← Асылбача-Бекбача 4/4

Асылды кейиш кептерин, Анык уккан Кененим, “Көкбөрү өлгөн экен, — деп, Атын минип, тон кийип, Айла иштетип душманга, Келген экен балам, — деп, Айласын билип душмандар, Атканы жаман болду, — деп, Кескели башын баратат, Кестирбей башын баламды, Ажыратып калам” деп, Кеңкулага камчы уруп. Камчы урганда катуу уруп, Талкалатып таштарды, Кумдай кылып, тозгуруп, Асылга жетип Койон алп, Таанып түшө калганча, Жеткен экен Кененим, Качыргандан кайтпаган, Жалаңгыч Сарык дегениң, Ким экенин билбеди, Найза менен сайбады, Чойунбаш менен салганы, Чачылып кетти Койон алп, Дайынсыз болуп калганы. Бекбача жетти аңгыча, Асыбача кайран шер, Ачып көзүн бардады, Атасы менен инисин, Айландыра карады, Как жүрөктөн ок кечкен, Тилин күрмөй албады. Суналып Асыл бой жасап, Жан үзгөлү баратты, Кучактай калсам экен деп, Бекбача чуркап жанашты. Бекбачаны жеткизбей, Кармай алды баланы, Кылайып көздөн жаш чыкпай, Мелтиреп туруп Кененим: Бекбачага айтканы: — Бекбача балам бетиң бур, Мени карап туруп тур, Мелжемдүү эки кебим бар, Пейлиңди салып угуп тур, Адам ата, Аба эне, Андан бери карата, Дүйнөгө келген тамам жан, Баарын ажал сермеди, Кой деп айтыш ажалга, Бенденин алы келбеди, Канчалык кылды каршылык, Көзүнө ажал илбеди. Кара жер соруп тойбоду, Какшаган менен койбоду. Жаман айтты кагынып, Жакшы айтты жалынып, Адамдын алы келген жок, Бул өлүмгө таарынып, Эгиз элең уйадан, Эрмек кылып силерди, Баккан менмин чоң атаң, Керээзим да, насаатым, Эми, балам, сага айтам. Асылдын алып жасатын, Бул дүйнөдөн мен кайтам, Асылбача, Бекбача, Атаңар өлдү Сейитим, Жыйырма эки жашында, Энеңер кетти Кылжыке, Кырчын келин кезинде, Эмгичекти унутпай, Менин жүргөн эсимде. Талгак болгон Кылжыке, Силерди төрөөр кезинде, Оозунан мурун чыкканы, Жолборстун болду жүрөгү. Экинчилеп айтканда, Тукуму деди чоң куштун, Мен ошондо билгемин, Жалган дүйнө шумдугун. Өмүрү кыска жолборстун, Узак өмүр көрө албайт, Эсептеп жүрдү жыл санап. Ушу быйыл Асылдын, Жыйырма беште мүчөлү, Ошол үчүн, Бекбача, Мен келгемин ээрчитип, Капаланба, камыкпа, Жалгызмын деп жабыкпа, Ак көөнүң менен кызмат кыл, Ата журтуң алашка, Арбагына жалынгын, Атабыз өткөн Манаска, Душмандын атын бастырбай, Ээлик кылгын Таласка. Каразгөй болбо Бекбача, Жок жеринен калп айтып, Өч алам деп башканын, Элине барба кол тартып, Жериңе келген душмандан, Жашырынба баш катып. Келген душман элиңе, Балбан болсун, дөө болсун, Аттуу болсун, жөө болсун, Жалынып барба ал айтып, Айыгышкан душманга. Алданбагын кебине, Атасы башка жат элди, Келтирбегин элиңе, Киргизбегин жериңе. Оорутпай көөнүн кыргыздын, Элиңе болгун демилге, Мээриңди салып караба, Мен душманмын дегенге. Кан кечишип кан ичкин, Жалынып ага жүргүнчө, Ууну чылап заар ичкин, Тиги жаткан Асылдын, Тур, кийимин сен чечкин. Көйнөктү чечип салганбы, Ок кечпейт эле жүрөгүн, Кисесин, балам, карачы, Ошондо турат күмөнүм. Киседен тапты көйнөктү, Хан Калчанын найзасын, Кармарына көрсөттү. Башындакы туулга, Көөдөнгө тарткан чарайна, Үстүнө кийген бадана, Далысында калканын, Жоого чабар балтасын, Кылычы кында салылуу, Андай эчен канчасын, Койон алптын Койчагыр, Ал кезекте эрлердин, Жоо кийими канчадыр. — Алгын, балам, бол, — деди, Агаң минген Майтору, Минер атың бул, — деди. Айткандын баарын Бекбача, Амал кылып түшүндү. Ал дегенин бүт алды, Минген тору атты алды, Көйнөктү алды, тон алды, Алып бала болгондо: — Чыныке өлсө, Бекбача, Ак кепиндеп, аруу жууп, Жердигине койуп кой. Уулу өлдү Сейитим, Аманат жаным кейидим. Асылбача эр өлдү, Алжыганда Кененим, Армандуу дүйнө не болду! Назарың сынат, жаш бала, Кеп кылбагын сен мага! Кененимдин каарынан, Көзүнөн чыккан жалындан, Өңү өзгөргөн заарынан, Көргөн адам түңүлөт, Карап туруп жанынан, Шамал жүрүп зырылдап, Кененим турган жагынан, Салынып кабак чүмкөлүп, Кар жаачудай бүркөлүп, Мурутуна муз туруп, Ажыдаардай ышкырып, Кеңкула минип болкойуп, Кебез тоодой зоңкойуп, Эңкейип алды Асылды, Эч бир жакка карабай, Муз жакты карай бастырды, Барасың, ата, кайда? — деп, Бекбача оозун ачканча, Көрүнбөй көздөн жашынды. Асылбача, Кененим, Кайып болду Муз тоодо, Карап туруп Бекбача, Карып болду ошондо. Муну мындай таштайлы, Кызылкыз менен Калдыктын, Качканынан баштайлы.