← Асылбача-Бекбача

Кызылкыз менен Калдыктын качышы

Ата менен аганын, Экөөнөн тең айрылып, Бекбача кыйын кайгырып, Көкбөрүнүн көк ала, Койон алптын Кой чаптар- Эки атты жетелеп, Таласты көздөй бет алып, Жол тартып бала келе атат. Сыйкыры артык Кызылкыз, Асылды тосуп кала албай, Амалы кетип аркадан, Кайда барар экен, деп, Бирге келген акмалап. Койон алптын атканын, Койон алпты Кененим, Чачырата чапканын, Бекбачага Кененим, Акыл-насаат айтканын, Асылдын алып сөөгүн, Музтоону карай басканын, Бекбачага Кененим, Эми кайтып кыргызга, Келбестигин айтканын, Көк ала менен Кой чаптар. Бекбача коштоп кеткенин. Кагазга жазып кат кылып, Көңүлүнө жат кылып, Кара көз менен Калдыкка, Баарын айтып билдирди. Кызылкыздан кеп угуп, Асыл өлдү, — деп угуп. Токтоно албай удургуп, Жедигер менен Маңгыттын, Эли келди чогулуп, Жедигер менен Маңгыттан, Отуз миң киши жыйналып, Жана булар жөнөдү, Таласты көздөй бет алып, “Кыргыздын баары ыйлоодо. Кара жанын кыйноодо, Кечиктирбей кыргызга, Биз жетели ошондо. Асыл өлүп сойлосо, Кененим кетип жоголсо, Таласты талап алабыз, Эми барып биз болсо. Бекбачасы канчалык? Мыкты болсо, эр болсо, Асыл менен жанашып, Чыкпас беле аттанып, Далдаланып чыга албай, Үйдө жатты баш катып” - Дешип булар калышты, Күдүрөңдөп алышты, Күүлөнүп жолго салышты, Түн уйкусун бөлүшүп, Өлүмдү сонун көрүшүп. Кызылкыз айтат-мен көрдүм, Бекбачаны баарыдан, Кара мүртөз эр көрдүм, Тулку бойу, турушу, Ширөөсү капкан чойундай, Канча күнү кармашта, Жүрүүчүдөй нойубай, Орто бойлуу, тууралжын, Кең далылуу, кууш айак, Копшогондой колдору, Баатырлык сыны бар турат. Мындай жүрбөй шашылып, Ооган менен Каңгайдан, Алсаңарчы кол сурап, Көбүңдүн жараң бүтө элек, Араң турат кансырап, Жана барып кыргыздан, Качпагыла самсаалап. Сыйкыр өтпөс көйнөктү, Ала кетти Бекбача, Ар түркүн салдым өнөрдү, Аларга сыйкыр өтпөсө. Амал канча, ал канча, Көп өнөрдү салаармын, Көп амалды табаармын, Дегеле сыйкыр өтпөсө, Кандай амал кылармын, Кызылкыздан кеп угуп, Калдык менен Каракөз, Болбой булар оолугуп: — Бу сапар Талас киребиз, Эркибизче кыргыздын, Кара боорун тилебиз! Одураңдап бул экөө, Оолугуп жолго салышты. Кимдин күнү бүттү экен, Алдырашып калышты. Эки тулпар ат алып, Күн-түнү жок жол тартып, Бекбача барды Таласка. Кабар берип элине, Чогултуп келип кыргызды. Арбагы азыр Манаска, Канчалаган мал сойуп, Эч нерседен кабар жок, Майга чыктап эл тойуп, Куран окуп кол ачып, Бата-дуба кылган соң, Бекбача элге кеп айтат: — Ак калпак кыргыз көп алаш, Кебимди уккун — деп, айтат. Баары журттун атасы, Кылган иштен чыкпаган, Эмгичекти катасы, Салам айтты баарыңа. Чыгып кетти Кененим, Музтоо ата бооруна. Асыл шер өлдү арманда. Койон алптын колунда. Койон алпты чоң атам, Чокмор менен жайлады.

Эл-журтту издеп табаарга, Сөөгүнүн тайны калбады. Керээз кебин хан атам, Айтып мага бүтүрүп. Агам Асыл баласын, Кеңкулага өңөрүп: “Ак калпак кыргыз аман бол. Бекбача, элге маана бол. Чыныке өлсө күн бүтүп, Ак кепиндеп, аруу жууп, Жердигине койуп кой”- Деп, тапшырып алды жол. Аманат кебин угуздум, Баарың аман тургунуң. Көк бөрүнү алган бейм, Соот, чопкут, көк ала ат, Алып келдим мен мында. Койон алптын Койчаптар, Коштоп келдим мен мына. Кененимден кеп келди. Алдыңарга Бекбача, Боорлошун жеп келди, Эки тулпар ат келди. Кыргызга колун ким сунса. Кыйкырышаар кез келди, Кыжырланган душманга, Кысталышкан заманда, Ата журтум Алашка, Кызмат кылар чак келди. Чапкыласа чаалыкпас, Алты ай чапса арыбас, Такасыз минсе жай-кышы, Туйагы болот жаралган, Ташыркабас Май тору, Минээр аты ал болду, Жоо жарагым, кийимим, Калбай баары тел болду. Бекбачадан кеп угуп, Асыл өлдү деп угуп, Асылдын сөөгүн өңөрүп, Кененим кетти деп угуп, Кеп кыла албай далайга, Келген кыргыз токтолуп: “Асыл өлсө көмбөсө, Кененим сөөгүн өңөрсө, Сыйкыры артык эр эле, Алып барып баланы, Киши көрбөс бир жерге, Дабаа кылып жатабы? Ээрчитип асыл арстанды, Бир күн келип калабы?” Дешип булар муну айтып, Кишинин баары муңайып, Күн бузулуп сурданып, Жайкалган Талас кайран жер, Чөптүн баары кубарып, Тоонун баары томсоруп, Жандын баары мостойуп, Жадыраган кайран жер, Аңтарылып калгандай, Күндүз болбой түн болуп, Жөө туман каптап тунарык, Жылдыз чыкпай жаткандай, Муң басып туруп далайга: “Кененим тирүү келет, — деп, Асылбача эр болсо, Бекбача бар эриң, деп, Эриң тургай шериң” — деп. Бирөө насаат айткандай, Сүрүлүп туман чүмкөлгөн, Ачылып күн бүркөлгөн, Элдин көбү эс жыйнап, Ак калпак кыргыз бүт ыйлап, Алаштын эли жан кыйнап, Мелтиреп акпай калган суу. Агып кетти шаркырап, Тумандын баарын тоздуруп. Шамал жүрдү аркырап, Арбагың, айкөл колдо деп, Бекбача бар, болду деп, Эки-экиден күбүрөп, Алды туруп камынып, Атын карай басканда. Кош артуу сеңир тумшуктан, Көп киши чыкты дүркүрөп. Чыккан элдер тумшуктан, Ак күмбөздөн эл көрүп, Аз көрбөстөн мол көрүп: “Алаштын эли амалсыз, Арбагына Манастын, Келген экен жалынып, Туш-тушка тарап кетпесин, Тымтыракай жайылып, Тегеректеп калалы, Ортого алып камынып. Кененим кетип жок болсо. Асыл өлүп жоголсо, Чок-чоңдоп келип көрүнөөр, Чогулган кыргыз эл болсо. Күмбөздөн камап чыгарбай, Убада сөзүн алалы, Коргонго кирип так минип, Кыймылдагыз болгондо, Кызыталак кыргызга, Кылбаганды кылалы, Канын кыйан сел кылып. Кылычтап башын кыйалы, Жыйырмадан жашын ашканын, Эркек-айал дебестен, Кырып салып тыналы!” Кара көз менен хан Калдык, Жылдырбай туруп кырууга, Жыпжылма-түптүз кылууга, Кеңеш кебин тындырып, Алтыга бөлүп аскерин, Чар тарапка чаптырып, Булар минтип жатканда, Бекбача айтат кыргызга: — Ушу турган кары-жаш, Эркек-айал аралаш, Бириндеп кетпей таракай, Бириңе бириң каралаш, Тиги топ душман кептенет, Камынып келген армансыз. Турган кыргыз саның аз, Байрагын байкап карадым. Жедигер, Маңгыт кептенет, Байрагы жок Кангайдын, Элүү менен жыйырманын, Ортосу бери бөлүнгүн, Карааның канча экенсиң. Байкап мен бир көрөйүн. Кыргыз эки бөлүндү, Элүү менен жыйырманын, Карааны үч миң өңдөндү,

Кары менен жаштары, Катын менен кыздары, Миңден ашуун чамасы. — Мына бу турган кары-жаш, Тобуңду бузбай тургула, Бөлүнүп чыккан эрендер, Үч миңче экен карааның. Мен айтамын Бекбача, Тилимди, кыргыз аласың. Тегеректеп биздерди, Дым чыгарбай алууга, Колго түшүп калганды, Артык сыйлай салууда, Айла иштетип алдында, Артында кыргын кылууда, Алты бөлүм турган топ, Жолдон кайтпайт аткан ок, Аткан октой жанбас бол, Ойрон кыргыз, оңбодуң, Келээр ишти ойлогуң. Алты киши айтамын, Бу турган алты бөлүккө. Жазбай сайып найзаны, Кадагыла жүрөккө. Ыктуу-шыктуу болгула, Балта менен чокморго, Орунбай, кал ордодо, Абышка-кемпир балага, Орунсуз киши жолотпо. Токотай, Үмөт, Сатар кел, Ормотой менен Койчу кел, Беш бөлүккө ээ болгун, Аты чыккан сен бешөөң, Тозо чыккын жолунан, Тобурлардын алдынан, Беттешип калсаң чукулдан, Бетиңди бурбай тик качыр, Үмүт үзсүн жанынан, Кол салбаса, кол салба, Аралап элге кетпесин, Билбей калба алдаса, Эрдемсип чыкса жекеге, Мен барамын алдында, Атам Манас болгон соң, Ким чыдайт менин каарыма? Уу ичкендей кыйрасын, Учур келген заарына. Амал менен тор жайып, Биз туралы камына. Антип-минтип түн болсо, Тыңдуулап ондон бөлүнүп, Аралап тийгин сен болсо, Манастап ураан чакырып, Жакындап баргын эл болсо. Ичибизде кыргыз деп. Кырылып санын кемиткин, Айла менен иш кылып, Амалын жоонун кетиргин. Таң атканда жаланып, Мен киремин кол салып, Коо кылып, топ бузуп, Арасына жол салып, Кыргын болуп кетпегин, Теңелип мага эл барып. Укмаксан болуп ким барса, Жатындаш асыл келсе да, Айабай башын кесемин, Агам да болсо кечемин, Отуз миңче карааны, Бир күндө табам эсебим. Качса душман калдаңдап, Куубагының далдаңдап, Аркамдан ээрчип чаппагын, Эки буту салбаңдап, Эрдемсип кирип барбаңар, Көпкөн балдар, барбаңдап. Арасында Кызылкыз, Ар түрдүү салат сыйкырды, Тирүү киши буза алгыс. Кандай неме кез болсо, Манастан башка айтпаңар, Баарыңарга эп болсо, Эртең күнгө азына, Айчүрөк энем келет го, Кызылкыздын сыйкыры, Кылдай түптүз болот го, Деп Бекбача айтканда, Кыңк кылган киши жок, Башын салып турушту, Пейилин салып бекемдеп, Кепти толук угушту, Ар ким алды мойнуна, Кыла турган жумушту. Аңгычакты болбоду, Алты жактан ар жерден, Чаң көрүндү бар жерден. Чакчалекей будуңчаң, Топурак учуп жөө туман, Маңгыттап ураан чакырат, Жедигер деп бакырат. Жеп ийүүчү немедей, Келди тегиз чапкылап. Белгилеген адамдар, Алдын тосо барышты, Бирине бири кол салбай, Токтолушуп калышты. Маңгыттардын элинен, Жекелеп чыкты бир балбан, Балакет баскан маңгыттын, Келайтышын мен айтам: Күүгүмдөгү устадай, Күлгүндөп өңү таанылбай, Керп миниптир менчейтип, Маңдайда көзүн чекчейтип, Колунда найза мекийип, Ирмебей көзү чекийип, Таноосу көөп барбаңдап, Уй букадай дардаңдап, Буурусундай буту сүйрөлүп, Бутунун башы тийген жер, Айдагандай жирелип, Төрт карыш келет калыңы, Алдыңкы ээрди түйрөйүп, Үстүнкү ээрди калбайып, Тердик беттей кулагы, Ат кулактай далбайат. Эки бети чарадай, Далысы кең талаадай. Эки эмчеги салаңдап. Эгиз тууган баладай, Булчуң эти салаңдап, Кысыр эмди танадай, Кабагы кез, өңү саз. Кара нээт бул бетбак, Тоо жылгандай дүңкөйүп,

Күркүрөп чочко келайтса, Саздуу жерлер чылпылдап, Көлчөк-көлчөк суу чыгат, Кургак жерге келгенде. Жер айрылып асманга, Учуп жатат топурак. Тил сүйлөбөс дудук бул, Кулагы укпас дүмпөр кул, Качырганды кайсаган, Камандын бири манабул. Өлүмдөн мунун шеги жок, Эки айактуу кара баш, Жумуру баштуу пендеде, Мындай неме деги жок. Маңгыт деп ураан чакырар, Айта турган тили жок, Сүр өттүү адам айбан бул, Ачакей найза колунда, Качырып жетти мына бул, Жергенин сары талаада. Асылбача - Бекбача, Жалгыз бектин Бактыбай, Жат үйрөткөн Кененин, Жыйырма бешке чыкканча, Кишиге найза сунбаган. Жекелеп уруш кылбаган, Манастын уулу Бекбача, Бейбаш өскөн жаш бала. Беттешип кирди качырып, Каразкөй Маңгыт арданды. Сайалбай найза кактырып, Жана кирди кырданып, Мурункудай аттыгып. Кабылан туулган Бекбача, Кайраты мунун башкача, Каңгыта кагып найзасын, Манастап баатыр бакырды. Үнүн уккан Көкжалдын, Тургандын баары шашылды, Имерилип Кара көк, Ылаачындай качырды, Жеткен жерде найзаны, Далысына батырды, Эки имерип сайдырбай, Маңгыттын шорун катырды. Тоңкойуп керктен жыгылды. Бекбача мыкты чабендес, Жер тайанып болгончо, Желкеден баш кыйылды, Жана чыкты маңгыттан, Мындан өткөн кыйыны. Тор эти толгон Бекбача, Карап турат кенебей. Кара суудай уу келет, Муну бучкагына теңебей, Армансыз болсун эри, деп. Көрүп турсун ханы деп, Туруп берди кебелбей, Тоо да болсо Бекбача. Кулады тору аттан, деп, Маңгыт менен Жедигер, Кубанычты дуулдашып. Туруп берген баатырга, Күчү мыкты болсо да. Андес эмес сайганга, Өпкө боордун тушу, деп. Күрс дедире найзаны, Чарайнага сайганда, Чарайнасы чатырап, Үйдөй жалын чачырап, Найзанын учу түйрүлүп, Тай гылып кайта тайганда, Жандап өтө берээрде, Жанында чолок ай балта, Чаап калды Бекбача. Оң тарапка далыга. Бекбача чапкан оңобу. Өлбөй тирүү кобобу? Залдарынан балтанын, Үзүлүп кетти колкосу. Көмөрүлүп дүм кетти, Оозунан мөжүк кан кетти. Ошол күнү Бекбача, Менменсиген Маңгыттан, Так он бешти түгөттү. Күн уйага бекинди. Күүгүм кирип, кеч кирди. Душмандын эли алты топ, Отуз миң колу саны көп. Калдык менен Каракөз, Таң агарып сүрүлсө, Чабуул койуп кыргызды, Талап алып кетүүгө, Талабына жетүүгө, Ниетинде турат бул экөө. Жылдыз такта болгондо, Бекбача айткан бизге, деп, Алты бөлөк ар жерден, Ондон киши бөлүндү, Манастап ураан чуу болду, Алты жерде оп-окшош. Кан төгүлүп суу болду. Ондон калган башкасы, Жакындап барат Манастап, Туруп албай бир жерде, Ар тараптан чуу салат, “Ичибизде кыргыз, — деп, Таң атканча биздерди, Түгөтмөк экен кырып” — деп, Алты топ кошуун сүрүлүп. Бир жерге келип жыйылды, Кандан кыйан сел агып, Таң атканча кырылды. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Арпа-буудай таанылып, Келин каш болгон маалада, Арстан баатыр Бекбача, Амалы көп арбача. Бир киши зыйан болбогон, Кыргыз аман байкаса. Бекбача амал кылды, деп, Эси чыгып бизден, деп, Жаман атты кылат, деп, Майторуга камчы уруп, Топуракты чачтырып, Аралап тийди качырып, Кыргыздар чыга бериптир, Кыраан баатыр Бекбача, Кыйырынан элге тийиптир, Утур келген немесин, Как боорунан тилиптир. Сейрек жерге барбады, Калдайган калың жеринен, Жанын айап калбады,

Калык жерге кол салды, Арасын ачып жол салды, Орто жерин коо кылды, Эр өлүгүн тоо кылды, Ат өлүгү ар жерде, Дөбө болуп жыйылды, Беймаал жерден адамдын, Мойнунан башы кыйылды. Көрүп туруп Кызылкыз: “Эми бир күн Бекбача, Эл ким жүрсө аралап, Жедигер менен Маңгытта, Мыдыр этер жок калат. Амал кылып буларды, Ажыратып алам” – деп, Апсун окуп үшкүрүп, Ачкан оозун жыйганча, Айагына дубасын, Окуп тамам кылгынча. Айланта курчап кыргызды, Алоолонуп от күйүп, Бир жагы Ала Тоо болуп, Калдыраган муз көчүп, Бир жагы кара зоо болуп, Үнү сүрдүү таш кулап, Жер жарылып жык чыгып, Мелтилдеген көл болуп, Турган жери кыргыздын, Кара какыр чөл болуп, Кыбыладан сурданып, Булут чыгып бууланып, Шамал болуп аркырап, Бир жагынан закымдап, Ысык чыгып лепилдеп, Дымык болуп тер агып, Кар бузулуп аңгыча, Жер кайкаган сел агып, Үстү көбүк буу болуп, Айласын таппай кыргыздар, Ичинде ызы-чуу болуп, Аттын баары тушалып. Эрдин колу шал болуп, Айласы кетип кыргыздар, Амалын таппай дал болуп, Карылар ыйлап каркылдап, Кыздар ыйлап солкулдап, Катындар ыйлап эчкирип, Арбагың менен колдо, деп, Айкөл шерге жалынып. Калбай ыйлап болкулдап, Бекбачадан башкасы. Басарга жолу тар болуп, Кадимкидей чагы жок. Калды кыргыз зар болуп. Эркин жүргөн Бекбача, Өзүнө сыйкыр өтпөдү. Кызылкыз эми неткени. Алмаштырып кошуунду, Жедигер менен маңгытты, Кыргыз кылып көрсөттү. Кебелбеген кыргызды, Жедигер менен Маңгытты. Эли кылып көрсөттү. Тааный албай Бекбача, Чыгарарда тамтыгын, Миңген аты Майтору, Баспай турду былк этпей, Айак серпип солк этпей. Алда эмне болду, деп. Башка чапсам тору атты. Асыл көөнүн оорутпай. Асыраган мал эле, Түбүндө жаман болор, деп, Карааны кыргыз көрүнгөн, Жедигер менен маңгытка, Бура тартып бастырса, Мурункудай Майтору, Басканына мал жетпей, Желе басса жел жетпей, Кылыктанып басканда, (Баштакынын малдары, Ал үчүн калган дастанда), Жедигер, маңгыт чыдабай, Камынышты качканга, Ага чейин Кызылкыз, Алмаштыра салды эле, Арстаны минген Май тору, Баспай туруп алды эле, Алдында минген тору атты, “Алда кандай болду, деп, Душманды карай бурулсам, Туруп алат Майтору, Тууганды карай бет бурсам, Алчактап басат Майтору” Деп токтолуп ойлонуп, Тура калып толгонуп, Жана кыргыз жагына, Бастырып көрсө бет буруп, Башын силкип Майтору, Эрекче басты шаңданып, Жакындап кирип барганда, Кыргыз тургай пенде жок, Бир талаада турганы. Кылымдан ашкан сыйкыр кыз, Душман менен кыргызды, Кайта-кайта кубултуп, Эбин тапты баатырдын, Эки айланып бурулуп. Жедигер, маңгыт бет алып, Кыргызга кирди ат салып. Кылычтарын суурушуп, Кыргызга кылыч жетээрде, Кыргын кылып кетээрде, Айкөл Манас арбагы, Абаң Бакай карыга, Не турасың, деди эле, Абаң Бакай алдырап, Ителгидей баркырап, Аксакалы жаркылдап: — Канасың, балам Айчүрөк, Болгон белем кыргызга, Кутулгусуз кыйын кеп. Айкөлүм Манас мага айтты, Не турасың, Бакай, деп. Кана, балам турбагын, Бир амалын тапкын, — дейт. Ак куу болуп учпады. Адамдан артык Айчүрөк, Кардыгач болуп сызганы, Асманда туруп Айчүрөк, Кызылкызды көрүптүр, Көлөкөсүн тийгизип, Көрбөс кылып өтүптүр, Кыргыз менен душмандын, Арасына Айчүрөк,

Бекбачаны туйгузбай, Жеткире салып кетиптир, Көзү көрбөй Кызылкыз, Күдүң көзүп тааныбай, Эркин жүргөн кара бет. Тура албады наалыбай: — Заманында үч жылы, Үйүңдө барып жат деген, Бойго жеткен кыз болуп, Барып турду Айчүрөк. Атың сенин Кызылкыз, Сендей сыйкыр табылгыс, Ушул кылып жүргөнүң, Болгону жок жакшы иш! “Ороо казсаң тайыз каз, Өзүң түшсөң, чыгарга” Жер бетинин макалы, Угуп алгын Кызылкыз, Алдыңда келген кезимде, Барбы, кызым, эсимде, Айткан кепке тил алып, Үч жыл жаттың үйүңдө. Жана кайта келипсиң, Талас деген бул жерге, Көп элине Айкөлдүн, Көрүнөө бузук салыпсың, Асманда учуп калкылдап, Артылып учур алкылдап, Айкөл аттуу баатырдын, Арбагы уруп калыпсың. Таласта кылып сыйкырды, Колуңа тийбейт намысың, Тилимди алып, Кызылкыз, Таластан алыс жылгыла, Башка жерге мааналап, Анан уруш кылгыла, Жедигер, Маңгыт – эки урук, Акыр түбү кыргыздан, Түгөнүп калат кырылып, Айтканда Чүрөк мындай деп, Жылмаңдаган Кызылкыз, Көзү көрбөй күдүңдөп, Кулагы угат укмуш кеп. Үнү угулат, сөздө жок, Көрөйүн десе көздө жок, Биринен бирин зор кылган, Атанын арман дүйнө шок! Ачык айтпай, үзө айтпай, Кете берди Айчүрөк, Айчүрөк кете бергенде, Бүдөмүк болгон бу кыздын, Умачтай көзү ачылды, Көпчүлүктү карады. Өзү баштап алдында, Эки айлык жолго алып барып, Таштап келген Бекбача. Жедигерге бет алып, Кетип барат зуңкуйуп, Алда эмне шумдук деп, Арамзада Кызылкыз, Тиктеп калды сомсойуп, Бекбачанын келгенин, Көрө салып Кызылкыз, “Алда кандай болду, — деп, Эки айлык жолдон Бекбача. Эми элге кандай келди, — деп, Кыргызда кызык иш турат, Көрүмбөй көзгө шыбырап. Уктум элем укмуштан, Акундун кызы Айчүрөк, Ак куу болуп учат деп, Ак балык болуп сүзөт, деп, Сымап болуп көйкөлүп, Жер түбүнө түшөт, деп. Алтымыш эки дубаны, Анык билет деди эле, Жер жүзүнө сыйкырды, Канык билет деди эле. Манастын уулу Семетей, Алган жары деди эле, Ар качан келип Таласка, Айла-амал кылганда, Абдан ичи күйгөнбү? Ар түрдүү кылып сыйкырды, Аздырып мени жүргөнбү? Абыдан сырын билейин, Аз канакей кыргызды, Кекилик кылып ийейин, Абалап учуп баркылдап, Ак шумкар болуп тийейин. Анык чүрөк болгондо, Арыбым артса ошондо, Амал канча билейин, Айчүрөк кылган иш болсо, Айланышып көрөйүн, Айчүрөкчө болбосом, Адам болбой өлөйүн. Абдан билдим мен эми, Айчүрөк экен турбайбы” Акылга алып Кызылкыз, Жети кат жердин түбүнө, Далдаланып калса да, Дубасы барып жашынгыс, Эми түркүм-түркүм дубасын, Түрмөгү менен салды эле, Суф дегенде ооз ачып, Кекилик болуп кыргыздар, Чокчойушуп калды эле, Ак шумкар болуп Кызылкыз, Качырып кирип барды эле. Кызылкыздын кылаарын, Билип турган Айчүрөк. Асман ачык жер жакын, Ашкере кылган иштерин, Көрүп турган Айчүрөк, Ак шумкар болуп Кызылкыз, Кырданып бара жатканда, Ашкере бери Айчүрөк, Ал билгенди ким билет? Ак булут кыла салды эле, Кырданып кирген Кызылкыз, Кекиликке жете албай, Илип алып кете албай, Булут болуп кубулуп, Туруп калды далбайып. Тургузуп койуп шум кызды, Жедигер менен Маңгытты, Бекбачага көрсөттү, Бели катуу Бекайбат, Бекбача кетип баратат, Эрдиги канча билем деп, Эрдемсип Калдык баратат. Эрегишип хан Калдык, Кагыша кетти түз барып, Каскаксыз найза колунда,

Бекбачаны хан Калдык, Аңтара сайыш ойунда, Айбаттанып хан Калдык, Кара сурга камчы уруп, Доолбасты карс уруп, Маңгыттап ураан чакырып, Жер жарылта бакырып, Найзанын урду качырып. Бекбача найза сайдырбай, Алдыртан өөдө какты эле, Балта тийген бул найза. Асманды карай атты эле. Тайны калбай найзасы, Талкаланып жатты эле, Ашыккандан ашыгып, Айабай чындап шашылып. Кылычын сууруп хан Калдык. Жана кирди качырып. Кылычтын бети жалтылдап, От көрүнүп жаркылдап, Кылычты шилтеп ийгенде, Машы чыккан Кара көк, Сырты менен балтанын, Жалпагына кылычты, Жандата кагып ийди эле, Кылычка балта шак этип, Беш бөлүк болуп кылычы, Талкаланды шаңк этип, Маңгыттардын хан Калдык, Найзасы жок колу кур. Кылычы жок кыны кур. Кызыталак Маңгыттын, Арданганын карап тур. Калдыктын аты Кара сур, Атынан айрып алгысыз, Өз өңү да кара сур. Муруту тал-тал бириндеп, Ачуудан бойу дырылдап, Көзү чуңкур ороодой, Топо толуп ылайлап. Айдар кара чачы бар, Өңөргөн койдой кашы бар, Жылкычынын отоосу, Жолум үйдөй башы бар, Эки бети болтогой, Эки даңгыт тойгондай, Мойну жоон букуйуп, Далысы дүмдүк дукуйуп, Төө кенедей кулагы, Белгиси турат мулуйуп, Шишик баскан немедей, Булчуңдары дулуйуп, Бели кыска тууралжын, Уйуткандай тулуйуп. Барча кара дөбөдөй, Турат калдык думуйуп, Мойну жыкыр ченебей, Топ -томолок чулуйуп, Найза, кылыч колдо жок, Найза, кылыч бергин деп, Аскерин карап турган жок, Жолум үйдөй чойун баш, Күүлөп-күүлөп имерди, Бекбачаны качырып, Чокморду койуп жиберди, Бекбача карап турабы. Чокмор келип тийгенче, Каржиликтин булчуңга, Найза менен муштады, Оң колунун булчуң эт, Бөлө сайып таштады. Чабалбай колдон ал кетти, Чокмор түшүп кеткени, Кайра кирсе качырып, Чын эле ажал жеткени. — Ой, Бекбача, Бекбача, Кеп айтамын мен сага. Карым какшап кан акты, Жанымда жарак жок калды. Уруксат бер жан айым, Мен аскерге барайын, Сайар найза, тартар жаа, Чойун баш чабар ай балта, Кылычым калган кынымда, Отуз киши аларды, Жеткире албайт чынында. Дүбүрөтүп аларды, Аа-аалатып жүргүчө, Кылычты кындап байланып, Сайарыма найза алып, Чойун баш кысып такымга, Ай балта байлап белиме, Армансыз болуп келейин, Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Ачуулансам Бекбача, Көмө чаап жөнөйүн, Асыл менен канчалык, Карачашкамын кармашып, Эрегишип көргөмүн, Үзөнгү тийип жандашып, Чама жетип, чарк келбей, Биз жүргөнбүз карчашып. Бекбача, сени канча деп, Мен жүргөмүн башында. Белдүүнүн бири экенсиң, Бет келишип байкадым, Эки күндүк урушта. Канды суудай чайкадың, Теңдешээр киши экенсиң. Эми сага кекендим, Жооп берсең кетемин. Эртең эрте келемин. Армансыз болуп камынгын, Айтпай койду дебегин, Анда айтат Бекбача: — Жооп берсем мен сага, Кутулам деп дүмүңдөп, Калбагының балаага. Барсаң барып кайтып кел, Кебиң болсо керээзиң, Эл-журтуңа айтып кел. Калдык жөнөй бергенде, Кайра тартып Бекбача, Калган элге келди эле. Агачалык кыргыздар, Аттуусу атчан жөөсү жөө, Мурункудай салтына, Кекилик болбой келди эле. Булут болгун Кызылкыз, Башы төмөн караган, Дем ала албай кысылып, Кыйналгандан чыдабай, Кара тер бойдон сызылып, Сыйкырлаган кыргызды.

Кекилик болбой кутулуп, Бекбачанын алдына, Баары келди чубуруп, Каадасынча Бекбача, Салам айтып карыга, Андан калган баарыга: — Бириң калбай кайтып кет, Жалпайган үй, жайган мал, Ээлик болгун оокатка. Алым келет душманга, Өзүнчө келип катышты, Саламын башын душманга. Кары-жашың- баарыңар, Жай жаткыла кам кылбай, Эркек-айал-баарыңар, Айткан кепти угуңар. Качып калса душмандын, Артынан кетет уулуңар, Бириңе бириң чоң чыкпай. Ынтымактуу туруңар. Башкарып турат силерди, Ордонун ханы Орунбай. Пейилиңди салып кулак сал, Сага айтаар кебим бар, Баш болдум деп барбайып, Чаначтай көөп чандайып, Кардыңды сылап чардайып, Калбагының дардайып, Эрте туруп, кеч жатып, Акыл ойлоп, эс тапкын, Кара жаның жыргатпай, Калың элди тең баккын. “Туура бийде тууган жок, Туугандуу бийде ыйман жок” Бул макалды сага айттым, Эртең эле келгенде, Эсебин алчу мен бармын. Чоң атамдын барында, Асыл агам жанында, Кызмат кылдың аларга, Нуска алгандыр андан деп, Журт тапшырдым мен сага. Эл жыргаса жыргасын, Эмгегин тарткан элимдин, Жыргалын көрсүн кара журт, Эл башкарган эринин, Ой, Орунбай ойлоп көр, Эсири болсо кебимдин, Аксакалдуу карың ук, Айал-эркек – баарың ук, Абайлап уккун айалдар. Кылыктуу болгун боз балдар, Баш кишиңер Орунбай, Мойнуңду бурсаң кеп укпай, Келгенде угам кылганын, Мен кежирдин биримин, Бириңе тийип кетпесин, Бириңдин кылган кесирин, Алын сурап тургула, Жетим менен жесирдин, “Карынын кебин бурчултпай, Капка салып сактагын. Өлүп калса өлүгүн, Апта койбой сактасын”. Жаштарга айтам көбүнчө, Олуйа Кошой макалын, Кылайтып көөнүн оорутпай, Карыларды сактагын, Бир көргөндө билинет, Жакшы жаман бакканын. Жубан-келин турасың, Каргышын алып кемпирдин, Карыганда кысас тартпагын. Агала сакал чалыңар, Ак саамайлуу баарыңар, Уул менен келиндин. Кылганына киришип, Кыйгачынан тиктенип, Кыйык сөз угуш не пайда. Жаман карып калды, деп, Айылдагы эл айтат, Какчаңдады деп айтат. Карыганда момун бул, Калгандарга сонун бул, Акыл уксаң кеп ошол. Ушакчы болбо, ургаачы, Ууру болбо эркегиң, Жон сомоос уңгусу, Ушул айтаар бар кебим. Жазды-күздү – эки убак. Арбагың тайы Айкөлдүн, Унутуп калып жүрбөгүн. Эгин эгип, малын бак, Күчүң менен оокат тап. Кар болбостон жаның бак, Жети төр, кең кол Таласта, Сыйынып баатыр Манаска, Эби менен жан сактап. Көк бөрү тартып кунан чап. Эртеден кечке дардактап, Кошомат кылып бирөөгө. Жандай чаап салбактап, Убара болбос жакшы эмес, Карды ачканды каңгырап, Эгин издеп тамтаңдап. Бай-кедейиң аралаш, Бирге жүргүн чамалаш, Кем-керчиңе көз салып, Бириңе бириң каралаш. Жок жеринен чатак таап, Чуу салбагын айылга, Арадай жерге чарадай. Жыйын курба талаада, Өөдүк-сөөдүк кеп айтып, Жакын болбо жалаага. Көзү жок деп күбүрөп, Кеп кылбагын жок жерде. Жамандык жатпайт жашынып, Угулуп калат бир демде, Кишиден чыгып калаарда, Ачык ооз болот ар пенде, Ушул менин айтаарым, Уксаң, кыргыз, силерге. Айтып болуп Бекбача, Тайарланды жүрүүгө, Талыкпас деген бар эле. Тили таттуу бул элде, Кеп тапкычы ал эле: — Айкөл шердин тукуму, Ак болоттун укулу, Кайрылып келбей койчудай. Канча сөз айттың байатан, Ак калпак кыргыз биз эмес. Алтымыш уруу Алашка, Арстанды Алла жараткан.

Укумуна тукуму. Элин багып келе аткан, Кулак менен укканбыз, Эр Кененим кеп айткан: “Качып калса душманды, Кубалаба” деп айткан. Бир белгиси болбосо, Билгичтер мурун неге айткан? Ата мурас сиздерге. Илгертен бери эл баккан, Эби болсо айткан кеп, Барбасаңыз деп айтам. Айкөл Манас өткөлү, Эр Семетей, Сейтек, Зор Кененим, Сейитим, Асылбача артыкча, Канатууга кактырбай, Тумшуктууга чокутпай, Азуулууга каптырбай. Аманат жанын айабай. Алашты бакты жайма-жай. Зор Кененим абабыз, Өзүңүздөн укканда. Асылдын алып сөөгүн, Аттанып кетти дедиңиз, Алаштан алыс кетүүгө, Бузулуп турат пейилиңиз. Карчалышып хан Калдык, Контукчу болуп Каракөз, Кол салды келип кыргызга. Баарысын, баатыр жандырдың, Эми кала бергенде, Алаш үчүн кам кылдың, Сыйкырлуу кыздын амалын, Сырын ачып шар кылдың, Акимсинген иттердин, Кетээр жолун тар кылдың, Кекилик болгон кыргызды, Кадимкидей эр кылдың, Аттанып кетсең алаштан. Амалкөй бирөө келбесин, Кетиптир деп Бейбача, Жазабызды бербесин, Жаныбарды калтырбай, Кекилик, чилдей тербесин. Тамтаңдатып биздерди, Талпакты ташка кербесин, Тартып алып коргонду, Ээ кылбастан элиңе, Кордук кылып жүрбөсүн. Бирге жатып, бир копсок, Бирге басып, бир турсак, Эңкейген эчен кары бар, Эмгектенген жашы бар, Кызыл муштум бала бар, Кызыл ээк жана бар, Калың кыргыз элинде. Кеңкол, Талас жеринде. Алтымыш уруу Алаш деп, Айтылып келген бу элде, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз дегенде. Жакшы болсо көөнү жай, Жаман болсок жай албай, Бар алын айтат сиздерге. Барып кел деп айткандан, Барба деш арзан биздерге. Бастырып кетсең болбостон, Кыйамат күнү болгондой. Көрүнүп турат бул элге, Деп талыкпас айтканда, Бекбача айтат мындай деп: — Ак калпак кыргыз биздин эл, Далайдан бери карасаң, Кан кечишип келген эл, Тетиги турган жоо менен, Жолугушам эми мен. Атам айткан Кененим, “Ата журтуң Таласка, Жат кишини бастырба, Такалуу атка таластын, Топурагын каздырба” Насаатын кандай унутам? Унутуп калсам айтканды. Алашты кантип мен багам? Таталаган бул элди, Таластан айдап чыгарып, Кайтып келем угуп кал, Оокатың бар малың бар, Ушу турган канча жан, Жан сактооңор далай бар. Азыр болгун малыңа, Ээлик болгун жаныңа. Баарыңарга угузуп. Билгеним айттым алдында, Көп кечикпей кетип кал, Күмбөзгө силер келгели, Болуп калды алты күн, Аман келээр бекен деп, Уктай албай жаткан бар, Кирпик какпай узун түн. Турбагыла, кет, — деди. Турбай элдин кеткени. Кетирип элди үйүнө, Эртең Калдык келет деп, Күйүп жатты Бекбача. Булут болгон Кызылкыз, Турган ошол бойунча. Айтылып келген Айчүрөк, Андан уккун кызык кеп, Кызылкызды мурунку, Олутуна келтирет. Карап турду жанында, Киммин мени тааны, деп. Кыз болгондо Кызылкыз, Токтоо кылбай шар айтты: — Эжекебиз Айчүрөк, Таанып турам, — деп айтты, Мен жүргөмүн ойумда, Жер бетинде сыйкырдын. Түркүгү да, түйүнү, Такыр менин колумда. Эчтеме билбейт экенмин, Эжеке, сенин алдыңда. — Айчүрөк дедиң сен мени, Атым Чүрөк эмесмин, Кыз олуйа Кеңкол деп, Кыргыздар айткан бу бир кеп. Кыз олуйа дегендин, Кызматкери боломун, Жанымды койуп көөдөнгө, Ташка айлантып тениңди, Токтотуп койом жөн эле.

Акыр заман болгончо, Алым келет билип кал. Кеңкол, Талас жок жерде. Кандай болсоң андай бол. Кыйшаңдаган сетеркүң, Турбагының кет, жогол! Кайра келсең Таласка, Кар болосуң, билип кой! Жалдырап-жайнап турасың, Баарынын кебин угасың, Сүйлөйүн десең тил дудук, Басайын десең бутуң жок, Кармайын десең кол чолок. Кете берээр жолуң жок, Кулагың салып кебимди ук! Айтып болуп эжекең, Кайып болду кубулуп. Көзү көрүп Кызылкыз: “Эки айактап жер баскан, Кара баштуу пенденин, Көркөмү экен ушул кыз. Кыз олуйа Кеңколдун, Ээси экени чын экен, Кеңкол, Талас деген жер, Бир көргөнгө сыр экен. Каракөз менен Калдыкты, Жандырып алып кетейин. “Кеңкол, Талас жок жерде, Кандай болсоң андай бол”. Ашкере айтты жашырбай, Кыргын болуп күнүгө, Болбос ишке асылбай, Башка жерге баралы, Баш-айакты жыйнактап, Бекбача менен талыкпай, Анан уруш кылалы”. Деп ойлонуп Кызылкыз, Башка жакка бурулду, Жетип барса Кызылкыз, Атын алып камданып, Каардуу Калдык аттанып, Басканы турган убагы. — Эки күндөн бер жакка, Келе албадым, хан Калдык. Аттаныпсың камданып, Кай тарапка барасың? Ичи кара көзү чаар, Айтканынын баары заар, Калдык айтат ошондо: — Билмексен болуп сурайсың, Кызылкыз мени сынайсың, Эки күндөн бер жакка, Жанымда менин турбайсың. Тиги турган Бекбача, Асылдан канча тың экен, Баатырлыгы чын экен. Кааруулаштым, карчашып, Бөй-чайандай заар чачып. Чама жетпей шай болдум, Кармалбай колум дал болдум. Жарактын дайыны калбады, Соотторум жыртылып, Чыгып кетти далдалы. Кыймыл этээр ал калбай. Калдыктын кетти дарманы, Айла кылып себеп таап, Суранбай амал калбады. Мына минтип жан калды, Эгер андай кылбасам, Чын эле жандын калбасы, Кыйын экен Кызылкыз, Куураган жандын аргасы! Эртең менен келем деп, Айтып келдим мен анда, Атка минген чагым бу, Айгашкан жоого барарга. Барбай койсом кечигип, Менден коркту деп айтат, Ал айтпаса эл айтат, Жакшы-жаман тең айтат. Чоң-кичилер баары айтат. Байкап көрсө Кызылкыз, Башын салып хан Калдык, Баргалы турган амалсыз, Жедигер менен маңгытта, Балбандары бар эле, Оозунан чыкпайт бир балбан, Мен барайын дегенде, Кызылкыз айтат ошондо, Хан Калдык жөнөй берээрде: — Капаланба кайгырба, Кар кылбаймын сени мен, Жаным аман барында. Камчыңды булгап кабар кыл, Шайың кетип бара атса, Куткарып алам сени мен, Аламан уруш башталса. Мен айтамын чынымды, Жашырбай ички сырымды, Таластын туруп бетинде, Кылалбаймын сыйкырды, Пири тирүү жер экен, Колдоочусу бар экен, Пири жердин кызы экен, Сыйкырга менден мыкты экен, Көрүнө мага айтты кеп, Мында турбай кайткын, деп, Таластан чыгып кеткенде, Кандай болсоң андай бол, Калганын өзүң билгин деп, Апкаарыбай сен баргын, Аман-эсен Таластан, Алып кетчү мен бармын, Аласкытып кыргызды, Бир амалын табармын. Каракөз турат жалдырап, Мууну кетип шалдырап, Жөнөп кетти хан Калдык, Каруу жарак калдырап, Тайарланып Бекбача, Оттой көзү балбылдап, Кыл мурутун имерип, Он эки ороп кулакка, Муруттун ичи иймейип. Сакалы тал-тал сеңселип, Залкарың турат шашылбай, Майтору менен теңселип. Качырып Калдык келе атат, Тепсетип кетчү кептенип, Ойуна албайт Бекбача, Оозун ачып эстенип, Кара сур минген хан Калдык, Каарданып качырып, Карап турат Бекбача, Камыгып койбойт шашылып,

Бир беттешип алышып, Найзалары кагышып, Каңкылдаган үн чыгып, Карсылдашып салышып, Оро-пара турушуп, Ороолонуп урушуп, Ойду-кайкы жарышып, Оң- тескери чабышып, Жакалашып жулушуп, Жан алчудай болушуп, Чокморлорун алышып, Колтуктарын чойушуп, Чокудан ары койушуп, Балталары чакылдап, Найзалары такылдап, Чогоол сүйлөп күпүлдөп, Көрсөтөм деп дүпүлдөп, Эми кандай болом деп, Жүрөктөрү дүкүлдөп, Найзалары сүлкүлдөп, Көчүктөрү бүлкүлдөп, Жалгыз жанды айабай, Кылга байлап таштады, Кыйаматты эске албай, Кыйын уруш баштады. Топурак учуп буркулдап, Шамал чыгып зыркырап, Күн тумандап боз болуп, Таш быркырап кум болуп, Булуту жок бүркөлүп, Буруусу жок чүмкөлүп. Маңгыт, Калдык, Бекбача, Кара жанга күч келип, Өжөрлөнүп хан Калдык, Өлтүрөмүн муну деп, Болбосо өлөм өзүм деп, Өчөшүп кирди теминип. Өөрчүп турат Бекбача, Күлүк аттай элирип, Каардуу Калдык күркүрөп, Оозунан түтүн буркурап, Найзасынын учунан, Жалындаган от чыгат. Карап турат Бекбача, Камаарабай көп анча, Качырып Калдык сайганда. Сайдырбай качып Бекбача, Жандап өтөөр берээрде, Кабуусуна келгенде, Хан Калдыкты капталга Качырып сайды Бекбача. Карасурдун үстүнөн, Көмөрүлдү хан Калдык. Табына келген Майтору, Бута атымча алдына, Өтө берди аркырап. Хан Калдыктын аскери, Ороп кетти чуркурап, Оозунан тартып Бекбача, Оңолуп артын караса, Каратаандай көп Маңгыт, Тегеректеп калыптыр, Каракөздүн калың кол, Камалашып алыптыр, Аралап тиер жери жок, Камал бузган кара көк, Тартынып калаар жери жок, Манастап баатыр бакырып, Бар кайратын ашырып, Бир жеринен көп элге, Аралап кырды жапырып. Кудай урган кумпайгыз, Сыйкыры артык шумпай кыз, Айланасын аң кылды, Кечип адам кете алгыс, Түшүп кетсе кокустан, Түбүнөн адам чыга алгыс, Маңгытча сүйлөп барбактап, Жедигерди аралап, Желип жүрөт дардактап: — Сыйкырым эми бузулса, Бекбачадан жан калбайт, Ала кач! – деп, -жаныңды. Билип болду Бекбача, Бириңдин койбой алыңды, Алдыңкы өлгөн Асылдан, Бекбачасы эр экен, Айласы бар амалкөй, Ар тарабы тең экен. Жаалысы келсе жан ачып, Жалаңкычтын өзү экен, Терисине сыйбастан, Теминип турган кези экен. Элге айтып Кызылкыз, Жедигер, Маңгыт качыптыр, Кең Таласты көрсөтпөй, Туман уйуп басыптыр, Шуркуйа кыздын маминтип, Тилеги таштай катыптыр. Муну мындай таштайлы, Бекбачанын Таңгытка, Жортуулунан баштайлы.