← Асылбача-Бекбача 3/4

Маңгыттардын хан Калдык, Муңгулдун элин узатып, Каңгайды карай чубатып, Бетиркенин ордуна, Белгилеп киши бербеди, Берден деген бирөөнү, Баш болуп бар сен, деди, Керек болсоң, каңгайлык, Кабар кылам мен, деди, Балан-пустан дебестен, Башыңды бурбай кел, деди, — Ортодо көп калк бар, Жөн кеткиле катышпай, Катылышып бирөөгө, Калба таап албагын, Качкан аскер дедирип, Сыр алдырып салбагын, Сыр алдырсаң элдерге, Тирүүлүк жок силерге, Турбагының, турба! – деп, Чубагының, чуба, — деп, Чубатып жолго салыптыр, Мына ушинтип хан Калдык, Ойуна муну алыптыр: “Жакыныраак Ооганга. Элин барып көрөйүн, Жерин барып көрөйүн, Ооган менен кыргыздын, Чегин айрып бөлөйүн, Ламдын бели Кыйма дейт, Боз үй тиккен кыйба дейт, Чүрчүт менен жуда дейт Кыргызга душман бу да дейт, Ламдын белин жер кылып, Кыйбанын элин эл кылып, Чүрчүт менен жуданы,” Айдатып келип кол кылып, Ооган менен колдошуп, Мал айабай достошуп, Ошолордон жол сурап, Оогандан арбын кол сурап, Берденден алып кол курап, Аз курабай мол курап, Карым казык болгончо, Башым токмок болгончо, Тукумуна Манастын, Тутуш кылып көрбөсөм, Тумшугу жок курган жан, Бул көрөктү өлбөсөм! Иранга киши салбасам, Андан кошуун албасам!” Санаасы менен ал байып, Шабыркандын сайына, Ламдын бели Кыймага, Турмак болду түз барып, Кыйбанын элин башкарып, Чүрчүт менен жуданы, Түп көтөрө кулданып. Арасында калчаны, Андай канча барчаны, Ооганды көздөй жөнөдү. Козголбостон жаткалы. Асылбача арстанды, Караңгы туман каптады, Башы эки, колу төрт, Мындай киши көп болду, Караңгы туман арасы, Жалындаган от болду, Байкаса Асыл аңкарып, Басар жолу жок болду. Эки баштуу, төрт колдуу, Кишилер кумдай куйулду, Адам уулу көрбөгөн, Ар саймандар колунда, Чакчаңдашып келатыр, Баатыр Асыл жолунда. Бир денеде эки баш, Ары-бери кылжыңдап, Бир денеден төрт кол бар, Ар тарапка арбаңдап, Кишиге окшош буту эки, Жүгүрүшүп тарбаңдап, Туураланып жөнөсө, Үрккөн төөдөй тайраңдап, Курсагы чыгып чердейип, Мойнун силкип калжаңдап, Көккө тойгон уй, торпок, Таначардай дардаңдап, Кутурган иттей арсылдап, Үндөрү суук карсылдап, Аркасынан чуу чыгып. Атылып мылтык тарсылдап, Күн чагылып чартылдап, Алай-дүлөй барсылдак, Буурадай тиши кычырап, Оозунан көбүк буртулдап, Кабагын түйүп курчуңдап, Жолборс болуп чамынып, Кара кулак шер болуп, Кара бойу керилип, Кара суудай шарпылдап, Каарын чачып арылдап, Бууралар келет далпылдап, Алдыңкы эрди шалпаңдап, Тиши-тишке жанылып, Таш чапкандай шакылдап, Алп кара куш келатат, Асман менен жык болуп, Канаттары калкылдап, Айгырлар келет аркырап, Бээ кишенеп даркырап, Койлор маарап чуркурап, Шамал болуп дуулдап, Чөптүн баары шуулдап, Жердин бети буу болуп, Көлдөр чалкып суу толуп, Кара какыр шор болуп, Кумдар ысып кор болуп, Жыгачтар куурап жыгылып, Зоңкойуп жатат торойуп, Жерден чыгып кодойуп, Таштын башы соройуп, Доңуздары корсулдап, Келарстары мултулдап, Көк бөрүсү көп болуп, Чөөлөр күлүп, шыңкылдап, Мышыктары ыркырап, Ысык шамал зыркырап, Жебенин огу чыркырап, Найзанын үнү күркүрөп, Адамдын бойу дүркүрөп, Тоодой дөөлөр келатат, Жер жарылып сүлкүлдөп, Оозунан оту буркурап, Ак көбүктөр буртулдап, Маймылдары жүгүрүп, Аттап-аттап түйүлүп, Көрүп турган адамзат, Аманат жандан түңүлүп. Ошондой заман кездерде, Ойротто жок Кара көк, Каадасы элден бөпбөлөк, Жолборстук түрү кармады, Калчадан калган найзаны, Булгап колго алганы. Адам уулу көрбөгөн, Угуп атын билбеген, Ар бир түрдүү жандарга, Аралап кирди Кара көк. Пилди сайып томпойтуп, Дөөнү сайып зоңкойтуп, Шерин сайып саксайтып, Чөөнү сайып ырсайтып, Жолборсту сайып жолуккан, Кутулганы болгон жок, Учураган жолунан, Эки баштуу төрт колдун, Кесилип башы мойнунан, Теңи калды кодойуп, Колдору калды чолойуп, Бет келе албай баатырга, Баары качып жоголуп, Чыркыраган жебелер, Зыркыраган шамалдар, Баары кетти чачылып, Кызылкыз кылган амалдар. Эми күн көрүндү жаркырап, Эркин шамал аркырап, Кадимкидей кара жер, Ордуна келди жадырап. Күндү тоскон туман жок, Манастан калган Кара көк, Кылымда мындай адам жок, Калдык кетти Ооганга, Калмак кетти Каңгайга, Басташып жүргөн көп кошуун, Тарап кетти ар кайда, Кызылкыз кетти ал кайда? Из карады көп жерден, Качкандар кайда кетти, деп, Аркасынан барганга, Аттын изин табалбай, Амалсыз болуп калганда: “Кең Кашкарлап жөнөйүн, Качкан калмак жөн кетпей, Катышкан болсо кыргызга, Кыйындыгын көрөйүн, Кароолчусу калар, — деп, Көрсө кабар алар, — деп, Асылды көрүп хан Калдык, Келе жаткан экен деп, Баары токтоп калар, — деп, Бул кылганым меники, Душманга кылган амал” деп, Майторуну жетелеп, Келе жатат энтелеп. Ажал жетип эс танып, Бүчүлүгү олпоктун, Бири калбай чечилип, Ырыскы түгөп, күн бүткөн, Токтоо кылбай кечигип, Жайдарың жаман келатат, Боз баладай эсирип. Кыпчактардын Койон алп, Эл аралап, жер чардап, Жат душман изи барбы, деп, Келе жаткан жол карап. Чыга калса бир белге, Келе жатат шашылыш, Калдаңдаган бир неме. Дүрбүсүн бурап имерди, Келаткан жанга жиберди, Жетегинде Майтору, Жат киши деп билди эми, Атын аса байлады, Алдыңдакы сеңирди, Койчагыр мылтык бетке алып, Мелжеп тиктеп калды эми. Ошол кезде Кененим, Бекбачаны ээрчитип, Каңшаар кара кыр жакка, Бул дагы жетип келди эми. Көзү көрдү Кененим, Келе жаткан караанды, Мелтирете шыкаалап, Тосуп жаткан адамды, Майторуну көргөндө, Кыйгач кармап найзаны, Кыйрыма кирип келгенде, Сайамын, деп камданды. Мээнет, акыл таптырбайт, Көкбөрүнүн Малакай, Асыл кийип алганы. Сеңирден чыга калганда, Адам уулу ишенбе, Шум дүнүйө жалганга, Малакайды Койон алп, Ачык айкым тааныды, “Адамдан ашкан Асылды, Көкбөрү сойгон экен” деп, Ичинде сызып наалыды, Жанды кантип айанды, Машааны басып калганы! Түтүн менен от жетти, Жүрөктү кечип ок кетти. Көкала аттан кайран эр, Көмөрүлүп кеткени, Кырданып барып оңолуп, Көчүктөй түшүп олтуруп, Айткан кеби бул болуп: — Жыйырма беште мүчөлүм, Дүйнөдөн кеттим жоголуп, Көрбөй калдым Таласты, А дүнүйө кеткен Манасты – Чоң атамды бир көрбөй, Маңдайга бүткөн шор болуп, Белекке берип найзамды, Тартып берип калканды, Керээзим айтып өлсөмчү! Бекбача калган чоңойуп, Эрме талаа, ээн чөлдө. Сөөгүм калып көмүлбөй, Тайынсыз болуп жоголуп, Кажыр, кузгун, түлкүгө, Калдымбы эми жем болуп! Туйагым жок аркамда, Тууганым жок жанымда, Же катын алып койбопмун, Үн салар жок артымда, Кабар айтар карга жок, Кайран кыргыз калкыма! Кененим кейип буркурар, Чыныке ыйлап чыркырар, Жатындаш эле Бекбача, Сөөгү күйүп зыркырар, Асыл өлдү деп укса, Ак калпак кыргыз чуу турар. Топо суутат баарыны, Менден кыргыз түңүлөр, Жедигер, маңгыт, калмактар, Кадиги жок сүйүнөр. Кадырым калкым билбейби, Кененим атам, Чыныке, Бекбача үчөө күйбөйбү! Карманып адам калган жок, Каран калган дүйнөнү! Жыйырма беште кезимде, Которуп минип атымды, Которуп кийип тонумду, Өзүм таап алдымбы, Орунсуз жерден өлүмдү! Ордунан туруп Койон алп, “Көкбөрүнү сайдым, — деп, Ажыратып тору атты, Ачык жолум болдум, — деп, Бачымыраак жетем, — деп, Аттын изин кубалап, Каргага кардып жардырбай, Кузгунга көзүн ойдурбай, Сагызганга чукутпай, Шимшитип түлкү жойлотпой, Салпылдатып, кажырды, Аны учуруп ойнотпой, Табам, — деген ой менен, - Таап алсам Асылды, Көкала атка артпасам, Майторуну жетелеп, Туптуура Талас барбасам, Кененимге жеткизсем, Болбосо жолдо каргашам” Деп ойлонуп Койон алп, Ат койуп кетип бараткан, А дүйнө кеткен Асылдан, Учуруп шамал сөздөрүн, Кененимге алпарган.