← Асылбача-Бекбача 2/4

Кыргыздын эли кыйналды, Чыркырап балдар ыйлады, Төшөктө чалдар туйлады, Тажиктердин көкбөрү, Далай зыйан кылганы, Ажал жетип, күн бүтүп, Ааламда бу да турбады, Тажиктин эли кыжылдап: “Айдап жүрүп биздерди, Түгөтүп койо жаздады, Хан болдум деп кызталак. Ордун басар уулу жок, Өлүп жатты жер жыттап, Бетирке, Калдык биригип, Асылга алы келеби. Ээси жок ээн калды деп, Талап алып биздерди, Эдепти колго береби, Жыпжылма кылып чаап алып, Чоң калбааны салабы, Катындын баарын күң кылып, Азаматты кул кылып, Кыздын баарын олжолоп, Төөнүн баарын буйлалап, Жылкыны айдап колбутуп, Уйду айдап мөөрөтүп, Чуркуратып койду айдап, Алда кандай кылар” деп, Ар бир санаа, ой-ойлоп, Тажиктер турду ошондо, Бетирке, Калдык, Каракөз, Кызылкыз – төртөө кеңешип: “Кылбай жатып козголбой, Койгулашып асылган, Ары-бери болгунча, Ар тараптан тажиктер, Темирбек деп бакырып, Туш-туштан калба салабы? Четтен уурдап ат алып, Чекене көрүп биздерди, Асылга жардам кылабы? Сыр алдырбай тажикке, Жети суу карай жылалы” Кабыл алып баарысы, Кеңеш кепке токтоду, Жети сууга барышты, Алы келсе ортодо, Атбашыда кыргызды, Айабай талап алышты, Караңгыда калдырап, Караса көзү жалдырап, Ар кимиси ар башка, Жайма сүйлөп балдырап, Жалпы аттанып жөнөдү. Бир канчасы тажиктин, Билгичтери бөлүнүп, Берен бала асылга, Баш урушуп көрүнүп: — Кызылкыз, Калдык, Бетирке, Жедигердин Каракөз, Бизден кетти бөлүнүп, Ээрчип жүрүп Көкбөрү, Айдап жүрүп биздерди, Каныбыз кетти төгүлүп, Алдыңызга келдик биз, Өзүңүзгө көрүнүп. Келгендерден кеп угуп, Кетти төртөө деп угуп, Атбашыга ар качан, Кол салат деп, шек уруп, “Атбашыга барбаса, Каңгайды карай Бетирке, Калың колду баштаса, Кашкардын шаары дарбаза, Алдында алды жылкысын, Эми кала бергенде, Кыпчакты талап албаса, Лопнур, Жеркен, Аралды, Талап кетип калбаса, Кайдан болсо бул иттер, Бирден табат каргаша. Артынан куба барайын, Тынч алдырбай күн-түнү, Толук калба салайын” Дегенди ойлоп эр Асыл, Келген элге кеп айтып, Кеп айтканда бек айтып: — Алдыма кандай келдиңер, Бул кеңешти ким айтып? – Деп сурады ал кайтып. Татыке деген бар эле, Кеңешти тапкан ал эле, Коркуп өңү бузулуп, Кобо калды озунуп? Муну тапкан мен элем, Көкбөрү атка мингели, Төгөрөктүн төрт бурчу, Чайкалып калды тынч кетип, Же кыргызды жеңип алган жок, Чогулушуп ал жетип. Үч жыл жатып дем алып, Төртүнчү жылы кан кечип, Көкбөрү бүгүн сойлоду. Ээрчип жүргөн үч улук, Ажыратып алсак деп, Козголуп бирөө койбоду, Ошол үчүн алдыңа, Келгенибиз бул болду. — Андай болсо, Татыке, Тынчтык керек ар кимге, Жан кишиге катышпай, Жаныңды сакта Татыке, Отургун элдин ичинде, Улук кылдым тажикке, Убадаңды бекем кыл, Кишиге тийбей жүрүүгө. Өз элиңди сактагын, Жазыксыз камчы чаппагын, Жаныңдакы кишини, Жагалдантып мактагын, Бекеринен элиңе, Жоктон чыгым таппагын. Элиң берген эмгек сүт, Энемки деп билбесең, Мен баш киши болдум деп, Оргу-баргы сүйлөсөң, Оңолбойсуң ал күнү, Көпчүлүктү кас кылып, Көздүн чаарын чыгарсаң, Жоголосуң ал күнү. Жаныңды жаткын жай багып, Жыргатар болсоң жаныңды, Эгин эгип, чарба бак, Адал иштеп, адал тап, Сен ошентип элге жак. Деп Асыл шер муну айтып, Тажиктин элин жыйган жок, Жыйганча карап турган жок. Сапка турган тизилип, Отуз миң аскер калың топ, Ошол элге угузуп, Татыкени тажикке, Улук кылып тургузуп, Кеткен элдин артынан, Жүрүп кетти бургутуп. Көкбөрүнүн жоо кийим, Алып кетти эр Асыл, Ажалга себеп болорун, Билгени жок шер Асыл. Көкаланы албады, Жетекке аны салбады, Шайбаңдата бастырып, Баатырың жөнөп калганы, Шабыркандын сайында, Душманга жете барганы. Жайнап жаткан көп элге, Бетирке, Калдык, Каракөз, Мен-менсинген эрлерге, Кыйыны бар Кызылкыз, Мен сыйкырмын дегенге, Жалтанбай Асыл тийди эле, Манас деген үн чыгып, Баатырдан башка сүр чыгып, Мындан мурун көп көргөн, Окшобогон түр чыгып, Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Майторуну чуратып, Сайып кирди четинен, Чөп чапкандай сулатып. Эңкейиште эр сайып, Киден беттей бир сайып, Топтоп сайып тогуздан, Оңтойуна келгенде, Оморо сайып отуздан, Найзага илип ыргытып, Койондой кылып зыргытып, Көк түпөк кызыл найзаны, Көчүгүнө мылгытып, Сооттууну сойлотуп, Олпоктууну ойнотуп, Карылуусун какшатып, Ок жетпес деп качканын, Жебе менен башка атып, Кылычтуусун кыйратып, Кыйрын бузбай сулатып, Тобу калың жерине, Тоздуруп кирет кайран эр, Тору ат менен чуратып, Ээр-токумдуу ат чыгат, Тобу менен чубашып. Тополоңдоп тоз болуп, Топурак учуп боз болуп, Асыл жалгыз, душман көп, Арасы күйгөн от болуп, Учурап калды Бетирке, Ошондой чакта кез болуп, Бура тартар шайы жок, Кез келдиңби, бурут? деп, Келаткамын сени издеп, Арамзада бул калмак, Артына салып жүрүүчү, Алтымыш балбан адамды, Ойуна алды Бетирке: “Чыгалбайт Асыл камалды, Кетирбей тирүү кыргызга, Табамын, дейт амалды, Башына мунун салам, дейт, Арылгыс акыр заманды” Кайдан Асыл айанды, Бузуп көнгөн эр неме, Андай канча камалды. Кара болот Жойкума, Кармап алды сабынан, Сууруп алды кабынан, Тиктеп бенде туралгыс, Бетинин ызгаар табынан, Кутулган жок бир киши, Утур келген алдынан, Асылдын көрүп түрпөтүн, Алтымыш балбан ошондо, Үмүтүн үздү жанынан. Бир айланып өткөндө, Тирүү киши калган жок, Мен-менсинген балбандан, Карап туруп Бетирке, Каны тартып арданган. Арданганы атчалык, Кордонгону койчолук, Качырып кирди Бетирке, Токтоно албай от болуп, Качырып келген калмактын, Кагып ийип найзасын, Жойкума менен башка чаап, Шорун минтип катырды. Каракөз, Калдык, Кызылкыз: — Кандай амал кылабыз? Туруп берсек өлөбүз, Жалынып барсак алдына, Жакшылык кайдан көрөбүз? Өлүп кетти окшошуп, Эки жубай төрөбүз. Качып берсек калдаңдап, Ого бетер эрдемсип, Кууп кирет да дардаңдап, Беттеше кетсек өчөшүп, Кел бери деп барбаңдап, Кан ичменин уулунан, Кантип тирүү жан калмак?! Дешип өңү кубулду, Кең дүйнөсү куурулду, Деги амалын табалбай, Сарсанаа болуп куруду. Анда айтат Кызылкыз: — Хан Калдык, кебим угуңуз, Мен күндү жайлап жаадырып, Өзүнө сыйкыр өтпөсө, Басаар жолун таптырбай, Туман менен алдырып, Тордойун жолун Асылдын, Каңгайды карай чубатып, Калмактын элин качыргын, Башыңды алып мааналап, Индикке кирип аралап, Индистанга жашынгын. Жедигердин Каракөз, Жериңе баргын өзүң түз, Сени хан катары карабайт, Катарда киши санабайт, Эмне болдуң акмак? деп, Атайын киши саа барбайт, Жергеси көп маңгыттын, Улугуна арз айтса, Батырып кетет таңгутун, Бутка барып баш урат, Аш тамагы бир турат, Ал жерге барып Каракөз, Туралбайсың сен чыдап, Хандыктан кечип болбосо, Кешмирге барып мааналап, Тоо аралап жаның бак. Экинин бирин кылбасаң, Сага айла табылбайт. Ары ойлонуп Каракөз, Бери ойлонуп Каракөз: “Эми болгон экемин, Ордум менен жылма түз”, Басар жолун биле албай, Улутунуп үшкүрүп, Өзөгүнөн өт жанып, Куйкаланып от күйүп: “Жедигерге барайын, Жети ата өткөн эл эле, Жер соңгубай турайын” Деп ойлонуп Каракөз, Жети суу жери кайда, деп, Жедигер эли кайда, деп, Бала кезден өстүргөн. Баш маана болгон мага, деп, Буйрук берди элине, Жети сууга чуба, деп, Жедигер чубап Жети суу, Айласы кеткен эл ушу.