← Асылбача-Бекбача

Бекбачанын Лопнурдук элдин кеги үчүн Таңгытка жортуусу

Жедигер, маңгыт эл качып, Үч күндүк жерге кеткенде, Кызылкыз койду күндү ачып. “Качкан жоону кууба, деп, Кененим айтты эле, деп, Айткан эле талыкпас, Катышып келсе да бир күн, Майторуң бар чалыкпас. Бөлүнүп калган болбосун, Бөөдө калба салбасын, Байкайын — деп, -эл четин”. Бекбача карап жол-жолду, Бекемдеп тиктеп жон-жонду, Арытып жерди келе атса, Бир топ караан көрүндү, Суусамырдын сыртында, Мындан кабар алам деп, Бекбача кетип бара атса,

Отузча киши кез болду, Караанын көрүп капташып, Аты айбандын чоңу деп, Өзү адамдын зору деп, Бекбачаны макташып, Учураша бет келди. Отузча киши дүркүрөп, Жалпы салам бергени, Алик алып Бекбача: — Жүрүпсүңөр жол болсун, Келдиңер кайдан? — дегени. Узун бойлуу, чап жаактуу, Кеби ширин бал таттуу, Үңкүр кабак, дүм далы, Бекбачага муну айтты: — Ар жагы шор, жаткан кум, Түндүгү азык аралда, Жазгы-күзгү – эки убак, Лопнур көлдүн бойунда, Жаткан кыргыз эли элек. Арстан Манас барында, Хан Карача дээр элек. Баатыр чыгып кыз Сайкал, Залдарды бизге тийгизбей, Эл сактаган кыз Сайкал, Кыз да мындай болбойт деп, Эл мактаган Кыз Сайкал, Аттын изин салдырбай, Жер сактаган Кыз Сайкал. Семетейдин т ушунда, Жоодарга болдук айылдаш, Бирге жүрдүк караандаш, Жакшы-жаман күндөрдө, Чогуу болдук аралаш, Кереге жайып үй тиктик, Бир жылгага чамалаш. Кененимдин кезинде, Айылдан алыс барбадык, Катардан түшүп калбадык. Калмак, тажик биригип, Каз чыкканда кыргызга, Кененим эрди сайганда. Кангайлыктын аттары, Сай-сайда оттоп калганда. Олжодон куру калбадык, Кененим кетти дегени, Айлабыс таппай сандалдык, Ар жактагы таңгыттан, Тынч жатып уктай албадык. Эки катар кол салды, Аз албады, мол алды, Миңге жакын мал алды, Бойго жеткен эки кыз, Киши эсеби жыйырма беш, Алып кетти таңгыттар. Аркасынан биз бардык, Баатыры бар эл экен, Жекеге чыга албадык, Тиктеп туруп жалдырап, Томсоруп кайра келгенбиз, Жай алып калаар бекен деп, Жамбаштап жатып калганбыз. Үчүнчү катар кол салды, Үйрү менен жылкы алды, Короосу менен кой алды, Айылы менен эл алды, Утур келбей таңгытка, Буруудагы эл калды. Хотен, Жеркен, Кашкарда, Тайанар такоол калбаптыр, Абал айтып барганга. Арал азык тектир суу. Буларда белдүү киши жок, Такыр талап кетсе да, Биз менен элдин иши жок. Ушул бүгүн Лопнурда, Боору бүтүн киши жок. Боз уландан жаш кетти, Бойго жеткен кыз кетти, Кызыл ээк чал кетти, Кызыл муштум ал кетти; Карача каймал төө кетти, Канатуу тулпар ат кетти, Кастарлуу нечен бай кетти, Ат мине албай жөө кетти; Мына минтип таңгыттар, Бүт айланы түгөттү. Төрө Манас Айкөлдүн, Артында уулу Бекбача, Айтканы келдик бу кепти. Арстан бала Бекбача, Ачыныштуу кеп угуп, Лопнурдагы кыргызды, Таңгыт чапты деп угуп: “Жедигер, маңгыт элдери, Жерине кеткен самсалап, Беш жылгача ошолор, Кылчайып артын карабас”. Аңгычакты таңгытка, Барып келем алтын баш, Мен Бекбача деп койсом, Ээрчип булар бастырбас”. Пейлине кетти баатырын, Кайра аркага бурулбас: — Алыстан келген элсиңер, Коргондо калды Бекбача, Издеп келген кишиңер, Мен кайгуулчу билиңер, Мен беремин бир белги, Коргонго барып кириңер, Ордонун ханы Орунбай, Бул белгини бериңер, Белсиз барсаң коргонго, Тосуп коет киргизбей. Колун салып кисеге, Он эки кырдуу ок берди: — Айалдабай бар — деди, Азыр эле аркадан, Жете барам мен, — деди, Арызга келген кишилер. Окту катып кончуна. Коргонго кетип бара атып, Түрдүү иш түшөт ойуна, Ойлогонун айтышат, Окту алып колуна: — Кароолчусу ок берди, Он эки кыры бар экен. Өлүм белги бекендир? Он эки жерден жол тосуп, Бекбачага баруучу, Же көрүм белги бекендир? Он эки кабат жип асып, Дарга тартчу белгиби, Же кароолчунун бергени? Кароолчу арзан киши эмес,

Айтор, сырын ким билет? Ат арыктап жал калбай, Айак серпер ал калбай, Алыстан келдик жер самап, Арыз айткалы Таласка, Бекбачадай эр самап. Талоонго кетип таңгытка, Талаада өлүп жаткынча, Өлтүрүп ийсе Бекбача, Ойрон Манас төрөнүнү, Оң жагында жаталы, Оң жагында жатпасак, Сол жагында жаталы, Сол жагында жатпасак, Кандай болсо Кеңколдун, Бир жерине жаталы, Көрбөгөн жер бул Талас, Бачымдата бастырып, Биз коргонго баралы, Кужулдашып кужурап, Коргонго барды чукулдап, Дарбазанын алдында, Орунбай калды учурап. Көптү көргөн Орунбай, Көзү көрдү буларды. Жалайак ооз, кир кабак, Жалпы баары кара сур, Кереге сакал диң мурут, Орок мурун дөң маңдай, Кайдан келген элдер деп, Бул ордого тайманбай? — Баатырлар кайдан келдиңер? Ат мойнунан жуурулуп, Ылайланып териңер, Кирпикке топо тер катып, Мурутуңар бубактап, Ашыгып жүргөн кейпиңер, Карбаластап жүргөнүң, Карашыңдан билинет. Деп айтканда Орунбай, Бекбачага кеп айткан, Орунбайга муну айтты: — Алыстан келген кишибиз, Таластагы Бекбача, Ал айткалы келгенбиз. Карбалас келдик ыраактан, Бир караштан билдиңиз, Журт башкарып эл билген, Ошондой турат пейлиңиз. Опсолоң эмес орундуу, Ооздон чыккан кебибиз, Ордонун ханы Орунбай, Дайынын айтып бериңиз, Кароолчу берген биздерге, Колубузда белгибиз, Орунбай менен көрүшсөк, Ошондо чыгат кебибиз. Уга салып Орунбай: — Белгини алып келиңиз, Ал белгини көрбөсө, Киргизбейт биздин бегибиз. Орунбайдан кеп угуп, Окту алды колуна, Көзү түшүп Орунбай, Бекбача тарткан жебенин, Белгилүү бедер огуна: — Жүргүлө, жүр — деди, Мен Орунбай билгиле, Бекбачанын так өзү, Окту берген силерге, Ичиңерге калтырбай, Айтыпсыңар кептерди. Мени менен тең басып, Жүрө албайт деп силерди, Огун берип силерге. Мага бар деп жиберди, Деп Орунбай түшүнттү, Бир сарайга түшүрдү, Жыйырма тогуз киши экен, Беш кишиге күттүрдү. Алты күн өрүүн алдырды, Айабай сыйга кандырды, Эминеге келгенин, Абыдан кебин салдырды. Бир тогуздан тон берип, Бирден бедөө ат берип, Азык-түлүк бышыртып, Ак куржунга бекитип, Баары дайар болгондо, Бирден бирден карматып, Орунбай турду муну айтып: — Сиздерге белги ок берген, Бекбачанын нак өзү, Он эки күн өргүт деп, Октон айткан ма сөзү, Алты күнү коргондо, Ат өргүтүп жаттыңар, Алты күнү айанбай, Эл аралап басыңар, Айкөл шердин күмбөзгө, Куран окуп кайтыңар, Эмне көрүп-билсеңер, Эл журтуңа айтыңар, Орунбайдан кеп угуп, Оголе жакшы болот деп, Орунбай берди бирден ат. Үстүнө эрдин токутуп, Ээрчитип берип бир эрге. Алып бар деп Төрткөлгө, Төрткөл, Баркөл жерине, Үч Кошойдон керүүгө, Аралатып үч күнү, Алып барды Күмбөзгө. Орунбай айтып кабарды, Эл чогулган болуучу, Ошол күнү кетпестен, Ак күмбөзгө конушту, Күмбөзгө сойгон канча мал, Санын кантип айта алам, Бата кылып жанында, Бычак кармап турбасам. Суудай чалкып май агып, Касиеттүү нечен бай, Чаначтай болуп чардайып, Он эки ором элечек, Оң чекеде кыйшайып, Олтурат кемпир чалкайып, Башында кундуз тебетей, Кыздар басып суйкайып, Жоодурап көздөн шам жарып, Келиндер турат суйсалып. Мырзалар басып керилип, Кеп айтаардан эринип, Күрзүлөрүн көтөрүп, Балбан турат дардайып,

Карап туруп Лопнурдук, Кайран эрге таң калып: — Атактуу Кеңкол чоң Талас. Жер соорусу турбайбы, Таластагы көп кыргыз, Эл сырттаны турбайбы. Кыйа карап каш серпсе, Кыраан Манас көлжалдын, Арбагы урат турбайбы. Тааныбаппыз Бекбача, Кат бербеди ок берди. Ордонун ханы Орунбай, Он эки күн жат деди, Алты күн өрүүн алдырды. Ээрчитип жүрүп үч күнү, Күл бакчасын көрсөттү. Баары журтун чогултуп, Баатырга бата кылдырды, Кылымда болбойт мындай иш, Бул кыргыздын кылыгы. Кетээр күнү Орунбай: — Кечээ минген бирден ат, Минишиңе алыңар. Бир тогуздан сарпай тон, Кийишиңе алыңар, Эби келсе кетпеңер, Бул жерде туруп калыңар, Катын-бала үй десең, Өз жайыңа жаныңар. Бекбача болсо төрөбүз, Эминеден камың бар? Турбай кетип калсаңар, Силер үйгө баргыча, Келип калат малыңар. Орунбайдан кеп угуп, Жолго түштү бурулуп, Соогага берген аттары, Чабына батпай суурулуп, Сарпайды кийип алышып, Кыргоолдой болуп кулпуруп, Элине барып кошулду. Сүйүнүп жүрүп олтуруп, Бар десе болбой башында, Мойнун толгоп койгондор, Улутунуп үшкүрдү, Бармагын тиштеп баш чайкап, Ичинен жалын от күйдү. Муну мындай салыңыз, Алдында кеткен Бекбача, Кабарын угуп алыңыз. Атын айтпай ок берип, Коргонго элди кетирип, Табына келген Майтору, Белин түйүп меңкейип, Олоңун оңдоп бекитип, Жолго түштү баатырың, Майторуну секиртип. Чыгыш жакты бетке алып, Түштүк жакка ыңгайлап, Арстаның кетип бара атат, Арасырт менен жол тартып. Какыраган чөл басып, Чаңдап жаткан кум басып, Чалкалаган төр басып, Зоңкойгон канча тоо басып, Тоңкойгон канча бел ашып, Мелтиреп жаткан көл көрүп, Баш-айагы түгөнгүс. Беш-алты күндүк төр көрүп, Будурмак кара жер көрүп, Албан-албан эл көрүп. Шыңшыңша деген бел келди, Жужу деген эл келди, Ашып өтүп бул белди, Аралап өтүп ал элди, Тоонун башын кыркалап, Жайы-кышы кар жаткан. Туш-тушунун баары тоо, Үстү жайык адыр-коо, Асман менен такашкан, Тоону аралап жөнөдү. Абдан арбын койу көп, Ача туйак малы көп, Кокту-колот жери көп, Жылга-жыбыр адыр көп, Жылгалардан мал баккан, Тоо аралап жан баккан, Кызыл чапан төш ачык, Кыжыраган эли көп, Жүргөндөргө кез болду. Жолуккандан кеп сурап, Элдин жөнүн көп сурап. Бекбача турду кобурап, Кеп сураган бир киши, Жообун берди божурап: — Текши тоолуу жерибиз, Бир жеңин белге курчаган, Кызыл чапан төш ачык, Таңгыт деген элибиз, Бар турмушун бөлөкчө, Түрүң барар көрөргө. Кай тараптан келдиңиз? Ачык айтың билели, Ким болот эли жериңиз? — Элим кыргыз Алаштан, Жерим Кеңкол Таластан, Жер кыдырып эл көрүп, Алыскы жерден келе атам, Элим кыргыз дегенде, Жерим Талас дегенде, Кеп сураган кишиси, Көмөрүлүп дүм кетип, Өксүп ыйлап жиберди: — Айланайын ким болсоң, Алтымыш уруу алаштан, Манастын эли белемсиң? Жеринен келсең Таластын, Манастын уулу белемсиң? Менин жайым сурасаң, Түбүм алаш кыргыздан, Уругум Эштек уруудан, Үч атамдан бер жакка, Лопнурду жердеп турушкан. Кененим келип бул элге, Гүлкакы алып кеткенде, Мында келип жашынган, Чыныгышты алып кеткенде, Он жети кабат кызыл таш, Экөөнү чанып кеткенде. Чыңгышка булар болушуп, Эр Кененим баатырдан, Арыкта суудай шарылдап, Каны агып кеткенде.

Коркуп калып жай жүргөн. Кененим жок дегени, Жалпы атка миништи, Жаркылдатып кылычын, Жай-жайдан ашып киришти, Жандашып чыккан кыргызды, Тик боорунан тилишти. Кудай бетин нары кыл, Мындай журтту ким көргөн, Ат минбей киши минген бар, Тирүү кудай молдосу, Дамбал кийбей жүргөн бар. Жаага огун керишет, Жамбашында салмоору, Таш мылтыгын илишет. Жай-кышы жок баарысы, Териден кийим кийишет. Далайынын тоолордо, Таш үңкүрдөн үйү бар. Көргөн киши жийиркенет, Пендеден бөлөк тирүү бар. Адам тилин биле албайт, Молдодон башка кишинин, Айткан кебин түк албайт, Таңгыттын эли ушундай. Лопнурду карай кыргызга, Кырк миң аскер, кырк балбан, Далай күн болду кеткели, Акмалап жүрөм бул жакты, Кайта киши келбеди. Башка жол менен келдиби, Же болбосо кыргыздын, Кызыгына кирдиби? Угуп алып Бекбача, Басарына калганда, Ай айлаган үн чыкты. Жылкы айдаган капталда, Көрүнбөйт көзгө үнү бар, Буткул-буткул капчалда, Ташты карай бет алып, Камынды байкуш качканга. — Мыдырабай тур! — деди, Түрүн бузуп Бекбача, Камыкпагын кайгырба, Каңгып менден айрылба. Арызын айтып кыргыздар, Лопнурдан барган Таласка, Арбагын сыйлап, Айкөл баатыр Манаска, Элдин дартын алам деп, Капкайдан келдим Бекбача. Талабыңа жеткирем, Кул болупсуң Таңгытка, Азы келсин, көп келсин, Айрып алып алганын, Айдатып сага кетирем. Жерим Талас дегенде, Атам Манас дегенде, Бекбача атым дегенде, Көргөн эмес кеп уккан, Манастын уулу Бекбача, Өтө мыкты деп уккан. — Бекбача баатыр сенби? — деп, Элинен азып айрылган. Эмгектүү пенде менби? — деп, Бак-таалайы кыргыздын. Манасты элге берди — деп, Манастын укум-тукуму. Элин сактап келди — деп, Алаштын эли жердеген. Орто Асыйа дегенди, Жерин сактап келди — деп, Лопнурдагы кыргыздын, Улугу элем миң үйдүн, Конушбай деген менмин — деп, Тартып алды таңгыттар. Мал-пулума ээ кылбай. Алса алсын мал-пулду. Өзүңдү көрүп Бекбача, Эми болдум көөнүм жай, Аңгычакты болбоду. Туурасында сеңирден, Жылкы чыгып колбуду, Бекбача айтат мамындай: — Кимдики жылкы карап көр, Тааныйсыңбы Конушпай? Көрө салып Конушпай: — Бул Матандын жылкысы, Бирин койбой чапканы, Түп көтөрө кыргызды? Матан элдин улугу. Көлдүн жээги туругу, Шаарын бузуп талкалап, Өрүштөгү малды алып, Казынада зардалып, Малабектин көп дүйнө. Бирин койбой бүт алып, Бойго жеткен кызды алып. Жез оймоктой узду алып, Эл башкарган Матандын, Кесип башын кошо алып, Келген окшойт Таңгыттар. Ырайым кылбайт кишиге, Күнгө күйгөн кара таш. Жылтырай өңү ушулар, Лопнурдагы кыргыздар, Алты түмөн үй элек, Карачадан бер жакка, Бузулбай келген эл элек, Бузулдук бүгүн Таңгыттан, Кысылды кайран заманам! Деп буркурап Конушпай, Кара көздөн жаш кетип. Боздоп турат момундай, — Ой Конушпай ыйлаба, Пайдасы жок ый сага, Баш кишинин аты ким, Айтып бергин сен мага. — Бекбача баатыр кебимди ук. Молдодон башка буларда. Болбойт экен зорулук, Буркун, буркун, буркун деп, Турат экен чокунуп. Молдолордун Бекбача, Аса тайак колунда, Түрдөп тизген мончоктон, Миңден теспе мойнунда, Колунда жүздөн мончогу, Унутпагын ошону, Улук билет калганда, Карга, кузгун жоруну, Эл башкарган эрлерин, Башында кийген бөркү бар, Кочкор мүйүз көркү бар, Менсептерин болжолдоп.

Сен ошондо билип ал. Ээ болгун калган кыргызга, Өтө жаман жайыл журт, Катышпагын, тилимди ал, Кыра берсең кырылат, Кыпкызыл кыйан сел агат, Алдыңкысын тебелеп, Келе берет кыжылдап, Тилин киши биле албайт, Таранчыдай кужулдап. Конушпайдан кеп угуп, Коркпой тургун деп койуп, Калың малдын алдында, Утур чыкты жолугуп. Жылкыны кайра тоскондо, Колунда найза короктоп, Бирөө келди сороктоп. Бекбача айтат тосоттоп: — Кийгениң көпкөк темирден, Кара бойуң кеп эмес, Мына бу турган сеңирден, Ээнбаштык кылып жай жаткан, Жылкыны айдап келдиң сен. Эркиңче айдап келгендей, Ээсиз калган мал барбы? Каныңды суудай чачайын, Кутулаар сенден ал барбы, Эсендигиң эске алсаң, Жандырып бергин калтырбай, Кыргыздан алган малдарды, Жүктөтүп келген төөсүнө, Алтын-күмүш зарларды. Заркыратып ыйлаттың, Кызыл ээк чалдарды, Кызыл муштум балдарды. Токтоло калып кеп айтты, Кеп айтканда нени айтты: — Жаныңдан безген экенсиң, Ажал алып жакадан, Ашыгып келген бекенсиң, Чыйраксынып жол тосуп, Жолумдан чыгып жолгошуп, Жандан тойгон ким сенсиң? Бет келгенди сулаткан, Кыргызды чаап олжо алган, Каракытай калкына, Канча сапар кол салган, Жымбы деген боломун, Тур жолобой жоголгун, Тирүүлүгүң канимет, Тийишпей мага кайра кет, Аркаңда киши бар болсо, Ээрчитип ала кет. Менин турган түрүмдү, Айбаат менен сүрүмдү, Барган жерге айта кет, Мени менен беттешип, Кек алам деп ким келет?! Жымбы келет дегенде, Индистан менен Какандык. Уктай албай шай кетет, Каканга канча кол салдым, Индичинге барганча. Мал оттоочу адырда, Такыр тартып мен алдым. Эки жылдан бер жакка, Лопнурдагы кыргызды, Төрт катар чаап олжо алдым, Убап-чубап келе атат, Көчүрүп такыр айдадым, Бекбача терең ой ойлоп: “Карсылдашсам кагышып, Олжо алып келе аткан. Кыргызды кырып салабы? Кыргызмын деп айтпайын, Кыйын уруш баштайын, Олжолоп алып кетем деп, Ушул кепти айтайын” — Жымбы, жаман оолуктуң, Сүйлөп жатып соолуктуң, Айрым ачтай ач белде, Мен бүгүн сага жолуктум. Эл барбы деп күрдөлүү, Мал барбы деп сүргөлүү. Келе жаткан киши элем, Калың малга жолуктум. Жымбы сени сойойун, Жымсал кылып койойун, Уктасам кирбес түшүмө. Жолумдун бүгүн болгонун! Деп ошентип Бекбача, Найзасын кармап ыргады. Жымбы карап турбады, Качырып найза сунганы. Найзаларын кагышып, Карсылдашып салышып, Кармашта жүрүп Бекбача, Албан акыл көп ойлоп: “Өлтүрө сайып Таңгытты, Өпкөдөн канын жайсамбы? Оодара тартып атынан, Кармап алып тартайтып. Кыргыздын малы кайда деп, Таптырып буга алсамбы? Кадыры болсо элине, Тили келет Таңгыттын, Жандырып кайра дүйнөнү, Өз колуна берүүгө. Кадырсыз болсо калчаңдап, Сен баатырсың деп койсо, Жүргөн болсо далдаңдап. Ажыратып алам деп, Мыктылар келет барбаңдап, Кырк балбан кетти элге деп, Конушпай айткан канча кеп. Бирден-бирден өлтүрүп, Болгучакты кыйын иш. Колго түшкөн кыргызды, Койдой башын кеспесин, Коондой кардын эшпесин, Түбүнө Таңгыт жетпесин, Пайда тийбей кыргызга, Эл кырылып кетпесин, Тирүү кармап көрөйүн”. Бир сайгандан чыгарбай, Көмөлөттү Жимбини, Таңгыттагы балбандын, Жымбы болчу кыйыны. Жымбыны кармап байлады, Бири урушта өлүптүр, Ат салышып келишти, Отуз сегиз калганы. Калгандары калдаңдап, Сыртынан кийген эндей тон. Чапандары далбаңдап,

Тегерек таман көк наакы, Буттары келет салбаңдап. Отуз сегиз эр келип, Чогуу баары тең келип, Тегеректеп калышты, Эр Бекбача балбанды. Көп кишини көргөндө, Көкжал баатыр каарданды, Кыйгактуу найза карманды, Качырып салды айгайды, Манастап ураан чакырып, Бет келгенде жалмады. Бир аралап өткөндө, Найзалары коройду, Отуз сегиз балбандан, Жыйырма экизи торойду, Кайта тийди имерип, Качып чыкты Таңгыттар, Найза сайбай ийменип. Калган балбан он алты, Бир кишиге ал келбей, Кырк балбан тартты убайды. Чогулушуп кужулдап, Бекбачага ал айтты, Тоңкочуктап жүгүнүп, Жымбыны бер деп сурашты, Намыс кылбай кырк балбан Таштап койуп уйатты. Алдыңкы үч чабуулду, Кеңешмек болду Таңгытта, Кандай кылып түзөштү. Бу сапар алып келгени, Үч жүз үйлүү киши экен, Өлбөгөнүн эсен-сак, Кайта элине узатты, Жымбы баштап балбандар, Кыргызга колун салгандар. Ордосуна барышты, Беш жүз аскер кырк балбан, Барганынан келгенин, Башынан өткөн күндөрүн, Бабырап кебин салышты. Кебин угуп Ламасы, Кер-сары болуп арданды. Колу менен бутуна, Баарына кишен салдырды, Канча жылдан бер жакка, Кыркыңды бактым сарбактап, Бир кишиден качыпсың. Кыркың жүрүп далбактап, Адам болбой өлгүлө, Душманды келет маа мактап! Демейки күнү мактанып, Сыйбайсыңар териге, Алыбыз келбей койду дейт, Жалгыз жүргөн кишиге, Жери кайсы, эли ким? Келген эрдин аты ким? Мага толук билдиргин! Жымбы айтат ошондо: — Ким экенин билбедик, Сурабадык эл жерин, Дайнын сурап билбепбиз, Кай тараптан келгенин. Миңгени тору Тобурчак, Жал куйругу чоң кучак, Орто бойлуу кызыл бет, Айтор, оңой эр эмес, Мен-мендеген адамзат, Беттешермин дээр эмес. Көрмөк тургай мындайды, Кулак уккан кеп эмес. Карды салык кең экен, Көзү кичи неме эмес. Кыр мурундуу, көк көздүү, Кишиге жагым бал сөздүү, Бир өткөндө аралап, Он алты киши калганы, Андан башка балбанды, Аңтара сайып таштады. Өлтүрөм деп өчөшүп, Өзү кастык кылбады, Бекеринен кан төгүп. Ал жамандык кылбады. Жаман ниети бар болсо, Колго түштүк баарыбыз, Койбой такыр кырбайбы. Эби келсе эл журтка, Мурунку алган кыргыздын, Малы-пулун жыйнайлы, Айткан сөз болсун ордунда, Жарым сөздүү кылбайлы. Жымбынын кебин укканда, Кокүн деген бар экен, Ордо баккан жандарда, Ач бөрүдөй чамынып, Этектерин кагынып: — Эригип жаткан кезимде, Келиптир эрмек табылып. “Алганын берген жаман деп, Ичкенин кузган чабал” деп, Эл ичинде макал кеп. Эл кыдырып ким жүрөт, Кыргыздын малын жыйам деп, Кокүн буйрук кылыптыр, — Аскер турбай чуба – деп. Унчукпай турду кеп тыңшап, Жоголуп кетти деди эле, Кененим келген –белем деп Мени менен бир барып, Кызмат кылсын кырк жаман, Бирин койбой агыт! — деп, Колу менен бутунан, Кишендерин алдырып, Жүрөөрүндө алдырап, Кара темир каруулар, Кагылышып калдырап, Көрүп келген кырк балбан Басалбай мууну шалдырап, Бирин бири тиктешип Кеп кыла албай жалдырап, Сүйлөсө тили так келбейт, Жан үзчүдөй балдырап. Ламасынан бата алып, Кокүн жүрдү аттанып, Кокүн койбой алат деп, Көп киши келет шаттанып. Келе берсин Таңгыттар Сапырылып жол менен, Сайып алыш ой менен, Муну койо туруңуз. Бекбачадан угуңуз. Конушпайды чакырып, Суроо салып чаптырып, Тирүү кармап Матанды,

Алып келип жатыптыр, Алып келди таптырып. Өз ордуна Матанды, Өз элине хан кылып: — Калганың кайта кеткиле, Ата-Баба конушуң, Жай-жайыңа жеткиле. Конушпай кал жанымда, Далай жабыр тартыпсың, Үч жылдан бери карата, Алып берем кегиңди. Жыдыгыңды чыгарам, Таңгыттарга, Конушпай, Алтын менен сырдатам, Бүт бойуңду шыбатам, Күзгүдөй көөнүң жаркытып, Анан кийин уз атам. Жолун билсең Конушпай, Борборуна баштагын, Элдин көөнүн агартпай, Эми кантип жатамын? Конушбай жолду баштады, Байкуш көзүн жаштады, Ошондогу айтканы: — Эки жылдын алдында, Ээр токуду далыма, Беш манжамды каптады, Эп келтирип колума, Теке мүйүз чаптады, Минип алып камчылап, Лахасага алып барды, Айланайын жолборсум, Ошондо жаным аз калды. Көөнүм бербейт күбөлүк, Киши минип жол жүргөн, Ушул жолду басканы, Ушуну айтып Конушпай, Эки көзүн жаштады. Жорго минип ал эми, Чайпалып жолду баштады, Аладыр деген жер басты, Алдайгыр деген бел ашты, Белден түшүп келе атып, Көрүп калды Чаңдакты, Кырк балбан бар жандаган, Толук кырк миң киши экен, Кокүн курап айдаган, Көрө салып Конушпай, Керсары болуп кубарып, Жерди тиктеп муңайып: — Кээ бирерде көрчү элем, Кокүн деген адамды, Тытып жеген бир сапар, Тирүү турган адамды, Кантесиң деп айтарга, Келбеди элдин абалы, Мен көргөндө Лахаса, Шаары буга карады, Учурап калдык чочкого, Чымын жан тирүү калабы?! Кетели баатыр Бекбача, Бир күн да болсо мааналап, Жарыкты көрүп туралы, Конушпайга, Бекбача, Корко бербе сен анча, Атам Манас болгон соң, Сен коркпогун мен барда, Оңуна келсе оң болот, Солуна келсе сол болот. Оң боло албай сол болсо, Баатыры Кокүн Тормайлык, Баарысынын Кожосу, Тирүү кудай молдосу, Түп оту менен жоголот. Чоң экен кара бойу деп, Убайлануу не пайда? Жандан кечип урушмак, Намыс үчүн мындайда, Деп Бекбача бөлүндү, Майтору менен жулунтуп, Кой шыбактан башка жок, Жаткан талаа түз экен, Бекбачанын карааны, Көргөн элге жүз экен, Каар салышкан душмандын, Өз башына күч экен. Кылычы белде жалтылдап, Ай балта жанда жаркырап. Асаба башта калкылдап, Боз кисе белде шалкылдап, Найза колдо заңгырап, Канжыгада доолбас, Чымын тийсе зыңырап, Туулганы башка чөмөрүп. Бүтүлүү тоодой көгөрүп, Жолун үйдөй чойун баш, Чабына кысып өңөрүп. Чарайнасын тартынып, Далыда калкан калдактап, Кара темир калдыркан, Эки бутта салбактап, Күүлөнүп Кокүн келе атат, Таноолору барбактап, Уй, букадай дардактап. Балбандык белги башында, Кулагында эшектин, Кайчыланып делдейип, Койбоочудай дүйнөнү, Үйлөгөн мештей дердейип, Бойунан чоң курсагы, Бооз катындай чердейип. Келип турду тенейип, Бекбачаны бир тиктеп, Карап калды делейип: — Кырк балбанды кыйраткан, Колго түшкөн кыргызды, Койбой баарын куткарган. Бейбаш киши сенсиңби? Кокүн атка конголу; Менин кылган ишимди, Бузган киши болбоду. Лахасада, Ламалар, Бузулбайт ишим ушулар, Туурадан келип капташып, Буза аласың сен кандай? Угуп билген кабарды, Кыргыздан келген Кененим, Бала кезде келиптир, Кандайлыгын билбеймин. Биздин элдин борбору, Бузулбай келген ордосу, Лаха сага кол салып, Гүлкаакы деген кушту алып, Он жети кабат кызыл там, Экөөнү чагып кол салып,

Кеткен экен деп угам, Анда Көкүн бар болсо, Бара алат беле борборго, Кол сала албайт болучу, Кызыл мастен ордого. Лопнурдагы кыргызга, Кол салгамын ошого. Малын алып пул кылып, Азаматын кул кылып, Катын-кызын күң кылып, Бузуп кеткен экөөнү, Жасатайын бүтүрүп, Ойлогонум ал эле. Кыргызга келген кайрыгер, Ким болосуң? — деди эле. Ачууланып Бекбача, Өзүңдү өзүң көтөрүп, Мактанбагын сен анча, Бойуң тоодой болсо да, Мен турганда сен канча?! Ордоңду бузуп талкалап, Гүлгаакыны олжо алып, Чынгыш кулду кошо алып, Кеткен киши Кененим, Кененимдин баласы, Бекбача иним сен билгин! Ажалың айдап жан шашып, Кыргызга Таңгыт не тийдиң?! Бир мал үчүн бир эрдин. Канын чачам билип кал, Адамкерлик жол менен, Акылдашсаң аман кал. Ачуу - шайтан, акыл - дос, Акылыңа акыл кош, Акыл менен кылган иш. Ар качан орду козголбос. Улууң барсың, кичүүң бар, Кокүн кебин угуп кал. — Эл башкарган ханыңа, Эс акылдуу карыңа, Эп келсе кебим баарыңа, Кыргыздан алган олжолоп, Эсебин тапкын мал канча? Сандыкка салып жүктөгөн, Сарпай канча, зар канча? Өлгөндөрдү кум менен, Кишиге киши кол менен, Кектүүнүн кегин чыгарсаң, Калгандын көөнүн агартсаң, Мындан кийин тийбеске, Убаданы бек кылсаң. Катылбастан кетемин. Каада-нарктуу кеп кылсаң, Кырк балбанын кетирбей, Кыйратат элем кек кылсам. Кыш-кыштооңор аралаш, Жай-жайлооңор чамалаш, Жайы-кышы бөлүнбөй, Жүрөсүңөр чамалаш, Кымыз ичип козу жеп, Санаасы жакын кадырнас, Ирегең бирге эл элең, Илгеркидей болсоңор, Бекбача мында не келем, Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, Кемсинип кыргыз калбаса, Ким келет сенин айлыңа? Убадаңды бек кылсаң, Чачылган малды бүт жыйсаң, Сандыкта зарды жам кылсаң. Кете берем Бекбача, Кержеңдесең тил албай, Кекенчимди чыгарам, Айдап малың чубатам, Каратып туруп көзүңө, Кырк балбаның сулатам. Тийишпесең тийбеймин, Катышпасаң кишиге, Катышууну билбеймин. Ата-баба жолу ошол, Жообуңду бергин! — деп, Жолборс сындуу Бекбача. Карап турду күркүрөп. Кокүндү кудай урганы, Айал-уйал кылбады. Качырып найза сунганы, Каарданып Бекбача, Кармап найза ыргады. Кокүн сунган найзанын, Үнү күндөй күркүрөп, Көрүп туруп Конушбай, Сийдиги агып дүркүрөп, Кара жерди чаң кылып, Качырганын ар качан, Алып көргөн кар кылып, Адатымча кыргызды. Сайып алам дегенсип, Сапырылтып тозоңду, Адам карап туралгыс, Кокүн деген ошону. Шамал чыгып зыркырап, Ат туйагы тийген таш. Кумдай болуп быркырап, Алдына минген Темиркөк, Урган таштай дыркырап, Күүсү менен бул чочко. Бекбачаны жалтанбай, Найза менен муштады, Сайдырбастан Бекбача, Найзасын кагып жиберип, Качырып кирди Каракөк, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Найзасынын учунан, Жалындаган от күйүп, Табарсыктын башы деп, Калмак ээр кашы деп, Найза менен сайганы, Мөшкөй болот чарайна, Өтпөй найза тайганы, Найза каңгып так этип, Ташка сайган немедей, Кайта жанды чак этип, Ээрден көчүк кыйшайып. Бир жагына кынтайып. Үзөнгүдөн бут тайып, Ооп барып оңолду, Ороңдогон чочкого, Абдан шайтан толгону. Алтымыш батман Ашкатең, Бул чочконун колунда, Чойун башы бар экен. Күүлөп-күүлөп булгалап, Буркун, буркун, буркун, деп, Атын айтпай Ламалап, Бекбачаны көмө чаап,

Жоготом деп талкалап. Качырып келип урганы, Көп үйрөнүп көп билген; Бекбачадай ким билген? Бекбачага жарашып. Минген аты Майтору, Эр билгенди ат билген. Чокмор келип тийерде, Тоого тийсе чокмору, Казыктай жерге кирээрде, Шайдоотук кылып Майтору, Оордун сала берди эле, Аттын асты такта таш, Чокмордун өтүп зардабы, Талкаланып кум болуп, Тоздой учуп жоголуп, Таштын орду көл болуп, Көлгө көлчүк суу толуп, Тирүү адам көрбөгөн, Талкаланып таш кетип, Орду сууга көлдөгөн. Көк камандай күркүрөп, Тартып алып чокморун, Олоңдоп жерди карады, Өлтүрдүм деп санады. Ойрон болгон Бекбача, Обон салып күлдү эми, Кокүн катуу каарданып, Мени шылдың кылды, деп, Ачууланып арданып, Алаканга түкүрүп, Чокморду чыңдап карманып, Өрдөктөй мойну узарып, Өпкөдөй бети бышарып, Кузгундай көзү кызарып, Темиркөктү камчылап, Түлкү алчу бүркүттөй, Мурдунан суусу тамчылап, Ачка калган бөрүдөй, Азуулары шакылдап, Чокморун күүлөп булгалап, Кирип келди жакындап, Көмө чаап кыргызды, Жүрөгүн сууруп жесем деп, Тамакайы такылдап, Тили батпай оозуна, Суусаган иттей акылдап, Токтоно албай жүрөгү, Дүк-дүк этип лакылдап, Чокморду шилтеп ийгенде, Манастын уулу Каракөк, Каадасы журттан бир бөлөк, Төбөдөн урган чокморду, Кокүн өңдүү чочкону, Ач билектен кармады, Тарамышы тырышып, Чокмор түшүп калганы, Чокмор түшкөн кара жер, Жер айрылып аң болуп, Карап турган кырк балбан, Кырк миң аскер таң болуп, Беш манжанын башына. Мөлтүрөгөн кан толуп, Чыдай албай чоң Таңгыт, Тарк осуруп жиберди, Сасык туман уйуду, Чай кайнамда суйулду, Одураңдап бул чочко, Ого бетер арданды, Жан алчудай заарданды. Жасылыгы төш жары, Жалаң болот испаанды, Кармай алды сабынан, Сууруп алды кабынан, Көргөн адам жалтанат, Көзүнөн чыккан жалындан, Мына ушуну көргөндө, Конушбайдын жүрөгү, Чыга жазды кабынан, Кыргыз эмес, Таңгыттар, Үмүтүн үздү жанынан, Өз элинин коркушу, Куршугу кармап калганда, Беш-алтыдан кишини, Титиркенбей жарычу, Бүтүн бойдон тиштеп жеп, Кумары анан канычу. Тээтиги турган кыргыздын, Башын кесип алат деп, Кумардан кайдан канат, деп, Бизден кошпой бир топту, Кокүн кайдан тынат деп, Коркуп турат бүжүрөп, Эки-экиден күбүрөп. Көзүн бардап ача албай, Өлүчүдөй үлүңдөп, Каарданып бул Таңгыт, Жаман кирди күжүлдөп, Жалт-жулт этип кылычы, Жалындап кызыл от күйөт, Жаалы менен барганда, Жаркылдатып кылычын, Жан айабай салганда, Бир жагына жалт берип, Чыга берди Бекбача, Урчук кара сеңир таш, Кылычтын учу жеткени, Жеткен жерин кескени, Таш бөлүнүп жатканы, Чапкан жерде киши жок, Муну Көкүн байкады, Башын булгап чайкады, Көрүп туруп түрпөтүн, Бекбачанын айтканы: — Баатыр Көкүн сен болсоң, Эл сактаган эр болсоң, Теңдик кепке келели, Кыргыздын малын кемитпей, Оозуңа алгын берерди. Угуп алып бул кепти, Чын ачуусу келди эми. Чымырканып акырын, Чындап катуу бакырып, Ак көбүк ооздон буртулдап, Жалыны көздөн чачылып, Алдындагы Темиркөк, Топону көккө сапырып, Качасың кантип кыргыз деп, Жана тийди жапырып. Колундагы кылычы, Күн чагылып жалтылдап, Айбатынан чочконун, Жерге кирди калтылдак, Ирмебей кирпик каранып, Алдыңкы ээрдин жаланып,

Бузулуп өңү карарып, Кара сур тартып муң басып, Ачуусунан өң азып, Качырып кылыч чабарда, Карап турбайт Бекбача, Төбөдөн чапса булт бермек, Капталдан чапса канетмек? Кылычты кыйгай кармады, Кыйырдатып салганы, Туура белден кыйа чаап, Бекбачаны алмагы. Мындайдын көргүн чандамын, Бекбача билбей калабы. Чабар жери белем деп, Төмөн калат ээрим деп, Чалкасынан шалк этип, Жата кетти Бекбача, Ат соорусу такта, деп, Атам Манас арбагы, Аманатың сакта деп, Каңкып кылыч кеткени, Капташты мунар бир дөбө. Тийген жерден дөбөнү, Кылыч таарып кетти эми. Оңолуп минип тор атка, Одурайган Таңгытка, Ойротто жок Бекбача, Качырып найза неткени. Таамай сайса Бекбача. Тоо да болсо койобу, Тоодой болгон чоң Көкүн. Томолонуп торойду. Башындагы туулгасы, Ыргып кетип жоголду, Демжип өөдө болоордо, Балта менен Бекбача, Чокудан нары бир койду, Казан бактай кара баш, Алты талаа жарылды, Айрандай агып кайран мээ, Кара жерге жайылды. Карап турган кырк балбан Кырк миң аскер сандаган. Жайнап качып бөлүндү, Жалгыз баатыр Бекбача, Ошончолук көп элге, Ажыдаардай көрүндү. Муну мындай таштайлы, Текши тоодо жошулган, Кызыл кандан баштайлы.