чычкан1
- Тумшугу ичкерээк келген, узун куйруктуу, көбүнчө боз түстөгү кемирүүчү жандык.
- Эски эсеп боюнча айбандардын атынан түзүлгөн он эки жылдык жыл эсебинин биринчи жылынын аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылан болуп жыйрылып, / Жерде сойлойт сыйрылып, / Чычкан болуп бултулдап, / Качууну билет мултуңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Асман тиреп көз кайкап, / Турган тоолор жоголду, / Чычкан болуп чыртылдап, / Качып кемпир чу койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бүркүттөрү үзүктөй, / Чычкандары күчүктөй, / Жекендери челектей, / Балтырганы билектей, / Маралдарын карасаң, / Мала кашка инектей, / Ор койону улактай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…п-топ сан болуп, / Толуп жаткан мал эле, / Үй башына чуулдап, / Кызыл көтөн жылаңач, / Ойноп жаткан бала эле, / Далысын түйүп мөкчөйгөн, / Кызыл ээк чал эле, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшкөн телпейип, / Эпилдеп кыйын айткан сөз, / Канча кемпир бар эле, / Козголбой жылкы жуушасын, / Чочубай балдар уктасын, / Улуу-кичүү –…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →