн, Берүчүңдү жыйгының, Авазириң бүтүрсүн, Өзүң мында тургунуң. Деп Бекбача айтканы, Калың журт тарап кайтканы. Он күндөн бир күн ашырбай, Айдап келди Таңгыттар, Кыргыздан алган малдарын, Олжолоп кеткен кыздарын, Кулданып кеткен уулдарын, Төөлөрүнө артышып, Алтын-күмүш зарларын, Калтырбай алып келиптир, Асыл буйум барларын, Жаргылчак куйрук кой келди, Аз келбеди, мол келди, Аргымак келди ат келди, Айалдабай бат келди, Коркулдап топоз ал келди. Матандан сурап Бекбача, Малдын санын алыптыр. Колго түшүп өлгөнүн, Элдин санын алыптыр, Келген мал-пул караса, Кыргыздан кеткен мал-пулдан, Көп ашөпкө барыптыр. Кыздын саны миң экен, Кулдун саны миң экен, Алтын артып жетелеп, Келген пили бир экен. Көрүп туруп Бекбача: — Алдайгыр менен Аладыр- Жерге катын жаз, — деди, Ламаны мөөрүң бас, деди, Миң кул менен миң күңдү, Малды айдап бас деди. Алтын, күмүш зар менен, Азар-түмөн мал менен, Катарлаган төө менен, Топоз менен кой менен, Алоолонгон ат менен, Жерге алган кап менен, Лопнурду көздөй жөнөдү, Эр Бекбача салт менен,

Чиндил деген жер келди. Эңиш тарткан бел келди, Ошол жерге келгенде, Конушбайдан Бекбача: — Канчалык калдык жериңе, Лопнурдакы элиңе? Дегенди сурай калды эле, Конушбай айтат ошондо: — Тээ алыстан көрүнгөн, Жайылып жаткан жалтырак, Лопнурдун көлү эмеспи, Ушул турган белибиз, Алдайгырга ашуучу, Чиндилдин бели эмеспи? Эңиш тартып киргенде, Кайра качар жери жок, Бир өзөндүн ичи бул. Бура карап Бекбача: — Бер кел, — деди Матанды, Кеңешкор кылып, жаныңа ал Конушбайдай агаңды. Бирин койбой кетиргин, Таңгыттан келген адамды, Таңгыт менен жакын жүр, Мындай кылып амалды. Таңгыттар эми келалбайт, Келип колун сала албайт, Миң уулу менен миң кызы, Кайта элине барганда, Көңүлүндө кир калбайт. Бекбачанын кеби деп, Бизге акыл эми деп, Келгендердин ат-тонун, Өзүнө берип бүт баарын: — Кереги жок кишинин, Кыргыздын алдым өз малын, Мында турбай телмирип, Үй-үйүңө кет барың. Таңгыттын элин кетирип, Малды айдап жеткирип, Ак калпак кыргыз элинин, Ат жетер жерин калтырбай, Аксакалын келтирип, Алып келген малдарды, Мурунку кеткен малынын, Азы-көбүн эске алып, Таратып элге бердирип, Аш-тамагын жегени, Бүлдүргөчө бир нерсе, Олжо буйла дебеди, Жүрүп кетти Бекбача, Эл аралап желдирип, Котен жеркен-буларды. Баарын көрүп алардын, Абыдан көрүп аралап, Азык менен аралды, Кашкар менен жол жүрүп, Ак калпак кыргыз эл көрүп, Чеч төбө келип бел ашып, Бактыбай менен көрүшүп, Эсен-соосун билишип, Таласка кетти Бекбача, Карсылдашып күлүшүп. Муну мындай таштайлы, Тогуз хандын кыргызга, Чабуулунан баштайлы.