чылгый1

китептерде 7 жолу, 5 китепте чылгый 2 →
  1. Чийки, иштетилбеген, ийленбеген (көбүнчө териге карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп Отор хан ороңдоп, / Чылгый үйдүн терисин, / Толгоп өргөн камчысын, / Толгой кармап имерди, / Эр Бекбача баатырды, / Камчы менен жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мергенге тандап аттырып, / Чылгый тери жагында, / Аки берип ийлетип, / Алтымыштай балбанга / Анжийанга киргизип, / Алма кабык алдырып, / Жайы-кышы малмага, / Жеткилең абдан салдырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Темир кылбай чыдаштык, / Темирден болуп катураак, / Чылгый эттер чыдашып, / Чойундар кылбай чыдаштык, / Чойундан сөөктөр катураак, / Тоготпой булар чыдашып, / Барган сайын чыңдалып, / Тарамышы чыйралып, / Бакырыгы баш … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →