чычкан2

китептерде 59 жолу, 10 китепте чычкан 1 →
  1. инф. Алакан өлчөмүндөгү кичинекей түзүлүш, аны үстөлдүн үстүнө кыймылдатуу менен экрандагы көрсөткүчтүн жылышын башкаруучу компьютердин тетиги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылан болуп жыйрылып, / Жерде сойлойт сыйрылып, / Чычкан болуп бултулдап, / Качууну билет мултуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асман тиреп көз кайкап, / Турган тоолор жоголду, / Чычкан болуп чыртылдап, / Качып кемпир чу койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бүркүттөрү үзүктөй, / Чычкандары күчүктөй, / Жекендери челектей, / Балтырганы билектей, / Маралдарын карасаң, / Мала кашка инектей, / Ор койону улактай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…п-топ сан болуп, / Толуп жаткан мал эле, / Үй башына чуулдап, / Кызыл көтөн жылаңач, / Ойноп жаткан бала эле, / Далысын түйүп мөкчөйгөн, / Кызыл ээк чал эле, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшкөн телпейип, / Эпилдеп кыйын айткан сөз, / Канча кемпир бар эле, / Козголбой жылкы жуушасын, / Чочубай балдар уктасын, / Улуу-кичүү –… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →