чылгый2
- Бүт, өңчөй, жалаң, чылк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Отор хан ороңдоп, / Чылгый үйдүн терисин, / Толгоп өргөн камчысын, / Толгой кармап имерди, / Эр Бекбача баатырды, / Камчы менен жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мергенге тандап аттырып, / Чылгый тери жагында, / Аки берип ийлетип, / Алтымыштай балбанга / Анжийанга киргизип, / Алма кабык алдырып, / Жайы-кышы малмага, / Жеткилең абдан салдырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Темир кылбай чыдаштык, / Темирден болуп катураак, / Чылгый эттер чыдашып, / Чойундар кылбай чыдаштык, / Чойундан сөөктөр катураак, / Тоготпой булар чыдашып, / Барган сайын чыңдалып, / Тарамышы чыйралып, / Бакырыгы баш …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →